Кул болбо куса, кайгыга

  • 29.04.2020
  • 4458

Акын Байдылда Сарногоевдин “Ашуудан берген отчётум” китебиндеги ой түнөгөн саптар

*     *     *

Күзгүдөй жүзү тазарып,
Күн күтөт күндө тазалык.

*     *     *

Элечек кийип эскирбес,

Эзелтен бизди ойлонгон
Эмчегин берип өстүргөн
Энебиз Ала-Тоо болгон.

*     *     *

Жолдор... жолдор... тирүүлүктүн белгиси
Дос, жолдошун издегендин багы бол.

*     *     *

Жанынан качып сүрдөнөт
Жалкоолук менен жан баккан...

*     *     *

Сөз жүйөсү бузулбайт
Чындыкты айтып бергенден.

*     *     *

Жапыз жерге жатып албай жан багып,
Бийикке чык, дагы сама бийикти.

*     *     *

Үмүтсүз адам тири өлүк,
Үмүттүү жаша түбөлүк.

*     *     *

Күлкү-шат менен өмүр сүр
Кул болбо куса, кайгыга.

*     *     *

Дүйнөдө тири өлүктөй жүрө берсең,
Сөз эмес адамдыгың, амандыгың.

*     *     *

Ойдун терең, тайызы,
Ой жараткан акылдан.
Ырдын узун, кыскасы,
Ыр жараткан акындан.

*     *     *

Жазуучу ойчул калк келет,
Өзүнөн, ою жаш келет.

*     *     *

Картаят баары өмүрдө,
Картайбайт сүйүү ал неге...

*     *     *

Эй, Эргешбай, кайда бара жатасың?
— Ак-Суудагы Асан чалды көргөнү.
— Ал өлгөн да...
— Ал жалган сөз, ал өлбөйт,
Тирүү сөзүн угуп жүрөм элдеги.

*     *     *

Талант – уялчаак, кежир келет.
Талантты издеп, табышыбыз керек

*     *     *

Толкун болот деңиздин күчтүү жери, 
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери.
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп, 
Тоолук эне төрөгөн сени, мени, 
Чоку болот тоолордун бийик жери, 
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!

*     *     *

Жаз акын, жалкоолонуп жатпа көпкө,
Мээңден бермет качаар мезгил өтсө.
Өмүрдүн өчпөс отун алоолонтуп, 
Өргө чап, өжөрлөнгүн өткүр кезде. 
Жаз акын, жабык көөнүң чокулансын,
Ырында жүрөгүңдүн оту жансын.
Эл сени эски жылдай эске тутуп, 
Эл сени жаңы жылдай тосуп алсын! 

*     *     *

Уруулашкан мезгил өткөн капкачан,
Улутум да, уруум да бир, — кыргыз!

*     *     *

Ак куу жок кезде — көл көрксүз,
Аял жок кезде — эр көрксүз.

*     *     *

Булбулсуз — токой, гүл көрксүз,
Аялсыз — айлуу түн көрксүз.

*     *     *

Ичип жеңбей аракты ичпей жеңдим.

*     *     *

Тамырым жайып тереңге,
Таанытар тууган көп элге,
Талпынып жетпей жүрөмүн
«Жөнөкөйлүк» дегенге.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз