Абуталип Амир: Шайлоо алдындагы ызы-чуу

  • 13.01.2026
  • 377

“Эң көп убада согушта, аңчылыкта жана шайлоо алдында айтылат”.
Отто Фон Бисмарк

Токой, адаттагыдай эле жаңы падышаны шайлоо алдында ызы-чууга, ары-бери чуркоолорго толуп, бир кыйла дүрбөлөңгө түштү. Бул жолку шайлоо өзгөчө эле. Мурда кимди падыша кылып дайындашты, эмне үчүн дайындашты, эмнеге аны дайындашты эч ким эч кимден сурачу эмес. "Мына сага падышаңар" дечү жогору жактан. "Макул, элибизге тынчтык, падышабызга ийгилик берсин" деп токойдогу бүт жандуу дүйнө бир ооздон макул болушчу.

Эми минтип сурап калышты. "Ай, Кудай, кимди падыша кылууну ушулар чындап эле менден сурайбы?" - деп Коён аң-таң. Ишенерин же ишенбесин билбей, кылый көздөрү жымың-жымың. "Акмак болбо, - деди Үкү, Коёндун саясый сабатсыздыгына жини келип, – мунун баары – куулук, митаамдык, ал эми түпкүрүндө бизди алдоо". Коён Үкүнүн акылдуулугунан шек саначу эмес, ошентсе да канча ойлонсо да, эмнеге алар аны алдагысы келгенин түшүнө албады. "Эң жакшысы, - деп ойлоду Коён, - барып, өздөрүнөн угуу керек, эмне дешерин".

"Урматтуу боордошторум, – деп баштады Жолборс сөзүн, жыйналгандарга жылмая карап, - урматтуу боордошторум, өзүңүздөр билесиздер, Аке башкарган акыркы жылдар ичинде токойубуз таптакыр бүлгүнгө учурады. Башаламандыкка жол берилди. Салыштырып көргүлөчү, мурда кандай элек, азыр кандайбыз?… Кечээ ким элеңер, бүгүн кимсиңер? Кечээ баарыбыз бирге элек, баары силердики эле, бүгүн эч кимге керегиңер жок. Мурда эркин элеңер, кайда барайын, эмне менен тамактанайын дечү эмессиңер… Азыр алыс-жакыны бар башка токойлордун аң-кушу, биздин эбактан бери ата-бабабыз мурас кылып калтырган жашыл токой, жан дүйнөбүздүн бейишин өз үйүндө жүргөндөй эркин ээлеп алышты. Атүгүл, ооздуктарын да тартышпайт. Дарактардын бутактарын сындырып, тамырларын түбүнөн кыйып, ийиндерин тереңдетип, жайланышып, жайылып жатышат. Ушундай кыла берсек, эртең түк калбайбыз, ушуну ойлодуңарбы, ушунун маанисин түшүндүңөрбү, кадырлуу туугандар?"

"Мына сага калыс сөз, мына сага күйүмдүүлүк сезими. Жоке туура айтат, ушул келгиндер эле баарын жайпап, жутуп жок кылар болду", - деп бар күчү менен кыйкырып, колдоп койду дарак башында отурган Сагызган. Адилеттикти айтыш керек, Сагызгандын бул айтканы негизсиз эмес эле: мурдагы Акелер менен Какелердин, Жокелер менен Түкеңдердин олжолорунан калган тарптар бүгүнкү күндө ага бирде буюрса, бирде буюрбачу. Кычыштырганы жетип, бирок кашыганы жетпей жүргөн жаранын бети сыйрылып түшкөндө токойдогу сагызган аттуунун баары ыраазычылык сезими менен чуу көтөрүп келе калышты…

Колдоочуларына кубаттанган Жолборс мындан соң да азыркы падышалыктын терс жактарын талашсыз далилдерди келтирип отуруп, узак сүйлөдү. "Ошондуктан, - деди сөзүн жыйынтыктаган Жолборс, - падышалыкка мени шайлагыла, такка мен татыктуумун. Карап тургула, мен баарыңарга тең жардам берем".

Бул учурда токойдун экинчи бир четинде өзүм, өзөгүм дегендерин жыйнап алып, Кашабаң өз жыйынын өткөрүп жаткан эле. "Билбептирбиз, эч нерсе билбептирбиз, кадырлуу агайын… Карасак, биздин токойдун асыл жаныбарлары менен керемет куштары, ак көңүл сойлоп жүрүүчү жандыктары менен кымбаттуу курт-кумурскалары бечара абалда өмүр сүрүп жатыптыр. Мен аны ушул жолу, токойду кыдырып, азапка баткан айланайын агайындарым менен бетме-бет жолугуп жүрүп байкадым. Жок-жок, кымбаттуу менин токойлошторум, аялуу мекендештерим, мындай жашоого болбойт. Бүгүн баарын өзгөртүү керек, баарын орду-ордуна коюу керек… Өзүңүздөр билесиздер, биздин токой - дүйнөдөгү эң бай, мүмкүнчүлүгү эң көп токой. Ошого карабастан, биз, атүгүл айтууга да уят, кандай шордуу абалда отурабыз?… Эгер мени падыша кылып шайласаңар, биздин токойду көз ачып-жумгуча, керемет кылып гүлдөтөм. Мындай улуу бурулушту мен биринчи тиги Жолборсту тегеректеп жүргөн, кечээгинин калдыктарын жок кылуудан баштаймын… Көргүлө да тургула, сиздердин эң бай, керемет деп жүргөн токойуңар биз менен салыштырганда шоона эшкенге да жарабай калат". Эки көзү оттой жанган Карышкыр өз чечендигине өзү ыраазы болуп, ушинтип сөзүн аяктады.

Түлкү Карышкырдын шайлоо учурундагы кепилдик берилген ишенимдүү шериги боло турган. "Мен өзүм, жеке башым, Какеме гана ишенем, - деп баштады ал сөзүн, - ошого гана добуш берем. Какенин кайраты, жумуш десе күн дебей, түн дебей, тыным таппай чуркап жүрүүчү эмгекчилдиги баарыңыздарга белгилүү. Ошондуктан да, кымбаттуу достор, сиздерди да Какени колдоого чакырам", - деди Түлкү ишенимдүү шериктин кызматын кемчиликсиз аткарып.

"Улуу урматтуу Карга аке, - деди анан ал Каргага бурулуп, - сиздин, экинин биринин боюнан табыла бербеген акыл-парасатыңыз, тереңден толгой билүүчү көрөгөчтүгүңүз, мына кимдин ким экенин ажырата албай турган, элдин баары кой терисин жамынган уят, абийир деген нерселер жоголгон заманда кесиптештериңизге үлгү, замандаштарыңызга көрсөткөн туура жол болот ко деп ишенем. Колдоңуз Какени, кийин өкүнбөйсүз".

Түлкү сүйлөгөндө Карганын башы айлана турган адаты бар эле, бул жолу да ошентти. Оозунда салбырап түшүп кетер сырдын жок экенин тыкан текшерип алгандан кийин айланасындагыларга кокурайып карады да, анан бар күчү менен "жашасын Карышкыр!" деп карк этти. Буга чейин бир гана маалыматка таянып, жалган болсун, чын болсун, бир гана насаатка ишенип келген байкуш аң-куштар эми кимге ишерин, кимге ээрчирин билбей баштары маң болду.

"Элүү жыл, - деп баштады Аюу шайлоо алдындагы арноо сөзүн, - жарым кылым! Мына, ушунча убакыттан бери биздин токой муунтулуп келет. Токойдун байыркы мекендештеринин кең пейилдиги менен ишенчээктигин пайдаланган бирөөлөр илгеркиден калган ата-мурас жерибизди оюнчук кылышты… Дарактарды сындырышты, жалбырактарды жулушту… Көк майсаң аянттарыбыз таш баканын соотундай жылтыраган жерге айланды, булактарыбыз кургады… Демек, баарын: кыйраганды оңдоодон, кулаганды сүйөөдөн башташыбыз керек".

Жыйналгандар Аюунун сөзүн унчукпай угушту. Эч ким, атүгүл башка так талашуучулардын жактоочулары да ага көзгө көрүнөө "кой-а кой" дешпеди. Бирок кол чаап колдоочулар да табыла койбоду. Көпчүлүктүн көөдөнүндөгү чечимин таппаган суроо ал - өз тиричилигин өзү менен өзү жүрүп бүтүргөн Акенин күтүүсүздөн так талашака аралаша калышы эле. Токойдун аты токой эмеспи, ким кимдин оозун жапмак эле, бирөөлөр муну бирөөнүн терең ойлогондугу, тагырак айтканда "чыныгы демократиянын жаркын көрүнүшүн тааныбагандарга таанытуунун тактикасы" деп да түшүндүрүп жатышты…

Арстан өзүнө мурдагыдан да ишенимдүү боло баштады. Ошондуктан ал бекем сүйлөдү: "Мен бизде кыйынчылык жок дебеймин. Бирок сиздер мага кыйынчылыгы жок токойду көрсөткүлөчү?! Көрсөтө албайсыздар, анткени андай токой жок! Себеби, азыр асман да башкача, булуттар да башкача, жел да башкача, бир сөз менен айтканда, жашоо башкача… Мурда аппак нур деп жүргөнүбүздүн туман экенин түшүнөр кез келди. Адашып бүттүк. Эми туюктан чыгуунун аргасын ойлошубуз керек. Ал эми түпкүрүндө, андан чыгуунун жалгыз гана жолу бар. Ал - сиздердин бардыгыңыздар биригип, талашып-тартышпай, эч бир жалтаңдабай, бир максат менен, бир багытта жылуу. Менин артымдан! Угуп жатасыздарбы, тек гана менин артымдан! Кайда алып барарымды өзүм гана билем! Ал эми тигилердин айткандары олуттуу саясат эмес, былжыраган сөз… Кантип оңдойм дейт, алысты мындай койгондо, мына кошуна токойдо бир да таанышы, бир да тамыры жок аларыңдын. Адашпагыла, агайындар!"

Мурдагы эски заман өтүп кетти, аң-куштун баары баштары айланып, кимди угарын билбей калышты. Андан соң тирүү жанмын дегендин баары, эч ким эч нерсени түшүнбөй турган заманга ылайык келген кылыкка өтүп, өз алдынча көзү ачыктык кылууга киришти. Бирөөлөр: "Арстан арстандыгын кылат, калгандарыныкы жөн эле, далбаса", десе, экинчилери: "А-а, Жолборсуң да оңой эмес, көптү көргөн чыныгы тажрыйбалуу ошол чыгар", - деп тараза ташын теңөөгө аракет кылышты. "Баарынан да мага Карышкыр жакты, мындай заманда, ушундай жулуп жечү бирөө болбосо, мына бул баткактан чыгышыбыз оңой болбос, анын үстүнө ал башкалардан жаш эмеспи", - деп Карышкырга ишеним арткандар да табылбай койгон жок.

Ошентип, эртең шайлоо. Токой шуулдап жатат, токой дуу-дуу, дуу-дуу…

Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев

Автор тууралуу кыстырма

Аты-жөнү – Әбутәліп Әмір же Әбідхалықов Әбутәліп Әмірұлы. Туулгандыгы: 09.11.1957. Казакстандын Костанай шаарынан. 11 жыл мектепте математика мугалими, 22 жыл университетте математика жана экономика мугалими, 5 жыл жаш ишкерлерге бизнес нускоочу болгон. Учурда чакан бизнес менен алектенет. Билими: математик, экономист-маркетолог.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү: Казак элинин социализмден (экономикалык тил менен айтканда, административдик-командалык система) рыноктук мамилелерге өтүү мезгилиндеги жашоосу тууралуу чыгармаларды жазат (негизинен айыл турмушу). "Әбутәліп ӘМІР" деген ысым менен чыгармаларын жарыялайт.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз