Мына-мына башталат деген КТРК студиясынын түз эфирине даярданып отурабыз. Кезектеги “РухЭш” сайты уюштурган дүйнө адабиятын кыргыз тилине түпнускадан которуу багытындагы конкурс жыйынтыгы чыгарылмак. Чакырылган меймандар аталган конкурстун калыстар курамындагы белгилүү адабиятчылар: Үмүт Култаева, Жолдош Турдубаев, “Нуска” котормочулар тобунун координатору Мээрим Сайдилкан, уюштуруу тобунан мен жана конкурстун башкы демөөрчүсү Чыныбай Турсунбеков, акын Садырбек Турдубек уулу...
“Маданият” каналынын продюсери Назира Аалы кызы менен алып баруучусу Гүлнара Пратова студиянын меймандарын орду ордуна жайгаштырып, титрга жазылар аты-жөнүбүздү тактап, микрофондор жакабызга бүчүлөнүп аткан учурда Чыныбай Турсунбеков агабыз:
– Эфирге беш мүнөт калды окшойт, ага чейин соңку жазган ырларымдан бирди окуп берсемби... – деп калды.
– Окуңуз, угалы, – дедик отургандар.
Баарыбыз жым... Чыкебиздин коңур үнүн тыңшап отурабыз...
УМСУНАЙ АПА БАЛА БАКЧАСЫ
(же Ленин кѳчѳсү, 52-үй жѳнүндѳ ыр)
Биздин уя жылуу эле, кең эле,
Бүт турпаты Хансарайга тең эле.
Терезелер күлүп турчу шаңкайып,
Кѳк эшиги бүт ааламга жол салып,
Кучак жайып кимге болсун ачылчу,
«Чай ичип кет» деп ар кимди чакырчу.
Одур-бодур дубалдары атамдан,
«Балдарымды үшүтпѳ» деп бата алган,
Апам аны жаз-күз дебей акилеп,
Аңкып турчу тазалык бир касиет.
Устундары чала-була сүрүлгѳн,
Шыбы бизге тѳбѳбүздѳн үңүлгѳн:
- Кар, жамгырдан калкалаймын! - деп турчу,
Атабыздын ак эмгегин кеп кылчу.
Полу билбейм бизге кантип чыдачу,
Апам аны күндѳ жууп-сылачу,
Ала кийиз, шырдактары түтпѳгѳн,
Алышканга бизден чыккан күч менен.
Онубуз тең учкучакты уядан,
Оту ѳчпѳй дайым түтүн булаган.
Ошол тамды кимдин кармап турганын
Атабыздан айрылганда туйгамын.
Инибиз да азгырылып шаарга,
Кайсы бир күн «тарс» жабылган каалга.
Карасак да апабызды талашып,
Кароосу жок калган үйгѳ жаначып.
Коломтосу ѳчпѳгѳнүн билгизип,
Кѳрдүк ага киши дагы киргизип,
Бирок бизге жылуулугу жетпеди,
«Түнѳп кеткин, үйүңѳр кең дешпеди».
Улам сууп, улам бизден алыстап,
Унчукпаган үйгѳ айланды табышмак.
Биз айылга барсак кирбей «шарт этип»,
Дарбазага жетпей сезим «жалп ѳчүп»...
Апабыз да карап-карап секиден,
Кайтчу дешип уктум далай кишиден,
Чарчагандай карагандан жѳн эле,
Акыретке калды ошол дѳбѳдѳ.
Каалап анын рухунун келишин,
Бир жагынан айыл үчүн, эл үчүн.
Эски тамды бузуп туруп бир күнү,
Бала бакча куруп салдым үлгүлүү.
Апабызга куран окуп ар жайда,
Барган кезде жолугабыз балдарга,
Тосуп чыкса мотурайган жүз бала,
Апам күлүп карагансыйт түз мага.
Биздин уя жылуу болду, кең болду,
Эми накта Хансарайга тең болду.
Чыгарманы баарыбыз мактап, чын дилибизден кубаттап отурганыбызды көргөн алып баруучу да, продюсер да кызуу кебибизди үзбөйлү дештиби, көрүүчүлөрдүн көңүлүн социалдык роликтердин бири менен алаксытып калган кезде, көкүрөгүндө чыгармачылык эргүүсү ашып-ташып турган Чыкебиз сөз улады.
– Кеп, ырда эле эмес... Өзүм туулуп өскөн үйдү айылыбыздын бала бакчасы кылганбыз, азыр ал жер айылыбыздын уюткулуу жери болуп калды, – деген Чыкебиздин ошондогу жандилинен кубанганы эсимде...
Эми болсо “Жылдыздуу жээк” аттуу ырлар жыйнагын барактап отуруп, ыраматылык Чыныбай Турсунбековдун экинчи өмүрү – чыгармачылыгы жөнүндө сөз баштагым бар.
Кайран акындын учкан уясы жөнүндө көркөм туюнтма негедир өзөгүңдү өрттөйт. Кусалыкка сүңгүп кирип кетесиң. Баарыбызга тааныш кусалык, сагынычты ойготот. Акындын жекелик сезими жалпылыкка тааныш, жалпылыкка энчилүү сезим күүсүнө айланат. Адам баласы тургай канаттуу куш деле өз уясын таштап кетүүсү кандай күйүт, кандай арман?.. Киндик каныбыз тамып, кирибиз чайкалган журтту көбүбүз таштап кетебиз да, көөдөнүбүздө өмүр бою сагыныч менен кусалыкка айланат.
Сен туулуп-өскөн үй кепеби, үңкүрбү, кансарайбы – баарыбир кас-кас туруп, тамтуң баскандан тарта эне-атабыздан калган куттуу үйдүн босогосу көз алдыга тартылат. Көөдөнгө батпаган кусалык менен жазылган бул ырда ар бирибиздин генетикалык, менталдык өзгөчөлүгүбүзгө мүнөздүү доор сезимибизди кытыгылайт. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” түшүнүгү менен карасак, урбанизация шарданында биз байкоостон унутта калтырып бараткан өткөн замандын фрагменттери көз алдыбызга тасмадай тартылат...
Урбанизация маданияты элибизге өтө кеч келди. Кыргыз эли шаарлашып, отурукташканына бир кылым да толо элек. Акындын береги төрт сап поэтикалык сүрөттөөсүндөгү турмуш ар бир кыргыз урпагына жат эмес. Акын ошону эсибизге салат...
“Полу билбейм бизге кантип чыдачу,
Апам аны күндѳ жууп-сылачу,
Ала кийиз, шырдактары түтпѳгѳн,
Алышканга бизден чыккан күч менен”.
Азыр ала кийиз, шырдак төшөлгөн үйлөр негедир аз кезигет. Илгери үймө-үй төшөлчү. Үйлөрдүн полу да тактайдан эле. Куйма кыш же сокмо дубалдан тургузулган үйлөр ылай менен одур-бодур шыбалып, шыптан топурак чубуруп турганычы. Акындын ырында сүрөттөлгөндөй, айрым үйлөрдүн устундары чала-була сүрүлүп, баардык үйлөрдө жыгач каалгалар кыйчылдап турчу...
Куйма кыш же сокмо менен үй курган кандай тозок эле ал заманда? Так ошол дубалдары одур-бодур шыбалган, устундары чала-була сүрүлгөн үйлөр канча жылдап курулчуу?! 5–10 жылдап! Азыр особняк үйлөр 2–3 айда бүткөн заманда кыргыз элинин өткөн кылымдагы жашоосу Чыкебиздин атасынын ак эмгегин кеп кылчу эмес беле, аттиң! Зарлап жүрүп үй курчу эле аталарыбыз...
Үйдөгү балдар чаң салып ойносо, полдору сүлкүлдөп, кыйчылдап, апаларыбыз кандай гана тазалыктын мүшкүлүн тартышпады: жаз-күз дебей акилешип, терезесинен шамал арылдап кирген жылчыктарга тутам-тутам кебез тыгышып, айтор, кар-жамгырдан, бороондон калкаланган үйлөрдө чоңойбодукпу баарыбыз. Жалпы элдин жашоо деңгээлинде полуна палас, килем төшөө кийин эле көзүбүзгө учурабаса, негизинен ала-кийиз менен шырдактар төшөлгөн үй тирилигинин түйшүктөрү арбын эле апаларыбызга.
Өткөн кылымдагы кыргыз элинин жашоосун чагылдырган ал көрүнүштү азыр “Супара” этно-комплекси гана эсибизге салып турганы болбосо, негизинен өткөн замандын фрагменттери Ч.Турсунбековдун ырында дадил чагылтылганын көрүп, ушул ырдын тегерегинде кенен сөз кылуунун кыябы келип турганы...
Үйгө шыпыргы түтпөй, талаанын шыбагын үзүп келишип, улагада бели бекем курчалган шыбак шыпыргылар жоокердей тизилип турар эле. Тазалыктын жоокери шыбак шыпыргылар эле. Ал заманда чаң соргучту көргөн деле апаларыбыз болбосо керек. Акындын ыр сабындагы “Аңкып турчу тазалык бир касиет” дегени дал ошол шыбак жыты эле го...
Анан калса бир үйдө он бала чоңоюп-өскөнүн элестетиң: ар биринин кир-когун жууй турган автомат машинени ал кездеги апаларыбыз кайдан көрсүн. Келин-кезек апаларыбыз сай боюна барып, кол какшаткан муздак сууга кир чайкаганын көрүп өспөдүкпү. Азыр түшүнсөк, канчалаган ата-энелерибиздин өмүрү балдарын чоңойтуу түйшүгү менен эле өтүп кеткен экен, арман...
Жүзүң курган коммунисттер болсо темир тор артындагы конфорт жашоого эбак жеткен капитализм дөөлөтүн радио-теледен өңчөй терс мүнөздө сыпаттай берип, СССР курамындагы элдер “үңкүр да болсо үйүм бар” түшүнүгү баарыбызга норма катары саналып келиптир көрсө.
Ошол тарыхый фрагментти Ч.Турсунбековдун ыр жыйнагынан окуп отуруп, ырдагы касиеттен элибиздин өткөн турмушун таанып, шор тагдырын туюп, түмөн кыргыздын түйшүгүн көрөсүң. Ырдагы Онубуз тең учкучакты уядан, \ Оту ѳчпѳй дайым түтүн булаган көрүнүшкө эле үңүлөлүчү: газ плита, микроволновка, электро плитка сыяктуу буюмдар түшүнө да кирбеген түйшүгү түмөн энелерибиз очоктун тегерегинен чыкчу беле?! Ай, байкуштар! Кайрандар! Кайран өмүрлөр тезек терип, жампа кургатып, чырпык терип жүрүп эле өтүп кетпедиби!
Сүт кайнатабы, нан бышырабы, суу кайнатып кир-когубузду жууйбу – тириликтин баары от менен өткөндүктөн, очокту айланчыктаган энелерибиз башынан кечирген кордук жашоону туйбай келбедикпи!
Ыраматылык улуу устатыбыз, улуу окумуштуу, адабиятчы Салижан аке Жигитов какшай берер эле минтип: “Кызы талак кыргыз акын-жазуучуларынын дээрлик көпчүлүгү айыл-кыштакта өсүп чоңойду, бирок элет турмушун таамай чагылдыра жазгандары өтө аз, – деп кейип калчу. – Акын-жазуучуларыбыз Совет мезгилинде элди эмгекке үндөп жазып келишсе, кийин согуш темасын пропагандалашты. Жалган түшүнүктөрдү калыпташты” – дечү эле кайран көсөм устатыбыз. Ал эмес бир курдай Өзбекстанда элчи болуп жүргөн кезинде ала допучан туугандарыбыздан бир журналист сурайт: “Өмүрүңүздө канча ката кетирдиңиз?” деп. Анда шар ооз Салижан акебиз айткан экен: “Ой, кагылайын... Совет доору 70 жыл бою ката кетирип келген болсо, демек, менин бүтүндөй өмүрүм катага жыш болбой коймок беле”...
Муну эстеп отурганымдын себеби, Чыныбай Турсунбековдун жогорудагы бир ырындагы мазмун аркылуу бүтүндөй бир доордун, бүтүндөй элибиздин өткөн кылымдагы жашоо фрагментин кийинки макаламда дагы терең кеп кылгым бар...
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.