Ясунари Кавабата: Көлчүктөгү ай

  • 11.03.2023
  • 1366

АҢГЕМЕ

Кёконун оюна оорукчан күйөөсүнө бакчаны кол күзгүдөн көрсөтүү амалы келбеспи. Экинчи кабатта төшөктө жаткан оорукчан күйөөсүнө жашоого болгон жаңыча кызыгуусун ушул кол күзгү гана ойготту бейм. Бирок мындан башка да иштер болуп кетти.

Кол күзгү Кёко турмушка чыкканда себи менен бирге тыттан жасалган чакан үстөл менен кошо келген; күзгүнүн алкагы менен туткасы да тыттан жасалган. Турмушка чыккан алгачкы күндөрү желке чачын ушул кол күзгү менен караганы колун өйдө көтөрсө, кимононун далбагай жеңи чыканакка дейре жылаңачтана түшкөндөн улам күйөөсүнөн бети кызара уялаганы күнү бүгүнкүдөй эсинде.

Жуунган соң күйөөсү: «Келе бери, мен кармап турайын. Кандай кополсуң!» деп желке тарабынан күзгүнү тосуп берчү. Мындан күйөөсү ыракат алып жаткандай туюлчу; балким ага күзгүдөгү ажарым сулуу көрүнөр дечү. Кёко копол деле жан эмес, болгону күйөөсү артынан карап турса, өзүнчө уйгу-туйгуга түшүп, денеси катып калчу.

Үстөл тартмасында жаткан кол күзгүнүн тыттан жасалган туткасынын өңү өзгөрүп кеткидей деле мезгил алмашпады. Бирок ушул кыска мезгилде көп кесепет окуялар баштан өттү: согуш, эвакуация, кийин күйөөсүнө оор илдет жармашты. Кёко ага бакты көрсөтүш үчүн күзгүнү тартмадан сууруп алса, чаң баскан күзгүнүн өңү бозоруп, алкагында упанын тактары жүрөт. Бирок күзгү колдонушка жарайт, Кёко буга анча деле кейибеди. Төшөктөн турбай, кыларга иши жок күйөөсү күзгүнү такай баш жагына коюп, таптаза сүртүп чыгыптыр. Жаркырай түшкөн күзгү бетин күйөөсү оозу менен үйлөп тазалаганын бир нече ирет байкап, алкактын көзгө илинбес майда жаракаларына кургак учуктун таякчалары кирип калбайбы деп кыжаалат болуп жүрдү. Кээде анын чачын камелия майын сүйкөп тарап берип, алаканын чачын сылап майлап, ошону менен күзгүнүн алкагын сүртүп тазалап коёт. Кир үстөлдүн өңү бозоруп турат да, күзгүнүн өзү жаркырай түшкөн.

Оорукчан күйөөсү кыш кирип келгенде кайтыш болду. Экинчи ирет турмушка чыкканда, себине келген үстөлдү ала кетти. Ал эми күйөөсүнүн табытына кошо салынган кол күзгү күйүп жок болду (Жапондордо сөөктү жайга койбойт, өрттөп жиберет – котормочудан). Кийин чекесине кеште түшүрүлгөн жаңы күзгү сатып алды. Экинчи күйөөсүнө бул тууралуу айтпады.

Биринчи күйөөсү үзүлүп кеткенде, колдорун түзөп, манжаларын кайчылаштырып, табытка салышты, Кёко күзгүнү колуна карматып коюшка үлгүрбөй калды. Күзгүнү көкүрөк тушка койгону жатып, кайра курсак тарапка ылдый жылдырды да:

– Көкүрөк дарты акыры сени алып тынды, кымбатым. Дарт чырмаган көкүрөгүңө ушул да оордук кылбасын, – деп өзүнчө анын жансыз жүзүнө карап шыбырады.

