
Моралдык кризиске баткан коомду эс-акылга чакыруу жоопкерчилиги кимдерде? Сөзсүз ошол коомдун жазуучу-акындарында, окумуштуу-тарыхчыларында, өнөр өстөнүндө элге төбөсү көрүнгөн инсандарда. Коомдогу абийирдүү азчылык чөйрөнү калыптачу ошолор! А бизде кандай? Тескерисинче, эл массасынын көтүнөн ээрчиген интеллигенция гана калыптанган! Совет доорунда да, Эгемен доорубузда да коомдун интеллигенция катмары чыйрак боло алган жок. Устатыбыз Салижан Жигитов алды-артын көрбөгөн “кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде” дечү эле, бирок диагноз андан да коркунучтуубу дейм.
Себеби ушул макаламдын 1-бөлүгү жарыяланганда ЖС мүчөлөрүнүн бири да лам деп үн катпады. Өз абыроюн коргоого да жарабаган жазуучу-акындарың анан улуттун абыроюн коргойбу?! Агер үн катар болсо, менин да аларга таш тиштетер жообум даяр эле. Ошондон улам 2-макаламды бүтүрө салууга шашканым жок, 700-800 ЖС мүчөлөрүнөн бирди-жарымы полемикага чыгууга жарабагандан кийин эл кыргыз интеллигенциясынын оозун карашы керекпи, жокпу – эл өзү жыйынтык чыгарсын мындан.
Албетте, кээси телефон чалып тилектештик билдирген болду, бирок эч кимиси калыстык үчүн да соцтармактарда үн катууга жарабаганы – руханий майыптык эмей эмне, айыккыс дарт деген кеп ко...
Дүйнөлүк бестселлерге айланган авторлордун бири Юваль Ной Хараринин “21-кылымга 21 сабак” аттуу китебин эки сыйра окуп чыгып, учурдагы гуманисттерге кайрылган жери көкөйүмө тык кадалды. Автор дүйнө жүзүндө жол кырсыгы эле жылына миллиондон ашык адамдын өмүрүн мойсоп, дагы далайы ишке жарамсыз майып болуп каларын эскертип, адамдар жер жүзүндө согушсуз кырылган жагдайды азайтууга философторду, жазуучуларды, ал тургай диний ишмерлерди чакырыптыр: “шашкан шайтандын” иши экенин. Эл массасын сабырдуулукка, боорукерликке үйрөттүү рухий ишмерлердин парызы, ансыз айдоочулар арасында Шумахер болгусу келгендердин модасы согуштук куралдан өткөн чоң коркунучка айланды деп.
Ушундан улам Кыргызстанда эле жылына жол кырсыгынан 800дөн ашуун адам жол кырсыгынан өлүп (!!!), 1 000ден ашуун адам майыптыкка кабыларын статистикалык салыштыруулардан көрүп, жакамды уучтадым. Элестетиңиз, 800 адам – эмне деген сан?! Айыл-кыштактардагы бир айыл журтта 700-800 түтүндөн турары белгилүү. Мындайча айтканда, жылына Кыргызстанда бир айыл журттун эли авто кырсыктан кырылат экен! Демек, адам өмүрүн коргоону бир гана расмий бийликке жүктөбөстөн, кырсыктын кесепети туурасында акын-жазуучу, илимпоздор, диний таксырлар караламан калктын кулагына куюп, какшай турган бул тема приоритетке айланышы керек коомдо. А бизде эч нерсе болбогондой; интеллигенцияң да, молдокелериң да үн катпайт: адам өмүрү кыйылган жагдайларга эмне чара көрүүнү. Молдокелер элди тозок менен коркутса, акын-жазуучуларыбыз жөө жомок, лирика менен алек!
Ал эми кыргыз коомунда эки күндүн биринде үрөй үркүткөн терс окуялар биринин артынан бири калбаган заманды баштан кечирип атабыз. Өңчөй эркектердин зөөкүрлүгү, кызыл камчылыгы: бири – өмүрлүк жубайынын мойнуна дөңгөлөктү каамыттай кийгизип кордосо, бири – аялын атып салса, бири – атка сүйрөтүп өлтүрүп, бири – жаш кызды зордуктап, бири – ажарлуу жубайынын бетин тилип, деги койчу, төбө чачыңды тик тургузган коомдогу деградация көйгөйү эмнеге кыргыз акын-жазуучуларын ойлонтпойт, толгонтпойт?! Оболу коомдуу адеп-аклакка, ыйманга үндөй турган жерде эле го калемгерлер!
Ал ал болду, фестиваль жүрүшүнө токтололу кайрадан. Казанда эмне боркулдаса, чөмүчкө ошол чыгат эмеспи: айтору, фестиваль акын-жазуучуларыбыздын деңгээлине жараша өттү. Бирок өткөн иштин кийинки сабагы майнаптуу болсо деген ниеттен улам, бул жолку адабий саамалыктын тегерегиндеги оош-кыйыштарды ачык талдап, ачык коом түптөйбүз деп... бул макаланы ич күйдүлүктөн же көрө албастыктан улам баштаганым жок. Атбашылыктар айтмакчы, казанда эмне кайнаса да иткелин (көбүгү) алып турбаса, сорпо-шилеңдин өңү ботала-шоталага айланат.
Чыныбай Турсунбеков атындагы Адабий фестиалдын да келечеги кең болуусун кааласак, келгиле, айланайын жаштар! Адабий көчтү өзүңөр түзөп кеткиле улуу муун, орто муундан нускоо күтпөй. Алардын жолоюна түшпөй, өз чыйрыңарды өзүбүз түзөйбүз деген ишенимди, жоопкерчиликти колго алууга тийишсиңер! Ансыз фестивалдын масштабы да, мааниси да кеңейбейт. Аталган фестиваль улуттук долбоор болуп калсын үчүн Ч.Турсунбеков атындагы Адабий фонддун концепциясын иштеп чыкканыңар эп. Кантип дээрсиңер!
Дүйнөлүк эң алдыңкы компаниялар, уюмдар, мамлекеттер ChatGPT көмөгү менен ийгилик жаратууда. Дүйнөлүк атаандаштыкта ChatGPTсиз иш кылбайт алар. Себеби адам фактору ишенимсиз, жоопкерчиликсиз экени эске алынып, иштин сапатын роботтор жогорку деңгээлде ишке ашырарын баамдаган цивилиазция курсундагы алдыга озгон коомдор ChatGPT көмөгү менен биргеликте өздөрүнүн заманга шайкеш өнүгүү концепцияларын, программаларын түзүүдө!
Стратегиялык багытты аныктоодо ChatGPT жалпы адамзатка ишенимдүү жардамчыга айланган доордо, силер – жаштар (!), оосурак чалдардын оозун тиктебей, технологиялык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонсоңор, артыңардагы чаңды жутканга эле жарайт Жазуучулар союзу! Финансылык булактарды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, кеңеш-сунуштарды улуу муундан эмес, ChatGPTтен сурагыла! Көөдөн көйүңөр толтура идеяларга шыкалат ошондо. Чыгармачыл даңгыр жолуңар ошондо гана шыр ачылат! Жалаң шылдыраган лирика жазган мүшкүлдүү чыгармачылык менен өнүгүп-өсүп кетпейбиз! Дүйнөлүк интеграция доорунда тили тектеш боордош элдердин Эларалык Адабий фестивалын уюштуруу эмнеге кыргыз урпагынын колунан келбеши керек?!
Ырас, Чыныбай Турсунбековдун өмүрлүк жубайы Нуржан Давлетбекова чын дилинен жаш таланттарды өстүрүү ниети менен бул ишти баштадыбы, демек, эженин этегин карманып, чынжырлуу байлардын үй-бүлө мүмкүнчүлүгүн улуттук долбоорго пайдалангыла! Азырынча “тойдум байдын кызына” деп адабий журттан шаабайы сууп, көңүлү карайган маанайга жете электе, Нуржан айымга креативдүү идеяңар менен эшигин жыртып бара берсеңер, кийинки жылкы Адабий фестиваль таптакыр бийик деңгээлде өтөрүнөн кымындай шегим жок!
Бул жолку фестиваль жүрүшүндө эмне үчүн О`Шакир эч бир кол чаппай, кырсыйып отурган себебин Ысык-Көл жээгинде айткан эмес элем, эми ымандай сырымды, идея-сунуштарымды жалпы коомчулук менен бөлүшөйүн. Төмөндө ChatGPT көмөгү менен мен сунуштачу концепцияга көз жүгүртүп көрүңүздөр. Альтернативдүү таймаш үчүн кайсынысы жарайт, кайсынысы жарабайт – аны Ч.Турсунбеков атындагы фонддун негиздөөчүлөрү жана Чыныбай мырзанын үй-бүлөсү, жалпы эле адабий журттун жаштары ойлонор деген ниеттемин.
Таңуулоо жок менде, тек гана Адабий Фестивалдын сапатын арттырабыз десек, кийинки жылга карата даярдыкты азыртан баштоого неге болбосун... Арийне, креативдүү идеясы бар иш-чара сөзсүз түрдө финансылык колдоо табууга мүмкүнчүлүгү бар. Ага болгону презентация, ишеним жана стратегия гана керек.
ФЕСТИВАЛДЫН ЗОБОЛОСУН КӨТӨРӨР СУНУШТАР
1. Фестивалды Эларалык масштабга ылайыктоо
Ал үчүн түрк дүйнөсүнүн маданий мекемелери (TÜRKSOY, TURKPA, Kazakh PEN, Өзбек жазуучулар союзу ж.б.) менен меморандум түзүү зарыл.
- Ар жылы “Акындар сейил багында” адабий кадыр түн уюштуруу;
- “Жылдыздуу жээк” фестивалын – Кыргызстандын түрк дүйнөсүнө кошкон интеллектуалдык салымы катары бекемдөө зарыл.
2. Байкоочу кеңеш мүчөлөрүн түзүү
Байкоочу кеңешке:
- жаш, креативдүү калемгерлер;
- маданият, искусство, медиа, IT тармагынан эларалык тажрыйбасы бар адистер;
- эларалык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн кошуу.
Фестивалдын темасы, форматы жана мазмуну жыл сайын жаңыланып, доордун жаңырыгын чагылтуу.
3. Панелдик талкууларды киргизүү
Төмөнкү темалар боюнча жыл сайын интеллектуалдык форумдар:
- Деколонизация жана адабият;
- Климат жана адабият: Cli-Fi агымы;
- Метафикшн жана тексттик күмөнсүү...
Бул талкуулар чыгармачыл чөйрө менен катар жалпы коомчулуктун аң-сезимине түрткү.
4. Жаңы үн, жаңы ысым, жаңы дүбүрт
“Жаңы үн” “Жаңы ысым”, “Жаңы дүбүрт” аталышындагы секцияларды ачуу:
- 3 тилде поэзия кечеси (кыргызча, түркчө, англисче);
- ар бир автор өз үнүн алып чыгат;
- фондук музыка, визуалдык проекция, медиа менен коштолот (multimedia poetry night);
- бул көрүнүш дүйнөлүк адабий сахнанын эстетикасына жакын.
5. Академиялык багыт
Фестивалдын алкагында илимий секция иштейт:
- Түрк тилдүү адабияттардын интеграциясы;
- Постсоветтик руханий травма;
- Жаңы адабий агымдар тууралуу баяндама-семинарлар.
Бул чаралар университеттер менен байланыш жүргүзүүгө шарт түзөт.
О.э. Адабий фестивалды каржылоонун альтернативдик булактарын сунуштайм:
1. Чет элдик гранттык уюмдар
Мүмкүн болгон өнөктөштөр:
- UNESCO – маданий мурастарды колдоочу программалар.
- Goethe-Institut, British Council, TÜRKSOY, USAID, Soros Foundation, IFACCA, EU Creative Europe.
- ISESCO (Ислам кызматташтыгынын билим берүү жана маданият агенттиги).
- Rosa Luxemburg Stiftung, Friedrich Ebert Stiftung (Германия).
Эмне кылуу керек?
- Фестивалдын темасы: “Сөз менен дүйнөнү өзгөрт!”;
- Алдын ала 2–3 беттен турган гранттык концепт даярдоо;
2. Маданий демөөрчүлүк кылган бизнес өкүлдөр
Мисалдар:
- Мобилдик операторлор: Beeline, MegaCom, O!
- Банктар: Optima, DemirBank, DosCredo
- Курулуш жана соода гиганттары: "Elite House", "Bai-Tushum"
Сунуш:
- “Маданиятка салым – улуттук бренд” деген ишенимди расмий бийлик менен бирге жайылтуу.
- Ар бир ишканага бренддик көрнөк, стенд, чакан PR-видео сунуштап, аларга өз имиджин көтөрүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
3. Туризм жана маданият министрлиги
Өкмөттүк деңгээлде:
- Адабий фестивалды — туризмдин маданий компоненти катары көрсөтүү;
- Ысык-Көлдү интеллектуалдык жайкы хабга айлантуу идеясын ишке ашыруу.
Мисал:
- Ысык-Көл – туризм+адабият концепциясы.
4. Фонддун миссиясы (Жылдыздуу Жээк):
- Жаш калемгерлерди колдоо;
- Адабият аркылуу рухий интеграция;
- Улуттук иденттүүлүктү сактоо боюнча эстутум семинарын уюштуруу...
Сунуш:
Бул фонддун базасында GoFundMe, Patreon, kyrgyz.kg донейшн платформаларында ашар уюштуруу.
5. Элдик каржылоо – Crowdfunding
Платформалар:
- Kickstarter
- Indiegogo
- Boomstarter
- Tunduk.kg сыяктуу локалдуу долбоорлор.
Механизм:
Ар бир өнөктөшкө:
- китеп белек
- фестивалга чакыруу
- ысымын ыраазычылык стендине жазуу.
Бул саамалык элдин рухий инвестициясына жол ачат.
6. Ыңгайлуу медиа өнөктөштөр менен кызматташтык
Мисалдар:
Блогерлер жана ЭлТР, Маданият каналы, “Азаттык”, Sputnik.kg, Kloop, Reporter.kg, Aitysh.media
Сунуш:
Фестивалдан түз эфир, подкаст, блог ж.б. чыгармачылык медиа-контент чыгаруу.
Кызыктуу контент берген иш-чаралар – демөөрчүлөрдү тартуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.
7. Эларалык автордук агенттиктер
Мисалдар:
- Kalem Agency (Түркия)
- Writers' Centre Norwich (UK)
- PEN International
Сунуш:
Кыргыз авторлорун эларалык автордук платформаларга кошуу боюнча келишим түзүү.
Алар фестиваль аркылуу жаңы авторлор, котормочулар менен таанышат, бул өзүнчө финансылык агым болуп калышы мүмкүн.
Фестивалдын келечектүү багыттары
Китеп жарменкесин уюштуруу
Бул саамалык боордош элдердин адабий рыногун кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Китеп жарманкеси жана боордош элдердин адабий базары – рухий соода-сатык аянтчасы.
Эларалык Адабий фестиваль — идея алмашуу менен коштолгон рухий базар болууга тийиш! Ысык-Көл жээгинде Китеп жарманкесин өткөрүү — адабиятка жаңы дем, рынокко жаңы мүмкүнчүлүк, окурманга жаңы табылга.
Китеп жарманкенин негизги өзөгү:
- Кыргыз басма үйлөрүнүн жаңы китептери;
- Казак, өзбек, түрк, азер, татар ж.б. боордош элдердин авторлору;
- Постсоветтик аймактагы актуалдуу адабият;
- Англис, жапон, немис, француз, кытай ж.б... тилдердеги сапаттуу котормолор;
- Адабият + технология темасындагы ChatGPT менен биргеликте жасалган чыгармалар, Zine-формат, аудиокитептер;
- Авторлор менен көзмө-көз жолугушуу, авторлук кол тамга берүү сессиялары.
Максаттар:
- Адабиятты бизнес жана рухий өндүрүшкө айлантуу;
- Кыргыз авторлорунун чыгармаларын чет өлкөлүк рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү;
- Боордош элдердин интеграциялык рухий алакасын бекемдөө;
- Ысык-Көлдү Борбор Азиянын интеллектуалдык базарына айлантуу.
Кимдер өнөктөш боло алат?
- “Жылдыздуу жээк” Фестивалын уюштурган Ч.Турсунбеков атындагы фонд;
- Жазуучулар союзу;
- Китеп басып чыгаруучу жеке компаниялар;
- Маданият жана туризм министрлиги;
- Маданий уюмдардын коалициясы (Creative Central Asia Alliance деген аянтча түзүлсө да болот).
“Руханий соода-сатык – тили тектеш элдердин биримдигин бекемдейт!”
Маселен, Digital Book Fair бөлүмүн ачып коюшса, ар бир автор өз китебин QR-код менен көрсөтүп, окурмандар электрондук версиясын дароо сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мисалы: EPUB/PDF түрүндө сатылчу кыргыз, түрк, англис, казак авторлорунун китептери — Amazon Kindle, LitRes, же жергиликтүү платформа аркылуу жеткиликтүү болот.
Китеп жарманкеси — Адабий фестивалды жалпы калкка, окурманга, туризмге, бизнеске жакындатат.
Бул сунуштарымды зээндүү окурман сезет — сөздөн ишке өтүү маанилүү экенин. Анткени бул фестиваль Ч.Турсунбековдун үйбүлөсүнө гана эмес, баарыбызга керек. Мындай улуттук долбоорлор – улуттун рухий сапатын да көтөрмөлөйт!
Бул Адабий фестиваль жөн гана лирика окуу менен чектелбей, рухий-интеллектуалдык аянтчага айланганы чоң мааниге ээ. Боордош элдердин авторлору бири бири менен жакындан таанышып, чыгармачылык алака пайда болот. Кыргыз авторлорунун эларалык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Адабиятка экономикалык өсүү шарты түптөлөт.
Атаандаштык жаралбаган жерде өсүү болбойт! Китеп окуу же поэзия таймашы болобу, ал “үй-бүлөлүк курчоого” гана алынбастан, жалпы Борбор Азия калктары: кыргыз, казак, өзбек, тажик, түркмөн, азер жана да жалпы түрк тилдүү элдердин акын-жазуучуларын толук кандуу катыштыруучу эларалык деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрдү жаратуубуз кажет! Буга чейин фестиваль жалаң эскерүү сыпатында гана өтүп келсе, мындан ары жаштарга мүмкүнчүлүк жаратуучу таймаш форматы жетпей туру.
Панелдик талкуу жана ачык дебаттар
Маселе койбогон коомдо маселе чечилбейт. Адабият — эң ириде суроо коё билүү өнөрү.
Фестивалдын алкагында:
- Улуттук иденттүүлүк жана адабият;
- Деколонизация жана тил саясаты;
- Posthuman жана Cli-Fi — XXI кылымдын адабият тенденциясы деген темаларда интеллектуалдык дебаттар өтүшү шарт.
ChatGPT көмөгү менен адабий ишмердүүлүктү кеңейтүү
Дүйнө жүзү ChatGPTни текст жаратуучу курал гана эмес, өнөктөш автор катары колдоно баштады. Фестивалдын алкагында:
- “AI менен адабият жаратуу” мастер-классы;
- “ChatGPT менен биргелешип жазылган чыгарма” аттуу жаңы жанрда конкурстар өтсө, бул өзүнчө лингво-адабий революция болот Кыргызстан үчүн!
Ысык-Көл — жалпы адамзаттын рухий алакасына ылайыктуу аймак
Адабият – геосаясат эмес, бирок рухий географияны жаратат. Ысык-Көл жээгиндеги фестиваль жалпы түрк элдеринин интеллектуалдык интеграция борбору болушу зарыл.
Эгер ушул багыттар эске алынса, Чыныбай Турсунбеков атындагы фестиваль — эскерүү эмес, эс алуу эмес, элдин аң-сезимин жаратмандыкка үндөгөн рухий кыймылга айланат. Адабият — коомдун көзү болсо, фестиваль ошол көздү ача турган жарык!
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.