Амирбек Азам уулу: «Мен – кыргызмын!»

  • 28.05.2025
  • 1839

(Людмила Молдалиеванын китебин окугандан кийинки ойлор)

Өлкөбүздөгү батыл театр таанучу Людмила Молдалиева 2023-жылы «Улуу тоолор» басмасынан чыккан үч тилдеги чабатыдай жука китебин «Мен – кыргызмын!» деп атаган. Ал немисче «Ich bin Kirgisin!», орусча «Я – кыргызка!» деп аталат. Людмила – бизге жеңе. Дегеним, калайык журт дасыккан саясат таануучу катары билген Орозбек Молдалиев агайдын өмүрлүк жары.  

Ооба, мен дагы кыргызмын! Бирок менин оюмча, жумурай-журттун алдында «Мен – кыргызмын!» деп айтуу үчүн же бир шер, же бир тентек, же баскан жолуң ушинтип айтканга татыктуу болуу керек! Татыктуу болуу керек дегенди баса көрсөтүп жатканымын өз жүйөөсү бар. Менин терең ишенимимде, Кыргызстан сымал эли 10 миллиондон кем өлкөдө тил да – туусу, герби, гимни сыяктуу эле маанилүү символ. Ушул жүйөдөн алганда, бүгүн көптөгөн жарандарыбыз кыргыз тилин билмек түгүл, өз оюн түшүндүрүп айта алышпаганы, Бишкекте негизги карым-катнаштын тили орус тили экени жана азыр өлкөбүздө эне тилин билбеген муун өсүп жатканы кашкайган чындык.

«Мен – кыргызмын! – бул сөздүн айтылыш ыргагын өзгөчө жакшы көрөм, ошондуктан сыймыктануу менен айтамын, – деп улантат Людмила Молдалиева. – Көпчүлүк элдердин биз жөнүндө кабары да жок... Дүйнө жүзүндө эки миңден ашуун улут жашайт, бирок ошолордун ичинен эки жүзү гана өз мамлекетине ээ болуу бактысына туш болгон. Ошол бактылуулардын арасында биз дагы барбыз, демек, бул жөн жерден эмес. Аз сандуу улут болсок дагы кылымдардан бери келе жаткан изибизди жоготпой, башка элдерге сиңип кетпей, улутубуздун өзгөчөлүгүн сактап кала алдык...»

Шилтеменин акыркы сабындагы «улутубуздун өзгөчөлүгүн сактап кала алдык» деп ар бир кыргыз айта алабы! Албетте, жок!

Апасы немис, Людмиланын балтыркандай балалык кези Бурят-Монгол АССРинде (ооба, 1957-жылдын 7-июлуна чейин РСФСР курамында ушундай автономиялуу республика болгон) өткөнүнө карабай, кыргыз тилинде ар бир сөздү кыш койгондой кынаптап, көркөмдүү сүйлөйт. Лексикасы бай. Эгерде Людмила жеңенин апасы Волга боюнда чоңойгон немис кызы экенин, ал (Мария Михель) үйдө балдары эрезеге жеткенче алар менен немис тилинде гана сүйлөшкөнүн, а Людмила кыргыз тилин алты жашында – Ата журтуна келгенден кийин үйрөнгөнүн билбесем, аны элетте, айталы, Нарында же Алайда чоңойгон деп ойломокмун.

Мария Яковлевна Михелдин тагдыры – советтик немистердин тагдыры. 1941-жылы гитлердик Германия СССРге басып киргенде Волга боюндагы немистердин АССРинде (АССР Немцев Повольжя) жашаган немис эли өлкө тереңине, атап айтканда, Казакстанга, Коми жерине жана Сибирге айдалат – депортация кылынат. Кыштактарда үч жашка чейинки балдары бар аялдар менен алтымыштан өйдө курактагы кемпирлер калтырылат. Себеби, Иосиф Сталин башындагы советтик жетекчилик Волга немистери Судет немистери тейде Германия тарапка өтүп кетет деп кооптонот. Бирок Сталин жаңылган экен. Автордун жазышынча, «советтик немис улутундагы адамдардын душман тарапка өтүп кеткендиги тууралуу бир дагы факт катталган эмес».

Тууган жеринен сүрүлгөн Мария Яковлевна обол Красноярск крайындагы эмгек лагерине туш келет. Аерде күзөтчү менен чатакташып кетпесе, 1942-жылы жалган чагым менен 10 жылга кесилген колхоздун башкармасы, чүйлүк Майлиев Жапар менен жолукмак эмес. Жапардын темир усталык да өнөрү болгондуктан, ага түрмөдөн чыгып, шаардагы устаканага эркин каттап иштөөгө уруксат берилет. Ал эми Мария Михель алгач кен байытуучу фабрикада сөөк какшаткан муздак сууда вольфрам жууп жүрүп кызыл жүгүрүккө чалдыккандан кийин арабекечтикке которулат. Бир мертебе аттардын такасын жаңыртканы устаканага барып, канттык кыргыз жигит менен таанышат. Таанышуу үйлөнүү менен аяктайт. Жубайлар адегенде Нина аттуу кыздуу болушат. Экинчи кызы (Людмила) аялынын курсагында кезде Жапардын жаза мөөнөтү бүтүп, Кыргызстанга аттанып кетип, ошо бойдон дарексиз жоголот. Анын «чакыртып алам» деген убадасын Мария унутпайт. Ошого 1959-жылы 6 жана 8 жаштагы кыздарын ээрчитип Кантка келет. Ал тушта Жапар коңшулаш Казак ССРинин териториясындагы Кенес-Анархайда колхоз малын багып жүргөндүктөн, кабар айтылып, күтүүгө туура келет.

«Бир күнү эртең менен апам бизге: «Чуркагыла, тигине, атаңар келатат» деди. Биз атамды көздөй чуркадык, ал... жалгыз аяк жол менен келе жатыптыр, артында сумкаларды көтөргөн аялы келе жатты. Апамдын «атаңар» деп айтканына карабай, биз биринчи кезекте колун текшердик, чыпалагы жок колун мен кармаптырмын. «Нина, бул биздин атабыз», – деп кыйкырып, колуна асылып калдым. Ал эңкейип бизди өөп, анан апамды көздөй басты.»

Мария Михелдин эрдиги

Людмила Молдалиеванын романга тете аңгемесин бир эмес, бир нече мертебе окуп жатып, апасы Мария Яковлева Михелдин адамдык бийик сапатына тән бердим. Ак нике күйөөсү убадасын унутуп, кайрылып келбегенине карабастан, эч качан кыздарына атасын жамандабайт. «Ата» дешип зарлаган эки кызын аталуу кылуу үчүн Казакстандын Боровое курортундагы жылуу-жумшак иш ордун таштап, улуу үмүт менен белгисиздикке багыт алат. Кыздарына «Атаңар жайран болуптур» деп калп айтып койсо же «Жок, азыр эч жакка бара албайбыз» деп шылтоо айтса, болбойт беле?! Антпеди. Эне эки кызынын келечегин ойлоду, ал үчүн жанын садага чаап, жолго чыкты.

Ал балдарын жашоо моюнга салган кыйынчылыктарга наалыбай, оорчулукту эмгек жана сабырдуулук менен жеңгенге, атасына дайыма урмат менен мамиле кылып, каяша сүйлөбөөгө үйрөттү; өз жүрүм-туруму менен аларга өрнөк болду.

Жазуучу өзү да ата-энесине, апасынын күндөшүнө аяр мамиле жасап, аларга оңой менен кыл жугузбайт. Ага апасы менен атасынын Канттагы алгачкы жолугушуусу далил.

«... Ал эңкейип бизди өөп, анан апамды көздөй басты.

Апам жалбырактары жаңы ачылган дарак астында, эми эле көтөрүлгөн күн нурларына бөлөнүп турат, өзү керилген узун бойлуу, келишимдүү; агыш чыт кофтачан, узун кара кара юбкачан. Чачтары өрүлүп, башына таажы сымал жайгашкан...»

Кандай керемет сүрөт! Бул саптарды окуганда кимдин да болсо көз алдына апасынын элеси тартылары шексиз... Мария Яковлеванын эмки кадамы кандай болот? Ал убада сөзүнүн өтөөсүнө чыкпаган күйөөсү менен кантип саламдашат? Жапар эркиндикке чыкканда жарын жана чиедей эки кызын камак жайдан чыгарып кетүүгө зарыл документтерди атайылап таштап кеткенин анын бетине айтып, жайнаган эл алдында абийирин төгүп, шерменде кылабы? Жок.

«Атам (апамдын) жанына барып, колун сунду. Апам: «Билбейм Жапар, сага колумду берсемби же бербей эле койсомбу» – деди. Атам апамдан кечирим сурады жана биз жабалактап карап турган элдин арасынан эптеп өтүп, үйгө кирдик.»

Немис аял кыргыз күйөөсү менен кайра табышкан боюнча кайра ажырашпайт. Жубайлар эки кызын ээрчитип, Кенес-Анархайга жөнөшөт. Мария Яковлева айылдын ызы-чуусунан четте колхоздун малын баккан казак-кыргыз койчулар сыяктуу шартта «кыңк» дебей жашап, кыздарын чыныгы турмушка бышырат, келечекке тарбиялайт. Ошондуктан Нина менен Людмила атасынын колуна кол, бутуна бут болуп өсүшөт, түйшүгүн тең бөлүшөт.

Малчылардын балдары менен интернатта окушат. Мындай турмуш эже-сиңдилерди карапайым адамдардын жашоосун жек көрүүгө эмес, тескерисинче, урмат менен түшүнө мамиле кылууга тарбиялайт. Мисалы, атасы кыздарына талаада ат чапканга уруксат бербегенине карабастан, бир жолу эже-сиңдилер шамал менен жарышып, минген чобурларын тердетишет. Аттар тердегенин көргөн Жапар ачуусу келип, кыйкырганда секелек Людмила качып жөнөйт. Ачууга алдырган Жапар калпагын түйрүп жибергенде, кызынын далысына тиет. Ал токтой калып: «Мени калпак менен урганга кантип дитиң барды, сен мени чоңойткон эмессиң, таштап кеткенсиң» – деп чыркырап жиберет. Муну угуп калган Мария Михель кызына өмүрү эстен чыккыс нускалуу сөз айтат: «Мындан кийин атаңа минтип айтпай жүргүн, аны жемелөөгө акың жок; ушундай турмуш башка келип, кырдаал, абал ошондой болуп калган. Атаңды бизге кайра кайтарып бергени үчүн Кудайга шүгүр дешибиз керек.» Мындай сөз чанда бир АДАМдын оозунан чыгат ко!

«Мен -кыргыз» кантип жаралды?            

Людмила жана Нинанын атасына болгон чексиз сүйүүсү, апасынын даанышмандыгы жашоодо баштарына түшкөн түркүн кыйынчылыктарды майышпай жеңүүгө үйрөтөт. Ошого алар айылдаштарынын «орус», «балда», «фашист» деген тилдөөлөрүнө ыза болушуп, алар менен мушташып жүрүп эрезеге жетишет. Апасын күндөшүнүн туугандары уулантканына карабай, Ата жерин чанып кетишпейт.

Жогорудагыдай чөйрө жүүнү бош бирөөлөрдү кекчил, мерез мүнөз кылышы турган иш. Бирок Майлыбаев Жапардын кыздарын эмес. Анткени эки кыздын атасы, өз үйлөрү бар эле. «Бул жерде биз өз элек, корко турган эч нерсе жок, алар менен бирдей, тең укуктуу болчубуз. Биздин апабыздын улуту немис экени деле маанилүү болбой калды, эң негизгиси биз кыргызбыз жана баары ушуну менен түшүндүрүлөт (курсив меники – А.А.). Бул сүйлөмдөгү «эң негизгиси биз кыргызбыз» деген сөз куру пафос эмес, жүрөк тереңинен кайнап чыккан чындык, дүйнө тааным, ишеним. Ошон үчүн автор коомубуздагы өксүк көрүнүштөргө кейип-кепчибей, эволюциялык өсүүнүн бир этабы катары карайт. Бирок таланттуу жаштардын, мыкты адистердин Ата Журтун калтырып, жакшы жашоо издешип, сырт өлкөлөргө кетип баратышканына сөөгү зыркырап ооруйт. Ошон үчүн Кремлдин программасы боюнча Сибирге иштегени кеткен он дарыгердин чоң айлык жана бекер батир берилгенин, иштөө шарты мыкты экенин, Орус жарандыгын алышканын, ал эми Кыргызстанда кеселдерди дарылоого андай шарт жоктугун жазган катын жергиликтүү сайтттан окуп, жаны кашайат.

Алар Кыргызстанда эмгектенишсе, канчалаган бейтаптарга медициналык жардам саалытпай көрсөтүлмөк деп кейийт. Илим-билимди алар киндик каны тамган өз журтунан алышты, бирок алган билимин бөтөн өлкөдө колдонгону кандай деп суроо салып, жер ооштуруп кеткен мекендештерине капаланат. Кайра өзүн сооротот: «Адамды жакшы жашаганга умтулгандыгы үчүн айыптаган туура эмес экенин түшүнүп турсам да, баары бир, менин оюмча, ошол «эң жакшы» нерсени өз жеринде жасап, жаратуусу керек деп эсептейм; аны чоңойтуп, окутуп жана элдин катарында кошкон өлкөсүндө.» Баса, жогорку билимдүү он дарыгердин Орусияга эмгек мигранты болуп кетүүсү береги китептин жазылышына түрткү берген.

Мен да мурда автор сыяктуу көз карашта жүргөм. Ошого 2000-жылдардын тияк-биягында Амин деген Ливандык жигиттин «Бизде, араптарда мындай накыл кеп бар: «Кайсы жерде курсагың тойсо, ошол жер мекениң». Азыр менин мекеним Чехия» деген кебин угуп, аябай таң калган болчумун. Андан бери чейрек кылым өттү. Бүгүн Орусия менен Казакстанды мындай коюңуз, мухиттин ары жагындагы Түндүк Америкада, алтурсун Австралия менен Жаңы Зелландияда эмгектенип жүргөн жердештерди жолуктуруу жаңылык болбой калды. «Балык суунун тереңин издейт» дегендей, жарандарыбыз да экономикалык кызыкчылыгына ылайык мамлекеттерде жашаганга умтулуусу мыйзам ченемдүү экенин СССР кыйрагандан кийинки жылдар айгинеледи. Мисалы, Чехияда айлыгына кызыгып, Батыштан жумуш издөө 2006-жылдары, ал эми Польшада 2013-жылдары басаңдап, тескерисинче, эмгек мигранттары мекенине кайтып келип иштегенди артык көрүшкөндөрдүн саны кеткендерден көп болгону байкалган, жаңылбасам. Бизде да ушул мезгил тезирек келсин деп тилейм ичтен.  

«Бөтөн жердин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол» деген кыргыз макалын көкүрөгүндө алпештеп чоңойгон Людмила Молдалиева үчүн Ала-Тоонун топурагы алтын! «Кыргыздар өзгөчө элбиз, биздин генетикалык кодубуз – ал өз жерине жана өз элин берилип сүйүү. Тагдыр бизди кайсыл жакка айдабасын, биз дайыма үйүбүзгө кайтып келебиз... жасоо, жаратуу үчүнбү, коомдуу түзүүгөбү же туулган жерибиздеги түбөлүк жайга...» Кандай күчтүү саптар. Кенедейинен ата жытын, ата жерин эңсеп чоңойгон адам гана мындай сөздөрдү айтары шексиз.

Людмила Молдалиева өмүрүнүн бир бөлүгүн гана камтыган автобиографиялык чакан аңгемесин «Мен – Кыргызмын» деп атоосунун себебин Ата Мекен – «ал бизде бирөө, жападан жалгыз жана сүйүктүү» деп түшүндүрөт. Бул аңгеме болгону менен баасы көлөмдүү чыгармага барабар экенин китепти окуган ар бир окурман ынанат. Ынанбаганга аргасы да калбайт. Себеби, андагы окуялар ойдон токулган эмес, Ата журтун аздектеп сүйгөн кыргыз кызынын өмүрү.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз