Марк Туллий Цицерон: Өзүңдү башкара билүү – эң чоң бийликке ээ болуу

  • 08.01.2024
  • 4892

Ар бир адамга жаңылыштык кетирүү мүнөздүү, бирок акмак адамдан башка эч кимге жаңылганын моюнга албай көк беттене берүү мүнөздүү эмес.

♦ ♦ ♦

Мыйзамдарды билүү бул жөн эле аны жаттап алуу эмес, ал анын маанисин түшүнө билүү.

♦ ♦ ♦

Мен эч качан өзүмдүн эс алуу убактымдагыдай көп иштеп көргөн эмесмин.

♦ ♦ ♦

Коркон нерсеңен да, коркуунун өзүндө көп зыян бар.

♦ ♦ ♦

Эч ким сатып алууга аракет кылбаган адамдын чынчылдыгы түккө татыбайт.

♦ ♦ ♦

Бардык жамандыктардын туу чокусу – жарандык согуштагы жеңиш.

♦ ♦ ♦

Сүйүү – бул өз сулуулугу менен көзгө көрүнгөн адам менен дос болууга умтулуу.

♦ ♦ ♦

Айрым учурларда эркектер да ыйласа болот.

♦ ♦ ♦

Өзүңдү башкара билүү – эң чоң бийликке ээ болуу. 

♦ ♦ ♦

Абайлап аракеттенүү, акыл-эстүү ойлонуудан маанилүү.

♦ ♦ ♦

Тамак-ашты алың кеткиче жебей, күчүңдү калыбына келтире тургандай жеш керек.

♦ ♦ ♦

Жакшы турмушка жеткенде эми бардык азаптардан кутулдум деген адам жаңылышат.

♦ ♦ ♦

Китеби жок үй, жаны жок денеге окшош.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз