Биз жылыга июнь айында Жан-Булак айылына барып, апабызга (кайненеме) куран окутуп, бала-бакчанын жылдык ишинен кабар алып келчүбүз. 2020-жылдын 18-июнунда уулубуз Эржанды алып Чыныбайдын бир туугандары болуп Жан-Булакка барганбыз. 18инде жатып, 19унда бала-бакчага барып, бөбөктөрдүн концертине күбө болдук, Чыныбай окуучуларга стипендия берди.
Айылдагы иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин Кенжебай (кайним) 2 боз үй тиктирип койдук эле Каманды-Сууга барып эки-үч күн эс алып кетпейсиңерби деп калды. Каманды-Суу кайнатамдардын малчы болуп жүргөн кезинде жайлаган жайлоосу экен. Биртуугандар болуп барыбыз жолго чыктык. Чыныбай, мен, Эржан, шоопур төртөөбүз бир машина менен бараттык. Жолдо сүйлөшүп келатып Чыныбай «Бала кезде ушул жакка кой айдап эки күндө жетчүбүз» – деп калды. Андайды көрбөгөн Эржан «Кечкисин кайда жатчу элеңер?» – деп таң калды. Чыныбай «Ээрди жазданып, көрпөчөсүн алдыга салып эле жатып алчубуз»,– деп жооп кылды. Эч ыңгайлуулугу жок ээн жерде 5–6-класста окуган кичинекей баланын уктаганын Эржан экөөбүз элестете алганыбыз жок. Жолдо ошентип Чыныбай бала чагы жөнүндө айтып берип отуруп Каманды-Сууга көңүлдүү жеттик.
Жакшынакай эки боз үй тигип коюшуптур. Кайда барса да эки жагын иликтеп келе коймою бар Чыныбай: «Кел, Нуржан, тоого чыгып келебиз»,– деп калды. Мен башым ооруп турганын айтып барганым жок. Уктап кетиптирмин, ойгонсом Чыныбайлар келип калышыптыр. Суу болуп келишти. Тоонун чокусуна чыкканда катуу шамал болуп, жаан жааганын айтып: «Тердеп аттым эле, аябай үшүп, чыйрыгып калдым»,– деди. Кургактап кийинип, аңгыча эт бышып, тамактанып сыртка чыксак улак тартылып, Чыныбай ырым-жырымын кылды. Жан-Булактык Нарынбек байке да өзүнүн бозүйүнө чакырып, алардыкына барып отурсак, Чыныбай арттан жел уруп атат деп калды. Ошо күнү эле кечинде эртең жолугушууларым бар дегенинен Бишкекке жөнөп кеттик. Кеч келдик. Чыныбайдын дене табы көтөрүлүп калыптыр.
21-июнда эртең менен жуунуп-таранып, жолугушуум бар эле деп даярданып алыптыр. Температураң көтөрүлүп атса кантип бармак элең деп токтотуп калдым. Фейсбуктан Б.Төрөбаев ооруп калыптыр деп окуп, Бакыт экөөбүз бир саатча чай ичип отурдук эле деп койду. Анан эле спецполиклиникага чалып, 21-июнда алар ПЦР тест алып кетишти. Ошол эле учурда Чыныбай Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев менен байланышты, ал дароо эле ковид деп диагноз коюп, төшөктөн турбай жатууну, эгер дене табы 38.5тен көтөрүлсө, Парацетамол ичүүнү сунуштады. Чыныбай «Жайлоого барып, жаанга калып чыйрыгып да калдым эле»,– десе, ал сөзүнө деле көңүл бурган жок, ковид деп эле туруп алды.
Үч-төрт күн өтсө да ПЦР тестинин жыйынтыктары келген жок. Чыныбай КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен байланышып, анализдин жыйынтыктарын таап берүүгө жардам сурады.
24-июнда Чыныбай өзүн жакшы сезип калды, дене табы көтөрүлгөн жок. Болгону эрининде учук пайда болду. Мындай нерсе дайыма Чыныбай суукка урунуп айыккандан кийин чыкчу эле.
25-июнда М.Каратаев телефон чалып жыйынтыктар табылганын жана терс экенин айтты. Анын айтымында, Чыныбайдын аты-жөнү туура эмес жазылгандыктан анализдеринин жыйынтыгы жоголуп кеткен. (Бирок бизге берилген ПЦР тестинин жыйынтыгында аты-жөнү туура жазылган, туулган күнүндө гана ката болгон, тактап айтканда, 15.01.1960 болуп көрсөтүлгөн. Бирок белгилей кетүү керек, анализдин датасы 2020-жыл 25-июнь деп көрсөтүлгөн. Каратаев аны кайдан таап бергени же кара күчкө эле жаздырып бергени белгисиз...). Чыныбай Каратаев менен сүйлөшкөндөн кийин «Нуржан, сен жөн эле сарсанаа болуп атасың. Мен ооруган жокмун деп айтпадым беле, мына тест дагы отрицательный чыгыптыр» – деп мени жоошутту. Чогулуп отуруп алып чай ичип санаабыз тына түштү.
26-июнда эртең менен кобурашып чай ичип алып мен жумушка кеттим. Кийин уксам Чыныбай ал күнү душка түшүп, терезелерди ачып, жеңил кийимчен диванга жатып телевизор көрүптүр. Кечинде кайра температурсы көтөрүлүп жөтөл пайда болду. Кайрадан Т.Сооронбаевге кайрылса, ал ооруканага барбоону, үйдөн дарыланууну сунуштады. Клексан 0.4тү бир күндө эки жолу, Азитромицин 500 миллиграмм антибиотигин күнүнө бир жолу алууну жазып берди. Ошондой эле Чыныбай кычкылтек концентраторунан кошумча кычкылтек ала баштады. Бирок абалы жакшырган жок, 2 күндөн кийин тахикардиясы башталып, Т.Сооронбаев ооруканага жатууну сунуштап, КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын кардиология бөлүмүнө жиберди.
28-июнда өпкөсүн томографиядан өткөргөндөн кийин Чыныбай экөөбүз Улуттук госпиталга бардык. Ал жактан башкы врачтын милдетин аткарып жаткан Акылбек Усупбаев тосуп алды. Аны деле таанычубуз. Жапар жездемдин курсташы болчу. Аны менен учурашып ооруканага кирип кетти. Мен Чыныбайды акыркы көргөнүм ошо болду.
29-июнда эртең менен жеке менчик лабораторияга анализдерин жеткирүү керектигин айтышты. Биз барып анализдерди күттүк. Чыныбайга чалсам «эч ким палатага кирбей атат» деди. Ал күнү анализдер Чыныбайдан алынган жок.
Ошол күнү кечке үй-бүлөбүз менен шаардагы бардык дарыканалардан жазып берген дарыларды издеп араң таап, кечинде ооруканага алып бардык. Телефондон сүйлөшүп аттык. Бир туугандарына сарсанаа болгонунан «Чыныбай, сарсанаа болбо, баары эле жакшы, ооруган эч ким жок» дедим. «Бул жакта палатада жалгыз жата берет экенсиң, кыйкырсаң да эч ким келбейт, реанимацияга которулуп атам, ал жакта бир врач менен медсестра такай болот экен» – деди. Абалы оорлошконун, мени капа болбосун деп айткысы келбедиби, билбейм...
Кийин оорунун тарыхы тууралуу китепчеден (история болезни), чынында, 29-июнь күнү кечинде Чыныбайдын кычкылтек кабыл алуусу бир кыйла төмөндөй баштаганын билдик. Кыязы, бизди тынчсыздандыргысы келген жок окшойт. Биз ошол күнү кечки саат 9да Чыныбай менен вотсаптан жазышып жаттык.
Эртеси (30-июнь) эртең менен Чыныбай чалууларга жана билдирүүлөргө жооп бербей атты. Мен Т.Сооронбаевге, М. Каратаевге, Улуттук госпиталдын башкы дарыгерине телефон чалып да аттым, вотсаптан жазып да аттым – жооп болгон жок. Анан бир тааныш медайымды таап, бөлүмгө барып Чыныбайдын абалын билүүнү сурандык. Ал абалы оор экенин, ИВЛ аппаратына туташтырылганын, 2-даражадагы дем алуу жетишсиздиги болуп жатканын билдирди.
Кечинде гана саат 9да Т.Сооронбаев чалып Чыныбайдын абалы начарлап кеткенин жана 29у түндө интубацияланганын, ИВЛ аппаратында экенин айтты. Ооруканадан тез арада Моксикум, Розефин жана Левофлоксацин дарыларын алып келүүнү айтышты. Ошол эле күнү кечинде биз Чыныбайдын досу, бизнес-партнеру Бедреттин мырзага телефон чалып, Чыныбайдын ооруп атканын кабарладык.
ИВЛге туташканына карабай Чыныбайдын дем алуусу кыйындай берди.
Бизге «аппараттын клапандары начар жабылган болсо, кычкылтек барбайт» деп билгендер айтышты. Тааныштар аркылуу текшерүүнү сурандык. Бизге кийин «текшеришти, абалы турукташты» деп жооп беришти. Кокустанбы же жокпу, бирок ошол учурдан баштап сатурация акырындык менен көтөрүлө баштады жана 6:45те 85ке жетти.
1-июлда түштө бизге оң жакка өзгөрүү бар экендигин маалымдашты. Биз Туркияга алып кетсек болобу деп сурасак, башкы дарыгер Акылбек Усупбаев Түркияга которууга тыюу салды. Чыныбай эсине келди. Кечинде, дарыгерлердин айтымында, сатурация 92ге чейин көтөрүлүп, Чыныбай ошондон кийин медициналык уйкуга киргизилген эмес жана эс-учу жайында болчу.
2-июлда таң эрте Т.Сооронбаев мага телефон чалып, Чыныбай ага өзү телефон чалганын, ахвалы жакшы болуп калганын, эки күндүн ичинде ИВЛден чыгарууга аракет кылышарын айтты. Чыныбай болсо мага «Нуржан, Такеге (Талант Сооронбаев) айт. Калганын үйдөн дарыланайын» – деп жазды. Мен Талант Сооронбаев аны эки күндүн ичинде ИВЛден алып чыгууну убада кылганын, коркунучтун баары артта калганын айтып жооп жаздым.
3-июлда бизге аппараттан чыгаралбай атышканын айтышты. Ошол күнү Чыныбай мага жандандыруу бөлүмүндө иштеген кыздардын тажрыйбасы жок экенин, мүмкүн болушунча тезирээк Түркияга алып кетүү керектигин айтып түркчө смс жазды. Мен болсо Талант Сооронбаевдин сөздөрүнө ишенип, Чыныбайды биздин врачтарга ишениши керектигин, алар ИВЛ аппаратынан чыгарып беришерин жаза бердим.
Мен кайдам билдим, Талант Сооронбаевдин ооруканага барбай эле үйүндө отуруп көрсөтмө жасап атканын!
Мен кайдан билдим, оорукананын тажрыйбалуу врачтары больничныйга чыгып кетип, ковидге каршы дарылап жаткандар 25-30 жаштагы тажрыйбалары аз кыз-келиндер экенин!
Мен кайдан билдим, реанимациянын бөлүм башчысы да кабинетинен чыкпай, оорулуларга басып барып да койбогонун! Бирок кийин президентибиз ошондойлорго орден-медалдарын таратпадыбы...
3-июлда кечинде М.Каратаев мага чалып: «Жеңе, Чыныбай Акуновичти Түркияга алып кетсеңер жакшы болот, анткени ал жакта апараттар жакшы, реабилитация тезирээк болот. Биз деле айыктырабыз, бирок ал үчүн көп убакыт кетет» деди. Биз Бедреттин мырзага чалып Чыныбайды Түркияга алып кетүүгө жана документтерди даярдоого жардам берүүсүн сурандык. Дем алыш күндөрүнө туш келип калган үчүн учакка уруксаттарды дүйшөмбү күнү гана ала аларыбызды жана учак дароо учуп келерин билдиришти.
Кийин Чыныбайдын телефонунан 3-июлда «Түрк-кыргыз достугу» деген Вотсап группа аркылуу Чыныбай Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчисине мындай кайрылуу жолдоптур: «Урматтуу элчи мырза. Мен абдан чарчадым. Өлгөнү калдым. Тез арада Түркияга жетүү керек. Жардам бериңиз». (Чыныбай бизге эч нерсе айткан эмес. Дарыгерлер анын абалы жакшы экенине бизди ишендиришти эле. Бул кайрылуу тууралуу түрк гезиттеринде Кыргызстандын экс-спикери Түркиядан жардам сурагандыгы тууралуу маалымат чыккандан кийин гана билдик).
Ошол эле күнү Чыныбай Бедреттин мырзага да «Өлүмдөн артка кайттым. Болбой калыптыр. 20 мүнөт алмаштыралбай коюшту. Экинчи жолу өмүрүм коркунучка учурады» – деп жазыптыр. Ошондой эле учакты тездетүүнү да сураныптыр. Биз мунун баарын кийин телефонунан окудук.
4-июлда «уктай алдыңбы?» – деп сурасам, – «Чала-була. Кудай сактады» – деп жооп жазды.
5-июнда Чыныбай кайра байланышпай калды. Бизге жолго чыкканга чейин эс алсын деп аны медикаментоздук уйкуга киргизгендигин айтышты. Түштө Санитардык авиациянын башчысы чалып Алишер күйөбаламды чакырып, Чыныбайды Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары, ЛОР бөлүмүнүн башчысы жана реаниматолог менен тааныштырат. Алар консилиум болгонун, Чыныбайга трахеостомия жасоо чечими кабыл алынганын айтышат. Консилиум учурунда алар Чыныбайдын 4 күн ИВЛде жатканын эске алышкан эмес, же аларга туура эмес маалымат берилгенби: санитардык авиациянын башчысы түтүк менен 6 күндөн ашык убакыт жатуу мүмкүн эмес, анткени трахея катуулугун жоготорун айтып, ошон үчүн трахеостомия жазалышы керектигин түшүндүрүптүр. Алишер атасынын ИВЛге туташканына 4 күн гана болгонун айтканда ал таң калыптыр.
Бизге бул операцияны жасай турган жеке клиниканын дарыгеринин телефон номерин беришип жана жеке клиникаларда гана керектүү жабдыктар бар экенин айтышты. Бирок кийин Накен Касиевич мага телефон чалып, трахеостомия жасабаш керектигин, анткени Мукар Чолпонбаевка да жасагандан кийин, ал киши каза болгондугун айтты. Мен Накен Касиевичти дарыгерлер менен өзүн сүйлөшүүсүн сурандым. Накен Касиевич Чыныбай жөнүндө кайдан укканын билбейм.
Бул сүйлөшүүдөн бир сааттан кийин Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Акылбек Чолпонбекович телефон чалып, операция жасоого эрте экенин жана азырынча муктаждык жок экенин айтты.
Биз Чыныбайдын рентген, томография сүрөттөрүн, анализдерин, медициналык тарыхын Түркиядагы дарыгерлерге жөнөттүк, алар «операцияга азыр эч кандай уруксат бербегиле, жанына эч кимди жолотпогула, бул операциянын кажети жок» – деп айтышты. Операция маселеси бизге бир топ суроолорду жаратты, анткени кийин бул жөнүндө башкы дарыгер да, оорукананын башчысы да кабары жоктугун билдик.
5-июлда ооруканадан декубитке каршы матрас алып келүүнү суранышты, алып бардык. Бирок Чыныбай каза болгондон кийин бизге аны ачылбаган түрдө кайтарып беришти.
6-июлда түшкө чейин учакка уруксаттарды күттүк. Түштөн кийин колубузга тийди, учак да Кыргызстанга учуп келди. Ошол эле учурда биз Чыныбайды аэропортко жеткирүү үчүн ИВЛ бар тез жардам унааларын издеп жаттык. Ошентип, жеке менчик тез жардам унаасын таптык.
Ошол күнү, тагыраагы, 6-июлда Чыныбай баарыбызга учак тууралуу 5 жолу жазган: 9:59, 10:25, 10:40, 11:42 жана 12:21де. Кийин жазбай калды...
Кечинде жеке менчик тез жардам унаасы келди, бирок аларда да ИВЛ аппарат жок болуп чыкты. Анан дароо эле башка тез жардам унаасын издей баштадык. Жыйынтыгында тез жардам унаасын тапканга чейин 1,5 сааттай убакыт кетти. Асылбек Жээнбеков аркылуу дагы бир тез жардам унаасын таптык.
Мен тез жардам унасында коштоп барайын деп жеке коргонуу каражаттарын сатып алганыма карабастан унаада орун жок деп эч кимибизди ооруканага да, тез жардам унаасына да киргизбей коюшту.
Аэропортко барганга жолго чыктык. Бирок ооруканадан чыккандан 3 мүнөттөн кийин тез жардам унасы Ош базары жактан токтоп калды.
Тез жардам унаасынын ичинде биз үчүн түшүнүксүз эле аракеттер болуп жатты. Бизди жакын жолотушпады. Бираздан кийин жеңил унаа келип, анын ичинен Тез жардам бөлүмүнүн башчысы Егоров чыгып, тез жардам унасынын ичине кирип кетти. Мен М.Каратаевге чалдым, ал бат эле келип калды. Егоров менен бираз сүйлөшүп: «Өзүнө келтирдик. Эми ооруканага кайтып, реанимация бөлмөсүндө шашылыш чараларды көрбөсөк болбойт» – деп кайра ооруканага жөнөдүк. Эмнегедир, Кардиология борборундагы Чыныбайды алып чыккан имаратка эмес, башка жакка алып барышты. Чыныбайды ичкери көтөрүп кирип кетишти. Болжол менен 15 мүнөттөн кийин М.Каратаев өзү чыгып Чыныбай жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын, аппаратка туташтырылганын айтты.
Биз ишендик. Шердене түштүк. Кудайга жалындык.
Болжолдуу түрдө бир сааттан кийин: «Бүт күчүбүздү, аракетибизди жумшаганыбызга карабай, адегенде кыйла эле жакшы болуп калган Чыныбай Акуновичтин жүрөгү күтүүсүздөн топтоп калды!..» – деген суук кабарды угузушту.
Асманым урап түштү, таянар тоом кыйрады, жер астын-үстүн болду...
Андан ары эмне болгонун көп деле эстей албайм.
Айдай кызыбыз кийин атасы жөнүндө чындыкты издеп «ведомстволор аралык комиссиянын» мүчөсү болуп, Чыныбайдын оорунун тарыхы тууралуу китепчесинен (история болезни) маалыматтарды салыштырганда суроо туудурган көп нерселер ачыкка чыгып калды. Алардын бирине токтолсок: биз Чыныбай дем ала баштады деп сүйүнүп жатканда массалык маалымат каражаттарында («Кактус Медиага») Чыныбайдын өлүмү тууралуу кабар 23:20да, Чыныбай тез жардам машинасында болгон кезде чыгыптыр…
Дагы көп суроолорду туудурган бир жагдай бар: Чыныбайдын оорусу тууралуу бир топ дарыгерлерден сураганыбызда алар ИВЛде жаткан адам смс жаза алышы мүмкүн эместигин, оорулуу медикаментоздук уйкуда жатышы керектигин айтышкан. Бирок Чыныбай бизге 2-, 3-, 4-июлда жана 6-июлда смс жазган. Бул күндөрү Чыныбай медикаментоздук уйкуда болгон эмес, экстубацияланган да эмес. «Атаңар өзү силерге смс жазганына ишенесиңерби?» – деп сураган дарыгерлер да болду. Чыныбайды экстубацияланган жана ИВЛде жаткан деп болжолдогон дарыгерлер да болду. Бирок биз кайрылган бардык дарыгерлер ИВЛде жаткан оорулуу жаза албайт деп ырасташкан. Көрсөтүлгөн күндөрдөгү дарылоонун күндөлүктөрүндө Чыныбайдын интубациялык түтүк аркылуу дем алып жатканын жана түтүктүн аймагындагы ооруга даттанганын жазышкан.
Чыныбайдын акыркы сапары
...Эртеси (07.07.2020-ж) Чыныбайды акыркы сапарга узатуунун камылгалары бүткөн кезде, ПЦР тест терс (отрицательный) чыкканына карабай «Сөөк үйгө берилбейт. Моргдон эле мүрзөгө жиберилет» – деп саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Чыныбайдын жардамчысы Нурлан Абдыгуловго так кесе жооп бериптир. «Бир күнү мурун «Азаттыктын» журналистти Бүбүкан Досалиева эженин жаназасын үйүнөн окууга уруксат берип, ал эми Чыныбай Акуновичти түз эле жайына алып баргыла дегениңер кандай?» – десе, М.Каратаев «Эгер премьер-министр уруксат берсе гана алып кетсеңер болот» дептир. Ал күнү таң заардан бери туугандар жабыла жүгүрүп уруксат берүүгө укуктуу мекемелердин эшигин тытмалап жүрүшкөнүн мага айтышкан эмес. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып сөөктү бербей, улам бирине чыгып абдан убара болушуптур.
Кантип эле ушундай болсун?
Кантип?..
Асылбек Жээнбековго: «Асылбек Шарипович, балдарым менен Чыныбайды бир көрүп коёлу. Уруксат алып берип коюңуз. Суранам» – деп жаздым. Ошондон кийин уруксат берилип, Чыныбайдын сөөгүн үйгө алып келишти. Бирок бар болгону эки саат убакыт берилиптир. Аны деле мен кийин уктум. Коштошуу жыйынында биз менен катышып жүргөн, эпилдеп-жепилдеп тегеренип турчу М.Каратаев таптакыр өзгөрүп, сөз сүйлөгөндөрдүн шаштысын алып, айдактап, түзүгүрөөк да коштоштурбай туруп алганын сырттагылар айтышты.
Ошентип Чыныбайды түбөлүк сапарга узаттык.
Бул күндөрдү эстегенде Чыңгыз Айтматовдун «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» деген сөзү эсиме түшөт...
Чыныбай Турсунбековдун «Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм» аттуу китебинен