Өмүрбек Абдырахман: Демократия – коомдун өнүгүү стандарты

  • 08.05.2023
  • 4554

Өмүкенин кеби – демократия деми - 5

Суроо-Жооп

Базарбек Кыдыралиев:

– Европа, Америка бизге эмне кылып койду? Украина согушун карапайым элди кыйнабай токтотпойбу. Мейли, Крым, ДНР, ЛНР Украина курамында калсын, улутчулдукту токтотуш керек да, орустар оюндагысын бербеген эл экенине деле ынанып бүттүк ко, АКШ менен Англия эмнеге экинчи дүйнөлүк согушта Германияга болушпай СССРге кошулуп, кийин кайра каршы чыкты, баардыгы АКШ ойлогондой боло бергендин жыйынтыгы Украинадагы согушка алып келди.

Өмүрбек Абдырахман:

Базарбек Кыдыралиев, бир аз тарыхтан, саясаттан сабак алышың керек экен… Америка баскынчыга каршы күрөшөт, ошон үчүн согушта СССРге көп жардам берген… Германия талкалагандан кийин экиге бөлүнүп калган. СССР бошоткон жагы ГДР болуп социализм курган, Америка бошоткон жагы ФРГ болуп капитализм курган. Эки Германия параллель 45 жыл өнүктү...

45-жылдагы ГДР ФРГдан 30 жыл артта калган. ФРГда Мерседес, БМВ, Ауди чыкса, ГДРде Трабант деген Запорожецтен да начар машине чыккан. ГДР 1990-жылы өлүп калды…

СССР демократиялык дүйнөгө каршы куралданып жатты. «Бүткүл дүйнөнүн пролетарлары бириккиле!» деген ураан менен дүйнөгө социализм курам деп аракеттенди. Ошентип «холодная война» башталды. 1990-жылы СССР да ГДРдей болуп өлдү. СССР түзгөн чыгыш Европадагы 10 мамлекет да очоюп отуруп калды. Алар Батышка ооп, демократиялык мамлекет түзө баштады…

Путин да СССРди кайра түзүп, Батыш өлкөлөрүн чөгөлөтөм деген планы менен мурунку союздук өлкөлөрдү басып ала баштады. Молдавиянын Приднестровье деген облусун басып алды. Грузиянын 2 облусун, Украинанын Крым, Донбасс, Луганскисин басып алды.

Былтыр 24-февралда Украинага кол салды… Баягы эле Америка менен Англия баш болгон демократиялык өлкөлөр баскынчыга каршы Украинага жардам берип жатат. Украин эли өз мекенин коргош үчүн болуп көрбөгөндөй баатырдык менен өз жерин бошотуп жатат…

Азыр орус ТВлары ачык эле Казакстандын Түндүк тарабын талашып жатышат. Кыргызстанда Роzzиянын Аскер базасын Кантта турат… Эми түшүндүңбү?

Суроо-Жооп…

1993-жылкы Конституция боюнча сурагандар көп болду…

Өмүрбек Абдырахман:

– 1993-жылы кабыл алынган Конституция 1993-жылы чыккан Москвичтей эле нерсе…

Ал Конституцияны Москвадан чакыртылып келген Алексеев деген адам башчы болуп жазышкан.

Тоталитардык СССРдин Конституциялык Сотунун (надзор) башында турган адам жана биздин советтик адамдар жаңы демократиялык Конституцияны кантип жазмак эле.

Ошентсе да 1990-жылдагы СССРдин ыдырашы, жаңы суверендүү өлкөлөр пайда болушу чоң келечекти үмүттөндүрүп, Конституцияны болушунча деклоративдик маанайда көтөрүңкү жазышкан… Ушул себептен көп адамдарга 93-жылкы Конституция жагат…

Бирок каалоо болгону менен, өздөрүн «легендарлуу» деп атаган коммунисттик элитадан турган парламент жана биринчи президент Аскар Акаев жаңы Кыргызстандын өнүгүү багытын так аныктай алышкан эмес.

Американын Конституциясы 1787-жылы кабыл алынган… Конституцияны жазардан мурун алар өнүгүү багытын так көргөзүп, демократиялык жолду тандашкан. Алардын негизги максаты жана баалуулуктары Адам эркиндиги жана укугу болгон. Аны камсыз кылуу үчүн Конституциянын башка беренелери жазылган… Андан бери 236 жыл өтсө да ошол Конституциянын өзөгү өзгөрбөстөн сакталып турат… Ал Конституцияда каралган демократиялык система Американы дүйнөдөгү эң кубаттуу жана бай мамлекетке айлантты…

Биз Конституциябызды кабыл алгандан бери 30 жыл өтсө да максатыбызды, өнүгүү багытыбызды дагы эле так айта албай келебиз. Өнүгүү багытыбыз так болбогондон кийин кандай Конституция болсо да жардам бербейт.

Ар кайсы райондук соттор Конституциянын каалаган беренелерин токтотуп коё алат. Мисалы, Конституцияда гарантияланган жарандардын чогулуш эркиндигин райондук сот токтотуп койду.

Сөз эркиндиги боюнча Конституциянын беренесин көпчүлүк учурда бийликтегилер аткарбайт… ж.б.

Суроо-Жооп…

Тынчтыкбек Кушубаков:

– Азыр капитализмби? Биз капиталисттик өлкөдөбүзбү?

Өмүрбек Абдыракман:

– Тынчтыкбек Кушубеков, азыр биздин жеке менчик экономикабыз – капиталисттик, башкаруу системабыз – социалисттик. Бул эки нерсе май менен суудай кошулушпайт. А биз 30 жылдан бери май менен сууну кошобуз деп темселеп жүрөбүз…

Kana Bakir

Капитализмге толук өтүү үчүн экономика либералдык болуш керек...

Өмүрбек Абдырахман

Kana Bakir, борборлоштурулган бийлик эч качан либералдык экономиканы жарата албайт… Болгону 1,5 миллион эли бар Эмираттар либералдык экономиканын өрнөгүн көргөзүп өнүгүп жатышат… Ал өлкөдө 7 штат (эмират) жалпы Конституциянын алкагында өз алдынча өнүгөт. Эмираттар федеративдик өлкө…

Суроо-Жооп…

Медет:

– Байке, Таластагы ууруну асабыз деген окуяга көз карашыңыз кандай?

Өмүрбек Абдырахман:

– Таластагы окуя анча деле маанилүү эмес, уурулар болгон жана боло берет…

Жакында Нарында 7 жаштагы мектептен келаткан кичинекей кызды 64 жаштагы айбан зордуктап анан өлтүрүп таштаган. Адам үрөйүн учурган окуя болду. Бийликте отургандарга жана башка адамдарга көнүмүш болуп калса керек, мындай жапайы, мыкаачылык окуяга алардын анча деле реакциясы болгон жок… Бул окуя бийликтин жана кыргыз улутунун трагедиясы.

Азыркыны эптей албаган бийлик, өзгөчө Мамкатчы, илгерки менен гана мактанып жүрөт…

Суроо-Жооп…

Турдукул Сыдыкбеков:

– Урматтуу Өмүрбек байке, сиз Текебаев киргизген парламенттик башкаруу системасына көз карашыңыз кандай? Жана ал киши ошол системаны ишке киргизген ыкмасынын эң негизги катасы эмнеде деп ойлойсуз?

Өмүрбек Абдырахман:

– Турдукул Сыдыкбеков, парламенттик же президенттик деген башкаруунун формасы эле. Кеп, башкаруу системасынын маңызында. А маңызы (суть) авторитардык жана демократиялык болуп бөлүнөт. Авторитардык системаны парламенттик кылсаң да, президенттик кылсаң да ал авторитардык боюнча кала берет. А демократиялык система президенттик формада болсо да (Америка, Франция, Түштүк Корея, Тайвань) же парламенттик болсо да демократиялык системадагы мамлекет болот. Текебаев парламенттик деп формасын бир аз өзгөрткөнү болбосо авторитардык системаны калтырып койгон. Ошон үчүн мурункудай эле баарын президент Атамбаев башкарган… Ошентип Текебаев жазган Конституция парламенттик башкарууну жаман атты кылып кетти. Батыштын стандартындагы чыныгы демократиялык система курулуш керек эле. Башкаруу формасын алмаштыра койгон менен мамлекетти өзгөртүү мүмкүн эмес…

Суроо-Жооп…

Бексултан Мамытов:

– Биз Орусия менен АКШга Борбор Азиядагы бир буюм эле көрүнөбүз. Андыктан экөөнүн тең кыргызга бир тыйын пайдасы жок. Андан көрө ошо баарыбыз суктанып жаткан Американын башкаруу системасын алалы, бирок өзүнө "кокуй, ушунун карамагында болсок жыргап калабыз" дегенди токтотолу.

Өмүрбек Абдырахман:

– Бексултан, Американын айфонун, ватсабын, интернетин, фейсбугун, Боингин, джынсысын, кепкасын, технологияларын… өнүктүргөн системасын алалы, бирок Америкадан алыс бололу дейсиң…))))) Логикаң укмуш ко?..

Америкага кошулалы деп Референдум өткөргөн өлкөлөр бар, бирок Америка бирин да кошуп албайт… Америка демократиялык система курсаңар өнүгөсүңөр деп гана айтат. Аракет кылган өлкөлөргө жардам берет. Бир эле кичикий мисал, Кыргызстандын айылдарына водопровод курган «Таза Суу» долбоору Американын акчасына салынган… Аны бир да кыргыз эстебейт…)))

Демократиялык система дүйнөдөгү өлкөлөрдүн баарына бирдей универсалдуу, Жапония, Австралия, Тайвань, Канада, Европа өлкөлөрүнө да… Демократия деген коомдун өнүгүү стандарты. Ал Американыкы да, Англияныкы да эмес. Бул эки өлкө биринчилерден болуп демократия орнотуп өнүккөн өлкөлөр… Демократия кыргызча, монголчо же африкача болбойт. Демократия стандарттарын орното алсаң өнүгөсүң, орното албасаң Акылбек Жапаровго окшоп көрүнгөндөн акча сурап жүрө бересиң…)))

Бексултан Мамытов:

Суроо-Жооп…

Камчы Мукашев:

– Сиз Азаттыкты жабылсын деп жаттыңыз эле го, азыр башкача жазып жатасыз?

Өмүрбек Абдырахман:

– Камчы Мукашов, мен Азаттык деген Америка каржылаган радио жабылсын деген эмесмин. Мен Азаттыктын Уставын аткарбаган деректири Венера Жуматаева жана кээ бир демократияны түшүнбөгөн журналисттери «жабылсын» деген мааниде айткам. Эгер мени угуп, Азаттыктын журналисттери бийликке жана башкаларга асылбай, демократияны жайылтса эч ким аларды жапмак эмес…

Кыргызстан качан гана демократиялык системага өткөндө өнүгө баштайт. А демократияга өтүш үчүн көптөгөн адамдар демократиянын маанисин түшүнүп, демократиялык коомго умтулуш керек. Америка дүйнөдөгү өнүгөбүз деген өлкөлөр үчүн, демократияны пропагандалоо үчүн бул радиону каржылайт. Эгер демократияны түшүнгөн жана ага умтулган кыргыздар көбөйсө, алар шайлоолорго катышып бийликке аралашат. Эгер чыныгы демократтар бийликке келсе, Реформа башталып, Грузияга окшоп өнүгө баштайбыз...

Суроо-Жооп…

Абдинаби Назарбаев:

– Бийлик кандай иш-аракеттерди жасаганда Дүйнөлүк Банктын чынжырынан чыгып, мамлекетибиздин экономикасы көтөрүлөт? Чыныгы эгемендикке жетише алабызбы? Же алардын улут кызыкчылыгына каршы келген программаларынын ишке ашуусу бийлик тарабынан улана береби?

Өмүрбек Абдырахман:

– Абдинаби Назарбаев, Дүйнөлүк Банк эч кимди мажбурлабайт бизден кредит ал деп. Кыргыз өкмөтү алардан жалдырап сурайт. Кредитти кайда пайдаланууну Кыргыз өкмөтү долбоорду даярдаганда көргөзөт. Айта кетчү нерсе, Дүйнөлүк Банктын кредити 0.75% менен берилет. Ал кредиттин 25-30% грант түрүндө да (бекер) берилет… Мындай узак мөөнөттүү жеңил кредитти башка эч ким бербейт. Арманың болсо өкмөткө айт, албагыла деп…)))

Суроо-Жооп…   

Аскербек:

– Адамдар жана улуттар ийгиликке жетиш үчүн кандай негизги касиеттерге ээ болушу керек?

Өмүрбек Абдырахман:

– Улуттар жана адамдар сын көз караш (критическое мышление) менен стандарттан тышкаары (нестандартное мышление) ойлонууну үйрөнгөндө гана ийгиликке жетет.

Көпчүлүктүн (толпа) агымы менен кете берген адамдар да, мамлекет да ийгиликке жетише албайт…

Дүйнөдөгү реформа жасаган башкаруучулар коомдун өнүгүшүнө сын көз менен караган адамдар болгон. Алар стандарттуу эмес жол менен өз өлкөсүн тез арада өнүккөн өлкөгө айландырышкан…

Аскербек:

– Алар кимдер жана кайсы өлкөлөр?

Өмүрбек Абдырахман:

– Алар Сингапурду тез арада эң өнүккөн өлкөгө айландырган Ли Куан Ю, Эмираттарда чөлдү гүлдөгөн өлкө кылган шейх Зайид, Түштүк Кореяны эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошкон Пак Чон Хи, криминал менен коррупция башкарган Грузияны демократиялык заманбап өлкө кылган Саакашвили… жана башкалар…

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз