Алтын Аман: Качып кеткен тамгалар

  • 04.07.2023
  • 0

Бир кичинекей айылда Данияр деген кичинекей бала бар экен. Күндөрдүн биринде анын апасы менен атасы ага Алиппе китебин белек кылышат.

Данияр укмуштуу кооз китебин ачып, кызыгып карап, бирок тамга тааныбагандыктан китепти жаап, ары алып коёт дагы, ал жөнүндө унутуп калат.

Китептин ичиндеги тамгалар аны күтө берип тажашат. Отура бергенден абдан эригишип, чогулуп, баарлашууну башташат:

– Биз эмне ушинтип эле жата беребизби? – деп жинденген «Ж» тамгасы ачууланат экен.

– Ооба, туура айтат «Ж» досум! Жүргүлө, саякатка чыгып келебиз, балким башка китеп таап алабыз… – деп капаланган «К» тамгасы жооп берет. 

– Жок, достор, биз антип капалансак болбойт! Данияр эртең эле окуганды үйрөнөт, а биз жок болуп кетсек, кандай болуп калат анан? – деп, Акылдуу «А» тамгасы өзүнүн оюн билдирет.

– Бирок ушинтип эле отура берген кандай кызыксыз… – деп үшкүрөт «Ү» тамгасы.

– Ооба, жүргүлө, бизди жакшы көрүп, окуй турган бөбөктү издеп табабыз дагы, анын китебине кирип кетебиз! – деп шыпылдаган «Ш» тамгасы бардыгын чакырат.

– Туура, туура, кеттик! – деп бардык тамгалар чурулдашат.

Ошентип тамгалардын бардыгы кетип калышат. Алар ошол үйдө болгон көптөгөн китептердин ичине саякат кылышат, акыры абдан чарчашат.

Ал эми Данияр болсо бир күнү китебим бар эле деп эстей калып, китебин ачса – ичинде бир да тамга жок экендигин көрөт. Аябай таң калып, ал ата-энесине чуркайт:

– Апаке, атаке! Менин Алиппемде бир да тамга калбаптыр!!!

Апасы менен атасы китепти ачып, ал жерден бир тамга табышпайт. Анда апасы айтат:

– Балам, сен тамгаларды бирден атынан айтып чакырсаң, балким алар сага кайтып келет...

– Ооба, ооба, – деп Данияр сүйүнөт, – бирок мен алардын атын билбейм да… – деп бала кайра капа болуп отуруп калат.

– Анда эмесе кел окуйлу, – дейт апасы:

«А» тамгадан башталат биздин алфавит.

«А» тамгасы турат биринчи!

Данияр «А» – деп кайталаганда, «А» тамгасы угуп:

– Достор, мени Данияр чакырып жатат окшойт, – деп чуркап келип, китептин ичине секирип кирип кетет. Анын артынан «Б» кирет, аны коштоп «В» кетет, артынан «Г» жөнөйт, ошентип отуруп бардык тамгалар өз үйүнө сүйүнүшүп кайтып келишет. Данияр болсо бардык тамгаларды үйрөнүп, алар менен дос болуп калат.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз