Мага бир психолог абыдан жагып калды. Өзүнчө кейип-кепчип, колунда жок нерселерди санап отурган бир айымга ал өтө жакшы кеп айтты.
Ал айымдын чыныгы достору жок экен. Жакшы айлык көрбөптүр. Жыргатарлык машине минбептир. Үстүндө баш калкалар үйү жок экен. Анан калса күлгүндөй жаш курагы өтүп кетиптир. А мунун баарына качандыр бир күнү жетеринен үмүтү деле үзүлүптүр...
Анан аны угуп отурган бой-турпаты болтогой, жүзү жылдыздуу психолог көз айнегин түзөп, жай баракат айтканы:
– Албетте, сизде көп нерсе жок. Тизмени уланта берсе болот. Эң башкысы, айыкпас ооруңуз жок. Миллиондогон карыздарыңыз жок. Кайсы бир оорулуу тууганыңыз же акылынан айнып алжыган кары киши үчүн түйшүктүү милдетиңиз жок. Белиңизди бекчейтер азап жок. Майыптыгыңыз жок. Сизде жок нерселер абыдан көп. Эгер сизде жок нерселерди тизмектеп отурсаңыз, маанайыңыз дароо көтөрүлөт. Ошондо бул жок эле эмес, эч качан болбойт деген үмүт пайда болот.
Муну уккан айым ойлоно калып, баарын акылынан сыдырып өткөрдү да, жылмайып койду.
Демек, бизде көп нерсе жок экен да. Кереги да жок алардын. А калгандын баары табылат. Тапса болот. Өркүндөп, өөрчүп, жакшырабыз. Бекерге сурап алалы же убактылуу унутуп коёлу. Анын корко турган эмнеси бар?.. Эң негизгиси – аман бололу, оорубайлы. Жакындарыбыз оорубасын, эсен болушсун. Жамандык келбесин. Жакшылыктын өзү ушул го. Андыктан, бизде эмнелер жок, ошолорду санагандан баштайлы...
Анна Кирьянованын насыйкатын кыргызчалаган Бек Тамырлан
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.