Жубайлардын моокум канбаган аз күндүк жаншерик өмүрүндө бул күзгүнүн өзгөчө орду бар деп ойлогон Кёко күзгүнү алгач жүрөк тушуна коюп, кайра ылдый жылдырып койгону да ошондон. Кайын журту бул тууралуу билишин каалабастан, күзгү үстүнө дароо хризантема гүлүн төшөй салды. Сөөк өрттөлгөн соң күлүн чогулткан киши чоктон майышып эриген күзгүнү байкап калып:

– Ой! Бул жакка айнек кайдан түшүп калган?! – кыйкырып жиберген имиш.  

Негизи табытка Кёко бири-бирине кабаттап эки күзгү салган. Экинчиси сапарда жүргөндө колдончу күзгү эле. Эки жагынан тең каранууга боло турган кичинекей иймек күзгү. Кёко муну бал айында саякаттап жүргөндө колдоном деп табериктей сактап жүргөн. Согуштун кесепетинен саякат да болбой калды. Биринчи күйөөсү менен жашап жүргөндө муну бир да колдонбоду.

Экинчи ирет турмушка чыкканда жубайлар бал айына саякатка чыгышты. Жасалма жабдыктар салынган эски кутучасы колдонулбай жата берип көктөп кетиптир, күзгүсү менен жаңы кутуча сатып алышка туура келди.

Саякаттын алгачкы күнү жаңы күйөөсү Кёконун колун кармап:

– Дале кыздай жапжаш бойдонсуң, карегим.

Анын сөзүнөн эч кандай какшык туюлбады, тескерисинче, буга жаны эргий түштү. Экинчи күйөөсүнүн алдында Кёко кыздай жапжаш бойдон турганы жакшыбы же жаманбы, аны биле албады, бирок бул айтылган сөз бир жагынан көкүрөгүнө тикенектей сайылды. Бир башкача кусалуу ойдон улам деми кысылып, көзүнөн мөлт-мөлт жаш тамды, анан турган жеринде шүмүрөйүп бүлк-бүлк ыйлады. Муну байкаган күйөөсү аны дале кыздай сезими бойдон деп ойлоп жаткан шекил.

Кёко өзүнчө ыйлап жатабы же ыраматылык күйөөсүн эстеп жашыганыбы, аңдай албады. Дилинде анын өлгөнүнө ишене албаган жаны дале аны жокко санабайт. Бир аздан соң эгер бул ички даргөйүн экинчи күйөөсү байкап калса, ага жага бербешин сезип, анын көңүлүн жубаткысы келди:

– Коюңузчу, мени ким кыз демек эле, – деп айта салып, өзүн оңтойсуз сезип жерге кирип кетчүдөй уялды. Бирок күйөөсү буга ыраазы боло түштү шекил.

– Сен төрөгөн эмессиң да?

Муну укканда Кёконун жүрөгү дагы сыгылды. Мурунку оорукчан күйөөсүндөй алсыз эмес, кара күчкө өгүздөй толуп турган экинчи күйөөсүнүн алдында өзүн төмөн сезип жаман акыбалда калды. Күйөөсүн кагып жибере жаздап, кайра жай гана:

– Бала карап жүргөнүм ошол да, – дей салып, кайра тып басылды. Көпкө ооруган күйөөсү өлгөн соң Кёконун эсине ыраматылык анын жаш баладай элеси сакталып калган.

Тооруган өлүм эртели-кеч келерине көзү жетип турса да, эмнеге буга баш ийгиси келбей, ага болгон ички тунук сезимдерин тыйып жүрдү экен, аттиң?

– Билесиңби, Морини (Мори – өрөөндүн аталышы) поезддин терезесинен гана көрүп калдым, – күйөөсү Кёконун туулуп-өскөн жери тууралуу кеп баштап, аны кучактады. – Ажайып шаарча окшойт, чынында токой ичинде жайгашыптыр. Ал жакта көпкө жашадың беле?

– Мектепти бүткөнгө дейре. Андан соң Сандзёдогу аскердик заводго ишке орноштум.

– Сандзёдогу? «Сандзёдогу Этиго аймагынан чыккан атагы далайга кеткен сулуулар» деп айтып калышат эмеспи. Көрсө, ошондон улам сулуумун дебейсиңби, жаным?

– Коюңузчу, – деди Кёко колун жакасына алып. – Сулуу деле эмесмин.

– Колдору назик жумшак, басканы маралдай, бүт мүчөсү келишкен сулуум менин.

– Жок,  – Кёко көкүрөгүнө алган колунан улам өзүн дагы оңтойсуз сезип, кайра колун түшүрдү. – Андай эмес.

– Мен сага балаң болгон күндө деле үйлөнсөм керек. Өз баламдай кастарлап карамакмын. Кыз болсо андан сонун болмок, – күйөөсү анын кулагына шыбырады.

Өзүндө мурунку никесинен бир уулу бар, ошого ушинтип айтты окшойт, бирок Кёкого сүйүүнүн мындай шапкыты таң калыштуу туюлду. Мүмкүн уулун жалгыз калтырып, он күндүк саякатка кетип баратып уулун ойлоп ичи эңшерилип жаткандыр.

Күйөөсүндө сапарда ала жүрчү буюм-тайымдар салынган көзгө сындуу булгаары кутуча. Сапарга көп чыккандан уламбы же кутучасын сүртүп-тазалап тургандыктанбы, айтор, жаркырап турат. Кёко майда буюм-тайымдары салынган кутучасы колдонбой жата берип үстү көктөп кеткенин эстеди. Анын күзгүсү гана оорукчан күйөөсүнүн керегине жарап, кийин аны менен бирге табытта кете берди.

Өрттөлгөн сөөктүн күлүнөн чыккан эриген айнек бири-бирине чапталышкан күзгүлөр экенин Кёкодон башка жан билбейт, Кёко бул тууралуу эч кимге ооз ачпагандыктан, алардын күзгү экени баарына табышмак бойдон калды.

Табытта өрттөлгөн күзгүлөр өздөрү менен кошо алардын ичинде чагылып турган сансыз дүйнөнү кошо ала кетишти деген ой Кёкодо көпкө жашап, бул Кёко үчүн күйөөсүн жоготкон менен барабар азап болду.

Күйөөсүнө бакчаны көрсөткөнү алгач үстөлгө орнотулган чоң күзгүнү алып келген, бирок бул күзгү оорукчан адамга оордук кылды белем, Кёко анын талыган колдорун, уюган далысын укалап беришке туура келди. Кийин кармаганга жеңил деп ушул күзгүнү колуна карматкан.

Күйөөсү бечара өлгөнгө дейре күзгү ичинен көрүнгөн дүйнөгө куштарлыгы артып жашады. Күзгүдөн көрүнгөн бир гана бакча эмес. Көкмөк асман, аппак кар, нөшөр, алыскы тоолор, жакынкы токой. Жана да ай. Талаада жайнаган гүлдөр, учуп бараткан куштар. Күзгү ичинен чагылган жолдо бараткан адамдар, күзгү ичиндеги бакчада ойногон балдардын чуру-чуусу.

Кичинекей күзгү ичинен чагылган кең дүйнөгө Кёко өзү да таң берген. Бири каш-көздү боёнгону караган, экинчиси бети-башты каранган күзгүлөр болгону. Бирок төшөктө оонаган бейтапка алар жаңы жашоо менен табиятты ачып берерин ким ойлоптур. Кёко күйөөсүнүн баш жагына олтуруп, аны менен кошо күзгү ичин тиктеп, күзгү ичиндеги ааламга саресеп салар эле. Кийин Кёко чыныгы дүйнөнү күзгү ичиндеги дүйнөдөн бөлбөй калды. Ошондон бери ал үчүн эки дүйнө айкалышып бир жашайт, күзгү ичинен чагылган дүйнө ага бир топ чындыкка жакын туюлат.

– Карачы, күзгүдөгү асман күмүштөй жаркырайт. Күзгү бетин жаркырата сүртүп чыккандайсың, – деди Кёко.

Керебетте жаткан бейтап күйөөсү башын бурса, асмандын үзүктөй бөлүгү көрүнөт.

– Билесиңби, адамдын көзү, иттин көзү, карганын көзү асманды ар башка көрөт. Кызык, кимиси асмандын чыныгы түсүн көрөт болду экен?

– Күзгүдөнбү? Асмандын көзү… Ий, жок… Күзгүнүн көзү мененби? – Кёко «биздин сүйүүбүздүн көзү менен» деген сөздү эргип айткысы келди. Күзгүдөн көрүнгөн бактын өңү кадимки өңүнөн жашылырак, гүлдөрдүн өңү чыныгы өңүнөн ачыгырак көрүнгөнү кызык.

– Карасаң, Кёко, баш бармагыңдын изи күзгүгө түшүп калыптыр. Оң колундун… – Күйөөсү күзгүнүн четин көрсөттү.

Кёко күзгүнү деми менен үйлөп, андан соң бармак изин аарчыды. Анда күйөөсү:

– Жөн кой. Кереги жок. Баягыда, сен мага бакчаны алгач көрсөткөн кезде да манжа издериң байкагам.

– А мен байкабапмын.

– Албетте, байкаган эмессиң. А мен сенин күзгүдө калган бармак менен сөөмөй изиңдин майда-чүйдөсүнө дейре карап чыктым. Төшөктөн тура албай жаткан адам гана аялынын бармак издерин жаттап калса керек деп ойлойм.

Алар баш кошкону, күйөөсүнүн жаны оорудан арылбады. Алтургай күйөөсү майданга да барган жок. Согуштун бүтүшүнө аз калганда аскерге чакырык кагазы келип, согуштук аймакта бир нече күн жер казып иштеген соң ооруп жыгылып, үйгө жөнөтүлгөн.

Тоолуу өрөөндөн кенедей үйдү батирге алып, күйөөсү дарылануусун баштады. Согушка чейин бул үйдө башка бүлө жашап, согуш аяктаган соң Токиого кетишиптир. Кёкого алардан мураска отоо чөп баскан чакан огород калды.

Алар жашаган кыштакчада эки адамга жетерлик жашылча-жемиш акчага деле табылат, бирок Кёко огородду кароосуз калтырганга көңүлү чаппай, огородго чөп-чарларды эгип алды. Өз колу менен эгип жегиси келди. Үйдө олтуруп тигип-токугандан тажап, огороддо иштеп жатканда бейтапты кароо түйшүгү бир азга унутулуп, башына үмүт отун жандырган жагымдуу таза кыялдар келет. Огороддун далдоо жеринде күйөөсүнө болгон сүйүү деңизине чөмүлүп олтура берген кандай сонун, кандай бакыт. Күйөөсүнө китепти үн чыгарып окуп бергенден да кээде тажайт. Ооруп төшөктөн турбаган ага карбаластап жүрүп өзүн унуткан жаны огороддо гана кайра өзүнө келгендей сергий түшөт.

Бул кенедей үйгө алар сентябрдын ортосу көчүп келишкен. Дачада жашагандар кете баштагандан баштап күздөгү аба муздак, жаанчыл, көңүл чөгөргөн күндөр башталды. Ушундай күндөрдүн биринде күн батар маалда кичинекей чымчыктын мукам үнү жаанды кубалап жибергенсип асман чайыттай ачылып, күн нурунан бактагы көк майса чөп нур чачып кулпура түшкөнсүдү. Кёко тоо башындагы күн нурунан кызгылт тартып жаркыраган мөңгүнү сүйкүмдүү карап калды. Күйөөсү кыйкырып чакырар замат, шашып-бушуп, колдору ылай бойдон экинчи кабатка атып чыкты. Бейтаптын дем алышы оор.

– Сени чакырып жатам го, уккан жоксуңбу? – ороң этти күйөөсү нааразы түрдө.

– Кечирип койчу, укпай калыпмын.

– Бактагы ишиңди токтот, бай болгур. Сени чакыра берип өлө турган болдум. Ал жакта эмне кылып жатканыңды кайдан билем.

– Бактан башка кайда чыкмак элем. Огород иши жакында бүтөт.

Күйөөсүнүн көңүлү жайлана түштү.

– Саба чымчыктын сайраганын уктуңбу? – Кёкодон ушуну сурашка гана чакырыптыр. Ошол маалда батып кеткен күндөн улам карарып турган жакынкы токойдон саба чымчык дагы сайрады. Ошондогу чымчыктын мукам үнү Кёконун дале эсинде.

– Шыңгырай турган бирдеме тапсам окшойт. Коңгуроо сатып алсамчы? Же баш жагыңа мени чакырыш үчүн ыргытканга бирдеме берейин?

– Терезеден тарактатып чыны ыргытайын анда? Тарака-турак калдырап жыргап калабыз.

Бирок буга карабастан күйөөсү анын огороддо иштешине уруксат берди. А огородду караганга колуна күзгү карматып коюш тоодогу узакка созулган кычыраган кыш аяктап, жаз баш бакканда гана оюна келип жатпайбы.

Бариктердин жетилишине күзгүдөн байкоо салган күйөөсү жашоосуна кубаныч кайтып келгенин кадимкидей сезди. Күзгүдөн көрүнбөгөн зыяндуу курт-кумурскаларды барик бетинен терген Кёко аларды ага көрсөтүш үчүн экинчи кабатка чыкты. Аларды жерге чачып жиберсе, күйөөсү айтат: «Билесиңби, мен буларды күзгүдөн көрөр элем».

Кээде күн батып бараткан маалда огороддо иштеген Кёко белин түзөп, экинчи кабатка назар салса, күйөөсү күн нурун күзгүдөн анын көзүнө туштап тийишип калат. Күйөөсүнүн өтүнүчү боюнча студент кезинде кийген эски кийимин сөгүп, андан далбагай шым тигип кийди. Огороддо иштеген аялын күзгүдөн карагандан анын көз кумары эч канар эмес.  

Күйөөсү аны күзгүдөн байкап турганын туят да, бирок иш менен болуп жүрүп, муну кайра эле унутуп калат. Баш кошкон күндөн бери көп нерсе өзгөргөнүн сезгенде, Кёконун жаны жыргайт. Алгач баш кошушканда колун өйдө кылганда чыканакка дейре жылаңачтана түшкөн денесинен улам күйөөсүнөн уялар эле. Боёнуп-жасанып жүргөн Кёко согуш башталганы бетине упа сүйкөп, каш-көзүн боёгонун токтотту. Андан кийин өзү турмак оорукчан күйөөсүн карагандан башы чыкпады, кийин аза күтүп кара кийди, экинчи жолу турмушка чыкканда гана бир аз өзүнө көңүл бөлдү. Бети-башы, баскан-турганы оңоло түшкөнү өзүнө сезилди. Баш кошкон алгачкы түнү экинчи күйөөсү анын сулуу денесине суктанарын айтса, Кёко ичинен буга ынанып турду.

Чайканып чыккан соң, жылаңач денесин күзгүдөн кароодон Кёко тартынчу эмес. Тескерисинче, сулуу денесине куштарлыгы артат. Биринчи күйөөсүнө анын жылаңач денесин күзгүдөн караган жагар эле. Кёко денесинин сулуулугун күзгүдөн көрүп ишенбегенде эмес, күзгү ичинде кандайдыр бир башка дүйнө жатканына ишенчү. Түнөргөн асман күзгү ичинен күмүш түстө көрүнөт да, бирок жылаңач денеси күзгүдөн кандай болсо ошондой чагылышат. Мүмкүн мунун аралык менен байланышы бардыр? Мүмкүн төшөккө байлаган оорунун арты менен келген карылык деген азаптын бул жерде өзүнчө орду бардыр? Кызык, огороддо иштеп жаткан Кёконун ажары экинчи кабаттан байкоо салган күйөөсүнө күзгүдөн кандай көрүнөр экен? Бул тууралуу Кёко азыр да билбейт, ошондо да билген эмес.

Күйөөсү өлөр-өлгүчө колунан түшүрбөгөн күзгүдө огороддо иштеген Кёконун элеси, бажырайып ачылган гүлдөр, талаада чурулдап ойногон чыт курсак балдар калды, чокусун ак кар баскан тоодон кылайып көрүнгөн күндүн алгачкы саамайы калды. Күйөөсү экөөнө гана ажайып жамалын көрсөткөн ошол күзгү ичиндеги башка дүйнөгө кусадар Кёконун муну эстегенде эмдигиче ичи туз куйгандай ачышат. Бирок муну экинчи күйөөсүнө эч билдирбеди, ал дүйнө кудайлар жашаган сырдуу башка дүйнө сыңар кол жеткис алыста.

Май айынын кайсы бир таңында Кёко радиодон куштардын үнүн эшитти. Мурунку күйөөсү экөө чогуу жашаган тоолуу аймактагы өрөөн тууралуу берүү болуп жатыптыр. Жаңы күйөөсүн кызматка узаткан Кёко жасанган үстөлдүн тартмасынан күзгүсүн сууруп чыгып, андан ачык асманды карады. Андан соң өз жүзүнө күзгүдөн үңүлдү да, таң калыштуу ачылышка күбө болду. Көрсө, уста кудай адам өз жүзүн күзгүдөн гана көрө алгыдай жараткан тура. Ар күнү күзгүдөн өзүн карайт, анан жүзүн колу менен кармалап, күзгү ичиндеги дүйнөдөгү жана чыныгы жашоодогу жүзү бар экенин аңдайт. Кудай эмнеге адамды өз жүзүн күзгүдөн гана көрө алгыдай жаратты экен?

«Ким билет, эгер адам өз жүзүн көрө алса, анда аң-сезими да башкача болмок. Же мүмкүн эчтекеге шыгы болмок эмес» – ушуга баш катырды.

«А мүмкүн адам келбети улам өзгөрүп олтуруп, акыр-аягында адам өз жүзүн көрө албагыдай түргө келгендир? Же башынан эле ушундай жаралган? Мисалы, ийнелик менен келин жүгүн өз жүзүн өздөрү көрө алышат» – деп андан ары баш катырды.

Мүмкүн кудай адамдын жүзүн башкалар гана көрүшкө атайын ушундай жараткан чыгар. Башкалар жүзүн көрүп жактырып калсын үчүн... Анан биротоло сүйүп калсын деп.

Кёко жаңы сатып алган кол күзгүсү менен мурунку себине келген жасалма үстөлү бири-бирине анча шай келбегенин байкады. Себине келген жасалма үстөлдүн кол күзгүсү күйөөсү менен табытта бирге кетти да, үстөлдүн өзү жападан жалгыз жесир калды.

Оорукчан күйөөсүнө күзгү карматып, жакшылык менен кошо санаа да берди ошондо. Оорукчан жаны күзгүдөн жүзүн улам тиктеп, асылган мээнетке күндөн-күнгө багынып баратканын сезип, кургурдун заманасы куурулду. Күзгү менен өзүн өзү ошентип сойду бечара. Оорукчан кургурдун колуна күзгү карматып, аны бир күн «жеп» аларын ошондо билсе кана! Муну алдын-ала жүрөгү сезгендей бир күнү күзгүнү анын колунан алып койгусу келген, бирок күйөөсү күзгүгө кенедей тырмышып:

– Күзгүнү алып коюп мени сокур кылганы турасыңбы? Жок, мен тирүү турганымда эмнени көрсөм, ошондон ыракат алгым келет, – деп кыжыйды. Күзгүдөн көрүнгөн дүйнө үчүн өз жанын садага чапкыдай түрү бар.

Кээде жаандан кийин экөө көлчүктөгү айды күзгүдөн карап суктанып калышат. Күзгүдөн көрүнгөн көлчүктөгү айдын ажайып сулуулугу, ай! Экөө ошондо «эки жолу чагылган дүйнө» аташкан көлчүктөгү айдын күзгүдөгү элеси эми өмүр бою эстен кетпес.

Азыркы күйөөсү: «Дени-карды соо адамдарда гана чыныгы тунук сүйүү жашайт» – деген кебине Кёко ынангандай баш ийкеп калганы менен, бирок буга ичинен анча макул эмес. Күйөөсү өлгөндөн кийин Кёко буга чейин эмнеге аруу сүйүүлөрүн бири-биринен жашырып келишкенин ойлоп, көпкө башы катты. Кийин бул азапка салган кусалуу тунук сүйүүгө айланды, бул сезим анын жан-дүйнөсүн аруу сүйүүгө бөлөп, бул азаптан кайра ыракат алчу болду. Азыркы күйөөсү сүйүүгө аяр мамиле жасайт деп деле айтыш кыйын. Бир жолу Кёко андан:

– Сиз жароокер мээримдүү жансыз да, биринчи аялыңыз менен эмнеге ажыраштыңыз?» – деп сурады.

Күйөөсү буга лам деп ооз ачкан жок. Экинчи күйөөсү ыраматылык мурунку күйөөсүнө тууганчылык жайы бар агасы болуп кетет. Төрт айдан ашуун сүйлөшүп жүрүштү. Бул күйөөсү Кёкодон он беш жаш улуу.

Кёко боюнда болуп калганын билгенде, калтырап-титиреп күйөөсүн кучактап: «Корком, корком», – дей бериптир жарыктык.

Ар кандай жыттан көөнү айланып кусуп, башы карайлайт. Чыдабаганда сыртка жылаңаяк чуркап чыгып, карагайдын ийне жалбырагын чайнап жиберет. Эрте менен өгөй уулун мектепке жөнөтүп жатып, сумкасына эки куту нанүштө салып берет да, эмнегедир экөөнү тең күрүчтөн жасаганы таң калыштуу... Жасалган үстөлдүн маңдайына келсе, анын тартмасы айнектей тунук, ичинде жаткан кол күзгүнү көрүп тургандай сезилет. Түн ортосу ойгонуп кетип, төшөк четине коомай олтуруп, уктап жаткан күйөөсүн көпкө карап тура берет. Пенденин опасыз жалган жашоосу тууралуу ойлогондо денесин коркунуч ээлеп, кимоносунун курун чечип, күйөөсүн муунтуп өлтүргүсү келген калаатыдай ойлор бар. Анан бышактап ыйлайт. Ойгонуп кеткен күйөөсү аны чекесинен өөп-жыттап, колундагы курду алып, кайра белине байлай салат. Жай ортосу түнкүсүн да аба үп тартып турганына карабай, төшөккө оронгон Кёко чыйрыгып үшүйт.

– Буюрса, аман-эсен көз жарасың, жаным, – күйөөсү ар дайым далыдан таптап жооткотот.  

Доктур ооруканага жатыш керектигин айтканда, Кёко буга так секирип көнбөй, бирок акыры макул болду:

– Макул, жатам. Болгону мага төркүнүмө бир барып келишке уруксат бергиле.

Күйөөсү аны төркүнүнө жеткирип келди. Бирок Кёко эртеси эле төркүнүнөн качып, мурунку күйөөсү экөө жашаган аймакка сапар тартты. Сентябрдын башы. Ошол күздө алар бул жерге он күндөн кийин келишкен. Поездде баратып Кёконун көөнү айланып кусуп, толкунданып поездден секиргиси келди. Бирок поезд келип токтоп, бекеттен чыгары менен таптаза серүүн абадан жеңилдеп, ичине кирип алган жини качып чыккандай өзүн сергек сезди. Токтой калып өрөөндү омуроолоп турган тоолорго карады. Көк асманда жайкалып, батып бараткан күндөн кочкул-көк тарта түшкөн жашыл тоолор айланага жан берип тургандай. Көзүндөгү нымдашкан ысык жашын аарчып, мурунку өздөрү жашаган үйгө жөнөдү. Кызарып батар күндөн карарып турган токойдон сан куштун сайраганы угулат.

Үйдө башка адамдар жашап жатышкан шекил. Экинчи кабаттын терезесине аппак тор парда тартылган. Үйгө жакын барбастан, арыда карап турган Кёко бир маалда күтүүсүздөн акырын шыбырады:

– Эгер ичимдеги Сизге куйгандай окшош төрөлүп калсачы?

Ал акырын басып келген жолуна түштү. Жан-дүйнөсү белгисиз жылуулукка бөлөнүп, жаны эргип баратты.

АЯГЫ

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз