Байлар да ыйлайт, болгондо да ташка!

  • 25.07.2025
  • 2700

ЭПИЛОГ

Сары чымчыктарды сагынбаган бир да жазым болбосо керек. Алардын эртели кеч сайраганда кубулжуган үндөрү, эки канатынын каптал жагында кызгылт өңдөн башталып, куйруктары сары түскө бөлөнгөн алтын түстүү боёгу, өзгөчө сайраганда кыпкызыл болгон тумшугу менен асманды көздөй умтулган кооз мойнунун элеси – менин балалык аң-сезимиме табият өз колу менен тарткан сүрөт болчу. Гармония!

Сары чымчыктарымды издегенсип, азыр ушул куракка келсем дагы негедир балалык сагыныч менин тынчымды алып, изденем, кыялданам, куса болом…

Балалык башатыма улам кайтып бара бермейим бар. Ушул китепти баштагандан бери негедир “таш аргымагым”, сары чымчыктарым, улак-козуларым көз алдыма тасмадай чубуруп, ошолорду жазбай кетсем эле, колуңуздардагы мемуардын боёгу жетпей, бир нерсеси кемип калчудай туюла берчи болду.

Эсимде, бир жолу айылга каттап, баягы кичинекей кезимдеги жашаган тоодогу жер тамды көрүп келейин деп барып калсам,  “аргымак ташым” көзүмө урунду. А сары чымчыктарым алтымыш жыл мурун эле мени жоготуп, күтө берип… кетип калышса керек. Аргымак ташым бир аз кичирейип калгансып көрүнгөнү менен, мен үчүн кайра эле чексиз, кыйырсыз чоң аалам сезилди үн катпаган.

Анткени бала кезимде ошол ташка минип алып, сары чымчыктарды күтүп отурганым – менин дүйнөгө караган биринчи терезем эле. Ооба, терезем! Мен бала күнүмдө ошол “таш аргымагымдын” үстүнө минип алып дүйнөгө көз чаптырчу экемин. Азыр дүйнө чоң бойдон эле калды, бирок ичиндеги тынчтык улам кичирейип бараткансыйт.

Таш аргымак – жөн эле таш эмес мен үчүн. Ал мени биринчи жолу ойго салган, биринчи жолу кыялданган, биринчи көз жашым тамган жерим. Анын үстүндө отурганымда асманга тигилип, сары чымчыктар менен сүйлөшчүмүн. Алардын кужулдап сайраган үнүнөн мен өзүмдү жалгыз сезбей калчумун. Бала кезде баарыбыз жаратылыш менен сүйлөшө алган касиетке ээбиз. Жаш өткөн сайын биз заманбап жашоонун талабына жараша балдарыбыз башка тилдерди үйрөнүп, акча санаганды үйрөнүп, дегеле жашообуз түп тамыры менен өзгөрүп отурса, эне тилибизди, ошол табигый “сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүбүздү” жана улуттук өзгөчөлүгүбүздү жоготуп алабызбы деген коркунуч бар….

Сары чымчыктар – менин бала кездеги поэзиям, музыкам эле. Улак, козуларым жана музоом – жаныбар болсо дагы, менин досторум эле. А “аргымак ташым” – сахнам сыяктуу… Кийин “Шоронун” ийгилигин, Кара-Булак курортун жаратып жатканда да, ошол поэтикалык өз дүйнөмдөн илхам алып келчүмүн. Муну өзүм гана билем!

Бул менин эч кимге айтпай келген сырым. Жан этимден бүткөн уул-кыздарыма да, өмүрлөш жашаган жубайыма да айтпай келген ымандай сырларымды эми мен жаамы журт менен бөлүшсөм дейм. Ошол сырымды эми гана окурман журту менен китеп соңунда бөлүшүүнү эп көрдүм. Эмнени эң жакшы көрсөң, ошону эң жакын адамың менен бөлүшкүң келет ко. Менин ошол эч кимге айтпай келген сырларым ушул китепке сыйдырылды, азиз окурманым!

Айрымдар табият менен адам баласын эки башка карашат. Бирок мен үчүн — адам менен жаратылыш эгиз. Экөөнүн киндиги бир. Ажырагыс. Биз жаратылыш койнунда гана толукпуз. Адам баласы жаратылыштан алыстаган сайын катаклизм апааты болушу айдан ачык. Биз – адамдар, экобаланс деген жаратылыш мыйзамын бузбай жашаганды үйрөнүүгө милдеттүүбүз!  

Ошон үчүн сары чымчыктарды дагы эле издейм. Балалыгымдагы үйдүн артындагы “аргымак ташымды” көргөн сайын, жүрөгүмдүн күүсү кагылат. Толкунданам. Себеби ошол таш дүйнөлүк жарышка балалык кезимден рухумду даярдаган касиеттүү миф сыяктуу. Ошол аргымак ташыма минип алып, бала күнүмдө күлүктөрдүн жарышында атаандаштыктан артта калгым келбегендей, азыр мен элибиз, өлкөбүз да жалпы адамзат жарышында алдыга озсо деген кыялдын эргүүсүндө жашап келем.

Кайсы доор, кайсы коомдо жашабайын, кайсы чоң залда сөз сүйлөбөйүн, кайсы бийиктикке жетпейин — мен барыбир сары чымчыктын үнүн уккан, таш атыма минип аалам кыдырган бала бойдон элестетем өзүмдү. Жаратылыш менен сүйлөшкөн ошол үнсүз тилим — бүгүнкү жетишкендиктеримдин түбүндө жаткан эң алгачкы университет! Мен ошонун окуучусумун…

… Бир кездеги биз жашаган конушка жакындаганда: астыга көз чаптырсам, биз жашаган жер там менен жанындагы мал кармаган бастырмадан дайын жок. Тегерегин куурай, уйгактар басыптыр жыш. Жол тандабасымды аяп, үйгө жетпей токтодум. Куурайларды аралап, жөө бардым. Жер тамдын дубалы эле калыптыр. Сарайдан эч нерсе жок.

Бул көрүнүшкө зээним кейип, алтын балалыгым көздөн чубурду шурудай. Каканактаган көз жашым да шурудай тоголонду карылыктын изи түшкөн жүзүмдөн. Көп турбай тамдын чыгыш жагында ордунан жылбас “таш аргымагымды” издедим. Калың куурайдан көрүнбөй калыптыр. Ошентсе да балалык кезде баскан изим менен болжолдоп, бел курчоодон ашкан куурайларды аралап барып таптым.

Байкуш ташым, мени күтүп зарыккандай туюлду. Тили болгондо, балким мага таарынычын айтмак. Сагынычын билдирмек. Сагыныч сезимин айтып мага тултуңдамак мүмкүн… Үнсүз таштын жонунан сыладым. Качантан бери келбегениме кечирим сурап, жанында далайга чейин үн катпай селейдим.

1960-жылы 1-класска барарымда акыркы жолу “аргымак ташым” менен коштошордо боздоп ыйлаганым эсимде. Бул жолу тек гана бир аз жашып алдым жансыз ташка эреркеп… Бирок аны канчалык жансыз дегеним менен; сенек тартып бараткан жандүйнөмдөгү качанкы бир алтын балалыгымдагы сезим күүсү жаңырып турду.

Үстүнө минип отуруп, ааламды түрө айланганымды, ат чабышка түшүп, улак тартканымды, эңишке түшкөнүмдү эстедим…

Тегеректеги мен үчүн качандыр бир кезде ааламдын чеги болуп көрүнгөн ак карлуу тоолорго кадалды көздөрүм.

Андан бери жетимиш жыл өттү. Андагы атам, эки апам, Таабалды байкем да одүйнөгө эбак узашкан. Ал тургай жер там да сарайы менен бирге күм-жам болуптур эбак. А сары чымчыктарымдан дайын жок. Музоо, козу, улактарымчы…

Жалгыз гана мени күткөн “аргымак ташым”, анын жанында сокойгон жалгыз өзүм турдум. Түрмөк-түрмөк ой толгоого чөмүлүп, ыйлагым келди өрөпкүп. “Таш аргымагым” менен биресе учурашып, биресе коштошуп, муздак ташты көөдөнүмдү ысыткан сагыныч-куса менен кучактадым!!! Акыры балалыгымдын жалгыз элеси – “таш ыргымагым” менен кош айтыштым да, тамдын астындагы илгери атам кургур бизге топусуна сузуп ичирген мөлтүр булактан колум менен кочушум толо ууртап алып, үйгө кайттым.

Кош бол менин алтын балалыгым! Кош, “аргымак ташым”! Туулган жерден мен кетсем да, сен кетпегин! Сени эң жакынымдай жакшы көрөм. Сагынам. Куса болом. Сага дагы далай келем эсенчилигимде. Сени менен бирге өткөргөн алтын балалык чагымды сенден башка эч ким билбейт да, түшүнбөйт…

Кош менин “аргымак ташым”, алтын балалыгым!

"Шоро" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадил Эгембердиевдин "Жаратман" аттуу басмага даяр болуп калган мемуарынан үзүндү... 

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз