Өмүкенин кеби – демократия деми – 7
Суроо-Жооп…
Абдималик Элеманов:
- ГЭС куруу жашыл экономикага, башкача айтканда, экологияга залал кылбаган өндүрүш деп ким айтты экен? ГЭС, плотиналарды куруу менен Арал деңизин соолутуп, Орто-Азияда эң чоң экологиялык катастрофа жараттык...
Электр энергияны алуунун альтернативдүү жолдорун чечүү керек...
- Абдималик Элеманов, Арал деңизин плотиналар эмес пахтаны сугаруу кургатты…
Гидро энергия дүйнөдөгү эң арзан жана экологияга зыян келтирбеген энергия. Кытайда көп ГЭСтер курулууда. 3 капчыгай деген ГЭСи биздин Токтогул ГЭСинен 20 эсе кубаттуу… Тажиктердин Рогун ГЭСи Токтогулдан 3 эсе кубаттуу… ГЭСтер биз үчүн нефть менен газдан да баалуу, алар түгөнөт, суу түгөнбөйт… Биз ушул байлыгыбызды пайдалана албай келатабыз…
Шамалдын энергиясынын өздүк баасы минимум 5 сомдон болот, эгер күнүгө шамал болуп турса, а күндүкү 7 сом болот: ар дайым күн ачык болуп турса…
Электро энергияны азыр 5 сомдон сатып алат белең?
Суроо-Жооп…
Mirlan Egemberdiev:
- Өмүрбек Абдырахман, ассаломалейкум. Бийлике жеткиче баары демократ болушат, бийликке жеткенде баары автократ болуп калат экен.
Демократ саясатчынын портрети:
- Демократ – коммунисттик жана Советтик системаны жаман көрөт. Андай система дүйнөнүн бир да жеринде түшүм берген жок;
- Демократ – Лениндин эстеликтерин алдырып, советтик символикалардан арылышты сунуштайт. Советтик символика бар жерге демократия келбейт;
- Демократ – Батыштын демократиялык системасын жакшы көрөт, алардын баалуулуктарын, принциптерин, стандарттарын үйрөнөт, бийликке келсе аларды ишке ашырат;
- Демократ – ар дайым демократиялык системанын артыкчылыгын пропаганда кылат. Демократиялык башкаруу системасынын Концепциясын даярдап сунуштайт…
- Демократ – либералдык экономиканы жактайт, жана аны ишке ашырат. Баардык өнүккөн өлкөлөр либералдык экономика аркалуу өнүгүшкөн. Анын мисалдары: Эмираттар, Сингапур, Тайвань, Балтика өлкөлөрү;
- Демократ – жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү. Коррупцияга чалынбайт жана аморалдык иштерди жасабайт…
Кыргызстанда кайсы саясатчы ушундай критерийлерге туура келет?
Суроо-Жооп…
Aibek Tenizbaev:
- Ар бир саясатчыда эки нерсе болушу керек:
1. Билим.
2. Эрк (коркок болбошу керек).
Эгерде бул сапаттар жок болсо анда ал адамдан күчтүү, тарыхый саясатчы чыкпайт. Кайсыл саясатчыда бул эки сапат бар? Кимисинде кайсынысы жок? Комментарийге ойлорубуз менен бөлүшөлү, достор.
- Мисалы, Фидель Кастрону алалы. Анын билими да, эрки да укмуш болгон… (Фидель Кастро в 1950 году окончил юридический факультет Гаванского университета, затем аспирантуру. Доктор права.) Бирок Фидель Кастро Куба элин ачка калтырды… Каршы сүйлөгөндөрдү жок кылды…
Саясатчыларды алардын койгон максатына жана аткарган ишине карата баалаш керек. «Чындыктын критерийи – практика» дешет акылмандар.
Азыркы саясатчылардын өрнөгү Ли Куан Ю, шейх Заед, Саакашвили жана Зеленский болсо жакшы болмок…
Суроо-Жооп…
Бакытбек Уметов:
- Россия мүмкүн жакын арада чоң өзгөрүү болуп, президенттик диктатурадан парламенттик башкарууга өтүшү да мүмкүн. Биз болсо кыңк этпеген Россия элинин башкаруусуна кызыгып, 30 жылдык эмгекти жок кылып, артка бир адамдын башкаруусуна өтүп кеттик. “Жемиши” көзгө көрүнүп жатат, чекесинен чырылдатып камоолор менен коштоп.
- Бакытбек Уметов, ай ким билет... Орустардын 70% Путиндин импердик саясатын жана баскынчылык согушун колдоду. Мындай эл менен демократия курушка мүмкүн эмес ко… Эмне үчүн Америка Талибандарга жеңилип калды? Талибандардын Аскердик күчтүүлүгүнөн эмес жана АКШ Армиясынын начардыгынан эмес… Афган элинин 70%и талибандарды колдогонунан болду. Афганистанда 40 млн эл жашайт. Анын 28 миллиону талибанды жакташат… АКШ 28 миллион элди кырып таштай албайт да… Алардын эли күндүз – афган, түндөсү – талибан…
Россия да ошондой болуп атпайбы… Кантсе да Россиянын азыркы баскынчы президенти кетсе дүйнөдө да, постсоветтик өлкөлөрдө да өзгөрүүлөр болот…
Суроо-Жооп…
Гулам Тешебаев:
- Кимиси туура кылып жатканын билиш да кыйын, НАТО аралыкты сактаганда согуш да болбойт беле...
- Гулам Тешебаев, аны билиштин эки жолу бар:
1. Ким баскынчылык менен согушту баштап кирсе, ошол күнөөлүү;
2. Эгер кимиси фашист экенин билгиңиз келсе «Мен согушка каршымын!!!» деген плакат жазып алып Киевдин борбор аянтына барыңыз. Анан ошол плакат менен Москванын Кызыл аянтында туруңуз. Кайсы жерде сизди кармап кетип 10 жылга түрмөгө тыкса, ошол жерде фашизм…
Суроо-Жооп…
Сабырбек:
- Жаңы жылды Америкада кандай майрамдашат…
- Жаңы жыл календар боюнча жыл алмашкан күн… Бул күндүн эч кандай майрамдай турган мааниси деле жок. Ошол себептен Америкада Жаңы жылды анча деле белгилешпейт. Алар Жаңы жылдан мурда келген Христостун туулган күнүн майрамдашат. Христос түптөгөн христиан дини Европа жана Америка элдеринин өнүгүшүнө чоң таасир берген… Ошон үчүн ал күн аларга майрам…
А бизде Жаңы жыл баарыбызды бир жылга картайтканы эле болбосо башка маңызы деле жок… Бирок советтерден калган салт боюнча биздин эл Жаңы жылды каттуу майрамдашат…
Суроо-Жооп
- Сиз майрамдайсызбы? Мен го майрамдайм, советтер союзунун жаман жагын эле айта бербей, жакшы жагын деп эстеп койсоңуз. Рахманкулдун тууганысызбы кек сактагыдай?
- Гулбакыт Калык кызы, Советтер союзунун жакшы жагы жок, ошон үчүн өзүнөн өзү өлүп калды… Мен Советтер Союзунда 42 жыл жашадым, өз көзүм менен көрдүм. Биздин үй-бүлө Жаңы жылда чогулабыз… Мен баш болуп тили чыккан небелерим отчёт беребиз, өткөн жылы кандай иштерди бүтүрдү, кандай ийгиликке жетти, келе жаткан жылы кандай пландар бар деп сүйлөшүп отурабыз, чогуу тамак жейбиз. Вино жана шампанский да болот…
Суроо-Жооп…
Aman Abykeev:
- Өмүрбек Абдырахман, демек, демократиялык башкаруу системасы бар өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик идеология жокпу?
- Aman Abykeev, демократиялык өлкөлөрдө мамлекеттик идеология деген болбойт. Мамлекеттик идеология деген эмне? Мамлекеттик идеология – мамлекет кабыл алып бекиткен, ар бир жаран аны аткарууга милдеттендирилген документ. Бул документ адамдардын эркиндигин чектейт жаны реформаларга бут тосот. Демократиялык өлкөлөрдө идеялардын жарышы болот, ал жарыш шайлоо системасы аркалуу ишке кирет. Бирок аларда эң күчтүү жана негизги документ Конституция. Конституциянын формасы гана эмес анын терең маңызы менен мыйзамдар жазылат. А авторитардык өлкөлөрдө Конституция да, мыйзамдар да иштебейт же аларды бийлик өзү каалагандай иштетет.
Идеология кабыл алган мамлекеттердин дээрлик баардыгы өнүкпөй калган. Мамлекеттик идеологиясы эң күчтүү СССР өзүнөн өзү өлүп калган…
Мисалы, Россияда «Орус дүйнөсү» (Русский Мир) деген идеология кабыл алынган. Ал идеология орус калкын башкалардан жогору коёт. Башкаларды басып алыш үчүн согуш баштайт. Азыр Россияда «Мен согушка каршымын!» деген плакат менен чыккан адам 10 жылга кесилип кетет…
Башка постсоветтик өлкөлөрдө да адам укугу жакшы сакталбайт, анткени аларда да авторитардык система иштеп жатат…
Суроо-Жооп…
Акыл Заманбап:
- Сиз система деп коп айтасыз. Система деген эмне? Азыр Жапаров баштаган жаңы бийлик президенттик система кийрийбиз деп жатышат. А бир топ саясатчылар парламенттик системаны өркүндөтүшүбүз керек дешет…
- Акыл, мисалы сен ылай (колек) менен там салсаң болот, бирок дубал кыйшык, калың же жука болуп калат. А эгер сен калып жасап алып кыш куйсаң, кыштарыңдын баары бирдей болот. Дубалың да түз жана бирдей калыңдыкта болот. Демек, сен «калып» деген системаны колдондуң. Эгер машинени кол менен чогултпай, конвейер, роботторду колдонсоң, бул – система. Система менен жасалган нерсе баары бирдей жана катасыз болот.
Система – бул нерсенин МАҢЫЗЫ… А форма – нерсенин тышкы түзүлүшү, кейпи…
Саясатта система деп мамлекеттин тандап алган башкаруу системасын аташат. Дүйнөдө, негизинен эки эле система бар: Авторитардык жана Демократиялык. Мындан тышкары башкаруунун формасы болот: Президенттик жана Парламенттик. (Форма – нерсенин маңызы эмес, тышкы түзүлүшү). Биздин көп саясатчылар башкаруу системасы менен формасын жакшы түшүнбөйт. Демократиялык системадагы өлкөлөрдө да формасы жагынан президенттик 5 өлкө бар: Америка, Франция, Түштүк Корея, Финляндия, Тайвань… Калган 40тан ашык демократиялык өлкөлөр формасы жагынан парламенттик башкарууну алышкан. Аларды санап отурбайын…
Ал эми авторитардык системадагы баардык өлкөлөр формасы жагынан президенттик башкарууну тандап алышкан. Анткени, бул өлкөлөрдө бир адам башкарат. Илгерки падыша, султан, хан сыяктуу. Бул системада бийликтин башка бутактары президентке баш ийет.
Демократиялык системаны тандаган өлкөлөрдүн баары өнүгүп кетишти. Бул өлкөлөрдө адам укугу ыйык сакталат. Ал эми авторитардык системаны тандаган өлкөлөр дээрлик баары өнүгө алган жок. Президенттик системадагы өлкөлөрдө төңкөрүштөр болуп турат. Адам укугу сакталбайт. Ким камалат, ким бошотулат – аны президенттер чечет. Мындай системада эл бир адамдын көзүн карап жашагысы келбейт. Ошол себептен бизде 3 төңкөрүш болду.
Ал эми парламенттик системада төңкөрүш болбойт. Себеби, бийлик бутактары тең салмактуу бөлүштүрүлгөн, бири-бирине көз каранды эмес, таза шайлоолор аркалуу бийлик убагында алмашып турат.
Биз демократиялык система куруп, парламенттик башкаруу формасынын стандарттарын сактай алсак гана өнүгөбүз. Авторитардык системадан чыкпай, президенттик башкаруу формасын алсак, бул диктатурага карай жол…
Кандай системаны тандап алсаң, ошондой жашайсың…
Суроо-Жооп…
- Латын арибине өтсөк эле эгемен, эркин болуп, өлкөбүз өргө чыга баштайбы?
- Латын арибине өтсөк эле баары оңолуп кетпейт, Миржан… Эгер биз цивилизацияга жана демократияга умтулсак, мамлекетибизди реформалап өнүгүүгө багыт алсак кошуналар менен бирге латын алфавитине өтүү – стратегиялык утуш болот.
Мустафа Кемаль чирип бараткан Осмон империясынын фундаментине 1924-жылдары жаңы Түркия мамлекетин түзгөн. Европа менен «согушканына» карабай Ататүрк айткан: «Биз өнүккөн Европадан үйрөнүшүбүз керек, латын алфавитин алабыз, Европа билим системасын киргизебиз» деген. Ошон үчүн Туркия өз алдынча мамлекет болуп өнүккөнгө жолун ачып алган… Ал кезде артта калган арабдардын алфавити менен түрктөр чалма оронуп отура берсе Түркия өнүкмөк эмес.
«Кайсы тарапты карасаң, ошол тараптын шамалы келет»
Ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү жөнүндө
7–8-ноябрь – «Ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү» таптакыр ылайыксыз кабыл алынган. 7–8-ноябрды иш күндөрү кылып калтырыш керек эле, эски төңкөрүш майрамына жабышпай…
Башка бир күндү «коммунисттик репрессиядан жабыркагандарды эскерүү күнү» кылып, «басмачы» атка конгон, кулакка тартылган, репрессияда жок кылынган ата-бабаларды эскерген күн болсо туура болмок.
Кыргыздын миңдеген мыктылары коммунисттик бийлик тарабынан «басмачы» аталып, кулакка тартылып, репрессия болуп, атылып, камалып кетишкен. Кыргыз элинин негизги генофонду жок кылынган.
Биз аларды эстеп, аларды кырып жок кылган системаны айыптабасак алдыга өнүгө турган жол таба албайбыз.
Суроо-Жооп…
Люстрация деген эмне?
- Люстрация демекчи… 1990-жылдан кийин Советтик система ураганда Чыгыш Европадагы социалисттик өлкөлөрдө, Балтика өлкөлөрүндө ЛЮСТРАЦИЯ болгон. Ага ылайык Комунисттик партияда жетекчи болуп иштегендер, КГБнын баардык кызматкерлери өмүр бою мамлекеттик кызматка иштөөгө, саясатка катышууга тыйуу салынган… Ушул себептен ал өлкөлөр жаңы демократиялык өлкө куруп өнүгүп жатышат… А биз коммунисттик жетекчилерди урматтап, аларга эстелик салып жүрөбүз.
А Россияда демократиянын шамалы менен мурунку партбосс Ельцин бийликке келгени менен өзү кетерде бийликти КГБга берип кеткен. Россиянын азыркы трагедиясы ушунун кесепетинен.
Биз да Люстрация деп коп айтабыз, а кимдерди, кантип люстрация кылышты түшүнбөйбүз…
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.