Ясунари Кавабата: Боз торгой

  • 14.01.2022
  • 2625

АҢГЕМЕ

Таң атпай чырылдап сайраган чымчыктын үнү үйдөгүлөрдүн мазасын алып, уйку бербеди.

Эртең мененки тамак учурунда терезени ачып жиберишсе, бактагы карагайдын ылдыйкы бутактарын айланчыктап, буту күйгөн немедей бырпырап, жаагы тынбай сайраган боз торгой көрүндү.

- Уфф! Тажатып жиберди кишини,  ̶  тамак жеп олтурган иниси үстөлдөн туруп, жаагы тынбай сайраган торгойду кубаламакчы болуп сыртка жөнөдү.

- Жөн! Шүк кой, тийбе,  ̶  энеси сыртка жөнөгөн небересин токтотуп калды. - Уядан түшүп кеткен балапанын издеп жүрөт. Кечээ кечке маал көз байлангыча ушул тегеректе чырылдап сайрап жүргөн. Таппай калса керек. Таң атпай дагы издеп баштаган тура. Паранда болсо деле баары бир эне да бечара.

- Кайдан билдиңиз аны? – Ёсико энесине ишенбегендей карады, - Көз менен көргөндөй айтасыз да.

- Көзүм көрбөсө да сезип турам муну,  ̶  күңк этти кемпир,  ̶   Сай-сөөктү сыздатып сайрашы бир башкача байкуш.

Чоң эненин көзү азиз. Жакшы көрбөйт. Он жыл мурда бөйрөгүнө суук тийгизип алганы эле болбосо, баскан-турганы чыйрак кемпир. Жаштайынан оң көзүнө ак түшүп көрбөй калып, бул кийин бара-бара сол көзгө тээп, ошондон бери сол көзү жарыкты араң көрөт. Бирок ажырата албайт. Чайды, тамак жеген таякчаны колуна бирөө такабаса, өзү таап кармай албайт. Ушунча жыл байырлаган өз үйүндө ар бир буюмдун турган орду ага тааныш, кол менен кармалап эшикке өзү чыгып келе алат. Бирок сыртка жалгыз чыгарышпайт. 

Байкуш кемпир кээде айнек кадалган кире бериш эшиктин маңдайына турат да, айнектен шоолдоп тамган жарыкты тиктеп көпкө мелтиреп тура берет. Тим эле бул дүйнөнүн жарыгына тойбой калгандай мусаапыр көз караш. Чоң энесинин мындай мусаапыр турушун көргөн Ёсиконун жүрөгү тилинет да, жанына барып, бирдеме дей албастан, обочо жердеги бурчта аны аяп, үн-сөзсүз карап тура берчү.

Азыр болсо чоң энесинин көзү көрбөй туруп чымчыктын ички дартын сайрашынан эле туйганына таңданды.

Үй артында каштан дарагы менен үч курма дарагы өсүп турат. Ёсико алардын жашыл жалбырак түсүнөн сыртта көз жаштай салаалап майда жамгыр себелеп жатканын байкады.

Баягы торгой каштан дарагына утур учуп чыгып, кайра жерге жапыз учуп түшүп, өзүнчө бирдемеге башы карайлап учуп жүрөт. Бир жерди айланчыктап жүргөнүнө караганда, балапанын ошол тегеректе жоготкондой.

Торгойго жаны ачыган Ёсико өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бөлмөсүнө кирип барып, ал жердеги күзгү алдында жасанып кирди. Бүгүн түштөн кийин булардын үйүнө той тууралуу сүйлөшкөнү анын болочок кайненеси кудаларды баштап келмек.

Күзгү алдында олтурган Ёсико ак түшкөн тырмактарын карап калды. Тырмакка ак түшсө, демек үйгө кадырлуу конок келет деп жорушат. Бир гезиттен организмге С витамини жетишпегенде, тырмактарга ак түшөт деп окуган жайы бар. Ёсико өзүнүн сулуу жүзүнө суктануу менен карады. Кундуздай кара кашы менен оймоктой эрди өзүнө куп жарашат. Тойго кийчү манат кызыл кооз кимоносун өзү эле кийип алды.

Кимонону кооздоп кийингенге апасы келгенде жардамдашат деп ойлогон. Азыр муну өзү эле оңой-олтоң кийип алганына сүйүндү.

Атасы менен апасы, тагыраак айтканда, өгөй апасы өзүнчө башка үйдө турушат. Өз апасы менен атасы Ёсике төрт жашында, кичүү иниси экиге эми толгондо ажырашып кетишкен экен. Угушуна караганда апасы койкоңдоп жасанып, күйөөсүнүн бар акчасын самандай чачып жүрөт да, акыры ушунун айынан бир күнү үйдө уруш чыгып, анан ажырашып тынышат. Бирок ажырашуунун башка себебин да бирөөлөрдөн элес-булас уккандай болгон: иштин чоо-жайы такыр башка.

Иниси там-туң баскан кезде үйдө көр-жерди термелеп ойноп жүрүп, апасынын бир сүрөтүн кийим-кечектин арасынан таап алат. Баласы колуна кармап ойноп жүргөн сүрөттү эчтемеден иши жок, арыда өзүнчө иш кылып олтурган атасы байкап калат да, баласынын колунан жулуп алып, кызыгып карайт. Сүрөттү көрөр замат өңү бузулуп, сүрөттү күкүмдөй майдалап тытат. Ошонун эртеси эле атасы эки баласын өзүнө алып калып, булардын апасынын жообун дароо ошол жерден берип, үйдөн кууп чыгат.

Ал эми атасы экинчи аялын үйүнө ээрчитип келгенде Ёсико он үчкө толгон кыз эле. Кийин ойлосо, бечара атасы аялын кетиргенден кийин он жылдай үйлөнбөптүр. Дагы жакшы, экинчи аялы мүнөзү жумшак, эстүү чыгып, өгөй балдары менен бат эле тил табышып кетишти.

Тирүү пенденин күнү өтө берет тура. Иниси жетинчи класска келгенде башка мектепке которулуп, биротоло ошол жатак мектепте окуп калды. Ошондон баштап дем алыш күндөрү үйгө келгенде өгөй апасына ороңдоп, ага болгон мамилеси кескин өзгөрдү.

– Мен апамды көрдүм, эже,  ̶  деди иниси бир күнү көзүн жашылдантып эжесине карап,  ̶  Башка күйөөгө тийип, азыр Адзабуда жашап жатыптыр. Апам аябай сулуу экен. Мени көргөндө: «Чоң жигит болуп калган тура менин козум»  ̶   деп бетимден өөп, кучактап, аябай сүйүндү. Капчыгын алып, мага биртке акча берди. Анан мен да…  ̶   калган сөзүн улай албай шолоктоп жиберди.

Күтүүсүз айтылган сөздөн Ёсико селейип калды, денесин майда калтырак басты.

– Эмне болуп кетти? Тынчылыкпы? – аркы бөлмөдө күйпөңдөп иш кылып жүргөн өгөй апасы ишин токтото салып, экөө турган бөлмөгө кирери менен аларды алмак-салмак бир тиктеп, бетме-бет олтура калды.

Ёсико унчуккан жок. Иниси менен өгөй апасынын ортосунда бирдеме дешке башына эчтеке кирбей, ортодо чайналып турду.

– Эчтеке эмес, Ёсико,  ̶  өгөй апасы акырын сөз баштады. – Өз апасы менен жолугуптур  ̶   бул жакшы нерсе. Мындай болорун мурдатан эле сезгем. Капа деле болбойм буга.

Ёсико өгөй апасын караса, ал шаабайы сууп, олтурушу жүдөө. Өгөй апасы бүшүркөп, кичирейип кеткендей көрүндү.

- Кетем! Тажадым бул жерден. Энең… – иниси ордунан ыргып туруп, угулар-угулбас сөгүнүп, булкунуп сыртка жөнөдү. Бөлмөнүн эшиги тарс жабылды.

- Кетесиңби?! Өлүгүңдү гана көрөйүн, тирик, көрсөтөм сага кеткенди! – Ёсико сыртка жүткүндү.

Эжеси ачуусун кармана албады. Инисинин артынан жетип, мындай мамилеси үчүн аны жаактан ары тартып-тартып жибергиси келди.

- Кой, кызым, тийбе,  ̶   муну байкап калган өгөй апасы жер караган калыбында күнөөкөр адамдай акырын сүйлөдү,  ̶   Бир ачууңду мага бер. Баланын шагын сындырасың бекер. Кийин бир балээ болуп…

Муну укканда Ёсико ачуудан улам кере-кере дем алып, ордунда бир топко туруп, анан бетин басып үн чыгарбай ыйлап жиберди.

Ошол окуядан кийин атасы инисин жатаканадан алып баса берди. Муну менен эле тим калбай Ёсико менен инисин чоң энесине таштап, аялын ээрчитип, өзү башка үйгө көчүп кетти.

Ёсико карайлап калды. Атасы менен иниси кишиге жумшак болгону менен, бирок экөө тең мүнөзү чукул, тез пейил. Алардын мындай мамилесинен уламбы же башкаданбы, айтор ошондон кийин чүнчүп да кетти. Атасы аялын ээрчитип үйдөн баш алып чыгып кеткенде, атам апама кошуп мени да, инимди да жек көрөт тура деген ой мээсин жеп таштады. Иниси баягыда ордунан атып туруп, сыртка булкунуп жөнөгөндө, мунусу да атасын тартып тез пейил экенин байкаган.

Атасы экинчи аял алганга чейин он жыл бою кандай азап менен жашап келгендигин бара-бара түшүнө баштады. Бир чети мындайда эркекке деле кыйын тура.

Кызын турмушка узатуу тууралуу кийин атасы өзү кеп баштаганда, Ёсико эмне дешти да билбеди.

- Кызым,  ̶  деди атасы бир күнү экөө сырдашып калганда,  ̶   Куу турмуш, ойрон тагдырдын айынан сени да азапка салып келдим. Билем… Сени кызым катары көп эркелете да албадым. Бул тууралуу сенин болочок кайненеңе баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Менден көрбөгөн мээримди барган жериңден көр эми. Бассам-турсам тилегеним ушул. Аталык милдетимди толук өтөй албаган болсом мени кечир, кызым.

Буга Ёсико бирдеме дейин десе, оюна түзүк эчтеме келбеди. Турган жеринде жашып кетти. Анан бүлк-бүлк ыйлады.

Ёсико турмушка чыгып кетсе, көзү азиз чоң энеси менен инисин ким карамак. Кайра эле атасынын колуна барышат окшошкон кургурлар. Башкадан да ушул нерсе жүрөгүн катуу өйүдү. Атасы менен өз апасынын бактысыз турмушунан улам Ёсико эрге тийгенден да коркуп жүрөр эле. Турмушка чыкпай калсам дечү. Атасынын ушул сөзүнөн кийин бул коркунуч таркап кеткендей болду.

Жасанып бүткөн соң манаттай кызыл кимоносун кийген Ёсико чоң энесине чыгып келди.

- Кандай жарашат экен? – чоң энесине мактанып кирди.

- Кызарган эле бирдеме чыбырап көрүнбөсө, көзүм түзүк көрбөйт. Бери келчи,  ̶  небересин өзүнө жакын тартып, анын турпатына көз жүгүрттү, - Көзүм көрбөй калгандан кийин сенин элесиңди унутуп да калдым. Кызым кандай сулуу ханыша болуп бойго жеткенин көрүп өлсөм, арманым болбос эле, аттиң.

Чоң энеси моюндан сыйпаласа кытыгысы келгенине карабастан, чоң энесинин мээримине жаны эргип, энесинин куудай чачынан сылады.

Атасы менен өгөй апасы кудалар менен кошо келип калышабы деген ойдо аларды утурлап тоскону сыртка чыкты. Колун алдыга созсо, алаканына жыбырап жааган жаандын майда тамчылары урунду. Кимонсунун этегин кош колдоп көтөрүп, чөптүн арасын карай баштады. Чөп арасынан бүшүркөп корголоп, эчтеме менен иши жок турган төбөсү үрпөйгөн балапанды көрүп калды.

Жүрөгү дүк-дүк согуп ага жакын келди. Төбөсүн үрпөйтүп коргологон балапан Ёсико колун сунса, шап этип алаканына чыгып алды. Өзүнчө бүшүркөп, алсыз. Тияк-бияка көз жүгүртсө, эртең менен чырылдап жүргөн эне торгой көрүнбөдү.

Балапанды алаканына кондурган бойдон үйгө кирип келди.

- Чоң эне, балапанды таап алдым, бечара бүшүркөп, алы деле калбаптыр! – кирер замат сүйүнчүлөп жиберди.

- Ыя де? – чоң энеси элейип үн чыккан тарапка жүз бурду,  ̶  Суу берип койсоң боло.

Ёсико чыныга суу толтуруп келип, балапандын тумшугуна такады. Балапан калчылдап жатып суу ууртады. Жылуу жайга киргени өзүнө келип, тияк-биякты карап бирөөнү издегендей сайрап кирди:

- Чирк, чирк! Чирк, чирк… чирк!

Кайдан-жайдан экени белгисиз, баягы торгой дароо пайда болду. Үйдү айланчыктап, кир жайган зымда ары-бери туйлап торгой жүрөт. Балапан канаттарын утур пырылдатып дагы сайрады:

- Чирк, чирк! Чирк, чирк… чирк!

- Жакшы болбодубу, - арыдан чоң энеси үн катты, - Эми энесине алпарып тапшыр тентекти.

Ёсико бакка чыгып келди. Торгой зымдан алчанын үстүнө учуп барып, Ёсико тарапты карап калды. Ёсико колун көтөрүп балапанды торгойго көрсөтүп, балапанды такыр жерге акырын кондуруп таштап, кетип калды.

Үйгө кайтып кирди да, терезеден бак жакты акмалап карап турду. Балапан өйдөнү тиктеп тамак сурап сайрап кирди. Энеси утур ылдыйга жылып, балапанга жакындап келатты. Карагайдын астынкы самсаалаган бутагына конуп, ага жакын келгенде, балапан канаттарын пырылдатып энесин көздөй жылып баратып, капталына кулап кетип, тура калып, дагы тамак сурады.

Ага карабастан, торгой эне ары-берини абайлап тиктеп, балапанга дароо келген жок. Андан соң түптүз балапанына учуп келгенде, балапаны оозун аңырдай ачып дагы деле тамак сурайт. Ёсико байкап караса, торгой тумшугуна сөөлжандай курт тиштеп алыптыр. Балапанына учуп келер замат тумшугундагы куртту балапанынын оозуна салып жиберди.

Кызыктын баары эми башталды: балапан энесине догурунуп дагы тамак сурады. Курган эне утуру тияк-бияктан тумшугуна илингендин баарын балапанынын оозуна салуу менен убара. Балапаны бир аз кежир көрүнөт. Энесин ушундай жол менен атайылап түйшүккө салып, жазалап жаткандай. Чырылдап сайраган балапан: «Кайда жүрдүң?! Эмне таштап кетесиң мени?!»  ̶  деп энесине долуланып, чыргоолоп, ыйлактап жаткансып көрүндү. Эне торгой: «Кечир мени, үрпөк башым, мунун баарына өзүм күнөөлүүмүн. Күнөө менде. Мен эми сени эч качан таштабайм»  ̶   дегенсип, чыргоолоп жаткан балапанына эт-жүрөгү элжиреп жаткан сыңар өзүн бейкапар сезип, эртең менен чырылдап балапанын издеп, карайлап жүргөн торгой азыр жок.

«Ой, тобоо, паранда болсо да адам сыңары буларда деле эне-бала сезими күчтүү тура!» Муну тамаша кылып ичкериде карап турган Ёсико жагымдуу ойго батты. Атасы менен өгөй апасы азыр келип, алар да ушул көз ирмемге күбө болушун ичинен ушунчалык каалады.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз