
Келечек – өз кыялдарынын сулуулугуна ишенгендерге таандык.
Элеонора Рузвельт
Сенин убактың чектелүү, аны башкалардын өмүрү менен бирге жашап, текке кетирбе.
Стив Жобс
Балдарга ашыкча көзөмөлдүк кылуу – мээримдүүлүгүбүзгө карабастан, балага зыяндуу болушу мүмкүн.
Бригам Янг
Балдарды көп уруп-соксо, социумга каршы жүрүм-турум, агрессия, психикалык көйгөйлөр улам күчөнөт.
Элизабет Гершофф, адамдын өнүгүүсү боюнча психолог
Ар бир дин аялзатты эзип келген. Мен көбүрөк Куран тууралуу сүйлөйм, анткени бул китепти эң жакшы билем. Анда кыйноого жана башка кордук көрсөтүүгө уруксат берилет, айрыкча аялдарга каршы. Мен шарият мыйзамдарын жек көрөм. Аларды өзгөртүү мүмкүн эмес. Алар ташталышы керек, жок кылынууга тийиш.
Таслима Насрин
Шарият – бул адамдарды бөлүп, теңсиздикти мыйзамдаштырган түзүм. Ал аялдарды, мусулман эместерди жана динге баш урбас адамдарды экинчи сорт катары эсептейт.
Марк Дюри
Укук, теңдик үчүн үн чыгарууда сенин кайсы жыныстан экениң маанилүү эмес, эң башкысы – өз пикириңди жеткире билген адам бол.
Абхижит Наскар
Жалкоо адамдын акылы ар дайым шылтоо издөөгө даяр.
Бенджамин Франклин
Жалкоолук — жан дүйнөнүн боштугу, ал адамдын аракетин гана эмес, үмүтүн да чабал кылат.
Аристотель
Жалкоолук — өлүмдөн мурда жан тынуу.
Цицерон
Жалкоолукка берилген адам өзүн гана эмес, тегерегиндегилерди да кыйнайт.
Лев Толстой
Жалкоолор эч нерсе кылбаганын акташ үчүн ооз көптүрүп сүйлөйт.
Жорж Бернард Шоу
Жалкоолук — жөн гана чарчоо эмес, жашоого болгон жоопкерчиликтен качуу.
Эрих Фромм
Биз табиятты жок кыла албайбыз – өзүбүздү өзүбүз жок кылабыз.
Жак-Ив Кусто
Жер жүзү ар бир адамдын керегине жетчүдөй байлыкты берет, бирок ар бир адамдын ач көздүгү андан да ашып түшөт.
Махатма Ганди
Адамдын руханий дүйнөсү табият менен байланышта гана байыйт.
Генри Дэвид Торо
Айлана-чөйрөнү коргоо – бул келечек муундарга кылган адилеттигибиз.
Феликс Экос
Айлана-чөйрөнү бузуу – бул акырындык менен өзүбүзгө каршы согуш ачуу.
Далай Лама XIV
Табият байлыгын коргобогон элдин келечеги жок.
Теодор Рузвельт
Бир көчөт бак тигүү да келечекке болгон ишенимдин белгиси.
Вангари Маатаи
Табият менен ар бир жолугушуу – руханий дарылануу.
Жон Муир
Табиятты коргоо – бул адамзат өзүн өзү коргоосу.
Рейчел Карсон
Адабият — бул адам жан дүйнөсүнүн документалдуу тасмасы.
Чыңгыз Айтматов
Жазуучу кээде чындыкты айтып түрмөгө түшөт. Бирок унчукпай жүрүп жандын түрмөсүндө камалуу андан жаман.
Александр Солженицын
Калемдин үнү кээде мылтык үнүнөн да катуу угулат.
Вольтер
Табиятка болгон кайдыгерлик – бул өз өмүрүбүзгө болгон кайдыгерлик.
Эгон Чолакян
Адам табиятка ээ боло албайт, табиятка жараша гана жашай алат.
Чыңгыз Айтматов
Өзүңдү өзгөртө албасаң – дүйнөнү өзгөртө албайсың.
Сократ
Өсүү – ар күнү кичинекей, бирок туруктуу кадам жасоодо.
Конфуций
Тиричиликте эң күчтүүсү эмес, эң акылдуусу эмес, өзгөрүүгө эң ылайыкташа алган баалуулук гана жашап кете алат.
Чарльз Дарвин
Жакшылык жолундагы ар бир кичинекей кадам – адамзат үчүн чоң өзгөрүү.
Мартин Лютер Кинг
Эң чоң курал – бул билим. Ал дүйнөнү өзгөртө алат.
Нельсон Мандела
Өзүн өзгөртө албаган адам эч нерсени өзгөртө албайт.
Бенжамин Франклин
Дүйнөнүн өзгөргөнүн көргүң келсе, адегенде өзүңдү өзгөрт.
Махатма Ганди
Өзүңдү жеңгениң – миңдеген душманды жеңгенден да улуу.
Будда
Адам баарын жоготсо да, өз мамилесин тандап өзгөртө алат.
Виктор Франкл
Жүздөгөн чакырым сапар бир эле кадамдан башталат.
Лао-Цзы
Адам тагдыры – өзгөрүүлөрдүн агымында өзүн табуу.
Чыңгыз Айтматов
Өзгөрүүгө даяр бол, ошондо гана чыныгы жаңылык жаратасың.
Стив Жобс
Өзгөрүү – бул жашоо мыйзамы. Өзгөрбөгөн адам – жок болуп тынат.
Жорж Бернард Шоу
Өзгөрүүдөн коркпогон адам гана өз жолун табат.
Пауло Коэльо
Адам укуктары — ар бир диндин жана цивилизациянын универсалдык стандарты.
Ширин Эбади
Аялдар — патриархалдык маданияттын үзүк-үзүк курмандыктары, ошол эле учурда анын улантуучулары да өздөрү. Ар бир эркектин зомбулук кылуусуна өз энесинин таалим-тарбиясы да тамыр экени эсиңерде болсун.
Ширин Эбади
Аялдар өз укуктары тебеленген мыйзамдарга каршы тынчтык жолу менен нааразылык билдиришсе эле бүттү: эркектер “бул мыйзамдар Исламда негизделген” деген шылтоо менен дароо үндөрүн басышат.
Ширин Эбади
Патриархалдык маданият — бул гемофилия сыяктуу, балага эне тарабынан өтөт. Ал өзүн акташ үчүн гана баарын колдонуп, динди да бетине жамынат.
Ширин Эбади
Ислам аялдарга тең укук бергени менен, бирок туура эмес чечмелөөлөр бул укуктарды жокко чыгарат. Жалгыз гана ислам түшүнүгү эмес, туура чечмелөө – теңчиликке жол берет.
Ширин Эбади
Кыргызчалаган Бек ТАМЫРЛАН
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.