Кайдан чыкканы белгисиз икая: Кудайдын туулган күнү

  • 09.03.2024
  • 8776

Акыйкатты издеген бирөө түш көрүп, түшүндө бейишке чыгыптыр. Котологон элге туш болот. Айланада не болуп атканына кызыгып сураштырса, Кудайдын туулган күнү экен. Тагдырына миң мертебе ыраазы болот: акыр-аягы Кудайды өз көзүм менен көрөт турбаймынбы дейт!

Ал дагы эл катары жол четине чыгат, бир балээни күтөт. Баары эле уу-дуу-гүү-гүү. Эң алдыда келишимдүү акбоз атчан каадалуу бир адам барат. Аны ээрчип түмөндөгөн шакирттери жандап алганы. Акыйкатты издөөчү кургур жанындагыдан сурайт:

– Кудай ушулбу?

– Ой, кайдан! – дейт тиги. – Бул деген Кришна.

Көп өтпөй даа бир каадалуу адам көрүнөт.

– Кудай ушулбу? – дейт Акыйкатты издеген баягы.

– Жо-ок, бул деген Мухаммед менен аны жандагандар, – деген жооп угат.

Дуу-гүү-гүү үзүлбөй, биринин артынан бири болуп: Будда, Христос өңдүү улуу пайгамбарлар жалаң...

– А Кудай качан келет? – дейт Акыйкатты издөөчү.

Котологон эл суюлат. Керней-сурнайлардын үнү басылат. Акыйкат издөөчү чарчайт. Бир маалда караса, көчөдө өзүнөн башка киши калбаптыр. Ангыча жупуну, жүзү ийгилүү карыя көрүнөт акбоз атчан. Аны коштогон жанында эч ким деле жок.

Акыйкат издөөчү ошонун артынан түшөт. Кызыгат. Башына жарк эткен ой келет: “Кудай ушул болуп жүрбөсүн, ушул окшойт! Кең ааламда Кудайдан жалгыз эч ким жок эмеспи!”

Жанына келет да сурайт:

– Агер сен Кудай болсоң, неге минтип жалгызсың?

Муну уккан Кудайдын көздөрү каканактап жашка толуп, айтып турганы:

– Менин алдымда буга чейин кимдер келген болсо, адамдар бөлүнүп-жарылып ошолорду ээрчигендер. А мени менен эч кимиси калбады, эч кимди ээрчибегендер гана мени менен калса калды, – деген экен.

Которгон О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз