Куру кыял аталар, тажаал энелер

  • 28.04.2020
  • 5391

Көпчүлүк ата-эне балдары менен болгон мамилелерин жакшы деп ойлошот. Ата-эне тарабынан туура болушу мүмкүн, бирок бала тараптан кандай болду экен? Чындыгында бала тараптан алып караганыбызда бардыгы туурабы?

Энедей эне, атадай ата болуу

Үлгүлүү үй бүлөлөрдө эне “энедей”, ата “атадай” болушу керек. Бала дагы эненин энедей, атанын атадай болушун каалайт. Тилекке каршы, күнүмдүк жашообуз ата-энелердин башаттык ордун жок кылып келүүдө. Руханий баалуулукту жоготкон үй бүлөдө жашаган балдар эмне кыларын билишпейт. Азыркы күндөгү изилдөөлөргө карасак, “куру кыял аталар” менен “тажаал энелерге” учурап жаткандыгыбыз баарыбыз үчүн эле күнүмдүк турмуштун кадимки көрүнүшү болуп калды. Ал эми түпкүлүгү жакшы үй бүлөдө эне “мээрим менен сүйүүнүн”, ата болсо “кадыр-барк ” өкүлү болуп саналат.

Ата – үй бүлөдө кадыр-барк өкүлү

Кадыр-барктын түпкү мааниси - “адептин тарбия эрежелерин түзүү жана бул эрежелердин аткарылуусун көзөмөлдөө”. Үй бүлөдөгү кадыр-барктын туура эмес колдонулушун, кара санатайлык менен пайдаланууну “кош көңүлдүк” же “диктатордук” дейбиз. Кадыр-баркка зордоп жете албайбыз. Кыскасы, кадыр-баркка туура эмес түшүнүк берилбеши керек, кадыр-барк “диктатордук”, зулумдук сыяктуу кабыл алынбашы керек.

Кадыр-барк ээси болгон адам, үй бүлөдө ошол кадыр-баркка татыктуу болсо, анда ал өз ордун табат, үй бүлө мүчөлөрү тарабынан бааланат. Зулумдук менен колго алынган кадыр-барк коркутуу жана туура эмес мамилени жаратып, кадыр-баркын жоготот.

Кадыр-баркка ээ болуу – зулумдук жасоо, көңүлсүз, сүрдүү болуу эмес. Чыныгы кадыр-барктуу адам – жакшы мүнөзү менен үлгүлүү тарбияны талап кыла билген, баарына бирдей мамиле кылган адам.

Мисалы, мугалим класста кадыр-барктуу болуп саналат. Мугалимсиз класс башаламан балдардын бир ызы-чуу тобуна окшош болмок. Классындагы окуучуларынын тартипсиз жүрүш-туруштарына жаман баа берүү менен мугалимдин сүрдүү көрүнүшү негизги максат эмес. Тескерисинче, жаман баа алган окуучусуна “кийинки сабакта жакшы баа алаарыңа ишенемин”,- десе, кадыр-баркы жогору жана мээримдүүлүгүн көрсөткүндүгү болор эле.

Дагы бир башка мисал келтире турган болсок, көп балалуу үй бүлөнү карайлы. Үй бүлөнүн эң улуусунун кадыр-баркына көңүл буруңуз. Көпчүлүк үй бүлөнүн эң улуусу ошол үй бүлөнүн кадыр-барк өкүлү болуп саналат. Майрамдарда жана тойлордо эң улуусу төрдө сабырдуу, кадырлуу болуп олтурат. Физикалык жактан эң алсыз адам болушу мүмкүн, бирок кадыр-барк жагынан үй бүлөдө эң сыйлуу адам болуп саналат.

Улуу адам кыйкырбастан, сүр көрсөтпөстөн эле кадыр-барк ээси болот. Тескерисинче, ал кары адам, баарынан улуу болгондуктан сыйга татып, үй бүлөдөгү урматтуу адам болуп эсептелет.

Үй бүлөдөгү кадыр-барк өкүлү болгон ата эч качан сүрдүү, каардуу болуп жинин келтирип: “Бул үйдүн кадыр-баркы менмин”,- дебеши керек. Үйдө зулумдук маанайды кармабашы керек. Мындай жалган орунга умтулган атанын орду кадыр-барк эмес, “алсыз адамдын сыртка көрсөткөн тайкы мамилеси” болуп саналат.

Өкүнүчтүү нерсе, айрым аталар кадыр-барк темасына келгенде тескери багыттагы аракеттери менен өздөрү алсыздыктарын көргөзүшөт. Мындай ата башындагы кадыр-барктын “таажысын” алып жүрө албагандыктан жеңил мүнөздүү болуп, үй бүлө мүчөлөрүнө теңтуш сыяктуу мамиледе болушат. Үй бүлөдөгү маселелер жана жоопкерчиликтерден оолак болуп өзүн бейкапар алып жүрүшөт. Алардын мындай орунсуз кулк-мүнөздөрү, үй бүлө мүчөлөрүнүн атага болгон кадыр-барк укугун берүүдөн баш тарттырат.

Көптөгөн аталардын “мени үйдө уккан эч ким жок” деген сөздөрүн угуп эле жүрбөйбүзбү.

Эне – үй бүлөдө мээрим өкүлү, теңдиктин үлгүсү

Үй бүлөдө эне – үй бүлөдөгү калыстыкты камсыз кылган адилет таразасы сыяктуу. Анын калыптанышында эненин балдарына болгон мээрими жана сүйүү сезими, үй бүлөдө болуучу калыссыз жагдайларды оң жолго салган аракеттери чоң мааниге ээ.

Ушул жагынан алып караганда сөздүн кыскасы, үй бүлө ичиндеги мамилеге байланыштуу маселелердин туура чечилиши “мээрим булагынын” негизинде болот. Эненин эң негизги милдети, ал – калыстык таразасын адилеттүү пайдалануу менен үйдөгү теңдикти камсыз кылуу болуп саналат.

Тилекке каршы, азыркы кезде эненин сүйүүсү менен мээриминде супсактык, көңүл коштук көп болуп, энелердин өз жоопкерчиликтерин аткарууга тоскоол болуп жатат. Балдарына мээримин төгүп мамиле кылган энелерге: “Мынчалык жумшак болбо, балдар эртең сени укпай коёт” деп айткан сөздөрүбүз, “табийгый эне” болууларына, аларга адилетсиз басым жасалып, энелик мээримдин өкүм сүрүшүнө каршы турууга бизди дуушар кылат. Дал ушул “оңдойм деген ойдогу” билермандыгыбыз, энедеги балдарына болгон сүйүүнү муунтуу, баланын жан дүйнөсүн тойгузган рухий азыкты керектүү даражада бербей коюу болуп саналат.

Азыркы күндө келечектен корккон айрым энелерибиз, балдарына мээрим нурун арнагандан мурун, атанын милдети болгон кадыр-барктуу орунду тандап алышкан. Бул жерде белгилей турган нерсе, энелердин табийгый нерв системасы жана руханий жактан жумшак болуп жаратылышы алардын “кадыр-барктуу орунга ээ болушуна” тоскоол болот. Эгер эне кадыр-барктуу болгонго аракет кылып, атанын ордуна өзүн коё баштаса, анда ал тарбиялоо максатына жетпестен “коркутуу” ыкмасына өткөн болуп калат.

Эми андан аркы маселелерди карап көрөлү: үйгө кеч келбеши керектиги жөнүндө айтылган жаш кыз, кеч келген бир күнү атасынын үйдө бар же жок экенин билүү үчүн сырттан кирери менен атасынын бут кийимдерин карайт эмеспи? Эшикти ачкан энесине биринчи эле:

- Атам үйдөбү? – деген суроону берет. Эгерде атасы үйдө болсо, “эми эмне кылам?” деп ойлонот. Мына, ушулардын баардыгы – атанын кадыр-баркын сыйлаган кыз баладагы анын таасирлери. Болбосо бул кыз эшикти ачкан энесинен да мынчалык коркмок эмес. Эне ага: “Кайда жүрөсүң? Биз сага үйгө эрте кел дебедик беле?”- деп урушса да ал кыз бала  энесинин бул урушканына “атам эмне дейт!” дегенчелик сарсанаа болбойт.

Бул учурда кыз энесине: “Эмне болуптур, жаман нерсе жасап жатамынбы? Ишенбейсиздерби? Жетишет!” - деп жооп бериши мүмкүн. Токтоо эне бул маселени талдап калыстык менен чечет.

Өз кадыр-баркын алдыңкы орунга койгон эне ушундай жооп берген кызына катуу мамиле жасап, урганга чейин барат. А эгер эне мээримин биринчи орунга койгон болсо, аны ошол мээрими менен тынч жана адилеттүү чечип коёт.

Мына ушул мисалдагыдай, эгер эне кадыр-баркты алдыга койсо, үйдө каар, коркутуу жана ызы-чуу пайда болот.

Балдар эненин энедей, атанын атадай болушун көргүлөрү келет. Бала тарбиялоодо жалгыз калган эне үй ичинде бактылуулукту керектүү даражада толук камсыз кылуусу мүмкүн эмес.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” аттуу китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз