Ясунари Кавабата: Баскан үндөр

АҢГЕМЕ

Кафенин экинчи кабатындагы кофе саткан айбанчалуу жайдын эшиги ачылуу турат. Эшиктин жанында аппак кийинген жигит бир нерсе менен алек.

Ачык айбанда олтурган кишинин үстөл үстүндө турган сол колун үстөлдүн мрамор жылма бети жагымдуу муздатып турду. Текченин кырына чыканагын сүйөп, оң колу менен жаагын таянган бойдон көчөдө ары-бери өткөндөргө көзү тойбой карап олтурат. Көчө чырактарынын нуру шоолдоп тийген көпүрө жолдон ары-бери тынбай өткөн шайдоот буттар. Айбанча жапыз жайгашып, ары-бери өткөндөрдүн төбөсү ага кол жеткидей жерден көрүнгөнү сонун.

- Шаар менен айылдын айырмасы асман менен жердей тура, - бир маалда киши сөз баштап калды, - Жай мезгили да эки жерде эки башка сезилет. Туурабы? Же катасы барбы аз-маз? Дыйканыңа мынабул көчө чырактарынын эмне кереги бар. Дыйкан мезгилдин алмашканын бак-дарактарга карап эле билет. Календардын да кереги жок. Бизчилеп календарь тиктебейт. Ал эми шаарда мезгил алмашканын адамдардын кийинишинен билсе болчудай. Карасаң, баары жеңил, жеңи кыска кийимчен. Жүрүштөрү эле өзүнчө жай мезгили.

- Жай керемети. Кандай сонун.

Аялы менен божурашып жатып анын эсине ооруканадагы палатага чейин жортуп кирчү павлония дарагынын жагымдуу жытын эстеди. Көзүн акырын жумуп, кыбырап ары-бери чуркаган буттардын дүйнөсүнө кирип кетти. Мээсиндеги ар бир клетка кумурскадай жыбырап жайнаган кибирек буттарга айланды. Жаны жай албаган кибиреген буттар анын бүткүл жан-дүйнөсүн аралай чуркады.

Бир нерсени аттап баратып ыржактап күлгөн аялдын буту. Өлүп бараткан адамдын коркунучтан калчылдап-титиреп, жыгачтай каткан буту. Арбайган аттын тартайган буту. Эшектин буту. Иттин буту. Биттин буту. Талпайган төөнүн буту. Чыкыйган жоокердин кайыш өтүкчөн булчуңдуу буту. Кембагал мунжунун сунулган түнкү буту. Эненин кардынан чыгып, баскысы келип тарбаңдаган наристенин буту. Бир күндүк акысын алып, үйүнө кайтып келаткан мандикердин турмуштун өзү сыңар чарчаган буту. Дарыяны кечип баратып бут учунан белине чейин таптаза сууга жуулган адам буту. Көчөдө бараткан кыздардын түптүз буту: атайын апаппак болуп көрүнүп, сен ага сүйкүмдүү жылмаюу менен суктанып карашыңды каалап турушат. Чөнтөктү тешип жиберчүдөй тепкилеген акчалуу капчыктын тыбыраган буту. Көптү көргөн аялдын буттары заардуу жылмаят да, а жүзү эчтекени шек алдырбай сүйкүмдүү. Жылаңаяк, тери катып, чымырканган үйдүн буту. Шилекей агызып суктандырган актрисанын аппак, сулуу буту. Кечээ сахнада калчылдаган кылмышкердин буту, а бүгүн ишенимдүү баскан полиция аялдын буту. Бийик шиш така кийген ырчынын буту. Кайгы адамды басынтарын, кубаныч адамга дем бергенин сезген буттар. Спортсмендин буту, акындын буту, жаны жок сүткордун буту, аткаминердин буту, суучулдун буту, студенттин буту. Айтылган сөздүн буту. Күлүк ойдун буту. Кибиреген курттун буту. Буттар, буттар, буттар…

Эң акырында келип, мына анын жанында суналган аялынын буту.

Кыш ортосунан жазга чейин анын оң тизеси какшатып ооруду. Ооруканада оң бутун кесип салышты анан. Ооруканага түшкөндөн бери анын көзү бир гана жайнаган соо буттарды көргөнү ошондон. Ошого азыр да кофе саткан жайдын айбанчасында олтуруп, ары-бери өткөн соо буттарды кызыга карап олтурат. Бул жерден кыбыраган буттардын баары алаканга салгандай даана, жакын көрүнөт. Биринен бири өтүп тыбыраган буттарды карап олтургандан көз тойбойт. Ишенимдүү кадам таштап баскан буттарга суктанганы суктанган.

- Бечара буттун кадырын эми билбедимби. Жайдын келиши кандай сонун, чиркин… Ооруканадан ушул убакта чыгып, бул кафеге ушул учурда келем, - бажырайып кыпкызыл гүлдөгөн жийде гүлүн караган калыбында аялына сүйлөдү. - Жайдын келиши буттарга да жагат. Жайында адамдын басканы да ишенимдүү, кадамдар жумшак ташталат. Жийде гүлдөгөн маалда ооруканадан чыгып, ушул жайга келип турбасам.

Айбанчада олтуруп ары-бери өткөндөргө дагы жайдары карады.

- Шамал жаныбардын сокконун кара. Жаныңды эргитет.

- Жай келди, бар тиричиликке жан кирет эмеспи. Жандуунун баары жеңил-желпи кийинип, жыргап калышат.

- Бул эчтеке эмес. Кептин баары бутта жатат, бутта.

- Эгер кааласаң, ылдыйга түшүп, мен да алдыңдан ары-бери басайын анда?

- Э, койчу, курганым. Бир бутумду кесишкенден кийин өзүң айтмакчы экөөбүз эки жарты, бир бүтүн болуп калдык. Үч буту бар – бир бүтүн. Хе-хе-хее.

- Жайдын келишин айтып жаагың басылбай жатты эле. Эми жаның тындыбы?

- Шүк олтурчу. Баскан үндөр угулбай жатат.

Көчөдө бараткан буттардын алтынга бергис жагымдуу үнүн тыңшагысы келип, көзүн акырын жумду. Баскан үндөр кудум көл бетине себелеген жамгыр сымал кулагынан кирип, жан-дүйнөсүнө жамгырдай дыбырап угулуп, жамгырдагы кирген суудай сүңгүп кирип жатты. Бырыш баскан чарчаңкы жүзүнө май тамып, жүзү жарып, жүзүн кубаныч аралады.

Бирок бул кубаныч заматта таркап кеткенсиди. Кайрадан кабагы түнөрүп, оорулуу адамдай көзүн ачты.

- Сен эчтекени байкаган жоксуң азыр. Адам аттуунун баары мунжу тура. Баскан үнүнөн ар адамга дайыма бир нерсе жетишпей басып жүрүшүн байкадым.

- Мүмкүн. Ошондой болушу да мүмкүн. Бутубуз экөө да, жүрөгүбүз бирөө болуп жатпайбы. Мүмкүн ошондон улам.

- Баскан үндүн оорукчан угулушу буттан эмес, кемакыл. Баскан үндү кунт коюп тыншасаң, бул буттун кесели эмес, жан-дүйнөнүн кесели экенин баамдайсың. Дене бут аркылуу жерге тийип турбайбы, жан-дүйнө оорукчанга айланганда, аны өзүнө батырып жүргөн дене эрте эле өлүп, жерге эрте эле кирип кетишин каалап, муну кара жерге бут аркылуу ыйлап айтып жатат, түшүндүңбү?

- Бул айтканыңда жан бар. Кептин баары бутта эмес дебейсиңби. Бул жерде мандем башка. Муну кандай десе болот… Бардык нерсе нервден деп өзүң тынбай айтып калчу эмес белең. Же мен…

- Угуп турбайсыңбы! Эми түшүнүктүү. Адамдын баскан үнүнө карап, анын ички дартын, кеселин аныктаса болчудай. Мен чолокмун деп жүрсөм, адамдар менден өткөн чолок турбайбы, кокуй. Мен го оорукчан бутумду кесип салышканы үчүн чолокмун. Мен азыр тек гана адамдардын баскан үнүн тыңшап жыргагым келди, а бирок алардын тээ жан-дүйнөсүнүн бир мүчөсү менин бутумдай чолок экенин билген эмес экем. Муну укканда, кайра депрессияга түшкүдөй киши. Капырай де! Бу шаардыктарың бүт эле чолок тура. Мен бир бутумду жеп алдым деп жүрсөм, бу шаардын жетимдери бүт эле жанын жеп алышыптыр. Айылга кетсем окшойт. Айылдыктардын жан-дүйнөсү чолоңдобой, аруу, таза, бүтүн. Аруу, таза баскан үндү уккум келди, атаңгөрү.

- Ар кайсыны айтып келжирей бербечи. Зоопаркка бар андай кыйын экенсиң. Эки бутту эмес, төрт буттун басканын тыңшап олтура бересиң.

- Бул айтканың туура. Барса барам ал жакка. Жаныбардын таманы, куштун канаты – чыныгы тазалык, ар кандай илешме жаман оорудан сырт. Табияттын үнүн тыңшоо – чыныгы бакыт.

- Омеей, тамашалап койдум! Тамашаны деле түшүнбөй калыптырсың.

- Адам алгач там-туң басат. Кийин бутка турат, чуркайт, секирет. Анан ошол күндөн баштап жанын жеп баштайт да, бара-бара жан-дүйнөсү оорукчан бир түгөткө айланат. Же жан-дүйнөсү оорукчан бирөөдөн муну жуктуруп алат. Анан мага окшоп чолокко айланат. Жаны жок, жанын жеди деген сөздөр бекерден айтылбайт да. Жансыз, түгөт, чолок, бул сөздөрдүн айтылышы эле калааты угулуп жатпайбы. Ошого көп адамдын басканын карасаң көз тойбойт, баскан үнүн тыңшасаң жаман угулат. Эми түшүндүңбү же дагы деле башыңа эчтеме кирбедиби?

- Түшүндүм, болуптур. Кетелиби эми?

- Эгер түшүнгөн болсоң, анда кеттик.   

Жан-дүйнөсү да бир бутунан, тирөөчүнөн айрылгандай, ички арман-дартын чарчаңкы жүзү билдирип турган киши аялына сүйөнүп авто-унаага чейин чолоңдоп басып келди. Аялы аны авто-унаага олтургузду. Анан айдап жөнөдү. Авто-унаада бараткан мунжу жүрүп бараткан дөңгөлөктүн шылдыраган үнүн тыңшап баратканда, аны аялынын сыздап ооруган жан-дүйнөсү чыркырап өзүнө чакырып жаткансыды. Жол боюна орнотулган чырактардын жаркырашы тим эле жай гүлүндөй бажыраят, чиркин.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз