Рэй Брэдбери: Душмандарымдын баары өлдү

  • 07.01.2026
  • 726

АҢГЕМЕ

Гезиттин жетинчи бетинде маркумга арналган муңдуу некролог: "Тимоти Салливан. Компьютердик гений. 77 жашында дүйнө салды. Өлүмдүн себеби – рак. Жаназасы жупуну өткөрүлөт. Сакраменто шаарында жерге берилет".

– О, Кудайым! – деп кайгырды Уолтер Грипп. – Кудайым, эми баары бүттү!

– Эмне бүттү? – деп сурадым.

– Жашоо кызыгы калбады. Оку, – Уолтер колундагы гезитти силкилдетти.

– Эмне болуптур? – дедим таң калып.

– Душмандарымдын баары өлдү.

– Оо, сонун! – деп мыскылдадым. – Качантан бери ушул иттин баласынын өлүмүн самачу элең?

– Ит…

– Мына, тилегиң ишке ашты. Эми кубана бер.

– Кубанышым керекпи? Жок, андай болбойт. Эми бул дүйнөдө жашоого эч кандай себебим калган жок.

– Эмнеге?

– Түшүнбөйсүң. Тим Салливан – чыныгы акмак эле. Аны жан-дилим, бүткүл ички органдарым менен жек көрчүмүн.

– Анан эмне болду?

– Мени укпай жаткандайсың. Анын өлүмү менен жалыным өчтү.

Уолтердин жүзү кубарып кеттиптир.

– Кандай жалын, шайтан алгыр?

– Жүрөгүмдөгү, жанымдагы, бүткүл дүйнөмдөгү жалын. Ал ошонун аркасында күйүп турчу. Мени алдыга сүрөчү. Аны жек көрүү менен түнү таттуу уйкуга батчумун. Ойгонуп, эртең мененки чай мени аны өлтүрүүгө шыктандырарын билчүмүн, түштө да, кечинде да кайра-кайра өлтүрүүгө даяр элем. Эми ал баарын талкалады, ал бу жалынды өчүрдү.

– Ал муну атайын сага жасадыбы? Сени жинди кылыш үчүн атайын өлдү дейсиңби?

– Ооба, ошондой десе да болот.

– О, Кудайым!

– Мейли, жатып эс алайын.

– Койчу эми, ыйлактай бербе, бир аз сабыр кыл, чайыңды ичип ал. Эмне кылып атасың?

– Көрбөй турасыңбы, шейшебимди түздөп атам. Балким, бул акыркы түнүм.

– Төшөккө жатпа, бул келесоолук.

– Өлүм – келесоолук, инсульт капыстан келет, бах – бүттүң.

– Демек, ал муну атайылап кылдыбы?

– Мен аны айыптабайм. Жөн гана мүнөзүм оор. Өлүкканага чал, аларда кандай эстеликтер бар экен. Мага, периштенин элеси түшүрүлбөгөн, оор, бирок жөнөкөй таш керек. Сен кайда баратасың?

– Көчөгө. Таза аба жутуп келейин. Өлгөндөрдүн жытынан баш ооруп кетти.

– Сен кайтып келгенче өлүп калышым мүмкүн!

– Мен бир акыл-эстүү жан менен сүйлөшмөйүнчө чыдай тур!

– Ким менен?

– Өзүм менен!

Күн чубактап көчөгө чыктым. Асман тигилип, түпсүз тереңдикке сүңгүп киргендей болдум.

«Мындай болушу мүмкүн эмес», – деди жүрөгүм.

«Мүмкүн эмес дейсиңби? – жооп кайтарды ички үн. – Анда бар, өз көзүң менен көрүп кел».

«Токто. Эмне кылышыбыз керек?»

«Менден сураба, – деп кошулду экинчи «мен». – Эгер ал өлсө, биз да өлөбүз. Жумуш жок – акча жок. Башка жөнүндө сүйлөшөлүчү. Бул эмне, анын дептериби?»

«Ооба».

«Барактап, арасынан тирүү жандыкты издесекпи?»

"Макул. Баштайлы. А, Б, В! Баары өлүптүр!"

«Г, Д, Е жана Ж тамгаларын текшер!»

«Өлүптүр!»

Маанайым түшүп, дептерди көрүстөндүн эшигиндей бекем жаптым. Дал ошондой!

Ал туура айтат: анын достору, душмандары… булардын баары – өлүктөр китебинде.

«Абдан кызыктуу экен, бул жөнүндө жазуу керек».

«О Кудайым, кызыктуу дейсиңби! Андан көрө бирибизди бирөөгө таштап качпайлыбы!»

«Токто. Азыр ага карата кандай сезимдесиң? Туура! Мына! Баарын кайрадан башташыбыз керек!"

Шашыла эшикти ачып, кайрадан муздак бөлмөгө кирдим.

– Дагы деле өлгөнү жатасыңбы?

– А эмне кылышым керек эле?

– Кандай таш боор адамсың.

Бөлмөгө баш багып, жанына отурдум.

– Сен кежир эшексиң.

– Оозумду жапкың келдиби? – деди Уолтер, жүзүнөн күмөн саноо байкалып.

– Сен эшек эмессиң. – Кежир атсың. Сабыр кыл, баарын бир заматта төккүм келет, бирок адегенде ойлонуп алайын.

– Күтүүгө даярмын, – деди Уолтер көздөрүнө кызыгуу уялап. – Бирок айтарың болсо, шашыл, өлүп бартам. Болбосо убактыңды кетирбе.

– Андай эмес. Мына ук!

– Бир аз ары тур, бетиме дем алып атасың.

– Бул жөн гана сөз эмес, реалдуулук сынагы: кунт коюп ук!

Уолтер таң калып көздөрүн ирмеди:

– Муну эски досум, ишенимдүү досум айтып атабы?

Анын жүзүнө капыстан көлөкө түштү.

– Жок. Сага эч кандай дос эмесмин.

– Койчу, эмне деп атасың досум! – Уолтер жылмайды, бирок жүзүндөгү күлкүсү аргасыз эле.

– Өлөр алдыңда чындыкты айтар убак келди. Мойнума алчу убак келди.

– Бирок адегенде мойнума алышым керек.

– Жок, адегенде мен!

Уолтер көзүн жумуп, бир нече көз ирмемге унчукпады.

– Айта бер, – деди ал акыры.

– Эсиңдеби, алтымыш тогузунчу жылы кассада акча жетишпей, сен ошондо Сэм Уиллис аны Мексикага алып кетти деп ойлогонсуң?

– Албетте, Сэм. Андан башка ким болмок эле? Ал ар дайым жаманчылыкка даяр болчу.

– Жок, ал Сэм эмес, бул – мен болчумун.

– Кантип?

– Ошентип. – Аны мен жасагам. Сэм бир кыз менен качып кеткен. Мен акчаны катып коюп, баарын анын мойнуна жүктөдүм! Бул мен болчумун!

– Мейли, бул анча деле оор күнөө эмес, – деди Уолтер. – Сени кечирдим.

– Токто, баарын айта элекмин.

– Күтөйүн, – Уолтер жылмайып, бирок көздөрүндө тынчсыздануу пайда болду.

– Элүү сегизинчи жылы мектептин бүтүрүү кечеси жөнүндө эмне айтасың?

– Ооба, бул кечеде маанайымды бузушкан. Мага Дика-Энн Фрисби туш келди. Мен Мэри-Жейн Карузону каалачумун. Ал түшүмдөгү кыз эле.

– Ооба, ал сеники болмок. Бирок мен Мэри-Жейнге сенин башка кыздар менен болгон мамилең тууралуу айтып, ага бардык эрдиктериңди тизмектеп бергем! Кыскасы, ал сенден жүзүн бурду.

– Демек, ошону сен кылдың, ээ? Уолтердин көзү алайып, кабагы катуу бүркөлдү. – Ошон үчүн ал бүтүрүү кечесинде сенден көз албай калды беле?

– Ооба.

Уолтер бир саамга катуу тигилди, бирок көзүн ала качты.

– Мейли, эми баары бир, болор иш болду да.

– Айтып бүттүңбү?

– Тилекке каршы, жок.

– О кудай! Барган сайын кызык болуп баратат. Сөзүңдү улант. – Уолтер чыканагын жаздыкка коюп, башын көтөрдү.

– Анан Генриетта Жордан болду.

– Оо, Генриетта! Кандай гана сулуу жан эле. Керемет жай болчу.

– Ошол жайда ал сенден кетип, мага келген, – дедим.

– Эмне?!

– Сени таштап кеткен, туурабы? Апам өлүм алдында төшөктө жатыптыр, жанында болушу керек деген.

– Демек, сен Генриетта менен качып кеттиң беле?

– Ооба.

– Кийинкиси, эсиңдеби, мен сени «Айронворкс» акцияларын арзан баада сатууга аргасыз кылгам? Кийинки жумада алар асманга көтөрүлгөндө, аларды кайра сатып алдым.

– Мейли, бул анчалык деле коркунучтуу эмес, – деди Уолтер чыдамкайлык менен.

– Андан ары, – деп баштадым. – Барселона, алтымыш тогузунчу жыл. Башым катуу ооруп атат деген шылтоо менен эрте уктап, Кристина Лопести ала качтым!

– Мен ага көз салып карап жүргөм.

– Үнүңдү көтөрүп атасың.

– Чын элеби?

– Андан да, сенин аялың! Биз, көзүңө чөп салдык.

– Чөп салдык дейсиңби?

– Бир эмес, кырк жолу!

– Токтот! Уолтер каарына чыдабай, шейшепти бырыштыра кармады.

– Жакшылап ук! Сен Панамада жүргөнүңдө, Эбби экөөбүз ушул жерде майрамдадык!

– Мен муну билмекмин.

– Качантан бери эле күйөөлөр мындай нерселерди билишчү эле? Анын Прованска шарап майрамына барганы эсиңдеби?

– Ооба, болгон.

– Жок, андай эмес эле! Ошол учурда ал Парижде менин гольфко кийген батинкеме шампан куюп ичип отурган!

– Сенин гольф батинкең мененби?!

Уолтердин үнү каргылданып чыкты.

– Париж, досум! Ал жакта биздин гольф клубубуз бар болчу! Биз дүйнөнү багындырган чемпиондор элек! Андан кийин Марокко! Экзотикалык жыттар менен толгон базарлар, кумдуу дөбөлөрдүн үстүнөн учкан жылдыздар…

– Бирок ал эч качан ал жакта болгон эмес! – Уолтердин кабак-кашы түйүлдү.

– Болуп эле канаттуудай учуп жүргөн! Рим! Ал жерде ага ким жол көрсөткөнүн элестете аласыңбы?! Токио! Сакура гүлдөрүнүн көз жоосун алган керемети! Стокгольм!

– Бирок анын ата-энеси швед болчу! 

Уолтер барган сайын ачуулана баштады.

– Мен ага Нобель сыйлыгын тапшыргам! Дал өзүм! Брюссель, Москва, Шанхай, Бостон, Каир, Осло, Денвер, Дейтон!

Шаарлар биринин артынан бири өтүп, көз ирмемге айланган тасмадай түрүлдү.

– Кудай үчүн, оозуңду жап! Жап дедим! – Уолтердин чыдамы түгөндү. Мен бир саамга токтоп, эски кинодогудай терезеге жакындап тамеки күйгүздүм. Өпкөмдү ачуу түтүн аралап, эски күндөрдүн элесине сүңгүп кирдим. Уолтердин акырын ыйлаганын уктум. Артыма бурулуп, анын төшөктөн туруп, көзүнүн жашы жерге тамчылап жатканын көрдүм. Ар бир тамчы – жоголгон ишенимдин, талкаланган кыялдын белгиси.

– Сен ит экенсиң!

Уолтердин үнү ызага толуп, көкүрөгүнөн суурулуп чыкты.

– Балким…

– У-у…

– Ырас элеби?

– Сен желмогузсуң!

– Туура.

– Менин эң жакын досум! Мен сени өлтүрөм!

Уолтердин көзүнөн каар учуп турду.

– Адегенде кармап ал! – Мен жылмайып койдум.

– Анан тирилтип, кайра өлтүрөм!

Уолтер мага жакындай берди.

– Эмне кылганың бу?

– Төшөктөн туруп атам, көрбөй турасыңбы! Бери кел!

Уолтердин үнү күрөшкө чакыргандай жаңырык салды.

– Жок, – эшикти ачып, сыртка көз чаптырдым. – Көрүшкөнчө.

– Буга канча жыл кетсе да, мен сени өлтүрөм!

Уолтердин үнү аркамдан угулду.

-- Ха! Анын сөзүн уккулачы – канча жыл керек имиш!

– Түбөлүккө күтсөм да өлтүрүп тынам!

– Түбөлүккө! Бул сонун! Тада-да-дам!

– Токто, шайтан алгыр! – Уолтер шалдырай басып мага жакындап келди.

– Сен ит экенсиң!

– Туура!

– У…!

– Оо, керемет! Жаңы жылың менен!

– Эмне?

– Кечирип кой досум, мунун баары тамаша! Ден соолугуң чың болсун! Сага буга чейин ким элем?

– Дос белең?

– Ооба, дос!

Мен терапевт дарыгердин күлкүсү менен күлдүм.

– Сен ит экенсиң! – Уолтердин үнү катуу чыкты.

– Ооба, ошол менмин!

Мен сыртка атып чыгып, жылмая карадым.

– Мен ошонун дал өзүмүн!

Эшик тарс жабылды.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз