Исирадин Аманбаев: Эне

  • 21.05.2023
  • 4295

(Апам Паризаттын жаркын элесине арналат)

АҢГЕМЕ

... Удаама-удаа атылган мылтык үнүнөн эне бүркүттүн тулку бою титиреп, каалгыган канаттары кайып барып көккө көтөрүлдү. Эми ага баары даана көрүндү: бет келди безип бараткан кайберендер, куралчан далдактап жүгүргөн адам, баласын беттеп жан-үрөп чуркаган эчки... Бирок негедир кансырап жаткан улакты көрсө дагы, көргүсү келген жок.

Анын жырткычтык сезими чындап козголуп, мергенчинин конушун көздөй сызып жөнөдү. Курч көздөрүнөн баары тизмектелип өтүп жатты: тигилген боз үйлөр, жуушаган кой-эчкилер, ыңгыранган уйлар, шынаарлашкан жылкылар, желедеги кулундар, таскактаган торпоктаналар, текиреңдеген козу-улактар... Бирок атайын аңдып барган кичинекей Токтосунду көтөрүп кетмек түгүл, дит багып тике карай алган жок: ал эсин эбак жоготуп, энесинин алдында кыймылсыз жаткан...

Эки-үч жолу “үшкүргөн” үнүн чыгарып, ансайын асманга бийиктеди. Бүт энелердин азап-тозок, кайгы-муң, ый-зарларын жалгыз өзү көтөрүп алгансып, – кара жанын карч уруп, канаттары менен өзүн-өзү сабалап, кайдадыр каргып баратты:

Асманда учкан алгыр куш,
Айланып жерге конбойбу.
Армандуу күндү көргөнчө,
Ала бир кетсе болбойбу.

Көктө бир учкан кыраан куш,
Көйкөлүп жерге конбойбу.
Көйгөйлүү күндү көргөнчө,
Көтөрө кетсе болбойбу...

Турсунбек бул аңгемесин өз энесине окуп бербегенде, ушинтип аяктамак. Эми, оңдобоско чарасы калган жок.

*     *     *

Алайкунун асман тиреген ак карлуу чокуларынан алтын түстүү ажайып күн нурлары акырын ылдый көздөй ага баштаганда, эне бүркүт уясынан учуп чыкты. Балапандарынын гана эмес, өзүнүн да жаңы эле көзү ачылгандай, айлананын сулуулугуна суктанып, тойбой барат. Өзгөчө, тегереги арча-кайың, тоо-таш менен курчалган мөлтүрөгөн көгүлтүр көл үстүнөн өтүп баратып, өзү менен кошо тең жарышкан түркүн-түстүү керемет сөлөкөттөрдү көргөндө, чыдабай бир шаңшып алды.

Анын көндүм болгон Теке-Уюк зоокасына бараткан багытын, тээ түздүктөн көтөрүлүп жаткан көк түтүн өзүнө бурду. Жакындап барган сайын, шар аккан суу жээгинде жаңыдан тигилген боз үйлөр, жака-белинде жайылып жүргөн мал-жандыктар, көгөндө тизилген козу-улактар, желеде байланган кулундар, көлөкөлөп бири-бирине ыкташкан жылкылар... баары даана көрүндү. Айрыкча энелик мээрими түшүп караганы эки-үч жашар тестиер бала болду. Анын томполоңдоп жыгылып-турганына, ооналактап күлгөнүнө, асманга карап кобурап мыйтыйган колдорун сербеңдеткенине ичи эзилип, көпкө чейин кете албай айланып учуп жүрдү. Качан гана ары жактан энеси келип эркелете баштаганда, өз жолуна түштү.

Кетип баратып адамдардын жакындап келгенине кооптонду: он жыл мурда булардын өздөрү турмак, издеринин дайыны жок эле. Алгач бирин-экиндеп келишип, кийиктерге аңчылык кылып жүрүшсө, бара-бара көбөйүп отуруп, көздөрүнө көрүнгөндүн баарын ата башташты: түлкү, коён, элик, сүлөөсүн, кашкулак, каманга окшогондордун аягы суюлду. Ал гана эмес бирин-экин аюу, илбирске чейин кол салышты. Кекилик, уларга окшогон бейкүнөө парандалардын саны да азайгандан азайды.

Өзгөчө, былтыркы кеч күздөгү окуяны эстегенде, эне бүркүттүн жан дүйнөсү эңшерилип кетти: тобу менен келип тороп алышып, кийиктерди эсепсиз кырышты. Эркегиби, ургаачысыбы, энесиби, баласыбы – эч бирине карашкан жок. Бири-бири менен мелдешип алгандай атышты. Өздөрү чарчаганча атышты. Октору түгөнгөнчө атышты. Тарсылдаган мылтыктардын үндөрүнөн кулак тунуп, алаамат башталды – кайберендердин өлүктөрү ар жерде жайнап: тоодо жатты, түздө жатты, аскада илинип турду, сууда агып баратты. Жарадар болуп кансырап жаткандары андан көп. Айлана дары менен кан жыттанып эле жатып калды. Жасаган эрдиктерине маашырланышып – бири-бирин кучакташып куттукташып, өлгөн улактардын боорлорун отко кактап жешип, бир топко тойлошту. Акыры, ар кимиси көлүктөрү көтөргөнчө жүктөп кетишти. Калгандары тазгара баштаган карга-кузгун, ит-куштарга бир топко чейин табылгыс тарп болуп берди. Ошондон кийин коркуп калган кайберендер кар басып калган ашууларга карабай, өлүп-талып жер ооштурушту. Аркар-кулжадан таптакыр эчтеке калган жок. Болгону, кете албай бир уучка жакын эчки-текелер калышкан эле. Эми минтип...

Эне бүркүт ушуларды ойлоп, заманасы тарып баратты: атасы карап калган балапандарын эсен-аман учуруп алышса, бул жерден тезирек кетүү керек. Антпесе ачкачылыктын арышы башталчудай. Бирок кайда барышат? Мурдагы түнөгүнөн да ушундай кесепеттин кесиринен улам келишпеди беле. Кайда барба – мамайдын көрү боло береби? Оо, жараткан!..

Теке-Уюкка жакындаганда эне бүркүттүн жүрөгү болк эте түштү: асканын ары жагында эчки-текелер бейкапар оттоп жүрүшсө, бери жагында колунда мылтыгы бар бир адам акырын аңдып барат. Эмне кылуу керек? Мындайда тезирек аракет кылбаса болбос...

*     *     *

– Ия, Орунгүл? Бул тентегиңи эмнеге байлап атасыңар?

– Антпегенде, кантмек элек, эже. Кечээ күнү атасы агып жаткан сууга ээрчитип барып, балык кармаганды көрсөтүп койгон экен, эртеден бери ошол жакка чуркай берип, эжесинин шайын оодарды. Бээлерди саап алгычакты аркан менен байлай туралы дедик.

– Атасы кайда?

– Эрте менен жылкыларды айдап келгенден кийин эле “бээ саамга чейин келип калам” – деп, мылтыгын асынып чыгып кеткен.

– Э, ботом! Силер эмне, аксакалдардын “Кимде-ким беш жылга чейин балык кармап, кийик атса, уучу узарбай калсын”– дешип, айылдын кары-жашы менен шерттешип, бата кылгандарын уккан эмессиңерби?

– Кантип укпай коёлу...

– Анда эмне?.. Же эсиңерден чыгып калдыбы – бир кызыңардан кийин балдарыңар токтобой жүрүп, тогуз жылдан кийин араң балалуу болуп, атын Токтосун койгонуңарды?

– Аны тиги сөз жебеген кежир үкаңизга айтсаңыз жакшы болот эле.

– Айтам. Айтпаганда эмне. Мени укпаса жездесин угат.

– Аныңыз ырас деңизчи. Бирок...

– Эмне бирок? Жездеси Арапбайды бир тууган кайнисиндей эле көрөт. Ушуга чейин бири-биринин сөздөрүн эки кылышканын көрө элекмин. Анын үстүнө мына ушул көңүл деп отуруп, силерди ээрчип келдик да. Болбосо биз деле көпчүлүктөн бөлүнбөй, жакынырак жайлоого жайласак болмок. Антпегенде, же силердикиндей бапыраган малыбыз, саай турган жылкыларыбыз болбогондон кийин...

– Баса, жездем качан келет?

– Эки уулубуз тең мектепте экзамендерин тапшырып жатышат. Ошолорго караан болгончо, майда-чүйдө жумуштарды бүтүргөнгө кетти. Сыягы, дагы бир жумача жүрүп калат ко.

– Максат ошол үчүн келген тура?

– Ооба. Атасы келгичекти бул жакта мага караан болуп, ак ичип дегендей... Болбосо өзүң билесиң, анын дагы колу оңойлук менен бошой бербейт.

– Келинчегин ала келбептир го?

– Жашаялмет немени узак жолдо ат үстүндө кыйналып калат деп калтырып келиптир. Мен деле макул көрдүм. Азырынча кудайга шүгүр, өзүм эле кыймылдап турганга чама-чаркым жетишет.

– А-ий! Убакыттын өткөнүн карачы. Кой, кызым экөөбүз бээлерди саай коёлу.

– Максатты ойготоюнбу, кулундарды кармап турганга жардам берсин?

– Эс ала берсин. Айпери эле жарайт. Бир короо жылкы дейсизби. Үч бээни эмне, арыдан-бери саай салабыз.

– Бул тентегиңчи?

– Бул тентегим байланган күчүктөй болуп, ары-бери чуркап турар...

– Кудай сактанганды сактайм дейт. Анын үстүнө, тиги агып жаткан суу кичине көрүнгөнү менен, аябай эле албууттанып алыптыр. Көрсө, тоодогу кар-мөңгүлөргө күндүн табы эми жетип, кирип турган убагы тура.

– Арапбай келгенде Максатты ээрчитип келип кымыз ичип кеткиле.

– Макул.

– Кызым, сен бээлерди желеге жакындата кал. Мен азыр саай турган чака-чукамды алып чыга калайын...

*     *     *

 

Ак карлуу чокунун этегиндеги көк жайсаң колотто үркөрдөй топ кийиктер оттоп жүрүшөт. Айлана кулак-мурун кескендей тынч. Бир гана четиректе турган балалуу эчкинин көңүлү түпөйүл болуп, жүрөгү бир нерсени сезгендей, жанында турган улагын сак-сактайт. Анан кантсин бечара. Жакында эле бирөөсүн жоготту. Эми мындан да айрылса кандай болор экен. Былтыркы мергенчилердин огунан канча жылдан бери бирге тукум улап, караан болуп келген текеси дагы жантаслим болгон...

Акырын жүрүп турган жел менен кошо, чоочун жыттын илеби келип жатты. Эчки сестенип мойнун созуп, жан-жагына башын буруп, мурдун көтөрүп искеп, жер тепкилеп бышкыра баштады. Буга кошул-ташыл асмандан аларды көздөй шукшурулуп келаткан бүркүттү көргөндө, алапайын таппай, улагын тосо калды. Катуу келип арка-моюнуна матырылган тырмактардын уусуна чыдабай, мекиренип ийди. Бүркүттүн кармаган чеңгелинен чыга албай өйдө көтөрүлүп бараткан эчки аны ээрчий тиктеп, маарап турган улагын көргөндө, жүрөгү тилинди: “Оо, жараткан! Эмнеге бизди ушунчалык алсыз кылып жараттың экен. Же биздин бирөөгө кыпындай жамандыгыбыз болбосо...”

Канча күндөн бери балапандарын басып жатып, алы кете түшкөн бүркүттү, чоң эчкининин салмагы болбой эле ылдый көздөй тарта берди. Акыры коё бербеске чарасы калбады. Күү менен барып жапалак арчанын үстүнө түшкөн эчки бир далай кулап барып, суналып жатып калды. Эне бүркүт бир үн чыгарып алып, кайра артка сызып жөнөдү...

*     *     *

Аркандын бир учу белине, бир учу боз үйдүн кырчоосуна байланган кичинекей Токтосун бир ордунда туралбай, ары-бери чуркап жатты. Бирде тургандан зеригип жаткан шалпаң кулак картаң иттин үстүнө минсе, бирде козу-улактарды туурап төрт аяктап басат. Бирде боз үйдү айланып чуркаса, бирде агын сууну көздөй атырылып барып, аргасыздан токтойт.

– Тиги тентекти бышыгырак байладың беле?

– Оба, жакшы эле байлагамын.

–Акыркысы, ушу тору бээни саай койсок эле бүтө калабыз. Кана, кулунун алып келе кал.

Тыбырчылап жаткан кашка кулун желеден чечер замат сүйрөп жөнөдү. Ачкенедей жабышып, энесинин эмчегин соргон немени өскөлөң кыз кайра тарта алчудай эмес.

– Бул ушундай. Кулундардын ичинен эң ирдүүсү да, эң эле тойбогон соргогу да ушул болду. Сенин алың жеткидей эмес. Мен азыр...

Орунгүл колундагы чакасын кызына карматып, кыйыктанган кулунду энесинен бөлө албай жатты... Алар антип алаксып жатканда, аркандын кырчоого чала байлаган жагы чечилип кетип, кичинекей Токтосун агып жаткан сууга жакындап калган.

– Кокуй! Көзүм кашайгыр! Бала кана?

– Тигине! Сууну көздөй чуркап баратат!

Өң-алеттен кеткен эне кулунду коё бере салып, баласынын артынан чымын-куюн жөнөдү.

– Тезирек Максатты чакыр!..

Чубалжыган аркандын бир учуна жеткенде, бала күүлөнгөн боюнча барып агын сууга боюн таштап жиберди. Эне сууну бойлой чуркап, жаратканга жалынып баратты: “Оо, кудай! Садагаң кетейин, кудай! Эмне жазыгым бар эле...”

Баланын башы суудан бир чыгып, бир кирип агып баратканын көргөндө, ого бетер жаны оозуна келет. Канчалык өзүнө тартса да шар аккан суу моюн бергиси жок. Айласы куруган эне алдыда көрүнгөн чоң ташка жете барып, арканды эки-үч жолу ороп жиберди. Калтыраган колу менен жипти байлап жатканда, артынан кызы менен Максат чуркап келип калышты...

*     *     *

Тоо жаңырта удаама-удаа атылган мылтыктын үнүнөн эне бүркүттүн бүт денеси титиреп, каалгып бараткан канаттары калдаңдап барып көккө көтөрүлдү. Ага баары даана көрүндү: бет келди безип бараткан кайберендер, куралын кармап шалдайып карап турган адам, тик өйдө жан үрөп баласын беттеп чуркаган эчки... Бирок негедир чоң таштын алдында бөжүрөп коркуп, бекинип жаткан улакты карайын деп карагысы, алайын деп алгысы келген жок...

Эми ал мергенчи Арапбайдын конушун көздөй сызып жөнөдү. Курч көздөрүнөн баары тизмектелип өтүп жатты: тигилген боз үйлөр, жуушаган кой-эчкилер, ыңгыраңган уйлар, ыкташкан жылкылар, желедеги кулундар, таскактаган торпоктаналар, текиреңдеген козу-улактар... Бирок негедир кичинекей Токтосунду дит багып карай албай койду: ал какап-чакап, эсине келип-келе албай, ыйлаган энесинин кучагында жаткан.

Эне бүркүт бул ирет түптүз уясын көздөй учту. Балапандарын ушунчалык сагынып, аткан октой сызып баратты.

Бул убакта соргок кашка кулун энесинин ийиген эмчегинен ашып-ташкан сүттү аптыгып ээмп жаткан эле...

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз