Жыңыл Мырзалы: Көздөрдүн тили

  • 29.12.2025
  • 185

АҢГЕМЕ

— Сен дайыма ушинтип унчукпай отура бересиңби?

— Унчукпай отурганда көп нерсе айтылат.

— Мисалы?

— Ким шашма, ким жашырат… ким коркот.

— Анда сен мени кандай көрүп жатасың?

— Сен шашпайсың. Бирок көп ойлоносуң.

— Жаманбы?

— Жок… кооз. Ой адамды тереңдетет.

— Сенин көзүң кызык. Карайт, бирок сүйлөбөй да коёт.

— Анда сен уга билбейсиң.

— Угуп атам.

— Анда эмнени угуп жатканыңды айтчы.

— Азыр… тынчтыкты угуп атам.

— Жок.

— Анда эмне?

— Өзүңдү.

— Кыздар адатта мындай сүйлөбөйт.

— Кандай?

— Түз. Жай. Карап туруп.

— Анда адат өзгөрсүн.

— Сен… ушинтип эле отура бересиңби?

— Эгер сен тур десең — турам.

— Эгер айтпасамчы?

— Анда отурам. Бирок кетпейм.

— Эмнеге?

— Себеби мага бул жер жакты.

— Жерби?

— Жок. Бул учурдагы сен.

— Сен ушинтип эле баарын айта бересиңби?

— Баарын эмес. Керектүүсүн гана.

— Ал кайсы?

— Сенин билишиң керек болгонду.

— Мен эмнени билишим керек?

— Кыздар дайыма күтүшү керек эмес экенин.

— Сен азыр… сунуш кылганыңбы?

— Жок.

— Анда?

— Мен мүмкүнчүлүк берип жатам.

— Кимге?

— Сага.

— Эгер ал мүмкүнчүлүктү колдонбосомчу?

— Анда мен өкүнбөйм.

— Эмнеге мынчалык ишенимдүүсүң?

— Себеби мен өзүмө калп айткан жокмун.

— Сен коркпойсуңбу?

— Корком.

— Анда эмнеге токтогон жоксуң?

— Коркконум — токтото турган себеп эмес.

Жигит унчукпай калды. Кыздын көздөрү жылмайып турду. Сөз айткан жок. Бирок кетип да калган жок.

— Сен азыр мени байлап койдуң.

— Жок.

— Анда эмне кылдың?

— Эшикти ачып койдум.

— Кайсы эшикти?

— Жүрөгүмдүн эшигин...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз