Күндөлүк турмушуңа керектүү акылман кеңештер

  • 29.08.2023
  • 5673

Шумпай адамга илим талашып-тартышуу үчүн; акча – өзүн текебер алып жүрүү үчүн; бийлик – бирөөгө үстөмөндүк кылуу үчүн кызмат кылат. Ак көңүл жакшы адамга тескерисинче: билим – билгенин көбөйтүү үчүн, акча – кайрымдуулук көрсөтүү үчүн, бийлик – алсыздарды коргоо үчүн кызмат кылат.

♦ ♦ ♦

Адам кур намысын жеңе алса – жагымдуу, ачуусун жеңе алса – көңүлдүү, кызуу кандуулугун жеңе алса – ийгиликтүү, ач көздүгүн жеңе алса бактылуу болот.

♦ ♦ ♦

Ак ниет адам бирөөнүн кемчилигин жашырууга келгенде кандай гана тапкыч! А өзүнүн жакшы жактарын көргөзүүгө келгенде кандай гана олдоксон!

♦ ♦ ♦

Начар адам – тараза табагы сыяктуу: кичине эле бир нерсе болсо көтөрүлө түшөт, кичине эле бир нерсе болсо, ылдый түшөт.

♦ ♦ ♦

Мас, жинди, чарчаган, ачууланган, ачка, сараң, уялчаак, шашма жана ашык болгон адамдар – булардын бардыгы мыйзам менен иши жок немелер.

♦ ♦ ♦

Жашоодо оңунан чыкпаган иштер жок, сабактар бар...

♦ ♦ ♦

Жыгылмайынча – турганды үйрөнө албайбыз, ошондуктан ар бир жаңылыштык – бул ийгиликти көздөй шилтенген кадам.

♦ ♦ ♦

Мен жаңылган жокмун, жөн гана ишке жараксыз 1000 ыкма таптым.

♦ ♦ ♦

Оңунан чыкпаган иш – бул бардыгын акылга салып кайра баштоого мүмкүнчүлүк.

♦ ♦ ♦

Жыгылган эч нерсе эмес. Жыгылган жериңден тура албай калган жаман.

♦ ♦ ♦

Кырсык багынып бергендерди жеңет, күчтүүлөрдү жеңишке шыктандырат.

♦ ♦ ♦

Жеңилүүнүн бир эле жолу бар – бул жеңишке жете электе багынып берүү.

♦ ♦ ♦

Жаман нерсенин артында дайыма жакшылыктар бар, өлүмдүн артында гана эч нерсе жок.

♦ ♦ ♦

Оору – бул убактылуу нерсе. Бирок багынып берсең ал түбөлүктүү нерсеге айланат.

♦ ♦ ♦

Кыялдын ишке ашпай калышынын бирден бир себеби: жолу болбой калуудан коркуу.

♦ ♦ ♦

Баардыгы чагылгандай тез өтүп жаткан азыркы заманда ийгиликке алып бара албаган жалгыз стратегия – бул тобокелчиликтен качуу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз