“Азаттыктын” белгилүү журналисти Бактыгүл Чыныбаеванын Фейсбук баракчасындагы посттон улам тилди билимдүүлөр бузарына коомчулук назарын буралы дедик. Буга турмуштук толтура мисалдарды тартсак болот.
Аныгында бизде адабий тилдин нормасы деген капас бар. Ал капасты тээ илгертен билерман көрүнгөн илимпоздор ойлоп тапкан. Эне тилибиз ошол капаска камалган куштан бетер канатын эркин кага албай, капастагы куш өзүнүн канаттуу экенин унутуп калган сыяктуу, өз тилибизди өзүбүз жериген, улуттук аң-сезими чала-чарпыт калыптанган элбиз...
Бизде өз башы менен ойлонбогон тил илиминин доктор, профессор, академиктери иттин кара капталынан көп. Алар эне тилибизди тээ тоталитардык коммунизм доорунда орус шовинисттери таңуулаган эрежеге баш ийдирип коюшкан. Маселен, кыргыздын Түндүк, Түштүк кош канатын чегарадай бөлүп, чектеп, кыргыз тилинин адабий нормасын Ысык-Көл, Нарындын диалектисине көгөөндөп байлап беришкен. Мунун өзү улуттук иденттүүлүктөн ажыратуу үчүн орус шовинисттери ойлоп тапкан эреже, саясый курал экенин алигиче акыл аңыбыздан аңдай элекпиз! Эне тилибизди байытууга кедергисин тийгизген ал эрежени түп тамырынан жок кылмайын, биз кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгүн чектеген эски эреженин пайдасынан зыянын алдыда дагы көп тартабыз.
Ал зыянды ичара өзүбүзгө өзүбүз тарттырабыз, сырттан эмес. Колтугубузга суу бүрккөн сырткы таасир жок деле соцтармактарда, атүгүл парламент залында уу-дуу жараткандар канча: кыргыз тилин адабий тилдин нормасына салышыбыз керек деген...
Ал тургай диалекттик өзгөчөлүк үчүн түштүктүк кыргыздан түндүктүк кыргыз сетиркеп: “Эй, сарт, – дейт – кыргызча сүйлө!” Мына анан көрүп ал: кыргыз урпагы бири менен бири кызыл чеке болуп жатып калат. Талашат. Кырданат: “Жо, сен адабий тилдин нормасын билбейсиң!”
Коммунисттер доорунда го орус шовинисттерине каш кагып каяша айтуу мүмкүн эмес эле, а бирок эгемендигибиз шардана салынган күндөн тарта дагы деле эне тилибиздеги эски эрежени бетке кармангандардын стереотип көзкараштары эне тилибиздин убалына калып келет.
Өзүм да ак-караны ажырата элек, алабарман кезимде атактуу тилчи, академиктердин бири менен тил боюнча маек куруп, маек гезитке жарыяланды. Өзүмө жакты. Маашырландым. Анан эле ал маек устатым Алым Токтомушевге эч жакпаптыр. “Ушуга окшогон окумуштуулар кыргыз тилинин ашмалтайын чыгарбадыбы!” – деп ачуусу келсе болобу. “Окудум, – деди – курусун. Буга окшогон академиктер тилибизди өлүү тилге айланткан эбак. Тилдик эрежелерди ойлоп таап, чектеп коюшкан. Мындай академиктерге караганда жандуу тилди мага окшогон, сага окшогондор, анан айылда өз тирилиги менен жүргөндөр жаратат. Буларды ориентир кылба”, – деген эле.
Ошондон кийин окумуштуу чалыш, академик чалыштардын оозун карагыс болгомун. Анткени устатыбыз Алыке өзү айтмакчы, өрнөктүү тексти кан менен тендин ортосунда, ар бир тыныш белгинин түбүндө үргүлөп отуруп жаратчу. Ошон үчүн А.Токтомушевдин элдик тилде жазган экономикалык, саясый-коомдук темадагы макалалары “Асаба”, “Агым” ж.б... гезит окурмандары үчүн өтө жеткиликтүү, өтө элпек тилде окулчу. Алыке эмне жазбасын, тили жоргонун жүрүшүндөй ырааттуу кетчү. Эң татаал экономика темасында карапайым малчыга, дыйканга, сантехникке да түшүнүктүү тилде жазчу. Ал эми ак үй, көк үйдө отурган аткаминерлерди Алыкенин жазгандары шибеге менен сайгандай туйлатчу.
А бүгүн төмөндөгү Бактыгүл Чыныбаеванын жазгандары да жалпы коомчулукту шибеге менен сайчудай көрүндү. Тил маселесине келгенде жаңыча пикир, жаңыча көзкараштар жаралмайын, баягыбыз баягы. Баягы эрежени тутунган дакансалар өз тилин өзү жеригенин койбойт девеле кыйынсынып коёюнчу...
О`Шакир
Кыргыз тилин кантип өнүктүрөбүз, байытабыз деп эле кайталап, анан жылыга тил күнүн уюштуруп (өлөйүн, бир да өнүккөн өлкөдө тил күнү деген нерсе жок) келе жатабыз, келе жатабыз. Мен көп ойлондум, неге кыргыз тилине кызыгуу жок, неге кыргыз тилинин сөздүк кору аз?..
Анан салыштырып баштадым. Мисалы, англис тилинин Коллинс түшүндүрмө сөздүгүндө 772 миң сөз бар, Оксфорддукунда 600 миң, орус тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө 150 миң, кытай тилинде 500 миң, ал эми кыргыз тилинде болсо 50 миң... Элестеткиле, канча эсеге аз? Эмнеге англис тилинде көп?
Англис тили башка тилден кирген сөздөрдү, диалект, жаргон, сленгдерди жерибейт. Коллинс сөздүгүн түзүүдө бир тажрыйба болгон. Сөздүк редакциясы англис тилдүү коомчулуктан кайсы сөздү киргизгиси келерин сурап кайрылып, чар тараптан он миңдеген диалект, сленг сөздөр келген. Карапайым эл сүйлөгөн сөздөрдүн баары сөздүккө кирген.
Тил негизи ылдыйдан өйдө өнүгөт. Көчөдө, айылдарда, базарда эл сүйлөгөн тил аркылуу өнүгөт. Адабий тил деп эле бир калыпка салып коюп, "билимдүүлөр" эле колдонгон тил өнүкпөйт экен, тескерисинче, соолуп калат тура.
Тил – жандуу организм. Аны улам жаңылап, чет тилден кирген сөздөрдү жерибей кошо кабыл алып, колдоно билсек өнүгөт тура.
Англис тили да ошондой, технологиядагы жаңы терминдер, көчөдөгү жаңы айтылган сөздөр менен гана тирүү, бай кармай алабыз. Азыр деле кыргыз тилине англисче сөздөрдү коркпой киргизсек болот, диалект сөздөрдү деле. Мисалы, кечке эле кулпу дей бербей, калит же килит десек неге болбосун? Таштек, дагара, бортоной, чыптама, минчек, чөмүч, майлоо, даканса, зыңк, атидо, горо, сүт горо, тягида ж.б., ушул сыяктуу сөздөрдү коркпой кабыл алуу менен тилибизди ылдыйдан өйдө тез эле байытсак болот.
Бактыгүл ЧЫНЫБАЕВА, журналист
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.