Бери караң: Жөөттөрдүн икеясы

  • 30.01.2026
  • 213

Еврейлердин дин уламачысы (рабби) коңшу айылга жыл сайын каттап, насыят ишин жүргүзчү экен. Бардык сыйдан баш тартып, айылдагы бир гана кембагалдын үйүнө токточу дешет. Кадырлуу дин уламачы улагасын аттаганына кудуңдаган үй ээсинин төбөсү көккө жетчү дейт буга. Анткени кадырлуу дегендердин эч биринин үйүнө токтобогон рухий лидер кайдагы бир кембагалдын босогосун аттаганына ким сыймыктанбайт.

Рабби жыл сайын кембагалдын үйүнө үзбөй каттап жүрөт. Жылдар өткөн соң баягы кембагал төрөпейил мүнөз күтө баштайт. Ал тургай баягы жепирейген үйү да кансарайга айланып заңкайып, баягы кембагал кеңкейип, рабби анын үйүн таппай калат. Издейт. Издесе дарбазасы бек. Тарсылдатып какса, кызматчы бирөө чыгат. Келген мейман өзүнүн чоо-жайын айтат. Кызматчы кожоюнга кабар билдирмекке жойпоңдоп кирип кетет.

Бир далайдан кийин келет. "Кирсин" дептир. Кирет. Дарбаза сыртында күткөнү аз келгенсип, далисте да көпкө күтөт. Акыры кожоюн чыгат. Ооз учунан учурашат. "Төркү үйгө жүрү" дегендей ишарат билдирет. Жүзү салкын. Рабби келгенине жетине албачу баягы сыйкорлук, баягы кубанычтын жугу жок. Аны туйган рабби төргө өтөрү менен түз эле текчеде турган күзгүнү алып, күзгүнүн артын кырып, тазалап баштайт.

– Ал эмне кылганың? – дейт үй ээсинин итатайы тутулуп.

– А сен күзгү менен жөн айнектин айырмасын билесиңби? – дейт рабби суроого суроону матап. – Терезени караң... Айнекти караң... Ары-бери өткөн киши айнектен көрүнүп турат бекен?.. Эл көрүнөт бекен?.. А айнектин сыртын күмүш менен жалатып койсоң, андан өзүңдүн гана жүзүңдү көрөсүң. Кептин баары жалатылган күмүштө. Кел, ошол күмүштү кырып салалы, мурдагы көрөгөчтүгүң, көсөмдүгүң калыбына келсин, – дептир рабби...

Бек Тамырлан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз