Федор Достоевскийдин жертөлөдө жазган эскерүүлөрү

  • 28.06.2022
  • 2499

Жертөлөдө

1

Мен оорулуу адаммын... Көрө албасмын, кежирмин. Мен ичи тар, жагымсыз адаммын. Менимче, боорум ооруйт болуш керек. Бирок өз оорум тууралуу эч нерсе түшүнбөйм, кай жерим оорутуп жатканын деле так билбейм. Дарыланбайм, дарыланып да көргөн эмесмин, бирок мен медицинаны, дарыгерлерди сыйлайм. Анын үстүнө мен өтө ырымчылмын. Ошентсе да ырымчылдыгым медицинаны сыйлаганга тоскоол болбойт... (Мен жетишерлик билимдүү болсом да, ырымчылмын.)

Жок, мен бирөөлөргө жек көрүү менен мамиле кылгым келбейт. Бул, балким, сиз түшүнбөгөн нерседир. Бирок мен муну жакшы түшүнөм. Албетте, бул учурда өзүмдүн кежир мүнөзүм менен кимдердин кыжырын келтиреримди так түшүндүрүп бере албайм. Менин жакшы билгеним, мен дарыланбай жаткандыгым үчүн дарыгерлердин “жиндерине” көп деле тийбейм. Мунун баары башка эч кимге эмес, өзүмө гана зыян келтирерин баарынан жакшы билем. Дарыланбай жүргөнүм, бул бир гана өзүмдүн кежирлигимден. Боорум ооруйт, мейли, мага десе эзилип кетсин!

Мен жыйырма жылдан бери ушинтип жашап келем. Азыр кыркка чыктым. Мурда кызматта болчумун, азыр бошмун. Мен жаман кызматкер болчумун. Бирөөгө орой мамиле жасасам, андан ыракат алам. Кантсе да мен пара алган эмесмин, жок дегенде кежирдигимдин ордун ушул сапатым менен толтургум келсе керек. (Орунсуз тамаша; бирок чийип салбайм. Өтө курч чыгат экен деп жазгам, эми жөн гана өзүмдү жаман көрсөткүм келгенин көрүп, атайылап чийбейм!)

Ишиме байланыштуу менден маалымат сурап кайрылышчу, мен аларга оңгулуктуу жооп бербей, кагынып-силкинип турчумун, анткени жана айткандай кимдир-бирөөнүн жинине тийип капа кылсам ошондон чоң ыракат алар элем. Бул жагынан дээрлик бардык учурда ийгиликке жетчүмүн. Алардын көпчүлүгү өйдө карап сүйлөй албаган тартынчаак адамдар; белгилүү да – алар дайыма бир нерсе сурап келген арыз ээлери.

Бирок ошолордун ичинен мен өзгөчө бир офицер менен катуу кармаштым. Ал эч кандай баш ийүүнү каалабай, белине тагынган кылычын ар дайым шарактата берер эле. Ушул кылыч үчүн аны менен бир жарым жыл согуштум. Акыры жеңдим. Ал шарактатканын токтотту. Бирок бул менин жаш кезимде болгон окуя. Бирок билесизби, мырзалар, менин кежирдигимдин негизги себеби эмнеде экенин?

Ооба, эң жийиркеничтүү нерсе ушул эле, ар бир мүнөт сайын, ал тургай эң катуу ачууланып турган учурда да, мен өзүмдүн жаман адам эместигимди, жада калса ак көңүл экенимди ичимден туюп, түшүнчүмүн, кежирдигим таранчыларды гана үркүтүүгө жарарын билип, ушуну менен өзүмдү сооротчумун. Оозумдан көбүк чыккыча жинденип жатсам да, бир кичинекей куурчак тартуулап, же кант салып чай берип коюшса тынчып калмай жайым бар эле. Ал тургай аны жакшы көрө баштайм, бирок кийинчерээк бул кылганыма уялып бир нече ай уйкусуздуктун азабын тартам. Бул менин адатым.

Жанарак мен жаман кызматкер экенимди айтып өзүмдү алдаптырмын. Жиним менен жалган айтыптырмын. Мен арыз жазгандарга да, офицерге да тамаша иретинде гана калп эле кыйкырып жүргөн экенмин, бирок мен эч качан чын ниетимден ачуулана алмак эмесмин. Анткени, өзүмдүн жан-дүйнөмдө буга каршы көптөгөн, көптөгөн элементтер барын дайыма туяр элем, бул карама-каршы элементтердин менин ичимде кайнап жатканын сезчүүмүн. Алар өмүр бою ичимде кыбырап, менден чыгууну суранышканын да билчүмүн, бирок мен аларды чыгарбадым, сыртка атайылап чыгарбадым. Алар мени уялганга чейин алып барышты. Алар мени конвульсияга чейин жеткизишти, тажатып бүтүштү, кандай гана тажатышты!

Мырзалар, мен азыр силерден бир нерсеге өкүнүп, бир нерсе үчүн кечирим сурап жаткандай көрүнбөдүмбү?.. Мен терең ишенем, бул силерге дал ушундай сезилет... Бирок мен силерди ишендирип кетейин, кандай ойлосоңор да мага баары бир...

Мен жаман гана эмес, дегеле бир нерсе болууга жараган жокмун: жаман да, боорукер да, арамза да, чынчыл да эмесмин, баатыр да эмесмин, жада калса курт-кумурска да боло албадым. Азыр өз бурчумда, акылдуу адам эч качан олуттуу түрдө бир нерсе боло албайт, ал эми келесоо гана бир нерсеге айланат деп, өзүмдү пайдасыз, жагымсыз ойлор менен сооротуп жашап келем.

Ооба, мырза, он тогузунчу кылымдын интеллигент адамы моралдык жактан, негизинен, омурткасыз жумшак жан болууга милдеттүү. Кулк-мүнөзү бар ишмер адам көпчүлүк учурда – бул, эң оболу чектелген жан. Бул менин 40 жылдык ишенимим.

Мен азыр кырк жаштамын, а кырк жаш – бул бүтүндөй өмүр эмеспи, анткени бул эң терең карылык. Кырк жылдан ашкан жашоо уятсыздык, абийирсиздик, адепсиздик! Кырк жаштан ашкандар чын жүрөктөн, чынчылдык менен түз карап жооп бергилечи, ушундай эмеспи? Мен силерге айтайын, кырктан кийин кимдер жашарын: акмактар менен шылуундар жашайт. Мен муну бардык аксакалдарга, ушул урматтуу аксакалдарга, күмүш чачтуу, жыпар жыттуу аксакалдарга айтам! Эч тартынбай туруп баарыңардын көзүңөргө айта алам!

Антип айтууга укугум бар, анткени мен өзүм алтымыш жашка чейин жашайм. Мен жетимишке чейин жашайм! Сексен жыл жашайм!.. Бир аз күтө тургулачы! Демимди басып алайынчы... Мүмкүн, мырзалар, мен силерди күлдүрүш үчүн ушунтип айтып жатат деген ойдосуңарбы? Жок, жаңыласыңар. Мен силер ойлогондой, же силер балким ойлогондой шайыр адам эмесмин. Бирок сен менин болбогон бул сөздөрүмө кыжырыңар келип (мен силердин кыжырданганыңарды сезип турам), менден ким экенимди сургагыңар келсе сурагыла. Мен жооп берейин, болгону бир мамлекеттик мекеменин жөнөкөй кызматчысы элем.

Мен эптеп тамак таап жеш үчүн эле кызматка орношком (жалаң ошон үчүн гана), ошондуктан өткөн жылы алыскы туугандарымдын бири мага руханий эрки менен мураска алты миң сом калтырганда, мен дароо иштен чыгып, өз бурчума жайгаштым. Мурда деле ушул бурчта жашачумун, эми ушул бурчка биротоло туруп калдым. Менин бөлмөм жаман, аябай эле жаман, анысы аз келгенсип шаар четинде. Кызматчым карып калган айылдык адам, келесоолугунан улам дайыма көңүлү ачылбай ачуулу жүрөт, ал аз келгенсип андан дайыма жагымсыз жыт чыгып турат.

Мага Петербургдун абасы зыяндуу болуп баратканын жана менин аз каражатым менен Петербургда жашоо абдан кыйын экенин көп айтышат. Мунун баарын билем, ушул тажрыйбалуу, акылман кеңешчилерден да жакшы билем. Бирок мен Петербургда калам. Мен Петербургдан кетпейм! Ошолор айткан үчүн кетпейм... Эх! бирок башка жакка кетеминби же кетпейминби, такыр айырмасы жок. А бирок мээси толук адам эмне жөнүндө эң чоң ыракат менен сүйлөй алат?

II

Эми мырзалар, каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы, эмне үчүн курт-кумурскага да айлана албаганым тууралуу силерге айткым келет. Мен көп жолу курт-кумурска болгум келгенин эч уялбастан, башымды бийик көтөрүп айта алам. Бирок буга да татыктуу боло алган жокмун. Мырзалар, силерге ант берүүгө даярмын, – өтө аң-сезимдүү болуу бул оору, кадимкидей эле чыныгы оору.

Адамдын жашоосу үчүн момун адамдын аң-сезими эле жетиштүү болмок, башкача айтканда, биздин өкүнүчтүү он тогузунчу кылымдын өнүккөн инсанынын үлүшүнө туура келген жана анын үстүнө бүткүл дүйнөдө жок, атайлап өзгөчө курулган Петербургда жашоо бактысыздыгы буюрган адамдын үлүшүнөн жарым, балким чейрек бөлүгүнөн аз үлүш болсо деле жетмек. Мисалы, бардык карапайым адамдар, актёрлордукундай эле аң-сезимге ээ болсом мага толук жетиштүү болмок.

Мен мунун баарын ишмер адамдарды шылдыңдап, тамаша кылуу үчүн, же көйрөңдөнүп жазып жатат деп ойлооруңарга көзүм жетип турат. Бирок мырзалар, айткылачы, ким өзүнүн оорулары менен мактана алат, ал тургай башкаларды тамашалайт? Бирок мен киммин? – муну бардыгы эле жасайт. Ошол оорулуу болгон үчүн текеберленишет, мен балким, башкаларга караганда көбүрөк текебер чыгармын. Талашпайлы. Менин каршылык көрсөткөнүмдүн өзү күлкүлүү. Бирок ошентсе да өтө өнүккөн аң-сезим гана эмес, бардык эле аң-сезим – бул оору экенине бекем ишенем. Бул менин ишенимим.

Эми муну бир мүнөткө калтыра туралы. Мага муну айткылачы: эмне үчүн атайылап жасагансып, мен «бардык сулуулуктун жана бийиктиктин» бардык кылдат жактарын эң жакшы тааный алууга жөндөмдүү мүнөттөрдө, акыл-эсимди жоготуп койгон сыяктуу, жагымсыз иштерди... ооба, андай иштерди ар ким жасайт дечи, бирок такыр андай кылбаш керектигимди түшүнүп туруп, эмнегедир дал ошол убакта жаман иштерди жасайм?

Канчалык жакшылыктарды, ушул сыяктуу “сулуулук жана бийиктикти” жакшырак түшүнө баштасам, ошончолук терең баткакка батып, ага батып кетүүгө ошончолук жөндөмүм артат. Бирок эң негизги өзгөчөлүк, мунун баары менде кокусунан эмес, демек, өзүмдүн табигатым ошондой болуш керек дегендей сезим келди. Бул менин эң нормалдуу абалымдай, эч кандай оору же айнып баратканымдын белгиси эместей туюлуп, акыры бул кемчилигим менен күрөшкүм келбей калды.

Мен бул, менин кадимки абалым экенине дээрлик ишендим (же мен чындап ишенгендирмин). Бирок адегенде, башында, бул күрөштө канча азап тартпадым дейсиң! Бул менде гана эмес, башкалардын да башында барына ишенчү эмесмин, ошондуктан муну өмүр бою сыр катары ичимде сактадым.

Мен уялчумун (балким азыр да уялам). Мен Санкт-Петербургдагы эң жаман түндөрдүн биринде өз бурчума кайтып келип, бүгүн мен дагы бир жийиркеничтүү иш кылганымды, ал кылганымды артка кайтарууга болбой турганын ойлоп, ал кылыгым ичимди уйгу-туйгу кылып, өзүмдү жемелеп, кемирип жатсам да, ошол эле убакта тымызын жылып келген, кебетеси суук, жүзү кара, таттуу ыракаттануу акырындан жан дүйнөмдү ээлеп алып, акыры, чечкиндүү, олуттуу ыракатка айланат! Ооба, ыракаттануу, ыракат алуу! Мен биротоло анын ысык кучагында калам.

Ошон үчүн мен муну так билгим келип ушул сөздү баштадым: башкалар да ушундай ыракаттарды алат болду бекен? Мен сага түшүндүрүп кетейин: ыракат дал ушул адамдын өзүнүн эң эле абийирсиздигин өтө курч сезгендигинен чыгат, анткени сен өзүңдү акыркы чектеги дубалга жеткендей сезесиң. Бул жаман, бирок башкача болушу мүмкүн эмес, сен үчүн эч кандай башка жол жок, сен эч качан башка адам болуп кете албайсың. Башкача болуп өзгөрүүгө убакыт жана ишеним болсо дагы, балким, өзүңдү өзгөрткүң келбейт, бирок ал өзгөрүүнү кааласаң да, эч нерсе кылмак эмессиң, анткени чындыгында өзгөртөр нерсе жок.

Ал эми эң негизгиси жана жеткен чеги – мунун баары күчтүү аң-сезимдин нормалдуу жана негизги мыйзамдары боюнча, бул мыйзамдардан түздөн-түз келип чыккан инерция менен ишке ашат, демек, бул жерде эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн эмес, эч нерсе кыла да албайсың. Мисалы, аң-сезиминин жогорулашынын натыйжасында ал шылуун экенин моюнга алат, бул шылуунга өзүн-өзү сооротуу деген сыяктуу, анткени ал өзү чындап эле арамза экенин сезип калган. Бирок жетишет...

Ой, жанатадан бери бирдемелерди айткансып эле жатам, а эмнени түшүндүрдүм?.. Анда бул жерде алган ыракатты кантип түшүндүрсө болот? Бирок мен баары бир түшүндүрүп берем! Анын аягына чейин чыгам! Ошон үчүн колума калем алдым...

Мисалы, мен өзүмдү аябай жакшы көрөм. Мен эргежээл, бүкүр сыяктуу таарынчаак, сезимталмын. Бирок чындап эле ушундай учурлар болгон, эгер бирөөлөр мени жаакка чапса, балким, буга сүйүнмөкмүн. Мен муну тамашалап айткан жокмун, балким бул жерден да кандайдыр бир ыракат таба алмакмын, албетте, ал үмүтсүздүктүн ыракаты болмок, бирок үмүтсүздүктө да эң ысык, куйкалай турган ыракаттар бар, айрыкча өз кырдаалыңдын үмүтсүздүгүн абдан жакшы билгенде. А бул жерде жаакка чапканда – ооба, ушул учурда гана аң-сезим сени кандай май менен майлап жатканын сезесиң.

Эң негизгиси, аны кайсыл жагынан карасаң да, баарынан мурда күнөөлүү өзүммүн, эң өкүнүчтүүсү, күнөөлүү болбосом да табият мыйзамына ылайык, баары бир күнөөлүү мен болуп чыгам. Себеби, биринчиден, айланамдагылардын баарынан акылдуумун. (Өзүмдү дайыма айланамдагылардын баарынан акылдуу эсептечүмүн, ишенсең, кээде андан уялчумун. Уялганымдан өмүр бою адамдардын көзүн эч качан тик караган жокмун.) Ошондуктан, баары бир мен күнөөлүүмүн, менде айкөлдүк бар болгон күндө да, анын бардык пайдасыздыгын сезгендиктен азабым да көбүрөк болмок.

Балким айкөлдүгүмдүн айынан эч нерсе кыла алмак эмесмин, мүмкүн кечирбешим керек эле, анткени кылмышкер мени табият мыйзамы боюнча ургандыр, ал эми табияттын мыйзамы кечирилбейт. Дагы бир нерсени унутпайлы, жаратылыш мыйзамдары болсо да, бирок баары бир ал катуу тиет, таарынбай коюу оңой эмес.

Акыры, мен такыр эле айкөлдүк кылгым келбей, таарынткан адамды кечиргим келбесе да, андай кыла албайт болчумун, мейли, ал нерсе колуман келсе дагы эч нерсе кылууга батынмак эмесмин. Эмне үчүн батынбайм? Эми ушул тууралуу эки сөз айткым келет.

III

Кантсе да өч алууну билген, дегеле өзүн коргой алган адамдарда – бул кандай болот болду экен? Алар өч алуу сезимине алдырып койгондуктан, ошол учурда алардын бүтүндөй жан-дүйнөсүндө ушул сезимден башка эч нерсе болбойт. Андай мырза мүйүзүн ылдый кылып, кутурган букадай түз эле максатын көздөй чуркайт, аны бир гана дубал токтотушу мүмкүн. (Баса, дубалдын алдында мындай мырзалар, башкача айтканда, карапайым адамдар жана ишкерлер чын жүрөгү менен багынып беришет. Мисалы, биз сыяктуу ойлонгон, ошондуктан эч нерсе кылбаган адамдар үчүн дубал кыйынчылыкты жаратса, а алар үчүн бул дубал кыйынчылык эмес. Адатта өзүнө ишенбеген, бирок анын жолукканына дайыма абдан кубанган, жолдон артка кайтууга табылган шылтоо да эмес. Жок, алар чын ыклас менен багынышат. Дубал алар үчүн кандайдыр бир тынчтандыргыч, моралдык жактан чечүүчү жана акыркы, балким мистикалык нерсе... Бирок дубал жөнүндө кийинчерээк.)

Кыскасы, кайсы бир момун адамды мен чыныгы, аны назик энеси өзү көргүсү келгендей нормалдуу адам деп эсептейм, аны бул дүйнөгө жаратылыш, мээримин төгүп өзү төрөп бергенсийт. Мындай кишиге аябай суктанам. Мүмкүн ал келесоодур, силер менен бул маселе боюнча талашпайм. Бирок балким, кадимки момун адам келесоо болушу керектир, силер кайдан билесиңер? Балким, бул келесоолук дегениң эң сонун нерседир.

Мен буга ого бетер ынандым, мындайча айтканда, эгерде биз, мисалы, кээ бир адамдын, башкача айтканда, адам табияттын койнунан чыккан эмес, а лабораториядагы ичке моюндуу сүйрү идиштен чыккан деп терең ишенген адамдын антитезасын ала турган болсок, (бул дээрлик мистика, мырзалар, бирок мен да шектенем), анда бул жасалма жол менен жаралдым деп эсептеген адам кээде өзүнүн антитезасынын алдында ушунчалык басынгандыктан, ал өз абийиринин алдында, өзүнүн бардык бийик аң-сезими менен өзүн адам эмес, чычкан сыяктуу сезет. Бул канчалык күчтүү аң-сезимдүү чычкан болбосун, бирок ал баары бир чычкан. Эң негизгиси, ал өзүн чычкан эсептейт. Ал жөнүндө андан эч ким суранган жок, а бул маанилүү жагдай.

Келгиле, бул чычкандын иш үстүндөгү аракетин карап көрөлү. Мисалы, ал да таарынган (ал дайыма эле таарынып жүрөт), ошондой эле өч алгысы келет дейли. Анын ичинде табият өзү жараткан адамга караганда көбүрөк ачуу болушу мүмкүн.

Кылмышкерге ошол эле жамандык менен кайтарууну каалаган жийиркеничтүү каалоо, балким, табият өзү жараткан адамга караганда, аны андан да жаман тынчын алат, анткени табият өзү жараткан адам, өзүнүн тубаса акылсыздыгы менен, өзүнүн өч алуусун туура, адилеттүү эсептейт. Ал эми чычкан аң-сезими жогорулашынын натыйжасында бул адилеттикти жокко чыгарат. Бул акырында – кек алуу актысы.

Байкуш чычкан, баштапкы ыпластыгынан тышкары, буга чейин эле айланасында суроолор менен күмөн саноолорду, башка да көптөгөн жаман нерселерди үйүп алууга жетишкен. Бир суроо чечилбеген көптөгөн суроолорду алып келгендиктен, анын тегерегине эрксизден кандайдыр бир жугундулардан, таштандылардан, анын шектенүүлөрүнөн, тынчсыздануусунан жана айланасындагы аны шылдыңдап, тамактары айрылгыча каткырып-күлүп караган соттор, диктаторлор сыяктуу ишмерлердин ага түкүргөн түкүрүктөрүнөн турган кандайдыр бир сасыган баткак пайда болгон. Өзүнүн жаман, сасык жер астындагы уясында, биздин таарынган, таяк жеп, шылдыңданган чычкан дароо муздак, уулуу жана эң негизгиси түбөлүктүү таарынычына батат.

Кырк жыл болсо дагы, таарынычын эң акыркы, майда-чүйдөсүнө чейин эсине сактап, ошол эле учурда ар бир жолу өзүнөн да өткөн жаманчылыктарды кошуп, өз кыялы менен өзүн өзү аябастан шылдыңдап, кыжырданат. Ал өз кыялдарынан уялат, бирок баары бир баарын эстеп, бардыгын кайрадан басып өтүп, бул да болушу мүмкүн деген шылтоо менен өзү жөнүндө болуп көрбөгөндөрдү ойлоп табат, эч нерсени кечирбейт.

Ошентип, ал өч ала башташы мүмкүн, бирок эмнегедир өч алуу укугуна да, өч алуу ийгилигине да ишенбей, өзү өч алгандан эң биринчи кезекте өзү жүз эсе көп жабыр тартарын алдын ала билип, далдоо жерден, майда, байкалбаган жолдор менен аракеттенет, тиги анын аракеттерин сезип да койбойт. Өлүм төшөгүнө баш койгондо да ал бардыгын ушул убакка чейин чогулган үстөгү менен кайрадан эстейт жана...

Бирок дал ушул суук, жийиркеничтүү жарым үмүтсүздүктө, жарым ишеним, ушул кырк жыл бою сыртка чыгарбай сактап, өзүн-өзү тирүүлөй көмгөн кайгыда, ушул күчтүү үмүтсүздүктөн жаралган, бирок жарым-жартылай күмөндүү позицияда, жан-дүйнөсүнө бекем кирип, жетпей калган каалоолордун, кыялдардын уусунда, ушунча арсар абалда түбөлүккө кабыл алынган чечимдерде жана бир мүнөттөн кийин кайра тобо кылууларда – жанатан бери мен айткан эң таттуу ыракаттын ширеси катылган.

Ал ушунчалык тымызын, кээде аң-сезимден тышкары болгондуктан, бир аз чектелген адамдар, жада калса нервдери күчтүү адамдар да андагы өзгөчөлүктү түшүнбөйт. Балким, бул деле түшүнбөстүр деп жатсаңар керек өзүңөрчө, «эч качан жаакка чаптырып көрбөгөндөр» деп кошумчалап, ошондуктан менин дагы өмүрүндө жаакка бир жегенимди эсепке алып, билермандай айтканымды сылык-сыпаа ишарат кылсаңар керек.

Мен мелдешкенге даярмын, силер дал ушинтип ойлоп жатасыңар. Бирок тынчтаныңыздар, мырзалар, мени эч ким жаакка чапкан эмес, бирок мага силердин ал жөнүндө кандай ойлогонуңар баары бир. Балким, өмүрүмдө башкаларды жаакка аз чапканыма өкүнүп жаткандырмын. Бирок болду, силер үчүн бул өтө кызыктуу тема жөнүндө сөз жетиштүү го деп ойлойм.

Мен ыракаттын белгилүү бир назик, жагымдуу жактарын түшүнбөгөн нервдери күчтүү адамдар жөнүндө токтоолук менен сөз улантайын. Бул мырзалар, мисалы, кээ бир өзгөчө окуяларда, букадай бакырганы менен, бул албетте, аларга эң чоң сый-урмат алып келет дейли. Бирок мен жогоруда айткандай, жасоого мүмкүн болбос иштерге жолугуп калышса дароо моюн сунуп олтуруп калышат. Мүмкүн эместик, демек – таш дубал дегенди билдиреби? Ал эмне болгон таш дубал?

Ооба, албетте, жаратылыш мыйзамдары, табият илимдеринин тыянактары, бул математика. Маселен, адамзат маймылдан тараганын сага далилдеп беришери менен, кабакты бүркөй турган эч нерсе жок, ошондой кабыл ал. Алар сага чындыгында өзүңдүн бир тамчы майың, сага окшогондордун жүз миңинен да кымбат экенин, ошонун натыйжасында бардык жакшылыктар, парздар жана башка келесоолуктар чечилерин далилдеп беришсе, кабыл ал. Андан башка кылар эч ишиң жок. Анткени, эки жерде эки – математика. Кыйын болсоң каршы чыгып көр.

Коё тур, – деп кыйкырышат алар сага, – сен каршы чыкпа: эки жерде эки төрт! Жаратылыш сенден сурабайт. Ал сенин каалооңду жана анын мыйзамдарын жактырасыңбы, жокпу, ага баары бир. Сен аны кандай болсо ошондой кабылдоого милдеттүүсүң, демек, анын бардык натыйжаларын дагы. Дубал, демек, дубал... жана у.с.б. у.с.б.

Оо, Кудай, мага бул мыйзамдар эмнегедир жакпаса, табияттын жана арифметика мыйзамдары менен ишим канча? Албетте, чындап эле жарып өтүүгө күчүм жетпесе, мындай дубалды чекем менен жарып өтө албайм, бирок мен таш дубалга жолуктум, аны бузуп өткөнгө күчүм жетпейт деп кол көтөрүп багынып бербейм. Мындай таш дубал чындап эле тынчып калуу, эки эсе эки төрт болгону үчүн гана макул болуу дегенди түшүндүргөнсүйт. Оо, абсурддардын абсурддугу!

Ар нерсени түшүнүү, бардык нерседен кабардар болуу, мүмкүн болбогон нерселер жана таш дубалдар бул башка иш. Эгерде макул болууну каалабасаң, бул мүмкүн эместиктердин жана таш дубалдардын бири менен да макул болбо, эң айныксыз логикалык айкалыштар аркылуу түбөлүк тема боюнча эң жийиркеничтүү, атүгүл таш дубалда да кандайдыр бир учурда өзүңдүн да күнөөң бар сыяктуу тыянактарга чейин жет, бирок күнөөлүү эместигиң айкын көрүнүп турса да, унчукпай, алсыздыгыңдан тиш кычыратып, таттуу кыялга бат, ал тургай ачууланып да эч кимге бара албасыңды билип, өзүңдү токтот. Таянарга эч кимдин табылбаганы балким, эч качан табылбастыгы, бул жерде көз боёмочулук, алдамчылык бар экенин, бул жөн гана жугунду экенин далилдейт.

Эмне жана ким экени белгисиз болсо да, ушунун баарына, белгисиздиктерге жана көз боёмочулукка карабай, сенин жан-дүйнөң дагы эле ооруй берет, канчалык белгисиз нерселер көп болсо, ошончолук катуу ооруйт!

IV

– Ха, ха, ха! Ооба, мындан кийин тиш оорудан да ыракат табасыңбы, – деп күлөсүңөр силер.

– Эмнеси бар экен? Тиш оорунун да ыракаты бар, – деп жооп берем мен.

-- Бир ай бою тишиң ооруп жүрдү дейли. А мен ыракат кайсы жерде катылганын билем. Тиши ооругандар албетте, унчукпайт, алар онтошот. Бирок бул онтогондору жөн эле экиленип жатканы эмес, так ушул онтогондун өзүндө азап чегүүнүн ыракаты бар, эгер алар ыракатты сезишпегенде, минтип онтошпойт эле.

Бул жакшы мисал, мырзалар, мен аны андан ары өнүктүрөйүн. Бул онтоолордо, биринчиден, биздин аң-сезимибиз үчүн сенин азабыңдын бардык кемсинткен максатсыздыгы айтылган. Табияттын бардык мыйзамдуулугу, албетте, сен ага эч качан маани бербейсиң, бирок сен азап чегип жатасыңбы же жокпу, ага айырмасы жок болсо да, баары бир сен азап чегип жатпайсыңбы.

Аң-сезим, сенин душманың жок, бирок оору бар экенин айтат, ар кандай вагенгеймдиктер менен тишиңдин алдында кулчулуктасың. Кимдир-бирөө кааласа, тишиң оорубай калат. Эгер каалабаса, дагы үч ай ооруйт, акырында сен дагы эле макул эмес болсоң, дагы эле нааразычылыгыңды көрсөтөм десең, анда өзүңдү сооротуу үчүн өзүңдү камчылоо же дубалды колуң сыздап ооруганча муштоо гана калат, андан башка эч айла жок.

Ооба, мына ушул кимдики экени белгисиз, кандуу кордоодон, бул шылдыңдан, акыры барып ыракат башталып, кээде эң бийик жыргалчылыкка чейин жетет. Силерден суранам, мырзалар, качандыр бир убакта он тогузунчу кылымдын билимдүү инсанынын тиштери ооругандан кийин экинчи же үчүнчү күнү биринчи күндөгүгө окшобогон онтологон онтоосун угуп көргүлө.

Жакшылап байкасаңыз, бул жөн гана тиш ооругандыктан эмес, кандайдыр бир орой мужук сыяктуу да эмес, а өнүгүү, европалык цивилизация таасир берип бузулган адамдай, же азыркыча айтканда “элдин топурагынан, принциптеринен ажыраган” адамдай онтоп жатканын угасыз. Анын онтогону кандайдыр бир жагымсыз, көңүлдү айнытып, жаман угулуп, күнү-түнү уланат.

Анан да ал онтогон менен өзүнө эч кандай пайда алып келбесин жакшы билет. Өзүн да, башкаларды да тажатып жатканын жакшы түшүнөт. Анын онтогонун уккан коомчулук да, анын бүт үй-бүлөсү да аны жийиркенүү менен угуп, ага бир тыйынча ишенбей, анын башкача, жөнөкөй, кытмырланбай онтосо болорун түшүнүшөт, бирок ал кежирлигинен экиленип онтолоп жатканын да билишет.

Ооба, жыргалчылыктын бардыгын мына ушул аң-сезим жана маскарачылык ичине камтыйт. “Силердин тынчыңарды алып жатам, жүрөгүңөрдү жаралап, үйдөгүлөрдүн баарын уктатпай жатам. Демек, уктабагыла, тиштерим ооруганын силер да мүнөт сайын мени менен кошо сезгиле. Мен азыр мурда көрүнгүм келгендей баатыр эмесмин, жөн гана жаман адаммын, оорулумун. Мейли, ошондой болсун! Мени түшүнгөнүңө абдан кубанычтамын. Менин экиленип, жасалма онтогонумду уккуңар келбейби? Мейли, жаман десеңер жаман эле болсун. Эми мен силерге мындан да жаман кылам...”

Дагы эле түшүнө элексиңерби, мырзалар? Жок, бул жыргалчылыктын бардык ийри сызыгын түшүнүү үчүн терең өнүгүп, толук аңдап-түшүнүү кереги анык! Күлүп жатасыңарбы? Абдан кубанычтуумун. Тамашаларым, мырзалар, албетте, даамы начар, бир кылка эмес, чаташкан, өзүнө ишенбөөчүлүк бар. Бирок бул өзүмдү сыйлабагандыктан. Дегеле аң-сезимдүү адам өзүн бир аз болсо да сыйлай алабы?

V

Айткылачы, өзүн басынткан сезимдерден ыракат тапкан адамды урматтоого болобу? Муну азыр кылган ишиме өкүнгөндүктөн айткан жокмун. Дегеле, «кечир мени, ата, мен мындан кийин андай кылбайм» дегенди жаман көрөм. Буну айканга кудуретим жетпегендиктен эмес, тескерисинче, андай кудурет менде көп болчу, болгондо да шумдуктай көп болчу. Кээде өзүмдө эч кандай күнөөнүн изи жок болсо да атайылап же байкабай ал сөздөрдү айткан учурлар болгон. Баарынан жаманы ушул. Ошол маалда мен жан-дүйнөмдү козгоп, тобо кылдым, көз жашымды төктүм, албетте, ошол убакта анткорлонбосом да өзүмдү алдадым. Жүрөгүм титиреп турчу...

Бул жерде жада калса жаратылыш мыйзамдарын да күнөөлөгөнгө болбойт. Бирок ошентсе да, жаратылыш мыйзамдары мени дайыма, өмүр бою таарынтып келген. Мунун баарын азыр эске салуу жийиркеничтүү, ошол учурда да жийиркеничтүү болчу. Чынында бир мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин эле, бул назиктиктин, тобо кылуулардын, кайра жаралуу убадаларынын, баары жалган, бардыгы жийиркеничтүү жасалма калп экенидигине көзүм жетип, кыжырым келчү.

Анда сурагылачы, эмне үчүн өзүмдү ушунчалык тытмалап, кыйнадым? Жооп: анда, жөн эле отура берүү абдан кызыксыз болгон, ошондуктан ушинтип аңтарып-теңтере баштагам. Чынында ошондой болгон. Өзүңөрдү жакшылап карагылачы, мырзалар, ошондо түшүнөсүңөр бул ушундай экенин. Өзүмө укмуштуу окуяларды ойлоп таап, жок дегенде зерикпей жашоо үчүн кандайдыр бир кооз жашоону жараткам.

Менде атайылап эч кандай себепсиз таарынуулар далай болгон. Силер билесиңерби, эч кандай себепсиз таарынып, өзүңө болбогон нерселерди үйүп аласың да, анан өзүңдү ушундай бир абалга жеткиресиң, акырында, чындап эле таарына баштайсың. Эмнегедир өмүр бою ушундай нерселерден кутулгум келчү, бирок аягында өзүмдү башкарганга да менде күч жок болуп калды. Өзүмдү зордоп сүйгүм келген күндөр болгон, ал эмес эки жолу. Мырзалар, ишенип койгула, мен көп азап тарткам.

Жан дүйнөмдүн түпкүрүндө, азап чегип жатканыма ишенбейм, өзүңдү шылдыңдагың келет, бирок ошентсе да мен азап тарткам, ал тургай, чындап, реалдуу түрдө. Кызгангам, ичим тарыган, ачуум келгенде эмне кылганымды билбей калчумун...

Ушунун баары, мырзалар, бардыгы зеригүүдөн, инерция туткундап алган. Анткени, аң-сезимдин түз, мыйзамдуу, жемиши – бул инерция, аң-сезимиң колу-бутуңду тушап алган. Бул тууралуу жогоруда айткам. Кайталаймын, баса кайталаймын: бардык момун адамдар жана ишкерлер – булар бардыгы келесоолор жана чектелгендер, ошол себептүү алар ийгиликтүү келишет. Аны кантип түшүндүрүүгө болот?

Ал мындай: өздөрүнүн чектелүүлүгүнөн улам, алар эң алгачкы жолуккан экинчи даражадагы себептерди, биринчи даражадагы себептер деп адаштырып кабыл алышат, ошентип, алар өз иштерине башкаларга караганда тез, оңой, талашсыз негиз тапканына ынанышат да, тынчып калышат. А бул башкы нерсе. Анткени, иш-аракетти баштоо үчүн эч кандай шек калбаш керек, баштачу ишиңдин ийгилигине толук ишеним болушу зарыл.

Ооба, мисалы, мен кантип өзүмдү тынчтандырсам болот? Менин алгачкы себептерим кайсы, таянган негиздер кайда? Аларды кайдан алсам? Мен ойлоном, демек, мен үчүн ар бир негизги себеп дароо анын артына башкасын, андан да негизгисин жана башкасын чексиз өлчөмдө сүйрөп чыга берет. Бардык аң-сезимдин, ой жүгүртүүнүн түпкү маңызы ушунда. Демек, бул дагы табият мыйзамы. Акыркы жыйынтык кандай? Ооба, мурдагыдай эле.

Эсиңердеби, жана эле мен өч алуу жөнүндө айткам (Албетте, силер түшүнгөн жоксуңар). Адам өч алуудан адилеттүүлүктү табат деген кеп бар. Демек, бул анын түпкү себебин тапты, пайдубалын тапты дегенди билдирет, тактап айтканда: адилеттүүлүктү тапты. Ошондуктан, ал бардык тарабынан кам санабайт, демек, өзүнүн туура жана адилеттүү иш кылганына көзү жетип, коркпой жана артына олку-солку болуп кылчактабай өч алат. Бирок мен бул жерден адилеттикти көрбөй турам, эч кандай жакшылыкты да таппайм, демек, өч алганым, бул ачуумдун гана жемиши.

Ачуу, албетте, бардыгын, бардык шектенүүлөрүмдү жеңе алмак, демек, ал өзү себеп болбосо да, баштапкы себептин ордуна ийгиликтүү кызмат өтөмөк. Бирок ачуум жок болсо эмне кылышым керек (мен адегенде эле ошондон баштагам). Кайрадан, аң-сезимдин бул каргыш алган мыйзамдарынын натыйжасында менин кара жиним химиялык ажыроого учурайт. Карап көрсөң, объект жок, себептери бууланып, күнөөлүү табылбайт, кордук кордук эмес, тагдырга, тиш оорусу сыяктуу эч ким күнөөлүү эмес бир нерсеге айланат, демек, кайра эле мындан чыгуунун баягы эле жолу – башкача айтканда, дубалды муштумуң канагыча койгулоо гана калат.

Колуңду шилтеп басып кеткенден башка арга жок, анткени силер баштапкы себепти тапкан жоксуңар. Эми өзүңөрдүн сезимиңерге сокур, негизсиз, түпкү себепсиз баш ийип, жок дегенде ушул кыска убакка аң-сезимиңерди айдап салууга аракет кылып көргүлө. Жек көргүлө же сүйгүлө, иши кылып алаканыңарды жайып жөн отурбагыла. Эртеңки күнү, бул эми эң акыркы мөөнөт, силер өзүңөрдү атайылап алдаган үчүн өзүңөрдү басынта баштайсыңар. Натыйжа: самындын көбүгү жана инерция.

О, мырзалар, балким, мен өзүмдү акылдуу деп эсептегенимдин бирден-бир себеби, өмүр бою эч нерсени баштай да, бүтүрө да албаганым. Мейли, мейли, башкалардай эле көп сүйлөгөн, зыяны жок, бир келжирекмин. Ал эми ар бир акылдуу адамдын бирден бир жалгыз максаты келжирек сөздөрдү сүйлөө, б.а. бош идиштен жок идишке атайылап төгүү болсо, эмне кылуу керек.

VI

Эх, эч нерсе кылбаганым жалкоолуктан болсо кана. Кудай ай, мен ошондо өзүмдү кандай гана сыйлайт элем. Ошондой болсо өзүмдү чындап сыйламакмын, анткени жок дегенде жалкоолукка ээ болуп жатпаймынбы; жок дегенде өзүм ишенген бир позитивдүү сапатым болмок. Суроо: ал ким? Жооп: ал жалкоо. Ооба, өзүң жөнүндө мындай жагымдуу сөз уксаң кандай жакшы. Демек, мен жөнүндө айтар бир нерсе бар экен да. Жалкоо адам! – бул деген наам жана дайындоо, бул мансап, мырзалар. Тамаша дебегиле, бул чындык. Ошондо мен эң мыкты клубдун анык мүчөсү болмокмун жана өзүмдү дайыма сыйлап жүргөндөн башка иш кылбайт элем.

Мен Лафит (Кызыл жүзүмдүн сорту) жөнүндө көп билгени менен өмүр бою сыймыктанган мырзаны билчүмүн. Муну ал өзүнүн позитивдүү, ага кадыр-барк алып келген сапаты деп эсептеп, өзүнүнүн бул чындыгына бекем ишенчү. Ал, жөн гана абийири менен эмес, жеңишке жеткен сыяктуу салтанаттуу абийири менен өлгөн жана бул абдан туура болгон. А мен өзүмө мындай карьераны тандамакмын: мен жалкоо жана соргок адам болмокмун, бирок жөнөкөй эмес, мисалы, бардык кооз, бийик нерселерге боор ооруган жалкоо болот элем. Бул силерге жагабы? А бул менин оюмдан көптөн бери кетпей жүрөт.

Бул «сулуу жана бийик нерселер» чындап кырк жашымда желкемден алды, бирок бул менин кырк жашымда болуп жатканын айтпайсыңбы, ушунун бардыгы мурда болгондо эмне. Оо, анда таптакыр башкача болмок! Мен дароо өзүмө ылайык иш табат элем, атап айтканда: ден соолук үчүн жана бардык кооз, бийик нерселер үчүн ичмекмин. Мен адегенде ар бир окуядан кынтык тапмакмын да, анан чөйчөгүмдөгү шарапка бир тамчы көз жашымды тамызып, аны бардык кооз, бийик нерселер үчүн көтөрмөкмүн. Мен анда дүйнөдөгү бардык нерселерди кооз жана бийик нерселерге айландырмакмын. Эң жийиркеничтүү, сасыган таштандыдан да сулуулукту жана бийиктикти табат элем. Нымдуу губка сыяктуу көз жашым төгүлүп турмак.

Сүрөтчү, мисалы, Генин сүрөтүн тартсын. Генин сүрөтүн тарткан сүрөтчүнүн ден-соолугу үчүн дароо ичмекмин, анткени бардык кооз, бийик нерселерди сүйөм. Жазуучу "кимге кандай нерсе жагат" деп жазсын. Мен дароо "кимге кандай нерсе жагат" деп жазган автордун ден-соолугу үчүн ичем, анткени баарынан "сулуу жана бийик" нерселерди жакшы көрөм. Бул кылыгым үчүн мени сыйлоону талап кылам, сыйлабагандарды куугунтуктайм. Мен тынч жашайм, салтанаттуу өлөм – бул кандай жакшы, кандай сонун!

Анан мен ушундай чоң курсак байламакмын, үч кабат ээк күтмөкмүн, кызыл мурундуу болмокмун, баары мени карап: «Бул кандай мыкты адам! Бул абдан жакшы адам!" дешмек. А биздин жакшысынан жаманы көп доордо мындай мактоолорду угуу өтө жагымдуу, мырзалар.

VII

Бирок булардын баары таттуу кыялдар. Ой, айтчы, муну ким биринчи жарыялады, адам өзүнүн чыныгы кызыкчылыгын билбегендиктен ыплас амалдарды гана жасайт деп ким биринчи жар салды? Эгерде аны агартып-көгөртүп, билим берип, көзү анын чыныгы кызыкчылыктарына ачса, анда адам дароо ыплас амалдарын токтотуп, дароо боорукер, асыл адам болуп калабы? Балким тазалангандан кийин ал чыныгы пайдасын түшүнүп, өз кызыкчылыгы үчүн жакшы амалдарды жасамак, анткени эч ким билип туруп өз кызыкчылыгына каршы иш кылбасы белгилүү эмеспи. Демек, мындайча айтканда, зарылчылыктан улам жакшылык кыла баштамак деп ойлойсуңарбы?

Эй, балдарым! Оо, наристедей таза, бейкүнөө балдарым! Биринчиден, качан эле бул миңдеген жылдар аралыгында адам өз кызыкчылыгы үчүн иш кылганы болду эле? Адамдар билип турса да, башкача айтканда, чыныгы пайдасын толук түшүнсө да, аларды экинчи планга түртүп, бирөөлөр көрсөткөн жолго түшүүнү каалабай, тобокелге салып, башка, эч ким, эч нерсе жасоого мажбурлабаган, татаал, абсурд жолго атайылап түшүп, өжөрлүк менен, жолду дээрлик караңгыда издеп келишкенин күбөлөндүргөн миллиондогон фактыларды кайда катабыз? Кантсе да бул өжөрлүк, эркиндиги, алар үчүн чындап эле кандайдыр бир пайдадан да жагымдуу окшобойбу...

Пайда! Пайда деген эмне? Ал эми адамдык пайда эмнеден турарын так аныктоону өз мойнуңарга ала аласыңарбы? Ал эми адамдын пайдасы кээ бир учурда өзүңө жагымдуу эмес, жагымсыз нерселерди каалооңо жараша болушу мүмкүн болсочу? А эгер ушундай иштер болушу мүмкүн болсо, анда бүт эрежелердин чаңга айланганы ошол. Мындай учурлар бар деп ойлойсуңарбы?

Силер күлүп жатасыңар. Күлө бергиле, мырзалар, бирок жооп берип койгулачы: адамдын пайдасы абдан туура эсептелгенби? Эч кандай классификацияга туура келбей, анын алкагына бата албай калгандар барбы? Анткени, силер, мырзалар, менин билишимче, адамдык пайдалардын реестрин орточо эсеп катары, статистикалык цифралардан, илимий-экономикалык формулалардан алгансыңар.

Анткени, силердин пайдаңар – бул жыргалчылык, байлык, эркиндик, тынчтык жана башкалар. Ошентип, мисалы, билип туруп бул реестрге ачык каршы чыгар адам, силердин оюңар, жана албетте, менин оюм боюнча дагы, караңгы же таптакыр жинди неме болмок, туурабы? Бирок таң калычтуусу бул: эмне үчүн бул статисттердин, даанышмандардын, адам баласын сүйгөндөрдүн баары адамдык пайданы эсептеп жатканда дагы бир пайданы дайыма көрмөксөн болуп өткөрүп жиберишет?

Алар аны кабыл алуу керек болгон формада да эсепке алышпайт, а бүт эсеп ушундан көз каранды. Бул пайданы тизмеге киргизип койгондо мынчалык чоң кыйынчылык болбойт эле. Бирок бардык маселе ушул жерде, бул татаал пайда эч кандай классификацияга жатпайт, эч кандай тизмеге кирбейт. Мисалы, менин бир досум бар... О, мырзалар! Эмнеге меники, ал сенин да досуң, ал кимге гана дос эмес!

Ишке даярданып жатып, бул мырза акыл менен чындыктын мыйзамдарына ылайык кандай иш-аракет кылышы керектигин дароо чечип, аны так түшүндүрүп берет. Ал гана эмес толкундануу, кумарлануу менен ал сени менен чыныгы, адамдык кызыкчылыктарың жөнүндө кадыресе сөз кылат. Өз пайдасын да, жакшылыктын чыныгы маанисин да түшүнбөгөн алысты көрө албаган акмактарды шылдыңдайт, анан эле туура чейрек сааттан кийин, күтүүсүздөн, эч кандай себепсиз, тактап айтканда, анын бардык кызыкчылыктарынан да күчтүү ички сезими менен таптакыр башка жолго түшөт. Ал жаңы эле өзү айткан нерселерге каршы чыгат: мыйзамдарга да, өзүнүн пайдасына да каршы, бир сөз менен айтканда, баарына каршы...

Мен силерге эскертип коёюн, досум жамдама, образдуу адам, ошондуктан жалгыз аны күнөөлүү деш кандайдыр бир деңгээлде кыйын. Болгону, мырзалар, ойлоп көрсөңөр дээрлик ар бир адам үчүн эң жакшы пайдасынан да кымбат, башка бардык пайдалардан маанилүү, пайдалуу жана ал үчүн адам, керек болсо бардык мыйзамдарга, акылга, ар-намыска, бейпилчиликке, жыргалчылыкка каршы чыгууга даяр. Бир сөз менен айтканда, бардык ушул кооз жана пайдалуу нерселерди алмаштыра ала турган, кандай кылса да өзү үчүн эң кымбат, алгачкы, эң пайдалуу пайдасына жетсем деп умтулган эң пайдалуу пайда чындап эле бар экендиги жалганбы.

“Ооба, бул ошол эле пайда да” – деп сөзүмдү бөлөрсүңөр. “Уруксат бергиле, аны кийин түшүндүрөм, азырынча айтарым, бул жөн гана сөз оюну эмес, бул пайданын артыкчылыгы. Биздин баардык классификацияларыбызды, адамдын бактысы үчүн адам тукумун сүйүүчүлөрү түзгөн бардык системаларды тынымсыз бузуп жаткандыгында. Бир сөз менен айтканда, ал бардыгына каршы чыгып тоскоолдук жаратат.

Бирок мен силерге бул артыкчылыкты айтуудан мурун, жеке өз оюмду жашырбай айткым келет, ошондуктан тайманбастык менен билдирем, бул эң сонун системалардын бардыгы, адамзатка анын чыныгы, нормалдуу кызыкчылыктарын түшүндүрүү, ошол кызыкчылыктарга жетүү үчүн умтулуу, сөзсүз ошол замат боорукерлик жана асылдыкка алып келбейт, бул менимче логистика гана! Ооба, жөн гана логистика!

Анткени, бул бүтүндөй адамзаттын жаңылануу теориясын өзүнүн пайдалар системасы аркылуу ырастоо, менимче, мисалы Боклге кошулуп, цивилизация адамды жумшартат, натыйжада канкордук азайып, согушка жөндөмсүз болуп калат дегени менен дээрлик бирдей...

Логикалык жактан алганда, ал дал ошондой көрүнөт. Бирок адам системага жана абстракттуу тыянакка ушунчалык катуу берилип, аны ээрчитүүгө жөндөмдүү, ошондуктан чындыкты атайылап бурмалоого барат. Өз логикасын актоо үчүн эч нерсени көрбөскө да, укпаска да даяр. Ошондуктан ушул мисалды алдым, анткени бул өтө мыкты мисал.

Тегерегиңерди карагылачы, кан дарыядай агып жатат, ал тургай шампан сыяктуу көбүрүп шаттануу менен. Мынакей, биздин бүтүндөй он тогузунчу кылымыбыз. Мынакей Бакл – улуу жана азыркы Наполеон. Мынакей Түндүк Америка – түбөлүктүү биримдик. Мынакей, карикатурадан жаралган Шлезвиг-Гольштейн... Цивилизация эмнебизди жумшартты болду экен?

Цивилизация адамда сезимдердин ар тараптуулугун гана өнүктүрөт жана... андан башка эч нерсе бербейт. Жана бул ар тараптуулукту өнүктүрүү аркылуу адам балким дагы эле төгүлгөн кандан ыракат алчу даражага жетет. Анткени, башынан ушундай. Байкадыңарбы, эң таза кан төгүүчүлөр дээрлик бүтүндөй маданияттуу мырзалар болгон, алар үчүн бул Атилла менен Стенка Разиндин таман чаңына да татыбайт, алар Атилла менен Стенка Разиндей көрүнүктүү болушпаса да, дал ушул көрүнүктүү болбогон себептен эл арасында кадимки, карапайм адамдар сыяктуу билинбейт.

Цивилизациядан адам мурдагыдан да канкор, балким, андан да жаман, ыплас канкор болуп калды. Буга чейин ал кан төгүүдөн акыйкаттыкты көрүп, күнөөлүү адамдарды таза абийири менен өлтүрчү. А азыр биз кан төгүүнү жийиркеничтүү иш деп эсептесек да, бул жийиркеничтүү иш менен алектенип жатабыз, ал тургай мурункудан да көбүрөк. Кайсынысы жаман? – өзүң чеч.

Элдин айтымында, Клеопатра (Рим тарыхындагы мисал үчүн кечирим сурайм) кулдарынын көкүрөгүн алтын төөнөгүч менен сайгылап кыйнаганды жакшы көрчү экен. Алардын ыйлаганынан, кыйкырып-өкүргөнүнөн ыракат алган. Сен муну салыштырмалуу айтканда, жапайычылык заманында болгон дээрсиң; азыр да заман жапайы, анткени (салыштырмалуу айтканда) азыр да төөнөгүчтөр менен сайгылап кыйнашат. Адам азыр варвар доорундагыдан даанараак көрүүгө үйрөнсө да, ага акыл жана илим көрсөткөндөй иш-аракет кылууга көнө элек.

Бирок баары бир эски, жаман адаттар биротоло жок болуп, акыл-эс менен илим адамдын табиятын толугу менен кайра тарбиялап, нормалдаштырганда ал сөзсүз көнүп каларына толук ишенесиң. Силер ошондо адам өзү ыктыярдуу түрдө ката кетирүүнү токтотот жана мындайча айтканда, өз каалоосу менен өз эркин өзүнүн кадимки кызыкчылыктары менен кагыштырууну каалабайт деп ишенесиңер.

Ал гана эмес силер адамдын чындыгында эрки да, каалоосу да жок экенине, анын эч качан болбогонуна, бирок ал өзү бир фортепиано баскычындай же комуз кылындай бир болбогон нерсе экенине карабай илим өзү үйрөтөт дейсиңер. Андан тышкары дагы эле жаратылыш мыйзамдары бар, ошондуктан адамдын ар бир кылган иши такыр эле анын эрки боюнча эмес, өзүнөн өзү, табият мыйзамдары боюнча жасаларын унутпагыла. Демек, табияттын ушул мыйзамдарын ачуу гана керек, ошондо адам өз иш-аракети үчүн жооп бербей, ага жашоо өтө жеңил болот.

Албетте, адамдын бардык иш-аракеттери бул мыйзамдарга ылайык математикалык түрдө логарифмдердин таблицасы сыяктуу 108 000ге чейин эсептелип календарга киргизилет же андан да жакшысы, азыркы энциклопедиялык лексикондор сыяктуу жакшы ниеттүү басылмалар пайда болот, аларда бардыгы ушунчалык так эсептелип, дүйнөдө мындан ары жоруктар жана ар кандай окуялар болбой турганы көрсөтүлөт.

Ошондо силер бардыгын айтып жатасыңар, жаңы экономикалык мамилелер түзүлөт, алар толугу менен даяр жана ошондой эле математикалык тактык менен эсептелген, ошентип көз ирмемде ар кандай суроолор жок болот, анткени, аларга мүмкүн болушунча жооптор алынган. Андан кийин хрусталь сарай курулат. Анда... Кыскасы, бир сөз менен айтканда, Каган чымчыгы учуп келет.

Албетте, мисалы, ал кезде абдан көңүлдүү болот дегенге эч кандай кепилдик жок (анткени бардыгы таблицага ылайык эсептелгенде эмне кылуу керек) бирок баары өтө этият, өз орду менен болот (мен муну азыр айтып жатам). Албетте, зериккенден эмнени гана ойлоп таппайсың! Жада калса алтын төөнөгүчтөр да зериккендиктен табылган, бирок ал дагы эч нерсе эмес. Баарынан жаман жери (дагы айтып жатам), балким, алтын төөнөгүчтөр шоона эшпей калышы да мүмкүн. Анткени, адам деген келесоо, феноменалдуу келесоо, тактап айтканда, ал такыр келесоо болбосо да, ушунчалык акмак, буга окшогон акмакты издесең да таппайсың.

Мен, мисалы, эч кандай себепсиз эле келечектеги жалпы акыл эстүүлүктүн арасынан кандайдыр бир бейкапар, тагыраак айтканда, эски көз караштагы, кебетеси күлкүлүү мырза пайда болуп, эки колун кайчылаштырып төшүнө алып, баарыбызга мындай деп айтса таң калбайм: мырзалар, биз кайрадан акылы жок эле өз эркибизче жашаш үчүн, бул логарифмдердин бардыгын бут менен, чаңга тээп, тозокту карай айдап салбайлыбы! Ал жалгыз болсо эч нерсе болмок эмес. Бирок сөзсүз анын жолдоочулары табылары өкүнүчтүү: адам ушундай жаралган.

Мунун баары, кыязы, сөзгө арзыбаган куру себептерден чыккан: тагыраак айтканда, адам ар дайым жана бардык жерде, ал ким болсо да өз акыл-эси, пайдасы талап кылгандай эмес, өзү каалагандай иш кылууну жакшы көрөт. Кээ бир учурда өз пайдасына каршы кааласа да болот, кээде бул позитивдүү нерсе (бул менин оюм). Өзүнүн, эч кимге баш ийбеген жана эркин каалоосу, атүгүл эң жапайы каалоосу, өз фантазиясы, кээде жиндиликке чейин жетип кыжырданганы – мына ушунун баары дал ошол биз байкабаган, эң пайдалуу пайданын өзү, аны эч кандай классификацияга бөлүүгө болбойт, анын алдында бүт системалар жана теориялар быт-чыты чыгат.

Анда бул даанышмандар адамга кандайдыр бир нормалдуу, кандайдыр бир жакшы каалоолор керек деп кайдан кабыл алышкан? Эмне себептен адамга сөзсүз ниети таза, пайдалуу каалоолор болушу керек деп ойлошот?

Адамга бир гана нерсе – башкалардын эркине баш ийбеген, ал кандай жыйынтыкка алып келсе да эч мааниге ээ болбогон эркин каалоо керек.

VIII

"Ха-ха-ха!" Бирок чындыгында, каалоо деген түпкү маңызында билгиң келсе, жок нерсе! – деген каткырыгыңар сөздү бөлөт. – Илим адамды ушуга чейин ыдыратып салганга жетишти, азыр биз билебиз, каалоо, эрк боштондугу делген нерселер болгону...

– Бир аз чыдай тургула, мырзалар, мен да ошонтип баштайын дегем. Мойнума алам, мен ал тургай коркуп кеттим.

Мен каалоо деген эмнеден көз каранды экенин шайтан эле билбесе ал эмне деп жаңы гана кыйкырганга камданып калгам. Кудайга шүгүр, аңгыча эле билим жөнүндө эстей койдум... унчукпай олтуруп калдым. Ошол учурда силер сүйлөй баштадыңар.

Чындап эле качандыр бир кезде бардык каалоо, суроо талаптарыбыздын формуласын таба алышса, башкача айтканда, алар эмнеден көз каранды, кайсы мыйзамдардын негизинде өтөт, кандай жол менен таркайт, тиги же бул учурларда кайда умтулат, ушу сыяктуу суроолорго... кыскасы, чыныгы математикалык формула табылса, анда адам ошол замат эч нерсени каалабай калат, а балким, таптакыр каалоосун токтотмок.

Ооба, таблица менен каалоону ким кааласын? Ал аз келгенсип, алеки заматта адамдан комуздун кылы сыяктуу бир нерсеге айланасың. Анткени, каалоосу жок, эрки жок, суроо талабы жок адам, комуз кылынан эмне айырмасы бар? Силер кандай деп ойлойсуңар? Келгиле, ыктымалдыктарды карап көрөлү – мындай болобу же жокпу?

– Гм... – муну силер чечкие, биздин каалоолорубуз көбүнчө туура эмес каалоолордон улам жаңылыш болот. Ошондуктан биз кээде таза эле сандырак нерселерди каалайбыз, анткени бул сандырактыктан кандайдыр бир алдын ала ойлонулган артыкчылыкка жетүүнүн эң оңой жолун көрөбүз. Ооба, мунун баары кагаз бетине эсептелип, түшүндүрүлгөндөн кийин (мындай болушу толук мүмкүн, анткени адам эч качан табияттын мындан башка мыйзамдарын билбейт деп алдын ала ишенүү ыплас жана акылсыздык), – анда албетте, бул каалоолор деген немелер дегеле болбойт. Кантсе да, эгер каалоо акыл менен толук кагылышса, анда биз бир нерсени каалагандан мурда ойлонобуз, анткени, мисалы, акыл-эсиң менен туруп, болбогон нерсени каалап, ошону менен атайылап акылга каршы чыгып, өзүбүзгө жамандык каалашыбыз мүмкүн эмес...

Бардык каалоолорду жана ой жүгүртүүлөрдү чындап эсептеп чыгууга мүмкүн болгондуктан, алар качандыр бир убакта биздин эркиндик делген нерсебиздин мыйзамдарын ачышат, демек, таблицаларга чындап ишеним артып, таблицалар аркылуу каалай баштайбыз. Кандай болгон күндө да, мисалы, эгерде качандыр бир убактарда мен кимдир-бирөөгө турмугумду көргөзкөнүмдү, анткени, дал ошол убакта бармактан бөлөк манжамды көрсөтпөй коюуга мүмкүн эместигин эсептеп, далилдеп беришсе, анда менде кайсы эркиндик калат, айрыкча мен илимпоз болуп, кайсы бир илимий курсту бүтүрсөм? Андай болгондо, отуз жылдык өмүрүмдү алдын ала эсептей алмакмын; бир сөз менен айтканда, ушундай болсо, анда биз кылар эч нерсе калбайт. Баары бир каалайсыңбы, каалабайсыңбы, макул болуу гана керек.

Ал эми жалпысынан, өзүбүзгө баланча учурда, тигил же бул жагдайда жаратылыш бизден сурабайт деп талыкпай кайталап турушубуз керек, аны биз кыялдангандай эмес, ошол турган турпаты боюнча кабыл алуу зарыл экенин, эгер биз чындап эле таблица менен календарларга умтулсак, анда... анда, ичке моюндуу идиште болсо дагы, андан башка айла барбы, ичке моюндуу идиште болсо да, аны кабыл алышыбыз керек! Болбосо ал өзү, сенсиз эле кабыл алынат...

– Ооба, мырза, бирок мен үчүн үтүр ушул жерде коюлат! Мырзалар, силер мени философиялык ойлорум үчүн кечирип койгула; кырк жыл бою жертөлөдөмүн! Мага кыялданууга уруксат бергиле.

Көрдүңөрбү, мырзалар, акыл-эс, мырзалар, бул жакшы нерсе, бул талашсыз, бирок акыл – бул болгону акыл жана ал адамдын акыл-эске жөндөмдүүлүгүн гана канааттандырат, ал эми каалоо – бүткүл жашоону, б.а. адам жашоосунун, акыл жана анын бардык сый-урматы менен бирге көрүнүшүн чагылдырат.

Бул көрүнүштө жашообуз көбүнчө таштандыга окшошсо дагы, ал квадраттан тамыр чыгаруу гана эмес, ал биздин жашоо. Кантсе да, мисалы, өзүмдүн акыл-эс жөндөмдүүлүгүмдү, жашоого болгон бардык жөндөмдүүлүгүмдүн жыйырмадан бир бөлүгүн канааттандыруу үчүн эмес, бүт жашоо жөндөмдүүлүгүмдү канааттандыруу үчүн жашагым келет.

Акыл эмнени билет? Акыл билүүгө үлгүргөн нерселерди гана билет (балким, башка нерсени эч качан билбейт. Бул сооротуу болбосо да, эмне үчүн айтпашым керек?), ал эми адам табияты бүтүндөй, ичиндеги бардык аң-сезимдүү жана аң-сезимсиз нерселер менен аракеттенет, ал калп айтып жатса да жашайт.

Мырзалар, силер мени аяп карай баштадыңар го деп шектенип жатам. Силер мага билимдүү жана өнүккөн адам, бир сөз менен айтканда, келечектин адамы, атайылап өзүнө пайдасыз нерсени каалабайт, бул математика деп кайталап айттыңар. Мен буга толугу менен кошулам, чындап эле бул математика.

Бирок мен силерге жүз кайталайм, бир гана учур, бир гана учур бар, анда адам атайылап, аң-сезимдүү түрдө өзүнө жамандыкты, келесоолукту, ал тургай эң чоң келесоолукту да каалайт, тактап айтсам: өзүнө бир нерсени каалоого милдеттүүлүгүнө байланып калбас үчүн, өз каалоо укугун сактоо үчүн, эң келесоо болгонго дагы макул.

Ошентсе да, бул эң чоң келесоолугу, кежирдиги бул өзүнүкү, а негизгиси, мырзалар, ал биздин бир тууганыбызга жер бетиндеги нерселердин баарынан, өзгөчө учурда эң пайдалуу болушу мүмкүн. Атап айтканда, эгерде ал бизге ачык зыян алып келсе дагы жана артыкчылыктар жөнүндө акылыбыздын эң туура тыянактарына карама-каршы келсе дагы, бардык артыкчылыктардан пайдалуу болушу мүмкүн. Анткени, кандай болгон күндө да ал биз үчүн эң маанилүү, эң кымбат нерселерди, биздин инсандык, жеке касиеттерибизди сактап калат.

Кээси азыр бул, чынында эле, адам үчүн эң кымбат нерсе деп ырасташат; каалоо, албетте, эгер кааласа, акыл менен бириге алат, өзгөчө, бул кыянаттык менен пайдаланылбай, этият колдонулса. Пайдалуу да, кээде мактоого татырлык да болсо. Бирок каалоо абдан көп, ал тургай көпчүлүк учурда ал акылга толугу менен, өжөрлүк менен карама-каршы чыгат жана ... жана ... жана бул да пайдалуу, ал тургай кээде аябай чоң мактоого татырлык экенин билесиңби?

Мырзалар, келгиле, адам келесоо эмес деп эсептейли (Чындыгында, ал келесоо болсо, анда ким акылдуу дегенден улам болсо да, ал жөнүндө мындай дешке эч кандай жол жок?) Бирок эгер келесоо эмес болсо, анда бул жакшылыкты билбегендик! Феноменалдуу шүгүрсүздүк. Атүгүл адамдын эң жакшы аныктамасы: эки буттуу шүгүр кылганды билбеген макулук деп ойлойм. Бирок ушуну менен эле бүтпөйт, бул азырынча анын негизги кемчилиги эмес, анын негизги кемчилиги – топон суудан тартып, адам тагдырынын Шлезвиг-Гольштейн мезгилине чейинки туруктуу акылсыздыгы.

Акылсыздык, демек, бул жаман мүнөз. Анткени акыл-эссиздиктен жаман мүнөзгө башка жол менен чыкпасы эчак эле белгилүү. Адамзат тарыхына көз чаптырууга аракет кылып көрчү; жакшы, эмне көрдүң? Аябагандай көңүлдүү бекен? Балким, ошондойдур да, мисалы, бир эле Родостун эстелиги эмнеге турат!

Ал жөнүндө Анаевский мырза бекеринен айтпаса керек, кээ бирөөлөр аны адамдын колунан жаралган деп айтышат, башкалары табият өзү жараткан дешет. Ар кандай бекен? Балким, ар кандай болсо да бардык доордогу, бардык элдердеги аскердик, жарандык адамдар үчүн бирдей салтанаттуу кийимдерди тартипке салуу – ушунун өзү эле бир нерсеге арзыйт, а чиновниктердин форма кийимдеринин көбүнөн бутуңду сындырып алууга болот, аны толугу менен эч бир тарыхчы тактап бере албайт. Монотондуубу? Ооба, балким, бул монотондуу болуп жүрбөсүн: алар күрөшүп эле келе жатышат, мурда күрөшүп келишкен, азыр да күрөш, алар мурда да согушкан, кийин да, азыр да согушуп жатышат – мына ушул өтө эле монотондуу, кандай дейсиңер.

Бир сөз менен айтканда, бүткүл дүйнөлүк тарых жөнүндө оорулуу башыңа эмне келсе ошонун бардыгын айтса болот. Бир гана нерсени даана айта албайсың – кайсынысы акыл-эске сыярлык? Сөзүңдү баштай электе эле какайсың. Ал тургай мындай учурлар дайыма болуп турат: жашоодо ушундай ак ниет, таза адамдар, акылмандар, адам баласын сүйгөн, өзүн жакшы алып жүргөн, жүрүм-туруму менен башкаларга өрнөк көргөзүүнү өмүр бою максат кылган, аларга өздөрүнүн жүрүм-туруму менен бул дүйнөдө ак ниет, этияттык менен да жашоо мүмкүн экенин далилдеш үчүн жаралган адамдар тынымсыз пайда болуп турат. Андан кийинчи?

Мындай ышкыбоздордун көбү өмүрүнүн акырында эртеби-кечпи, кандайдыр бир күлкүлүү окуяларды, кээде эң эле уятсыз сөздөрдү чыгарып, өздөрүн сатып кетишкендери белгилүү. Эми мен сизге суроо берейин: ушундай түшүнүксүз сапаттарга ээ болгон адамдан эмнени күтсө болот?

Ооба, ага жер бетиндеги бардык жакшылыктарды чач, башы менен аны бакытка чөктүр, ошондо суунун бетинде бакыттын көбүкчөлөрү гана секирип турсун. Ага ушунчалык экономикалык жыргалчылыктарды камсыз кыл, анын уктап, токоч жеп, дүйнөлүк тарыхтын токтобогон ызы-чуусун эрмек кылуудан башка эч нерсеси калбасын, мына ошондо да ал адам бир жаман ишин, жийиркеничтүү жоругун жасайт.

Ал жада калса тобокелчиликке салып токочтон кур калууга даяр, атайылап эң зыяндуу, эң пайдасыз сандырактыкты каалайт, мунун бардыгы акыл-эстүү нерселерге өзүнүн зыяндуу фантастикалык элементин аралаштыруу үчүн гана кылат. Так ошол фантастикалык кыялдарын, адепсиз келесоолугун көрсөтүп, табияттын мыйзамдары өз колдору менен, календарда белгиленгенден башка каалоолорго тыюу салганга чейин ойногусу келсе да, адамдар пианинонун клавишалары эмес, дагы эле адам экендигин (бул абдан зарыл шекилдүү) өзүнө далилдегиси келет.

Бирок бир гана бул эмес: эгерде ал чындап пианино баскычы болуп чыкса да, бул ага табият таануу жана математикалык илим аркылуу далилденсе да, ал бул жерде эсине келбейт, тескерисинче, тек гана кежирдигинен атайылап бир тескери нерсени кылат. А чындыгында ал өзалдынчалыгын, көзкарандысыздыгын сактап калгысы келет. А каражаты жок болуп калганда – кыйратууну, башаламандыкты жана да ар кандай азаптарды ойлоп табат, акыры өз айтканын жасайт!

Каргышын бүткүл дүйнөгө таратат, бир адам гана каргыш айта алгандыктан (бул анын артыкчылыгы, аны башка жаныбарлардан өзгөчөлөнтүп турат), ошондуктан ал, балким, бир каргыш менен эле максатына жетет, б.а. чындап эле ал пианино баскычы эмес, эркек экенине ынанат! Мунун баарын таблицалар менен эсептеп тапса болот десеңер, анда башаламандык да, караңгылык да, каргыш да, алдын ала эсептин мүмкүнчүлүгүнүн бардыгын токтотуп, акыл-эске зыянын тийгизет. Демек, адам мындай учурда өз айтканынан кайтпас үчүн атайлап акыл-эсин жоготуп калп жинди болот!

Мен буга ишенем, бул үчүн мен жооп берем, анткени бардык адамдарда эле ушундай болуш керек деп ойлойм, чындыгында ушундай, адам өзүн өзү дайыма эркек экенин, пианинонун баскычтары эместигин далилдеши керек! Ал муну кыйыр түрдө болсо да, маданиятсыздыгы менен болсо да далилдеди. Ошондон кийин дагы деле жок экенине жана азырынча каалоо эмнеден көзкаранды экенин билбей туруп, күнөөгө батсаң да кантип аны мактабай коё аласың...

Силер мага бул жерде эч ким менин эркимди тартып алгысы келген жок деп кыйкырасыңар. Болгону алар каалоолорумду, кадыресе кызыкчылыктарыма, табият мыйзамдарына жана арифметикага туура келгидей, кандайдыр бир жол менен уюштурууга гана аракет көрүшөт.

– Ой, мырзалар, бул жерде кайдагы эрк болсун, иштин бардыгы таблицалар менен арифметикага туура келгенде кандай эркиндик болот? Эки жолу эки, менин каалоомсуз эле төрт болот. Ушундай да эрк болобу?

IX

Мырзалар, албетте тамашалайм, ийгиликсиз тамашалап жатканымды өзүм билем, бирок баарын эле тамаша катары кабыл алууга да болбойт. Мен балким айласыздан тамашалайм. Бул суроолор мени кыйнап келет, аларды мага чечмелеп бергилечи. Маселен, илимдин, акыл-эстин талабына ылайык адамды эски адаттарынан ажыратып, анын эркин оңдогуң келди. Бирок адамды ушундай жол менен кайра жаратууга мүмкүн экендигин гана эмес, ошондой эле анын зарыл экенин кайдан билесиңер? Адамдын каалоосу өзүн оңдоо үчүн ушунчалык зарыл деген тыянакка кайдан келдиңер? Бир сөз менен айтканда, мындай оңдоо чындап эле адамга пайда алып келерин кайдан билесиңер?

Жалпысынан, акыл жана арифметика аргументтери менен кепилденген реалдуу, кадимки пайдаларга каршы чыкпоо, чындап эле адам үчүн дайыма пайдалуу жана бүткүл адамзат үчүн ушундай мыйзам барына эмне үчүн мынчалык ишенесиңер? Анткени, бул дагы эле силердин божомолуңардын бири гана. Келгиле, бул балким, логиканын мыйзамы деп коёлу. Бирок бул мыйзам таптакыр адамзатка тиешелүү эмес. Мырзалар, балким силер мени жинди деп ойлорсуңар?

Мага өз оюмду билдирүүгө уруксат кылгыла. Мен макулмун. Адам – бул, негизинен чыгармачыл, аң-сезимдүү максатка умтулууга жана инженердик искусство менен алектенүүгө, башкача айтканда, өз жолун түбөлүк, тынымсыз, жок эле дегенде, каалаган жерде салууга бүткүл өмүрүн арнаган жаныбар. Дал ушундан улам, балким, ал кээде сыртка четтегиси келет, анткени ал бул жолду салууга милдеттендирилген, андан тышкары, балким, жалпысынан ишкер адам канчалык келесоо болсо да, кээде жол ар кандай болгон күндө бир жерге алпарат, а негизгиси кайда алпарганы маанилүү эмес, ак көңүл адам жол салууга кайдыгер мамиле жасап, бардык жамандыктын энеси болгон бекерчиликке жол бербесе болгону деген маанилүү ойго келет.

Адам жаңы жолдорду салганды жакшы көрөт, бул талашсыз. Бирок эмне үчүн ал кыйроону, башаламандыкты да аябай жакшы көрөт? Мына, ушуну айткылачы! Бирок бул тууралуу эки сөз айткым келет. Балким, ал кыйроону жана башаламандыкты ушунчалык сүйгөн себеби (анткени, ал кээде абдан жакшы көрөрү талашсыз чындык.) балким анын максатына жетүүдөн, курулуп жаткан имаратты бүтүрүүдөн инстинктивдүү коркконунанбы?

Силер кайдан билесиңер, балким ал имаратты эч качан жакындан эмес, алыстан гана сүйөт; балким, ал аны курганды гана жакшы көрөт. Анда жашабай, аны кийинчерээк жаныбарларга, мисалы, кумурскаларга, кочкорлорго ж.б. жана башкаларга калтырат. Бул жерде кумурскалардыкы башкача. Алардын бир эле түрдөгү, түбөлүк бузулбас укмуштуудай имараты бар – ал кумурсканын уюгу.

Урматтуу кумурскалардын жашоосу кумурсканын уюгунан башталып, кумурсканын уюгунда бүтөт, алардын бул туруктуулугу, позитивдүүлүгү чоң сый-урматка татыйт. Бирок адам – жеңил ойлуу жана ала көөдөк жандык, ал максатка жетүүнү эмес, шахматчы сыяктуу, максатка жетүүнүн процессин гана жакшы көрөт. Ким билет (кепилдик берүү мүмкүн эмес), балким, адамзат жетсем деп умтулуп жаткан максаттын өзү, жер бетиндеги бүтүндөй максатка жетүү процессинин ушул үзгүлтүксүздүгүндө, башкача айтканда, жашоонун өзүндөдүр. Ал эми эки жерде эки төрт, башкача айтканда, формуладан башка эч нерсе болбошу керек деген бул болбогон сөз, мырзалар, эки жерде эки төрт бул жашоо эмес, өлүмдүн башталышы.

Адамдар эмнегедир бул эки жерде эки төрттөн коркушкан, мен азыр да корком. Адам ушул эки жерде эки төрттү издеп табыш үчүн гана бардык ишти жасаганга даяр. Океандарды сүзүп өтөт, өмүрүн тобокелчиликке салат, бирок аны чындап табуудан, эмнегедир коркот. Кантсе да тапса эле, андан башка издей турган эч нерсе калбасын сезет. Жумушчулар жумушун бүтүргөндөн кийин, жок дегенде акча алышат, сыраканага барышат, анан үйүнө жетсе жетип, жетпегени соолуктуруучу жайдан ойгонушат. Мына бир аптада кылар иштери. Ал адам башка кайда барат? Жок дегенде ар бир жолу мындай максатка жеткенден кийин, ал өзүн ыңгайсыз сезгени байкалат.

Ал жетишкендикти жакшы көрөт, бирок жетишсем деп көп деле аракет кылбайт, бул албетте, абдан күлкүлүү. Бир сөз менен айтканда, адам кызыктай жаралган; мунун баарында сөз оюну бар экени анык. Бирок эки жерде эки төрт деген баары бир жийиркеничтүү. Эки жолу эки төрт, менимче, бул жөн эле уятсыздык, сэр. Эки жерде эки төрт сыланкороздонуп, эки колу менен бөйрөгүн таянып жолуңду тосот да, бетиңе түкүрөт. Мен кошулам, эки жерде эки төрт эң сонун нерсе, бирок баарылап мактай беришсе, анда эки жерде эки беш деле укмуш сонун нерсе болуп чыкмак.

Анан эмне үчүн бир гана нерсе нормалдуу жана позитивдүү экенине, бир сөз менен айтканда, бир гана жыргалчылык адамга пайдалуу экенине мынчалык бекем, салтанаттуу түрдө ишенесиңер? Акыл-эс пайданы көргөндө айнып калабы? Балким, адам бир гана жыргалчылыкты сүйбөйт чыгар? Балким, ал азапты да ошондой эле жакшы көрөр? Азап-кайгы ага жыргалчылык сыяктуу эле пайдалуудур? Ал эми адам кээде азап чеккенди да абдан жакшы көрөт, бул айныгыс чындык.

Бул жерде дүйнөлүк тарыхты изилдеп көрүүнүн да кереги жок. Эгерде адам болсоң, адаммын деп жашап жүргөнүң чын болсо, анда жөн гана өзүңө суроо бер. Ал эми менин жеке пикириме келсек, бир гана жыргалчылыкты сүйүү эмнегедир адепсиздик. Жакшыбы, жаманбы, кээде бир нерсени сындыруу да абдан жагымдуу. Анткени, бул жерде чындап келгенде жыргалчылык үчүн да, азап үчүн да жүргөн жокмун.

Мен... өз каалоом үчүн жана мага анын керек болгон учуру үчүн гана жүрөм. Мисалы, комедиялык спектаклдерде азап-кайгыга жол берилбейт, муну билем. Кристалл сарайда бул ойго да келбейт: азапта шек саноо, тануу бар, ал эми кандай кристалл сарайдан шектенүүнү табасың? Ал арада адам чыныгы азаптан, кыйроодон, башаламандыктан эч качан баш тартпайт деп ишенем. Азап – бул аң-сезимдин жалгыз булагы.

Аң-сезим, менимче, адам үчүн эң чоң бактысыздык экенин башында кабарлаганым менен, адам аны жакшы көрөрүн жана аны эч кандай канааттануу менен алмаштырбасын да билем. Аң-сезим, мисалы, эки жерде экиден чексиз жогору. Эки жерде экиден кийин, албетте, кылмак түгүл, үйрөнүүгө да эч нерсе калбайт. Ошондо болгон беш сезимиңди жаап, ой жүгүртүүгө киришүү гана мүмкүн. Ооба, аң-сезим менен деле ошол эле натыйжа чыгат, башкача айтканда, кыларга эч нерсе болбойт, бирок жок дегенде, кээде өзүңдү камчылап, ордуңдан козгосоң болот. Бул эски, артта калган көз караш болсо да, жоктон көрө жогору.

X

Силер түбөлүккө бузулбас кристалл имаратка ишенесиңер, башкача айтканда, элге билгизбей тилиңди да, чөнтөгүңдөгү манжаларыңдын ортосунан чыгарган турмугуңду көрсөтүүгө да болбойт. Ооба, балким, ушундан улам бул имараттан коркоттурмун, анткени ал кристалл жана түбөлүккө бузулбас нерсе, ошондой эле ага тилимди сунуп көрсөтүүгө да мүмкүн эмес.

Көрдүңөрбү: эгерде сарайдын ордуна тооккана болсо, жамгыр жаай баштаса, суу болбош үчүн тоокканага кирип кетмекмин, бирок баары бир мени жамгырдан сактап калганына ыраазы болуп аны хан сарайдай көрбөйм. Күлүп жатасыңарбы, атүгүл бул учурда тооккана менен хан сарайдын айырмасы жок, экөө бирдей деп айтасыңар. Ооба, эгерде адам суу болбош үчүн гана жашаш керек болсо, бул туура деп жооп берем. Бирок адамдар жалгыз бул үчүн жашабайт, жашаганга жараша хан сарайларда жашашы керек деп ойлоп алсам, эмне кылышым керек? Бул менин каалоом, бул менин кыялым. Силер менин каалоомду өзгөрткөндө гана аны менден сүрүп чыга аласыңар. Макул, мени өзгөрткүлө, башка нерселерге азгыргыла, мага башка идеал бергиле.

Азырынча тооккананы хан сарай деп кабыл албайм. Кристалл имараттын жок нерсе экенин, табият мыйзамы боюнча андай болбош керектигин билем, мен аны өз акылсыздыгымдан, биздин муундун кээ бир эски, акылга сыйбаган адаттарынан улам ойлоп тапканмын. Бирок ал менин каалоолорумда жашап жүргөн болсо, тагыраак айтсам, менин каалоолорум бар кезде жашай турган соң мага анын бар же жогунун эмне кереги бар. Кайра да күлүп жатасыңбы? Мейли, шылдыңдын баарын кабыл алам, бирок жегим келгенде тойдум дейм; баары бир, мен компромисске, үзгүлтүксүз нөлгө канааттанбасымды билем, ал табият мыйзамдары боюнча чындыгында бар нерсе.

Мен миң жылдык келишим боюнча жакырларга батирге берсе болор жана кокус керек болуп калбасын деп ага тиш доктур Вагенхаймды киргизип койгон чоң, мыкты салынган үйдү – өз каалоолорумдун таажысы катары кабыл албайм. Каалоолорумду жок кыл, идеалдарымды өчүр, мага жакшырак нерсени көрсөт, ошондо мен сени ээрчийм. Силер, балким, муну менен байланышып кереги жок дейт чыгарсыңар, силер кандай мамиле кылсаңар, мен да силерге дал ошондой жооп бере алам.

Биз олуттуу талкуу жүргүзөбүз, бирок көңүлүң менен мени сыйлагың келбесе, мен да тизе бүгүп ийилбейм. Менин жертөлөм бар. А азырынча тирүү кезимде жана каалоом барында ушундай үй курууга жок дегенде бир кирпич алып келсем колум сынсын! Өзүм аны шылдыңдоо мүмкүн эмес деген себеп менен эле кристалл имаратты четке какканыма карабай эле койгула.

Мен муну тилимди тыя албаган үчүн айткан жокмун. Балким ушуга гана ачуулангандырмын, сенин бардык имараттарыңдын ичинен сөз кылбоого мүмкүн болбогон курулуш табыла элек. Тескерисинче, эгер мен эч качан ал жөнүндө сөз айтканды каалабагандай себеп таап беришсе, ыраазычылыгымдын белгиси катары өз тилимди биротоло кесип салууга уруксат бермекмин. Андай себепти табууга мүмкүн эместиги, батирлерге ыраазы болушканы мени кызыктырбайт.

Эмне үчүн ушундай каалоолор менен жаралгам? Мен чындап эле өзүмдүн бүткүл турушум алдамчылык деген тыянакка келүү үчүн жаралганмынбы? Чындап эле келген максатыбыз болгону ушулбу ? Ишенбейм. Айтмакчы, силер билесиңерби, биздин жертөлөдөгү бир тууганыбыздын тизгинин тартып туруш керек. Кырк жыл жертөлөдө унчукпай отурса да, сыртка бир чыгып алса, анын жаагын жаба албайсың ...

XI

Акырында, мырзалар: эч нерсе кылбаган жакшы! Андан көрө аң-сезимдүү инерция түзүк! Демек, жертөлөдөгүлөр аман болсун! Кадимки адамга акыркы мүнөтүнө чейин ага көралбастык кылам десем да, бирок ал көргөн ушундай шартта мен аны менен бир болгум келбейт (бирок мен дагы деле көрө албастыгымды токтотпойм. Жок, жок, жертөлөдө болуу, кандай болгон күндө да пайдалуу!).

Ал жерде, жок дегенде, ... Эх! Ооба, мен бул жерде да жалган айтып жатам! Жалган айтам, анткени мен билем, эки жерде эки сыяктуу эле, жертөлөдө деле эч кандай жакшы нерсе жок, бирок мен эңсеген, бирок эч кандай жол менен таба албаган башка нерсе бар! Жертөлөнү желкемдин чуңкуру көрсүнчү!

Жок дегенде азыр өзүм жазгандардын ичинен бир нерсеге ишенсем жакшы болмок. Силерге ант берем, мырзалар, мен жаңы эле жазгандарымдын бир сөзүнө да ишенбейм! Жок, мен ишенем, бирок ошол эле учурда белгисиз себептерден улам өтүкчүдөй калп айтып жатканымды сезип, күмөн санайм.

-- Анда мунун баарын эмнеге жаздың? – дейсиңерби.

– Бирок мен силерди эч кандай иш бербей кырк жыл камап, кырк жылдан кийин жертөлөгө келсем, кандай абалда болот элеңер? Дегеле адамды кырк жыл бою жалгыз, жумушсуз калтырууга болобу? А бул уят эмес, кемсинтүү да эмес! – деп балким, силер мага башыңарды чайкап, жаман көзүңөр менен карамаксыңар.

Жашоого суусап турасыңар жана жашоонун суроолорун логикалык чаташуу менен болсо да өзүңөр чечесиңер. Ошол кезде кандай тайманбас баатырсыңар, ошол эле учурда коркосуңар! Болбогон сөздөрдү сүйлөп, ага ыраазы болосуңар. Силер уятсыз сөздөрдү айтасыңар, бирок ал сөздөрүңөр үчүн дайыма коркуп, кечирим сурайсыңар. Силер бизди эч нерседен коркпогонуңарга ишендиресиңер, ошол эле учурда пикирибизге каршысыңар. Тишим кычырап жинденип жатам деп ишендиргиңер келет, ошол эле учурда бизди күлдүрүү үчүн тамашалайсыңар. Өзүңөрдүн күбүр-шыбырларыңар тамаша эместигин билесиңер, бирок алардын адабий баалуулугуна абдан ыраазысыңар.

Силер чындап эле азап чегет чыгарсыңар, бирок азап-кайгыңарды сыйлабайсыңар. Силерде чындык бар, бирок тазалык жок. Болбогон нерсеге мактаныш үчүн, чындыктын көшөгөсүн сыйырып салып базарга алып келесиңер, уятка каласыңар... Чын эле бир нерсе айткыңар келет, бирок коркконуңардан акыркы сөзүңөрдү айта албай жашырасыңар, анткени аны айтууга чечкиндүүлүгүңөр жок, болгону бир гана коркоктугуңар бар.

Аң-сезимиңер менен мактанасыңар, бирок экиленесиңер, анткени акылыңар иштесе да, жүрөгүңөр бузукулуктарга толуп кеткен, ал эми жүрөк таза болбосо толук, туура аң-сезим болбойт. А силерде канча деген бети жоктук бар, жалдырап сурагандан, былжырап сүйлөгөндөн уялбайсыңар! Сүйлөгөнүңөр, жүргөн-турганыңар баардыгы калп, калп жана калп! Албетте, бул сөздөрдүн баарын мен азыр ойлоп жаздым. Бул да жертөлөдөн келген сөздөр. Кырк жыл бою силердин бул сөздөрүңөрдү эшиктин жылчыгынан тыңшап келем. Аларды өзүм ойлоп таптым, анткени булардан башканы ойлоп таба албадым. Анын жатка айтылып, адабий формага өткөнү бекеринен эмес...

Бирок силер чындап эле ушунчалык ишенчээксиңерби, мен ушунун баарын басып чыгарып, силерге окуп берет деп элестетип жатасыңарбы? Менде дагы бир көйгөй бар: эмне үчүн силерди “мырзалар” деп чакырып, эмне үчүн чындап эле силерге окурмандарыма мамиле жасагансып кайрылам? Мен айткан сыяктуу моюнга алуулар эч жерде басылбайт жана башкаларга окууга уруксат берилбейт. Менде мындай бекемдик жок, мен муну зарыл деп да эсептебейм.

Бирок көрүп жатасыңарбы: башыма бир кыял келди, мен аны кандай болсо да ишке ашыргым келет. Бул жерде маселе мындай: ар бир адамдын эскерүүсүндө ал баарына эмес, досторуна гана ачып берер нерселер бар. Досторуна да айтпай, өзүнө гана, аны да жашыруун айта тургандары да бар. Акырында, кээ бир учурда ал тургай өзүнө ачуудан корккон нерселер болот жана мындай нерселер ар бир ой жүгүртө билген адамда көп.

Башкача айтканда, ал канчалык акылдуу болсо, анда мындай нерселерге ошончолук бай. Эмнеси болсо да өзүм жакында эле мурда башыман өткөзкөн окуяларымды эстеп көрүүнү чечтим, ушул убакка чейин кандайдыр бир чочулоо менен дайыма алардын айланып өтчүмүн. Эми мен эстеп эле тим болбостон, аны жазууну чечкенимде, мен чындап эле сынап көргүм келет: жок дегенде өзүмө толугу менен ачылып, өзүм тууралуу бүт чындыкты коркпой айта аламынбы?

Айтмакчы, белгилей кетейин: Гейне чыныгы автобиографиялар дээрлик мүмкүн эмес деп ырастайт, адам өзү жөнүндө калп айтышы мүмкүн. Бул анын пикири. Маселен, Руссо албетте, өзүн мактап көрсөтүү үчүн өзү жөнүндө атайлап жалган айткан. Мен Гейненики туура деп ишенем. Кээде бир гана мактаныш үчүн эле бүт жасабаган кылмыштарды өзүнө жабыш мүмкүн экенин абдан жакшы түшүнөм, ал тургай бул кандай мактаныч экенин да абдан жакшы билем. Бирок Гейне эл алдында күнөөсүн мойнуна алган адам тууралуу айтып жатат.

А мен өзүм үчүн жазам жана муну биротоло билдирем, эгерде окурмандарга кайрылган сыяктуу жазсам, бул көрсөтмө катары гана, анткени бул мен үчүн жазууну жеңилдетет. Бул жерде болгону форма бар, бир гана бош форма, менде эч качан окурмандар болбойт. Мен муну буга чейин эле жарыялагам.

Мен өзүмдүн жазууларымды бирөөлөргө оңдотуп уят болгум келбейт. Эч кандай тартип жана система болбойт. Оюма эмне келсе ошону жазам. Макул, бул жерде, мисалы: сөзүмдөн кынтык таап, менден сурасаңар болот. Эгер сен чындап эле окурмандар менен эсептешкиң келбесе, анда эмне үчүн азыр өзүңө, болгондо да кагаз бетинде тартипти жана системаны баштабайм, эсимдегилерди өзүм үчүн гана жазып жатам деп актанасың? Эмне үчүн кечирим сурайсың? "Бир аз коё тур" деп жооп берем. Бул жерде абдан чоң психология бар.

Балким мен жөн эле коркокмун. Балким, жазып жатканымда өзүмдү татыктуу алып жүрүү үчүн алдымда аудиторияны атайылап элестетип жаткандырмын. Миңдеген себептер болушу мүмкүн. Бирок бул жерде дагы бир нерсе бар: эмне үчүн, ким үчүн мунун баарын жазгым келип жатат?

Коомчулук үчүн болбосо, анан баарын кагазга жазбай эле эске салса болбойбу? Бирок кагаз бетинде кандайдыр бир башкача салтанаттуулук болуп жатпайбы. Мында шыктандырган бир нерсе бар, өз үстүнөн сот да, кагазга жаза турган сөзүң да көбүрөк болот. Мындан тышкары: мен чындыгында жазгандан кийин бир аз жеңилдейм. Азыр, мисалы, мени бир эски эскерүү өзгөчө кыйнап жатат. Өткөн күндөрү аны так эстегем, ошондон бери менде андан арылгысы келбеген кандайдыр бир тажатма музыкалык обон кеткиси келбей кыстап жүрөт.

Андан кандай болгон күндө да кутулуу керек. Менде жүздөгөн ушундай эскерүүлөр бар, бирок маал-маалы менен жүздөн бирөө чыгып, эзип калат. Эмнегедир жазып койсом андан кутулам деп ишенем. Эмне үчүн аракет кылып көргөнгө болбосун? Акыры мен зеригем, анткени эч нерсе кылбайм. Жазуу чындап эле жумуш сыяктуу. Эмгек адамды боорукер, чынчыл кылат дешет.

Бул жерде жок дегенде бир мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн кар эрип жаап жатат, айлана дээрлик, чыла, баткак. Кар кечээ да, андан мурда да жааган. Суу карга байланыштуу менден кутулгусу келбеген бир окуяны эстегенсидим. Демек, бул суу кар тууралуу кызык окуя болсун.

Суу кар жөнүндө

1

Ал кезде болгону жыйырма төрт жашта элем. Ошондо эле жашоом түнт, ирээтсиз, жапайы сыяктуу жалгыз өттү. Эч ким менен сүйлөшчү эмесмин, жадагалса сүйлөшүүдөн качар элем, барган сайын өзүмдү бурчка камап салгам. Кеңседе мен эч кимди карабаганга аракет кылчумун, кесиптештерим мени апенди чалыш деп гана эсептебестен, алар мени кандайдыр бир жийиркеничтүү көз караш менен карашкандай сезилчү...

Менин оюма келчү: эмне үчүн менден бөлөк эч кимге башкалар ага жийиркеничтүү карап жаткансып көрүнбөйт? Биздин бир кызматкердин иреңи суук, өңү бузулган, атүгүл каракчыныкы сыяктуу эле. Мындай адепсиз жүзү менен эч кимди кароого даай албайт болчумун деп ойлойм. Дагы биринин кызматка кийген кийими абдан эскиргендиктен, андан жагымсыз жыт чыгып турчу.

Ошол эле учурда бул мырзалардын бири да өздөрүн ыңгайсыз сезишкенин көргөн жокмун – кийими жөнүндө да, кебетеси тууралуу да, моралдык жактан да. Экөө тең аларга жийиркенич менен карагандарын элес алышчу эмес. Жана алар ойлогон күндө да, башчылар көрбөсө эле болгону, калганы алар үчүн баары бир сыяктуу. Өзүмдүн чексиз куу чирендигимдин, демек, өзүмө катуу талап койгонумдун натыйжасында, өзүмө жийиркеничке чейин жеткен катуу нааразылык менен караганымды, ошондуктан, өз көз карашымды бардыгына ыйгарып алганымды эми даана түшүндүм.

Мисалы, өз кебетемди жек көрчүмүн, өзүмдүн одоно, түрү суук экенинимди сезчүмүн, жада калса менде кандайдыр бир ыплас көрүнүштөр бар деп шектенчүмүн, ошондуктан кызматка келген сайын алар менин адепсиздигимден шектенбеши үчүн жана жүзүмдү акылдуу кылып көрсөтүү максатында мүмкүн болушунча көз карандысыз көрүнүүгө аракет кылар элем. “Кебетем сулуу болбосо мейли, – деп ойлочумун, – иши кылып таза, эң негизгиси акылдуу экенимди көрүшсө болду”.

Бирок бул кемтиксиз мыктылыгымды канчалык аракеттенсем да эч качан ушул жасалма жүзүм аркылуу чагылдыра албасымды ойлогондо кыйналар элем. Бирок эң жаманы, мен аны жагымдуу акылсыздык деп тапкам. Ошондо гана өз оюм менен толук макул болмокмун. Ал тургай менин жүзүм бир эле учурда түрү суук жана абдан акылдуу деп табылса, канчалык жаман сөз уксам дагы көтөрмөкмүн.

Албетте, биздин контора кызматкерлерин биринчисинен акыркысына чейин, баарын жек көрчүмүн, ошол эле учурда алардан коркконсуп турар элем. Күтүлбөгөн жерден аларды өзүмдөн жогору койгон күндөрүм болду. Бул күтүлбөгөн жерден болчу: туруп-туруп эле аны жек көрө баштайм же өзүмдөн жогору коём. Өнүккөн жана адептүү адам өзүнө чексиз талаптарды койбой, кээ бир учурда өзүн жек көрүүгө чейин кемсинтпей туруп бой көтөрө албайт.

Бирок мен жек көрөмбү же жогору коёмбу, мен жолуккандардын дээрлик баарына көздөрүнө тике карай алчу эмесмин. Жок дегенде баланчанын көз карашына туруштук бере аламбы деп өзүмдү сынап көргөм, бирок мен биринчи жалтактап жер карар элем. Бул мени аябай жиндентчү. Ооруганга чейин мен да күлкүлүү болуудан коркчумун, андыктан сырткы нерселердин баарына кулдук менен башымды ийчүмүн; жалпы элдин шары менен жүргөндү жан-дилим менен жактырып, өзгөчөлөнүп бөлүнгөндөн өлгүдөй коркчумун.

Бирок мен кайдан чыдамак элем? Биздин замандын бардык адамдарындай эле менин өнүгүшүм да оорулуу адамдыкы сыяктуу болгон. Алардын баары келесоо, короодогу койлордой бири-бирине окшош. Мүмкүн, бүт кеңседе өзүмдү дайыма коркок жана кул катары көргөн жалгыз мен болгондурмун, ошондон улам өзүмдү өнүккөндөй сезсем керек. Бирок бул чындыгында ошондой эле: мен коркок жана кул болчумун. Муну эч уялбай айта алам.

Биздин замандын ар бир татыктуу адамы коркок, кул жана ошондой болууга тийиш. Бул анын нормалдуу абалы. Буга мен терең ишенем. Ал ушундай жаралган жана ойлонулган. Ал кандайдыр бир кокустан пайда болгон жагдайларга байланыштуу эмес, дегеле адептүү адам ар дайым коркок жана кул болушу керек. Бул жер бетиндеги бардык татыктуу адамдардын табият мыйзамы.

Эгерде алардын бири кокусунан бир нерсеге кайратын көрсөтө алса, анда ал ага мактанбасын жана өзүн кыйын сезип албасын: баары бир экинчисинин көзүнчө тантып жаткан болот. Бул жалгыз жана түбөлүктүү жол. Бир гана эшектер жана эшектин мээсин жеген акмактар коркушпайт, бирок алар да кандайдыр бир дубалга чейин гана жетет. Аларга көңүл буруунун да кажети жок, анткени алар көңүл бурганга татыбайт. Ошондо мени кыйнаган дагы бир жагдай бар эле: эч ким мага окшош эмес эле, мен да эч кимге окшобогом.

"Мен жалгызмын, бирок алар көп да" деген ой кетип, ойлонуп калчумун. Бул дагы эле бала экенимди көрсөтүп турган. Ошондой эле башка да карама-каршылыктар болгон. Кантсе да кээде кеңсеге баруу мен үчүн жийиркеничтүү боло баштады, жумуштан үйүмө көп жолу ооруп кайткан күндөр болгон. Бирок күтүлбөгөн жерден эч кандай себепсиз эле скептицизмдин, кайдыгерликтин мезгили башталат (менде баары тилкелер менен болчу), эми өз чыдамсыздыгыма, жийиркенчектигиме күлөм, романтизм үчүн өзүмдү жемелейм.

Кээде эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, кээде алар менен жакшы мамиледе болуп, сүйлөшүп эле тим болбостон, жакындан достошконго чейин барам. Бардык кычыраганым, жийиркеничим эч кандай себепсиз бир заматта жок болуп кетет. Ким билет, балким, менде андай нерселер таптакыр болгон эместир, ал жасалма болгондур, китептердин таасиридир? Мен дагы эле бул маселени чече элекмин. Ал тургай бир жолу алар менен достошуп, үйлөрүн кыдырып, карта ойноп, арак ичип, өндүрүш жөнүндө сүйлөшө баштагам...

Ушул жерден бир аз чегинүү жасайын. Бизде, орустарда, жалпысынан алганда, эч качан келесоо, супер жылдыздуу немистик жана өзгөчө француздук романтика болгон эмес, аларга эч нерсе таасир этпейт, астынан жер жарылып кетсе да, бүт Франция баррикадаларда кырылып жатса да, аларга баары бир, ал тургай адептүүлүк үчүн да өзгөрүлбөйт. Ар ким өзүнүн супер жылдыздуу ырларын өмүрүнүн акырына чейин ырдап жүрө беришет, анткени алар акмактар. Бизде, орус жеринде, акмактар жок; немис жана башка ушу сыяктуу элдерден бизди айырмалап турган нерсе мына ушунда.

Демек, бизде алардагыдай таза супер жылдыздуу жандар жок.

Булардын баарын ошол кездеги кыйынбыз деген публицисттерибиз, сынчыларыбыз Костанжоглулар менен Петр Ивановичтерге аңчылык кылышып, акылсыздыктарынан аларды биздин идеалыбыз деп адаштырып, Германиядагыдай, Франциядагыдай супер жылдыз деп эсептеп, биздин романтиктерди ойлоп табышты. Тескерисинче, биздин романтизмдин касиеттери Европадан жогору турганга толугу менен акысы бар жана түздөн-түз алардын көз карашына карама-каршы, бул жерде бир дагы европалык ченем туура келбейт. (Бул сөздү колдонууга уруксат этиңиз: "романтикалык" - эски, кадыр-барктуу жана бардыгына белгилүү сөз).

Биздин романтикабыздын касиеттери – бул бардыгын түшүнүү, баарын көрүү жана көбүнчө биздин эң позитивдүү акыл-эсибиз көргөндөн да даанараак көрүү, эч ким менен жана эч нерсе менен келишпөө, бирок ошол эле учурда эч кимди кемсинтпөө; баарын айланып өтүү, баарына жол берүү, баарына сыпайгерчилик менен мамиле кылуу; дайыма пайдалуу, практикалык максатты эстен чыгарбоо – бул максатты лирикалык рифмалардын бардык энтузиазмдары жана көлөмдөрү аркылуу карап, ошол эле учурда «сулуу да, бийик» нерселерди өлгүчө бузбай коргоп, жана өзүңдү кымбат баалуу зергердин колунан чыккан асыл буюм сыяктуу ороп-чулгап, ошол эле “сулуу жана бийик” нерсенин пайдасы үчүн сакташың керек.

Айкөл адам – бул биздин романтик жана баардык шылуундардын эң башкысы, силерди ишендирип кетейин... мен муну өз тажрыйбамдан улам билем. Албетте, мунун баары, эгерде романтик акылдуу болгон күндө. Мен эмне деп жатам! Романтик ар дайым акылдуу, мен бир гана нерсени белгилеп кетким келет, эгерде кээде келесоо романтиктер жолугуп калса, булар эсепке алынбайт, анткени алар акыл-эстери толуп турган учурда эле немистерге айланып кетишкен, зер буюмдарын ыңгайлуураак сактоо үчүн, алар Веймарга же көпчүлүгү Шварцвальдеге көчүп алышкан.

Мисалы, мен өзүмдүн кызматтык ишимди чын жүрөктөн жек көрүп, бир гана зарылчылыктан улам ага түкүрбөй кармандым, анткени өзүм ал жерде отурганым үчүн акча алчумун. Жыйынтыгында, көңүлүңө алып кой, – өзүмдү тыйып түкүргөн эмесмин. Биздин романтик эгерде башка мансапты ойлобосо отурган жерине эч качан түкүрбөйт, андан көрө жинди болгонду артык көрөт (бирок мындай нерселер өтө сейрек), жана аларды жиндиканага "испан падышасы" катары алып кетишпесе же чындап жинди болбосо, эч качан олтурган ордунан кууп чыгышпайт. Бирок бизде бир гана алсыздар менен сары чачтуулар жинди. Романтиктердин сан жеткис саны – олуттуу даражаларга жеткенден кийин пайда болот. Ар тараптуулугубуз өзгөчө! Эң карама-каршы сезимдерге берилүүгө кандай гана жөндөмдүүбүз! Мен бул ойлор менен өзүмдү сооротчумун, азыр деле ушундай ойлойм.

Ошон үчүн бизде абдан көп «кең пейилдер» бар, алар эң акыркы жолу жыгылып жатса да идеалын эч качан жоготушпайт; алар идеал үчүн сөөмөй кыймылдаткылары келбесе дагы, өздөрү атактуу каракчы жана ууру болсо да, өздөрүнүн түпкү идеалын аябай катуу сыйлашат, өздөрүнүн жан дүйнөсүндө адаттан тыш чынчыл болушат. Ооба, мырзалар, биздин арабызда гана эң атактуу шылуун өз жан дүйнөсүндө толук, ал тургай өтө чынчыл боло алат, ошол эле учурда шылуун болушун да токтотпойт.

Мен бардык жерде кайталап айтып келем, биздин романтиктерден ар дайым ушундай шылуун, куу такым балдар (мен «шылуун» деген сөздү сүйүп колдоном) чыга калышат, алар күтүлбөгөн жерден чындыкты ушунчалык сезип, позитивдүү нерселерди билишет, таң калган бийлик менен коомчулуктун оозу ачылып, салаңдаган тилдерин артка тарта алышпайт. Ар тараптуулук чындап эле таң калыштуу, ал кийинки шарттарда эмнеге айланып, келечегибизде эмнени убада кылып өнүгө турганыбызды бир Кудай билет. Материал жаман эмес, мырзалар! Бул кандайдыр бир күлкүлүү же ачыткылуу патриоттук сезимден эмес деп айтаар элем.

Бирок силер мени дагы эле күлүп жатат деп ойлооруңарга ишенем. Эми ким билсин, балким, тескерисинче, мени чындап эле ошондой ойлойт деп ишенет чыгарсыңар. Кандай болгон күндө да мырзалар, силердин эки пикириңер тең мен үчүн сыймыктуу, өзгөчө ыракат тартуулайт деп эсептейм. Ал эми катачылыгымды кечиргиле. Албетте, жолдошторум менен достук мамилени сактай алган жокмун, аларга бат эле түкүрүп салып, ал кездеги тажрыйбасыздыгымдан улам, кесип ыргыткансып, алар менен катышпай калдым. Бирок бул мен үчүн бир гана жолу болгон. Чынында, мен ар дайым жалгыз болчумун. Биринчиден, үйдө убактымдын көбүн окуп олтурчумун. Ичимде тынымсыз кайнап жаткандын баарын сырткы сезимдер менен өчүргүм келчү. Ал эми тышкы сезимдерден мен үчүн бир гана окуу мүмкүн болчу. Окуу, албетте, көп жардам берди – ал толкунданты, сүйүнттү жана кыйнады.

Бирок кээде абдан зериктирчү. Андай учурда кыймылдап, ары-бери баскым келчү, бирок капысынан караңгылыкка, жертөлөгө, жийиркеничтүү – арамдыкка эмес, арамза, өзүмдү кемсинтип, басынткан ойлорго сүңгүчүмүн. Менин тынымсыз, азаптуу кыжырданууларымдан улам, ичимдеги курч, ысык кумарларым жалындап турчу. Дүрбөлөң түшүп, көз жаш төгүүлөр жана конвульсиялар болду. Китеп окуудан башка барар жерим жок эле, башкача айтканда, айланамда мен сыйлачу, мени өзүнө тартар эч нерсе жок болчу.

Бир белгисиз нерсеге көксөөм кайнап толуп чыкчу; карама-каршылыктарды, ар түрдүүлүктү эңсеп, суусап турдум, акыры көксөөм канбай бузулуунун жолуна түштүм. Мен муну жөн гана өз оюмду актоо үчүн айтып жаткан жокмун... Бирок жок! Калп айтып жатам! Мен жөн гана өзүмдү актагым келди. Мырзалар, мен буларды өзүм үчүн жазып жатам. Мен калп айткым келбейт. Сөз бергем. Жалгыз, түн ичинде, тымызын, коркок, ыплас, эң жийиркеничтүү мүнөттөрдө мени таштабаган, алтургай ушундай учурларда каргыштын деңгээлине жеткен уятым менен бузукулук кылдым. Ошондо да жан дүйнөмдө жертөлөмдү ала жүрдүм. Эмнегедир мени көрбөй, жолукпай, тааныбай калышабы деп аябай коркор элем.

Мен өтө караңгы, ар кандай жерлер менен көп жүрөр элем. Бир жолу түнкүсүн бир араккананын жанынан өтүп баратып, жарык чыккан терезеден мырзалар бильярд үстөлүнүн жанында кийлер менен чабышканын жана алардын бирөөсүн терезеден ыргытып жиберишкенин көрдүм. Башка учурда бул мага жаман таасир бермек, бирок күтүлбөгөн жерден көз ирмемде мен бул ыргытылган мырзага көз артып, ушунчалык ага ичим күйдү дейсиң, атүгүл бильярд бөлмөсүнө кирип бардым: «Балким, мушташа кетсем, мени да терезеден ыргытып жибергилери бардыр" деген ойго келгем.

Мен мас эмес элем, бирок эмне кылышым керек эле – көксөө кандай гана абалга жеткизбейт! Бирок эч нерсе болгон жок. Көрсө, терезеден секирүүгө кайратым жетпейт экен, урушпай кетип калдым.

Бир офицер мени ошол жерден кемсинткенге үлгүрдү. Мен бильярд үстөлүнүн жанында байкабай анын жолуна туруп калыптырмын, ал мени ийнимден кармап, унчукпай, эскертпестен, түшүндүрбөстөн турган жеримден башка жакка түртүп жылдырды да, өзү да байкабагандай өтүп кетти. Мен ал тургай уруп-сабап салса да кечирмекмин, бирок мени унчукпай ордуман жылдырып, таптакыр байкабай койгонун кечире албадым. Ошол кезде ал чындап чыр салып, адептүү, мындайча айтканда, адабиятта сүрөттөлгөндөй уруш чыгарса, кандай жооп бермегимди бир шайтан билет!

Мага чымынга жасагандай эле мамиле кылды. Бул офицердин бою он дюйм болчу. Мен кодо, арык адаммын. Бирок уруштун тизгини колумда болчу: каршылык көрсөтө баштасам, албетте, мени терезеден ыргытышмак. Бирок бул оюмдан кайттым... жинденген боюнча арт жактагы орундукка барып отурууну туура көрдүм. Аракканадан уят болуп, толкунданып, түз эле үйгө кеттим, эртеси мени кемсинтип басынтууларым мурункудан да тартынчаак, ого бетер чөккөн жана кайгылуу, көзүнө жаш тегеренип жаткансып уланды, ал баары бир токтоп калган жок.

Бирок мен офицерден коркоктугумдан деп ойлобогула: мен иш жүзүндө дайыма коркоктук кылганым менен эч качан жан-дүйнөмдө коркок эмесмин, бирок күлбөй тургула, мунун түшүндүрмөсү бар, ишенип койгула, менде бардык нерсенин түшүндүрмөсү бар. Оо, бул офицер дуэлге чыгууга макулдардын бири болгондо эмне (Аттиң, андайлар эчак эле жоголгон)! Бирок ал кий менен аракет кылганды жактырган же Гоголдун лейтенанты Пироговдой болуп, өз жетекчилеринин ишараты менен гана жүргөн мырзалардын бири эле.

Алар дуэлге чыкчу эмес, бизге окшогон карапайым адамдар менен дуэлге чыгууну кандай болгон күндө да уят деп эсептешчү, жалпысынан алар дуэлди француздар ойлоп тапкан баланын оюну сыяктуу болбогон нерсе деп эсептешчү, бирок өздөрү бирөөлөрдү кемсинткенди жакшы көрүшчү, айрыкча бою он дюйм болсо. Мен бул жерде коркоктугумдан эмес, уят болуудан корктум. Мен боюм кыска, күчүм жетпейт, катуу сабап, терезеден ыргытып жиберишет деп да корккон эмесмин; физикалык кайраттуулугум чынында жетиштүү болмок, бирок моралдык кайрат жетишпей калган.

Мен аларга каршы чыгып, адабий тилде сүйлөсөм, бул жердеги намыссыз маркерден баштап, чочконун майын шыбанып алышкандай жалтырап, сасып, беттерин безетки баскан чиновникке чейин мени түшүнбөй, шылдыңдайт деп корктум. Анткени намыс, тагыраак айтканда, намыстын өзү эмес, намыстын бир баскычы тууралуу (ардактуу баскыч) биз азырынча адабий тилден башка тилде сүйлөй албайбыз.

Кадимки тил менен айтканда, «намыстын баскычы» жөнүндө айтылбайт. Мен толук ишенем (бардык романтизмге карабастан, чындыкты сезүү!), офицер мени сабап тим болбойт эле, албетте, мени сөзсүз тизеси менен тепкилеп жүрүп бильярддын үстөлүн айланып, анан балким ырайым кылып, терезеден ыргытмак, калгандары каткырып карап турушмак.

Албетте, бул аянычтуу окуя ошону менен эле бүтө койбойт. Кийин бул офицерди көчөдөн көп жолуктурдум, ошондуктан аны жакшы эстеп калдым. Ал мени тааныдыбы, билбейм. Ал тааныган жок. Мен муну кээ бир белгилерге карап жыйынтык чыгардым.

Бирок ага жиним келип, жек көрүү менен карачумун, ошентип... бир нече жылдар бою уланды! Жыл өткөн сайын кыжырдануум күчөгөндүн үстүнө күчөдү. Алгач бул офицер тууралуу акырындап маалымат чогулта баштадым. Эч кимди тааныбагандыктан бул мага кыйын болду. Бир күнү мен аны алыстан, байлап койгонсуп артынан акмалап ээрчип баратканда аны көчөдөн бирөө фамилиясын айтып чакырды, ошентип фамилиясын билип алдым.

Дагы бир жолу мен аны батирине чейин ээрчип, бир сом берип короо шыпыргычтан анын жашаган жерин, кайсы кабатта, жалгызбы же кимдир-бирөө мененби, кыскасы, короо шыпыргыч билгендин баардыгын сурап билдим. Бир күнү эртең менен эч качан чыгарма жазбасам да, капысынан бул офицерди айыптоо, карикатура, аңгеме түрүндө сүрөттөө оюма келди. Бул чыгармамды чоң ыракат менен жаздым.

Мен аны айыптадым, жада калса жалаа жаптым. Адегенде фамилиямды дароо тааныгандай жасалмалап, анан бышып жетилген ой-пикирим боюнча кайра өзгөртүп, «Мекен үнүнө» жөнөттүм. Бирок мындан кийин эч нерсе өзгөрбөдү, аңгемем жарыяланган жок. Бул мен үчүн абдан өкүнүчтүү. Кээде ачуум мени муунтуп жиберчү. Акыры атаандашымды дуэлге чакырууну чечтим.

Мен ага менден кечирим суроосун өтүнүп, ага кооз, жагымдуу кат жаздым. Эгерде ал кечирим суроодон баш тартса, дуэлге чакырарымды кыйыттым. Кат офицердин «сулуу, бийик» дегенден бир аз түшүнүгү болсо, чуркап келип мойнума асылып, достугун сунуштагыдай жазылган эле. Ошондо кандай жакшы болмок! Биз сонун жашамакпыз! Ушунчалык жакшы жашамакпыз!

Ал мени өз кадыр-баркы менен коргомок. Мен аны өз билимим менен өркүндөтүп, өстүрмөкмүн жакшы, жана... көп идеялар ишке ашып, көп жакшылыктар болушу мүмкүн эле! Элестеткиле, ал мени таарынткандан бери эки жыл өттү, чакырыгым анахронизмди түшүндүрүп, катымдын бардык акылмандык менен жазылганына карабай, эң жаман анахронизм болмок. Бирок Кудайга шүгүр (мен дагы эле көз жашымды агызып Жаратканга ыраазымын), катымды жиберген жокмун. Мен ал катты жөнөтсөм эмненин ичинен чыгарымды ойлогондо, денемди муздак тер басат.

Анан күтүлбөгөн жерден... ооба, күтүлбөгөн жерден мен эң жөнөкөй, эң гениалдуу түрдө өч алдым! Бир маалда жаркыраган сонун ой келди. Кээде майрам күндөрү саат төрттөрдө Невскийге барып күнөстүү тарап менен эс алып басчумун. Чындыгында, мен ал жерде такыр эс алып баспадым, тескерисинче сансыз азаптардын, кордуктардын кучагында кыйналчумун, бирок ошол учурда бул мага абдан керек болчу.

Мен эң ыплас жол менен ары-бери өткөндөрдүн ортосунда, тынымсыз же генералдарга, же атчандар менен гуссар офицерлерине, же айымдарга жол берер элем. Ошондой учурларда өз кемселимдин тардыгын, кодойгон боюмдун одонолугун ойлогондо жүрөгүм сыздап, жонумдан муздак тер чыкчу. Бул дүйнөдө баарынан акылдуу, өнүккөн, асылзаттын бири болсом да, бирок ар дайым баарына моюн сунуп, ар ким тарабынан кордолуп, кемсинтилген, бечара, уятсыз, чымынмын деген үзгүлтүксүз сезимге айланган тынымсыз кыйноо мен үчүн адам чыдагыс кордукка айланды.

Эмне үчүн бул азапты өз мойнума алдым, эмне үчүн Невскийге барам – билбейм? Бирок ар бир мүмкүнчүлүк болгон сайын ал жакка тартылар элем. Ошондо мен биринчи бөлүмдө айтып өткөн ыракаттардын толкундарын сезе баштагам.

Офицер менен болгон окуядан кийин мен ал жакка ого бетер тартылдым: мен аны Невскийден эң көп жолуктурчумун, ошол жерден анын жүргөн турганына көз салчумун. Майрамдарда ал дагы бул жакка көп келчү. Ал деле генералдарга, жогорку даражалуу адамдарга жол бергиче шашып, алардын ортосунан куюн сыяктуу чимирилип өтсө да, бирок бизге окшогон, же бизден да төмөн адамдарды көзүнө илбей, жол бергенди мындай кой, жөн гана тебелеп кетчү. Мен канчалык ачуум келсе да... ага жол бергенге мажбур болуп, ызаланган боюнча кала берчүмүн.

Жок дегенде көчөдө да аны менен тең боло албаганымды ойлоп азап чегер элем. “Эмне үчүн дайыма ага жолуккандан качып, бара жаткан жолуңдан бурулганча шашасың? – деп жинденип, кээде түнкү үчтөрдө ойгонуп, өзүмдү ашата тилдечүмүн.

Эмне үчүн ал эмес, сен жол бошотушуң керек? Эч жерде мындай мыйзам жазылган эмес. Мейли, ал жол бербесин, бирок жок дегенде тарбиялуу адамдар жолуккан сыяктуу экөөбүз бирдей жол бошотолу дебейби: ал жолдун жарымын бошотсо, жарымын мен бошотсом, бири-бирибизди сыйлаган боюнча өтүп кетмекпиз. Бирок андай болчу эмес, баары бир мен биринчи жол берчүмүн, ал болсо менин ага жол берип жатканымды байкачу да эмес.

Анан күтүлбөгөн жерден мага абдан таң калыштуу бир ой келди. “Эгерде, – деп ойлодум, – мен аны жолуктурганда, ага... жол бербей койсомчу? Аны менен түртүшүү керек болсо да, атайылап жол бошотпой койсом кантет?” Бул курч ой акырындык менен мени ээлеп алгандыктан, ал тынчымды ала баштады. Мен бул жөнүндө тынымсыз, кыялданып жана муну жасаганда аны кантип жасарымды ого бетер ачык элестетүү үчүн Невскийге тез-тез бара баштадым. Бул оюма аябай кубанып жүрдүм. Барган сайын бул ниет мага ыктымалдуу да, мүмкүн сыяктуу да көрүндү.

“Албетте, анчалык деле катуу түртпөйм, – деп ойлочумун, бул оюма алдын ала кубанып, – бирок жөн эле жол бербейм, анын этин оорутпагандай, адептүүлүктүн чегинде бираз түртүп, ал мени канчалык күч менен түртсө, мен да аны ошончолук күч менен жөөлөп өтөм”. Акыры чечим кабыл алдым. Бирок даярдыктар абдан узакка созулду. Биринчиси, ошол учурда татыктуу көрүнүш үчүн жакшы кемсел алууга кам көрүү керек болчу. "Эгерде, мисалы, коомдун көңүлүн бөлөр окуя башталса (коомчулук бул жерде жетиштүү: графиня да, принц Д. да, бардык адабиятчылар да ал жерде сейилдеп басууну жактырышат), жакшы кийинип чыгуу маанилүү. Ал шыктандырат жана түздөн-түз бизди кандайдыр бир жол менен коомдун алдында бирдей деңгээлге коёт.

Ушул максатта айлык акымды алдын ала сурап, Чуркинден кара колкап, жарашыктуу калпак сатып алгам. Кара колкап мага башында алсам деп ойлгон лимондой сары түскө караганда сүрдүү, табышмактуу көрүндү. "Түсү өтө ачык, адам өзүн көрсөткүсү келип жаткансыйт" деп ачык сары лимон түстүүсүн жактырган жокмун. Жеңдеринде сөөк топчулары бар жакшы көйнөктү, көптөн бери эле даярдап келгем, бирок мени кемсел маселеси катуу кыйнады. Өз кемселим деле абдан жарашыктуу, жылуу болчу, бирок ал ичине кебез салып шырылган, ал эми жакасы ансыз да кедейчилик менен кулчулуктун туу чокусу болгон еноттун терисинен эле.

Эмне кылсам да жакасын алмаштырып, офицерлерге окшоп кундуз алыш керек болчу. Бул үчүн Меймандар сарайын кыдырдым, бир нече жолу аракет кылгандан кийин бир арзан немис кундузуна көзүм түштү. Бул немис кундуздары тез эле эскирип, аянычтуу көрүнүшкө ээ болушканы менен, жаңы кезинде бир топ жарашыктуу көрүнөт, а мага бир гана жолкуга керек болчу. Баасын сурадым, мен үчүн баары бир кымбат экен.

Жакшылап ойлонгондон кийин енот жаканы сатууну чечтим. Жетишпеген жана өтө маанилүү сумманы менин башчым, момун, бирок олуттуу, позитивдүү адам, эч кимге карыз бербеген Антон Антонич Сеточкинден карызга алууну чечтим, анткени кызматка орношордо мени ага өзгөчө маанилүү инсан сунуш кылган. Мен аябай кыйналдым. Антон Антоничтен акча сураш мага аябагандай бетпак, уят иш көрүндү. Мен эки-үч түн уктаган жокмун, негизи ошол күндөрдө уйкум качты, дене табым көтөрүлдү. Жүрөгүм бирде күтүлбөгөн жерден токтоп калгансып, бирде катуу туйлап, кабынан чыгып кетчүдөй секире баштачу!..

Антон Антонович адегенде таң калгансып, мага чекесин тырыштырып карады да, анан ойлонуп, менден карызга алган акчаны айлык акыдан эки жумадан кийин кармап алууга макулдугум тууралуу тил кат алып, мага карыз берди. Ошентип, акыры баары даяр болду, сулуу кундуз жаман еноттун ордун ээледи, мен акырындап ишке кириштим. Дароо киришүүгө болбойт эле, бекер убара болмокмун; бул ишти билгичтик менен, аз-аздан жасоо керек. Бирок мойнума алам, бир нече жолу аракет кылгандан кийин үмүт үзө баштадым: биз эч качан ал жолдо кагышпайбыз – ушуну менен баары бүттү!

Канча жолу даярдандым, канча жолу ниет кылдым, – мына эми кагылышар болдук окшойт, карасам, кайра эле мен жол берип, а ал мени байкабай өтүп кеткен болот. Ал тургай чечкиндүүлүк тилеп, ага жакындаганда Кудайга жалынып, дубаларды окудум. Бир жолу аракет кылууга катуу бел байлап аябай жакындадым, бирок анын бутунун алдында калдым, анткени акыркы көз ирмемде, болгону эки дюймдук аралык калганда кайратым жетпеди.

Ал жайбаракат мени жөөлөп өттү, мен каптал жакка топтой учуп түштүм. Ошол түнү кайрадан ооруп, этим ысып, жөөлүп чыктым. Анан күтүлбөгөн жерден баары жакшы аяктады. Мурунку түнү өзүмдүн арам ниетимди ишке ашырбай, баарын унутууну чечкем, ушул максат менен акыркы жолу Невскийге чыктым. Чындап эле бул ниетимди унутууга эрким жетеби, көрөйүн дегем.

Капилеттен, душманым үч кадам жерден алдыман чыга калганда, күтүлбөгөн жерден бир чечимге келдим, көзүмдү жумуп, ийиним менен жөөлөп өттүм! Мен бир дюйм да жылбай, бирдей шартта жөөлөштүм! Ал артына бурулуп караган жок, байкабагандай түр көрсөттү, бирок ал жөн гана түр көрсөттү, буга толук ишенем. Мен буга көзүм жетип турат! Албетте, мен көбүрөк жабыркадым, ал күчтүү болчу, бирок кеп анда эмес эле. Кеп максатыма жетип, кадыр-баркымды сактап, бир кадам да чегинбей, эл алдында өзүмдү аны менен тең социалдык тепкичке койгонумда болчу.

Бардык азаптарым үчүн өч алып үйгө кайттым. Кубанычыма чек жок эле. Жеңишимдин урматына италия арияларын создум. Албетте, үч күндөн кийин эмне болгонумду силерге айтпайм. Эгер менин "Жертөлөдө" деген биринчи бөлүмүмдү окуган болсоңор, анда өзүңөр эле божомолдоп билсеңер болот. Андан кийин офицер бир жакка которулуп кетти. Мен аны он төрт жылдан бери көрө элекмин. Ал азыр кайда жүрөт болду экен? Дагы кимди тебелеп жүрөт?

Бирок мен канчадан бери кыйнап келе жаткан арамза ойлорумду токтоткондон кийин катуу ооруп калдым. Өкүнүүлөр кубаласам да болбой жан-дүйнөмдү тытып, тим эле кускуң келет. Бирок ага да бара-бара көнө баштадым. Баарына көнүп, башкача айтканда, көнбөсөм да, эмнегедир өз ыктыярым менен ага чыдаганга макул болдум. Бирок менде баарын элдештирген бир жол бар болчу, ал “бардыгы кооз жана бийик нерселерге” баш калкалоо эле, албетте, кыялымда.

Мен аябай кыялдандым, үч ай катары менен кыялданып, бурчта тыгылып отурдум, ишенип койгула, ошол көз ирмемдерде башы айланып немис еноттун терисин жакасына тигип алган мырзага окшош эмес элем. Күтүлбөгөн жерден баатыр болуп калдым. Ал кезде бою он-вершок лейтенанты да өзүмө жолотпойт элем. Андай нерсени ал кезде элестете да алган эмесмин.

Кандай гана кыялдарым бар эле, аларга кандай ыраазы болгонумду азыр айтуу кыйын, бирок ошол кезде ага ыраазы болчумун. Айтмакчы, азыр деле мен буга кандайдыр бир деңгээлде ыраазымын. Кыялдар мага бузуку ойлорумду таштагандан кийин өзгөчө таттуу, күчтүү келип, тобо кылууну, көз жашты, каргышты жана ыракаттанууну ала келди. Ушунчалык өзүмө-өзүм ыраазы болгон көз ирмемдер, ушундай бакыттын учурлары болду, ички дүйнөмдө кичине болсо да өзүмө карата шылдыңдын изи да сезилчү эмес.

Ишеним, үмүт, сүйүү бар эле. Болгону, мен ошондо кандайдыр бир керемет, кандайдыр бир тышкы жагдай, мунун баары капысынан кыймылга келип, кеңейип кетет деп сокур ишенгем. Күтүлбөгөн жерден тиешелүү иш-аракет мейкиндиги пайда болот, жакшы, сулуу, эң негизгиси, толугу менен даяр (кандай экенин эч качан билген эмесмин. Бирок эң негизгиси - толугу менен даяр болсо болгону), анан күтүлбөгөн жерден ак боз атчан, лавр гүлдестесин кармап, жарыкка чыга келем деп ойлочумун.

Мен экинчи даражадагы ролду түшүнө да алган жокмун, дал ушундан улам акыркыны эч унчукпай ээледим. Же баатыр, же коркок... орто жери болгон эмес. Мына ушул мени талкалады, анткени корккондо мен дагы бир убакта баатыр болорумду ойлоп өзүмдү-өзүм сооротчумун, ал эми баатырдык турган жерде коркоктугуң көзгө көрүнбөйт, жөнөкөй адам коркоктук кылгандан уялат, а баатырды коркот деп эч ким ойлобойт, ошондуктан ал уялбай эле корко берсе билинбейт.

Кызыгы, бул «бардык кооз жана бийиктердин» толкундары мага арамзалык доорунда келип, мен “чуңкурдун” эң түбүндө турганда, өзүн эске салгансып өзгөчө жаркылдап келип, бирок өзүнүн келиши менен бузуку ойлорумду жок кыла алган жок; тескерисинче, аны өзүнүн ар түрдүүлүгү менен жандандырып, жакшы татымал канча керек болсо дал ошончо келип жаткансыды. Бул татымал карама-каршылык менен азаптан, азаптуу ички анализден турган жана бул азап менен азап чегүүлөрдүн баары менин арамза ойлорума кандайдыр бир өткүрлүктү, атүгүл маани-маңыз да берди бир сөз менен айтканда, алар жакшы татымалдын милдетин толук аткарышты. Мунун баарында ал тургай кандайдыр бир тереңдиксиз болгон эмес. Анан кантип жөнөкөй, адепсиз, түзмө-түз, шылуундукка макул болуп, ушунча ыпластыкка чыдамак элем! Ошол кезде мени түнкүсүн көчөгө азгыра турган эмнеси бар эле? Жок, мырзалар, менде бардык нерселер үчүн асыл жылчык бар болчу...

Бирок кандай гана сүйүүнү, оо,Теңирим, мен канча гана сүйүүнү баштан өткөрбөдүм дейсиң, бирок бул менин ушул кыялдарымда, ушул "бардык сулуу жана бийиктикке" баш калкалоолордун учурунда болду. Кыялдагы сүйүү болсо да, эч качан адамдык эч нерсеге байланбаса дагы, бирок ал сүйүү ушунчалык терең болгондуктан, бул сүйүүнүн кийинчерээк иш жүзүндө, аны колдонуунун да кереги жок болуп калган, бул өтө эле ашыкча кооздук болмок.

Бардыгы, дайыма искусствого, башкача айтканда, бүтүндөй даяр, акын-жазуучулардан уурдалып, ар кандай кызматтарга, талаптарга ылайыкташкан кооз формаларга өтүү менен бактылуу аяктачу. Мисалы, мен баарын жеңип чыгып кубанычка батам. Баары, албетте, чаңда калышат, менин бардык жактан кемчиликсиз экенимди өз ыктыярлары менен моюнга алууга аргасыз болушат, а мен алардын баарын кечирем. Мен өзүмдү атактуу акын же ишкер катары элестетем, анан бирөөгө ашык болом, эсепсиз миллиондогон акчаларды табам. Аларды дароо эле адамзатка тартуулайм, бардык адамдарга өзүмдүн абийирсиздиктеримди айтып, мойнума алам, алар албетте, жөн эле балит нерселер эмес, өтө көп сандагы “сулуу жана бийиктикти”өз ичине камтыган нерселер. Манфредиандык нерселер сыяктуу.

Баары ыйлап, мени өпкүлөшөт, мен болсо дервиш сыяктуу жылаңаяк жана ачка, жаңы идеяларга үгүттөп дүйнөнү кыдырам. Аустерлицтин алдында кармашка чыгып эски көз караштарды талкалайм. Андан кийин марш ойнолуп, мунапыс чыгарылат, Папа Римден Бразилияга кетүүгө макул болот. Андан соң Комо көлүнүн жээгиндеги Боргезеде виллада бүткүл Италия үчүн той-тамаша өткөрүлөт, анткени Комо көлү ушул учур үчүн Римге атайылап көчүрүлүп келген, андан кийин бадалдагы көрүнүштөр ж.б.у.с.—эмне эч нерсе билбегенсип жатасыңар?

Өзүң моюнга алып жаткандан кийин ушунун баарын азыр базарга алып чыгуу адепсиздик жана ыпластык дейсиңерби. Эмне үчүн, адепсиздик, мырзалар? Силер чындап эле мени ушунун баарынан уялат дейсиңерби, мунун баары силердин жашооңордогу бардык нерселерден да акылсыз болду деп ойлойсуңарбы? Андан тышкары мага ишенип койгула, менде баары эле абдан жаман эмес... Баары эле Комо көлүндө болгон эмес. Бирок силердики туура; чындап эле адепсиздик жана жийиркеничтүү. Баарынан да жаманы, мен азыр силердин алдыңарда актана баштадым. Андан да жаманы, мен азыр жазып жаткан ушул эскерүү. Ооба, жетишет, антпесе эч качан бүтпөйсүң, баары биринен-бири жаман боло берет...

Үч айдан ашык убакыт бою мен кыялдана алган жокмун жана коомго аралашуунун чексиз зарылдыгын сезе баштадым. Коомго аралашуу мен үчүн башчым Антон Антоныч Сеточкинге баруу дегенди билдирет. Ал менин өмүрүмдөгү жападан жалгыз туруктуу таанышым болчу, бул жагдайга өзүм азыр да таң калам. Бирок мен ага ушундай мезгил жакындап калганда гана барчумун, кыялдарым ушунчалык бакытка жеткизчү, адамдарды, бүткүл адамзатты сөзсүз жана дароо кучагыма алгым келчү. Бул үчүн жок дегенде ишенген бир адамың болушу керек эле. Айтмакчы, Антон Антоничке шейшемби күндөрү гана (анын күнү) кабыл алчу, демек, шейшембиге чейин бүткүл адамзатты кучагына алуу зарылдыгын ар дайым күтүп жүрүүгө мажбур элем.

Антон Антоныч Беш бурчтукта, төртүнчү кабатта, эң жупуну, саргыч тарткан, жапыз, кичинекей төрт бөлмөдө жашачу. Анын эки кызы, алардын чай-пайын даярдап каралашып жүргөн таежеси бар болчу. Кыздары - бири он үчтө, экинчиси он төрттө, экөө тең быйпыгый мурундуу татынакай кыздар эле, мен алардын көзүнчө кысылып олтурчумун, анткени алар бир нерселерди шыбырашып, кыткылыктап күлө беришчү.

Үй ээси адатта кабинетинде, булгаары диванда, үстөлдүн маңдайында кайсы бир чачы агарган, биздин, атүгүл кээде чет өлкөлүк ишканалардын кызматкери менен отурчу. Эки-үчтөн ашык конокту мен ал жерден көргөн эмесмин. Алар акциз, сенаттагы аукциондор, айлык акылар, өндүрүш, Улуу даражалуунун өзү, жактыруу каражаттары жөнүндө ж.б.у.с. маселелерди талкуулашчу. Мен бул адамдардын жанында төрт сааттан ашык келесоо адам сыяктуу, алардын сөздөрүнө түшүнбөй, алардын сөздөрүнө аралашканга батына албай чыдап тыңшап олтура берчүмүн.

Мен барган сайын эч нерсе түшүнбөй, макоодой жалдырап, денемден муздак тер чыгып, шал болгон немедей олтурар элем, бирок ал мага жакшы жана пайдалуу болчу. Үйгө кайтып келгенде бүт адамзатты кучагыма алгым келген каалоом бир азга бөксөрө түшчү. Бирок менин дагы бир таанышым бар сыяктуу, ал Симонов, менин мурдагы мектептеги досум. Санкт-Петербургда мектептик досторум көп болчу, бирок алар менен сүйлөшпөй, а түгүл көчөдө жолугуп калганда саламдашпай да калгам.

Мен, балким алар менен бирге болбош үчүн гана башка жактарга кызматка өтүп, жек көргөн балалыгым менен дароо кол үзгүм келгендир. Ал мектепти, андагы өткөзгөн оор жылдарды каргыш алсын! Бир сөз менен айтканда, боштондукка чыгарым менен жолдошторумдан кол үздүм. Жолугушканда саламдашар эки-үч киши гана калган. Алардын арасында Симонов да бар болчу, ал мектепте бизден эч кандай айырмаланчу эмес, ал бир калыпта жана тынч жүрчү, бирок мен анын мүнөзүнөн кандайдыр бир өз алдынчалыгын, ал тургай чынчылдыгын байкачумун.

Мен аны абдан чектелген адам деп ойлобойм. Аны менен бир топ жаркыраган көз ирмемдерди өткөргөм, бирок ал көпкө созулган жок, эмнегедир мамилебизди калың туман каптады. Ал бул мезгилдерди эскергиси келбейт көрүнөт, сыягы мени мурунку абалыма түшүп калам деп коркчу окшойт. Ал мени жактырбаса керек деп шектенчүмүн, бирок ага көзүм жетпегенден кийин бара берчүмүн. Анан бир күнү бейшембиде жалгыз олтургандан тажап, Антон Антоничтин эшиги бейшемби күнү жабык экенин билгендиктен, Симоновду эстедим. Төртүнчү кабатка аны көздөй көтөрүлүп бара жатып, бул мырза мени жактырбай тажап жүрөт болуш керек, бекер эле келе жатам деп ойлоп койдум. Бирок ар дайым ушундай ойлор атайылап мени ого бетер түшүнүксүз абалга түртүү менен бүткөндүктөн, мен кирип кеттим. Симоновду акыркы жолу көргөнүмө бир жылдай болуп калган.

III

Аны менен мектепте чогуу окуган дагы эки жолдошум олтуруптур. Алар, кыязы бир маанилүү маселе жөнүндө сүйлөшүп жаткан сыяктуу. Келгениме эч кимиси дээрлик көңүл бурган жок, бул таң калыштуу эле, анткени аларды көп жылдардан бери көрө элек болчумун. Албетте, алар мени эң жөнөкөй чымын сыяктуу кабыл алышты окшойт. Мектепте деле мени баары жек көрүшчү, бирок мынчалык жаман мамиле кылышчу эмес.

Мен, албетте, түшүндүм, алар мени азыр кызматтык карьерамдын майнапсыз кеткени үчүн, буга чейин бир топ ылдый түшүп, жаман кийинип жүргөнүм үчүн, ж.б. – бул алардын көз карашында жөндөмсүздүгүмдүн, арзан баалуулугумдун белгиси эле. Бирок мынчалык жек көрүүнү дегеле күткөн эмесмин. Симонов менин келгениме таң калды. Ал дайыма менин келгениме таң калгандай көрүнчү.

Мен кандай кыларымды билбедим. Ызаланып отуруп, эмнени айтып жаткандарын уга баштадым. Бул мырзалар офицердик кызматы боюнча алыскы губернияга жөнөгөн жолдошу Зверков менен эртең уюштурар коштошуу тамагы тууралуу олуттуу, атүгүл кызуу талкуу жүргүзүштү. Мырза Зверков менин да мектепте чогуу окуган теңтушум эле. Мен аны өзгөчө жогорку класстарга баргандан баштап жек көрө баштагам.

Төмөнкү класстарда ал баары жакшы көргөн, татынакай, чырайлуу бала болчу. Бирок мен аны төмөнкү класстарда деле дал ошол татынакай, эрке бала болгондугу үчүн жек көрчүмүн. Ал башынан начар окучу, барган сайын ого бетер окуусу начарлагандын үстүндө эле. Бирок ал мектепти ийгиликтүү аяктаган, анткени аны колдогондору көп болгон. Биз мектепте акыркы класста окуп жатканда, ал эки жүз жанды мурастап, баарыбыз дээрлик кедей болгонубуздан улам алдыбызда бой көтөрүп мактанчу.

Ал эң жогорку даражадагы адепсиз адам эле, бирок ошентсе да мактанчак болгону менен боорукер болчу. Текебердигине, көйрөңдүгүнө карабастан, аз гана адамдардан башкасы, Зверковдун айланасында жабышып чуркаган сайын, ал ого бетер көөп кеткен. Кандайдыр бир пайда көрүш үчүн эмес, алар анын айланасында, ага жөн гана табият тартуулаган тартуу күчү бар адам болгондуктан чуркашчу.

Анын үстүнө Зверковду эпчилдиги, жакшы жүрүм-туруму жагынан адис деп эсептешчү. Акыркысы мени өзгөчө кыжырдантчу. Мен анын бекем чыккан, өзүнөн күмөн санабаган үнүн, жөнү жок акылдуусуна бергенин жек көрчүмүн, ал сөзүн тайманбай бетке айтса да, айткан тамашалары абдан одоно чыкчу. Мен анын сулуу, бирок келесоо жүзүн (бирок мен өзүмдүн акылдуу жүзүмдү аны менен сүйүнүп алмашмакмын), кыркынчы жылдардагы офицерлерди туураган кылык-жоруктарын жактырчу эмесмин. Анын аялдар менен болгон келечектеги ийгиликтери тууралуу кыялдарын (ал офицердик погону жокто аялдарга жакындоого батынчу эмес, ошондуктан офицердик чинди чыдамсыздык менен күтчү). Мүнөт сайын дуэлге чыгарын кайра-кайра кайталагандарын уккум да келчү эмес.

Эсимде, мен дайыма унчукпай жүрүп, анан Зверков менен капысынан урушуп кеткеним. Ал бир жолу бош убактысында жолдоштору менен болочок жыргал турмушу жөнүндө сүйлөшүп, өз айылындагы бир дагы айылдык кызды жөн коё бербесин, эгерде мужуктар каршылык көрсөтүүгө батынса, аларды, бул сакалчан айбандардын баарын басып алып сабаарын айтканда, чыдабай кетип айтыша кеткем. Биздин уятсыздарыбыз ошондо кол чаап угуп, бирок мен кыздар менен алардын аталарына боор ооругандыгымдан эмес, жөн гана ушундай акмакка кол чабышканына жиним келген. Ошондо мен жеңип чыктым, бирок Зверков акылсыз болсо да, шайыр, тайманбас эле, ошондуктан күлүп кутулду, мен толугу менен жеңе алган жокмун, анткени күлкү анын пайдасына эле.

Анан ал дагы бир нече жолу мени жеңди, жаман ниет менен эмес, тамашага чалып, билдирбей чымчып өтүп, күлкү аралаштырып. Мен ага ачууланып, жек көрдүм, бирок жооп берген жокмун. Окууну бүтөрү менен ал мага жакындагысы келген. Мен көп каршылык көрсөткөн жокмун, анткени анын бул мамилеси мага жагып жаткан, бирок биз бат эле эч себепсиз эки жакка бөлүнүп кеттик. Андан кийин лейтенант катары казармадагы ийгиликтери, жыргалдары жөнүндө угуп жүрдүм.

Кийинчерек анын кызматы боюнча жогору көтөрүлүп бара жатканы жөнүндө кеп чыккан. Көчөдө жолугуп калсак ал мени менен саламдашпай, мендей майда адамга саламдашуу анын беделин түшүрчүдөй ойлосо керек. Мен аны бир жолу театрда, үчүнчү кабатта, ийнине кооз тасма арта салынган аскер мундирчен олтурганын көрдүм. Ал бир улгайган генералдын кызынын алдында бөйпөлөңдөп, ага кандай болсо да жагууга аракет кылганын байкагам. Дагы үч жылдан кийин сулуу жана кыймылдуу болгонуна карабастан, ал аябай өзгөрүлдү. Кандайдыр бир шишик баскансып, семирди. Отузга барганда ал таптакыр кебетеси келишип калары даана көрүнүп турду.

Мына ошол алыска кызмат кылуу үчүн кетген Зверковду биздин жолдоштор кечки тамакка чакырып сыйлап, узатканы жатышыптыр. Алар өздөрүн аны менен бирдей деңгээлде эсептебесе да, мен буга ишенем, үч жыл бою аны менен мамилелерин үзбөй жүрүшкөн экен. Симоновдун эки мейманынын бири, орустардын арасында өскөн немис — кодогой бойлуу, маймыл жүздүү, баарын шылдыңдап күлгөндү жакшы көргөн келесоо чалыш, менин төмөнкү класстан берки эң биринчи душманым — эң эле уятсыз, орой, коркок, бирок амбициясы күчтүү, кодойгон жигит Ферфичкин. Ал Зверковду сыйламыш болуп жанынан чыкпай, андан карызга көп акча алгандардын бири болчу.

Симоновдун дагы бир коногу Трудолюбов, ал көзгө көп чалынбаган, узун бойлуу, чынчыл, бирок ар кандай ийгиликтин алдында ийилип, бир гана чарба иштерин талкуулоого жөндөмдүү аскер жигити эле. Зверков менен анын кандайдыр бир алыскы тууганчылыгы бар болчу, а бул акылсыздык болсо дагы, биздин арабыздагы мамиледе кандайдыр бир мааниге ээ сыяктуу сезилчү. Ал мени киши катары көрчү эмес, бирок орой болсо да, чыдаса болчудай мамиле жасачу.

—Эгер үчөөбүз, жети сомдон чогултсак, — деп баштады Трудолюбов, —жыйырма бир сом болот, жакшы түшкү тамакка жетет. Зверков, албетте, төлөбөйт.

– Биз аны чакырып жатпайбызбы, эмнеге ал төлөш керек, – деди Симонов.

— Чындап эле ошондой ойлойсуңарбы, — деди Ферфичкин өз генералынын жылдыздары менен мактанган намыссыз малайдай кызууланып, — чындап эле Зверков биздин сыйыбызды жөн эле кабыл алат деп ойлойсуңарбы? Биздин сыйыбызды сыпайычылык кылып кабыл алат дечи, бирок өзү бизден эки эсе ашык кылып жайнатып салат.

– Төртөөбүзгө анчанын эмне кереги бар, — деп белгиледи Трудолюбов, эки эсе дегенге гана көңүл буруп.

— Демек, үчөөбүз, Зверков менен төртөөбүз, эртең саат беште «Отел де Парижде» чогулабыз, жыйырма бир сом болот экен, — акырында менеджер болуп шайланган Симонов жыйынтыктады.

– Кандайча жыйырма бир сом? – Мен бир аз толкунданып, атүгүл таарынгандай үн каттым. – Эгер мени менен эсептесең, жыйырма бир эмес, жыйырма сегиз сом болот. Мага күтүүсүздөн жана күтүлбөгөн жерден, өзүмдү өзүм сунуштаганым абдан кызыктуу болуп, баары бир заматта мага сый-урмат менен карашчудай сезилди.

– Сен да кошуласыңбы? — деди Симонов нааразы болгондой, эмнегедир мага тик кароодон жалтанып.

Ал мени жатка билчү. Мени ошол жатка билгени кыжырдантты.

– Эмнеси бар экен, мырза? Кантсе да мен анын жолдошмун, мойнума алам, мени кошпой койгонуңарга таарынып калдым, — кайра ызылдай баштадым.

– Сени кайдан тапмак элең? Ферфичкин оройлук менен кийлигишти.

– Силер Зверков экөөң дайыма келише албай жүрдүңөр эле го, — деп кошумчалады Трудолюбов, кабагын чытып.

Бирок мен айтканымдан кайткан жокмун.

– Менин оюмча, бул жөнүндө айтууга эч кимдин акысы жок, – дедим үнүм титиреп, экөөбүздүн ортобузда эмне болгонуна бир Кудайдан башканын иши жок. Балким дал ушундан улам мен азыр баргым келип жаткандырмын, анткени буга чейин мамилебиз жакшы болбой жүргөн.

– Деги, сени ким түшүнөт... бул... – Трудолюбов күлүп койду.

– Сен жазып коём, — деп чечти Симонов, мага кайрылып, — эртең саат беште Париж мейманканасына кел, жаңылба.

– Акчасычы! Ферфичкин шыбырап, мен жакка башын ийкеп Симоновго сүйлөп бара жатып ыңгайсызданып токтоп калды, ал эмес Симонов да уялып кетти.

– Жетишет, – деди Трудолюбов ордунан туруп. Эгер чындап кааласа, келе берсин.

– Эмне үчүн, өзүбүздүн ынтымактуу чөйрөбүз бар, — деди Ферфичкин ачууланып, баш кийимин алып жатып. Бул расмий жолугушуу эмес. Биз балким сенин келишиңди таптакыр каалабайбыз...

Алар кетишти. Ферфичкин кетип баратып мага коштошкон да жок. Трудолюбов мен жакты карабай туруп араң башын ийкемиш болду. Бетме-бет калган Симонов кандайдыр бир кыжаалат болуп, мени кызыктай карады. Олтур деп чакырган да жок. "Мм... ооба... демек эртең. Акчаңды азыр бересиңби? Мен муну тактоо үчүн айтып жатам, — деп кобурады ал уялып. Менин жиним келди, жиним келип Симоновго эзелтеден бери он беш сом карыз экенимди эстедим, мен аны эч качан унуткан эмесмин, бирок кайтарган да эмесмин.

— Өзүң түшүнсөң, Симонов, мен бул жакка келерде билген эмесмин... акча албай калганыма аябай өкүнүп жатам...

— Жакшы, жакшы. Эртең ала келесиң. Мен жөн гана билгим келди... Сен, сураныч... Ал сөзүн үзүп, кандайдыр бир өкүнүч менен, таманын барган сайын катуурак тарсылдатып бөлмөдө ары-бери баса баштады.

– Мен сени кармап жатамбы? – деп сурадым эки мүнөттөй унчукпай тургандан кийин.

– О, жок! – Ал күтүлбөгөн жерден селт эте түштү да, – Чынын айтсам, ооба, билесиңби, мен дагы бир жерге кирип чыгышым керек эле... Жакын эле жерде... – деди бир чети кечирим сурагансып, бир чети уялгансып.

– Оо, Кудайым-ай! Жана эле айтпайт белең!—дедим да калпагымды алып, кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, таң калыштуу калжаңдаган түр менен.

– Анча деле алыс эмес... Эки кадам эле жерде... – деп кайталады Симонов, өзүнө такыр окшобогон кебетеси менен мени узатып жатып. – Анда, эртең саат беште! – ал мени тепкичке чейин узатып койду, кетип жатканыма абдан сүйүнгөнсүп.

А мен жинденип келе жаттым. “Менин тилимди ким тырмады!”—көчөдө баратып тишимди кычыраттым, болгондо да ушундай шылуун, чочко Зверковго! Албетте, баруунун кереги жок. Түкүрдүм ошого! Барганга милдеттүү эмесмин! Эртең эле Симоновго шаардык почта аркылуу бара албасымды кабарлайм... Бирок мен сөзсүз барарымды билгенден улам жиним келген. Анткени бара албасымды билдим. Атайылап барам, барганым канчалык орунсуз жана адепсиз болсо, ошончолук эрте барам.

IV

Мен келип отурганда кызматчы үстөлгө дасторкон жая баштады. Мен негедир уялдым. Саат алтыга жакын бөлмөгө чырактардан тышкары шамдар да киргизилди. Кызматчы мен жаңы келгенде аларды алып келүүнү ойлогон эмес эле. Коңшу бөлмөдө ар кайсы үстөлдөрдө маанайсыз эки конок унчукпай үңүрөйүп тамактанып отурушту. Алыскы бөлмөлөрдүн биринде абдан көңүлдүү олтуруш өтүп жатты, бүтүндөй бир топтун күлкүсү, кыйкырыктары, кээ бир жийиркеничтүү француз сөздөрү угулат. Араларында айымдар да бар. Бир сөз менен айтканда, абдан көңүлсүз эле. Мындай жаман мүнөттөрдү сейрек кездештиргем, ошондуктан алар чогуусу менен саат алтыда пайда болгондо, мен биринчи көз ирмемде алар мага кандайдыр бир боштондук алып келгендей кубанып, таарынгандай көрүнүүгө милдеттүү экенимди унутуп кала жаздадым. Зверков баарынан озуп кирди, кыязы ал баштап келе жаткансыйт.

Алар каткырып күлүп келе жатышкан, бирок мени көрүп Зверков олуттуу боло түштү да, шашпастан, белин бир аз эңкейтип, тийишкенсип жакын келип, бир колун ийиниме, дээрлик генералдык сылыктык менен коюп, экинчи колун өзүн бир нерседен коргоп жаткансып кандайдыр бир этияттык менен сунду. Мен тескерисинче, ал кирери менен мурунку чыркыраган күлкүсү менен күлүп, биринчи сөзүнөн эле орунсуз тамашалары, шылдыңдары башталат деп элестеткем.

Мен алардын шылдың-тамашаларына кечээтен даярдангам, бирок мынчалык өйдөсүнгөн, мынчалык назик эркелетүүнү албетте, күткөн эмесмин. Демек, ал өзүн бардык жагынан менден чексиз жогору турам деп эсептейт экен да? Эгерде ал мени ушул генералдыгы менен гана таарынткысы келсе, анда эч нерсе эмес деп ойлодум. Андай кылыгын көтөрүп койсом деле болмок. Бирок чындыгында, эч кандай таарынтууну каалабастан, менден чексиз бийикмин, мага колдоочулук көз караш менен гана карай алам деген ой анын көк мээ башын олуттуу ээлеп алган болсочу?

Бул божомолдун өзү эле мени муунта баштады.

– Сенин биз менен бирге олтурууну каалаганыңды укканда таң калдым, – деп баштады ал оозун араң кыбыратып, сөздөрдү чоё сүйлөп, буга чейин анда мындай адат жок болчу.

– Экөөбүз көптөн бери жолуга алган жокпуз. Сен бизден качып жүрөсүң. Бекер кыласың. Биз сен ойлогондой коркунучтуу деле эмеспиз. Мейли, кандай болгон күндө да кайрадан жолукканыма кубанычтамын... –Анан баш кийимин терезеге таштап койду.

- Качантан бери күтүп жатасың? — деп сурады Трудолюбов.

– Мен кечээ сүйлөшкөндөй саат беште келгем, – кыжырданып жооп бердим, жакында жарылууну күткүлө дегенсип.

– Жолугушуу жылдырылганын айткан жок белең? – Трудолюбов Симоновго кайрылды.

– Айткан эмесмин. Унутуп калыптырмын, – деди, эч өкүнбөй, жадагалса менден кечирим сурабастан. Ал тамак-аштын жайын билүүгө чыгып кетти.

– Демек, бул жерде бир сааттан бери жүрөсүңбү, оо, байкуш! – Зверков шылдыңдагансып кыйкырып жиберди, анткени анын ою боюнча, бул чындап эле абдан күлкүлүү болчу. Артынан иттикиндей ачуу үнү менен шылуун Ферфичкин борсулдап күлө баштады. Менин бул абалым ага абдан күлкүлүү сезилди.

– Бул жерде күлөр эч нерсе жок! – Мен уламдан-улам кыжырдануум күчөп, Ферфичкинге кыйкырдым: — Бул жерде мен эмес, башкалар күнөөлүү. Мага айткылары да келген жок. Бул-бул-бул туура эмес.

– Туура эместен да жаман нерсе, – деп кобурады Трудолюбов мага болушкансып. Сен өтө жумшаксың. Бул адепсиздик. Албетте, атайылап эмес дечи. Симонов кандайча... хм!

– Эгер алар мени менен ушинтип ойношсо,— деди Ферфичкин,— мен...

– Сен бир нерсе алдырып шам-шум эте турсаң болмок же бизди күтпөй эле тамактана бербейт белең, – деди Зверков.

– Силер мени жакшы билсеңер керек, мен кааласам муну эч кандай уруксатсыз кыла алмакмын, – деп кесе айттым. – Эгер мен күткөн болсом, анда...

– Келгиле, мырзалар, отуралы, — деп кыйкырды Симонов кирип келатып, — баары даяр. Мен шампан үчүн жооп берем, ал эң сонун муздаптыр... Кантсе да, мен сенин батириңди билбейм, сени кайдан табат элем? Ал күтүлбөгөн жерден мага кайрылды, бирок дагы эле эмнегедир мен жакты караган жок.

Анын мага каршы бир нерсеси бар экени көрүнүп турду. Кечээтен бери ойлонуп жүргөндөй. Баары отурушту. Мен да отурдум. Үстөл тегерек болчу. Сол жагымда Трудолюбов, оң жагымда Симонов. Зверков маңдайымда. Ферфичкин анын жанында, Зверков менен Трудолюбовдун ортосунда.

– Айтчы, сен... департаментте иштейсиңби? – мени менен маегин улантты Зверков. Менин кыжаалат болгонумду көрүп, мага жылуу мамиле жасаш керек, мындайча айтканда, дем бериш керек деп олуттуу элестетип алгандай.

“Ал эмне, мен аны бөтөлкө менен согушумду каалап жатабы” – деп ойлодум ачуум келип. Мен, адаттан тыш, эмнегедир тез кыжырданып чыктым.

– Кеңседе, – деп тарелкага карап кыска жооп бердим.

– Анан... бул сага пайдалуубу? Айтсаң, мурунку кызматыңды таштоого эмне себеп?

– Мурунку кызматымдан кетким келгени себеп болду, – мен андан үч эсе көп чоё сүйлөдүм, өзүмдү дээрлик башкара албай. Ферфичкин бырс күлүп жиберди. Симонов мага ирония менен карады. Трудолюбов тамактанууну токтотуп, мени кызыга карай баштады. Зверков кыжыры келди, бирок анысын байкаткысы келген жок.

– Кана айтчы, ал жерде кандай төлөшөт? Башкача айтканда, эмгек акың канча?

– Бул эмне, суракпы же сынакпы?

Бирок мен канча айлык аларымды дароо айттым да, аябай кызарып кеттим.

– Демек, көп эмес, – деп белгиледи Зверков.

– Ооба, кафе-ресторандарда тамактанга жетпейт! Ферфичкин одоно кошумчалады.

– Менин оюмча, аябай эле аз, – деп олуттуу белгиледи Трудолюбов.

– Аябай арыктап, өзгөрүп кетипсиң,... көптөн бери... – деп кошумчалады Зверков, кандайдыр бир аёо менен мени жана кемселимди карап.

– Болду эми, көп эле уялта бербегиле, – деп жиберди Ферфичкин күлүп.

— Урматтуу мырза, билип кой, мен эч качан уялбайм, — дедим ачууланып, — угуп жатасыңбы!

Мен азыр бул жерде, «кафе-ресторанда» тамактанып жатам, өз акчам менен, өзүмдүн, башка бирөөнүн акчасы менен эмес, ойлоп сүйлө, мырза Ферфичкин.

– Вау! Бул жерде ким башканын эсебинен тамактанып жатыптыр? Сен эмне дегени турасың... – рак окшоп кызарып чыккан Ферфичкин, мени көздөрү менен атып жиберчидей карады.

– Ачууланба, – дедим өтө эле аша чаап кеткенимди сезип, – менимче, акылдуу сөздөрдөн сүйлөшкөнүбүз туура болмок.

– Сен акылыңды көрсөтөйүн дедиңби?

 – Кабатыр болбой эле кой, бул жерде анын таптакыр кереги жок.

– Силер эмне, келжирей баштадыңар, ыя? Сен өзүңдүн кеңсеңде акыл-эсиңден ажырап калгансыңбы? Жетишет, мырзалар, жетишет! — деп кыйкырды буйуруп сүйлөп көнүп калган үнү менен Зверков.

– Кандай келесоочулук! — деп кобурады Симонов.

 – Чындыгында келесоочулук, биз жакшы досубузду сапарга узатуу үчүн ынтымактуу компания чогулганбыз, а сен эсептешип кирдиң, — деп баштады Трудолюбов мага оройлоно. Кечээ келем деп өзүң сурандың, эми жалпы ынтымакты бузба да...

—Жетишет, жетишет! – деп кыйкырды Зверков. – Токтоткула, мырзалар, кыйкырышкандан майнап чыкпайт. Андан көрө мен мындан үч күн мурда кантип үйлөнүп кала жаздаганымды айтып берейин... Анан үч күн мурда бул мырза кантип аз жерден үйлөнбөй калганы тууралуу жомок башталды. Ал эми нике тууралуу бир да сөз болгон жок, бирок окуяда генералдар, полковниктер, алтургай кызматчылар тууралуу сөздөр айтылып, албетте, алардын арасында Зверков дээрлик алдыңкы орунда турду. Окуяны коштогон күлкүлөр чыгып жатты. Ферфичкин алтургай боору эзилгиче каткырды. Баары мени унутуп салышты, мен басырынып, оо, Кудайым, бул коом мен үчүнбү!” – деп ойлоп, араң чыдап отурдум.

Аларга өзүмдү кандай гана акылсыз кылып көрсөттүм! Бирок мен Ферфичкинге ашыкча сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берип койдум көрүнөт. Бул келесоолор мени өздөрүнүн дасторконунан орун берип, сый көрсөттүк деп ойлошот окшойт, алар менин ким экенимди түшүнүшпөйт сыяктуу, керек болсо алар эмес, мен аларга сый көрсөтүп жатам! "Арыктап калыптырсың! Арзан кемсел!" Эй, каргыш тийген ыштан! Зверков азыр эле тиземдеги сары такты байкады... Бирок анын эмнеси бар экен! Азыр, ушул мүнөттө үстөлдөн турам да, калпагымды алып, үн катпай жөн эле кете берем... Жек көрөм! А эртең дуэлге чыкканга да даярмын. Арам тамактар. Мен эмне жети сомду аяп жатыптырмынбы. Бирок алар дал ошентип ойлоп калышат болуш керек... Каргыш алсын! Жети сом өчүн өкүнбөйм! Мен азыр кетем!..”

Албетте, мен кете алган жокмун. Мен маанайым түшүп лафит менен херести удаа-удаа чөйчөктөп ичип кирдим. Көнбөгөндүктөн бат эле кызый баштадым, кызыган сайын итатайым тутулуп кыжырдануум күчөдү. Мен күтүлбөгөн жерден алардын баарын эң жаман сөздөр менен сөгүп, анан туруп кетким келди. Ыңгайлуу мүнөттү күтүп, өзүмдү көрсөтөйүн деп ойлодум: алар мен тууралуу күлкүлүү болсо да, акылдуу экен деп ойлошсо... жана... жана... бир сөз менен айтканда... койчу, аларды шайтан алсын! Мен тайманбастан, алардын баарын бир сыйра кыдырата карап чыктым. Алар мени таптакыр унутуп коюшкансыйт, ызы-чууга түшүп, күүлдөп жакшы олтурушкан. Көпчүлүк учурда Зверков сөз бербей сүйлөп жатты.

Мен алардын сүйлөшкөндөрүн көңүл коюп тыңшай баштадым. Зверков акыры сүйүүсүн мойнуна алдырууга жетишкен (албетте, ал калп айтып жаткан) кандайдыр бир керемет айым жөнүндө жана бул маселеде жардам берген үч миң жаны бар анын жакын досу, кайсы бир князь, гусар Коля жөнүндө айтып берди.

– Анда эмне үчүн үч миң жаны бар Коля бул жерде жок, эмне үчүн ал сени узатууга катышпайт, – деп капысынан сөзгө аралашты. Баары бир мүнөткө унчукпай калышты.

— Сен мас болуп калдың көрүнөт, — акыры мага көңүл бөлүүгө мажбур болгон Трудолюбов, мен тарапка жек көрүү менен карады. Зверков унчукпай мени кичинекей коңузду карагансып тиктеди. Башты ылдый салдым. Симонов шашып шампан куйду. Трудолюбов чөйчөгүн көтөрдү, анын артынан менден башкалардын баары ээрчишти.

– Сенин ден-соогуң жана бактылуу сапарың үчүн! — деп кыйкырды ал Зверковго; -- чогуу өткөзкөн эски жылдар жана биздин келечегибиз үчүн, урра! – Бардыгы ичип жиберишип, Зверковду өпкүлөп киришти. Мен кыймылдаган жокмун, алдымда ичилбеген толтура чөйчөк турду.

– А сен эмне ичпейсиңби? — деп бакырды чыдамы кеткен Трудолюбов мага жүзүн үйүрүп.

— Мен өзүм сөз айткым келет, өзгөчө... ошондон кийин ичем, мырза Трудолюбов.

– Жаман арам! — деп кобуранды Симонов.

Мен отургучка түзөлүп олтурдум да, ысытма менен чөйчөктү колума алдым, өзгөчө бир нерсе айтканга даярданып, бирок эмне дээримди али билбедим.

– Тынчтангыла! – деп кыйкырды Ферфичкин.

– Бир нерсе айтканга акылың жетеби! – Зверков эмне болуп жатканын түшүнгөнсүп, олуттуу боло түшүп күтүп калды.

– Мырза поручик Зверков, – деп баштадым, – билесиңби, мен кооз сөздөрдү, кооз сүйлөгөндөрдү жана ийилчээк белдерди жек көрөм... Бул биринчи пункт, андан кийин экинчи пункт. Баары ордуларында тыбырчылай башташты. Экинчи пункт: кулпунайды, кулпунайчыларды жаман көрөм. Өзгөчө кулпунайчыларды! Үчүнчү пункт: мен чындыкты, чынчылдыкты жана чын сүйлөгөндөрдү жакшы көрөм деп мен дээрлик механикалык түрдө сөзүмдү уланттым, анткени мен муну кантип айтып жатканымды өзүм да түшүнбөй, үрөйүм уча баштады... Мен терең ойду жакшы көрөм, мырза Зверков. Мен чыныгы жолдоштукту жакшы көрөм, бирок... бирдей шартта... хм... Мен сүйөм... Бирок эмне үчүн дебейсиңби? Мен сиздин ден соолугуңуз үчүн ичем, мырза Зверков. Черкес аялдарын багындыр, ата мекендин душмандарын атып жок кыл жана... жана... Ден соолук үчүн, мырза Зверков!

Зверков ордунан туруп, мага таазим кылып:

— Сага чоң ыракмат, – деди. Ал катуу таарынып, алтургай кубарып кетти.

— Шайтан алгыр! — деп бакырды Трудолюбов, муштуму менен үстөлдү муштап.

–Жок. Мындай сөзүң үчүн сени бетке согуш керек!— кыйкырып жиберди Ферфичкин.

– Муну бул жерден кууп чыгыш керек! — деп кобурады Симонов.

 – Бир да сөз айтпагыла, мырзалар, эч кандай кыймылдын да кереги жок! – деп Зверков салтанаттулук менен жалпы кыжырданууну токтотту.

—Баарыңарга рахмат, бирок мен ага анын сөздөрүн канчалык баалай ала турганымды далилдей алам. Ферфичкин мырза, бүгүн айткан сөздөрүңүз үчүн эртең мага жооп бересиз! — дедим үнүмдү катуу чыгарып, Ферфичкинге олуттуу сүйлөп.

– Дуэлге чакырып жатасыңбы, мырза?

– Буюрса, – дедим, бирок аны дуэлге чакырганым чын эле ушунчалык күлкүлүү чыкты, бул менин кебетеме анчалык коошпой тургандыктан, баары, аларга кошулуп Ферфичкин да кыраан-каткы күлүп эле жатып калышты.

 – Буга көңүл бурбай эле койгула! Ал чындап мас болуп калды!—деди Трудолюбов жийиркенүү менен.

– Мен муну жазганым үчүн өзүмдү эч качан кечирбейм! — деди Симонов кайрадан кобурап.

"Мына, эми баарын бөтөлкө менен согуу керек" – деп ойлодум да, бөтөлкөнү колума алып... чөйчөгүмдү толтуруп куйдум. “... Жок, мен аягына чейин отурам!”—деп ойлой баштадым: – Мырзалар, мен кетип калсам сүйүнөсүңөр. Андай кылганым болбойт. Мен силерге кымындай да маани бербегенимдин белгиси катары акырына чейин ичип отура берем. Кетпей олтуруп ичем, анткени бул жер ичкилик иче турган мекеме, а мен кирүү үчүн акча төлөгөм. Олтуруп алып каалашымча ичем, анткени мен силерди пешка, жок пешка деп да эсептебейм. Отуруп ичем... кааласам ырдайм, ооба мырзалар, ырдайм, анткени менин ушундай укугум бар... ырдаганга... хм.

Бирок мен ырдаган жокмун. Алардын бирин да карабаганга аракет кылдым. Мен эң көз карандысыз позаларды алдым жана алардан сөздү биринчи баштап, мени менен сүйлөшүн чыдамсыздык менен күттүм. Бирок тилекке каршы, алар мага сүйлөбөй коюшту. Ошол учурда алар менен жарашууну кандай гана каалаган элем!

Саат сегиз болду, акыры тогуз да болду. Алар үстөлдөн диванга олтурушту. Зверков бир бутун тегерек үстөлгө коюп, каада күтүп диванда чалкалады. Ал жакка шарапты да алдырып алышкан. Зверков чындыгында аларга өзүнүн үч бөтөлкөсүн коюп берди. Албетте, мени чакырышкан жок. Алар аны дээрлик урматтоо менен сөзүн бөлбөй угушту. Анын сүйүктүү экени көрүнүп турду. "Эмне үчүн? Эмне үчүн мындай?" – деп ойлодум.

Мас немелер анда-санда өбүшүп жатышты. Алар Кавказ жөнүндө, чыныгы кумарлануу эмне, кызматтагы кирешелүү орундар жөнүндө, алардын эч кимиси жеке тааныбаган гусар Подхаржевскийдин канча кирешеси бар экени тууралуу айтышты. Кирешеси көп болгонуна сүйүнүп, дагы эле алардын эч кимиси эч качан көрбөгөн принцесса “Д...нын” өзгөчө сулуулугуна жана ырайымына суктанышып, акырында Шекспирдин өлбөстүгүнө чейин жетишти.

Мен аларды жек көрө жылмайып, бөлмөнүн берки бетинде, дивандын так маңдайында, дубалды бойлоп, үстөлдөн мешке, мештен кайра үстөлдү карай ары-бери басып жүрдүм. Болгон кудуретим менен мен аларсыз деле көңүл ача алаарымды көрсөткүм келди, бирок ошол эле учурда өтүгүмдүн такасы менен полду катуу тарсылдатып жаттым. Бирок мунун баары текке кетти. Алар мага көңүл бурушкан да жок. Саат сегизден он бирге чейин, бир эле жерде, үстөлдөн мешке, мештен кайра үстөлгө чейин чыдап баса бердим. Менин минтип жүргөнүмө эч ким тыюу сала албайт болчу.

Бөлмөгө кирген кызматчы бир нече жолу токтоп, мени таңыркап карады, бир кезде тез-тез айлангандыктан башым тегеренди. Бир саамга жинди болуп баратамбы деп да ойлодум. Ушул үч саат ичинде үч жолу тердеп, үч жолу кайра кургадым. Жүрөгүмдү эң катуу, азаптуу: он жыл, жыйырма жыл, кырк жыл өтөт, бирок кырк жылдан кийин да ушул бүт өмүрүмдүн ичиндеги эң ыплас, эң күлкүлүү, кемсинткен ушул коркунучтуу мүнөттөрдү жийиркенүү менен эстесем керек деген ой ууландырып, көзөп баратты.

Мындан ары өз ыктыярым менен өзүмдү аёосуз басынта берүү мүмкүн болбоду, муну жакшы түшүндүм, ошентсе да үстөлдөн мешке чейин, мештен үстөлгө чейин токтобостон баса бердим. “Оо, менин кандай сезимдерге, ойлорго жөндөмдүү экенимди, канчалык өнүккөнүмдү билсеңер кана!” – деп ойлоп, душмандарым отурган диван тарапка көз жүгүрттүм. Бирок душмандарым мени бөлмөдө жоктой мамиле кылышты. Бир жолу, бир гана жолу алар мен жакты карашты, дал ошол кезде Зверков Шекспир жөнүндө айта баштаган, мен күтүлбөгөн жерден каткырып жибердим.

Мен ушунчалык жасалма жана жийиркеничтүү каткыргандыктан, алардын баары маегин бир заматта токтотуп, эки мүнөттөй унчукпай, менин олуттуу, күлбөй, дубалды бойлоп, үстөлдөн мешке чейин баратканымды жана аларга көңүл бурбай басып жүргөнүмдү карап турушту. Бирок бул аракетимден да эч майнап чыккан жок, алар дагы эле мени менен сүйлөшкүлөрү келбей, эки мүнөттөн кийин мени эстеринен чыгарып салышты. Саат он бир болду. «Мырзалар, -- деп кыйкырды Зверков дивандан туруп, – азыр баарыңар, тигил жакка”.

– Албетте! Албетте! – башкалар аны коштоп кетишти. Мен Зверковго чукул бурулдум. Ушунчалык чарчап, ушунчалык сындым, өзүмдү өлтүрсөм да бул абалдан чыгайын дедим! Этим ысып, дене табым көтөрүлдү; терге чыланган чачтарым чекеме жабышып жүрдү.

– Зверков! Кечирим сурайм, — дедим катуу жана чечкиндүү, – Ферфичкин, сенден дагы, бааарыңардан кечирим сурайм, мен баарыңарды таарынтып алдым!

– Аха! Дуэль сенин бир тууганың эмес да! – деди Ферфичкин заарын чачып кычырап. Жүрөгүм сайгылаша түштү.

– Жок, мен дуэлден качпайм, Ферфичкин! Эртең эле элдешкенден кийин сени менен согушууга даярмын. Мен муну талап кылам, сен менден баш тарта албайсың. Силерге дуэлден коркпой турганымды далилдегим келет. Сен биринчи атасың, а мен асманга.

– Ал өзүн алдап жатат, — Симонов күлүп койду.

– Жөн эле жиндиленип жатат! –Трудолюбов ага кошумчалады.

– Мындай турчу, эмне жол тососуң!.. Кана, деги сага эмне керек? – Зверков жек көрүү менен жооп кайтарды. Алар кызуу болчу, баарынын көздөрү бузулуп калган экен: алар көп ичишти.

–Мен сенин жакшы мамиле кылууңду суранам, Зверков, сени таарынттым, бирок...

–Таарынтып койдум дейсиңби? Й-сенби! Ми-нян! Билип кой, урматтуу мырза, сен эч качан, эч кандай шартта мени таарынта албайсың!

– Жетишет, жол бошот! – жыйынтыктады Трудолюбов.

– Кеттик. Олимпия меники, мырзалар, келишим ушундай! — деп кыйкырды Зверков.

– Биз талашпайбыз! Талашпайбыз! – Алар ага күлүп жооп беришти. Мен бетиме түкүрүп салышкандай абалда басынып турдум. Мас топ ызы-чуу менен бөлмөдөн чыгып баратты. Трудолюбов кандайдыр бир келесоо обонду созду. Симонов кызматчыларга чайлык тыйын берүү үчүн бир аз кармалды. Мен күтүлбөгөн жерден ага жакындадым.

– Симонов! Мага алты сом берчи! – дедим чечкиндүү жана айлам кетип. Ал мени кандайдыр бир түшүнбөнгөндөй көздөрү менен абдан таң калып карады. Ал дагы мас болчу.

– Эмне, сен дагы биз менен барасыңбы?

– Ооба!

–Менде акча жок! – шылдыңдай карады да, бөлмөдөн чыгып кетти. Мен анын артынан жетип кемселинен кармадым. Бул мен үчүн эң оор учур эле.

– Симонов! Мен сенин акчаң бар экенин көрдүм, эмнеге бергиң келбей? Мен шылуунмунбу, алдап кетет дейсиңби? Менден баш тартуудан сак бол: эмне үчүн сураганымды билсең минтпейт элең! Баары, менин келечегим, бардык пландарым ушуга көз каранды...

– Уятың жок болсо, ала бер! – Симонов акчаны алып чыгып, ыргытып жиберчүдөй сунду да, тигилердин артынан чуркап жөнөдү.

Мен бир мүнөттөй убакытка жалгыз калдым. Башаламандык, желбей калган тамак-аш, жердеги сынык чөйчөк, төгүлгөн шарап, тамеки калдыктары, башымда мастык, делөөрүү, жүрөгүмдө азаптуу кайгы, акырында баарын көрүп, угуп, мени кызыктай карады кызматчы.

– Ошол жакка! – деп кыйкырып алдым. «Же баары тизелеп, бутумду кучактап, менин достугумду суранышып жалбарышат, же... же мен Зверковду жаакка чабам!»

V

“Мына, мына, акыры, чыныгы турмуш менен жолугушуп жатам” – деп күбүрөнүп, тепкичтен ылдый чуркадым.

– Билесизби, бул Римден чыгып, Бразилияга кеткен Папа эмес. Бул, билсең, Комо көлүндөгү той-тамаша да эмес! – деген бир ой жылт этип өттү. Эгер азыр буга күлсөң— демек, сен шылуунсуң!. – Мейли! Мен өзүмө кыйкырып жооп бердим. Мага десе баары өлүп кетсин!

Алардын изи эчак сууптур, мейли, баары бир мен алардын кайда кеткенин билем. Кире бериште кечкисин киши ташып иштеген одурайган таар кемселине жаап жаткан суу кар жабышып Ванька жалгыз турган экен. Аба нымдуу, оор эле. Кичинекей сарала жылкысы да суу болуп, жөтөлүп жатты. Бул эсимде жакшы сакталып калыптыр. Мен анын чанасын бир карап алып аны айланып өтөйүн деп ойлодум, бирок бутумду көтөрөрүм менен Симоновдун мага жаңы эле алты сом бергени эсимде түшүп, чанага кап сыяктуу кулап түштүм.

– Жок! Бүгүнкү ызамды жууп кетирүү үчүн көп нерсе кылыш керек! – деп кыйкырдым, – муну ушул түнү биротоло чечем же ушул эле түнү ошол жерден өлөм. Кеттик!

Биз жолго чыктык. Башымда бүтүндөй бир бороон болуп жатты: “Мага эч ким дос боло гой деп тизе бүгүп жалбарбайт, алар мындай кылганга эч качан макул болушпайт. Бул адепсиз, жийиркеничтүү, романтикалуу, фантастикалуу кыял. Ошол эле Комо көлүндөгү той-тамаша. Ошондуктан Зверковду жаакка чабышым керек! Чабууга милдеттүүмүн! Ошентип бул менин чечимим. Мен азыр аны жаакка чабуу үчүн учуп баратам. "Айда!" Ванька тизгинин какты. Мен кирер замат чабам.

Чабардан мурда бир нече сөздү баш сөз катары айтуу керекпи? Жок! Мен жөн эле кирип барам да, чабам. Алардын баары залда отурушат, ал болсо Олимпия менен диванда олтурган болот. Каргыш алган Олимпия! Ал бир жолу мени шылдыңдап күлүп, менден баш тарткан. Олимпияны чачынан, Зверковду кулагынан сүйрөйм! Жок, кулактан эле алганым жакшы, кулагынан алып бөлмөнүн ичинде ары-бери жетелейм. Балким, баарылап мени сабап, түртүп чыгара башташат.

Сөзсүз ушинтишет. Мейли! Баары бир мен биринчи чаап алам: демилге менден болот. Ал эми ар-намыстын мыйзамдары боюнча – ушундай; ал эчак эле адатка айланып калган жана дуэлден башка эч кандай ур-токмокко алуу менен жаакка жегенин жууп кетире албайт. Ага согушууга туура келет. Мейли, азырынча мени сабай беришсин. Мейли, акмактар десе! Трудолюбов өзгөчө катуу согот болуш керек, ал аябай күчтүү. Ферфичкин капталыма жабышып, албетте, чачымдан алат. Бирок мейли, мейли!

Мен ошон үчүн баратам. Алардын көк мээ койдукундай баштары, акыры мунун баарынан кайгылуу нерсени көрүүгө аргасыз болушат! Алар мени эшикке сүйрөп чыкканда, мен аларга чындыгында силер чыпалагыма да арзыбайсыңар деп кыйкырам.

- Айдоо, айдоочу, айда! – Мен Ванькага кыйкырдым. Ал селт чочуп, шапалагын шилтеди. Мен катуу кыйкырып жибердим. Биз таңга маал мушташабыз, бул чечилди. Департаменттеги иш бүттү. Ферфичкин жана эле департаменттин ордуна лепартемент деген.

Бирок тапанчаларды кайдан алса болот? Болуптур! Айлыгымды алдын ала алып, сатып алам. Ок-дарынычы? Бул калыстын иши. Мунун баарын кантип таң атканга чейин баарын жасап үлгүрүү керек? Калыс болчу адамды кайдан тапсам? Менин эч кандай таанышым жок... Болбогон сөз! Көчөдөн биринчи жолуккан адам, чөгүп бара жаткан адамды суудан алып чыккан сыяктуу менин калыс адамым болууга милдеттүү. Эң күтүлбөгөн окуяларга жол берилиши керек. Ооба, эгер мен ал тургай эртең директордун өзүнөн сурансам да, анда ал бир рыцарлык сезимге баш ийип болсо дагы, макул болуп, адепти сактайт болуш керек! Антон Антонич...

Чындыгында, мен ошол учурда өз божомолдорумдун бардык жийиркеничтүүлүгүн, анын эч качан ишке ашпастыгын бул дүйнөдөгү адамдардын ичинен өзүмдөн даана жана ачык билген адам жок экенин билип турдум, бирок...

– Айда! Айдоочу, айда, каракчы, айда!

-- Ох, барин! – деди ичимдеги бир күч. Капысынан башыман бирөө муздак суу куюп жибергенсиди.. "Балким үйгө кете бергеним жакшыдыр... үйгө азыр кетип калсамчы? Кудайым-ай! Эмне үчүн, эмне үчүн бул кечки тамакка суранып жатып келдим экен! Бирок болбойт, бул мүмкүн эмес! Үстөл менен мештин ортосунда үч саат ары-бери басканымды кантип унутам? Жок, алар, алар бул сейилдөө үчүн төлөшү керек! Алар бул шылдыңды жууп кетириши керек!” Айда!

“Мени полицияга беришсе эмне болот! Жок, алар ага батынбайт! Чатакты ырбаткандан коркушат. Бирок Зверков жек көргөндүктөн дуэлден баш тартсачы? Мындай болушу толук мүмкүн, бирок мен аларды мажбур кылам... Эртең ал кетерде почтанын короосуна барам, анын бутунан кармап, унаага түшөрдө кемселин жулуп айрып салам. Мен анын колунан тиштейм, керек болсо тиштеп этин жулуп алам. "Карагылачы, айласы кеткен адамын эмнеге чейин барарын!" Ал башыма, калгандары аркамдан койгулашсын. Мен карап турган элге кыйкырам: “Мына, көрүп алгыла, бетиндеги менин түкүрүм менен черкес айымдарын багынтканы бара жаткан жаш күчүктү!”

Албетте, андан кийин баары бүтөт! Департамент жер бетинен жок болот. Мени кармашат, соттошот, кызматтан айдашат, түрмөгө камашат, Сибирге сүргүнгө айдашат. Эч кандай көйгөй жок! Он беш жылдан кийин түрмөдөн бошотушканда мен анын артынан ач жылаңач болсом да, аны бир облустук шаардан издеп табам. Ал үйлөнүп, бактылуу жашайт. Анын бойго жеткен кызы болот...

Ошондо мен ага айтам: Карачы, желмогуз, менин кебетеме көз жүгүртчү! Мен баардыгын,– карьерамды да, бактымды да, искусствону да илимди, сүйгөн аялды да, ушунун бардыгын сен үчүн жоготтум. Мына тапанчалар. Мен тапанчамдын огун чыгаруу үчүн келдим жана... сени кечирдим. Анан мен асманга атам да, басып кетем. Андан кийин ал мен жөнүндө бир да сөз укпайт...

Мунун баары Сильвиодон жана Лермонтовдун Маскарадынан экенин так билсем да, ыйлагым келе баштады. Анан күтүлбөгөн жерден абдан уялдым, ушунчалык уялып, атты токтотуп, чанадан түшүп, көчөнүн ортосунда карды кечип туруп калдым. Ванька мени таң кала карап, үшкүрүндү. Эмне кылуу керек эле? Ал жакка барууга да мүмкүн эмес эле – болбогон сөздөр чыгат, барбай да коё албайсың, анткени бул жерде...

– Оо Кудай! Кантип таштайсың! Ушундай кемсинтүүлөрдөн кийин кантип жөн эле кетип калам! Жок! Бул тагдыр, ушундай, тагдыр! – деп кайрадан чанага ыргып түштүм. – Айда, айда, ошол жакка айда! – А мен чыдабай айдоочунун моюнга муштап жибердим.

– Сен эмне, эмне муштайсың? – кыйкырып жиберди Ванька, жини менен атын шапалактап, ат арткы буттары менен тепкилеп алып алдыга атырылды. Суу кар тынбай жаап жатты. Мен боорум ачылган боюнча бара жаттым, суу болгонума да кайыл элем.

Мен акыры аны жаакка чабам деп чечтим, бул сөзсүз азыр болорун, аны эч кандай жол менен токтотууга мүмкүн эместигин коркунуч менен сездим. Жол чырактары карлуу туманда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында күйгүзгөн шам сыяктуу күңүрт жарык чачып турду. Кар кемселимдин желеткимдим астына, галстукумдун астына чейин кирип эрип жатты. Мен кымтыланган да, күбүнгөн да жокмун. Эми кымтыланган менен кеч болуп калган! Акыры келдик. Мен акыл-эсин жоготкон немедей тепкич менен чуркап чыгып, буту-колум менен эшикти тарсылдатып койгулай баштадым.

Буттарым, айрыкча тизелерим аябай алсырады. Эмнегедир алар бат эле ачышты, менин келеримди так билишкендей. (Чынында Симонов дагы бирөө келет деп эскертип коюшу мүмкүн эле, бул жерде алдын ала эскертип, жалпысынан сактык чараларын көрүү зарыл болчу. Ал ошол кездеги полиция тарабынан эбак жок кылынган «мода дүкөндөрүнүн» бири эле. Күндүз чындыгында бул дүкөн болчу; а кечинде ишеничтүү адамдардын сунушу менен конокко келишип эс алып кетишчү.)

Мен тез-тез басып караңгы дүкөндү аралап, бир гана шам күйгөн тааныш залга кирдим да, таң калып токтоп калдым. Ал жерде эч ким жок болчу.

– Алар кайда? – Мен бирөөдөн сурадым. Бирок албетте, алар тарап кетүүгө үлгүрүптүр...

Алдымда келесоочо жылмайып бирөө турду, ал мени жарым-жартылай тааныган үй ээси болчу. Бир мүнөттөн кийин эшик ачылып, дагы бир адам кирди. Мен эч нерсеге көңүл бурбай, бөлмөдө ары-бери басып, өзүм менен өзүм сүйлөштүм. Бир ажалдан кутулгандай болдум, муну бүт жандүйнөмдөн кубанып сездим. Кандай болгон күндө да жаакка чапмакмын, албетте, чапмакмын! Бирок азыр алар жок,... эми баары башкача, баары өзгөрдү!.. Мен айланамды карадым. Мен дагы эле ойлоно албай жаттым.

Мен ойлонгонго да үлгүрбөстөн кирип келген кызды карадым, көз алдымда татынакай, жаш, жүзү бир аз кубарган, түз кара каштары бар, мага олуттуу жана кандайдыр бир таң калгандай караган кыз турду. Кыз мага ошол замат жакты. Эгерде ал жылмайып турса, мен аны жек көрө баштамакмын. Мен аны кылдаттык менен көңүл коюп карадым, ойлорум дагы эле бир жерде эмес эле. Анын жүзүндө жөнөкөйлүк, боорукердик, бирок кандайдыр бир таң калыштуу олуттуулук бар эле.

Мен ишенем, бул жерде ал ошол олуттуулугу менен утулуп жаткан, тиги келесоолордун эч кимиси аны карабайт болчу. Ал узун бойлуу, чыйрак, денеси жакшы болгону менен аны сулуу деп айтууга болбойт эле. Абдан жөнөкөй кийинген. Мени бир жаман нерсе чагып алгансыды, анын жанына басып бардым... Ошол учурда кокустан күзгүдөн өзүмдү көрдүм. Кубарган, ачуулуу, тармал чачтуу, толкунданган жүзүм өзүмө абдан жийиркеничтүү көрүндү. “Болуптур, мен буга кубанычтамын, – деп ойлодум, – мен ага жийиркеничтүү көрүнгөнүмө кубанычтамын. Мен андан ыракат алам…”

VI

...Жука дубалдын ары жагынан кандайдыр бир катуу басымдан улам, кимдир-бирөө муунтуп жаткансыган, сааттын ызылдаган үнү чыкты. Табигый эмес узакка созулган шыңгырыктан кийин кимдир-бирөө күтүлбөгөн жерден алдыга секиргендей, ичке, жагымсыз, эмнегедир күтүүсүздөн тез-тез чыккан сааттын шыңгырагы угулду. Саат экини какты.

Мен уктабай, көзүмдү ачып, эс-мас абалда жаттым. Тар, жапыз, чоң гардероб коюлуп, картон кутулар, чүпүрөктөр жана ар кандай таштандылар чачылган бөлмө ичи дээрлик караңгы болчу. Бөлмөнүн аягындагы үстөл үстүндөгү тамекинин түбү анда-санда бир аз жылт этип, өчүп барат. Бир нече мүнөттөн кийин ал өчкөндө бөлмө таптакыр караңгынын кучагында калмак.

Мен бат эле эсиме келдим, баары бир заматта, эч аракетсиз эле ошол замат эсиме түштү, ал мага кайра чабуул коюу үчүн кайтарып жүргөндөй сезилди. Ал эми унутулуунун өзүндө да, эсимде эч качан унутулбаган кандайдыр бир чекит бардай сезилчү, анын тегерегинен чыга албаган уйкулуу кыялдарым кыдырып жүрөр эле. Бирок кызык болду: ошол күнү мага болгондун баары азыр, ойгонгондо, ушулардын баары эбак болуп өткөнсүгөн эски окуядай сезилди. Башымда башаламандык бар эле. Үстүмдө бир нерсе учуп бараткансып, мага тийишип, ойготуп, тынчымды алып жатты.

Ичимдеги ыза кайрадан кайнап, чыгууга жол издеди. Бир маалда жанымдан мени тиктеп, кызыгып караган эки көздү көрдүм. Көз караш муздак, кайдыгер, капалуу, таптакыр жат эле, ага туруштук берүү кыйын болду. Мээмде түнөргөн ой пайда болуп, бүт денемди кандайдыр бир нымдуу, чирик жыттанган жертөлөгө киргендегидей жагымсыз сезим аралап өттү. Бул эки көз мени эми гана текшерүүнү чечкени эмнегедир табигый эмес эле. Эки саат бою бул жандыкка бир да сөз айтпаганымды, муну таптакыр зарыл деп эсептебегенимди да эстедим, ал тургай дудук сыяктуу унчукпай жатуу эмнегедир мага жаккан.

Азыр болсо мен күтүлбөгөн жерден жөргөмүш сымал абсурддуу, жийиркеничтүү, бузулуунун идеясын ачык көргөндөй болдум, ал өзүнүн ишин чыныгы сүйүү нике менен баштаган жерден, сүйүүсүз, орой, уятсыздык менен түз эле баштап жатат. Экөөбүз бири-бирибизди ушинтип көпкө карадык, бирок ал көздөрүн менден албай, көз карашын өзгөртпөй тиктеп тургандыктан, эмнегедир коркуп кеттим.

– Сенин атың ким? – деп сурадым тезирээк бул абалдан чыккым келип.

–Лиза, – деп жооп берди ал дээрлик шыбырап, бирок эмнегедир таптакыр жактырбагансып көзүн ала качты. Мен унчукпай калдым. "Бүгүн аба ырайы... кар...адамга жагымсыз!" – дедим өзүмчө кобурап, колумду желкеме коюп, шыпты карап. Ал жооп берген жок. Мунун баары жийиркеничтүү болчу.

– Сен ушул жердиксиңби? – дедим бир мүнөттөн кийин, башымды бир аз ага буруп.

– Жок.

– Кайдансың?

– Ригадан, – деди ал жооп бергиси келбегендей.

-- Немиссиңби?

-- Жок, орусмун.

– Бул жерде көптөн бери жүрөсүңбү?

– Кайда?

– Бул үйдө.

– Эки жума болду.

Ал кыска-кыска жооп берди. Шам толук менен өчтү. Жүзүн ажыратып көрө албадым.

– Ата-энең барбы?

– Ооба...

– Алар кайда?

 – Ригада.

– Алар кимдер?

-- Жөн жай эле адамдар...

 – Кандайча, жөн жай эле? Алар эмне иш кылышат, кандай даражада?

– Майда соодагерлер.

– Алар менен чогуу жашачу белең?

– Ооба.

 – Канча жаштасың?

– Жыйырмадамын.

– Аларды эмнеге таштап кеттиң?

– Жөн эле...

Бул анын башымды көп оорутпачы дегени эле. Унчукпай калдык. Эмнеге кетпей жатканымды бир кудай билет. Барган сайын көңүлүм чөгүп, тажай баштадым. Өткөн күндүн элеси эмнегедир өзүнөн-өзү, менин каалоомсуз эле эсиме туш келди келе баштады. Капыстан эртең менен жумушума шашып бара жатканда көчөдө көргөн бир көрүнүш эсиме түштү.

– Бүгүн өлүк салган табытты алып баратышып, аз жерден жерге түшүрүп жибере жаздашты, – дедим сүйлөшүүнү такыр баштагым келбесе да капысынан үн чыгарып.

– Табыттыбы?

– Ооба, Сенадагы жертөлөдөн чыгарып келе жатышыптыр.

– Жертөлөдөнбү?

– Жертөлөдөн эмес, жертөлөдөн... билесиңби... ылдыйкы кабатта... жаман үйдөн... Айлана-тегереги ушундай топурак... Снаряддар, таштандылар... сасык жыттанып турат.. өтө жийиркеничтүү. – Унчукпай калдык.

– Бүгүн көмгөн адамдардын шору! – унчукпай калбас үчүн кайра баштадым.

– Эмне үчүн?

– Кар, баткак... (Мен оозумду ачып эстедим.)

– Баары бир да, – деди ал бир аз тынымдан кийин.

 – Жок, кайдан баары бир... (Мен дагы эстедим.) Суу карда мүрзөчүлөр кургак жери калбай суу болуп сөгүнүп жатып араң коюшса керек. Ал аз келгенсип мүрзөдөн да суу чыгат.

—Мүрөзөнүн ичинде кайдагы суу? – деп сурады ал кандайдыр бир кызыгуу менен, бирок анын үнү мурдагыдан да орой жана кескин чыкты.

– Түбүндө болжол менен алты дюймдан кем эмес суу болот. Бул жерде, Волководо көр казганда суу чыкпай койбойт.

– Эмне үчүн?

– Эмне үчүн дейсиңби? Анткени жери саздак. Бардык жерде саз. Сууга салып койгондой эле көмүшөт. Мен муну өзүм да көргөм... көп жолу... (Бирөөнү да көргөн эмесмин, Волкового да барган эмесмин, бирок уккам.)

– Чынында эле сага өлгөн баары бирби?

– Эмне үчүн өлүшүм керек? — деп жооп кайтарды ал коргонгондой.

– Баары бир бир күнү сен да өлөсүң, жанагы мен айтып жаткан кыздай сен да өлөсүң. Ал дагы сендей эле кыз болгон... Ал кургак учуктан өлүптүр.

– Ал келин ооруканага барса болмок... (Ал аны билет окшойт деп ойлодум, ал кыз дебей, келин деп айтты.)

– Кожойкеге карыз экен. Ал ооруп жүрсө да, дээрлик өлгөнгө чейин ал аялга кызмат кылыптыр. Эл ташыган мужуктар менен солдаттар ал жөнүндө күлүп айтышты. Туура, анын мурунку достору.

– Атүгүл ашканада алар аны эскермек болушкан. (Бул жерде да калп айттым.) Унчукпай, жымжырт боло түштүк. Ал кыймылдаган да жок.

– Ооруканада өлгүң келеби?

– Кайда өлсөң да баары бир эмеспи?.. Бирок мен эмнеге өлүшүм керек? – деп кошумчалады ал кыжыры кайнап.

– Азыр эмес, кийин деп жатам?

– Кийин болсо, ...баары бир да.

– Андай эмес! Сен азыр жашсың, татынакайсың, сени абдан баалашат. А ушундай жашоодо бир жылдан кийин мурункудай болбой, соолуй баштайсың.

– Бир жылдан кийин элеби?

– Кандай болгон күндө да, бир жылдан кийин бааң ылдый түшөт, – аны табалагансып сөзүмдү уланттым. – Бул жерден арзан, башка үйгө көчөсүң. Дагы бир жылы үчүнчү үйгө, андан ары андан да ылдый жана төмөн, а жети жылдан кийин сен Сенадагы жертөлөгө жетесиң. Ошондой эле болсо эмне. Бирок кыйынчылык ушунда, сен кандайдыр бир ооруга кабыласың, мисалы көкүрөктүн алсыздыгы… Мындай жашоодо оору да кыйын өтөт. Бир жабышып алса, андан кутулуу кыйын. Акыры өлүп тынасың.

-- Өлсөм өлүп калармын, – деп жооп берди ал ачуусу келгендей.

– Бирок аянычтуу да.

 – Кимге?

 – Жашооңдун ошондой өткөнү. – Ал жооп берген жок. -- Жигитиң бар беле?

-- Анын сага эмне кереги бар?

-- Мен сени суракка алып жаткан жокмун. Мага баары бир. Эмне ачууланасың? Албетте, өз кыйынчылыктарың болгондур. Мага эмне? Ошентсе да, боорум ооруйт.

– Кимге?

 – Сага.

– Эч нерсе эмес... – араң угулган үн менен шыбырады да, ордунан козголуп койду. Бул дароо мени кыжырдантты.

Кантип эч нерсе эмес? Мен ага ушунчалык жумшак мамиле кылып жатсам, ал болсо...

– Сен кандай ойлойсуң? Жакшы жолдо бара жатам дейсиңби?

– Мен эч нерсе деп ойлобойм.

 – Ойлонбогонуң жаман. Убакыт барда ойлонуш керек. Али убакыт бар. Сен азыр жашсың, сулуусуң. Бирөөнү сүйүп, үйлөнүп, бактылуу болушуң мүмкүн...

–Үй-бүлөлүүлөрдүн баары эле бактылуу эмес, – деди ал мурунку ызасы менен оройлонуп.

– Албетте, баары эле бактылуу эмес, бирок бул жерге караганда бир топ эле жакшы. Салыштырууга болбойт... Ал эми сүйүү менен деле бакытсыз жашап жүргөндөр бар. Бирок кандай жашасаң да кадимки дүйнөдө жашаган жакшы. Бул жерде эмне... сасыган жыттан башка эмне бар... Фу! – Мен жийиркенүү менен тескери карадым. Мен мындан ары кургак чечендик кылгым келбеди. Ашык сүйлөп жатканымды өзүм сезип, толкундана баштадым. Мен жан-дүйнөмдүн тереңинде катылып, чыга албай жүргөн өзүмдүн асыл ойлорумду айтууга ынтызар элем. Капыстан ичимде бир от тутангансып, кандайдыр бир максат пайда болду.

– Менин бул жерге келгенимди караба, мен сага үлгү эмесмин. Сенден да жаман болушум мүмкүн. Бирок мен мас болуп келип калдым, – деп шашкалактап актанып жибердим. Андан сырткары, эркек аялга такыр үлгү боло албайт. Иш башкача. Мен өзүмдү канча булгасам да, эч кимдин кулу эмесмин; келем да кетем, болду, бул жерде мен жокмун. Өзүмдү бир силкип салсам, кайра таза адаммын. Ал эми сен башынан эле күңсүң. Ооба, күң! Сен эркиңдин баарын бересиң, бүт эркиңди. Анан бул чынжырды үзгүң келет, бирок андай болбойт. Ал сени уламдан-улам бекем ороп алат. Бул абдан жаман чынжыр. Мен аны билем. Мен башкасын айтпай эле коёюн, баары бир түшүнбөйсүң, бирок мага айтчы: сен үй ээсине карызсың да, туурабы? Эми көрөсүң! Ал мага жооп бербесе да кошумчалап койдум, мына дал ошол сенин чынжырың! Ал унчукпай, бүт жан дүйнөсү менен угуп турду. Эч качан ал карызыңды төлөп кутула албайсың. Алар ушундай кылышат. Бул жаныңды шайтанга саткан сыяктуу...

Андан тышкары, мен... балким, сен кайдан билесиң, мен деле сага окшогон бактысыздырмын, капа болгонумдан улам, мүмкүн атайылап ушул ылайга түшүп жаткандырмын. Көпчүлүк учурда адамдар кайгырганда ичишет, мына мен да кайгымдан кутулууну издеп бул жерге келгендирмин. Мага айтчы, бул жерде жакшы эмне бар дейсиң? Мына сен экөөбүз... азыр эле жолугуп чогуу жатабыз, жанатан бери бири-бирибизге бир ооз сөз айткан жокпуз, анан сен жапайы сыяктуу мени карай баштадың, мен да сени карадым. Сүйүү деген ушундай болобу? Адам адам менен ушинтип жакындаш керекпи? Бул уят иш!

– Туура! – ал чукул жана шашылыш түрдө менин оюма макул болду.

Анын тез эле менин оюма кошулганына таң калдым. Демек, ал жанараак мени карай баштаган кезде эле, анын башында ушул ой айланып жүргөндүр? Демек, анын кандайдыр бир ойлонууга жөндөмү бар экен да?.. Шайтан алгырдыкы, бул өтө кызык экен, – бул деле мага окшош экен да, – деп ойлодум, аз жерден алакандарымды ушалап жибере жаздадым. Анан мындай жаш жанды кантип көндүрө албайын?..

Баарынан да бул мага кызыктуу оюндай туюлду. Ал башын мага жакындатты, мага караңгыда башын колу менен таянып тургандай сезилди.

Балким ал мени карап жаткандыр. Анын көзүн көрө албаганыма өкүндүм. Мен анын терең дем алганын уктум.

– Бул жерге эмнеге келдиң? – деп баштадым, кандайдыр бир аталарга тиешелүү өкүм үн менен.

– Жөн эле...

– Атаңдын үйүндө жашай берсең болбойт беле! Жылуу, жайлуу, эркин. Каалагандай жүргөнүң жакшы эмеспи?

– Балким ал жакта мындан да жамандыр?

– Сен анын ыргагына киришиңиз керек, – деген ой жылт эте түштү, боорукердик менен муну ала албасаң керек. Бирок бул ой жылт этип жок болду. Өлүп кетейин, ал мени чындап кызыктыра баштады. Мындан тышкары, мен кандайдыр бир өзүмдү бош таштап, эркин сезип жаткам. Ооба, алдамчылык менен сезим абдан оңой тил табышат.

– Ким билет! Мен жооп берүүгө шашылдым, – Турмушта ар кандай нерселер болот. Мен сенин тарыхыңды билбейм, бирок ишенем, кимдир-бирөө сени таарынткан, сен алардын алдында күнөөлүү эмессиң, алар көбүрөк күнөөлүү. Кантсе да сендей кыз бул жакка өз каалоосу менен келбесе керек...

– Мен кандай кыз экемин? – деп шыбырады ал акырын, бирок мен уктум.

“Каргыш алгырдыкы, мен кошоматтанып жатам. Бул жийиркеничтүү нерсе. Же балким, бул жакшыдыр... "

Ал унчукпады.

– Көрдүңбү, Лиза, мен эми сага өзүм жөнүндө айтып берейин! Бала кезимден үй-бүлѳ күтсөм, мен азыркыдай болбойт элем.

Мен бул жөнүндө көп ойлоном. Анткени, үй-бүлөдө канчалык жаман болсо да – баары бир ата-энең душман эмес, бейтааныш эмес. Жылына жок дегенде бир жолу сага деген сүйүүсүн көрсөтүшөт. Сен өз үйүңдө экениңди билесиң. А мен үй-бүлөсүз чоңойдум, ошондуктан, ушундай... сезимсиз, таш боор болуп калгандырмын. Мен кайрадан күтүп калдым. “Балким, ал түшүнбөй жаткандыр, — деп ойлодум, ага адеп абийир боюнча акыл айтып жатканымдын өзү күлкүлүү”.

“Эгер мен ата болсом, өз кызым болсо, чындап кызымды уулдарымдан да жакшы көрөт элем” – деп сөздү башка жактан баштадым. Бул сөздү анын көңүлүн ачуу үчүн айтпаганымды даана билем. Мойнума алсам, кызарып кеттим.

– Эмне үчүн? – деп сурады ал. Демек, угуп жатыптыр!

– Чынынымды айтсам, билбейм, Лиза. Көрдүңбү, мен бир гана атамды билчүмүн, ал катаал, тартипти жакшы көргөн адам болчу, бирок ал кызынын алдында тизе бүгүп, анын колу-бутунан өөп, эзилип турчу, чындап эле. Ал кечинде бийлеп жатса, андан көзүн албай бир жерде беш саат болсо да тура берчү. Мен аны түшүнөм. Карындашым кечкисин чарчап уктап калат, ал болсо атайын туруп барып уйкулуу көзү менен аны өпкүлөп, дубасын айтып келип анан жатчу. Өзү майланышкан эски шымчан жүрөт, баарына сараң, бирок кызына келгенде эң акыркысын сатса да эң кымбат белектерди берет, белеги жакса сүйүнөт. Аталар ар дайым кыздарын апаларына караганда жакшы көрөт. Кээ бир кызга үйүндө жашоо өтө кызык! А мен кызымды күйөөгө да бермек эмес окшоймун.

– Эмне үчүн? – деди ал бир аз жылмайып.

– Кудай урсун, кызганмакмын. Ал башканы кантип өбөт? Атасынан башка бирөөнү кантип жакшы көрөт? Муну элестетүү кыйын. Албетте, мунун баары куру сөз. Албетте, акыры ар ким өз жолу менен кетет. Бирок мен, сыягы, берерден мурун өзүмдү чоң түйшүккө салмакмын. Бардык күйөө бала болом дегендерди чоң сыноодон өткөзүп, далайын четке какмакмын. Ошондой болсо да, акыры кызым өзү сүйгөн адамы менен баш кошмок. Анткени кызы өзү сүйүп тандап алган адам атасына дайыма эң жаман көрүнөт. Ушундай. Ушундан улам үй-бүлөдө көп жаман нерселер болот.

– А кээси кызын сыйламак тургай, сатып жибергенине кубанышат, – деди ал капысынан.

А, мына, балээнин баары кайда жатат!

– Мындай нерсе Лиза, Кудай да, сүйүү да жок, каргышка калган үй-бүлөдө болот, - дедим кызууланып, - сүйүү жок жерде эч кандай акыл-эс да жок. Бирок андай үй-бүлөлөр да бар, бирок мен алар жөнүндө айткан жокмун. Сен минтип сүйлөгөнүңө караганда үй-бүлөңдөн жакшылык көргөн эмес окшойсуң. Сен чындап эле бактысыз көрүнөсүң. Хм... Көбүнчө мунун баары кедейчиликтин айынан.

– Эмне, бай адамдарда мындан жакшыраак бекен? Жакырчылыкта деле чынчыл адамдар жакшы жашайт.

– Мм... ооба. Балким ошондой. Дагы бир нерсе айтайын, Лиза. Адам өз кайгысын санаганды жакшы көрөт, бирок өз бактысын эсептебейт. А жакшылап эсептеп көрсө, ар бир адамдын өз шыбагасы бар экенин көрмөк. А үй-бүлөдө баары жакшы болсо Кудайым өзү колдойт, күйөөң жакшы чыгат, сени жакшы көрөт, сүйөт, сени таштабайт! Мына ошондой үй-бүлө бактылуу! Ал тургай, кээде кайгы аралашканы да жакшы. Айтсаң, кайсыл жерде кайгы жок экен? Эрге тийсең, балким өзүң көрөсүң. Сүйгөн адамыңа жаңы эле турмушка чыкканыңда, кандай гана бактылуусуң. Башында күйөөң менен болгон уруштун да аягы жакшы бүтөт. Кээ бир аялдар өзү канчалык катуу сүйгөн сайын күйөөсү менен урушкусу келе бермейи да бар.

Мен ошондойлорду билчүмүн: "Мен сени сүйөм, сени сүйгөн үчүн аябай кыйнап жатам, сен ошону сезишиң керек"—дешет алар. Сүйүү үчүн адамды атайылап кыйнаса болорун билесиңби? Андай аялдар көбөйдү. Ал өзүнчө ойлойт: "Бирок аны ушунчалык сүйөм, ушунчалык эркелетем, эми бир аз кыйнаганым күнөө эмес". Ал эми үйдөгүлөрдүн баары кубаныч менен жашаса, бул жакшы, кызыктуу, тынч жана туура...

А кээси кызганчаак болушат. Эри бир жакка кетсе болду, чыдай албай түнү менен тыбырчылап уктабай, а кээде акырын аңдып барат: ал тигил үйдө эмеспи, баланча менен жатып алган жокпу? Бул өтө жаман. Ал өзү деле мунун жаман экенин билет, жүрөгү ооруп, өзүн өзү тилдейт, бирок ал сүйөт да. Баардыгы сүйүүдөн. Ал эми урушкандан кийин жарашып, өз күнөөсүн моюнга алып же кечирүү кандай таттуу, кандай ыракат! Экөө, күтүлбөгөн жерден жоголгон бактысы табылгандай, кайрадан жаңы эле жолугушуп, кайра баш кошушкандай, ысык сүйүүлөрү кайрадан башталат.

Чынында алар бири-бирин сүйүшсө, күйөөсү менен аялынын ортосунда эмне болуп жатканын эч ким, эч ким билбеши керек. Кандай урушса да, сыртка чыгарбай, ал тургай тууган энеңе да арызданып барбашың керек. Алар өздөрүнө өздөрү сот болгону жакшы. Сүйүү – бул Кудайдын сыры, ал жерде эмне болуп жатканы чоочун адамдардын көзүнө жабык бойдон калышы керек. Бул ыйык нерсе.

Алар бири-бирин көбүрөк сыйлашы керек, көп нерсе сыйга негизделет. Сүйүү болгон соң, алар сүйүп жүрүп баш кошкондон кийин, сүйүү эмне үчүн өтүп кетиши керек! Сен аны сактай албайсыңбы? Сейрек учурларда гана сактоого мүмкүн болбойт. Сүйүүсү өтүп кетсе чынчыл, жакшы адам кантип ийгиликке жетет? Чынында жаңыдан үйлөнгөндөгү сүйүү өтүп кетет, бирок анын ордуна андан да жакшы сүйүү келет. Эми алар жан дүйнөсү менен биригишет, бардык иштерин чогуу жасашат; бири-биринен эч кандай сыр болбойт. Ал эми балдар төрөлө баштаганда, ар бир адамга атүгүл эң кыйын учур да бактылуу болуп көрүнөт. Жөн гана сүйүш керек, кайраттуу болуш керек. Мындай жерде жумушуң шаңдуу, кээде балдар үчүн нандан баш тартсаңар да жашооңор кызыктуу өтөт.

Анткени, алар силерди кийин сыйлап алышат, демек, өзүңөргө кам көрүп жатасыңар. Балдар чоңоюуда – алар силерден үлгү алып жатышканын сезесиңер, алардын таянычы экениңерди туясыңар. Силер өлгөндөн кийин алар силердин сезимди жана ойлоруңарды өмүр бою алып жүрөт, анткени алар силерден, бейнеңерди жана окшоштугуңарды кабыл алышкан. Демек, бул чоң карыз. Анан кантип ата-энеңе жакын болбойсуң? Балалуу болуу оор дешет? Аны ким айтат? Бул бейиш бакыт! Сен кичинекей балдарды жакшы көрөсүңбү, Лиза? Мен балдарды аябай жакшы көрөм.

Билесиңби, кызыл эт бала, балкылдатып эмчек ээм жатса, кандай күйөөнүн жүрөгү баласы менен аялына карап эзилбесин! Болпойгон таза, кичинекей, ымыркайдын кичинекей, ушунчалык кичинекей буту-колдору быйпыйып, күлкүлүү көрүнөт, бажырайган көздөрү баарын түшүнүп тургансыйт. Ээм жатып, мыйтыйган манжалары менен көкүрөгүңдү тартып, ойногонучу. Атасы келсе жаңы эле ээмп жаткан эмчегинен оозун алып, чалкалай түшүп, атасын карап жылмайып, кайра соруп баштайт. Эгерде тиштери чыга баштаса, капысынан апасынын мамасынан тиштеп алат да, кичинекей көздөрү менен аны тиктеп: “тиштеп алдым!” дегенсип кытмыр жылмаят. Күйөөсү, аялы, баласы үчөө чогуу болсо, бул бакыт эмей эмине?.. Бул мүнөттөрдө көп нерсени кечирип жиберсе болот. Жок, Лиза, өзүңдү таануу үчүн, адегенде жашоону үйрөн, анан башкаларды күнөөлөш керек!

Мына ушундай сүрөттөөлөр керек, бул сага керектүү сүрөттөөлөр! – деп өз сезимдеримди башкара албай калганымды ойлодум да, кызарып кеттим. Эгер ал күтүлбөгөн жерден шылдыңдап күлүп жиберсе, мен кайда барам? Бул ой кыжырымды келтирди. Сөзүмдүн аягында чындап толкунданып, мындан намысым жабыркагансыды. Жымжырт боло түштүк. Мен аны түртүп көргүм келди.

"Сен бир нерсе..." ал күтүлбөгөн жерден сөз баштады да, токтоп калды. Бирок мен баарын түшүндүм, анын үнүн да мурдагыдай катуу, орой жана баш ийбес эмес, бир башкача жумшак, уялчаак, ушунчалык уялчаак бир нерсе титиретип турду, мен өзүм да капысынан анын алдында уялып, өзүмдү күнөөлүүдөй сездим.

– Эмне дейсиң?

– Ооба, сен...

– Эмне?

– Сен... китептен окугансып айтып жатасың, – деди ал, анын үнүндө күтүлбөгөн жерден кайрадан шылдың сыяктуу бир нерсе угулду. Бул сөз мага катуу тийди. Мен муну күткөн эмесмин. Анын атайылап шылдыңга жамынып алганын, бул орой жана кууса да кетпей жан дүйнөсүнө кирип кеткен нерселерден акыркы мүнөттөргө чейин намыстанып баш тартпаган, таза жүрөк адамдардын кадимки акыркы амалы экенин түшүнбөптүрмүн. Алар сенин алдыңда сезимдерин айтуудан коркушат. Анын алгачкы келгендеги уялчаактыгынан баштап, бир нече кадамдар менен шылдыңдоого чейин батынганын, акыры, ал өз сезимин билдирүүгө бел байлаганынан эле мен анын абалын болжолдоп билишим керек эле. Бирок мен аны оюн тапкан жокмун, мени бир жаман сезим басып алды. “Күтө тур” деп ойлодум.

VII

Ой, койчу, Лиза, кайдагы китеп, мен үчүн коомдогу жат нерсенин бардыгы жийикеничүү. Бир гана жат нерселер эмес. Мунун баары азыр жан-дүйнөмдү оорутат... Чындап эле сен бул жерде жүрүүдөн жийиркенбейсиңби? Андай эмеспи, кыязы, адат көп нерсени чечет көрүнөт! Адат адамды кайда алпарарын бир шайтан билет. Чындап эле эч качан карыбайм, ар дайым жаш жүрөм, алар мени түбөлүккө ушул жерде кубалабай алып жүрүшөт деп ойлойсуңбу? Мен азырынча бул жерде мындан тышкары толгон-токой ыплас амалдар барын айта элекмин... Бирок мен сага азыркы жашооң жөнүндө айтып берейин: мына азыр жашсың, сулуусуң, жакшысың, жан-дүйнөң бар, таза сезимиң бар. Билесиңби, мен азыр эле ойгонгондо, сенин жаныңда жатканыма жийиркендим! Бул жерге мас болгондо гана келе аласың.

А эгер сен башка жерде, жакшы адамдар жашагандай жашап жүрсөң, мен сени жөн эле артыңдан ээрчип тим болбой, балким сүйүп калмакмын, жылуу сөзүңө гана эмес, көз карашыңа зар болмокмун. Дарбазаңдын жанынан айланчыктап чыкпай күтмөкмүн, сенин алдыңда тизелеп турмакмын, колуктум болсоң сыймыктанмакмын. Сен жөнүндө арам ойлогонго да батынбайт элем. А бул жерде мен ышкырсам, сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы мени ээрчийсиң, өз эркиң менен эмес, менин эрким менен.

Адам эң төмөнкү жумушка орношсо да, ал өзүн толук кулдукка сатпайт, ал кайсы бир белгилүү мөөнөткө алынганын билет. А сен канча мөөнөткө алындың? Жөн эле ойлонуп көрчү: бул жерде эмнеңди бердиң? Эмне менен алпуруштуң? Жаныңды, эрки жок жаныңды денең менен бирге кулчулукка саттың! Ар бир сасыган аракечке сүйүүңдү бересиң! Сүйүү! Бул байлык, казына, кыздын кенчи эмеспи! Чынында бул сүйүүгө татыктуу болуу үчүн кээси жанын берүүгө, өлүмгө барууга даяр. Ал эми сенин сүйүүң кандай бааланат? Сен сатылып алындың, эмнеге сүйүү издеш керек, сүйүүсүз эле баары мүмкүн болуп жатса. Кыз үчүн мындан жаман кордук жок, түшүндүңбү? Мен уктум, бул жерде ойнош күтүүгө уруксат беришет, алар силерди алдашат, келесоолор. Бул бир тамаша, бир алдамчылык, силерди шылдыңдагандык, а силер ишенип алгансыңар. Ал, чындыгында ойнош адам сени сүйөбү? Ишенбейм. Сени азыр башкага чакырып алып кетишерин билип, кантип сүйөт. Ал кумарын кандыруу үчүн жүргөн бир жандык!

Ал сени жок дегенде бир тамчы болсо да сыйлайбы? Аны менен жалпы эмнең бар? Сени шылдыңдап, тоноп кетет – анын сүйүүсү ушул! Дагы сабап кетпегенине сүйүн. Балким, ал урат чыгар. Сенде ошондой бирөө барбы, андан сурап көр, ал сага үйлөнөбү? Ал баса калып сабап жибербесе дагы, шылдыңдап каткырары бышык, балким, анын болгон баасы сокур тыйынга татыбайт.

Анан эмне үчүн бул жерде жашооңду талкалап жүрөсүң? Алар сага кофе берип, жакшы тамактандырабы? Алар эмне үчүн тамак беришет? Чынын айтсам, мындай тамактын бир кесими да кээсинин тамагынан өтпөйт, анткени ал эмне үчүн аны багып жатканын билет. Сен бул жерге карызсың, коноктор сенден жийиркенип, баш тарта баштаганга чейин карызсың. А бул жакында келет, жаштыгыңа ишенбе. Бул жерде баары тез эле өтөт. Алар сени түртүп чыгарышат. Ооба, жөн эле түртүп жибербестен, айыбыңды таба электе эле жемелеп, уруша башташат. Сен аларга ден-соолугуңду бербегендей, жаштыгыңды, жан дүйнөңдү ал үчүн бекер эле бузбагандай, тескерисинче, сен аларды тоноп, бекер тамагын ичип-жеп, жакырчылыкка алып келгендей көрүшөт.

Сени бирөөлөр келип колдойт деп күтпө, жаныңдагы досторуң да кожойкеңе кошомат кылуу үчүн сага кол салышат, анткени бул жерде бардыгы кулчулукта, абийир жана боор ооруу деген нерселер эзелтен жоголгон. Алар акмак болуп бүтүшкөн, жер бетинде булардын жоругунан өткөн ыплас кемсинтүү жок. Сен бул жерге баарын, баарын, келишимсиз саласың – ден-соолук, жаштык, сулуулук да, үмүт да, жыйырма эки жашыңда сен отуз беш жаштагыдай көрүнөсүң, оорулуу болуп калбасаң жакшы, бул үчүн Кудайга ыраазы бол. Кантсе да, сен азыр да бул айтылгандардын мага тиешеси жок деп ойлосоң керек!

Ооба, дүйнөдө мындан оор да, кыйын да эмгек жок, болгон да эмес. А сен жарым сөз эмес, бир сөз айтууга батынбайсың, сени бул жерден кууп чыгышканда, күнөөлүү болуп кетесиң. Башка жакка, андан кийин үчүнчүгө, анан башка жакка барасың, акыры Сенага жетесиң. Ошондо алар ура башташат, ал жерде сыпайылык көрсөткөнү ушундай; ал жерде конокту урмайынча сыйлай алышпайт. Ал жерде ушунчалык жийиркеничтүү экенине ишенбейсиңби?

Барып көр, балким өз көзүң менен көрөсүң. Мен ошол жерден жаңы жыл түнү эшиктин алдынан бирөөнү көргөм. Өз достору эле шылдыңдап, катуу ыйлап жатканы үчүн суукта үшүп соолуксун деп сыртка түртүп чыгарып, эшикти жаап алышкан. Ал эртең мененки саат тогузда кызылдай мас, чачы-башы саксайып, жарым жылаңач, жанчылып сабалган абалда болчу. Жүзү кубарып, көздөрү көгөрүп, мурду менен тиштеринен кан агып жатты. Аны кайсы бир айдоочу жаңы эле жеткирип келген. Ал таш тепкичте отурду, колунда туздалган балык бар, буркурап ыйлап жатып «ачуу тагдыры» жөнүндө бир нерселерди айтып кейип, тепкичти балык менен ургулап жатты. Ал эми айланасында мужуктар менен мас жоокерлер толуп алышып, аны шылдыңдап күлүштү. Сен да ошондой болоруңа ишенесиңби? А мен ишенгим келбейт, бирок сен кайдан билесиң, балким, сегиз, он жыл мурун бул баягы туздалган балык менен олтурган неме бул жакка жаңыдан келгенде, периштедей таза, күнөөсүз, ден-соолугу бекем, жамандыктын эмне экенин билбеген, ар бир сөзгө уялып кызарган жапжаш кыз болгондур.

Балким, ал да сендей болуп, өзүн текебер, сезимтал, башкаларга окшобогон, канышадай көрүп, ал кимди гана болбосун сүйсө, ким аны сүйсө, аларды көптөгөн бакыт күтүп турганына ишенгендир. Мунун кандай аяктаганын көрдүңбү? А балким, ал мас болуп алып бул балыкты ыплас тепкичтерге чапкылап жатканда, атасынын үйүндө өткөн бактылуу жылдарын, мектепте окуп жүргөн таза кезин, кошунасынын уулу аны жолдо күткөнүн, аны өмүр бою сүйөөрүнө, ал үчүн өз тагдырын берерине ишендирген күндөрүн эстегендир?!

Жок, Лиза, бакыт деген өзүңдө, эгер ал кайсы бир бурчта, жана айткандай жертөлөдө болсо, анда тез эле кургак учук болуп өлөсүң. Ооруканага алып кетишет дейсиңби? Мейли, алар сени алып кетишсин, бирок сен дагы эле үй ээсине керек болсоңчу? Кургак учук, бул ысытма эмес. Бул жерде адам акыркы мүнөттөргө чейин үмүтүн үзбөй ден-соолугум жакшы деп жүрө берет. Өздөрүн алдашат. Ал эми бул үй ээси үчүн пайдалуу. Эки анжы болбо, бул чындык. Ошентип сен жаныңды саттың, андан тышкары, карызың бар, ошондуктан бир сөз айтууга да батынбайсың. А сен өлгөнү жатсаң, баары сени таштап, баары жүз бурушат – анткени анда сенден эмнени алат? Бекер орун ээлегениң үчүн жемелешет, эмнеге тез өлбөйсүң дешет. Суу сурап иче албайсың, беришсе да алар сага каргап беришет: “Өлбөй койдуң шерменде, онтоп жатып конокторду уктатпайсың, аларды жийиркентип жатасың” – дешет. Мен чындыкты айтам: мындай сөздөрдү өзүм да уккам.

Алар сен өлгөнү калганда караңгы, ным тарткан жертөлөнүн эң сасыган бурчуна алып барып салышат. Анан сен жалгыз жатып, оюңду өзгөртө аласыңбы? Өлүп калсаң шашып, бирөөнүн колу менен, күңкүлдөп жатып эптеп жерге жашырышат, эч ким бата кылбайт, эч ким сени эстеп үшкүрүнбөйт, иши кылып эртерээк кутулуунун амалын кылышат. Алар табыт сыяктуу бир нерсе сатып алышат, анан бүгүн ошол бечараны алып чыгышкансып алып чыгышат да көөпм салышат.

Мүрзөдө ылай, таштанды, суу кар... – ким эле сени машакаттанып аземдеп көөпм жүрмөк эле? “Коё бер, Ванюха, буту өйдө карап тескерисинен жатып калды дейсиңби? Эч нерсе болбойт, арканды кыскарт”. "Эмне болду? Карачы, капталында жатат. Ал дагы адам болгонбу же жокпу? Макул эми, уктай берсин, күрөктү ал, көмө баштайлык." Алар сен үчүн көпкө чейин ажылдашып урушкулары да келбейт. Бат эле нымдуу ак чопо менен шилеп салышат да, ичкилик сатуучу жайга жөнөшөт... Болду, мындан кийин сени эстеген бир да жан болбойт, башкалардын мүрзөсүнө балдары, аталары, күйөөлөрү келип турушат, бирок сенин мүрзөңө бир тамчы көз жаш түшпөйт, эч ким келип үшкүрбөйт, эскербейт, ошону менен сен эч качан төрөлбөгөндөй, бул дүйнөдө жашабаган сыяктуу атың жер бетинен таптакыр өчөт!

Топурак менен сазда, жок дегенде түн кирип, өлгөндөр туруп келишкенде, табыттын төбөсүн кагып: “Эй, жакшы адамдар, мени кайра жарыкчылыкка чыгарып койгулачы! Мен жашадым, бирок жашоону көргөн жокмун, өмүрүм бекер кетти. Сенада аны ичүүчү жайларда ичип жүрүп түгөтүштү. Жакшы адамдар, мага, дагы бир жолу бул дүйнөдө жашоого мүмкүнчүлүк бергилечи!..”—деп айта алсыңбы.

Мен эргүүгө кирип, өзүмдүн тамагым бүтүп кырылдай баштаганда... күтүлбөгөн жерден токтоп калдым, коркуп ордумдан турдум да, башымды эңкейтип, жүрөгүмдүн түрсүлдөгөнүн тыңшадым. Уяла турган нерселер бар эле. Жанатадан бери мен анын бүт жан дүйнөсүн оодарып, жүрөгүн сыздатканымды сезип турдум, ага ошончолук ынанган сайын максатыма тез жетүүнү кааладым. Бул оюн мени өзүнө тартып кетти. Бирок бир гана оюн эмес...

Мен сөзүмдү таптап, баса белгилеп, дал китептен окугансып, бир сөз менен айтканда, «так китепке ылайык» сүйлөгөндөн башкача сүйлөй албасымды билдим. Бирок бул мени тынчсыздандырган жок. Мен сезип-билип турдум, ал мени түшүнүп жатты, дал ушул китепке жакындык бул ишке ого бетер жардам бериши мүмкүн деп ойлодум. Бирок азыр максатыма жеткенде, мен күтүлбөгөн жерден коркуп кеттим. Жок, эч качан, эч качан мындай үмүтсүздүккө күбө болгон эмесмин! Ал көмкөрөсүнөн түшүп, жаздыкты бекем кучактап бетине басып, көкүрөгү жарылып кетчүдөй солкулдай баштады. Жаш денеси безгек болгонсуп титирейт. Анын көкүрөгүндө муунган ыйы аны басып, тытып, анан капысынан кыйкырып, өкүрүп-бакырып ыйлап жиберди.

Ал жаздыкка ого бетер жабышты: анын азап-тозогу, көз жашы тууралуу бул жерде эч кимдин, бир дагы тирүү жандын билүүсүн каалабады. Ал бирде жаздыкты тиштесе, бирде колун канагыча тиштеп (мен аны кийин көрдүм), бирде манжаларына өрүлгөн чачын орой кармап, дем алгысы келбегенсип тиштенип катат. Мен ага бир нерселерди айта баштадым, анын тынчтануусун өтүндүм, бирок кийлигише албасымды сездим, күтүлбөгөн жерден чыйрыктым, кандайдыр бир нерседен үрөйүм учкансып, эмнегедир шашылып, кетер жолумду сыйпалап издей баштадым. Караңгы болчу: канчалык аракет кылсам да даярдыгымды тез бүтүрө албадым.

Бир маалда колума ширеңкенин кутусу жана шам урунду. Шам күйүп бөлмөнүн ичи жарык болор замат, Лиза капысынан ордунан ыргып турду да, кандайдыр бир түрүн бузуп, жинди чалыш немедей жылмайып, мени дээрлик көрбөгөнсүп карап калды. Мен анын жанына отуруп, колдорун кармадым. Ал эсине келип, мени кучактагысы келгенсип, бирок батына албай, мен жакка акырын башын кыйшайтып койду.

– Лиза, досум, мен жаңылыптырмын... кечир мени, — деп баштадым, — бирок ал манжалары менен колумду ушунчалык күч менен кыскандыктан, мен туура эмес айтканымды биле коюп, токтоп калдым.

– Мына менин дарегим, Лиза, мага кел.

– Барам...— деп шыбырады чечкиндүү, дагы эле башын жерден албай.

– Мен эми кетейин, кош бол... көрүшкөнчө. – Мен турдум, ал дагы турду. Бир маалда бети кызарып, калтырап, отургучта жаткан жоолугун алып, ийинине ашырып, ээгине чейин ороп алды. Андан соң  кандайдыр бир кайгылуу жылмайып, кызарып, мени бир башкача карады. Мен кыйналып чыктым. Тезирээк кетүүгө шашылдым.

“Күтө тур,” – деди ал капыстан, мен кире беришке эшиктин алдына жеткенде, мени колу менен кемселимден тартып, шашкалактап шамды жаныма калтырып, жүгүрүп жөнөдү. Сыягы ал бир нерсени эстеп, мага көрсөткүсү келди. Жүгүрүп баратып бети кызарып, көздөрү жалжылдап, эриндеринде жылмаюу пайда болду – бул эмнеси?

Каалабасам да күттүүгө туура келди, бир мүнөттөн кийин ал бир нерсе үчүн кечирим сурагандай көз карашы менен кайтып келди. Дегинкиси, ал азыр жүзү жанагыдай муңайым, ишенбеген жана өжөр эмес эле. Азыркы көз карашы жалынган, жумшак, ошол эле учурда ишенимдүү, боорукер, тартынчаак эле. Балдар абдан жакшы көргөн адамдарына жана бир нерсе сурап алгысы келген адамдарга ушундай карашат. Анын сулуу, жандуу, сүйүүсүн да, жек көрүүнү да чагылдыра алган кой көздөрү бар экен.

Мага эч нерсе түшүндүрбөстөн – мени айта электе эле баарын түшүнүп билген кандайдыр бир жогору турган жандыктай көрүп, мага бир барак кагаз сунду. Анын жүзү, бүт келбети ошол учурда эң ишенчээк, дээрлик балалык салтанат менен жаркырап турду. Барактын бүктөөсүн жазып окуй баштадым. Бул ага кандайдыр бир медицина жаатында окуган студенттин абдан бийик, өтө сыйлуу, сөздөрдүн гүлүн тандап жазган, сүйүүсүн билдирген каты болчу. Азыр анын туюнтмалары эсимде жок, бирок абдан жакшы эстеп калганым, жогорку деңгээлдеги сулуу сөздөрдүн артында чыныгы сезим бар эле.

Катты окуп бүтүп анын мага кызыгуу, баланыкындай чыдамсыз көз караш менен караганын көрдүм. Ал көзүн жүзүмө кадады да, чыдамсыздык менен мени эмне дейт деп күттү. Бир сөз менен айтканда, ал кандайдыр бир кубаныч жана сыймыктануу менен, мага бир үй-бүлөдө, бий кечеде болгонун кыскача айтып берди. Ал "абдан, абдан жакшы үй-бүлөлүү адамдар жана алар дагы эле менин кайда экенимди билишпейт" деп аптыгып түшүндүрө баштады: “Алар менин бул жерде экенимди дегеле билишпейт, анткени мен бул жерге жаңыдан эле келдим... бирок бул жерде калууну чече элекмин, карызымды төлөр замат сөзсүз кетем...”

Ооба, ал студентке ошол жерде жолуккам, аны менен кечке бийлеп, сүйлөшкөнбүз, анын дагы эле Ригада экени белгилүү болду, мен аны бала кезимден таанычуумун, ал тургай чогуу ойногон учурлар да болгон. Ата-энесин да билчүмүн, андан бери көп жылдар өткөндүктөн, ал бул тууралуу баарын эсинен чыгарып жиберген, ал тууралуу эч нерсе билбейт, эч нерседен шектенбейт! Ошентип, кеченин кийинки күнү (мындан үч күн мурун) ал бул катты мени менен кечеге чогуу барган курбум аркылуу жөнөтүптүр... мына ушундай...ушундай болуп калды. Ал сүйлөп бүткөндөн кийин эмнегедир уялгандай жер карады.

Байкуш, бул студенттин катын асыл нерседей сактап, аны чынчыл, чын жүрөктөн жакшы көрөрүн, экөөнүн сый-урмат менен сүйлөшкөндөрүн билбей туруп менин кетишимди каалабай, өзүнүн ушул бир асыл нерсесин алып келгиче шашкан экен. Сыягы, бул кат жоопсуз калып, сандык ичинде жаткандай. Бирок баары бир, мен ишенем, ал аны өмүр бою кенч катары, сыймыктануу, актануусу катары сактайт, мына азыр да аны ушундай учурда эстеп, менин алдымда намыстанып, көз алдымда өзүн калыбына келтириш үчүн мени көрсүн, мактасын дегенсип ушул катты алып келди.

Мен эч нерсе дебей анын колун кыстым да, унчукпай кетип калдым. Кетким келди... Суу кардын бапылдап жаап жатканына карабай жол бою басып кете бердим. Чарчап, эзилип, өзүмө айран-таң болуп бара жаттым. Ал эми ушул айран-таң болуунун артынан чындыктын учкундары жылтылдап чыга баштаган. Бул ачуу чындык эле!

VIII

Бирок мен бул чындык менен көпкө макул болгон жокмун. Эртеси эртең менен бир нече сааттык терең, оор уйкудан ойгонор замат кечээги күндү дароо эстедим, Лизага боор ооруганыма, кечээги сезимталдыгыма таң калдым. “Кээде ушунтип катындар сыяктуу боорукер боло каласың, Тьфу!” – деп ойлодум. Эмне үчүн мен ага дарегимди бердим? Эми ал келип калса эмне болот? Бирок келем десе келсин; көрө жатармын...Албетте, азыр негизги, эң орчундуусу бул эмес. Зверков менен Симоновдун алдында аброюмду тез сактап калууга шашылышым керек. Эң негизгиси мына ушунда. Ал эми бүгүн бошобой жатып Лиза жөнүндө таптакыр унута баштадым.

Биринчиден, Симоновго кечээги карызды дароо төлөө керек эле. Мен айласыз чара көрүүнү чечтим: Антон Антоновичтен он беш сом карыз алууну ойлодум. Кудай жалгап, ал ошол күнү эртең менен эң сонун маанайда болгондуктан, өтүнүчүмдү дароо орундатып, сураган акчаны колума карматты. Мен буга ушунчалык сүйүнгөндүктөн, тил катка кол коюп жатканда кандайдыр бир мактаныч менен кобурай баштадым: “Кечээ достор менен Париж мейманканасына барганбыз. Жолдошубузду, бала кезден чогуу өскөн досубузду деп айтсам да болот. Узаттык. Билесизби, ал көңүл ачып, акчасын чачып жүргөндү жакшы көрөт, албетте, жакшы үй-бүлөдөн, олуттуу байлыгы, кызматы бар, тамашакөй, айымдар менен көңүл ачканды жактырат. Кыскасы... кечээ бир топ эле ичип койдук көрүнөт, мунун баарын абдан жеңил, шылдың аралаштырып, өзүмө ыраазы болгонсуп айтып бердим.

Үйгө келер замат дароо Симоновго кат жаздым. Катымдын чыныгы мырзалык, ак көңүл, ачык маанай менен жазылганын эстеп, ага азыр да суктанам. Акылдуу жана чеберчилик менен жазылган, эң негизгиси, эч ашык кеп жок эле, бардыгына өзүмдү күнөөлөдүм. Шарапка такыр көнбөгөндүктөн, мен мурда эле аларды саат бештен алтыга чейин күткөнүмдө биринчи чөйчөктөн кийин эле кызуу болуп калганымды айтып актандым. Негизинен Симоновдон кечирим сурадым. Мен андан башкаларга, өзгөчө Зверковго түшүндүрмөлөрүмдү жеткирүүсүн өтүндүм, (эсимде, түш көрүп жаткан сыяктуу эле калыптыр) кыязы, мен аларды таарынтып алдым. Мен өзүм деле бармакмын, бирок башым ооруп жатат, эң башкысы уялып жатам деп кошумчаладым.

Мени өзгөчө бул "бир аз жеңилдик", атүгүл дээрлик жайдарылык (Бирок абдан татыктуу) кубандырды, бул капыстан менин калемден чыккан саптар, дароо эле ушул кечээги жийиркеничтүү нерселердин бардыгына өз көз карашым бар экендигин бардык мүмкүн болгон себептерден да жакшыраак түшүндүрүп жаткан. Чындыгында эле мырзалар мен балким силер ойлогондой бул окуя менен ортодогу мамилебиздин бардыгына чекит коюлду деген сыяктуу ойлордон алысмын, тескерисинче, мен ага өзүн сабырдуу, өзүн сыйлаган мырза кандай караш керек болсо, ошондой карайм.

– Өткөн иш үчүн жигитти жемелебейт дешет. Алтургай кандайдыр бир маркиздерге мүнөздүү шоктук? – деп суктандым, катты кайра-кайра окуп. Анткени мунун баарын өнүккөн жана билимдүү адам жазган! Менин ордумда башка бирөөлөр толгон жаман иштерди жасарын жасап алышып, андан кантип чыгууну билишпейт, бирок мен оңой эле жол таап кеттим, анткени мен биздин замандын билимдүү жана өнүккөн адамымын. Чынында эле балким, мунун баары кечээ ичкен шараптан таасиринен болгондур. Мм... жок, шараптан эмес. Аларды күтүп жүргөндө беш-алты саатка чейин арак ичкен эмесмин. Симоновго калп айттым. Уятсыз калп айттым, азыр да уялбайм... Керек болсо, түкүрдүм ошолорго!

Эң негизгиси алардан кутудум. Катка алты сом салып, мөөр басып, Аполлондон Симоновго алып баруусун сурандым. Катта акча барын билгенден кийин, Аполлон мени сыйга татыктуу адамдай карады да, барууга макул болду. Кечинде сейилдегени чыктым. Кечээгиден кийин башым дагы эле ооруп, көңүлүм айнып жатты. Бирок кеч кирип, күүгүм коюуланган сайын ички сезимдерим өзгөрүп, башаламан, анын артынан ойлорум да өзгөрө баштады. Ичимде бир нерсе өлбөй, жүрөгүмдүн түпкүрүндө, абийиримдин түпкүрүндө өлгүсү келбей, кандайдыр бир ысык кусалык жаралды.

Мен эл көп жык толгон өнөр жай көчөлөрү менен Мещанскийди, Садоваяны бойлой, Юсупов бакчасынын жанында көп жүрөм. Дайыма кеч киргенде ушул көчөлөрдү бойлоп, жүздөрү турмуш-тиричиликтин ар кандай көйгөйлөрүнөн улам түнөрүп, күнүмдүк тапкан акчаларын үйлөрүнө алып бараткан түркүн кесиптеги өнөр адамдарын, өнөр-жай адамдарын, кол өнөрчүлөрдүн калың тобун аралап жүргөндү жактырчумун. Мага дал ушул баасы бир тыйындык ызы-чуу, бул одоно, орой турмушту аралап жүрүү жакчу. Бирок бул жолу көчө ызы-чуусу маанайымды түшүрүп, ого бетер кыжыр келтирди. Мен такыр токтоно албадым. Жан дүйнөмдүн түпкүрүнөн бир нерсе көтөрүлүп, удургуп, тынчтангысы келбеди. Такыр капаланып үйгө кайттым. Жан дүйнөмдө кандайдыр бир кылмыш бардай сезилди. Лиза келет деген ой да кетпей кыйнады. Ушул кечээги эскерүүлөрдүн ичинен аны эскерүү эмнегедир өзгөчө, кандайдыр бир такыр башкача кыйнаганы кызык. Кечке жуук мен башканын баарына колумду шилтеп таптакыр унутуп калдым, Симоновго жазган катыма дагы эле кубанып жүрдүм. Бирок эмнегедир ага ыраазы болгон жокмун. Жалгыз Лиза тууралуу ой кыйнап жаткан сыяктуу.

Ал келсе эмне кылам? Мен тынбай ойлондум. Мейли, келсе келсин. Бир гана жаман жери, ал менин кандай жашаганымды көрөт. Кечээ мен ага ушундай кыйын немедей көрүндүм... эми, мм! Бирок мынчалык чөккөнүм жарабас. Бөлмөмдө жакырчылык. Кечээ кечки тамакка ушундай көйнөк менен кантип бардым десең! Ал эми ичеги-карды көрүнгөн эски жыртык дивандын кебетесичи! Кымтууга жарабаган жыртык халатымды көргөндө эмне ойлойт болду экен!... Ал баарын көрөт; Аполлонду көрөт. Бул акмак аны таарынтып коюшу мүмкүн. Мага орой мамиле кылуу үчүн андан атайылап кемчилик издейт. Анан албетте, адаттагыдай эле андан коркуп, алдында халатымдын этегин кымтыланып, жылмайып, калп айтып бөйпөлөңдөйм. Ах, кандай кемсинүү! Бирок бул да эч нерсе эмес!

Андан да маанилүү, андан да төмөн, жаман нерсе бар! Бул абийирсиз калп масканы кайра кийүү!.. Ушул ойго жеткенде чычаладым. Эмне үчүн абийирсиз? Кандайча уят? Мен кечээ чын жүрөктөн оюмдагы нерселерди айттым. Менде ошол убакта чыныгы сезим болгону эсимде. Мен жөн гана анын ичинде асыл сезимдерин ойготкум келди... эгер ал ыйласа, анда бул жакшы, анын жакшы таасири тиет... Бирок мен дагы эле тынчтана алган жокмун.

Ошол күнү кечинде, мен үйгө кайтып келгенден кийин, саат тогуздан өткөндө эсеп боюнча Лиза эч кандай келиши мүмкүн эмес учурда, мен анын элесин көргөндөй болдум, эң негизгиси, аны ошол эле абалда эстедим. Мага кечээги бардык нерсенин ичинен бир көз ирмем өзгөчө көрүндү: мен ширеңке чагып, бөлмөнү жарык кылганда анын кубарып, өңү бузулуп кыйналган жүзүн көргөм. Ал ошол учурда кандай гана аянычтуу, кандай гана... эле! Бирок он беш жыл өткөндөн кийин деле мен Лизаны ошол кездеги бактысыз, жасалма, керексиз жылмаюусу менен элестетеримди билген эмесмин. Эртеси мен бул тантырак ойлор, дүүлүкөн нервдин кесепети, эң негизгиси, аша чапкандык деп эсептедим. Өзүмдүн бул алсыз жеримди дайыма баамдачумун, кээде андан абдан коркчумун: "Мен баарын апыртып жиберем, ошондуктан аксап жатам", - деп өзүмө саат сайын кайталадым. Бирок “Бирок Лиза, келип калат” – бул менин ошол кездеги бардык ой-пикирлеримдин негизги кайрыктары. Мен ушунчалык тынчыздангандыктан, кээде жинди болуп кетем деп кооптондум. Келет! Сөзсүз келет! – деп кыйкырдым, бөлмөдө тынч олтура албай ары-бери басып, – бүгүн болбосо, эртең келет, ал сөзсүз мени табат!

Таза жүрөктөрдүн каргышка калган романтизми мына ушундай окшойт! Бул кандай келесоолук, кандай ыпластык, бул – сезимтал жандардын бузулган ой-санаасы! Муну кантип түшүнбөйм, кантип түшүнө албадым?... Бирок ушул жерден токтоло калдым, ал тургай абдан уялдым. Адамдын жан дүйнөсүн дароо эле тескери айландырыш үчүн кенедей эле бир нерсе, — деген жылт эткен ой келе калды, — бир аз эле сөз керек окшойт. Мынакей кол тийбеген аруулук! Мынакей жан дүйнөнүн тазалыгы!

Кээде өзүм барып, мага келбе деп жалдырап айтсамбы деген ой келди. Бирок ушул ой келгенде, ушунчалык ачууландым, эгер бул “каргыш тийген” Лиза капысынан ошол учурда жанымда болгондо, аны сөгүп, бетине түкүрүп, сабап кууп чыкмакмын! Бирок бир күн өттү, эки, үч күн өттү – ал келген жок, мен тынчый баштадым.

Мен өзгөчө саат тогуздан кийин сейилдеп чыккан маалда дем-күчүмө кирип, таттуу кыялдарга батар элем. Мисалы, Лизаны анын мага келиши аркылуу сактап калам... Ага өнүктүрүүчү жана тарбиялык мааниси бар көп нерселерди айтып берем. Акыры ал мени кумарланып сүйө баштаганын байкайм. Түшүнбөгөндөй түр көрсөтөм (Бирок эмне үчүн түр көрсөткөнүмдү өзүм да билбейм, жөн эле барктаныш үчүн болсо керек). Акыры ал боздоп ыйлап, бутума жыгылып, мен анын куткаруучусу экенимди, ал мени бул дүйнөдө баарынан артык сүйөрүн моюнуна алат.

Мен таң калымыш болом, бирок...

– Лиза, – дейм, – чын эле мен сенин сүйүүңдү байкабай калды деп ойлойсуңбу? Мен баарын көрдүм, ойлодум, бирок биринчи сенин жүрөгүңө кол салууга батынган жокмун, анткени мен сага таасир берип, кам көргөнүм үчүн ыраазы болуп, атайылап менин сүйүүмө жооп берүүгө өзүңдү мажбурлап жибересиңби деп корктум, өзүңдө балким, андай сезим жоктур деп ойлодум, эгерде ушундай болсо, анда бул чыныгы сүйүү болбойт эле, бирок мен муну каалабадым, анткени бул... деспотизм... Бул албетте одоно иш болмок (бир сөз менен айтканда, мен бул жерде ушундай европалык, жорж-сандиандык, түшүнүксүз асыл назиктик менен түшүндүрдүм).

Бирок азыр, азыр сен меникисиң, сен мен үчүн жаралгансың, сен тазасың, сулуусуң, менин сулуу жубайымсың. Жана толук кожойке катары менин үйүмө тайманбай эркин кир! Биз акырындан жашообузду оңдойбуз, чет өлкөгө чыгабыз ж.б.у.с. Бир сөз менен айтканда, өзүмдү жек көрө баштадым, тилим жетишинче өзүмдү шылдыңдадым. Алар бул каргыш алган кызды коё беришмек беле! – деп ойлодум. Кантсе да, аларга, айрыкча, кечинде сыртка чыгууга болбойт окшойт (негедир мага ал кечинде, тагыраагы саат жетиде келчүдөй сезилди). Баса, ал жерде али толук кул боло электигин, өзгөчө укуктары бар экенин айткан, демек...хмм! Шайтан алгыр десе, ал келет, сөзсүз келет!

Ошол кезде Аполлон өз оройлугу менен мени алаксытканы жакшы болду. Ал жиниме тийип бүттү! Бул менин айыкпас жарам, кудай-тааланын мага каршы жиберилген жазасы болчу. Биз тынымсыз бир нече жыл катары менен урушуп келе жатабыз, мен аны жек көрчүмүн. Аны кандай жек көрөрүмдү бир гана Кудай билет! Жашоомдо эч кимди андай жек көргөн эмесмин деп ойлойм, өзгөчө ушул учурларда. Ал улгайган, олуттуу, тигүүчүлүк менен алектенген адам болчу. Эмне үчүн ал мени чексиз жек көрүп, адам чыдагыс кемсинтүү менен караганы белгисиз. Бирок ал баарына эле өйдөсүнүп карачу. Мына ушул өсүмдүк майы менен майлап, чекесине жабыштыра таралган сары чачын, бырышы жок жылмакай чекесин, колдойгон эриндерин бир караганда эле, маңдайыңда өзүнүн мыкты сапаттарынан эч качан шек санабаган кекирейген жан турганын көрөсүң.

Ал эң жогорку деңгээлде өзүн бышыкмын деп эсептеген педант адам болчу, ал мен жер бетинде көргөн педанттардын эң чоңу эле; анын өзү менен сыймыктануусу Александр Македонскиге гана жарашмак. Ал өзүнүн ар бир топчусуна, ар бир тырмагына ашык эле! Ал мага абдан текеберчилик менен, бой көтөргөндөй мамиле жасачу, мени менен сүйлөшкүсү да келчү эмес, эгер мени карап сүйлөөгө туура келген учурларда мени шылдыңдаган көз караш менен караганы жинимди келтирчү.

Ал мага көрсөткөн кызматын эң жогорку жакшылык кылып жаткандай түр менен аткарчу. Бирок ал мен үчүн дээрлик эч нерсе кылган эмес, ал тургай өзүн эч нерсе кылууга милдеттүүмүн деп эсептечү да эмес. Ал мени дүйнөдөгү эң келесоо адам деп эсептегенине эч кандай шек жок, эгер ал ушунча жылдан бери кетип калбай жүргөнү ай сайын менден айлык алып турганы үчүн гана болчу.

Ал менден айына жети сом алган үчүн “эч нерсе кылбоого” макул болгон. Ал үчүн көп күнөөлөрүм кечирилчү. Кээде аны жек көрүүм ушунчалык деңгээлге жетчү, анын баскан кадамын укканда калтырап чыкчумун. Бөтөнчө анын шыбырап сүйлөгөнү итиркейимди келтирчү. Анын тили кадимки тилден бир аз узун эле, ошондуктан ал бир аз тилин чайнап сүйлөп, оозу жабылчы эмес, бул ага өтө чоң кадыр-барк тартуулайт деп ойлоп, сыймыктанып жаткандай сезилчү. Колун аркасына алып, акырын, жер тиктеп сүйлөчү. Айрыкча, ал өз тосмосунун артында туруп алып Псалтирди окуй баштаганда кыжырым кайначу. Ушул окуунун айынан далай согуштук. Ал кечинде бир кылка чыккан тажатма үнү менен кошок кошконсуп окуганды аябай жакшы көрчү. Кызыгы, анын аягы мындай болду: ал азыр өлгөндөр үчүн Псалтирди окуу үчүн жалданат, ошол эле учурда келемиштерди кыра турган мом жасайт.

Бирок эмнегедир экөөбүз химиялык жол менен кошулуп калгансып, андан кутула албай койгом. Анын үстүнө ал да мени таштап кеткенге макул эмес эле. Мен өзүмө тиешелүү эң бир кооз, чоң үйдө жашай албадым: батирим менин хан сарайым да, сырткы кабыгым да, бүт адамзаттан жашына турган кутучам да болчу, ал эми Аполлон, эмне үчүн экенин бир Кудай билет, мага ал ушул батирге тиешелүүдөй көрүнүп, жети жыл бою мен аны кууп чыга албадым. Куумак турсун анын айлыгын жок дегенде эки же үч күн да кечиктирүүгө болбойт эле. Кокустан кечиктирип койсом кайда барып жашынарымды билбей калчудай окуяны баштачу.

Бирок бул күндөрү мен бүт дүйнөгө таарынып жиним келип жүргөндүктөн эмнегедир Аполлонду жазалап, ага эки жумалык маянасын бербей коюуну чечтим. Мен муну көптөн бери, болжол менен эки жылдан бери ойлонуп жүргөм, анткени, ал мага мынчалык бой көтөрүүгө акысы жоктугун жана мен кааласам ар дайым ага эмгек акысын берүүдөн баш тарта аларымды далилдейин дегем. Мен ага бул тууралуу атайылап эле унчукпай коюну чечтим, анткени анын өз текебердигин жеңип, өзү биринчиси айлык акысы тууралуу сөз кылууга мажбур кылайын деп ойлогом. Суурмадан жети сомду алып чыгам да, менде акча бар экенин көрсөтүп, атайлап коюп коём, бирок “кааласам берем, каалабасам жок, ал менин “кожоюндук эрким”, анткени ал мени сыйлабайт, орой мамиле жасайт. Бирок сый-урмат менен сураса, балким, берип коюшум да мүмкүн. Болбосо дагы эки жума күтөт, үч жума күтөт, бир ай күтөт...

Бирок мен канчалык ачуулансам да ал жеңди. Мен төрт күн да чыдай албадым. Ал мындай учурларда дайыма баштап жүргөн нерседен баштады, анткени мындай учурлар мурда да болгон, мурда да аракет жасалган (мен мунун баарын алдын ала билчүмүн, анын жаман тактикасын жатка билчүмүн), тактап айтканда: ал мени өтө катаал көз карашы менен бир нече мүнөт тиктейт, өзгөчө алдыман чыкканда же мен үйдөн чыгып баратканда менден көзүн албайт.

Маселен, мен бул көз караштарга туруштук берип, байкабагандай түр көрсөтсөм, ал мурункусундай эле унчукпай, кыйноолорун улантат. Күтүлбөгөн жерден эч кандай себепсиз, мен басып же китеп окуп жатсам бөлмөмө акырын кирет да, эшиктин алдына токтоп, бир колун артына алып, мени катаал гана эмес, абдан жийиркеничтүү көз карашы менен карап турат. Мен күтүлбөгөн жерден ал эмнени каалаганын сурасам, эч нерсеге жооп бербей, мени дагы бир нече секунда тиктеп карап турат, анан эмнегедир эриндерин бир башкача кысып, маңыздуу көз караш менен жай бурулуп, бөлмөсүнө жөнөйт. Эки сааттай убакыт өткөндөн кийин, ал капысынан кайра алдыман чыгып, ошол эле аракетин кайталайт.

Мен ачууланып, эмне кааларын сурабай, башымды тез көтөрүп, көз карашына ошондой эле көз караш менен жооп берген учурларым болду. Ошентип экөөбүз эки мүнөтчө тиктешип турчубуз. Акырында, ал акырын бурулуп, эки саатка кайра кетет. Эгер дагы эле акыл-эсиме кирбесем, анда ал күтүлбөгөн жерден мени карап терең үшкүрөт. Албетте, акыры ал мени толугу менен жеңип чыгат. Мен ачууланып, кыйкырам, бакырам, ошентсе да анын каалаганын аткарууга аргасыз болчумун. Бул жолу кадимкидей «катуу көз караштардын» маневрлери башталары менен өзүмдү кармай албай, ага жиним менен дароо кол салдым. Ансыз деле туталанып араң тургам.

– Токто! – Ал жай жана унчукпай, бир колун артына алып, бөлмөсүнө кирип кетерде, мен жинденип кыйкырып жибердим: –Токто! Кайт, кайт, мен сага айтып жатам! – Адаттагыдан тыш, башкача үн менен кыйкырсам керек, ал артына бурулуп, мени кандайдыр таң калып карады. Унчуккан жок, кыжырымды ого бетер келтирди.

–Уруксатсыз бөлмөмө кирип, мени минтип караганга кантип батындың? Жооп бер!–Бирок ал мени жарым мүнөттөй жайбаракат карап турган соң кайра аркасына бурулду.

–Токто! – Мен бакырып, ага чуркап жеттим.– Эми жооп бер, эмнени көргүң келди эле?

– Эгерде мага буйрук берсең, анда аны аткаруу менин милдетим, – деп жооп берди ал дагы бир аз тынымдан кийин, кашын көтөрүп, эч камырабастан.

– Мен бул жөнүндө сураган жокмун, желдет! – деп кыйкырып жибердим жиниме чыдабай титиреп. – Желдет, бул жакка эмне үчүн келгениңди мен өзүм айтып берейин: мен сага айлык бербегенимди көрдүң, текебердигиңден ийилип суранганды каалабайсың. Акылсыз көз караштарың менен мени жазалоо үчүн, кыйноо үчүн келдиң, өзүңдүн желдет экениңден шек санабайсың, кандай келесоочулук, келесоочулук, келесоочулук! – Ал унчукпай кайра бурула баштады, бирок мен аны кармап калдым.

—Угуп тур, – деп кыйкырдым ага. – Мына акча, көрдүңбү, алар бул жерде! (Суурмадан жети сом алып чыктым) Бирок башыңды ийип сый-урмат менен кечирим сурап келмейинче албайсың, албайсың. Уктуңбу!

– Андай болушу мүмкүн эмес! — жооп кайтарды кандайдыр табигый эмес бекем ишеним менен.

– Так ошондой болот! – дедим – мен сага сөз берем, болот!

– Сенден кечирим сурай тургандай эч жөнүм жок, – сөзүн улады ал, менин кыйкырыгымды такыр байкабагандай, – сен мени "желдет" атадың, ошол үчүн мен каалаган убакта кварталныйга арыз берип, менден кечирим сурашыңды талап кылам.

– Бар! Бара бер! – Мен бакырып жибердим: "Азыр, ушул мүнөттөн, ушул секунддан калбай бар!" Бирок сен желдетсиң! Желдетсиң! Желдетсиң!

Бирок ал мени карап да койбостон, акырын бурулуп, чакырганыма карабай, артына бурулуп, акырын чыгып кетти. "Эгер Лиза болбогондо, булардын бири да болмок эмес!" деп ойлодум өзүмчө. Анан бир мүнөтчө туруп, маанилүү жана салтанаттуу, бирок жай басып, анын артынан өзүм жөнөдүм. Жүрөгүм дүкүлдөп катуу согуп жатты.

- Апол-лон! – дедим акырын, бөлүп-бөлүп, демим жетпегенсип энтигип, – Дароо кварталдын көзөмөлдөөчүсүнө кечикпей бар! – Ал ортодо үстөлүнө отуруп, көз айнегин тагынып, бир нерсени тигүүгө камданды. Бирок буйругумду укканда капысынан күлүп жиберди. – Азыр бар, ушул мүнөттө, тез бар! Баргын, болбосо эмне болуп кетерин билбейсиң!

– Сен чындап эле акылыңдан адашыптырсың, - деди ал башын да көтөрбөй, акырын эринбей, жипти саптап. – Кожоюнга эрегишип, атышууга чыккан адамды кайдан көрдүң эле? Ал эми кыйноого келсек, аны сен жөн гана өзүң ойлоп чыгарыпсың, анткени андай нерсе эч качан болгон эмес.

– Кет! – деп кыйкырдым ийининен кармап. Мен аны азыр уруп жиберүүгө даяр элем. Бирок ошол маалда дарбазанын эшиги капысынан акырын ачылып, кандайдыр бир караан кирип токтоп, бизди таң калып карап калды. Мен карай коюп уялганымдан бөлмөмө жөнөдүм. Ошол жерде эки колум менен чачымды кармап, башымды дубалга жөлөп, көпкө турдум. Эки мүнөттөн кийин Аполлондун жай кадамы угулду.

– Сени бирөө сурап жатат, – деди ал мени сынагандай карап, анан четтеп, Лизаны өткөзүп жиберди. Кеткиси келбей, бизди шылдыңдагансып туруп калды.

 – Бара бер! – деп буюра сүйлөдүм, шашкалактап. Ошол маалда саат жетини урду.

IX

Толук кожойке катары үйүмө тайманбай эркин кир! Бул ошол поэзиядан. Мен анын маңдайында өлчүдөй болуп эсимди жыя албай, аябай ыңгайсызданып, бар күчүм менен күлүмсүрөмүш болуп, жыртык, чыт халатымдын этегин кымтылоого аракет кылдым. Жана эле маанайым түшүм турганда өзүмдү дал ушундай абалда элестеткен элем. Аполлон биздин үстүбүздө эки мүнөттөй тургандан кийин кетип калды, бирок андан мага эч жеңилдик болгон жок. Баарынан жаманы, менин абалымды көргөндө, ал да күтүлбөгөн жерден уялды, мен мындайды күткөн эмесмин.

– Отур, – дедим мындай учурда көнүмүш сөздү ойлонбостон кайталап, анан үстөлдүн алдынан ага отургучту сууруп чыгып, өзүм диванга отурдум. Ал дароо отуруп, мени бакырайган көздөрү менен карап, менден бир нерсени күтүп жаткансыды.

Анын эч нерсеге түшүнбөй күтүп турган аңкоолугу мени кыжырдантты, бирок өзүмдү кармадым. Мына ошондо баарын адаттагыдай эле көрүп, эч нерсени байкабаган түр көрсөтүшүм керек эле, бирок ал... Ал бул кылыгы үчүн мага кымбат төлөп берерин бүдөмүк сездим.

– Сен мени кызыктай абалда таптың, Лиза, – деп баштадым кекечтенип, бул сөздү баштоонун туура эмес жолу экенин билип турсам дагы. – Жок, жок, эч нерсе ойлобо! – деп жибердим шашкалактап, анын кызарып кеткенин көрүп: – Мен өзүмдүн кедейлигимден уялбайм... Тескерисинче, мен кедейлигиме сыймыктанам. Кедеймин, бирок ниетим таза адаммын... Билесиңби, кедей болсоң да жакшы адам бойдон калса болот, – деп кобурадым. Айтмакчы... чай ичесиңби?

– Жок...—деди ал.

– Күтө тур! – Мен ордумдан ыргып туруп, Аполлонго чуркадым. Бир жакка кетишим керек болчу.

– Аполлон, – деп шыбырадым, колумдагы ала келген жети сомду алдына ыргытып, – мына сенин айлыгың; көрүп турасыңбы, мен бердим, бирок сен да мени куткарышың керек. Дароо ашканадан чай жана кургатылган нандын кесиминен онду алып кел. Эгер барбасаң, анда адамды бактысыз кыласың! Бул кандай аял экенин билбейсиң... Болду! Балким, сен бир нерселерди ойлоп жаткандырсың... Бирок анын кандай аял экенин билбейсиң! – Апполон мага көңүл бурбай, эч нерсеге жооп бербестен, колундагы жибин шашпай саптап жатты.

Мен анын маңдайында үч мүнөттөй күттүм. Чекемден тер чыпылдад. Өңүм кубарып кеткенин сездим. Бирок Кудайга шүгүр, ал мени карап, чындап боор ооруду көрүнөт. Жибин шашпай жыйнап, ордунан жай туруп, отургучту акырын артка түртүп, көз айнегин шашпай чечип, акчаны кыбырап санап, акырында башын буруп мага суроо узатты:

– Порцияны толук алайынбы? – Жай басып бөлмөдөн чыгып кетти. Мен Лизага кайтып келатып оюма келди: ушул турушум менен, халатчан, көзүм кайда караса, ошол жакты карай эмне болсо ошо болсун деп кол шилтеп качсамбы. Кайра келип отурдум. Ал мени тынчсызданып карап жатты. Биз бир нече мүнөт унчукпай калдык.

– Мен аны өлтүрөм! – Мен күтүлбөгөн жерден кыйкырып, үстөлдү катуу муштадым, сыя челектеги сыя чачырап кетти.

– Ой, сага эмне болду! – ал чочуп кетти.

– Мен аны өлтүрөм, мен аны өлтүрөм! – Мен үстөлдү кайра-кайра муштагылап өзүмдү таптакыр кармай албай, мындай кылыгым келесоолук экенин түшүнүп турсам да жинденип жаттым. – Сен аны билбейсиң, Лиза, ал мени жазалоо үчүн жаралган желдет. Ал мени жазалоочу желдет... Ал азыр нанга кетти; ал... – бир маалда токтоно албай ыйлап жибердим. Бул талма болчу.

Ыйлап жатып уялганымды айтпа, бирок кармана албай калгам. Ал коркуп кетти.

– Шайтан алгыр! Сага эмне болду! Эмне болуп жатасың! – чыркырап жиберди ал.

 – Суу,... мага суу бер, тигил жакта! – мен алсыз үн менен, бирок мен суусуз деле өзүмдү абдан жакшы сезип, алсыз үн менен сүйлөбөй коё аларымды түшүнүп турдум. Бирок талма экеним чын болсо, адептүүлүк үчүн болсо да ушундай кылганым туура болмок. Ал карбаластап барып суу алып келип, мага сунду. Ошол учурда Аполлон чай алып келип калды.

Жаңы эле болуп өткөн окуядан кийин капысынан мага бул жөнөкөй чай абдан орунсуздай көрүндү, мен кызарып кеттим. Лиза Аполлонду чочулагандай карады. Ал болсо бизди карабай кетип калды.

– Лиза, сен мени жек көрүп жатасыңбы? – мен аны тике карап, анын эмне деп ойлогондугун билүүгө чыдамым жетпей калтаарый түштүм. Кыз уялып жооп бере албады.

–Чай ич! – дедим ага жиним келгендей карап. Өзүмө жиним келип жаткан. Бирок албетте, ал да куру калбашы керек болчу. Капыстан жүрөгүмдө ага болгон кыжырдануум кайнады. Ошол учурда аны өлтүрүп салгандан да кайра тартпайт элем.

Андан өч алуу үчүн мен ага мындан ары бир ооз сөз айтпайм деп ичимден ант бердим. Баарына себепчи ошол деп ойлодум. Унчукпай олтурганыбызга беш мүнөттөн ашты. Үстөл үстүнө чай коюлду, биз ага кол тийгизкен жокпуз. Мен атайылап, аны оор абалга такаш үчүн ичпей олтурдум, ал өзү баштоодон уялды. Ал мени түшүнө албай таң калып жатты. Мен ого бетер өжөрлөнүп унчукпадым. Негизги кыйналчу, албетте, өзүм элем, анткени өзүмдүн бардык жийиркеничтүү акылсыздыгымдын негизсиздигин толук түшүнүп турдум, ошол эле учурда өзүмдү кармай албадым.

– Мен ал жерден... Мен... биротоло чыгып кетким келет, — деп баштады ал, кандайдыр бир жол менен жымжырттыкты бузуу үчүн, бирок байкуш так ушуга байланыштуу ансыз да ушундай чыңалып турган мүнөттө, мага окшогон ансыз да келесоо адамга ал сөздү баштоонун кереги жок болчу. Жада калса анын акылсыздыгына жана ашыкча ачыктыгына менин да жүрөгүм ачышты. Бирок бир нерсе ичимдеги боорукердикти дароо басып, мени ого бетер кыжырдантты. Мага десе дүйнөдөгү бардык нерсе жок болуп кетсин! Дагы беш мүнөт өттү.

– Мен сага тоскоолдук кылдымбы? – деди ал, үнү араң эле чыгып, ордунан туруп кетүүгө камына.

Бирок мен анын кадыр-баркы түшкөнүнө таарынганын көрсөтүүгө кылган алгачкы аракетин байкаганда эле дароо ачуум келип титиреп кеттим.

– Сен эмнеге келдиң, айтчы, байболгур? – Мен аптыгып, эмне дегенимди деле түшүнгөн жокмун. Эч нерсесин калтырбай дароо эле баарын айткым келди. Эмнеден баштаарымды да ойлогон жокмун. – Эмнеге келдиң? Жооп бер! Жооп бер! – Мен өзүмдү жоготуп, бакырдым. – Эжекебай, сен эмнеге келгениңди азыр мен айтып берем. Анткени, ошондо мен сага боор ооруп, аянычтуу сөздөрдү айтканым үчүн келдиң, кайрадан жылуу сөздөрдү уккуң келди. Бирок сен билип кой, анда мен сени шылдың кылып күлүп жаткам. Мына сени дагы эле шылдыңдап жатам. Эмне титирейсиң? Ооба, мен шылдың кылгам! Сага келгиче өзүм кордук көргөм, мени кечки тамак убагында, силерге менден мурда келип кеткендер ыза кылышкан. Мен алардын бирин, офицерди сабаш үчүн келгем, бирок оюм ишке ашкан жок, аларды тапкан жокмун. Мен бирөөдөн ызамды чыгарышым керек болчу, ошондо сен кабылдың, ичимде толгон ызамды сенден чыгарып, сени шылдың кылып ойногом. Мени кордошту, ошондуктан мен да бирөөнү басынткым келген. Мени ылайга тебелеп, буттарын сүртүштү, ошон үчүн мен да бийлигимди көрсөткүм келди... Мына ушундай болгон, а сен мени ошондо атайылап куткарганы келди деп ойлодуң го? Ошентип ойлодуң беле? Сен ошентип ойлодуң да?

Мен анын майда-барат нерселерди түшүнбөй калышы мүмкүн экенин билдим, бирок анын маңызын абдан жакшы түшүнөрүн да билчүмүн. Ошондой болду. Ал бет аарчыдай кубарып, бир нерсе айткысы келди, эриндери көгөрүп, кыйшая түшкөндөй болду да, анан балта менен кыя чапкансып отургучка жыгылды. Ошондон кийин ал мени оозун аңырдай ачып, көздөрүн алайтып, коркуп, титиреп тыңшап жатты. Сөзүмдүн кынтыксыз чындыгы аны эзип жиберди...

– Сактап калышым керекпи! – деп улантым да отургучтан ыргып туруп, анын алдындагы бөлмөдө өйдө-ылдый чуркадым. – Эмнеден сакташым керек? Ооба, мен сенден да жаман болушум мүмкүн. Мен сага акыл айтып жатканда, эмне үчүн мени бетиме айткан жоксуң: «А сен, эмне үчүн бизге өзүң келдиң? Акыл үйрөткөнүбү? – десең болмок. А мага бийлик, күч, оюн керек болчу. Көз жашыңды агызып, кордоого жетишим керек болчу – мага ошол керек болчу!

Анткени мен ошондо өзүм чыдай албадым, анткени мен чабал болчумун, корктум, эмнеге ойлонбой туруп дарегимди бергенимди шайтан билсинби. Ошентип мен үйгө жете электе эле бул даректи бергеним үчүн сени сөгө баштагам. Мен сени жек көрдүм, анткени сага калп айттым. Анткени жөн гана сөз менен ойнодум, кыялдандым, бирок чындыгында мага эмне керек, билесиңби: мага десе сени жер жутсун! Мага тынчтык керек. Ооба, мен тынчымды албашыңарды каалайм, өз бейпилчилигим үчүн бүт дүйнөнү бир тыйынга болсо да сатам.

Ооба, мен шерменде, шылуун, өзүмчүл, жалкоо адам экенимди билем. Үч күндөн бери сени келип калса эмне кылам деп коркконумдан титиредим. Ушул үч күндөн бери мени эмне түйшөлткөнүн билесиңби? Мен сага өзүмдү ушундай кыйынмын деп тааныштырсам, анан капысынан мени ушул жыртык халатчан, кайырчыдай кебетемди көрсө кантем деген ой кыйнады. Мен азыр эле өз жардылыгымдан уялбайм деп айтпадымбы, бирок билип кой, мен уялам, аябай уялам, эгер мен ууру кылып кармалып, теримди тескери сыйырышса да мынчалык уялмак эмесмин... Апполон сени ээрчитип киргенде мен эмне үчүн кутурган иттей жулунганымды дагы эле түшүнгөн жоксуңбу, анткени сен мени ушул жыртык халатчан, бечара абалында көрдүң, бул кылганыңды эч качан кечире албайм.

Мендеги тирилген кыйынсынган тың адам, өз малайына кутурган күчүктөй асылып үрсө, тигил аны шылдың кылып күлүп жатпайбы! А мен сенин алдыңда уурусу кармалган аялдай, тыя албаган көз жашымды төккөнүмдү эч качан кечирбейм! Азыр сага ушунун баарын айтып моюнума алганым үчүн да, сени эч качан кечирбейм! Ооба, мунун баарына жооп беришиң керек, анткени сен алдыман чыктың, анткени мен акмакмын, анткени мен жер бетиндеги курттардын ичинен эң жийиркеничтүүсү, эң күлкүлүүсү, эң кичинекейи, эң келесоосумун, башкаларды көрө албаган ичи тармын, ал курттардын менден эч кандай артыкчылыктары жок, бирок эмне үчүн экенин шайтан билеби, алар эч качан уялышпайт. Мени өмүр бою каалаган эле бир акмак жаакка чаап келет – бул менин өзгөчөлүгүм! Муну түшүнүнгөн, түшүнбөгөнүңдүн да мага эмне кереги бар!

Анан дагы, сен ошол жерде өлөсүңбү же өлбөйсүңбү, кандай ишим бар? Муну сага айтканым үчүн сен бул жерде айткандарымды укканың үчүн мындан ары сени жек көрөрүмдү түшүнөсүңбү? Кантсе да адам өмүрүндө бир эле жолу минтип сүйлөйт, болгондо да акылын жоготуп кыйкырып-өкүргөн маалда!.. Сага дагы эмне керек? Эмнеге ушунун баарын уккандан кийин мени кыйнап, кетип калбай дагы эле жабышып олтурасың?

Бирок андан кийин кызыктай бир абал пайда болду. Мен бүт нерсени китептегидей ойлоп, элестетип, дүйнөдөгү бардык нерсени мурда ушундай кылып жазсам деп элестеткенге ушунчалык көнүп калгандыктан, бул кызык жагдайды дароо түшүнгөн жокмун. Ал мындайча болчу: мен кордоп жана кемсинтип жаткан Лиза мен ойлогондон да көптү түшүндү. Ал аял адам чын жүрөктөн сүйсө, биринчи кезекте эмнени түшүнөрүн, тактап айтканда: менин бактысыздыгымды түшүндү. Анын жүзүндөгү коркуп, таарынган сезим алгач ачуу таң калуу менен алмашты. Мен көз жашымды агызып өзүмдү шылуунмун, келесоомун дей баштаганда, (мен бул тирадамды ыйлап жатып айттым), анын бүт жүзү кандайдыр бир өзгөрүп кеткенсиди.

Ал мени токтоткусу келди. Сөзүмдү бүтүргөнүмдө ал: “Эмне үчүн келдиң, эмнеге кетпейсиң!” – деп кыйкырганыма эмес, мунун баарын өзүмө айтуу мен үчүн кандай кыйын экенине көңүл бурду. Ооба, ал өзүн менден чексиз төмөн тургандай санады, анан ал мага ачууланып, таарынышы мүмкүн беле? Ал күтүлбөгөн жерден олтурган ордунан ыргып турду да, бардык ыкласы менен мага умтулуп, бирок дагы эле уялып, өз ордун таштап кетүүгө батынбай, колун мага сунду...

Аны көргөндө жүрөгүм да ордунан козголгондой болду. Ошондо ал капысынан чуркап келип, мойнумдан кучактап ыйлап кирди. Мен да чыдабай, мурда болуп көрбөгөндөй шолоктоп ыйладым...

 – Алар коё беришпейт... Мен... боорукер боло албайм! – деп араң айттым да, анан диванга барып жүзтөмөндөп жыгылып, чейрек саат өзүмдү тыя албай солкулдадым.

Ал мага жабышып кучактап алды да, кучагымдан чыккысы келбегендей катты. Бирок баары бир, талма өтүшү керек болчу. Ошентип (жийиркеничтүү чындыкты жазып жатам), диванга бетимди катып, жыртык булгаары жаздыгым менен бетимди жаап, аз-аздан, эркимден тышкары, бирок токтолбостон башымды көтөрүп, Лизанын көздөрүнө тике караш мага кыйын болорун сездим.

Эмнеге уялдым? Билбейм, бирок уялдым. Ролдор такыр эле өзгөрүп кеткени, азыр ал каарман экени, ал төрт күн мурун менин алдымда кандай кемсинтилип, жанчылган болсо, мен да азыр ошол түнкүдөй кордукка малынган макулук экенимди ойлодум... Мына ушунун баары мага диванда көмкөрөмдөн жатканда келди! Оо, Кудайым! ошондо мен ага чындап ичим күйдүбү?

Билбейм, дагы эле билбейм, бирок кийин мен муну азыркыдан да аз түшүнчүмүн. Мен кимдир-бирөөнүн үстүнөн бийлик жана зулумдук кылмайынча жашай албайм... Бирок... Бирок эч нерсени ой жүгүртүү менен түшүндүрө албайсың, демек, эч кандай ой жүгүртүүнүн да кереги жок. Мен, акыры өзүмдү жеңип, башымды көтөрдүм. Баары бир качандыр бир убакта туруу керек эле да...

Ошентип дал ошол аны карагандан уялганымдан жүрөгүмдө күтүлбөгөн жерден дагы бир башка сезим от алып, алоолонду... үстөмдүк, ээлик сезими. Көздөрүм кумарга батып, анын колдорун катуу кыстым. Мен аны кандай жек көрсөм ошол учурда ага ошончолук катуу тартылдым! Бир сезим экинчисин күчөттү. Бул өч алуу сыяктуу көрүнгөнсүдү!.. Адегенде анын жүзү аң-таң болуп, алтургай коркконсуду, бирок бул бир саамда өтүп кетти. Ал бүт жан дүйнөсү менен мени ысык кучагына алды.

X

Чейрек сааттан кийин мен чыдамсыздык менен бөлмөдө өйдө-ылдый чуркады, ар бир мүнөт сайын ортодогу тосулган көшөгөнүн тешигинен Лизаны карайм. Ал жерге отуруп, керебетке башын жөлөп ыйлап жатты. Бирок ал кеткен жок, кыжырымды келтиргени ушул. Бул жолу ал баарын түшүндү. Мен аны дагы бир жолу кемсинттим, бирок... айта турган эч нерсе жок. Ал менин кумарымдын жарылып кетиши өч алуу, ал үчүн жаңы басынтуу экенин жана менин мурунку, дээрлик маанисиз жек көрүүдөн тышкары, азыр ага болгон жеке, көрө албастык жек көрүүм кошулду деп ойлоду...

Бирок мен мунун баарын ачык түшүндү деп ырастабайм, бирок экинчи жагынан ал менин бузуку адам экенимди, эң негизгиси аны сүйө албастыгымды толук түшүндү. Мен билем, мындай болушу мүмкүн эмес деп айтышарын, мага окшогон орой, келесоо болуу акылга сыйбас. Балким, аны сүйбөй коюу, жок дегенде бул сүйүүнүн кадырын баалабай коюуга мүмкүн эмес деп кошумчалашмак. Эмне үчүн бул болбошу керек эле? Биринчиден, мен мындан ары сүйө албайм, анткени, дагы бир жолу айтам, мен үчүн сүйүү үстөмөндүк кылуу, моралдык жактан жогору туруу дегенди билдирет. Өмүр бою башка сүйүүнү элестете да алган эмесмин, ушундай чекке жеттим, кээде мен азыр сүйүү – бул сүйүктүү адамыңдан өз ыктыяры менен өзүнө карата үстөмөндүк кылууга берилген укугу деп ойлойм.

Жертөлөдөгү кыялдарымда сүйүүнү күрөш деп билчүмүн, ал дайыма жек көрүү менен башталып, моралдык баш ийдирүү менен бүтчү, анан басып алган тарапка кандай мамиле кыларымды элестете да алчу эмесмин. Анан таң калыштуусу, өзүм моралдык жактан ушунчалык төмөн деңгээлге түшүп, “чыныгы жашоодон” алыс болгонумдан улам, азыр эле мен аны акыл айткан сөздөрүмдү укканы келгени үчүн жемелеп, шерменде кылууну ойлодум. Ал аянычтуу сөздөрдү угуу үчүн эмес, мени сүйүш үчүн келгени оюма да келген эмес, анткени аялдар бардык жашоосунун маанисин, ар кандай өлүмдөрдөн кутулууну жана бардык кайра жаралуусун сүйүүдөн гана табышат. Ооба, жашоо бул жердегидей өзүн толук жана даана көрсөтө албайт.

Бирок мен бөлмөдө ары-бери чуркап, көшөгөнүн жылчыгынан караган убакта аны анчалык деле жек көргөн жокмун. Анын бул жерде болгону мен үчүн адам чыдагыс оор болду. Мен анын тез эле кетишин кааладым. Тынчтыкты самадым, жертөлөмдө жалгыз калгым келди. “Чыныгы жашоого” көнбөгөндүктөн мен үчүн дем алуу да кыйын болду. Дагы бир нече мүнөт өттү, ал эсин жоготкондой, дагы эле ордунан турбай олтурду. Мен уялбай акырын көшөгөнү кыймылдатып, аны ордунан козгоого аракет кылдым...

Ал капысынан отурган жеринен ыргып туруп, качууга камынгансып, жоолугун, кемселин шашкалактап издей баштады... Эки мүнөттөн кийин ал акырын көшөгөнүн артынан чыгып, мага оор көз караш менен карады. Мен калп жылмайып, адептүүлүк үчүн анын көз карашынан бурулуп кеттим.

– Кош, – ал эшикти көздөй бет алды. Мен күтүлбөгөн жерден анын жанына чуркап барып, анын колун кыса кармап, кайра коё берип... анан кайра кыстым. Анан дароо бурулуп, жок дегенде аны көрбөш үчүн башка бурчка тез басып кеттим...

Ушул мүнөттөрдө силерге калп айткым келди, муну кокустан, акылымдан адашып жасадым деп жазгым келди. Бирок мен калп айткым келбейт, ошондуктан анын колун жиним менен атайылап кармагам деп ачык эле айтам. Мен бөлмөдө өйдө-ылдый басып жүргөндө, ал көшөгөнүн артында отурганда ушундай кылуу оюма келген. Бирок бул жерде моюнума алам: бул мыкаачылыкты атайылап кылсам да, чын жүрөктөн эмес, келесоолугумдан жасадым. Бул мыкаачылык ушунчалык жасалма, атайылап, китепте жазылгандай болгондуктан, өзүм бир мүнөт да чыдай албадым, адегенде көрбөйүн деп бурчка жашынгым келген, бирок өз жоругумдан уялып, Лизанын артынан чуркадым. Эшикти ачып, тыңшадым.

-- Лиза! Лиза! –тепкичтен эңкейип кыйкырдым, бирок тартынчаак, акырын чыккан үн менен... Жооп болгон жок, мен анын кадамдарын ылдыйкы тепкичтерден уккансыдым. – Лиза! – катуураак кыйкырдым. Жооп болгон жок. Дал ошол маалда ылдый жактагы көчөгө чыгар сырткы эшик кычырап ачылып, кайра катуу жабылганын уктум. Ал кетип калды. Мен ойлонгон боюнча бөлмөгө кайтып келдим. Бул мен үчүн абдан оор болду. Мен ал отурган отургучтун жанына токтоп, жалдырап тиктеп туруп калдым.

Арадан бир мүнөт өттү, күтүлбөгөн жерден селт эттим: так маңдайымда, үстөл үстүндө... бир сөз менен айтканда, мен бир мүнөт мурун анын колуна карматкан бырышкан көк беш сомдукту көрдүм. Бул ошол акча, башка болушу мүмкүн эмес. Үйдө андан бөлөк акча жок болчу. Мен бурчка барган учурда ал аны ыргытып жибергенге үлгүргөн экен. Ооба? Мен анын ушундай кыларын билишим керек эле. Мен анын мындай кыларын күттүм беле? Жок.

Мен ушунчалык өзүмчүл болчумун, чындап эле адамдарды ушунчалык сыйлачу эмесмин, анын мындай кыларын элестете да алган эмесмин. Мен чыдай алган жокмун. Бир аздан кийин жиндидей болуп, шашкалактап эмне кийгенимди да билбей, кийинип, артынан чуркап чыктым. Мен көчөгө чуркап чыкканда, ал эки жүз кадамдай жерде болчу. Жай, шамалсыз, каалгып жааган кар тротуарга жана ээн көчөгө ак шейшебин жаап жаткан. Ары-бери өткөндөр көрүнбөйт, көчөдө бир да добуш жок. Чырактардын жарыгы жерге жетпей үлдүрөйт. Жолдун кесилишине эки жүз кадам чуркап барып токтодум. Ал кайда кетти? Эмне үчүн артынан чуркап баратам? Эмне үчүн? Анын алдына жыгылып, ыйлап, бутунан өп, кечирим сураш үчүнбү!

Ооба, мен ошону кааладым. Буулуктум, бул учурду эч качан, эч качан кайдыгерлик менен эстебейм. Бирок эмне үчүн деп ойлогом. Бүгүн анын бутун өпкөнүм үчүн, балким, эртең аны жек көрбөймүнбү? Мен аны бактылуу кыла аламынбы? Мен бүгүн дагы, жүзүнчү жолу өз баркымды билип жаткан жокмунбу? Мен аны кыйноого салбаймынбы! Мен жааган карга башымды тосуп, бозоргон күүгүмдө айланама көз чаптырып, ойлондум. Анын кетип калганы жакшы болгондур деп ойлодум үйгө келгенде, анан жүрөк оорумду куру кыялдар менен басууга далалат кылдым, балким ал ошол кордукту өзү менен кошо алып кеткени жакшыдыр? Мазактоо – бул тазалоо эмеспи, бул эң жегич жана тынчтык бербеген аң-сезим!

Эртең эле анын жан дүйнөсүн булгап, жүрөгүн оорутмакмын. Ал эми кемсинтүү анын жүрөгүнөн эч качан кетпейт, аны канчалык жаман ыплас нерселер күтүп турбасын, кордук аны көтөрөт, тазалайт... жек көрүү менен... мм... балким кечиримдүүлүк менен... Бирок мунун баарынан ага жеңил болобу? Бирок чындыгында азыр өзүмө бир жообу жок суроо берип жатам: кайсынысы жакшы, оңой келген арзан бакытпы же улуу азаппы? Кана айтчы, кайсынысы жакшы? Ошол күнү кечинде жан дүйнөм ооруп, өлүп калчудай болуп үйдө отурганда мага ушундай ойлор келген. Мен эч качан мынчалык азапты, өкүнүүнү башымдан өткөзгөн эмесмин, бирок батирден чуркап чыкканда үйгө жарым жолдон кайтпайм деген күмөн саноо болушу мүмкүн беле?

Лизаны андан кийин жолуктурбадым, ал жөнүндө эч нерсе уккан да жокмун. Кошумчалай кетейин, өзүм ошол кезде кусалыктан аз жерден ооруп кала жаздасам да, кордуктун жана жек көрүүнүн пайдасы жөнүндө айткан оюма көпкө чейин ичимден ыраазы болуп жүрдүм. Азыр да ушунча жыл өткөндөн кийин, мунун баарын эскерүү мен үчүн эмнегедир өтө оор. Азыр көп нерселер эсимде жок, бирок... эмне үчүн ушул жерден эскермелеримди бүтүрбөй жатам? Мен аны жаза баштаганымдын өзү ката болгон деп ойлойм.

Кандай кылган менен бул окуяны жазган сайын уялчумун: демек, бул адабият эмес – бул мен үчүн оңоп-түзөтүүчү жаза. Кантсе да бир бурчта тыгылып жатып моралдык жактан бузулганым, чөйрөнүн жоктугу, жертөлөдө жандуу жана текебер кара ниеттикке көнбөгөнүм тууралуу узун-узун аңгемелерди айтсам, кызыгы жок; романга баатыр кейипкер керек, а бул жерде антикаарманга тийешелүү бардык сапаттар атайылап чогултулган, эң негизгиси мунун баары жакшы эмес таасир калтырат, анткени биз баарыбыз турмуштан ажырап калдык, баарыбыз, бирибиз азыраак, бирибиз катуурак аксайбыз. Атүгүл биз ушунчалык көнбөй калгандыктан, кээде чындыгы "чыныгы жашоого" кандайдыр бир жийиркеничтүү сезимдерди сезип калабыз, ошондуктан аны эстегибиз да келбейт. Ооба, биз чыныгы “чыныгы жашону” дээрлик эмгек, дээрлик кызмат катар кабыл алып, китептегидей жашоо жакшы экенине, баарыбыз ичибизден макул боло турган абага келдик.

Анан эмнеге кээде ызы-чуу салабыз, эмнени күтөбүз, эмнени сурайбыз? Эмне экенин өзүбүз да билбейбиз. Куттуу тилектерибиз орундалса, бизге эле жаман. Мейли, аракет кылып көргүлө, мисалы, көбүрөк өз алдынча жүрүүгө мүмкүнчүлүк бергиле, ар бирибиздин колубузду бош койгула, иш-аракеттерибизди кеңейтип, камкордукту азайткыла, а биз... ооба, мен силерди ишендирип кетейин, кайрадан бизге бирөөлөрдүн камкорчулук кылуусун каалай баштайбыз. Ушинтип айтканыма мага ачууланып турганыңарды билем. Балким “Айтсаң өзүң жөнүндө айт, өзүңдүн жертөлөдөгү болбогон бир майда-чүйдөлөрдү көргөнүң тууралуу айт, баарыбыздын атыбыздан сүйлөбө”—деп кыйкырып, бутуңар менен жер тепкилеп жаткандырсыңар. Кечирип койгула мырзалар, мен бул кудуреттүүлүк менен өзүмдү актаган жокмун.

Ал эми мага келсек, силер жарымына да батынбаган нерсени мен аягына чейин чыгардым, а силер коркоктугуңарды кыраакылык катары эсептеп, өзүңөрдү өзүңүңөр алдап соороттуңар. Демек, мен, балким, силерден да “чыныгы” чыгармын. Ооба, жакшыраак карап көрүгүлө!

Кантсе да биз азыр тирүү жандыктын кайда жашарын жана ал эмне экенин да, ал эмне деп аталарын да билбейбиз. Бизди китепсиз калтырышса дароо адашып, эмне кылышты билбей далдырап калабыз. Кайда барып, кимге кошуларыбызды, эмнеге жабышарыбызды билбей жалдырайбыз. Эмнени сүйүп, эмнени жек көрөбүз, эмнени урматтап, эмнени жаман көрөбүз? Биз чыныгы, өз денеси, каны бар адам болгонду оор көрөбүз. Бул үчүн уялабыз, биз муну уят деп эсептейбиз, мурда болуп көрбөгөндөй карапайым эл болууга умтулабыз. Биз өлүү төрөлөбүз, анын үстүнө биз тирүү атадан эмес, көптөн бери өлүк атадан төрөлүп келебиз, бул бизге барган сайын жагууда. Даамына татып алган соң, ага көнүп баратабыз. Жакында биз кандайдыр бир идеядан төрөлүүнү ойлоп табабыз. Бирок жетишет. Мен мындан ары “жертөлөдөн” жазгым келбейт...

Бирок бул парадокстун “эскермелери” ушуну менен бүтпөйт. Ал берген убадасына туруштук бере албай, андан ары улантты. Бирок биз дагы ушул жерден токтосок болот деп ойлойбуз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз