Сүрөт https://dzen.ru/ булагынан алынды.
Маанилүү суроолорго жооп табууга, кыялдарыңызды ишке ашырууга жана жашооңузду кантип бактылуу, канааттандырарлык кылуу жөнүндө ойлонууга жардам берер учкул сөздөр.
* * *
Бардык акылдуу адамдардын классикалык катасын кайталаба: сенден акылдуу адам жок деп ойлобо.
Карл Ван Лун
* * *
Биз, баарыбыз генийбиз. Бирок балыкка, даракка чыгуу жөндөмүнө карап баа берсеңиз, ал бүт өмүрүн акылсызмын деп эсептейт.
Альберт Эйнштейн
* * *
Биз чыгуунун жолу жакпаган кырдаалды үмүтсүз деп атайбыз.
Станислав Ежи Лек
* * *
Жашоо өзүңдү табуудан эмес, өзүңдү жаратуудан турат.
Жордж Бернард Шоу
* * *
... эң коркунучтуу ачуу, алсыздыктын ачуусу.
Михаил Булгаков
* * *
Адамды бактысыз же бактылуу кылган сырткы жагдайлар эмес, бул өзүнүн ойлору. Ойлорун башкаруу менен ал бактылуулугун башкара алат.
Фридрих Вильгельм Ницше
* * *
Сүйүүнү түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ага иш-аракет керек.
Эрих Мария Ремарк
* * *
Жалгыздыкка чыдап, андан ыракат ала билүү – чоң жөндөмдүүлүк.
Жордж Бернард Шоу
* * *
Ойлуу жан жалгыздыкка ыктайт.
Омар Хайям
* * *
Оозуңду ачып, келесоо экениңди билдирип алгандан көрө, унчукпай олтуруп эл сени келесоо деп ойлошуна жол берген жакшы.
Марк Твен
* * *
Сулуулук бардык нерседе бар, бирок аны ар ким эле көрө албайт.
Конфуций
* * *
Эч качан өз оюнан кайтпаган адам келесоо.
Уинстон Черчилль
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.