Уильям Фолкнер: Кургакчыл сентябрь

АҢГЕМЕ

I

Жаансыз алтымыш эки күндөн кийинки алоолонгон сентябрь айындагы күүгүмдө Минни Купер менен ындыкара тууралуу сөз кургак чөпкө жармашкан өрттөй, аӊыз кептей же жаман кабардай тез тарады. Бул айымга кол салышыптыр, кордошконбу, тим эле үрөйү учкан. Ишемби күнү кечинде чачтарачта чогулгандардын бири дагы эмне болгондугун ынанымдуу билишпейт. Шыптагы вентилятор ооз боёгуч менен лосьондун жиктелген толкунун, өздөрүнүн жыт-жыбыры менен ага кошуп, кайра үп болгон абаны ошол бойдон акырын желпийт.  

– Бул Уил Мейз болушу мүмкүн эмес, – деди кардардын чачын алып жаткан чачтарачтын бири, орто жашап калган арыкчырай, сары чийкил ак көӊүл киши. – Уил Мейзди тааныйм. Өӊү эле болбосо, суу кечирген неме. Минни Купер айымды да билем.

– Ал тууралуу эмнени билесиӊ? – деди экинчи кесиптеши.

– Ал ким эле? – деп сурады кардар. – Секелек кызбы?

– Жок, – деди чачтарач. – Ал кырктын кырындагы жалгыз бой айым. Ошондуктан буга ишенгим келбей туру...

– Ишен, тозоку! – деди жибек көйнөгү тердегенинен чылпылдап кеткен олдоксон өспүрүм. – Ындыкарадан мурда ак аялдын сөзүн суулуктабайсыӊбы?

– Уил Мейздин колунан келгенине түк ишенбейм, – деди чачтарач. – Уил Мейзди жакшы тааныйм.

– Анда муну ким кылганын сен билет чыгарсыӊ? Шаардан качып кетишине ага сен жардам бергендирсиӊ, кара баскан кара көөнүн артын жалагыр?

– Кимдир бирөөнүн мындайга барганына, бир нерсе болгонуна да ишенбейм. Акыл калчап көрсөӊөр бурадарлар, жашы өткөн сайын кара далы айымдардын башына киши кыла албаган ойлор келет.

– Актын анык тозокусу сенсиӊ го! – деди кардар. Жамынган чүпүрөгүнүн астынан титиреп кетти. Өспүрүм ордунан ыргып турду.

– Ишенбейм дечи? – деди ал. – Ак аял жалган айтып жатат дегин?

Чачтарач устарасын өӊгөчүктөй калган кардардын үстүндө кармап турду. Ал эки жагын каранган жок.

– Мунун баарын кылган шайтан урган аба ырайы, – деп башка чачтарач айтты. – Кишинин бир нерсе кылышына ушул гана жетиштүү, ал турсун Минни Куперге дагы.

Эч ким күлгөн жок. Чачтарач өжөр үнү менен аста мындай деди:

– Мен эч кимди бир нерсеге айыптабайм. Мен болгону билем, силер дагы бурадарлар, билесиӊер, эч ким менен болбогон айымды...

– Кара баскан ындыкаранын артын жалагыр! – деди өспүрүм.

– Оозуӊду бас, Батч, – деди башкасы. – Эмне болгон жагдайын териштиребиз, убакыт бар.

– Ким? Ким териштирет? – деди өспүрүм. – Жагдай имиш, тозоку!

– Сен акылгөй аксыӊ, – деди кардар. – Ушундайбы?

Көбүк сүйкөлгөн сакалы кинотасмадагы чөл келемишине окшошуп турду. – Алар мындай дегин, Жек, – деди өспүрүмгө. – Ушул шаарда ак кишилер калбаса, бул жерлик эмес келгин болсом дагы, мага таянсаӊар болот.

– Болуптур балдар, – деди чачтарач. Адегенде эмне болгонун билгиле. Уил Мейзди билем.

– Кудай жалгасын, – деп өспүрүм кыйкырды. – Ак киши шаарда экенин тилегиле...

– Оозуӊду жап, Батч, – деди экинчи чачтарач. – Бизде убакыт бар.

Кардар ордуна олтурду. Ал сүйлөп жатканга карады. – Ындыкара ак аялга кол салса боло берет дейсизби? Өзүӊүз ак киши боло туруп, аны колдойсузбу? Кайдан келсеӊиз ошол жагыӊызга – Түндүккө жылганыӊыз оӊ. Түштүккө сиздейдин кереги жок.

– Эмнеге Түндүк? – деп экинчиси айтты. – Мен ушул шаарда төрөлүп өскөм.

– Кудай жалгасын, – деди өспүрүм. Ал эмне айтарын же кыларын эстегенге аракет кылгандай арсар көз караш менен карады. Чекесиндеги жылбырскалай түшкөн терин жеӊи менен сүрттү. – Ак аялга бир нерсе болууга жол берсем, майнаке болоюн...

– Аларга айт, Жек, – деди келгин. – Кудай сактасын, эгерде алар ошентип эле...

Айнек эшик кычырай ачылды. Кирген киши москоол денесин теӊ салмактанта бутун кере ачып ирегеде туруп калды. Ак көйнөгүнүн жакасы бүчүлөнбөгөн, башында кыл торко баш кийим. Анын кызуу, уятсыз көз карашы мындагыларды бир арбап өттү. Бул кишинин аты – Мак Лендон. Ал Франциядагы майданда аскерлерге кол башчылык кылып, каармандыгы үчүн орден менен сыйланган жайы бар.

– Ко-ош, – деди ал, – Жефферсон көчөсүндө бузуку ындыкара тукумуна ак аялды зордуктаганына жол берип, олтурганыӊар олтурган?

Батч кайра ыргып турду. Жибек көйнөгү чымыр ийнине кыналат. Эки колтугундагы эки кара жарым ай кылтыят.

– Жанатан буларга ушуну айтып жатам! Мен айткан так ушул...

– Чындап эле ушундай болду беле? – деп үчүнчүсү сурады. – Хоукшоу айткандай ал аялды коркуткан биринчи эркек эмес да. Бир жыл мурун ашканасынын чатырынан чечинип жатканын бир эркек аӊдыганын айтып чыкканы эсиӊердеби?

– Эмне? – деди кардар. – Кандай?

Чачтарач аны этияттык менен кайра отургучка отургузду, баш ийгенсип башын артка чалкалатты, башын кайра көтөрдү эле чачтарач акырын артка тартып турду.

Мак Лендон үчүнчүгө атырылды.

– Болгон? Шайтан алгырдын кандай айырмасы бар? Бирөө жарымы чындап кылмайынча каралардын тизгинин коё бересиӊерби?

– Жанатан ушуну айтып жатам да! – Батч чаӊк этти. Ал көпкө чейин эч майнабы жок үздүк-создуксуз тилдене берди.

– Болду, болду, – деп төртүнчүсү айтты. – Анчалык катуу эмес. Үнүӊдү бийик чыгарбай сүйлөчү.

– Туура, – деди Мак Лендон, – Ызы-чуунун таптакыр кереги жок. Айтарымды айттым. Ким мени менен?

Ал салмагын согончугуна сала олтургандарды айланта карады.  

Чачтарач келгиндин жүзүн ылдый каратып, устарасын колуна алды.

– Жигиттер, адегенде эмне болгонун тактагыла. Уил Мейзди билем. Ал кылган эмес. Келгиле, аймактык тескөөчүнү чакырып болгонун болгондой чечели.

Мак Лендондун каарданган жүзү ага карады. Чачтарач көзүн ала качкан жок. Экөө расасы эки бөлөк адамдардай сезилди. Башка чачтарачтар да отургучтарында чалкалаган кардарларынын жанында үн дебей катып калышты.

– Ындыкаранын сөзүн ак аялдыкынан илгери коёюруӊду айта албай турасыӊбы? – деди Мак Лендон. – Эмне үчүн ындыкаранын артын жалагыр?

Үчүнчү маектеш туруп Мак Лендонду колдон алды. Ал дагы өз убагында жоокер болгон жайы бар.

– Болду, болду. Андан көрө акыл калчап иш кылалы. Чынында эмне болгонун кимиӊер билесиӊер?

– Жокту сүйлөбө! – Мак Лендон колун силкип бошотуп алды. – Мени колдогондордун баары көчүктү копшогула. Колдобогондор...

Мындагыларды айландыра бир карап чыгып, жүзүндөгү чыбырчыктаган терин жеӊи менен сүртүп койду.

Үчөө турду. Келгин отурган калыбында боюн түздөп койду.

– Мына, – деди мойнуна оролгон шейшепти тартып, – мобул майлыкты алып салгылачы. Мен аны менен барам. Мен деле бул жерде жашабайм, бирок Кудай акы, энелерибизди, аялдарыбызды жана эже-карындаштарыбызды...

Шейшеп менен жүзүн аарчып, жерге ыргытып койду. Мак Лендон улагада турган калыбында башкасын кемелине келтире сөгүп жатты. Дагы бири жакындап туруп келди. Калганы биринин жүзүн бири карай албай ыӊгайсыздана олтурушуп, андан соӊ бир-бирден туруп келип ага кошулушту.

Чачтарач шейшепти жерден алып, кылдаттык менен бүктөй баштады.

– Жигиттер, койсоӊорчу. Уил Мейздин кылбаганына бөркүмдөй ишенем.

– Кеттик, – деп Мак Лендон чукул бурулду. Жан чөнтөгүнөн оор тапанчанын кундагы кылтыят. Чыгып кетишти. Артынан катуу жабылган айнек эшиктин үнү дем кыстырган абада жаӊырды.

Чачтарач устараны кылдаттык менен шашпай сүртүп, ары жакка койду да арттагы бөлмөгө кирип, дубалга илинген баш кийимин алды.

– Мен мүмкүн болушунча эрте келем, – деди калган кесиптештерине. – Антүүгө жол бербейм...

Чуркаган бойдон чыгып кетти. Анын аркасынан эки чачтарач эшикке чейин келип, туткасынан кармаган бойдон көчөгө чыгып кеткенин карап туруп калышты. Аба үп жана жансыз эле. Андан сызыктырган темир даам тилдин учунда калды.

– Анын колунан эмне келет? – деди бири. Экинчиси жарым үн менен кобурайт: – Жараткан колдой көр. Мак Лендондун ачуусуна тийгенден кийин Уил Мейздин ордунда болбойт болчумун.

– Жараткан колдо, Кудай өзүӊ колдо, – деп экинчиси шыбырайт.

– Ал чындап эле аны ошентти деп ойлойсуӊбу? – деп биринчиси сурады.

II

Ал отуз сегиз же отуз тогузда болчу. Ал кичинекей курама үйдө майып энеси жана арык, сары чийкил, кабагым-кашым дебеген таежеси менен жашачу. Күн сайын шашке ченде тор жээктелген кеп такыясын кийип алып, оозгу үйгө жасанып чыгат да термелме орундукта түшкө чейин термелип олтура берет. Түшкү тамактан кийин күн салкындаганча кыйшая кетет. Жай келген сайын тигип алчу үч-төрт жаӊы ачык тор көйнөктөрүнүн бирин кийип алып, шаардын борборуна башка айымдар менен калган убактысын өткөргөнү жөнөчү. Ал жактан кийимдерди кармалап, сатып алуу оюна да келбестен кара күчкө соодалашкан болот.

Ал Жефферсондогу эӊ оокаттуу дебейли, жетиштүү үй-бүлөдөн болучу жана чырайы жупуну болсо да бой-мүчөсү келишкен, ачык, бир аз шайыр мүнөзү, ачык кийингени менен элди өзүнө тартып турчу. Жаш кезинде көзгө толумдуу дене-бою жана чебичтей ойнооктугу жетишерлик таптык аӊ-сезимге ээ боло элек өз курдаштары менен биргеликте мектептеги кечелерге, чиркөөгө баруу өӊдүү шаар жашоосунун айлампасында кайсы бир мезгилге чейин болушуна жол ачты.

Мырзалар ак сөөктүктүн сонундугун, айымдар анын кайтарымын аӊдай баштаганда ошол кечеде баарынан өзгөчөлөнүп күйүп турган от болбой калганын, өз турпатын жогото баштаганын акыркы болуп туйду. Ал учурда анын жүзү айласыздан шайырдыктын бет кабын кийип турду. Ал көлөкөлүү бактар менен көк шибердеги кечелерде ушул калыбынан жазган жок, анын бул көрүнүшү тумшукка тартылган бет каптай же желбиреген желекчедей байкалып, чындыктан сурданып баш тарткандан улам көзүндө түшүнбөстүктүн учкуну пайда болду. Бир кечеде кеч курун бир жигит менен эки кыздын сүйлөшүп жатканын кулагы чалып калды, бардыгы теӊ бир класста окуйт. Ушундан кийин ал башка чакыруу алган жок.

Аны менен моюндаш өскөн кыздар турмуш жолуна аттанып, үй-жайлуу, бала-бакыралуу болуп жатканын көрүп жүрдү, бирок бир дагы мырза оӊчулуктуу сөз айткан жок. Башка кыздардын балдары “таеже” деп калганына бир топ жылдын жүзү болду, ал эми энелери Минни таеже кыз кезинде кандай көӊүл чордонунда болгонун ооз толтура айтып беришет. Жекшемби күндөрү түштөн кийин банктын кассири менен автоунаада ары-бери жүргөнүн шаардыктар көрүшчү болуптур. Ал бышкан калемпирдей бети кызарган, андан чачтарач же виски жыттанып турган кырктын кырындагы жесил киши эле.

Ал шаарда биринчи болуп кичинекей кызыл автоунааны сатып алган эле. Шаардыктардын Миннинин автоунаада кие турган майда жыш торлуу шляпаны кийгенин көргөндөгүсү ушул. Анда дагы: “куураган Минни” деп шыпшынып коюшат.

“Ал эми кичине эмес, өз камын өзү көрө алат”, – дешет башкалары. Ал болсо мурунку классташтарынан балдары “таеже” эмес “бөлө” деп айтуусун өтүнчү болду.

Эл аны аягы суюктардын катарына кошуп койгондон бери он эки жыл өттү, ал эми кассирдин Мемфис банкына которулганына сегиз жылга аяк басты, жыл сайын бир күнгө келип дарыянын жээгиндеги аӊчылар клубунда бойдоктор кечесинде Рождество майрамын өткөрүп кетет. Терезе парданын аркасынан кошуналары кеченин шаӊ-шарапатына көз салышат, Рождествонун биринчи күнүндө Минниге барып, анын келбети кандай болуп калганын, алардын укканы боюнча шаарда чоӊ ийгиликке жетишкенин айтып беришип, шайыр, сырдуу көздөрү менен шайыр, жаркын жүзүнө абай салып карашат. Ошол саатта анын деминен вискинин жыты келип калар эле. Ага бул кычкылды дүкөндө сода суусун катыктаган өспүрүм бала куюп берген эле:

– Албетте, мен муну карыларга алчумун. Анын көӊүлү бир аз да болсо көтөрүлүп калсынчы.

Апасы өз бөлмөсүнөн чыкпай калды, арык таежеси үй чарбасын тейлейт. Ушул өӊүттөн алып караганда Миннинин ачык көйнөктөрү, шурудай окшош бош күндөрү кыжыр кайнаткан чындыктан алыс нерседей сезилди. Кечкурун азыр ал коӊшу аялдар менен киного барат. Күн сайын жаӊы көйнөктөрүнүн бирин кийип алып, шаардын борборуна өзү эле чыгат, кечкурун ал жакта кичинекей “бөлөлөрү” сейилдеп жүрүшүптүр. Жибектей кулпурган алма баштар, арык, эпсиз колдор, ишенимдүү шилтенген буттар, бири-бирине кынала басып, сода дүкөнүндө кошоктошкон балдар менен кыткылыкташат, кыйкырышат. Дал ушул учурда ал каз катар дүкөндөрдү бойлой өтүп баратканда эшиктерине жөлөнө талыкшып олтурган кишилер аны көздөрү менен узатып карап да койгон жок.

III

Чачтарач көчө менен жогору көздөй бет алып баратты, уюлгуган майда чымын-чиркейге чулганган, жансыз абада ар кайсы жерге кыймылсыз, чакчарылта илинген жарыктар көз уялтат. Калың чаӊга көмүлгөн күн өлүӊкү, кум кепинге чулганган күӊүрт аянттын үстүндөгү көк асман жез коӊгуроонун ичиндей болуп таптаза эле. Мунарыктаган чыгышта кошоктошкон эки айдын жарыгы жылып келатты.

Ал аларды кууп жеткенде Мак Лендон жана калган үчөө тар көчөдө калган машинага отурушту. Мак Лендон оӊгочордой башын эӊкейтип, машинанын үстүнөн ага тигилип карады.

– Айнып кеткен жоксуӊбу? – деп сурады ал. – Укмуштай жакшы нерсе, Кудай урсун, бүгүн кечте эмне деп жалынганыӊды эртеӊ шаар билет...

– Туптуура, – деди башка мурунку аскер. – Хоукшоудан кам санабай койсо болот. Кел мында, Хоук, көчүк бас.

– Уил Мейз мындайга бармак эмес, жигиттер, – деди чачтарач. – Эгер кимдир бирөө чындап эле ушуну кылса. Ындыкаралары биздикинен жакшы шаар жок экенин силер менден жакшы билет эмессиӊерби? Аял эркек тууралуу эч себепсиз ар нерсени бежиреп коёрун да билесиӊер, ал эми Минни айым таптакыр...

– Албетте, – деди жоокер. – Биз аны менен болгону бир азга эле сүйлөшөбүз, болду.

– Шайтанды сүйлөшөсүӊбү! – деди Батч. – Мунун сазайын колуна бергенде...

– Кудай үчүн оозуӊду жаба турчу! – деди жоокер. – Сенин оюӊча ар бир шаардык...

– Баарына айт, Кудай урсун! – деди Мак Лендон. – Ак аялга кол салууга жол бергендин баарын айт...

– Кеттик, кеттик, тигине берки машина.

Экинчи машина тар көчөнүн оозунан коюу чаӊдын арасынан суурулуп чыкты.

Мак Лендон машинасын от алдырып, аркасынан айдап жөнөдү. Көчөдөгү чаӊ тим эле тумандай. Сууда сүзгөнсүп көчөдөгү жарыктар жаркылдайт. Алар шаардан чыгып кетишти.

Уӊкур-чуӊкурлуу тар жол кайрылышка толгон. Чаӊ жолго да, жердин баарына отурган. Көктү карай бой созгон балмуздак фабрикасынын калдайган карааны жакындай берди. Мында ындыкара Мейз түнкү кароолчу болуп иштейт.

– Ушул жерге токтогонубуз жакшы го? – деди жоокер.

Мак Лендондон үн чыккан жок. Ал машинасын жулкуп барып токтотор менен жарыгы туюк дубалды карап калды.

– Уккула, балдар, – деп чырылдап жиберди чачтарач. – Эгер ал бул жерде болсо, анын буга барбагандыгынын белгиси эмеспи? Ушундайбы? Эгер кылган болсо, качып кетмеги айдан ачык иш да?

Экинчи машина келип токтоп калды. Андан Мак Лендон түштү, анын аркасынан Батч секирип түштү.

– Уккула, балдар, – деди чачтарач.

– Жарыкты өчүрчү! – деди Мак Лендон. Ыӊкыган караӊгылык басып калды. Үн жок, болгону алар эки ай бою жашаган чаӊга толгон абаны соргон өпкөлөрдүн бышылдаганы чыгат. Андан кийин алыстап бараткан Мак Лендон менен Батчтын кадамдары, бир тынымдан соӊ Мак Лендондун үнү угулат:

– Уил! Уил!

Чыгыштагы мунарыкта айдын күӊүрт жарыгы күч алды.

Ай аба менен чаӊды күмүш жарыгына салып, үйдүн чатырынын үстүндө салаӊдап турду, алар эриген коргошун куюлган чөйчөктө дем алып, жашоо кечирип жаткандай туюлду. Түнкү канаттуулардын же курт-кумурсканын үнү түгүл деми да жок, болгону машинанын муздап бараткан темиринин акырын тыкылдаганы угулат. Денелери бири-бирине тийишип кеткенде кишилер кургак эле тердей беришкендей же денеден тер такыр эле чыкпай калгандай сезилет.

– Оо, Кудай өзүң колдо,– деген үн чыкты. – Кеттик бул жерден.

Бирок караӊкы жактан шыбырт үндөр угула баштаганга чейин эч ким жылган жок. Алар машинадан түшүп, түпсүз караӊгылыкта чымырканып күтө башташты. Урган соккунун, кышылдап дем алган жана Мак Лендондун жарым үн менен урушканы сыяктуу үндөр чыга баштады. Алар бир азга тура калышып, алдыга карай чуркашты. Бир нерседен качып бараткандай чоӊ кесектерге чалынып жүгүрүштү.

– Өлтүр, түбүнө жет иттин баласын, – деп шыбыраган үн чыкты. Мак Лендон кайра аларды жапырды.

– Бул жерден эмес, – деди ал. – Машинага салгыла.

– Өлтүр аны, өлтүр ындыкараны! – деп бирөө кобуранды.

Ындыкараны машинага алып барып салышты. Чачтарач болсо машинанын жанында күтүп туруптур. Ал сазайын колуна карматарын билип, кара тер басып турду.

– Эмне болуп кетти, кызыл чок? – деди ындыкара. – Мен эч нерсе кылган жокмун Кудай алдында, Жон мырза.

Бирөөсү кишенди чечти. Алар үнсүз, бири-бирине тоскоол боло ындыкаранын үстүнө дөӊгөчкө чогулгандай үймөлөктөштү. Ал баш ийип баарын көтөрдү, көздөрү шашкалактап, токтобостон ойноктоп, улам ар бир күӊүрт жүздү карай берди.

– Кимсиӊер силер, таксырлар? – деп жүздөрүн көрүш үчүн эӊкейе калып сурады, алар анын дем алганын сезип, тердин жыты мурдуларын өрдөп кетти. Бир-экөөсүнүн атын атады. – Эмне кылып салыптырмын, Жон мырза?

Мак Лендон машинанын эшигин жулкуп ачты.

– Олтур! – деп өкүм унчукту.

Ындыкара ордунан былк эткен жок.

– Мени эмне кылганы жатасыӊар, Жон мырза? Мен эч нерсе кылган жокмун. Ак таксырларым, мен эч нерсе кылганым жок, Кудай урсун. – Ал дагы бирөөнүн ысымын атады.

– Олтур! Ал ындыкараны муштап жиберди. Башкалары ышкырык салгандай кургак дем чыгарып, аны туш келди токмоктой башташты. Ал бир чимилдирик атты да, тигилерди уруша баштады жана беттерин туштай кишенделген колу менен сокку узатып жатты, соккуларынын бири чачтарачтын оозуна дал тийди эле, ал дагы муштум менен жооп берди.

– Мында олтургузгула, – деди Мак Лендон. Ага баары жабыла калышты.

Ал каршылык көрсөткөнүн токтотуп, машинага түшүп, тынч олтурду, башкалары да орун алышты. Ал чачтарач менен жоокердин ортосунан жай алды, колу-бутун тийгизип албаганга аракет кылып, улам бирөөнүн жүзүн тез-тез карап коёт. Батч тепкичке кыпчылып алды. Машина ордунан жылды. Чачтарач бет аарчысы менен оозун басты.

– Эмне болду сага, Хоук? – деп жоокер сурады.

– Эч нерсе, – деген чачтарачтын жообун укту. Алар чоӊ жолго кайра чыгышып, шаардан бурулуп кетишти. Бырыксыган чаӊдын арасынан экинчи машина булак дей түштү. Экөө теӊ ылдамдыгын күчөтүп, жолун улай беришти, акыркы үйлөрдүн чатырлары артта калды.

– Кудай урган сасып атат! – деди жоокер.

– Ордуна коёбуз, – деди Мак Лендонго катарлаш алдында олтурган келгин. Тепкичте олтурган Батч ысык урган желге сүйлөнүп алды. Аӊгыча болбой чачтарач алдыга жүткүнүп, Мак Лендондун колуна колун тийгизди.

– Мени түшүрүп койчу, Жон, – деди.

– Секирбейсиӊби, ындыкаранын артын жалаган,– деди Мак Лендон башын бурбастан. Ал машинаны катуу айдап баратты. Ага куйрук улаш экинчи машинанын жарыгы чаӊдын арасынан жаркырайт. Мак Лендон тез эле кууш жолго салды. Көптөн бери унаа жүрбөгөнгө уӊкур-чуӊкурга толгон. Бул жол кароосуз калган кирпич бышырчу мешке алып барат, ар кайсы жерде үйүлгөн тополор, чырмалган отоо чөптөр, түбү түшкөн чоӊ челектер көзгө урунат. Качандыр бир убакта мал ээси качырларынын бирин жоготуп алганга чейин бул жер жайыт катары пайдаланылган. Ал кылдаттык менен чоӊ челектердин түбүн узун шыргый менен сайгылап көрсө дагы, түбүнө да жете алган жок.

– Жон, – деди чачтарач.

– Секирсеӊ секирбейсиӊби, – деди Мак Лендон машинаны уӊкур-чуркурга сала.

Чачтарачтын жанында олтурган ындыкара унчукту:

– Генри мырза.

Чачтарач алдыга жылып олтурду. Жолдун ичке нугу улам жогорулаган сайын жоголуп барат. Алардын кыймылы өчүп, муздап бараткан, бирок караманча кыймылсыз домна мешине окшойт. Машина бир дөӊдөн экинчисине секирет.

– Генри мырза, – деди ындыкара.

Чачтарач жаалданып эшикти жулкулдата баштады.

– Этият болсоӊчу! – деп жоокер эскерткиче болбой ал эшикти буту менен тээп ачканга үлгүрүп, секирүүгө камданып тепкичке тура калды. Ындыкарадан жүткүнүп өтүп кармайын дегиче болбой секирип кетти. Машина ылдамдыгын жоготпой жолун улай берди.

Машинанын күүсү менен чаӊга оронгон чөптөн өтүп, коого ыргып түштү. Чаӊ көтөрүлө түштү, ичке, жаман жөрөлгөлүү шуудураган, ширесиз сөӊгөктөрдүн арасында экинчи машина өтүп, алыстап кеткенге чейин думугуп, окшуп жатты. Андан соӊ туруп, чоӊ жолго жетип, шаарды көздөй бурулганга чейин сылтып басты, кийимин улам кагып коёт. Акыры чаӊдан тазалангандай ай аркан бою көтөрүлүп калган, бир оокумдан кийин ылдыйда чаӊдын астынан шаардын жарыктары жылтылдай баштады.

Ал сылтый баса берди. Анан тез эле машиналардын үнүн укту, анын артынан жарыктары чаӊда улам күчөй берди, ал жолдон чыгып, алар өтүп кеткенге чейин чөптүн арасына бөгүп жата кетти. Акырында Мак Лендондун машинасы келди. Анда төрт киши бар болучу, Батч болсо тепкичте эмес ичинде экен.

Машиналар жолун улап, жарыктары менен кошо дүрүлдөгөнү алыстап чаӊга житип кетишти. Бир аз убакытка алардан калган чаӊ ыӊкып калды, бирок түбөлүк чаӊ өзүнө кайра тартып алды. Чачтарач жолго кайра чыгып, сылткан бойдон шаарды көздөй жол тартты.

IV

Ишемби күнкү Минни кечки тамакка кийимин алмаштырып жатып, денеси безгек кармагандай от менен жалын экенин сезди. Бооруна алган колдору калчылдайт, көзү безгектин огундай шыркырайт, оролгон тармал чачы тарак астында титирейт. Ал кийинип бүтө электе курбулары кирип келишип, үлбүрөгөн ич кийимин, байпагын жана жаӊы тор көйнөгүн чоё тартып кийгиче карап олтурушту.

– Сыртка чыкканга шайыӊ келеби? – деп сураган алардын көздөрү да кара күүгүмдөнүп жылтылдайт. – Ооруӊдан сакайгандан кийин, эмне болгонун бүт айтып бересиӊ. Ал эмне дегенин, кылганын, баарын.

Бактардын караӊгысында аянтты көздөй баратышканда калтыраганын токтотуш үчүн суучул чумкуганга даярдангансып тереӊ дем ала баштады, ал эми төрт курбу мээ куйкалаган ысыктан жана ага боор ооругандай бир аз артта жай келатышты. Бирок алар аянтка жакындар менен ал кайрадан калчылдай баштады, башын чалкалатып алып басып баратты, колдорун эки жакка түйүп алган, тигилердин ал тууралуу үндөрү үзүл-кесил угулат, алардын да көздөрүнөн калтырактын учкуну жылтырайт.

Аянтка келишти, ал болсо – топтун ортосунда, жапжаӊы көйнөгү менен назик көрүнөт. Калчылдаганы күчөгөндөн күчөй берди. Балмуздак жеген баладай ылаалайт, башын чалкалатып алган, шөлбүрөгөн желектей болгон жүзүндөгү көздөрү жайнаган, мейманканадан өтүп бараткан бийкечти баскылыкты бойлото отургучтарда олтурган күрмөсүз көйнөкчөн келгиндер анын аркасынан ээрчий карашат.

– Тигине, көрдүӊбү? Ортосундагы кызгылт көйнөкчөн.

– Ошол дейсиӊби? Алар ындыкараны эмне кылышты? Ошентиштиби?

– Ооба. Анын иши бүткөн.

– Бүткөн?

– Ооба. Барчу жагына кеткен.

Андан ары – дарыкана, анда кала берсе эшикке жөлөнгөн жаштар баш кийимдерин көтөрө коюшуп, ал өтүп баратканда санынын, кызыл ашыгынын кыймылын көздөрү менен узатып кала беришти.

Ардактаган, камкор сөздөрүн капыс токтоткон, баш кийимдери көтөрүлгөн мырзалардан өтүп кетишти.

– Мына, көрдүӊбү? – дешти курбулары. Үндөрү дуулдаган шаттыктын тереӊ күрсүнгөнүндөй созулуӊку чыкты. – Аянтта ындыкара аттуудан жан жок ко. Бирөө дагы!

Алар кинотеатрга жетишти. Кинотеатр жашоонун үрөй учурган, бир эсе укмуштуудай кубулуштарына курчалган түркүн түстүү балбал таштары жана жарык кире бериши чакан сүрөттөгү сыйкырдуу өлкөгө окшош эле. Анын эриндери титирей баштады. Караӊгылатылганда тасма башталганда баары жайында болот, күлкүсүн тыя алмак, аны бекерге тез эле коротуп салыштын кажети жок. Мына ал топтолгон, аны бурулуп караган, аста таӊданып шыбыраган караандардын арасынан шаша чыга келди, тигилер күмүш түстүү экранга карай кетчү өтмөк көрүнө турган көнгөн орундарынан жай алышты, тигине, жупташкан жаштар өз орундарына келатканы көрүнүп турат.

Жарык өчтү, экран күмүш түскө боёлду, анда укмуштай, кызуу жана кайгылуу жашоо ачыла баштады. Ала күүгүм жарыкта жигиттер менен кыздар буркураган жытын ээрчите шыбырт-шубурт этип мурункудай эле кире беришти, бири-бирине кыналган сөлөкөттөрү назик, ары сымбаттуу жана келбеттүү, шайдоот, ышкылуу жаш денелери бир эсе олдоксон, алардын үстүндө күмүш түстүү таттуу кыял сызып, курчап алган. Ал күлө баштады. Тыюуга аракет кылып, андан бетер үнү катуулады, олтургандар ага бурулуп карай баштады.  

Күлкүсүн тыя албай койду эле, курбулары тургузуп, сыртка чыгарып кетишти, такси келип, аны салгыча баскылыктын четине туруп алып бир калыпта каткырганын койбоду.

Үстүндөгү тор көйнөгүн, жука ич кийими менен байпагын чечип салышып, керебетке жаткырышты, чекесине муз басып, дарыгерге чаптырышты. Дарыгерди табыш оӊойго турбагандыктан өздөрү карай башташты, аста үн менен музун алмаштырып, желпип турушту. Жаӊы алынган муз муздак болгондуктан күлгөнүн токтотот дагы, бир аз онтогонсуп жата турат. Бирок кайра эле күлкүсү толуп чыкканда үнү кыйкырганга чейин жетет.

– Чүүүүүүүүүүүш! Чүүүүүүүүүүүүүүш! – дешет курбулары муз баштыкты алмаштырып жатып, ак араланын карай чачынан сылап. – Байкушум!

Андан соӊ бири-бирине мындай дешет:

– Чынында бир нерсе болгон деп ойлойсуӊбу? – сырдуу, беймазаланган көздөрү кара күүгүмдөнүп жылтылдайт. – Чүүүүүүүүүүш! Байкуш кыз! Байкуш Минни!

V

Мак Лендон жаӊы салынган тыпырайган үйүнө келгенде түн ортосу болуп калган. Канаттуунун торундай кооздолгон, жаӊы, ушундай эле өлчөмдөгү үйү кылдаттык менен жашыл, ак түскө боёлгон. Ал машинасын бекитип, верандага көтөрүлүп кирди. Жубайы май чырактын жанындагы олтургучтан турду. Мак Лендон ортого токтоп, жубайы жер карагыча үӊүлө карап калды.

– Сааттын канча болгонун карачы, – деди ал колу менен көрсөтүп.

Ал күйөөсүнүн маӊдайында турду, жүзү жер караган, колунда журнал. Өӊү купкуу, чыӊалган, чарчагандай көрүнөт.

– Менин канчада келеримди күтүп, ушинтип олтурба деп айткан эмес белем?

– Жон, – деди ал. Ал журналды коюп койду. Күйөөсү салмагын согончугуна такай кызуу көздөрү менен тиктеп, тердеген жүзүн андан алган жок.

– Сага айттым беле? – Мак Лендон ага жакын келди. Ошондо ал өйдө карады. Күйөөсү ийининен кармады. Ага өйдө караган бойдон аргасыздан турду.

– Антпечи, Жон. Уктай албай койдум... Ысыктанбы, айтор бир нерсе болдум... Суранам, Жон. Ооруп кетти.

– Мен сага айткан эмес белем? – Ал аны коё берип, олтургучту көздөй жөн гана урдубу же ыргытып жибердиби, жубайы жатып калды, бөлмөдөн күйөөсү чыгып кеткенин акырын карап жата берди.

Ал көйнөгүн айрып салып үйдү аралап чыкты, айнеги караӊгылатылган арттагы верандага токтоп, көйнөгү менен башын, ийинин аарчыды да ыргытып салды. Ал чөнтөгүнөн тапанчасын алып чыгып, керебетинин жанындагы үстөлгө койду да, керебетине олтура кетти, бут кийимин чечти, өйдө туруп шымын алып ыргытты. Ал кайра тердеп чыккан эле, эӊкейип жинденүү менен көйнөгүн издеп баштады. Акыры таап, денесин кайра бир сүрттү да, чаӊ баскан айнекке жабышып алып, турган боюнча тез-тез оор дем ала баштады. Бир кыймыл жок, дабыш, ал турсун курт-кумурскадан дайын жок. Караӊгы дүйнө муздак ай менен чексиз жылдыздардын астында жеӊилгендей сезилди.

Англисчеден оодарган Эрмек ШОРУКОВ
2020-жылдын 4-августу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз