АҢГЕМЕ
Колуңда болбосо, сүймөнчүктүү адам болуу кайдан. Жону жукалар байга теңелем дебесин. Кедейлерге бул эч жарашпайт, эч. Кедей бышык болсун турмушка. Кедейдин баласы чычайып жүргөндөн көрө, жылдык кирешеге туруктуу ээ болгону эп.
Учурдагы ушул улуу чындык Хьюи Эрскинге эч жетпеди даа. Ай-байкуш Хьюи!
Акыйкатка келсек, акыл парасаты жагынан деле өзгөчөлөнчү эмес ал. Оозунан өмүрүндө бир да калемпир-мурчтуу какшык чыкпаган. Тек күрөң тармал чачы, келишкен келбети, бозомтук көздөрү аны чырайлуу көрсөтчү.
Ал кыз-келиндер арасында сүймөнчүккө кандай ээ болсо, эркектер арасында да дал ошондой кадыр күттү.
Кыскасы, акча табуу жөндөмүнөн башка көп талантка ээ болчу. Атасынан калган мурасы – кавалериялык кылыч менен эле он беш томдук «Испания жортуулунун тарыхы». Хьюи биринчисин күзгү үстүнө илип, экинчисин Рафф Маалымдамасы менен «Бейлиз мэгэзин» жанындагы текчеге койду да, картаң таежеси жылына берер эки жүз фунтка күн кечирчү.
Кылбаганы калбады анын. Алты ай биржада темселеп, бирок өгүздөр менен аюулар арасында ал көпөлөк эмей не? Андан соң дагы жарым жылча чай сатты, андан да жалчыбады.
Херес шарабын сатты эле, болбоду. Хересиң өтө эле супсак дешти. Колоктоп жүргөнү жүргөн, бөлөк иш чыкпады ага. Тек, келбеттүү, сүйкүмдүү. Бирок кыларга иши, саларга кушу жок эле.
Эң кокую — ашык болуп калганычы. Сүйгөнү — Лаура Мертон Индияда ашказанын, жакшы маанайын биротоло жоготкон отставкадагы полковниктин кызы. Лаура Хьюини өтө сүйчү, тиги даа кызды өлө-тала сүйгөн. Экөө Лондондо куп жарашкан жуп болмок, бирок чөнтөктөрү тешик эле. Полковник деле Хьюини жактырганы менен, сөйкө салуу жөнүндө уккусу келчү эмес.
– Ананайын, – дечү дайыма, – өз чөнтөгүңдө он миң фунт болгондо келчи мага, ошондо көрөбүз.
Хьюи мындай күндөрү кабагы бүркөлүп, көңүл жубатууну Лаурадан издечү.
Бир мерте эртең менен Мертондор жашаган Холланд-паркка баратып, ынак досу Ален Тревордукуна башпакпайбы. Тревор сүрөтчү эле. Ырас, бул өнөрдөн бүгүн дээрлик эч ким качпайт. Калп айткан менен болобу, андай сүрөтчү чанда кезигет. Анысы бетин сепкил баскан, кызыл сакалы апсыйып, саал орой адам эле. Колуна кыл калем тийдиби – чеберчилиги ченде жок неменин сүрөттөрү зуу-зуу сатылчу. Сырткы келбети үчүн башында ага Хьюи абдан жакчу. Чын. «Сүрөтчү бирден-бир таанып-билиши керек болгон адамдар – сулуулар жана кем акылдар, – дечү ал дайым. – Аларды тиктөө — көркөм ыракат, а сүйлөшсөң – мээң эс алат. Дүйнөнү мода жана ажарлуу айымдар башкарат, куру дегенде ошолор башкарсынчы»…
Хьюинин кең пейил, шайыр, жаркын мүнөз, капарсыздыгын жакындан билген сайын Тревор аны мурдагыдан да жакшы көрүп, ага чеберканасынын эшиги качан болсо ачык.
Хьюи киргенде, Тревор кайырчыны тулку бою менен кооз портретке түшүрүп, акыркы шилтеми калыптыр. Кайырчынын өзүн чеберкана бурчундагы секичеге тургузуп алган. Анысы бөкчөйгөн чал, жүзү пергаменттей[1] бырышып-тырышып, өтө аянычтуу. Ийнинде жедеп тешилип, тамтыгы калбаган күрөң костюм. Өтүгү жамаачы, таманы түшкөн. Бир колу куураган таякка сүйөнүп, экинчи колу эскилиги жеткен калпагын сунуп, кайыр сурап туру.
— Кандай укмуш натурщик[2]! — Хьюи досуна шыбырап учурашты.
— Натурщик укмуш бекен?! — деп бакылдады Тревор. — Ананчы! Мындай кайырчы күндө эле кезикпейт. Чыныгы табылга, э-эй (Une trouvaille, mon cher!)! Тирүү Веласкес! Тобо-о! Рембрандт мындан шумдук офорт[3] жаратмак!
— Байкуш, — деди Хьюи, — кандай шоркелдей көрүнөт! Силерге, сүрөтчүлөргө, анын жүзү — чоң олжодур?
— Ооба, — деди Тревор. — Кайырчыны бактылуу көрүн дебейсиңер да, туурабы?
— Натурщик отурганы үчүн канча алат? — деди Хьюи диванга көчүк басып.
— Саатына бир шиллинг.
— А сүрөт үчүн өзүңүз канча аласыз, Ален?
— Оо! Бул үчүн эки миң алам!
— Фунтпу?
— Жок, гиней[4]. Сүрөтчү, акын жана дарыгерлерге дайыма гиней менен төлөшөт.
— Анда натурщиктер да сүрөтчүнүн акысынан үлүш алса керек, — деди Хьюи күлүп. — Алар силерден кем иштебейт ко!
— Болбогон кеп! Боёк сүртүүнүн өзү канча түйшүк, ойлосоңуз, эртеден кечке мольберт жанында тикеңен тик турмай! Айтканга оңой, Хьюи, ишенип коюңуз, искусство чындап келсе кээде кара жумуштай эле оор. Сүйлөй бербеңизчи, эч бош эмесмин. Бопорос чегип, тынч отуруңузчу.
Көп өтпөй Тревордун малайы кирип, рамка жасагычы сүйлөшкөнү келгенин билдирди.
— Жылт койбоңуз, Хьюи, — деди Тревор чыгып баратып. — Азыр эле келем.
Кайырчы чал Тревор чыгып кеткенинен пайдаланып, артындагы жыгач үстөлгө бир аз эс алууга отурду. Ал ушунчалык жүдөңкү шоркелдей көрүнгөнүнөн – Хьюинин ага боору оорубай коймокпу, чөнтөгүнөн акча издей баштады. Колуна жалгыз алтын теңгеси, бир аз жез тыйын урунду. «Байкуш чал, — деп ойлоду ичинен, — бул алтын менден мурда ушуга көбүрөк керек. Эки жума арабасыз жөө жүрөрмүн». Ордунан туруп, тыйынды кайырчыга сунду.
Чал селт этип, кубарган эриндери аз-маз жылмайды.
— Ыраазымын, сэр, ыраазымын, — деди.
Тревор кирип келди эле, Хьюи марттык көрсөткөнү үчүн уялып, кош деп чыгып кетти. Күндү Лаура менен өткөрүп, берешендиги үчүн айда-а тил угуп, үйүнө жөө-жалаң жөнөдү.
Кечки саат он бирлерде ал Palette Club’га башпагып, чылымканада өзү жалгыз рейнвейн менен сельтер суусун ичип отурган Треворду көрдү.
— Кандай, Ален, сүрөтүңүз жакшы эле бүттүбү? — деди чылымын түтөтөрдө.
— Бүттү, рамкага да салынды, досум! — деди Тревор. — Баса, жеңишиңиз менен куттуктайм. Тиги натурщик чал сизге өтө аң-таң. Мен ага сиз тууралуу баарын айтууга туура келди — кимсиз, кайда жашайсыз, кирешеңиз канча, болочок мүдөөңүз.
— Ален, урматтуум! — деди Хьюи бак-бак. — Ал мени үйүмдүн жанында күтүп тургандыр. Ай, ушу тамашаңыз го дейм. Курган чалга кандай жардам берсем экен. Кыязы, адамдар ушунчалык бактысыз болушу өтө кейиштүү. Үйүмдө эски кийимдер толо, ага жарамдуулары бардыр, кандай дейсиз? Үстүндө үйрүп кийгендеринен тамтык калбаптыр.
— Бирок ал ошонусу менен соп-сонун, — деди Тревор. — Мен анын фрак кийгенине эч көнмөк эмесмин. Ал сизге жакыр көрүнсө, а мен үчүн живопистик гана кооздук. Ошентсе да ага сунушуңузду айтып коём.
— Ален, — Хьюи олуттуу үн катты, — силер, сүрөтчүлөр, таш боор элесиңер.
— Сүрөтчүнүн жүрөгү — анын акылы, — деген жооп айтты Тревор. — Анан да биздин иш — дүйнөнү өзүбүз билгендей өзгөртүү эмес, а өзүбүз көргөндөй сүрөттөө. Ар ким ар башка. Мага Лауранын ал-жайын айтыңызчы. Тиги натурщик чалдын ага өтө көзү түшүп калды.
— Ага Лаура тууралуу да айтып бердим дегениңиз го? — деди Хьюи.
— Сөзсүз да, айттым. Ал кежир полковник, сулуу Лаура, он миң фунт жөнүндө да билет.
— Кантип?! Сиз тиги кайырчы чалга болгон жеке турмушумду да айттыңызбы?! — кызарып да, ачууланып да кыйкырды Хьюи.
— Йе досум, — деди Тревор жылмайып, — сен кайырчы чал деп жүргөн адам Европадагы эң чынжырлуу байлардын бири. Кааласа эртең бүтүндөй Лондонду сатып алат. Дүйнөнүн ар бир борборунда банктары бар, алтын идиштен тамак ичет, керекпи – Орусияга согуш жарыялоого жол бербейт.
— Эмне дегени турасыз?! — таңгалды Хьюи.
— Бүгүн чеберканамда сиз көргөн чал — барон Хаусбергдин дал өзү. Ал менин жакын таанышым, сүрөттөрүмдүн баарын сатып алат… бир ай мурда өзүн кайырчы кейпинде тартып берүүмдү буюрган. Que voulez-vous? La fantaisie d’un millionaire! (Каалаганыңыз эмне? Миллионердин чыйт түкүрүгү!) Чынымды айтсам, жыртык кийимдер ага куп жарашты, тагырагы, мен Испаниядан сатып алган жыртык костюм.
— Барон Хаусберг?! — деп чаңырды Хьюи. — О, Кудай! Мен ага алтын бербедимби! Анан катуу уялгандай, креслого шалдайып отурганычы.
— Ага алтын тыйын бердиңизби?! — Тревор карсылдап каткырды. — Досум, ал акчаны кайра көрбөйсүз. Башкалардын акчасы — анын кесиби (Son affaire c’est l’argent des autres).
— Алдын ала мага айтып койсоңуз болмок экен, Ален, — деди Хьюи таарынычтуу, — мени бир энөө дөлдүрбай көрсөтпөй.
— Биринчиден, Хьюи, — деди Тревор, — мынтип оңду-солду садага тарата берериңиз оюма эч келген эмес. Ажарлуу кыз болгондо, мүмкүн өөп ийсез да түшүнөм. А жүдөгөн натурщик чалга алтын тыйын карматканыңызды түшүнсөм, буюрбасын! Анысы ал, бүгүн эч кимди кабыл албайт элем, сиз киргенде барон Хаусбергдин ысымын айтканымды ал каалайбы-жокпу, билген эмесмин. Түшүнөрсүз, ал саркеч кийинер жерде эле да.
— Ал мени жеткен галдир деп ойлогон экен да! — деди Хьюи.
— Анан эмей… сиз кеткен соң, абдан жарпы жазылды. Токтоно албай кыткылыктап күлүп, бырыш баскан картаң колдорун ушалап отурду. Сизге эмне анча кызыкканын түшүнгөн эмесмин, баары эми жетти мага. Ал алтын тыйыныңызды айлантып киреше таап, алты ай сайын сизге үстөгүн төлөп, анан досторуна айта жүрөр сонун анекдот болду.
— Жарыбай койдум го! — Хьюи күңкүлдөп алды. — Үйгө барып уктагандан өтөрү жок мага. Ален дос, суранам, муну эч кимге айта көрбөңүз. Андале элдин бетин карай албай калам паркта.
— Тескерисинче, кеңпейилдигиңизди гана көрсөтөт бул, Хьюи. Шашылбаңыз анча, бопоростон дагы бирди чегип, Лаура жөнүндө каалашыңча айтыңызчы.
Хьюи калгысы келбеди. Карсылдап каткырган Треворду жалгыз таштап, шаабайы сууп үйгө жөнөдү.
Эртеси таңкы нанүштөдө отурганда, колуна визиттик карточка карматышты: «Месье Гюстав Ноден, барон Хаусбергдин атынан»[5].
Кызматчысына конокту киргизүүнү буйруган Хьюи «болду болбоду, ал мени кечирим суратууга келген го», — деп ойлоду.
Бөлмөгө алтын көзайнектүү, чачы буурул, улгайган жентелмен кирип, французча жеңил акцентте сүйлөдү:
— Мосье Эрскин менен сүйлөшүп жатамбы?
Хьюи баш ийкеди.
— Мен барон Хаусбергден келдим, — деп улады ал. — Барон…
— Суранам, сэр, барондон чын дилден кечирим суроомду жеткирерсиз, — деп кобуранды Хьюи.
— Барон, — деп жылмайды карт жентелмен, — мага бул катты сизге тапшырууну буюрду!
Мөөр басылган конвертти сунду.
Конверт сыртында: «Хьюи Эрскин менен Лаура Мертондун үйлөнүү үлпөтүнө кайырчы чалдан белек» деп жазылыптыр, а ичинде он миң фунттук чек бар экен.
Үйлөнүү тоюнда Аллен Тревор күйөө жолдош болду, ал эми барон той дасторконунда куттуктоо айтты.
— Натурщик миллионерлер азыр чанда кездешет, — деди Аллен, — а чыныгы кеңпейил миллионерлер андан да сейрек!
1887
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
[1] Пергамент – мал (көбүнчө музоо, эчки же кой) терисинен жасалган жазуу материалы.
[2] Натурщик – сүрөтчүгө акча үчүн туруп берер адам.
[3] Офорт – калай же темирге оюп түшүрүлгөн дизайн.
[4] Гиней – 1663-жылы колдонулган англистердин эски алтын теңгеси.
[5] «Monsieur Gustave Naudin, de la part de M.le Maron Hausberg».
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR