Фёдор Достоевский: Он жаштагы бала эмнени окушу керек?

  • 26.11.2024
  • 783

Достоевскийдин замандашы, айыл чарба боюнча эмгектердин автору Николай Лукич Озмидов бир жолу Фёдор Михайловичке мындай суроо бериптир: "Кызымдын жакшы жетилишине оң таасир этүү үчүн эмнени окутушум керек?.."

Көптөгөн булактарда Достоевскийдин жогорудагы суроого берген жообу бар. Бирок биз анын жообун толугу менен жарыялоону туура көрдүк.

"1880-жылдын 18-августу. Эски Русса. Урматтуу Николай Лукич мырза, Мен сиздин катты кунт коюп окудум. Эми эмне десем экен? Сиз өзүңүз абдан акылман адамсыз, ансыз да катта баарына жооп берүү кыйын экенин белгилепсиз. Ал тургай жалпы сөздөрдөн башка канааттандырарлык эч нерсе айта албайм го. Менден кеңеш сураганыңыздын пайдасы жок. Себеби сиздин суроолорго жооп бергидей компетенттүү адис эмесмин.

Кызыңыздын фантазиясы өнүгүп кетишинен коркуп, азыркы күнгө чейин адабий чыгармаларды окутпаганыңызды жазыпсыз. Мен бул көрүнүшкө абдан каршымын: фантазия – бул адамдагы табигый күч. Айрыкча балдардын ымыркай кезинен тартып эле, бул башка бардык жөндөмгө караганда көбүрөк өнүгүшү жана канааттануусу керек.

Эгер канааттандырбай койсоңуз, же аны жок кыласыз, же тескерисинче – анын өз алдынча ашыкча (бул дагы зыян) өнүгүшүнө жол бересиз. Мындай күчтөнүү баланы руханий жактан өтө эрте алсыратат. Бала чакта көркөм дүйнөдөн алган таасирлер өзгөчө маанилүү. Мен он жашымда Москвада Шиллер менен Мочаловдун «Каракчылар» спектаклин көргөм. Ошол кезде алган эң күчтүү таасирим руханий жан дүйнөмө абдан жакшы таасир эткенин ишенимдүү айта аламын.

Он эки жашымдан баштап каникул учурунда айылда Вальтер Скоттун бардык чыгармаларын окуп чыктым. Фантазиям, сезимталдыгым өстү. Аны жакшы нукка бурдум, жаман жолго түшкөнүм жок. Андан да маанилүүсү, бул чыгармалардан жашоомо керектүү ажайып, изги таасирлерди алдым. Бул чыгармалар, албетте, менин жан дүйнөмдү азгырма, кумарлуу жана бузук таасирлерден сактап, күрөшүү үчүн чоң күч болду. Кызыңызга Вальтер Скотту сунуштаңыз деп кеңеш берем, айрыкча биз, орустар, аны дээрлик унутуп калганбыз.

Кызыңыз кийин өз алдынча боло баштаганда, бул улуу жазуучу менен таанышууга зарылчылыгы болбой калышы мүмкүн. Демек, кызыңыз дагы эле ата-энесинин маңдайында олтурганда, Вальтер Скоттун чыгармалары менен тааныштырууга аракет кылыңыз. Анын чыгармаларынын тарбиялык мааниси өтө жогору. Диккенстин бардык чыгармаларын бүт бойдон окуп чыксын.

Кызыңызды мурунку кылымдардын адабияты менен да тааныштырыңыз (мисалы, «Дон Кихот» жана «Жиль Блаз»). Баарынан жакшысы, поэзиядан баштоо керек. Ал Пушкиндин бүт чыгармаларын – поэзиясын да, прозасын да окуп чыгуусу абзел. Гоголду да унутпоо керек.

Эгер кааласаңыз, Тургенев, Гончаровду сунуштаңыз. Менин чыгармаларыма келсек, алардын баары эле ага пайдалуу болоруна ишенбейм. Шлоссер жазган тарыхты жана Соловьёв жазган орус тарыхын окуп чыкса жакшы болот. Карамзинди да унутта калтырбоо керек. Костомаровду азырынча сунуштабаңыз. Прескоттун «Перу жана Мексиканын басып алынышы» аттуу китебин сөзсүз окутуу зарыл.

Жалпысынан алганда, тарыхый чыгармалардын тарбиялык мааниси абдан чоң. Лев Толстойдун бардык чыгармаларын окуу керек. Шекспир, Шиллер жана Гёте – баары орус тилине абдан жакшы которулган. Ушулар жетиштүү.

Жылдар өткөн сайын дагы эмнелерди сунуштоо керектигин өзүңүз байкайсыз. Гезиттерди азырынча окутпай эле койгон оң. Сизге бул кеңештерим пайдалуу болдубу, болбодубу – билбейм. Мен өз ойлорумду жана тажрыйбамды эске алып жаздым, сизге жакса, абдан кубанам. Сизди урматтап, Ф. М. Достоевский.

Кыргызчалаган Мээрим Сайдилкан

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз