Туалет – улут маданиятынын деңгээли

  • 23.05.2023
  • 3502

Сүрөт /www.rosbalt.ru/moscow/ булагынан алынды.

«Эси жок эл эскиси менен мактанат, эси бар эл азыркысы менен даңкталат»
Өмүрбек Абдырахман

Өмүкенин кеби – демократия деми – 6

Парламентте жол оңдоого кредит каралып жатканда мен Тоо-Ашуудагы туннелдин эки тарабына туалет салышты ошол кездеги министр Султановго тапшырдым эле. Ал салабыз деген. Ага көп ишенбей кабинетине барып туалеттин концепциясын айтып бергем. Концепция мындай болгон:

«Тоо-Ашуунун туннелине машинелер көп токтойт, мал айдалат, оңдоо иштери болот же жөн эле адамдар талыган буту-колун керип тышка чыгышат, туалетке барышат. Ал жердеги эски Советтик уборныйга сасыгынан жакындап бара албайсың. Кыргыздын эркектери нары карап ушата беришет, а аялдары эки жагын карап коюп таштын түбүнө отура калышат.

А чет элден келген туристтер эмне кыларын билбей кыйналышат. Сен куруучусуң, Бишкектин жарымы сенин “Авангард” фирмаңдын курулуштары. Кечээ ремонтко берген акчага бир мыкты жай кур. Ал жер суук болгондуктан 2 кат рамадан понарамдуу кылып айнек менен капта, калганын тоонун ташы менен кооз кылып сал. Ичинде “барный стойкасы” менен 10-20 кишилик кофейня болсун, кире беришинде аялдар таранып, жуунуп, макияжын оңдой турган кенен жана бекер туалет бөлмөсү болсун, эркектерге кичирек болсо деле жетет.

Туристтер жана жолоочулар Тоо-Ашуунун кыргыз туалетине кирип жеңилдеп, кофе ичип, ылдыйкы капчыгайга көз салып, тоолорду карап ырахаттансын...» десем макул деген.

«Салып бүткөндөн кийин кофейняны конкурс менен дурус адамга бекер арендага бер. Туалеттерди таза кармап, кофесин, чайын, мүмкүн виносун сатып оокатын кылсын…»

Кийин барып көрсөм министр Султанов колхоздун “уборныйын” салып, алдына 5 сомдон билет саткан аялды отургузуп коюптур…

Султанов парламентте менден публичный сөгүү уккан…

Суроо – Жооп...

Жолдош Турдубаев:

– Люстрация такыр мүмкүн эмес дейсизби? Ансыз саясатты кантип тазартууга болот?

Өмүрбек Абдырахман:

– Жолдош, люстрация мүмкүн, ал болуш үчүн шарт керек. Чыгыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрүндө кабыл алынган Люстрацияны карап көрөлү. Аларда система алмашты, авторитардык системанын ордуна демократиялык система орноду. Бийликке келген демократтар эски бийликтин башчыларын люстрация тизмесине кошуп мыйзам кабыл алышты. Аларды камаган жок, бирок мындын кийин мамлекеттик кызматка, саясатка киришүүгө тыйуу салышты.

А бизде эки төңкөрүш болсо да система алмашкан жок, азыр да эски системада жашап жатабыз. Эгер азыр люстрация кылса (ким президент болбосун) өзүнө каршы адамдарды, коркунучтуу оппозицияны, баш ийбеген олигархтарды ал тизмеге коштурат. Ошентип өзүнүн тегерегин дагы 5-10 жылга тазалап алат. А эски система кала берет. Айтып койчу нерсе, мен Америкадан люстация мыйзамынын долбоорун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жөнөткөмүн, бирок Текебаев, Отунбаева, Атамбаев каршы болуп коюшкан. Ал мыйзам долбоорунда бир да фамилия болгон эмес. Эң чечүүчү кызмат башчыларынын иш оорду гана көрсөтүлгөн. Ошондо 120дай адам люстрация тизмесинде болмок…

Люстрация жаңылануунун стартери гана, а саясатты, чиновниктерди демократиялык система өзү тазалайт…

Суроо-Жооп…

Алиса:

- Сиз паранжаны жана башка нерселерди тыйыш керек дейсиз, а башкалар демократия болгондон кийин эч кандай тыйуу деген болбош керек дешет… Бул маселелер демократияда кандай?

Өмүрбек Абдырахман:

- Жалпылап айтсак, демократия эл бийлиги деген кеп. Бирок эл мамлекетти кантип башкарат? Бул маселеге келгенде демократия үчүн система жана стандарттар ойлонуп табылган. Элдин баарын бийликке отургузуу мүмкүн эмес болгондуктан Өкүлчүлүк демократиясы киргизилген. Эл каалаган адамдарын парламентке, президенттикке шайлай алат. Ошол шайланган адамдар элдин атынан мамлекетти башкарат…

Демократиянын баалуулуктары, принциптери жана стандарттары болот. Алардын эң негизгилери – адам коопсуздугу, укугу жана бакубат жашоосу. Ушул баалуулуктардын негизинде бири-бирине көз карандысыз бийликтин 3 бутагы иш алпарат. Бийликти түзүүдө анын принциптери менен стандарттарына ылайык Мыйзамдар кабыл алынып, анан аткарылат.

Бул мыйзамдарда чектөөлөр да болот. Мамлекет кабыл алган баалуулуктарга каршы келген жүрүш-турушка мыйзам аркалуу чектөө коюлат. Мисалы, биздин Конституцияда Кыргызстан светтик жана демократиялык өлкө деп жазылып турат. Мындай өлкөлөрдө мамлекет менен дин бөлүнгөн… Дин мындай өлкөлөрдө Конституциянын, Мыйзамдардын рамкасынан чыкпай өз ишин алып барат.

Бизде акыркы кезде радикал динчилер көбөйдү. Паранжы кийгендер, бир туугандар куда болсо болот, кыздар 9 жашта шакыбатка толот деген чала молдолор көбөйүүдө. Мамлекет мындай нерселерге мыйзам аркалуу тыйуу салбаса биз талибандарга окшоп калуубуз мүмкүн..

Демократия курган баардык өлкөлөр мыкты өнүккөн, аларда дин эркиндиги сакталат. Ошол эле учурда аларда радикалдарга каттуу тыйуу салынган…

Суроо-Жооп…

Эрмекбаев Алишер:

- Кыргыз, казак, өзбек жана түркмөндөр биригип ТУРАН мамлекети болсо жакшы болмок. Бирок ага Сталин жол бермек эмес, себеби кыргыз тарыхын жок кылуу болгон.

Өмүрбек Абдырахман:

- Эрмекбаев Алишер, кыргыздар «кырылышып» атабыз Түштүк-Түндүк, солто-саяк-сарбагыш-бугу, ичкилик-мундуз-саруу деп... Эгер алар менен кошулган болсок ич-ара согуш бүтмөк эмес…

Кыргыздарды чоңойтуп эмне кыласың?..

Дүйнөдөгү адам башына эң бай мамлекет Люксембург менен Сингапур. Люксембургдун эли 0,7 миллион, а Сингапурдуку – 6 млн.

Суроо-Жооп…

(Венеция комиссиясы, Батыштын жардамы жана кеңеши жөнүндө)

Мирланбек Турсункулов:

- Алар эмнеге эле Кыргызстанга кийлигишип, башаламандык жарата беришет. Эмне үчүн Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан талап кылышпайт. Эмне үчүн биз бирөөнүн ою менен жашашыбыз керек! Бир эле Кыргызстанда президенттик башкаруу орноп, башка мамлекеттерде башкача деп ойлонушат.

Өмүрбек Абдырахман:

- Мирланбек Турсункулов, эсиме бир икая түштү: «Менин өтө кедей жашаган кошунам бар эле, мен ага кээде акчалай жардам берем, ал акчаны пайдасыз жоготот, кээде ичип алат. Сүйлөсө космосту сүйлөйт. Мен ага көп кеңеш берем. Ал кеңешимди башын шылкыйтып угат да үйүнө кетет, бирок аткарбайт.

Бир жолу үйүнүн жанынан өтүп баратсам аялы экөө урушуп жатышыптыр. Аялы «Акча жок, иштесең боло кошунага окшоп, балдарыбыз ачка калды». Анда күйөөсү: «Сен ошол кошуна менен соо эмессиң, ал деген гей, менин өз акылым бар, ага окшогон дүнүйөкорлорду урдум, адам деген акчага жанталашпай, духовный болуш керек…» деп кыйкырып жатыптыр…

Ошондон кийин кошунама жардам бербей калдым. Бир күнү аялы өз атасы сатып берген тамды сатып, балдарын ээрчитип төркүнүнө кетип калды. Кошунам азыр бомж болуп пластик бөтөлкө чогултуп жүрөт…

Россияны сүйөм деген кыргыз кызга жооп…

Алия Борисова, сиздин Орусияда жашап, иштеп жакшы шартта жашап жатканыңызга кубанычтамын. Бирок Орус Армиясы Сизге окшогон миңдеген украин аялдарынын тамдарын бомбалап, жесир калтырып, балдарын өлтүрүп, өздөрүн зордуктап, тентитип койгону боюнча да оюңузду айта кетсеңиз. Сиз жылуу ийин таап алган чычкан эмессиз да, сиз кыргыздын тың кыздарынын бирисиз. Кара башты эле ойлобой башкаларды да ойлош керек ко. Украинага, Грузияга, Молдовага согуш ачып элин кырып, жерин басып алгандар бизге да ачышы мүмкүн. Согуш базасы биздин Кантта даяр турат. Албетте, сиз азыр согушка каршы чыга албайсыз, аныңыз да туура. Бирок баскынчы өлкөнү жактабай, унчукпай эле оокатыңызды кыла берсеңиз туура болмок… Европада, Америкада иштеген биздин кыргыз мигранттар сизге караганда 5 эсе көп каражат табышат. Алар деле барган өлкөсүн эле мактай беришпейт…

Суроо-Жооп…

Бексултан Арстанбеков:

- Олжобай Шакир, гейди колдогонуң кыргыздын тукум курут кылышка салым кошконуң. Мен орускул эмесмин, батышчылда эмесмин.

Өмүрбек Абдырахман:

- Бексултан Арстанбеков, эгер адамды кудай жаратканы чын болсо, анда гейлерди да кудай жараткан. Кыргыздардын арасында да гей болуп жаралып калгандар бар. Демократиялык өлкөлөрдө аларды кодулабайт, аларда демократия, мыйзам гейлерге да, башкаларга да бирдей… А эгер кокустан сенин балаң гей болуп төрөлүп калса, эмне кылат элең?

(А мен динге эмес, илим-билим, технологияга жана демократияга ишенген адаммын)

Суроо-Жооп…

Жекшен:

- Интернетке кандай карайсыз? Көп эле ыплас нерселер чыгып жатат, кээде уяласың…

Өмүрбек Абдырахман:

- Интернет – адам ойлоп тапкан эң керемет баалуулук. Каалаган нерсени таба аласың, билимиңди өркүндөтөсүң, каалаган адамың менен каалаганча сүйлөшө аласың. Интернет табият сыяктуу, анда ар нерсенин баары бар. Табиятта аары гүлдү көрөт, чымын бокту көрөт. Аары болсоң интернет жардам берет, а чымын болсоң, аны өзүң бил...))))

Суроо-Жооп…

Барсбек:

- Скандинавия өлкөлөрү социалисттик мамлекеттерби?

Өмүрбек Абдырахман:

- Скандинавия өлкөлөрү Батыш өлкөлөрүндөй эле демократиялык (капиталисттик) өнүккөн өлкөлөр. Бирок аларда социалдык маселелер башкача чечилген.

Социалдык маселелер демократиялык мамлекеттерде 3 жол менен чечилет:

  • Америкада жана кээ бир өлкөлөрдө социалдык маселелерди негизинен адам өзү чечет, пенсияга өзүңө акча чогултасың, страховка кылсаң медицина бекер, кылбасаң чөнтөгүңдөн кымбат төлөйсүң. Отпуск 2 эле жума. Иштеген адамдардан социалдык салык аз кармалат. Ошентсе да Америкада орто билим бекер. Жогорку билим кымбат. Мыкты университеттерде окусаң жылына 40–50 миң доллардан төлөйсүң…
  • Скандинавия өлкөлөрүндө социалдык салык чоң. Социалдык маселелерди мамлекет өзүнө алган. Ошон үчүн алардын системасы жакшы көрүнөт, өзгөчө бизге окшогон бекерге көнгөн элдер үчүн…

Калган Европа өлкөлөрүндө ушул эки системанын ортосун тандап алышкан…

Кандай болгон күндө да «капиталисттик» өлкөлөрдө жөнөкөй адамдар үчүн бизге окшогон мамлекеттерге караганда алда канча жакшы шарт түзүлгөн…

Суроо-Жооп…

Базарбай Гапаров:

- Демократиялык жол менен социалисттик система (мурдагыларга окшобогон) система курса болобу?

Өмүрбек Абдырахман:

- Социализм деген Маркс, Лениндин аныктоосу боюнча жеке менчик болбогон, баардык байлык «элге» (мамлекетке) таандык болгон коом эсептелет. Мындай коом көпкө жашай албашын, эгер жашаса в Түндүк Кореядай, Кубадай, Венесуэладай болуп эли ачка отурарын тарых көргөздү. СССР баштаган 12 социалисттик мамлекет өлүп калышты.

Демократиялык коом капитализмдин жогорку баскычы. Капитализм деген жеке менчик институту… Жеке менчиксиз, либерал экономикасыз дүйнөдө бир да мамлекет онугуп кеткен жок. Кытай да Батыштын жеке менчигин жана либерал экономикасын (капитализмди) киргизгенден кийин гана өнүгүп кетти… Май менен суу кошулбаган сыяктуу эле демократия менен социализм эч качан кошулбайт.

Социализмге эле неге мынча жабышасыңар?))))

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз