Абуталип Амир: Таасирлер

  • 26.01.2026
  • 127

АҢГЕМЕ

Биринчи монолог

Академик Иван Павлов арактын адам организмине жыйырма үч түрдүү таасири бар экенин байкаган. Мен андан да көп билем. Күлкүсү жок. Маселени теория жүзүндө түпкүлүктүү билүү бар да, аны иш жүзүндө ишке ашыруу бар. Мисалы, тиги Павловду алалы, аракты такыр татып көрбөгөн адам. Ошентсе да, канчалаган нерсени баамдап жетишкен десеңизчи! Чыныгы теоретик. Ал эми менин бул маселенин тегерегинде жылдар бою тырмактап жыйнаган, аздыр-көптүр тажрыйбам бар.

Кээде өзүмдөн-өзүм обочо отуруп, терең философиялык ойго батамын, анан мындай корутундуга келем: канча жерден академик болсо да, такыр татып көрбөгөн адамга жыйырма үч деген ашыкча. Эй, ичкендир… Ачык айтпайт да. Ал кезде демократия жок, ачыктык жок. Анын үстүнө, Батыштын сөзүнө калуудан коркуу да бар. Эми го Батыш менен мамилебиз оңолгону.

Эсиңерде бардыр, бир кезде Батыштык агайын-туугандар менен бирге өткөргөн чоң жыйында, буту тердей баштаган соң туфлийин чечип колуна алган ошондогу Никита Сергеевич байкебизди, ал ошентти деп, бүткүл дүйнөгө ашкере кылышкан эмеспи? Анын эмнеси бар эле, байыркы римдик сенаторлор мамлекеттин бардык маанилүү маселелерин жылаңайлак отуруп чечишкен. Анда алардын баарын жыйынга мас болуп келчү деп ойлошубуз керекпи?

Айтмакчы, кайсыга токтодум эле? А, ооба, арактын таасири тууралуу. Адегенде мындай: ууртап-ууртап коёсуң да, өзүңдү-өзүң тыңшап отурасың. Байкайсың, азырак. Дагы ууртайсың да, дагы тыңшайсың… Эми минтип мыйзам ченемдүү таасирлер бар: адегенде ичиң жылыйт, ич жылыса, демек, бул – мээримдүүлүк пайда болду дегендик; анан бир аз башың ызылдайт. Бул ызылдоо аялыңдын "Үйдө эле отура бересиңби, күн бою үйдө камалып… Көчөгө чыгып акча издесең боло, эл сыяктуу", - деп ызылдаганындай эмес, алда канча жагымдуу. Кийинки кезекте тил кычышат, көшүлө-көшүлө көбүргүсү, чечиле-чечиле чачырагысы келет. Чынын айтыш керек, дасторкон үстүндөгү башкы кызматты (эгер конокто ичип отурган болсоңуз) ушул тил аткарат: "Кымбаттуу достор, - деп баштайт ал "атка минип" алгандан кийин, - кымбаттуу достор, өзүңүздөр билесиздер, мына бүгүнкү жыйыныбыздын негизги себепчиси, мына татынакай баш кошуубуздун негизги "күнөөкөрү", бул – биздин кадырлуу Бөкөң. Ушул Бөкөңдүн аркасында…" - тил узакка чабат. Чаап, чаап бүтөт да, "Ал, канекей, ошол үчүн алып коёлу", - дейт.

Андан кийинки маселе көз: заматта ооруга чалдыгат, диагнозу – алысты көрүүчүлүк, башкача айтканда, жакынды көрбөйт, алысты калтырбайт. Мисалы, жаныңдагы өз аялыңды көрбөйсүң, бирок дасторкон аягындагы тигил сулуу келинчекти жакшы көрөсүң…

Ырас, кээде аялдын таарынган жери бар. "Элдин эркектериндей иче албайсың, отурду го сендей тиги кимдер, арагын ченеми менен ичип, сөзүн орду менен сүйлөп. Сен алдыңа келгенди шыпкап жутасың да, бала сыяктуу желп-желп этип желпилдеп кетесиң, отурган элден уяласың…"

Илгери дейм анда, жаңы үйлөнгөн кезде, башка эркектин артыкчылыгын айтса делдектеп тура калчумун, азыр көнүп калдым… Анан, аял деген аял да, арак ичүүнүн негизги маанисин ал кайдан түшүнсүн.

Анын ою боюнча, эл аракка тоюп, семиз козудай болуп олтурушу керек экен. Ошондой да болобу? Кадырлуу конок деп сыйлап чакырган үй ээлеринин уятка калтырасыңбы?! Бул – бир, экинчиден, кудай билет дейин тигинде, тиги Сопигандын аялы да азыр күйөөсүн жемелейт, бирок анын сөз төркүнү биздикинен бир аз башкачарак: "Элдин эркектери сыяктуу иче албайсың, оозуңа эки рюмка арак барса болду, албарсты баскан адамдай кыймылдай албай каласың. Ылжып оозуңдан сөзүң түшүп, былжырап отурган сени сөз кылып, күлүп жаткандыр элдин аялдары. Отурду го сендей тиги кимдер, канча арак куйса да ичип, ырдап (мени айтып жаткандагысы), элди күлдүрүп. Ал вооще молодец! Же эркек сыяктуу тамеки чекпейсиң, атасын сен өлтүргөндөй, же бирөөнүн көзүнө тике кароого батынбайсың. О, шордуу, бечара өлтүрдүң го мени…" Ошондуктан, кимдин ким экени – талаш маселе…

Ошентсе да аял бир ооп кетсе, багытынан кайтпастыгын билесиздер. Биздики маселени кабыргасынан коёт: "Эгер ичер болсоң, мен бүгүн тиги чакырган үйүңө барбайм, өзүң бара бер". "Жарайт, дүйнө ошого такалып турса, мен ичпей эле коёюн, бирок баралы, атайылап сыйлап чакырса, барбай койгон уят эмеспи?" Анан барган жерде сыздап отурам: "Бир аз ден соолукту оңдош керек болуп турат, что-то, ашказан ооруп…" Эл кан майданга менсиз кирип кетет. Мен уруш талаасын сырттан байкап отурам. Көңүлдүү күлкү, катуу тамаша, курч тамашакөйлүк, кучак-кучак тилек. "Баятадан байкап отурсам, чынында, Бөкө, сиз өтө эле бактылуу жан экенсиз…"- деп баштайт сөзүн Төкөң. "Негизинде, ой жүгүртүп көрсөк…"- деп кошумчалайт аны тилек тизгини өзүнө тийгенде Сөкөң. "Жыйнаганыңар тойго чачылсын",- дейт үчүнчү бирөө. "Ушул дасторкон башында айтылган тилектер Улук кишинин кулагына чалынсын", - деп корутундулайт кийинки мейман.

"Улук киши" деп кудайды пенделердин катарына кошуп жатабы, болбосо элбашыбыз же Алла таала менен адаштырыппы, ал жагын так айтуу кыйын… Эң башкысы, кан майдандан четте калып мен отурам. Эй, күйүмдүү достун орду башка да, башка. Менин мына бул бечара абалымды элден мурда карама-каршы отурган Жыбырлак түшүнөт. Анткени, өткөндө аялына: "Чын сөзүм, эми мына бул аракты ит ичсин…" деп убада берип, дал ушундай аламан кызыктан куру калып келаткан жеринен мен куткарып калгам.

Кайрым кылганды унутпаган, кудай берер жигит ко Жыбекебиз. "Башы оорубастын кудай менен иши жок" демекчи, башка эл кайдан билсин? Кайран Жыбекем-ай! "Бөкө, - дейт ал үй ээсине бурулуп, - мына биздин Төмөкөң, сиздин ушундай укмуштуу тоюңузда бир стакан алууга жарабаганы эмнеси? Өзүм түшүнө албай отурам. Мейли, бизди сыйлабасын, атүгүл бүткүл эл сыйлаган сизди сыйлабасын, а сиздин ак адал дасторконуңузду сыйлабаганы жарашабы?.."

"Ой-бой, мен да баягыдан бери ошону ойлоп отурам, бул Төмөшке эмне болду деп. Анан такыр татпай жүргөн ичимдик эмес эле го. Ал, иним, кана, агаңдын үйүндө мындай той күн сайын боло бербейт. Негизи, бир отурушта бир рюмка, жарым рюмка ичсе болот ко".

Түшүнө билген адамга сөөктөн өтөр сөз. Ошондо да оңой эле көнө кетким жок: "Бөкө, ыкласыңызга ыракмат, бир аз ден соолук болбой турат, антпесе…" – эсеп боюнча, эми эң азындагы бир жолу кыйнашы керек, аялыңдан айбыгуу дагы бар…

"Мен сага арак ич деп отурган жокмун, сага көңүлүңдү калтырба деп жатам. Анан эми ага жарабасаң өзүң бил", - үй ээси кейиштүү түрдө айтат.

"Жок-жок, Бөкө, таарынбаңыз, биздин Төмөкөң андайга барбайт", - дейт кайрадан Жыбырлак сөзгө аралашып.

"Бул сага берилген акыркы мүмкүнчүлүк", - дегенди көрөм көзүнөн. Эми артка кайтсам, мүмкүнчүлүктүн колумдан чындап суу куйгандай агып кетишинен чочулайм. Корком да, аялы жакка карабай, мындай дейт: "Ту-у, Бөкө-ай, болбодуңар го, жакшы, бир стакан, сиз үчүн гана".

"Ап, баракелде-е-е, рахмат-рахмат, эми туура болду". Андан кийин арасын суутпай мага тост берет. Алгачкы рюмканын тез эле таасир эте бербесин… Ооба, ал жөнүндө жаңы эле айттым, демек азырынча таптакыр соомун. Анан эл айтпаган жаңы бир сезимди билдиргим келет. "Та-а-к, - дейм ичимден, - "берекелүү-мерекелүү" деген айтылып кетти, "көргөн көпөлөктөрүңүз" деген да айтылып коюлду, ым-м…".

"Кане, Төмөкө деп жибериңиз", - чыдамсыздык менен бирөө оюмду бөлөт.

"Кымбаттуу Бөкө, – дейм колумдагы тунук ичимдикке карап, – негизинен бактылуу болуу дегендин өзү – башкаларга бакыт тартуулоо, башкача айтканда, бакыттын булагы боло билүү экен… Ушул жерде өтө бир пайдалуу тыным жасап, отургандарды ойлуу көз караш менен карайм да, көңүлүмдү кайрадан ичимдикке бурам. Ушул жагынан алганда сиз…" – элдин каалоосу мага бурулганын Жыбекеңдин жанындагы аялына: "Тура турчу, санымды чымчылабай, сөз угалык", – деп жатканынан байкайм. Анан жакшы башталган сөзүмдүн мааниси кетип калбастан, өз убагында аяктоонун жолун ойлоп, айландырып келип: "Маселе ичип-жегенде эмес, маселе көңүлдө", – деп классикалык түрдө аяктаймын.

"Ушул тилегендериң рас болсо, адегенде өзүң ичип кой, кана", – дейт Жыбырлак. Аялымдан башка элдин көңүлү мага бурулат (ал мына болуп жаткан кубулуштун ага эч тиешеси жоктой, конфеттин кагазын арчып отурат). А ичпей көр! Аял өзүмдүкү да, түшүнөт дейм да, көпчүлүктүн көңүлүн калтырбай тартып жиберем. Жыбекем жылмайып коёт, ал – "Өткөнкү жакшылыгыңдын акысын кайтардым, ушинтип түшүнүшө берели" дегени. Ал эми үй ээси мындан кийин мага бурулуп да карабайт, эми камчы салдырбасымды билет… Чынында эле ушундан кийин "ак шайтаным" ойноп чыга келет.

Эгер башың ооруй баштаса, арактын уусу кайта баштаганынын белгиси. Мына, бул дагы таасир. Арак ичүүдөгү эң оор учур ушул. Арактан кийин эртең менен бүт ден соолугуңдун көтөргүс абалын, башыңдын зыркыраганын, аялыңдын жүдөткөнүн мындай коёлу, ички жан дүйнөң зар ыйлайт, анан, эмнегедир билбейм, өзүңдү өзүң иттей кылып сөккүң келет…

"Тиги баланы бүгүн мектепке жиберген жокмун, — дейт аялы жумушуна камданып жатып, — өтүгүнүн такасын түшүрүп келиптир кечээ, сатып бергенге акча да жок. Бул кыз болсо, "кожаный жилет алып бербесеңер, сабакка барбайм" деп көшөрүп жатат… Мына тишим да түнкүсүн уктатпай кыйнап бүтүрдү, ооруканага да баралбайм, жулдуруунун өзү беш жүз теңге… Жата бербей тур да тиги Салимге барсаңчы, былтыркы карызга алган акчаны сура, кайтарсын. Ушул эл кызык, керек учурунда жалынып-жалбарып, акелеп-жакелеп алат да, эми өз акчаңды сурасаң, кадимкидей таарынат… Муздаткычтын үстүнө нанга акча калтырып кеттим, чайды сүтсүз ичебиз. Мен кеттим, эшикти жаап алгыла". Кайтарып бере койбосун билсем да, өзүмдү-өзүм алдагандай телефондун трубкасын көтөрөм, оюм Салимге чалуу. "Алоо! Ало-о". Телефондо үн жок, өткөн айдын төлөмүн төлөбөгөнүбүз үчүн өчүрүп таштаптыр… Мына, бул да таасир. Мындай таасирлер Иван Петровичтин (Павловду айтам) түшүнө да кирбеген чыгар. Айтмакчы, Жыбекең эмне кылып жатат болду экен, а? Кой, жата бербей барып келейинчи. «Эрте турган эркектин ырысы артык» деп эл бекер айтты дейсиңби? Ооба, барып келейин, мынабу жакын эле жерде го…

Таасирлер & Экинчи монолог

Арак ичкендеги пайда болчу дагы бир таасир — куунактык. Бүткүл денеңди ээлеген агылган сезимди сыртка ыр менен чыгаргың келет. Эч кимден уруксат сурабай, ырдап да жибересиң: "Ой мороз, мороз, не морозь меня". Же: "Айлуу түндө, арман элең". Мунуңду эч ким жаман көрбөйт, себеби, "ар башта бир ой бар" демекчи, элдин баарында тең арман бар, тек ар кимдики ар түрдүү.

Дагы бир таасири — суусоо. Арак ичип отуруп, бир дарыяны жутчудай суусаган кезиң болот. "Түн ортосунда ойгонуп кетип суусасаң бир жөн, а ичип отуруп суусайм дегенди уккан эмесмин, башымдан өткөргөн да эмесмин", — деп талашарсыз, эгер арак ичүү өнөрүнөн аз болсо да кабарыңыз болсо.

Токтой туруң, шашпаңыз. Мисалы, бир таанышыңыздын үйүнө бир жумуш менен барып калдыңыз дейли. Үй ээси сизди сыйлап, чай менен кошо арак куйду. Чай ичилип бүтөйүн деп калды, бирок суусооңуз такыр канбай жатат. Себеби, байкап отурсаңыз, бөтөлкө түбүндө али ичилбеген арак калып калчудай… Сиз оозуңузга бир чайнам нан салбай, ата тегиңиздин куну ошол жерде калгандай, кара чайды шимирип ичесиз, иче бересиз. Кожоюн сиздин каалооңуздун төркүнүн түшүнө коёт: "Кане, Жөкө, мындан дагы бир…" Сиз аны укпаган сыяктуу түр жасайсыз, себеби билесиз, "куйсаң куй" деш адепсиздик. Анан кабагыңыздан кар жаап, баш чайкап, кайгыра отуруп, элдин социалдык-экономикалык абалы тууралуу жаңы сөз баштайсыз: "Айыл бүттү, биротоло бүттү, айылды булар…" — деп. Эгер кожоюнга бул теманын жакпасын алдын ала билсеңиз, кудайга шүгүр, канча сөксөң да эч кимиси келбеген, бекер тема бар эмеспи, баштап жибер: "Приморский крайың тиги, баары тоңуп калган. Президентиң тиги кайда барса лыжа тээп жүрөт… Ал эми тиги Бородинону эмне кылышты өздөрү, эй, бекеринен эместир, билинер-билинбес бир күнөөсү бар го" деп… Кудайы кошуналарын да ушактасаңыз – үй ээсине жагат, кошунасын жамандаганды ким жек көрүптүр, өзгөчө кошунаңыз сизден бай болсо. Көңүлү көтөрүлгөн үй ээси ушул экөөңөрдүн ортодогу рюмкага толуктап куюп да жетишет…

Ал эми бул сөз да үй ээсине жакпасын сезсеңиз, ошол замат эле "парниковый эффект" болор жагын караштыруу керек. Башкача айтканда, мындай кезде не дейсиз: "Чыныгы демократия деп, Орусияны айт, эмне сүйлөгүсү келсе ошону сүйлөйт, эмне кылгысы келсе ошону кылат, эмне көргүсү келсе ошону көрсөтөт. Биздики эмне, өзүлөрү айта алышпайт же башкага айттырбайт. Кантип анан эл болобуз?"

Андай болбосо мактаңыз. Кимди дебейсизби, үй ээсин, аялын, баласын, итин. "Үй-бүлөңүздөр менен таланттуу экенсиздер", - деңиз.

Эгер үй ээси сөздү жактырып калса, муздаткычтан дагы бир бөтөлкө алып: "Кайда шашасыз, бир аз сүйлөшүп отуралычы. Өмүрдүн түйшүгү баары бир бүтпөйт, күн сайын келип жаткан жоксуз", - деши мүмкүн. Көпчүлүк адамдар ичип алганда өзүн өзү мактап, а сиз антпеңиз, сабырдуу, акылман көрүнүңүз.

Ошол бөтөлкөдөгү бүткөнчө кожоюнду мактай бериңиз, мактай бериңиз… "Аялыңыз кандай керемет, эмнесин айтасыз, бактылуусуз го… Ал сиз менен отуруп маектешүү кандай сонун. Тфу, жашарып калдым го", - деп коюңуз. Ооба, таасир көп, таасир жетиштүү. Аттиң, угар кулак жок. "Угуучусу жок сөз жетим", - деп мурункулар бекер айтпаган. Түшүнбөйт, түшүнүүгө аракет кылышпайт, аракет жок… Анан өткөндө көкүрөккө толуп калган чердин бир азын, күнү-түнү короодо байланган иттен чыгардым: "Силер, иттер, - дедим, - нагыз барып турган итсиңер.

Эч нерсенин маанисине түшүнбөйсүңөр… Мисалы, мен сени өз күйөөсүн таштап, немиске турмушка чыгып, Германияга кетип бараткан аялдан сатып алдым. Ал сени эркелетип, "Принцесса" атаптыр. Азыр мамлекеттик тил казак тили, ошондуктан мен сенин атыңды "Ханбийке" деп өзгөрттүм. Эч кандай моралдык кемсинтүү көрүп жаткан жериң жок, даражаң да түшүп калбады. Ошентсе да мен сага "Ханбийке, Ханбийке" десем, сен башка бир итти чакырып жаткандай түр кыласың, карагың да келбейт. Мунун туура эмес, турмуштун агымынан калбоо керек. Башкалар үйрөнгүсү келбесе, өзүнөн көрсүн, бирок сен ылайыкташ. Ушул Казакстандын жылуу жумшак нанын жейсиң, сорпо-суусун ичесиң, анан туруп моюнга алгың жок. Өзүң ойлочу, мунун кандай?" - дедим. Итим алгач менин өзүнө көңүл бурганыма кубанып, нес болуп калат.

Кулагы тикчирейип, куйругун бултаңдатып, көзү жанып, мага бир үмүт артып карайт. Анан ал менин колумда эчак өчүп калган тамекинин калдыгынан башка өзүнө бере коёр эч нерсем жогун көрүп, жана бул жолку лекциянын темасы өткөндөгүдөй болгондуктан, куйругун чатына кысып, уясына кирип кетет.

"Сен, - дейм ага, - ит болгонуң үчүн иттигиңди кыласың, тыңшагың келбейт. А мени бир кезде элдин баары угушкан..."

Ушуну айтсам, аялым да түшүнбөйт: "Кырк жыл мурдагыңды айтып мактанбачы, - дейт ал, - кыйын болсоң, көрсөт өзүңдү, "бир кезде, бир кезде" дей бербей, азыр эч ким сөзгө ишенбейт, иш керек, иш".

"Анан мени эмне кыл дейсиң, жок ишти кайдан табам? Жерди бөлүп алыштыбы? Алышты. Өкмөт байлыгын уурдаштыбы? Урдашты. Завод-фабрикаларды түк калтырбай менчиктештирдиби? Ооба. А бизге инвестициялык купон деп жарты тамандай кагаз берип алдашты. Айланайын-ай, кайдан алам, жок акчаны? Улуттук банкты тоно дегени турасыңбы мага?"

"Ошолор алып жатканда кайда элең, ошону айтчы мага?" - деп ал да жок жеринен чыгат.

"Вот, кызыксың сен, - дейм жиним келип, - жаныңда жүрдүм го, ызгарлуу суук түндө, эң акыркы троллейбустун айдоочуларына май шам менен арак сатып. Унутуп калдыңбы, бир литр спирттен алты бөтөлкө "Арай" арагы чыгарын? Өзүм да силерге жетсин деп ичпей жүргөн күндөрүм болду… жок дегенде жылына эки жолу".

"Сага арга жок, - дейт анан ал, - "жылына эки жолу" дейби, бети кызарбай. Мүйүз чыктыбы ошол арагыңдан? Кызың чоңоюп калды, таштачу кезиң болду го бир. Көздү ачып карабайсыңбы айланага. Элдин базарга кантип ылайыкташып жатканын байка. Элдин баары эле жемкорлук менен байып жаткан жок".

Түшүнбөйт. Маселе аракта эместигин түшүнбөйт. Кантип түшүндүрөм? Кантип? Же… балким ушул сөздүн жаны бар бекен? Чынындап эле таштап көрсөм не болот а? Жок, чын… Ичпегендер менден артык бекен? Кереметпи? Э, Кудайым, ак жолуңа башта пендеңди! Мына азыртан баштап коштоштум арак менен! Ошентип айттым. Азыр, мына бул башты жазып алайын, бир жолу жүз грамм ичем. Анан такыр эле таштаймын бул арак деген итиңди!..

Таасирлер & Үчүнчү монолог

Атактуу адамдарды кой, чет өлкөлөрдө жан-жаныбарларга да эстелик орнотушат. Өзгөчө ат менен арстанга орнотулган эстеликтерге эсеп жок дейт. Англияда доңузга, Америкада өлүп калган мышыкка орнотулган эстелик бар көрүнөт… Эгер бийлик колумда болсо, мен баарын жыйнап коюп, алдымен арак ичпегендерге эстелик орнотор элем… Жок-жок, арак ичпегендердин баарына эле бирдей эмес, арийне. Арак ичпей, ичкендердин арасында ичкенден бетер көңүлү көтөрүлүп, арак ичкендерди жаман көрбөй, кошо мас болуп отура бергендер тууралуу айтам. Мындай кылуу экинин биринин колунан келбейт. Ооба, кудай бетин ары кылсын, бул бир тозок: кызып алган эл майда нерсеге ызы-чуу чыгарып, жок нерсеге таң калып, жылмайып күлөр нерсеге чалкасынан кетип каткырат…

Сен болсо отурасың, чет тилин түшүнбөгөн адамдай ар кимге жалтаңдай жылмайып… Алып жиберсең, баары өз ордуна келмек: жаңы эле эч нерсеге татыбайт дегениң өтө орундуу айтылган сөз, күлкү келтирбейт дегениңдин баары өзүнчө эле комедия, ал эми түшүнбөй, он жылдан бери башканы кой, өзүбүздүн казакка үйрөтө албай жүргөн өзүңдүн эне тилиң экенин билмексиң ошондо сен… Андай болбогон соң, амал жок, башкалардын таасирине күбө болуп, кайгыга толгон абалда отурууга туура келет…

Башында баары жөнөкөй эле коноктогудай башталат: ар бир аял өзүнө тиешелүү дүйнөнү сүйлөп, эркектер өкмөттү ушактап, бир сөз менен айтканда, эч кимге тиешеси жок, эч кимдин ар-намысына тийбеген, жайлуу темалар сүйлөнөт… Бул жерде сиз эл менен бирдейсиз, саясатты жакшы жагынан сындап, Астанадагы депутаттардын отуруш-турушуна баа берип, зарыл деп тапсаңыз, былтыр өзүңүз добуш берген шайлаганыңыздын "ит терисин башына жаап": "Жер бүткөндү алып алып, жердин баасын көтөрөлү дегенде жаны чыга жаздаганын карачы, кудай жазаласын", - деп ыракаттанып отурасыз.

Тилекке каршы, бул тең салмактуулук дасторкон даамынан ооз тийгенден баштап эле бузула баштайт, арактын адам организмине тийгизчү күчүнүн өсүшү менен сөздүн да, күлкүнүн да маани-маңызы башкача, ойлобогон нерселер менен уланып жүрө берет…

Кыскасы, эмне дейин, бул жыйында сиз аралаша тургандай сөз калбайт. Алиги депутаттарыңа эч ким көңүл да бурбайт. Азыр ар ким өзү депутат, өзү парламент, эки-экиден комитет куруп, анын жыйынына кезек-кезеги менен төрагалык кылып отурат. Эч кимдин жолдоштук жыйында уйкусу келбейт, элдин баарында айтуучу өтө маанилүү ой-пикири, толгоосу жеткен баалуу сунушу, өздүк өткүр чечимдери бар. А сизчи? Өкүнүчтүү, депутаттыкка өтпөй калдыңыз. Деген менен, анда эч кимдин иши жок, өтпөй калганыңызга эч ким күнөөлүү эмес. Мандатыңыз алдыңызда турду, эки колуңуз бош эле. Ошондуктан сизге, ашып кеткен күндө да жулкунуп-жулкунуп сүйлөп, жегизип-жегизип далилдеген депутат эмес, эл тагдырына кайдыгер карап, уйкуга жол берип, кийинки чакырылыштын депутаттыгына дагы өтүп кетүү үчүн айтылар жалган жана ар кандай кутум убадалардын түрлүү жолдору менен варианттарын караштырып отурган депутаттын ролу туура келди. Ооба, сиз дөлдөйүп отуруп, жан жагыңызда болуп жаткан кызуу саясый таймаштар менен пикир келишпестиктерди амалсыз угуп отурасыз.

– Жакында окуп отурсам, - деп баштайт сол жагыңыздагы депутаттык корпустун төрагасы, - акча дегениңиз, байкасаңар, аккан суу экен. Тек ошону, муну биз, тиги Батыштагылар сыяктуу пайдаланганды билбейт экенбиз. Бизди бир кезде ага эч ким үйрөтпөптүр. Өзүбүз кантип, эмнеден жасоону билбегенден кийин, өкмөт кагаздан басып чыгарат деп жүрө бериптирбиз го.

"Сиз кечиресиз, - дейт экинчи бир эл өкүлү анын сөзүн бөлүп, - сиздин кайдан окуганыңызды билбейм, бирок мен алиги акча суу дегениңизге кошулбайм, ал жай бирөөнүн айта салган сандырагы. Эсиңизде болсун, акча суу эмес. Акча эч качан суу болгон эмес! Акча - суудагы балык! О! Ошол балыкты кармаганды билиш керек! Мына маселе кайда жатат!"

"Ким акча суу эмес деди, акча чыныгы суу! - деп сөзгө аңгеменин төркүнүнө кирбей туруп эле, аял өкүлү аралаша кетет, - суу эмес болсо, капчыгына акча толтуруп, тиги Шашугүлдү, башкача айтканда, акча-балык деген көз караштагынын аялын, базарга жөнөтүп көрчү, акчанын суу, суу эмесин ошол заматта далилдеп берсин".

Ошол маалда үстөл маңдайында бир чоңдун жумуштан түшүп калуу маселеси талкууланып жатат: "Ошону сиз менен бизге айтат дейсизби, айтпайт… Бирок ансыз деле белгилүү иш эмеспи, жогору жак менен бөлүшө албай калган го, антпесе эл аман, журт тынчта соп-соо ден соолугу таза адамды жумуштан алабы?…"

"Казыгы бекем экен го келаткан чаардын, муну ордунан жылдырып жибергенине караганда…"

"Бекем, бекем… акчанын ачпаган кулпусу жок… Чоң акча качанда болсо жакшылыгын көрсөтөт…"

"Достор-ай, силер эмне? Тиги жактын сөзү да акча, бул жактын сөзү да акча… "Эмне акча көргөн эмессиңерби? Же ушул үйгө акчанын ырын ырдоого келдиңер беле? Акча башында эле жеткен жок, азыр да жетпейт, эртең да жетпейт… Азыр, жалпы, көңүлдүү темага өтүңүздөр… Сен, айланайын, өзүң элди жайып жибердиң го, кичине жандурак башкарбайсыңбы?" – деп үй ээлерине жаны ачыган көк көйнөктүү айымдын сөзү тамада жигитти куйругу менен сабап-сабап өтөт.

Сөз кезеги ушул маалда тийип, жаңы гана сөзү кызып бараткан чечен аңгеменин эң бир кызуу жеринде бөлүнүп кеткенине нааразылык билдирбегени менен, акчасы жоктордун "ооба, ушундай кылалы" дегенине кубанып, анан "андан көрө, эмесе ырдайлычы" деген сунушунан чыгалбай, бирок ичинен "акчанын баркын билбеген иттер!" деп шылдыңдап алып, добуш берүүдө калыс болот.

"Менин эмне күнөөм бар? Башкарып бер дедиңер, колумдан келишинче башкарып жатам. Эч кимге "мени тамада кылгылачы" деп жалынбадым", – деп таарынычын жашырбаган тамада жигит чылым тартууга сыртка чыгып кетет.

"Кетсе, кете берсин, – дейт башкаруусуз калган элди сооротуп, көк көйнөктүү айым, – биз дагы адамбыз, бир нерсе кылып башкарабыз, далай тойду башкарганбыз". Ушинтип айтат да, эки колун өйдө көтөрүп, алакандарын чаап, мурда-кийин дасторкондогулар укпаган ырга өтөт: "Чап-чап чапалак, дөб-дөб дөңгөлөк, сөб-сөб сөбөлөк…" Коноктор башында, чынында эле, бул өзгөрүүнү түшүнө албай нес боло түшөт да, деген менен жаңы десе жанып эле кетчү эл эмеспи, элең этип карап калышат. Эми эмне болор экен деп ооздорун ачышат. Дээрлик толкундун үстүндө турган элди башкаруу оңой, муну бийлик алмаштыргандын баары билет…. Ошондуктан ушундай ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көк көйнөктүү келинчек маданий чабуул процессин тереңдете түшөт: "Отурган жердин көркү – ыр, тамаша – витамин… Азыр баарыбыз ырдап көрөлүчү, а азыр санайм: бир, эки, үч: чап-чап… Жок-жок, кайрадан, кайрадан, кайрадан: чап-чап кол чабуу, дөб-дөб дөңгөлөк, сөрп-сөрп сөбөлөк… Катуурак!"" катуурак, ай кудай-ай, сиз эмнени тиктеп отурасыз, асмандан түшкөндөй болуп… агай, бадыраңды коё туруңуз, анан жейсиз… кана, кана чогуу, чогуу: чап-чап кол чабуу, дөб-дөб дөңгөлөк, сөрп-сөрп сөбөлөк…Эл бүгүнкү дасторкондо жаңы бир Жанна д`Арктын дүйнөгө келгенин моюнга алышат, мойнуна алганы ошол жерде отургандар, ар ким кудай берген үн менен кыйкыра башташты: "чап-чап кол чабуу, дөб-дөб дөңгөлөк, сөрп-сөрп сөбөлөк". Ар кимдин алла жараткан үнү ар кандай болгондугуна, ичилген арактын таасирине жараша… ырдын сөзү да ар түрдүү болуп жатты, мисалы: кээсиники угулат: "шип-шип шипалак, дип-дип дипалак, сип-сип сипалак". Ошол замат келип чыккан маданий революцияга баа берүү сиздин колуңузда да, чамаңызда да жок, себеби төңкөрүш учурундагы окуялар бири-бирине тездик менен өтүп, жаңы өкмөт жобосун жарыялашка да жетишет: «Кана, кана, дембе-дем куюп жибериңиздер, отурабызбы ушундай, эки-экиден жоктон акча жасап, азыр каалоо-тилектерге кезек беребиз, анан ырдайбыз, кийин билейбиз, кана, кана шап-шап кол чабуу, дөп-дөб дөңгөлөк, сөрп-сөрп сөбөлөк…"

Чынында эле жаңы өкмөттүн сунушу боюнча алды менен атайын тилек, андан кийин кадырлуу тилек, андан кийин өзгөчө тилек угулат, жана албетте, ар айтылган тилектин кабыл болуусу рюмкаларды бошотуу аркылуу колдоо табат… Тилек деген жакшы нерсе да, дасторкондогулар кайраттанып, эл өкүлдөрү дагы корпус-корпуска бөлүнүп, ыр жаңы агым менен, жаай баштайт: "курдаш, алып коюңуз!…"Өзүңөрдүн тосуңуз… Жо-жок, болбойт… Калтырбаңыз рюмкаңызды… Калтырбаңыз… Баарыбыз тең Сиздин тилегиңиз үчүн алып жатабыз…" төмөнкү палатанын мүчөсү жогорку жактагы жарыш сөз ээсин жалынтат. Төрдө отурган коноктордун бири 1840-жылы Коёнду жарманкесинде өз атасынын чоң атасы Есекей деген бирөөнү тескери бата берип, тентитип жибергенин, ал эми ошол даанышман чалдын бүгүнкү урпагы, азыркы келип компьютер сатар ызы-чуулуу фирмада күзөтчү болуп иштей турганын өтө бир мактаныч сезими менен айтып отурат… Сиздин бир саамга башыңыз айланат… Ушул дүйнөдө дал мендей байкуш бар бекен деп, дасторкондогуларга уурдана көз таштайсыз…

Күзөтчүнүн оң жагында чачын таза кырдырып салган мейман кошунасынын сөзүнө кулак төшөйт да, бирок бир заматта тажап, "Кана, көтөрүп жиберели!" – деп, бурчта эч ким менен иши жок, ымшып тердеген мурдун улам тартып, жайбаракат жаңгак чагып жеп олтурган муруттуу конокту колтукка түртөт… Дасторкондогуларды карап, эл сыяктуу эс ала албаганыңызга капаланып, ушул үйгө келем деп чечим кабыл алган учурду каргыш урсун дейсиз ичиңизден. "Же ичип жиберсемби… булар эле ушул жыргал дүйнөгө аралашып жүрө береби?" деген да ой келет: ансыз да чарадай башыңыз чакчадай чагылып турганда…. Башынан баштап ичпегендиктен, андайга баралбайсыз. Ошондуктан, бирин бири укпаган, биринин сөзүн бири жыра тартып айтышкан аңгемелердин жалгыз угуучусу сиз болуп, кийинки шишенин ырын тыңдайсыз: “Экөөбүз кечээ аялдамада турабыз. Мага бир жигит: «Агай, кечээ сиз алиги үйдө конокто болгонуңузда көп маанилүү сөз айттыңыз, ошол макалдарыңызды жаттап алайын дедим эле, бир-экисин айтып бериңизчи», – дейт. Мен айтам: «Ой-бой, макал деген көп го, анын кайсы бирин эске сактап жүрдү дейсиң, тура тур, эске түшүрөлүк… Эң болбосо эмне жөнүндө айтылганын эсиме салчы», – десем, «Агай, аны билбеймин, айтор бир жакшы сөздөр», – дейт. Ошентип, экөөбүз жакшы сөздөрдү эске түшүрө албай көп турдук, ойлонуп…”

Автобус жок, тоңуп калдык… Айттырбай билген жигит экен, экөөбүз ошол жердеги бир камокко кирдик. Мына мунуң туура болду. “Болор бала богунан” деген эмеспи элим, — десем, каткырып күлөт. «Ай агай, жанатан бери айтпаган макалды эми айттыңыз го!» деп. Мен айттым: «Жанатан бери мындай макал айтуунун ыңгайлуу учуру келди беле? Тура берип тоңуп калдык… Эми, мына, болот айтууга. Акысын төлөсөң, таш-талканын чыгарабыз, чырагым…» Уу-уф… Бул кылымда болбочудай болуп көрүнгөн тыныгуу жарыяланды го акыры. Баары куруп кетсинчи, эң болбосо чылым чегип, адам катарына кошулайын деп, сырткы эшикке карай өтүп баратасыз. Өтүп баратасыз да, кудайдын кудурети менен, кошуна бөлмөдө аракка өлөрчө тоюп алган ушул үйдүн күйөө баласы телевизордун алдына отуруп алып, сексендеги кемпир кайненесинен бата сурап отурганын угуп каласыз: «Мага батаңды бер апа, — дейт күйөө бала, — мен «бинго» ойноп жаткам, машине утуп алайын, батаңды бер!» Кайненеси батаны качан берүү керектигин түшүнө койбойт… Күйөө бала кыйнай түшөт: «Бата бер, апа, азыр бер!» Кайненеси айтат: «Ий, өмүр жашың узак болсун, катарыңдын алды бол!» «Машине утуп ал де апа, батаңды бер! Мен ойноп жатам, утуп ал де, батаңды бер!» «Ий, машине алам десең, машине ал… Жумушка тур… Тиги кыз да тынч жашасын… Азыр баарына жумуш табылып жатат дейт ко, сага да табылар, кудайдан үмүт кыл, кудай куру калтырбас…» «Машине утуп ал де апа, бингодон, батаңды бер, батаңды». Дализге чыгып темеки күйгүзөсүз. Ичкен арактын кызуусу тамекинин уусу менен күчөй түшүп, жаш күндөрүндө бокстан разряд алган кызуу кишинин эсине бирдеме түшөт. «Мен го элүү бештемин, — дейт ал жанындагы «Парламент» темекисин чегип турган кызыл галстукчан депутатка, — сен отуз беште экенсиң, токтоп тур, анда сенден өзү канча жаш улуу болом, ия? Токтоп тур… Тура туруңузчу, мешайттабаңыз… Ойдогу менен эки… жок үч… Ай, мен өзү сенден почти жыйырма жаштай улуу болуп жатамбы-ей! Ай, сен бокмурун бала экенсиң го… Е-хе-хе… Сенин жашыңда мен… Е-хе-хе… Эмнеге чычалайсың… Эмнеңе чычалайсың деймин… Эмне кичүү экениң калппы?» Ал эмне десем эмне экен, эмне бокмурун экениң калппы? Башчы болсоң, өзүңө башчысың, бирок бокмурун башчысың. Сенден коркпоймун, түшүндүңбү? Элдин баары «Көкежанитч, Көкежанитч» дегенге кутуруп калган экенсиң. Баягыда мен элем го, «өстүрсөк кандай болот ушул баланы?» деп Дүрекеңе алгачкы болуп айткан. Эмне? Кимсиң сен ушунчалык башка жерде сүйлөшөр? Калкым, сен аралашпай тура тур, бул биздин жеке иш. Түшүндүңбү, сендейдин далайын көргөм, көбүнүн башын жуткам, сени да жутам. Жок, түшүндүңбү, жутам да коём, какап да койбойм, түшүндүңбү?

«Ой-бой, булар кырылышып жаткан го», - деп бир аял үйдөн атып чыгат. Ачык калган эшиктин ар жагында: «Сезимди кантем, сезимди кантем, сезимди кантем, жарыгым», - деп үстөл башынан тургусу келбеген бир депутат ырдап жатат.

Бир шойкомдун башталып кетерине көзү жеткен көк көйнөктүү көсөм келинчек, адам жутуп койсо да, какабай турган мейманды коё тур дегенине да койбой, колунан жетелеп, ичке киргизип, каалаган жерге колдонууга келе турган формуласын кошуп кеп жиберет: «Агай, кана, чап-чап чапалак, доп-доп домалак, соп-соп собалак… Ал, кана, эми кезек бийдики. Агай, кана, ортого, келиңиз, келиңиз ортого. Бис-бис бий кандай, туш-туш тушадай, эйда, кана, көрсөтөлүк көкөсүн, чыгаралык эсесин: чап-чап чапалак, доп-доп домалак, соп-соп собалак… Ортого, ортого…»

Арак ичкен жоксуз… Өмүрүңүздүн аябай кадырлуу бир күнү бекер өткөндөй жабыркап үйүңүзгө кайтып келатасыз. «Тигинин өзү жинди неме го… Кадыр-барктуу эле адам, элден уялган жок…», - деп аялыңыз тиги конокту жамандап, сизди кыз кезиндегидей эркелетип мойнуңузга асылып алып, аракты татып албаганыңызга ичинен ыраазы болуп, «ушул жолу таптакыр эле таштап кетсе жакшы болот эле» деп, кудайдан тилеп келатат… Эстелик тургузуу жөнүндөгү ой, анан ошондо эсиңизге келет…

Казакчадан которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз