Арабыздагы түркөй, ичи тар адамдардан кутулуу айласы

  • 04.01.2024
  • 6147

Кордогон, кемсинткен учурда өзүңдү кандай алып жүрүү тууралуу акылмандар берген кеңештер.

Айланаңда сени көрө албаган, ичи тар адамдар арбын. Же өздөрүнүн алсыздыгын моюнга алгандан качып, башкалардын башынан ылдый жугунду төккөнгө өтүшөт.

Көрө албагандар, кызгангандар же кандай жол менен болсо да өздөрүнө көңүл бурдуруп, өз салмагын арттыргысы келген адамдар да көп.

Хейтерлер, троллдор – булар жөн гана тарбия көрбөгөн, өзүн кандай алып жүрүштү билбеген адамдар. Же өзүнүн оюн ичинде сактай албаган, же сактагысы келбеген немелер.

Глобалдаштыруу – бекер интернет-мейкиндиги хейт жана терс көрүнүштөрдүн өнүгүшүнө чоң өбөлгө.

Иштин баары эле интернетте эмес. Бардык убактарда, бардык элде сынтаккандар, көрө албаган коллегалар жана кошуналар же жөн эле иши алга жылгандар качан чалынып жыгылып, тура албай калат деп зарыга күткөн адамдар болуп келген жана боло берет.

Алар үчүн эң жакшы окуя – бай жашаган кошунасынын үйүнөн өрт чыкканы.

Албетте, көрө албастыктан эле сын айтышпайт. Кээ бир учурда жакшы жүрүп, жакшы жашаган кадыр-барктуу эле адамдардан, андан күтпөгөн сөздөрдү угасың. Демек, бир жерден анын талылуу жерине тийип, байкабай, куйругун басып алгансың.

Эң мыкты, туура айтылган сын – бул эмне жөнүндө сөз болуп жатканын жакшы түшүнө билген, өздөрү да чоң эмгек менен бир бийиктикке жетишкен, турмуштук тажырыйбасы мол, майда-барат нерселерден өйдө турган адамдардын айткан сыны.

Мындай сынды чычалабай окуп, анда айтылгандардан жыйынтык чыгара билүү чоң өрнөк.

Мындан башка адамдардын сын айтымыш болуп асылгандарына көңүл бөлүп, ага жооп берүү – өзүңдүн организмиңе, энергетикаңа болгон жаман мамилең. Андан эч нерсе өзгөрбөйт. Өзүн таба албагандар, кыжынган адамдар азайып калбайт.

Ишиң алга жыла баштадыбы – даярдана бер, көрө албастардын чабуулу көп өтпөй эле башталат.

Эми кемсинтүүлөр жана жамандоолор боюнча уламышка көңүл бөлүп, окуп коюңуздар.

Акылманга маанайы суз окуучусу кайрылды. Анын туулган айылындагылар жолуккан жерден шылдыңдашып, кемсинте беришчү. Аны акылмандын шакирти болгонго татыксыз деп эсептешчү.

– Устатым, мен эмне кылышым керек? Мен аларга эч жамандык кылган жокмун.

 – Эсиңде болсун. Адамдар үч нерсени айтып кемсинтишет. Сен акылы жок келесоосуң дешет. Сен кулсуң, кул бойдон кала бересиң дешет. Анан алар сени талантың жок, эч нерсеге жөндөмсүзсүң деп айтышат. Мен туура айтып жатамынбы?

 – Ооба, мени ар кимиси эле ушудай деп айтышчу болду.

– Үч чындыкты эсиңе түйүп ал. Чыныгы келесоо адам гана башка бирөөнү келесоо деп айтат. Ким кул болсо, ал башка адамдардан өзүнө окшогон кулду издейт. Анан, эч нерсеге жөндөмү жок, талантсыз адам гана өзүнүн кандай экенин жашыруу үчүн, башкаларды талантың жок деп өз деңгээлинен ылдый түшүргүсү келет. Сага ошондой адамдардын ой-пикирлери кызыкпы?

 – Жок, устатым.

– Эч кимге көңүл бурбай, өз жашооң менен жашай бер. Өзүң баалаган, өзүң сыйлаган адамдардын гана ой-пикирин, сенин иштериңе берген баасын ук, – дептир акылман.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз