Рэй Брэдбери: Бир күндүк жай

  • 08.06.2021
  • 3175

Рэй Дуглас Брэдбери (1920–2012) – америкалык жазуучу. Бир нече аңгеме, повесть жана романдардын автору. Жазуучулук атак-даңкты ага илимий-фантастикалык «Фаренгейт боюнча 451 градус» аттуу романы, автобиографиялык «Каакымдан шарап» повести жана «Марстагы хроника» аталыштагы аңгемелер жыйнагы алып келген.

Брэдбери сегиз жүздөн ашуун чыгарма жазганга жетишкен. Чыгармаларындагы сюжеттердин негизинде кино, театр жана музыкалык чыгармалар жаратылган. Көпчүлүк чыгармаларынын өзөгүн жомоктор, икаялар түзгөнүнө карабастан жазуучуну илимий фантастиканын классиги катары таанып келишет.

Илимий-фантастикалык «Бир күндүк жай» аңгемесинде Жер планетасынан Чолпон планетасына космонавт ата-энеси менен барып, ал жакта жашап калган Марго аттуу кыздын Күнгө жана Жер планетасына болгон сагынычы менен кусалыгы лирикалуу сүрөттөлүп, сулуулугу, мээрими менен айырмаланган, бейиштей жай – Жер планетасынын башка планеталардан өзгөчөлүгү баяндалат. Жана да Жер планетасындагы бейиштей жашоо астрономиялык масштабда салыштыруу аркылуу берилип, кээ бир жер бетиндеги жашоодон тажагандарга башка планетага барып да жашап көрүү кыйытма түрдө сунушталат.

Аңгеменин өзөгүндө көралбастыктан, түшүнбөстүктөн жана таарынычтан улам пайда болгон жаш балдардын алсыз тарапка болгон таш боор мамилеси чагылдырылган. Балдар арасында деле чоңдор сыяктуу кээде бири-бирине, айлана-чөйрөгө жана жан-жаныбарларга карата таш боор мамиле байкалат. Муну менен жазуучу балдардын жүрүш-турушунда кээ бир өзүн түшүнүксүз алып жүрүүсү, сырткы дүйнөгө болгон башкача терс мамилесине карабастан, балдарды өзүн курчаган адамдарга, айлана-чөйрөгө урмат менен мамиле кылууга тынымсыз тарбиялоо зарылдыгын белгилеп кетет.

Дегеле илимий-фантастикалык чыгармадагы сюжеттер ошол учурда жомок сыңары туюлганы менен бир топ мезгилден соң алар реалдуулукка айланып кеткени жаңылык эмес. Мисалы, бир кездерде асмандагы учактар, мобилдик видео байланыш, интернет, аалам төр (социалдык тармактар) ж.б.у.с. нерселер адам кыялында гана жомок катары жашап, чыгармаларда фантастикалуу түрдө жазылып келген. Азыр эми бул нерселер адам баласы үчүн жаңылык деле эмес. «Бир күндүк жай» аңгемеси 1954-жылы америкалык «The Magazine of Fantasy and Science Fiction» журналында жарык көргөн. Ал кезде бүгүнкү күндө кызуу илимий талкууларды туудуруп жаткан экзопланеталар[1] жөнүндө түшүнүк илимде али жок болгон. Экзопланеталарга илимде 1980-жылдары гана кызыгуулар жаралып, 1992-жылы гана алгачкы экзопланета телескоптон байкалган. Демек, Брэдбери дээрлик 40 жыл алдын эле астрономия илиминдеги улуу ачылыш тууралуу ушул чакан аңгемесинде кыйытып кеткен экен.

АҢГЕМЕ

Сыртта нөшөрлөп жаан жаап жатты. Класста олтургандардын бири да бул жерде качан жаан токторун билбейт.

- Даяр болдубу?

- Ооба.

- Кана?

- Азыр.

- Окумуштуулар эмне муну чындап аныкташыптырбы? Бул бүгүн болот бекен же башка күнүбү?

- Карагыла, карагыла. Өз көзүңөр менен көрөсүңөр азыр!

Муну укканда бири-бирине бир кучак роза гүлүндөй, бир боо чөптөй жабышып, али чыга элек күндү издеп, жабалактап асманды үмүт менен тиктейт секелектер.

Нөшөрлөп, тынбай жааган ак жаан.

Жаан жети жылдан бери токтой элек. Миңдеген күндөр бою күн түнгө, кайрадан түн күнгө нөшөрлөп жааган ак жаан менен гана алмашат. Асман күркүрөп, жер бетин шоолдоп аккан суу каптап, ал эми төбөдөн качан болбосун баягыдай эле акактай тунук жаан тамчылары тамат. Буга кошул-ташыл кудум эле аралдын жээгин уруп жаткан күчтүү толкун сымал катуу шамал беттен алат. Катуу жаандан миңдеген токой кыйрап, кайра эле жаан менен миң жолу дарактар өсүп, токой куралат. Эзели жаандан жаны жай албаган бул мекен - Чолпон планетасы. Айтууга караганда бул жерге учкуч эркектер менен аялдар келип түшүп, бир топ мезгил турган соң, бул жерде биротоло калып кетишкен. Жанагы класстагы чурулдаган чунак балдар алардын ушул жерде туулган балдары.

- Жаан токтоду!

- Ооба, ооба. Ырас айтасың!

Бул жайда өмүрү жаан жаабаган бир күн да эсинде жок Марго чурулдаган балдардан бир аз ыраакта турду. Укканына караганда бул жайга Күн жети жыл мурда болгону бир саатка гана жаркырап тийип, анан батып кеткен. Мынабул тогуздагы мадыра баштар ошондо эки жаштагы тай-тай баскан балдар эле. Ошондо Күндү өз көздөрү менен көрүшкөн да, бирок Күн эмне экенин аңдай алышкан эмес. Такыр аңдабай калышкан десек да анча жарашпайт. Муну балдар ага кээде шумдуктуудай кылып айтып калышат. Алардын айтуусуна таянсак, алардын көзүнө кээде асманда күйүп турган топтоголок от элестеп, кээде түнкүсүн бүткүл дүйнөнү сатып алса болор жаркыраган, алтын тыйындай болгон бирдеме түшүнө кирет имиш. Чын-жалганын ким билет, анан дагы айта кетчү нерсе, түшүнө асманда жаркыраган, топтоголок тыйындай болгон бирдеме киргенде, алардын бети-башы, бут, колдорунан бери кудум ысык мештин жанында жаткандай ысып чыгат имиш. Эң өкүнүчтүүсү, ушундай өзгөчө, таттуу түштү көрүп жатып, сырттагы жаандан улам үйдүн чатырынан, бак-дарактардын шатыраган үнүнөн чочуп ойгонушат.

Кечээ эртеден кечке сабакта күн жөнүндө тема өтүлдү. Күн эмнеге окшош, ысыкпы же кайнакпы, мына ушулар тууралуу. Кээси бул боюнча кыскача аңгеме жазса, айрым идирек окуучулар Күн тууралуу ыр да токуп жиберишти.

...Күн-Энекем суктандырып бийиктен,
Жылуулугуң жүрөгүмдү ийиткен.
Мекен жайым – Жер да сага жарашып,
Көңүлдөгү тоңгон музду жибиткен...

Бул ырды Марго жазып, сырттагы нөшөрлөгөн жаандын коштоосунда класска акырын үнү менен берилип окуп берди.

- Бирөөдөн көчүрүп алып эле меники деп окуй берет экен,  ̶ деди классташ балдардан бирөө муну жактырбай.

- Көчүрбөй-этпей эле, өзүм жаздым.

- Вильям! – деп кыйкырды эжей,  ̶ Шүк олтурчу. Чоң атамдай болбой.

Бул кечээ сабакта болгон. Азыр жаан бир аз басаңдай түштү эле, балдар класстын чоң терезесине келип үйүлүп калышты.

- Эжей кайда?

- Азыр келет.

- Нымтырабай келсе болот эле эжей. Антпесе эчтекени көрбөй калабыз.

Көңүлдөрү куунак боло түшкөн балдар кол кармашып, дөңгөлөктөй тегеренип бийлеп киришти. Марго дале обочодо өзү жалгыз. Бул жайда күндүн көзүн көрбөгөнгө, бозомук асмандан токтобой жааган ак жаан анын көгүш көздөрүн, кыпкызыл илебин, саргыл чачын жууп, боёкторун кетирип салгандай ыраңы кубаң. Эски сүрөт чапталган альбом менен кошо ыргытылган бозоргон сүрөттөй өңү кубарып, сүйлөп жатканда гана анын бар экени билинбесе, бозоргон жайда бүдөмүк тартып, көзгө араң илээшет. Ал азыр ушул калыбында өзү жалгыз сыртта шатырата жааган жаанды чоң терезенин артынан тиктеп ойлуу.

- Эмненин карап жатасың?  ̶ деп сурады Вильям үнүн бийик чыгарып. Марго унчукпады.

- Мен сенден сурап жатам, ой! Сүйлөбөйсүңбү, – демите сүйлөп, Маргону түрттү.

Марго ордунан жылган жок. Аны ордунан жылдыра түрткөн күндө деле мындан пайда жок. Балдардын баары Маргодон оолактап, аны четтетип турушат. Өзү да алардан корунуп, чүнчүп кетти. Үстүнө күн бетин көргөзбөй бозоргон капкакты жаап салгандай буурул шаардын балдары менен кошулуп ойногусу жок. Ойнок балдар аны түрткүлөп тийишип, оюнга чакырып, чуркап жөнөшкөндө, аларды селейип тиктеп, турган ордунда катат. Класста балдар бакыт тууралуу, жашоо тууралуу ырларды биринен бири өтүп ырдап, класс ичи шаңга бөлөнө түшкөндө, Марго акырын алардан четтеп, дагы чүнчүп баштайт. Качан гана күн тууралуу, жай мезгили тууралуу ырлар ырдала баштаганда гана оозун акырын кыймылдатып, аларга кошулуп ырдап, терезеден күндү издеп баштайт.

Бул жердеги балдардан айырмасы, ал бул жайга булутсуз, көкмөк асманда ар дайым күн чайыттай тийген Жер планетасындагы Огайо штатынан беш жыл мурда учуп келген. Чолпон планетасында туулуп, ушул жерде чоңоюп, күндү болгону эки жашында бир саатка көргөн бул жердеги балдардан эмес. Алардан өзгөчөлөнүп, күн тууралуу, анын көрүнүшү, ысыгы, мээрими тууралуу баарын эң сонун билет.

- Күн бир караганда сөлкөбай тыйынга окшоп кетет,  ̶ деп айтып берген бул жайдын балдарына.

- Жок, андай эмес! – чурулдап жиберишкен балдар.

- Өзүнөн от чачып турат, - деген ошондо,  ̶ мештей ысыптыр.

- Дагы жалган айтасың, сен деле билбейт экенсиң! – жаалдап кыйкырышкан балдар.

Өзү туулуп-өскөн Жер деген бейиштей жайдагы Огайо штатында күндү ар дайым көрүп жүргөнү жалганбы, ошого буга чычалабай, жөн гана терезени тиктеп кутулган. Бир жолу мындан бир ай мурда мектептин жуунган жайында душка түшпөстүн амалында кулактарына манжасын тыгып, башын калкалап, күчүнүн болушунча кыйкырганычы. Үстүдөн себелеген суудан ушунчалык тажаган экен. Ошондо гана ал бул жайдын балдарындай эмес экенине ичинен ынанып, балдар да андан чочулашчу болгон.

Маргону ата-энеси кайрадан Жер планетасына алып кетет имиш деген да сөз бар. Жерге кайтууга ата-энесинин миңдеген доллар акчасы кетерин билсе да, муну укканда бетине кызыл жүгүрүп, ичиндеги кусалыгы тартылып, көңүлү шат боло түшөт. Бул жайдын балдары аны жек көрүштүн майда да, чоң да себептери бар. Аларга мунун кардай кубарган өңү, көлөкөдөй түнт жүрүш-турушу, арык денеси жакпаса жана да Жер деген ар дайым күн жаркырап тийген жайга кайра кетер опол-тоодой бактысы бар экени алардын ичтерин күйгүзөт.

- Тур ары! – баягы бала дагы түртүп жиберди. – Күткөнүң эмне бул жерде?

Марго ага бурулуп, унчукпай тиктеп калды. Анын эмне күткөнүн көзү айтып турбайбы.

- Бул жерде турбагын, уктуңбу! – кекете сүйлөдү бала. – Сен эчтекени көрбөйсүң!

Марго илебин кыбыратып, бирдеңке деген болду.

- Жок эчтеке! – дагы кыйкырды бала. – Мунун баары тамаша жөн гана! – Ал калган балдарга кайрылды. – Биз алдадык жөн гана. Эчтеке көрүнбөйт бүгүн! Туура айтамбы?!

Балдар аны элейип тиктеп, кийин кеп төркүнүн түшүнгөндөй баары баштарын чайкап каткырышты:

- Алдадык, алдадык!

- Жок, жок… Андай эмес,  ̶ шыбырады Марго, ар кимге жалдырап тиктеп. – Бүгүн асмандан күн көрүнөт деп окумуштуулар айтышпадыбы. Алар билет, алар айтты, бүгүн…

- Жанын жейт окумуштуулар деле! – деди да, бала аны жулкуп колдон алды. – Эй, балдар! Муну азыр эжей келгиче бир жерге камап, жок кылбасак болбойт!

- Жок, жок, – деди Марго артка кетенчиктеп.

Жубарымбектер аны көздөй туш-туштан жабалактап келишти да, анын суранганына, ыйлаганына койбой, коридорго алып чыгып, тээ тордогу пол жууган аялдын шаймандары турчу караңгы бөлмөгө сүйрөп жөнөштү. Бөлмөгө жетер замат эшикти ачып жиберип, ичкериге аны сүйрөп киргизишти да, эшикти жаап, ал ыйлап, эшикти каккылап жатканда кичинекей жылчыктан аны карап турушту. Андан кийин каткырыктары ташты жара коридор менен чуркап барып, класска кирип кетишти. Андан соң эжей да келип калды.

- Даярсыңарбы, балдар! – деди эжей кол саатына карап.

- Даярбыз!

- Баарыңар келдиңерби?

- Ооба!

Жамгыр басаңдап барып, бир маалда тып басылды. Жубарымбектердин баары чоң эшиктин алдына үйүлүп калышты. Айлана жым. Айталы, теледен фильм көрүп олтурасыз дейли. Ал фильмде асман күркүрөп, чагылган чартылдап, шамал улуп, үн үйдүн жарып жиберет. Анан Сиз башка каналга өткөрүп жибердиңиз. Ал жерде тынч тропикалык жайдагы жаратылышты көрсөтүп жатат. Тынч токой, акырын шылдырап аккан суу, жай турмуш кечирген жаныбарлар. Бөлмө ичинде күркүрөп-дүркүрөгөн үн тып басылып, үй ичи тымтырс боло түшөт. Азыр ак жаан токтор замат так ушундай абал жаралып, айлана-чөйрө жымжырт. Балдар дүлөй немедей кулактарын ушалап, бир нерсеге кабатыр. Баары орду ордунда катты. Эшик ачылганда сырттан алар көптөн бери күткөн жашоо жыты урду.

Күн чыкты. Асманда оттой жанган чоң тоголок шар көрүнүп, бозоргон асман заматта көкмөк түскө боёлду. Жунгли токой күн нуруна кулпуруп, муну көргөн балдар чуру-чуу түшүп, алдыга чуркап жөнөштү.

- Алыс кетпегиле! – алардын артынан эжей кыйкырган бойдон калды. – Биздин болгону эки саат убактыбыз бар! Жоголуп кетпегиле!

Чечектердин аны угар түрү жок. Бири-биринен өтүп кыйкырып, асмандагы топтоголок отко беттерин тосушту; үстүнкү кийимдерин чече салышып, колдорун күнгө какташты.

- Лампочкага караганда кыйла жарык экен, туура айтамбы?

- Андан миң эсе жарык!

Баш-аягы көрүнбөгөн джунгли токойго жеткенде гана чаалыгып токтошту. Чолпон планетасындагы токойдо бак-дарактар тынымсыз, көз көрүнөө өскөнү өскөн. Джунгли токой асманга боюн керип, кудум осьминог сымал асманга тарбаңдап көтөрүлдү. Кыска убакытка жаз башталып, өсүмдүктөр күн нуруна заматта гүл байлап, бажырайып ачылды. Күн бетин көрбөгөнгө бул жердеги гүлдөрдүн түсү күлдөй бозомук, таштай түссүз, анда-санда ай сымал гүлдөгөнү да кезигет.

Балдар астына матрасты жая салышып, ага чалкалап, көңүлдөрү куунак. Алардын астынан кадимкидей көз көрүнөө өсүп жаткан токойдогу түркүн-түркүн чөптүн түрү. Дарактан даракка чуркап, бири-бирин төө бастыга алып, мындан улам кулаган, томолонгон, бири-бирин жөөлөп өткөн тентек балдар, ызы-чуу салган шайыр балдар. Асманда күйгөн топтоголок отту улам-улам көздөн жаш чыккыча тиктеп, колу-бетин ага кактап, күндү көргөнүнө маашыр. Таптаза, күнгө какталган абадан кере-кере дем алып, деңиз бетинде тургандай, кулак-мурун кескен жымжырттык баарына ыракат тартуулайт. Күндүн мээримине бөлөнгөн айлана-чөйрөнүн сулуулугуна көз тойбойт. Бир маалда кудум үңкүрдөн чыга калган жапайы жырткычтардай айгай салып, чуркап жөнөштү. Бир саат бою тынымсыз чуркашты. Үйүрүнөн безген жаныбардай чуркап баратышканда, кыздардан бирөө кыйкырып жиберди. Баары тык токтошту.

Кыз ачык жерде, колун алдыга сунуп туруптур.

- Карагыла, карагылачы!  ̶ деди кыз кристаллдай диртилдеп.

Алар жакындап келип, анын алаканын карашты. Алаканда туптунук жаан тамчысы. Кыз тамчыны тиктеп, эмшеңдеп ыйлап кирди. Баары үн-сөзсүз асманга карады.

- Аай-иий!

Асманга кадалган жүздөргө жаан тамчысы бирин-серин тамып баштады. Күн бетин кайрадан уюган кара туман каптап, шамал башталды. Балдардын күлкүсү тып басылып, бири-бирин жетелеп жертөлөдөгү класска маанайы суз кайтып жөнөштү.

Бир маалда чарт-чурт асманды чагылган жанчып өттү. Күркүрөгөн үндөн үрөйү үрккөн балдар шамал учурган жалбырактай чачырап, чуркап жөнөштү. Он миль ыраактан, беш миль, анан бир миль, жарым миль ыраактан удаа-удаа күркүрөп жерге чагылган түштү. Капкара туман асман бетин жылчык калтырбай жаап, айлана-чөйрө түндөгүдөй капкараңгы.

Жаан күчөгөнгө чейин класска кирбей мектептин оозунда үйүлүштү. Адаттагыдай дагы жети жылга созулчу ак жаан башталганда мектепке кирип, сырткы эшикти жаап алышты. Андан соң сыртта шатыраган ак жаан үнү өкүм сүрө берди.

- Дагы жети жыл токтобой жаан жаайт эми.

- Ооба десең.

- Марго! – балдардан бирөө кыйкырып жиберди.

- Эмне?

- Ал дагы деле камалып жатпайбы.

- Марго, Марго!

Баары ордуларында какайды. Бири-бирин тиктеп, терезеден сыртты карашты. Сыртта адаттагыдай нөшөрлөп, токтобой жааган ак жаан. Кылмыш жасаган адамдай бири-бирин тиктей албай, баарынын өңү бопбоз. Шылкыйып жер тиктеп, мелтиреп көпкө турушту.

- Марго.

- Эмне турабыз эндиреп? – кыздардан бирөө үн катты.

Кыймылдаган бирөө жок.

- Жүргүлө…  ̶ бирөө шыбырады.

Шатыраган жаандын үнүндө коридор менен басып жөнөштү. Коридордун тээ төрүндө жайгашкан караңгы бөлмөгө баратканда күн күркүрөп, жалт-жулт жарык көзгө уруп, баарынын жүрөгүн түшүрдү. Караңгы бөлмөнүн эшигине келгенде баары үн-сөзсүз котолоп калышты. Бөлмө ичи жымжырт. Балдардан бирөө эшикти акырын ачты. Бир аздан соң ичинен акырын басып Марго чыкты. Чыгар замат терезени тиктеди. Сыртта нөшөрлөп жааган ак жаан. Марго колдо турган бактысын учуруп жиберген адамдай баарына нааразы карады да, арык колдору менен купкуу бетин жаап, үн чыгарбай бүлкүлдөп ыйлап ийди. Турган жеринде селейип катып, баары аны карап үн-сөзсүз.

Сыртта нөшөрлөп жаан жаап жатты.

Англисчеден которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

[1] Экзопланеталар – Күн системасынан башка жайда жайгашкан планеталар. Алардын көпчүлүгү Жер планетасы сыңар кайсы бир жылдызды жандап айланат. Орбитадан чыгып, галактикада саякаттаган экзопланеталар да кездешет.

Жер планетасы Саманчынын Жолу галактикасында жайгашкан. Бүгүнкү күндө биздин галактикада гана жайгашкан экзопланеталардын төрт миңге жакыны гана телескоптон байкалган.

Биринчи экзопланетанын байкалышы 1992-жылга таандык. Экзопланеталарды байкоо жерде жана жерди жандап учкан жасалма спутниктерге орнотулган күчтүү телескоптордун гана жардамында ишке ашырылып келет. Биздин галактикада эле 100 миллиарддан ашуун жылдыз бар. Ар бир жылдыздын айланасында болбоду дегенде бирден планета бар деп эсептеген күндө да, демек, биздин галактикада жашаган экзопланеталарга сан жеткис. А башка галактикалар жана анда жашаган экзопланеталарчы?! Демек, мындан сан жеткис экзопланеталардын арасынан Күн тибиндеги жылдызды жандап жашаган Жер планетасына куйгандай окшош бир нече миң экзопланеталардын бар экени шексиз! Бул деген Ааламдын ар кай жеринде биз менен параллелдүү бир нече миңдеген цивилизация жашайт деген сөз!

Цивилизациянын кайсы бир деңгээлинде жашаган экзопланеталарды байкоо бир нече тоскоолдуктар менен байланышкан: Биринчиден, экзопланеталар арасындагы аралыктар астрономиялык масштабдарда жатат. Мисалы, Жер планетасына эң жакын жайгашкан Центавр жылдызын жандап жашаган жер тибиндеги экзопланетага чейинки аралык төрт жарык жылын түзөт. Бул ошол экзопланетадан чыккан жарык жерге төрт жылда араң жетет деген сөз. Күндөн чыккан жарык жерге 8 минутада жетип келет. Салыштырып көрүңүз. Ал эми, Жерден башка экзопланеталарга чейинки аралык бир нече жүздөгөн, миңдеген жарык жылын түзөт. Экинчиден, экзопланеталар жылдыздарга салыштырмалуу майда өлчөмгө ээ болуп, аны менен катар жылдыздар сыңар өздөрүнөн жарык чыгара алышпайт. Астрономиялык байкоолордогу мына ушундай терс факторлор экзопланеталардын түзүлүшүн изилдөөдө орчундуу тоскоолдуктарды жаратканына карабастан, жылдан-жылга экзопланеталарды изилдөөдө уникалдуу ачылыштар жасалууда.

Физика боюнча Нобель сыйлыгына 2019-жылы Жеймс Пиблс (АКШ), Мишель Майор (Швейцария) жана Дидье Кело (Швейцария) татыктуу болушкан. Жеймс Пиблска космологиядагы теориялык ачылыштарына карата ыйгарылса, Дидье Кело жана Мишель Майорго дал ушул экзопланеталар боюнча жасаган бараандуу илимий натыйжаларына карата ыйгарылган.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз