Жадидчилердин мусулман басмасөз органдары жана анын калктын коомдук-саясый турмушундагы ролу
Автор: Айида Кубатова – тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын ХХ–ХХI кк. тарыхы бөлүмүнүн башчысы. О.э. 2023-жылы «РухЭш» сайты уюштурган «Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы конкурстун лауреаты.
XIX кылымдын аягы – ХХ кылымдын баш ченинде Борбордук Азия реформа, жаңылануу, көз карандысыздык жана прогресс үчүн болгон тарыхый күрөштөрдүн аренасына айланган. Алардын бири катары – улуттук жана маданий өнүгүү, улуттук боштондук жана көз карандысыздык үчүн күрөшкөн жадидчилик кыймылын атоого толук негиз бар. Бул кыймылды Европадагы XVIII кылымда жаралган Агартуу кыймылы, анын көрүнүктүү өкүлдөрү Монтескье Шарль[1], Руссо[2], Дидро[3] ж.б. ушул сыяктуу Улуу француз революциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен салыштырса болот.
ХХ кылымдын башында ошол мезгилдин билимдүү алдыңкы адамдары Түркстан аймагында руханий жаңыланууга гана умтулбастан, өлкөнүн жана элдин тагдыры жөнүндө терең ойлонуп, улуттук эркиндик үчүн күрөштү жараткан программаларды түзүүгө жана коомду реформалоого аракет жасашкан. Жадидчилик кыймылынын өкүлдөрү чыгыш жана батыш өлкөлөрүнүн агартуучуларынын жана философторунун көз караштары менен тааныш болуп, алардын жетишкендиктерин өлкөнүн өнүгүүсү үчүн пайдаланууну көздөшкөн.
Көрүнүктүү жадидчи Махмудходжа Бехбуди “Тарых жана география” аттуу макаласында: “Прогресс жана өзүнө ишенимди жаратуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр керек? Бул үчүн тарыхты үйрөнүү керек... дүйнөнү жана динтаанууну каалаган ар бир адам тарыхты окуу керек. Анткени, бардык жалпы жана жеке нерселер, алардын маңызы жана келип чыгышы тарых аркылуу гана таанылат...” – деп жазган.[4]
Ушундай эле ойду кыргыздын алгачкы жазгыч тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу да 1914-жылы Уфадан жарыкка чыккан “Тарых кыргыз Шадмания” аттуу эмгегинде чагылдырып, элди тарыхты окуп үйрөнүүгө, билим алууга чакыргандыгына төмөндөгү саптары күбө:
Тарих демек, өткөндөрдүн алын билмек,
Ата-баба, Олуялар жайын билмек.
Кылган ишин, пайгамбардын жолун билмек.
Жахан менен бир саякка беңзер демек...
Жер жүзүндө түркүн-түркүн адамдарды
Түрлүү түрлүү диндерин билер демек.[5]
Кыргыздын дагы бир тарыхчысы Б.Солтоноевдин учурда Кыргызстан тарыхын изилдөөдө маанилүү булак катары эсептелген “Кызыл кыргыз тарыхы” деген кол жазма түрүндө сакталган эмгегинде, “...Жер жүзүндө адам баласы саат санап, жаңы өнөр таап, маданиятын арттырып, күндөн күнгө илим-билим техникасы өсүп бара жатат. Мисалы, Жавропа, Америка журту билим өнөр таап, аны майданга коюу ишине башка элге караганда озуп кеткенин көрүп турабыз... Өз тарихин билип, тарихти туйуу, элдин катарына кириш, маданияттын бир көркөм бутактарынан саналат. Кадимден окумуштуу, маданияттуу, билимдүү эл болсо да, өз тарихин аныктап жазыш оңой эмес...”[6] деп жазганы анын башка өлкөлөрдүн маданияты, агартуу ж.б. иштери менен тааныштыгын айгинелеп, ой жүгүртүүсүнүн тереңдигин белгилеп турат.
Жадидчилердин эмгектерине кайрылган учурда, алардын Орто Азия менен Батыш Европанын ортосундагы байланыштарга кайрылышканын, ислам маданиятынын Платон, Аристотель сыяктуу философторунун окууларын бир учурда дүйнөгө тараткандыгын белгилешкендиги таасын көрүнөт. Махмудходжа Бехбуди И.Канттын, Фитрат – Ш.Сеньобосстун, ал эми А.Авлоний Платон, Сократ жана Аристотелдин агартуу, билим берүү жана тарбиялоо маселелерине кайрылышып, келечек үчүн жалпы адамзаттык гуманисттик багытты алууга аракеттенишкен.[7]
Татар элинин көптөгөн агартуучулары сыяктуу эле Кыргызстан аймагындагы медреседе балдарга билим берип, жергиликтүү элдин тарыхын, маданиятын кагазга түшүргөн Сабир Габделманов (1879–1917) да мекендештерин билим алууга үндөп, дүйнөлүк маданияттын, илим жана техниканын жетишкендиктерин пайдаланууга үндөйт:
Уяныгыз кардэшлэремI УяныгызI
Качып китте бэхет атлы куяныгыз.
Гаяр миллет кучэп китте бу чүплэктэн,
ТуяныңызI Без да китик, туяныңызI
АшыгыңызI АшыгыңызI Тиз күчүгэ,
Канатларны iстереңиз тиз очуга.
Качкан бэхет аркасынан куып житеп,
Күкрэгэннэн кысып, кысып тиз кочуга.[8]
Ойгонуңуз туугандарым! Ойгонуңуз!
Качып кетти бакыт деген коёнуңуз.
Башка улуттар бул чалчыктан чыгып кетти,
Жыйналыңыз! биз да кеттик, жыйналыңыз!
Шашылыңыз! Шашылыңыз! Тез көчүүгө,
Канаттарды өстүрүңүз тез учууга.
Качкан бакыт аркасынан кууп жетип,
Тезинен кууп жетип, көкүрөккө кысып, кысып[9].
Акын Европанын орто кылымдарда артта калгандыгын, ал эми Чыгышта ал учурда илим-билимдин өнүккөндүгүн айтып, ошол учурда Европа анын элинен билим алгандыгын да айтат:
Ул Яурупа мэгьрифэтне бэндэн алды,
Шул мэгьрифэт зиннэтинэ батып калды.
Курэсезмэ, бэни хэзер ничек кылып,
Эсирлекнең чокырына бэйлэп салды?
Кайда кетти ул Багъдадның мэшhур исемэ?
Гадэлэтле, чын гайрэтле ханнар жисеме?
Бэн устергэн мэгърифэтнең гөллэрене
Баягы шул Яурупалар ятып исни.[10]
Бул Европа билимди менден алып,
Ал билимдин кооздугуна батып калды.
Ал менде азыр эмне калды?
Туткундуктун чуңкуруна байлап салды.
Кайда кетти ал Багдаддын атак наамы?
Жана дагы кайратман, акыйкат хандары?
Мен өстүргөн билимдин гүлдөрүнө
Баягы эле европалык оонап жатат гүлдү жыттап.
Кыргыз элинин алгачкы жазгыч тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу да Европанын кыйла алдыга кеткени менен кабардар болуп, жаштарды алардын деңгээлинде билим алууга үндөгөнү жогоруда аталган эмгегинен таасын көрүнөт:
Ассолоому алейкүм, азиздерим,
Жүгүргүн миллет[11] үчүн азаматым.
Билүүгө Европанын магрифатын[12].
Талаптангын илимге адыл затым.[13]
Жадидчилердин пикири боюнча, мусулман дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары эсептелген Орто Азия тарыхта орчундуу ордун ээлеп, алдыга кетиши керек эле. Андыктан, алар билим берүү жана агартуу тармагында реформа жүргүзүү илимий жетишкендиктерди жана алдыңкы техниканы өздөштүрүүгө алып келет деген ишенимде болушкан. Махмудходжа Бехбуди, илим жана техниканын жаңы жетишкендиктерин өздөштүрө албаган улуттарды дүйнөлүк цивилизациянын толкунунда маанисиз жашоо күтүп турат деп белгилеген.[14]
Жадидчилер Түркстанда маданий жаңыланууга колдоо көрсөтүүгө бардык аракеттерди жасашкан. И.Гаспринскийдин билим берүү тармагын модернизациялоо жана реформа жүргүзүү маселелери боюнча Батыш менен кызматташуу программасы интеллектуалдык чөйрө тарабынан кызуу колдоого алынган. Гаспринскийдин “Тержиман” гезити Орто Азия аймагында 1890-жылдын баш ченинде пайда болгон. Гезит мусулман элдерин бириктирүүнү, калкка билим берүү маселелерин, ошондой эле татар, өзбек, азербайжан, казак, түркмөн, кыргыз, уйгурлар менен катар эле Босфор жана Адриатика деңиздеринин жээктеринде жашаган мусулмандарга түшүнүктүү болор “жалпы тилди” түзүүнү көздөгөн И.Гаспринскийдин көз караштарын чагылдырган.[15] Бул тууралуу көрүнүктүү ислам изилдөөчүлөрдүн бири: “жалпы тилдин негизин саясый мотив да түзөт, анткени этикалык чекти бузуп жана түрк элдерин бириктирүү багыты бар”, – деп жазган.[16]
Ал эми Гаспринский өзү Орто Азияга жаңы усулдагы мектептерди ачуу идеясын таратуу максатында, 1893-жылы келген жана Түркстандын көрүнүктүү агартуучулары – М.Бехбуди, А.Шакури, Х.Хаким заде Ниязи, А.Музафар, С.Айни ж.б. коомдук ишмерлер менен кездешип, Самарканд, Ташкент жана Каракол шаарларында жаңы усулдагы мектептерди ачууга катышып кеткен. Ал аймактын маданияты, илими, агартуу жана билим берүүсү жөнүндө бир катар чыгармаларды жараткан.[17]
Буга байланыштуу, Хамза Хаким Заде Ниязи И.Гаспринскийге арналган макаласында: “Исмаил Гаспринский – бүткүл дүйнөгө таанымал агартуучу, биздин атабыз жана устатыбыз. Ал Орусия жана Чыгыштын эзилген элдеринин сабаттуулугу жөнүндө тынымсыз кам көргөн жана биздин билимге, маданиятка болгон татаал, узак кыйын жолду натыйжалуу кыскартып, жашообуздун караңгы түндөрүн жарык кылды. Дүйнөдө 60тан ашуун мусулман элдерин жакындаштырып, аларга билимге, маданиятка жана агартууга ачык жол ачып берди”, – деп белгилеген.[18]
Татар жадидчилери Орусия мусулмандарын падышачылык бийликке каршы, маданий, агартуу иштерин жүргүзүү үчүн биригүүгө чакырган Гезит-журналдарды активдүү жайылта башташкан.[19]
Кийинчерек, 1907-жылы И.Гаспринский дагы бир ирет Түркстанга келип кеткен. Бул жөнүндө М.Бехбуди Гаспринскийди “анын эң бир кадырлуу коногу” болгондугун жазып кеткен. 1914-жылы Бехбуди аны менен Стамбулда кездешкен. Бехбуди бул жолугушууда И.Гаспринскийдин Пишпектеги жаңы усулдагы мектептердин абалы тууралуу сурагандыгын эскерген.[20] Түркстан аймагындагы жадидчилердин лидерлери Гаспринскийди өздөрүнүн руханий устаты катары эсептешкен. Анткени, алардын макалаларын окуган учурда, көп учурда Гаспринскийдин жазгандарын колдонуп, эмгектерин басып элге таратып турушкан.
1907-жылы Түркстанга Петербургда “Ульфет” (“Байланыш”) аттуу гезит чыгарган Абдурашид Ибрагимов, Уфадан Муса Бегиев, Н.Явушев сыяктуу көрүнүктүү жадидчилер келип, жолугушууларды уюштуруп, Самарканд ж.б. шаарларда чыгып сүйлөшкөн. Алар Түркиянын да өкүлдөрү менен байланыш түзүп турушкан. Буга мисал катары, Бехбудинин аларды исламдын тазалыгы үчүн күрөшкөн деп жогору баалап, белгилегендигин көрсөтө кетсек болот.[21]
Казандан – “Юлдуз” (“Жылдыз”), Баян-Ульхак”, Оренбургдан – “Вакт” (“Убакыт”), “Маглюмат” (“Билим”), Астрахандан – “Идель”, Крымдан – “Тержиман” (“Котормочу”), Петербургдан “Ульфет” ж.б. гезиттер чыккан. Булардын көпчүлүгү Кыргызстан аймагынын булуң-бурчтарына да келип жеткен. Пржевальск уездинин Атбашы орус-тузем окуу жайынын башчысынын 1909-жылы 30-сентябрдагы Жети-Суу облустук окуу жайларынын инспекторуна жиберген билдирүүсүндө, Атбашы жергесинде “Вакт” гезитин алып жаткандыгын билдирген.[22]
Токмоктук мусулмандар болсо андан да мурда, б.а 1905-жылдан эле “Тержиман”, “Юлдуз”, “Идель”, “Баянульхак Сибирия”, “Иктисад”, “Айкап”, “Шуро”, “Ялт-юлт”[23] гезиттерин, ал эми Караколдо “Бутульхан”, “Юлдуз”, “Нур”, “Вакт” ж.б.[24] гезиттерди алып турушкан.
Азербайжан элинин агартуучулары тарабынан чыккан “Молла Насреддин” сатиралык журналы да Түркстанда кеңири тараган. Анын редактору Жалил Мамедкули-заде менен А.Сабир, А.Ахвердов, М.С.Ордубады ж.б. белгилүү акын жана жазуучулар кызматташкан. Ошол мезгилде жарык көрүп турган татарлардын “Яшин” жана “Ялт-Юлт” журналдары “Молла Насреддинге” чыккан макалаларды басып чыгарышса, “Молла Насреддин” журналы болсо, жогоруда аталган журналдардын макалаларын чыгарышканы алардын ортосундагы тыгыз байланышты ачык туюндуруп турат. Бул журналдар Түркстан аймагындагы элдер сүйүп окуган басылмалардын катарына кирген.[25]
“Вакт” Гезити 1911-жылы Ош шаарында полиция жергиликтүү калкты тинткен учурда жалпы тарых жана астрономия боюнча окуу китептери, китепчелер, ошондой эле алардын ичинде Түркия тарыхы да табылып, алардын тартып алынгандыгын билдирген.[26]
Татар жана түрк тилиндеги гезит-журналдардын кыргыз жергесинде тарагандыгы тууралуу төмөндөгү маалыматтардан да билсек болот. Каракол уездинин Чырак айылынын тургуну, агартуучу Байболот уулу Талып Кыргызстандын чегинен тышкары медреселерден билим алган, заманынын сабаттууларынын бири болгондугун, андан дүйнөдө эмне кеп болуп жаткандыгын билүү үчүн алыс-жакын экендигине карабастан, көп кыргыздар атайын келип-кетип турушканы жөнүндө замандаштары эскерген. Талып молдо Казань, Уфа ж.б. жерлерден гезит-журнал, китептерди алып турган. Калк андан орус-герман, орус-жапон согуштары жана Орусия империясынын ички абалы жөнүндө маалыматтарды алып турган.
Жети-Өгүздө жашаган, Караколдогу медреседен билим алган Жээникеев Алдаш (Алдаш Молдо) да татар гезиттерин окуган.[27]
Казань басмаканасынан жарык көргөн белгилүү татар агартуучусу Каюм Насыринин календары Орто Азия жана Казакстан элдеринин ичинде кеңири белгилүү.[28] Бул календарь кыргыздардын арасына да тарагандыгын төмөндөгү маалыматтардан учуратабыз: Каракол уездинин Саруу айылында мугалим болуп иштеген, Каракол шаарындагы медреседен билим алган Урдолетов Жээренбай Караколдогу татар мектебинин мугалими Салык (Салих Надыршин – автор) мугалим аркылуу Оренбургда жашаган Байтурсунов Ахмат менен таанышып, кат жазышкан. Жээренбайдын өтүнүчү менен А.Байтурсунов кыргыз мектептерине таратуу үчүн окуу китептерин, гезит-журнал ж.б. адабияттарды үзгүлтүксүз жиберип турган.
Урдолетовдун айтканы боюнча, Оренбургдан келген басылмалардын ичинен татар тилинде жазылган “Заман календари” туш келип калып, андагы боло турган айдын тутулушу жөнүндө маалыматты окуп, ал тууралуу айылдаштарына айтып берет. Муну уккан молдолор, анын кайдан билип алганын суракка алышып, ал турсун мындай алдын ала айткандыгы үчүн өлтүрөбүз дегенге чейин барышат. Бирок Жээренбай айткан күнү ай тутулуп, ал аман калат.[29]
Ушул сыяктуу эле Сазановка кыштагындагы орус-тузем мектебинин мугалими Барикбаев Молдогазы, ошол эле кыштактагы соодагер, улуту уйгур, кербен-сарайдын ээси Ибрагимов Момунахун да мусулман гезит-журналдарын алып окушкандыгы да айтылат.[30]
Аймактагы жадидчилик кыймылы улуттук аң-сезимдин жогорулашына таасирин тийгизип, сырттан кирген агартуучулук, боштондук идеяларын кабыл алышып, алар да өз талаптары менен чыга башташкан. Бул кыймыл кыска мөөнөт өкүм сүрсө да, элге таасири зор болгон, маанилүү басма сөздү уюштура башташкан. Ошол учурдагы коомдун абалын таасын чагылдырган, бул мусулман басмасы бүгүнкү күндө эң баалуу булактар катары эсептелет.
Алардагы жарыяланган макалалар саясат менен гана чектелбестен, маданият, адабият, филология, этнография, фольклор, экономика ж.б. маселелерди кеңири камтыгандыгы менен кызык.
ХХ кылымдын баш ченинде казак интеллигенциясы “Дала вилаяти” (Талаа аймагы) аталыштагы казак тилиндеги адабий журналды 1899-жылы Омск шаарында негизделген орус Гезитинин тиркемеси катары чыгарышкан. 1905-жылга чейин Казакстанда гезит чыкпагандыктан, алар татар жана орус тилдүү гезиттерге макалаларды чыгарышкан. 1907-жылы саясый күрөштөрдүн шартында казак прессасы жаралып, бирок бул алгачкы аракеттер кыска мөөнөткө гана созулган. 1911-жылы гана казак басма сөзү пайда болгон:
“Айкап” модернисттик журналы аймактагы жаңы саамалыктар менен катар эле Гаспринскийдин реформалык кыймылына каршы турган интеллигенциянын пикирлерин да чагылдырган. Журнал Троицк шаарында 1000дей нускада, жазылуунун жана бай адамдардын каражатынын эсебинен чыгып турган. Жалпысынан гезиттин 88 номуру жарык көргөн.[31] 1916-жылы Орусияга каршы куралдуу көтөрүлүшкө чакырган гезиттин жабылышынын себеби айтпаса да түшүнүктүү.
- “Казахстан” – Султан Шахингирей Букеев жетектеген революциялык гезит. Орус цензурасы убактылуу жаап, 1913-жылы гана кайрадан жарык көрө баштаган. Басылма казак элинин саясый аң-сезиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө белгилүү бир өлчөмдө таасирин тийгизе алган.[32]
1913-жылы казак улуттук интеллигенциясынын өкүлдөрү “Казак” гезитин чыгаруу максатында атайын ийрим уюштурушкан (кийин ал “Алаш Ордо” аталып калган). Ал сапаты жагынан да, саны жагынан да бир топ жогору болгон. Гезиттин башкы редактору Ахмет Байтурсунов тегерегине таланттуу акын жана жазуучуларды топтоп, негизинен элдин маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган улуттук реформисттик партиянын талаптарын чагылдырган. Гезит солчул багытта, панисламисттик идеялардан бир кыйла көз карандысыз абалда болуп, Орусиянын оторчул саясатына карата ачык оппозициячыл мүнөздө болгон. 1913–1914-жылдар аралыгында бир канча ирет бийлик тарабынан жабылып (26 ирет), 1918-жылы гана биротоло өз иш аракетин токтоткон.[33] Белгилей кетчү нерсе, өз кезегинде Гезитда И.Арабаев редакторлук милдетти аркалап, ага өз салымын кошкондордун бири.
Бул басылмалардын эл арасында таасиринен чочулаган бийлик аларды көзөмөлдөөнү күчөткөн. Орусия өкмөтүнүн алдында атайын жыйын өткөрүлүп, Түркстан аймагын башкаруу боюнча жаңы эрежелерди падышага бекиттирүү максатында даярдашкан, ал эми Басма сөздөрү боюнча башкы башкармалык “мусулман тилинде” чыккан басылмаларга цензураны уюштуруу боюнча өз долбоорун даярдашкан. Ал эми мурдагы көзөмөл жүргүзүүчү система жараксыз деп табылган. Түркстан аймагынын басма иштери боюнча өзгөчө комитетке “чыгармаларга, басылмаларга системалуу туура жана катуу көзөмөл жүргүзүү” милдети ыйгарылган.[34]
Кыргызстан аймагына да жогоруда аталган басылмалар, алардын ичинде казак элинин алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү чыгарган чыгармалар, гезиттер тараган. Алсак, Ысык-Көл аймагында кыргыздар басмадан чыккан казак эл адабиятынын “Алпамыш”, “Кыз Жибек”, “Козу Көрпөш – Баян сулуу” ж.б. чыгармалары менен жакшы тааныш болушкан. Гезит-журналдарды жергиликтүү калк тарабынан 1889-жылы курулган Кочкордогу “Эл үйү” аталган тамда да атайын жазылып, алып турушкан. Ал үй орус улутундагы адамдын кароосунда болгон. Кочкор айылынын тургуну Акмолдо Карасаев араб тамгасы менен басылып чыккан гезиттерди алып окуп турган.[35]
Чоң-Кеминдеги жаңы усулдагы Шабдандын мектебинин окутуучулары да Оренбургдан “Ак жол” гезитине жазылып алып турушкан.
“Казак” гезити Пишпек уездинде да кеңири белгилүү болгон.[36] Жадидчилердин таасири менен Пишпекте да 1912-жылы март айында либерал-мусулмандардын тобу уюштурулган. Анын курамына Серикпаев, Н.Тулин, А.Узбеков ж.б. кирген. Алар жашыруун жыйындарды өткөрүп, “Айкап” журналын жана жашыруун адабияттарды окуп талкуулашкан. Айрым басылмаларга кыргыздар да макалаларын жиберип турушкан. Алсак, “Айкап” журналынын бир санына чыккан Ысмагул Макин уулунун “Пiспек уездинен” деген макаласын мисал келтирсек болот:
“Алты катын азага барса, ар кайсысы муңун айтар дегендей – мына мен да өз муңумду айтамын. Казак агайындарыбыз болсо, азын-оолак окуу-өнөр менен көзүн ачып, таң атып, күн чыгып, күндүн жарык шооласы менен тиричилик кылып жатышат. Ал эми биздин агайындарыбыз, түндүктөрүн көтөрбөй, таңдын атканын билбей жапырт уйкуда жатат, эмне болорун билбеймин. “Эже кийген тонду сиңди да киет” дегендей казак агайындарыбыз кылган тиричилик бизге келбей эмне? деп ойлоймун. Жакшыга сын айтсаң жарыйт, жаманга сын айтсаң карыйт, деген макал бар. Ошо жакшы сыналуу адамдардын биримин. Казак агайындарыбыз ар жерден окуп, өнөрү менен билимдери чыгып, газет-журналдарды чыгарып, элинин көзүн ачып, пайдасын тийгизип жатат. Мына биз бу казак агайындарыбыздын кадырын “Айкап” журналын алдырып окугандан бери карай билдик. Киши болор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин киши менен эмне иши бар, - деген сыяктуу биздин кыргызга газет алып, журнал алып окуңуздар десек, “газет эмнеге керек, журнал эмнеге керек, - деп аң-таң калат. Газет-журнал чыгарып, эптеп акча алат го, деп айтат.
Урматтуу башкаруучу, журналыңызды өткөн жылдан баштап алдырып окуп баштадык. Өзүбүз “Айкаптын” адресин билбегендиктен, молдобуз Ниязалынын атынан былтыр акча салып жиберген элек. Былтыркы “Айкаптын” бир аз номери саны тийген жок, калганы колубузга аман тийди. Бул тийбеген сандарын базарда турган ногой, сарт, дунгандын тартипсиз адамдары алып, жок кылса керек! Быйыл кашкарлык Азатбаевге акча бердик! Караколдо да турган ногой, сарт, дунган, кашкарлыктардын туура эмес кылгандыктарынан биздин айыл базардан жыйырма чакырымдай алыстыкта болгон соң, бизге жетүү кыйын, өз атыңыздан журнал алдырсаңыз экен дедик.
Пишпек уездине жыйырма болуш кыргыз, он эки болуш казак, эки болуш дунган карайт. Бул аймакка кырк сегиз болуш эл карайт. Ошол айтылган мусулмандардын баары илим, өнөрдөн куру калган. Кылган иши партия, доо, жаңжал! Мына ошо жыйырма төрт болуш кыргыздан, биздин болуштан үч бала Уфада “Медресе Галияда” окуп жатышат. Биринчиси, Исхак Канат ажы уулу, экинчиси, Нарынкул Кабиров, үчүнчүсү Ниязалы, Жакып менен Нарынкул быйыл окуусун бүтүрүп келишет.
Мына ошолордун окуганын жактырбай артынан ушак-айың кылышууда. Аны айтып эмне кылам, душман эмне дебейт, түшкө нелер кирбейт демекчи, мырзалардын тилегин кудай кабыл кылып, өмүрлөрүнүн узун болушун тилейбиз (текст казакчадан которулуп, толугу менен берилди – автор).”[37]
М.Дулатовдун “Оян, казак” китеби, татар тилинде жарык көргөн Гезит-журналдар ж.б.[38] казак, татар акын-ойчулдарынын ичинен кыргыз элине айрыкча, Абай Кунанбаев, Ибрай Алтынсарин жана Габдулла Тукайдын ысымдары белгилүү болгон. Кыргыздар ХХ кылымдын башында жадидчилердин таасири менен агартуу иштерине жана билим алууга умтулуп, балдарын Уфа, Казань ж.б. шаарларга окууга жөнөтө башташкан. Алар кайтып келген соң, чогуу окуган жолдоштору менен кат алышып, кабарлашып, бири-бирине гезит-журналдарды жөнөтүп турушкан. Билимдүү адамдардын тегерегине айылдаштары жана алыскы айылдардын тургундары келип, алар аркылуу жаңылыктар менен таанышып турушкан.
Бул жөнүндө Кыргызстанга 1903-жылы келип кеткен, белгилүү сүрөтчү Б.В.Смирнов төмөндөгүдөй эскерет: ... “конокко сый тамак берген соң, үйдүн ээси күндүн жаңылыктарын талкууга өтөт. Ал алгач келген адамдан жаңылыктарды угууну дегдейт, андан кийин өзү да болгон окуялар тууралуу кабарларды айта баштайт. Кыргыздар жаңылыктарды жакшы көрүшөт, ар бир жаңы кабар бүткүл аймакка телеграф менен жеткендей эле тарайт...”[39]
Кыргызстандагы көпчүлүк сабаттуу адамдар Уфа, Казань, Троицк, Оренбург ж.б. шаарлардан билим алып келип, аймакта мектептерди ачып, элдин сабатын жоюуга, маданиятын, жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, татар элинин жана Орто Азия жадидчилери менен тыгыз байланышта болуп, жогоруда айтылгандардан тышкары, Ташкент ж.б. шаарлардан чыккан гезит-журналдар менен таанышып турушкан.
Мусулман басма сөзүнүн бешиги катары Ташкент шаары эсептелген. “Урта Осиёнинг Умр Гузарлиги” (“Орто Азия турмушуна сереп”, “Среднеазиатское обозрение”) 1905-жылы алгач татар реформачылары тарабынан негизделсе, кийин анын башкы редакторлугуна Григорьев Түркстан генерал-губернатору тарабынан дайындалган. Гезитти 1907-жылы жазылгандардын саны өтө аз болгондуктан жабууга туура келген.
1906-жылы “Таракки” (“Прогресс”) Гезити татар интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири – Исмаил Габитов тарабынан жарыкка чыгып, алар негизинен өз атына татыктуу эмес дин кызматкерлерин сындашкан (“бул чалмачан микробдордон кутулуу керек”) жана таза, прогрессивдүү ислам үчүн деген чакырыктар менен чыккан. Редакция коомдо болуп жаткан бардык саясый-социалдык маселелерди көз жаздымда калтырган эмес. Ошол учурда “Русский Туркестан” аттуу социал-демократиялык гезиттин редактору М.В.Морозовду мыйзамсыз камакка алынганына каршы үндөөгө кошулушкан. “Тараккиге” М.В.Морозовдун да өзбек тилинде жазылган Ташкенттеги саясый окуялар жөнүндөгү макаласынын жарыяланышы, жадидчилердин башка улуттун өкүлдөрү менен динине, улутуна карабастан, аймактын саясый-социалдык, маданий, экономикалык өнүгүүсү үчүн кызматташкандыгынан кабар берет. Гезит кызматкерлеринин мындай кадамдары албетте, коомдо жылуу пикирлерди жараткан. Орус тилдүү гезитчилердин бири И.Габитовду “жергиликтүү социалисттик гезит редактору”,[40]деп да атаган. Анткени, “Тараккиге” падышалык бийликти кескин сындаган макалалар да жарык көрүп турган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле ташкенттик өтө күчтүү дин кызматкерлеринин талабы менен жабылып, анын редактору камакка алынган.
Жадидчилер жазган макалаларында прогресс түшүнүгүнө үзгүлтүксүз кайрылышкан. Алар өз мезгили башка мурдагы мезгилден айырмаланып турганын жакшы түшүнүшкөн. “Өткөн мезгилде адатта, бир эле илим же өнөр өнүксө, учурда бардык илимдер же өнөрлөр бир эле убакта өнүгүүдө... бул мезгил илимдин жана өнөрлөрдүн заманы. Биздин доордо мурда белгисиз илимдер пайда болду”.[41] Прогресске болгон жадидчилердин кызыгуусун америкалык изилдөөчү Адиб Холид жаңы көрүнүш катары баалап, алардын реформаларынын маңызы улуттардын дүйнөдө татыктуу ордун алууга умтулуу деп көрсөткөн.[42]
1906-жылы сентябрдын башында Мунаввар Кары Абдурашидханов жана Махмудходжа Бехбуди турган жадидчилер “Хуршид” (“Күн”) деген жума сайын чыгуучу журналды чыгарышкан. Ал тез эле улуттук реформалык кыймылдын жарчысына айланган. Алар “Таракки” гезитине караганда революциялык идеяларды жайылтууну, орус төбөлдөрүн сындоону бир кыйла этияттык менен жүргүзүп, негизинен шарият мыйзамдарына туура келбеген консервативдик дин кызматкерлеринин кылык-жоруктарын ашкерелешкен. Бирок бийлик алардын иш-аракеттерин көз жаздымда калтырбай, бардык аракеттерге карабастан, ноябрь айынын баш ченинде эле гезитти жабышкан.
1907-жылы ташкенттик бай соодагер Мирсаид Азимбаев тарабынан “Туджар” (“Соодагер”) аттуу гезит чыгып баштаган. Анын чыгышына Махмудходжа Бехбуди жардамын аяган эмес. Гезитти ошондой эле орус бийликтери да колдогондуктан, алар губернатордун саясатын жакташкан, анткени гезитчилер, негизги шартыбыз, биздин дин күрөшүүнү максат кылбайт деген мүнөздө иш алып барышкан. Ошондуктан, бул гезит элдин арасынан колдоо таппагандыктан, тез эле жабылган.
1907-жылдын аяк ченинде Түркстандын маданий жана саясый өнүгүүсүнө айрыкча таасирин тийгизген, жума сайын чыгуучу алгач “Хакикат” (“Акыйкат”), кийин “Шухрат” (“Даңк”) аталган гезит чыгып баштаган жана анын катарына Мунаввар Кары жана Бехбуди сыяктуу эки улуу публицисттен тышкары, мезгилиндеги белгилүү бардык жазуучу-жадидчилер бириккен. Бирок бул гезит да прогрессивдүү идеялары үчүн, генерал-губернатордун буйругу менен, 1908-жылдын башында эле жаап салышкан.
Ошол эле “Шухрат”, “Хуршид” гезиттерин чыгарган жаш жадидчилер Ахмеджан Бектемирдин айланасына топтолуп, “Азия” аттуу медреселерди реформалоого гана багытталган гезит ачышат. Бирок анын деле 15-саны чыккандан кийин генерал-губернатордун буйругу менен чыгарууну токтотушат. Мындан кийин бир топко чейин эч кандай гезит-журналдар чыкпай калат. 1914-жылы гана Мунаввар Кары жана Убайдулла Ходжаев жадидчилердин жаңы либералдык “Садо-и Туркестан” (“Түркстан үнү”) аттуу, 1917-жылга чейин Түркстандагы эң мыкты мезгилдик басылма катары эсептелген гезитти чыгарышкан. Гезит Оренбургдан чыккан “Вакт” жана “Шуранын” саясый багыттарын улантып, Египет, Аравия, Индия жана Түркия сыяктуу мусулман өлкөлөрүндөгү абалды чагылдырып, көптөгөн маселелерди камтышкан. Анда иштегендердин курамында таланттуу редактор, жазуучулардан тургандыгына байланыштуу тез эле өз окурмандарын тапкан. Бирок мындай аракеттерге карабастан, 1917-жылы чыгарууга каражат табылбай жабылып калган.
Ошол эле учурда дагы бир өзбек жана фарси тилинде чыккан Абдурахман Салих молдо башында турган, курамын жалаң молдолор түзгөн топтун жардамы менен “Ислах” (“Реформа”) деген журнал 1915-жылдын январь айынан, 1918-жылга чейин жарык көрүп турган. Журнал кадимисттик диний багытты көздөп, мусулман укугу жана теология маселелерин консервативдик көз карашта жактап турган.
Самарканд шаары да жадидчилердин аракеттеринин активдүү борбору болгон. 1913-жылы бул шаарда Махмудходжа Бехбудинин таасири алдында, жумасына эки жолу өзбек тилинде жарык көргөн “Самарканд” гезити чыгып турган. Анда фарси жана орус тилинде макалалар да басылып, буржуазиянын жаш өкүлдөрүнүн көз караштарын чагылдырган. Бирок бул гезит да каражат тартыштыгынан жабылууга аргасыз болгон. Бехбуди муну менен эле чектелбестен, кайрадан жума сайын чыгуучу, Түркстандагы басылмалардын ичинен сапаты менен айырмаланган, илимий макалалар жана мусулмандардын агартуу жаатындагы турмушун чагылдырган маалыматтарды басып, “Ойна” (“Күзгү”) деген журналды негиздеген. Гезит Мунаввар Кары сыяктуу жадидчилер менен кызматташып турушкан. Аны да каражат жетишсиздигинен 1915-жылы жабууга туура келген.
Реформатордук идеялар Фергана өрөөнүнө да жетип, 1914-жылы Кокон шаарында 1914-жылдан 1915-жылга чейин жадидчилик багыттагы “Садо-и Фаргона” (“Фергана үнү”) деген саясый, адабий, экономикалык жана коммерциялык гезит өзбек тилинде чыккан. Анын орусча эквиваленти “Ферганское эхо” деген ат менен да жарык көргөн.
Түркстан жадидчилери орус падышачылык бийлигинин катаал цензурасына карабастан, өз пикирлерин билдирсе, Бухарада эмирдин жана дин кызматкерлеринин фанатизми алдыңкы көз караштагы адамдардын иш аракеттерин тынымсыз көзөмөлдөп, натыйжада 1912-жылга чейин бир дагы мезгилдүү басылмалар чыккан эмес. 1912-жылдан кийин гана эмир реформачыларга бир аз жеңилдик берип, тогуз ай бою чыгып турган “Бухоро-и Шариф” (“Кадырлуу Бухара”) жана “Туран” аттуу гезиттерди чыгарууга уруксат берген.
Түркмөндөрдө 1905-жылдагы революциядан соң гана Ашхабадда “Меджмуа-и Мавера-и Бахри Хазар” (“Трансазия провинциясынын журналы”) аттуу журналды Казандан келген татар негиздеген. Дагы бир журнал 1915-жылдан жарык көрө баштаган. Бул эки журнал тең орус бийлигин колдошуп, аны орус улутундагы кызматкерлер чыгарышкан. Бирок анын корреспонденттери волга татарлары жана түркмөндөр болгон.[43]
1908–1917-жылдары Казань шаарында “Шура” журналы татар тилинде чыгып турган. Журналдын ээси татар акыны жана алтын кенин иштетүүчү Закир Рамиев-Дэрдман болгон. Журналдын башкы редактору Риза Факретдинов “Шурага” Орусиядагы бүткүл мусулман алдыңкы уул-кыздарынын ой-пикирлерин, дүйнөлүк маданият менен илимдин эң алдыңкы жаңылыктарын жарыялоого аракет кылган. Бул гезит кыргыз калкы жөнүндө да бир нече макалалар жарыяланганы тууралуу жогоруда сөз кылганбыз.
Жадидчилик кыймылынын идеяларын эл арасына таратууга акын-жазуучулар, драматургдар да салым кошушкан. Алар да өз чыгармаларында тарыхый окуяларды, маданиятты, билим алууну даңазалап, коомдук аң-сезимдин жогорулашына таасын таасир тийгизишкен. Бул идеяларды таратууда медреселер жана “Иттифак” партиясынын жер-жерлердеги филиалдары таратуу борборуна айланышкан.
ХХ кылымдын башында Түркстанга келген германиялык саякатчы Отто Гётче: “Волга жана Батыш Сибирь аймактарынан чыккан татар-мусулмандар тарабынан мусулман сарт жана кыргыздар арасында панисламисттик агитация жүргүзүлгөн. Бул татар интеллигенттери исламдын эң эле таасирлүү жана жигердүү жактоочулары катары эсептелип, аларга ислам ички жана тышкы күч алышы жана маданий өсүшүнө милдеткер... Ошондуктан, мындай шартта Түркстандагы мусулман калктардын ортосунда байланыш түзүлүшү шарт...”[44]
Жыйынтыгында, Орто Азия аймагында ХХ кылымдын башында жаралган мусулман прессасы бийликтин кысымынан, каражат жетишсиздигинен кыска гана убакыт өкүм сүрсө да, аймактын өнүгүүсүнө тийгизген олуттуу таасирин белгилебей кеткенге болбойт. Анын уюштуруучулары жадид идеяларын таратып, Орто Азиядагы өз миссиясын ишке ашырып, жаңылыктарды таратууга жана дүйнөгө чыгууга өз салымдарын кошушкан.
Жогорулада аталган басылмалар кыргыз окурмандарына тарагандыгына эч кандай күмөн жок, алар казы, калпа, молдолор, мударристер аркылуу тараган. Буга мисал катары төмөндөгү маалыматтарды көрсөтсөк болот, “Семиреченские областные ведомости” гезитинин бир корреспонденти Токмок шаарынын почта бөлүмүнүн иштерин чагылдырууда үч жыл аралыгында (1886–1888) бөлүм аркылуу 5570, жети жыл ичинде – 93330 ар кандай гезиттер кабыл алынып жана жөнөтүлгөнүн көрсөтөт.[45] Ал эми Ош почта-телеграфтык кеңсесинде 1913-жылы эле 81795 нускада 78 аталыштагы түрдүү гезиттер кабыл алынганы белгилүү.[46]
Бул көрсөткүчтөр ошол мезгил үчүн кыйла эле жогорку болуп саналат жана алар Кыргызстан аймагында гезит-журналдар чыкпаса да, ошол мезгилдеги басылмалар аймакта толугу менен тарагандыгынан кабар бере алат.
[1] Монтескье Ш. (1689-1755) – француз агартуучусу, философ, укукчу. Түрдүү өлкөлөрдүн жана элдердин саясый турмушун жана мыйзамдарды түшүндүрүүгө аракет жасаган. Деспотизмге каршы чыгып, демократия, монархияны жактаган.
[2] Руссо (1712-1778) – француз жазуучусу жана философ. Цивилизацияны сындап, теңсиздиктин негизи катары жеке менчикти эсептеп, чиркөөнү жана диндик карама-каршылыктарды сындаган.
[3] Дидро (1713-1784) – француз жазуучусу, философ-агартуучу. “Энциклопедия” негиздөөчү, феодализмди, христиан динин сындап, сабаттуу монархияны жактаган.
[4] Марказий осиё ХХ аср бошида: ислохотлар, янгиланиш, таракиёт ва мустакиллик учун кураш (жадидчилик, мухтириятчилик, истиклолчилик). Халкаро конференция матераллари (1999 йил, 16-18 сентябрь, Тошкент). – Тошкент: маънавият, 2001. – 16-б.
[5] Сыдыков О. Тарых кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы. Уфа, тип.:Восточная печать, 1914. – 12-б.
[6] Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Бишкек, 1993. – 5, 15-бб.
[7] Марказий осиё ХХ аср бошида: ислохотлар, янгиланиш, таракиёт ва мустакиллик учун кураш (жадидчилик, мухтириятчилик, истиклолчилик)...- ошол эле жерде.
[8] Габделманов С.Ф. Фөрьядлар. – Казань: Электротипография Шараф, елы юк. – 8-б. Мамытов С.А. Кыргызско-татарские литературные связи второй половины XIX – начало ХХ веков. – Бишкек, 1999. – 107-108-бб.
[9] Которгон – автор.
[10] Ошол эле эмгекте. – 124-б.
[11] Миллет (тат.) – улут
[12] Магрифат (тат.) – окуу, билим.
[13] Сыдыков О. Тарых кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы. Уфа, тип.:Восточная печать, 1914. – 14-б.
[14] Алимова Д. Генетическая основа интеллектуально-социального протеста и слияние философских идей Запада и Востока в воззрениях джадидов. Марказий осиё ХХ аср бошида: ислохотлар, янгиланиш, таракиёт ва мустакиллик учун кураш (жадидчилик, мухтириятчилик, истиклолчилик)...- материалы международной конференции. (1999, 16-18 сентябрь, Тошкент). Тошкент: Маънавият, 2001. – 17-б.
[15] Бейсембиев К. Идейно-политические течения в Казахстане. – Алма-Ата, 1961. – 66-б.
[16] Гольдцигер Лекции об исламе. – Пг., 1912. – С.301. Китепте: Бейсембиев К. Идейно-политические течения в Казахстане. – Алма-Ата, 1961. – 67-б.
[17]Машкевич А.А. Философские идеи деизма в мировоззрении Исмаила Гаспринского. Афтореферат дисс. на соискание ученой степени докт. Филос.наук. – Бишкек, 2004. – 25-б.
[18] Ниязи Хамза Хаким Заде. Садои Фергана (Фергана үнү). 1914. 24-сентябрь.
[19] Келькеже Ш.Л.Роль мусулманской прессы в движении джадидов в Средней Азии начала ХХ века. – Марказий осиё ХХ аср бошида: ислохотлар... . – 33-б.
[20] Ярков А.П. Көрсөтүлгөн эмгек. – 54-б.
[21] “Ойна”, 1914. №35. – С. 833. Караңыз. Валидов Х. Просветительская идеология в Туркестане. – Ташкент: Узбекистан, 1979. – С.74.
[22] Каз.Респ. БМА, ф.90,Ю оп.1, д.494, л.84-86. – Айтмамбетов Д. Культура кыргызского народа во второй половине Х1Х и начале ХХ века. – Фрунзе, 1967. – 267-б.
[23] Сем.обл.ведом. (неофиц. часть), 1909, №209. – Айтмамбетов Д. – Көрсөтүлгөн эмгек. – 268-бет.
[24] ЦГА Узб.ССР, ф.1, оп.31, д.578, л.161. – Айтмамбетов Д. – ошол эле жерде.
[25] История литератур народов Средней Азии и Казахстана. Под ред. Богдановой М.И. – Москва: Изд.-тво Моск. ун-та, 1969 – С.9.
[26] ЦГИА СССР, ф.821, оп.133, д.469, л.313-314. – Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине XIX – начале ХХ вв. – Фрунзе: Илим, 1967.
[27] Ошол эле жерде, инв.№5167, папка №2. – 146-б.
[28] История литератур народов Средней Азии и Казахстана. Под ред. Богдановой М.И. – Москва: Изд.-тво Моск. ун-та, 1969 – С. 8.
[29] Айтмамбетов Д. Көрсөтүлгөн эмгек. – 269-б.
[30] Ошол эле эмгекте.
[31] Келькеже Ш.Л.Роль мусулманской прессы в движении джадидов в Средней Азии начала ХХ века. – Марказий осиё ХХ аср бошида: ислохотлар, янгиланиш, таракиёт ва мустакиллик учун кураш (жадидчилик, мухтириятчилик, истиклолчилик)...- материалы международной конференции. (1999, 16-18 сентябрь, Тошкент). – Тошкент: Маънавият, 2001. – 34-б.
[32] Келькеже Ш.Л.Ошол эле эмгекте. – 34-б.
[33] Келькеже Ш.Л. Ошол эле эмгекте. – 34-б.
[34] Галицкий В.Я., Джаманкараев А.Б., Сапелкин А.А., Усенбаев К.У. Возникновение и развитие революционного движения в Киргизии в конце ХIХ-начале ХХ вв. – Фрунзе, 1973. – С.149.
[35] Көрсөтүлгөн кол жазма фонду. – Инв.№5167, папка №2, 35-б. – Айтмамбетов Д. Көрсөтүлгөн эмгек.
[36] КР БМА, ф.86, оп.1, д.27, л. 145-146.
[37] Айкап. Түзүүчүлөр: Ү.Субханбердина, С.Даутов. Казак энциклопедиясынын башкы редакциясы. – Алматы, 1995. – 283-284-бб.
[39]Смирнов Б.В. В степях Туркестана. Очерки. – М., 1914. – 20-21-б.
[40] Туркестанский сборник. Т.117. – С.182. – Вахидов Х. Указ. работа. – С.75.
[41] Холид А. (США). Идея прогресса в философской мысли джадидов: новое направление во взгляде на мир. Марказий осиё ХХ аср бошида: ислохотлар, янгиланиш, тараккиёт ва мустакиллик учун кураш. – Тошкент: Маънавият,2001. – 28-б.
[42] Холид А. Ошол эле эмгекте. – 32-б.
[43]Келькеже Ш.Л. Роль мусулманской прессы в движении джадидов в Средней Азии начала ХХ века. – Марказий осиё ХХ аср бошида: ислохотлар, янгиланиш, таракиёт ва мустакиллик учун кураш (жадидчилик, мухтириятчилик, истиклолчилик)...- материалы международной конференции. (1999, 16-18 сентябрь, Тошкент). – Тошкент: Маънавият, 2001. – 33-36-б.
[44]Deutsche Schmollers Lehrbuch. – Leipzig. – Munhen, 1913. - №2. – С.371. Караныз. Аунасова А.М. Деятельность национальной интеллигенции Туркестана в первой четверти ХХ века. Докт.диссерт. – 105-б.
[45] Семирек. Токмак Семиреченской области (краткий очерк). См.”Сем.обл.ведом.” (неофиц.часть), 1913, №86.
[46] Ведомость о количестве газет и журналов, полученных в течение 1913 г. В учреждениях Туркестанского почтово-телеграфного округа. По Ошской почтово-телеграфной конторе. См. ЦГА Уз.Респ. ф.19, оп.1, д.29252, л. 194-195.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR