Жорж Микеш – теги мадяр англиялык юморист, жазуучу (англ. George Mikes, мадяр. György Mikes 15.02. 1912 — 15.08. 1987), чыгармаларын мадяр жана англис тилдеринде жазган.
Ал Мажарстандын түштүгүндөгү топчудай Шиклош шаарчасында туулган. Атасынын керээзин аткарып, Будапешт университетин аяктап, кийин аспирантурада окуйт жана юриспруденциядан докторлук илимий даража жактайт. Эмгек жолунунун башынан «эки чылбыр, бир тизгин» деп, адвокаттык кесипти журналистика менен айкалыштырып, борбор калаадагы эки гезит менен тыкыр кызматташат.
1938-жылы өзү кызматташкан Reggel («Эртең менен») жана 8 Órai Ujság («Саат 8деги жаңылыктар») гезиттери аны Лондонго Мюнхен келишимине байланыштуу жагдайды чагылдыруу үчүн эки жумага жиберет. Бирок II Дүйнөлүк согуш от алып кетип, Мажарстанга кайтпайт. Би-би-си радиосунун мадяр реадкциясына ишке кирет, о.э., мадяр эмигранттары менен тыгыз кызматташат; Лондондогу мадяр театры – London Podium үчүн мигрант композитор Матяш Шейбер менен жарнакташып, саясый кабарелерди жазат.
1947-жылы британ букаралыгын алат. 1956-жылы Мажарстандын Элдик республикасына каршы революцияны жайынан Би-би-си Телевидениси үчүн чагылдырат. Кийинки жылы «Мадяр революциясы» деген көрүнүктүү китеби жарык көрөт. Бирок анын 44 китебинин ичинен эң атактуусу 1946-жылы басмадан чыккан «Кантип келгин болуу керек» (How to be an Alien) – британ юморунун классикасы деп таанылган.
Бул китеп 1966-жылы отуз экинчи жолу басылат, 300 миңден көп нускада жана бачым сатылып кетет. Чыгармада англичандардын чет өлкөлүктөргө – алардын ичинде автор өзү да бар, болгон-бүткөн мамилеси тамаша түрүндө көрсөтүлөт. Анын айрым фразалары афоризмге айланып, элге сиңип кеткен. Мисалы, «Континенттеги адамдарда сексуалдык жашоосу бар, англичандарда – ысык суу куюлган бөтөлкөсү», «Континенттеги көпчүлүк адамдар жашоону оюн деп билишсе, англичандар үчүн оюн – крикет», «Кылмышкер оңолуп, коомдун сыйлуу мүчөсү болушу мүмкүн. А келгин оңолбойт», «Келгин дайыма келгин бойдон калат. Андан кутулуунун амалы жок», «Ал британиялык болушу этимал; эгерим англичан болбойт», «Континенттеги көпчүлүк адамдар жашоону оюн деп түшүнүшөт; англичандар – крикетти».
Айрым цитаталар биздин коом үчүн да актуалдуудай...
Жорж Микеш Эл аралык ПЕН клубдун Лондон бөлүмүнүн төрагасы жана Гаррик клубунун мүчөсү болгон. Garrick Club – «Актёрлор жана көркөм табиттүү адамдар кенен-чонон жагдайда» жолугуусу үчүн 1831-жылы түптөлгөн. 2025-жылы клубдун 1500 мүчөсүнүн арасында актёрлор, жазуучулар, журналисттер, көрүнүктүү искусство ишмерлери, ошондой эле британ парламентинин кеминде 10 мүчөсү, Лордор палатасынын ондогон мүчөлөрү, мартабалуу юристтер менен адвокаттар, алардын арасында падышанын адвокаттары, Жогорку жана Аппеляциялык соттордун судьялары, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, бизнесмендер болгон.
Үч кылымга жуук тарыхында Гаррик клубу - мырзалар же жентелмендер клубу болуп келген. Бирок 2024-жылдан тартып, жентелмендер клубга аялдарды кабыл алууну бир добуштан колдошкон.
Ысымдары дүйнөгө таанымал жазуучулар Уилям Теккерей (1811-1863), Чарлз Диккенс (1812-1870), философ, логикалык позитивизмге арналган «Тил, акыйкат жана логика», «Билим көйгөйү» деген китептердин автору сэр Алфред Жюл «Фредди» Эйер (1910-1989), скрипкачы-дирижёр барон Йехуди Менухин (1916-1999), Ысык-Көл шеринесинин катышуучусу, актёр жана коомдук ишмер, сэр Питер Устинов (1921-2004) жана башкалар бар. Мунун өзү ондогон китептердин автору Жорж Микеш экинчи мекени Британиянын төбөсү көрүнгөн жазуучуларынын бири болгонун күбөлөйт.
Юморист-жазуучунун 1963-жылы жарык көргөн “Улутту кантип бириктирсе болот” (How to Unite nations) аттуу жыйнагына кирген төмөнкү аңгемени Амирбек Азам уулунун котормосунда сунуш этебиз. О.э. буга чейинки эмгектери мында>>>
Билемин деп ээликпе...
Мен Венадагы абдан популярдуу жана ажайып кофеканалардын бири - Panonia кафесинде көрүнүктүү, бирок мурда эч жолуктурбаган адамдар менен отургам. Алардын баары - университеттердин эң кадырлуу профессорлору. Мен бул керемет компанияга кайсы бир артыкчылыктарым үчүн кошулуп калбаганымды өзүмү актоо үчүн айтып койгонум оң; аларга мени адабий журналдын редактору болуп иштеген эски досум тааныштырды. Бир кыйла толкундап алган профессорлор улгайган айымдар сымал күбүр-шыбыр сөздөрдү сүйлөшүп, жаактары басылбайт. Себеби, коллегаларынын бири жаңы басмадан чыккан китебинде Ницшеден цитатаны жаңылыш бергенин түшүнүшпөгөнүн айтып, анын аягы кандай бүтөт деп чыдамы кетип, бир жагынан ачууланышса, экинчи жактан авторго суктанып жатышты. «Кантип ушундай кечирип болбой турган жаңылыштык кетирүү мүмкүн? Ырас, ал тексти билемин деп, өзүнө бекем ишенип, аны түп нускадан текшерип алганга жарабады, ээлигип. Ооба, ооба, бирок текшерип албай, мындай орой катага жол берди?» Дагы башка ушу сыяктуу сөздөр...
Орто кылымдардагы немис адабияты кафедрасынын башчысы Миденхубер башын ары-бери олуттуу чайкап:
- Атактуу акыркы сөздөр: «өз цитатаңды текшер» деп айтылат. Эми мага уруксат берсеңер, буга «Кыпындай деталды да унутпагыла. Кыпындай дагы» деп кошумчалайт элем.
Ушул тапта кафенин айланма эшигин түртүп, башкалардан бөтөнчө киши ичкери кирди. Бою бакене, арык чырай, оройу ачкалыктан жүдөгөн, башындагы суюк чачы сербейет. Көрөр менен мен аны тааныймын деп ойлодум, бирок бул оюмдан заматта баш тарттым. Венага мурда эки мертебе келип, кыска убакыт жүрүп кетсем да шаарда узак жыл жашабагандан кийин, кафеге баш баккан кез келген адамды эмне үчүн билүүм керек? Тиги киши профессор Минденхубертке бурулуп, нарктуу, бирок убайымы бар адамдай таазим этти. Анан мага тигиле карап, мага да башын ийкендей болду. Саламдашып жатканда, анын жүзүндө не жылмайуу, не жек көрүү байкалган жок мага.
- Кызык, профессор, - деп кайрылдым Минденхубертке.- Ал сиз менен салмадаштыбы же мени мененби? Же экөөбүз менен тең саламдаштыбы? “
- Албетте, ал мени менен саламдашты. Мен аны жакшы тааныймын. Бирок ал сиз менен да саламдашуусу ыктымал. Ал мадяр эмеспи.
- Мен көрүнгөн мадярдын баарын тааныбайм, - дедим.
- Сиз бул адамды жакшы билишиңиз мүмкүн, - деди профессор үнүн пас чыгарып. - Ал Мариус де Барна.
- Сиз опера ырчысын айтып жатасызбы? Вагнердин операсындагы тенорбу? - Мен таң калып кыйкырып ийдим. - Болушу мүмкүн эмес.
- Эмнеге мүмкүн эмес? Мен сизге дагы айтам: ал – Мариус де Барна.
- Мен да сизге айтам: ал болушу мүмкүн эмес. Де Барна далдайган семиз киши, шайыр мүнөз, тиги немедей ырбыйган бакене эмес...
- Ооба, чын эле, - деди профессор мени карабастан башын ийкеп. – Ал бир нече ай мурда дардайган семиз, шайыр мүнөз эркек эле...- Ал мага бурулду. - Сен чын эле ага эмне болгонун билбейсиңби?
Мен башымды чайкадым.
- Мен эмне болгонун айтып берейин эмесе, - деди профессор ойлуу. - Биз бир мүнөт мурда сенин цитаталарыңды текшерип тастыктоо жагын сүйлөшүп жатканбыз, - деди ал билинер билинбес жылмайып. - Кептин баары: майда-чүйдө деталдарга көңүл буруу канчалык маанилүү экени жөнүндө. Мен билген окуя бул ойду ырастайт.
Жүрөгүм «болк» эте түштү. Мен качандыр бир күнү Мариус де Барнанын тагдырына тиешелүү окуяны эшитем деген үмүттө элем. Аны мен Будапеште журналист болуп жүргөн жаш чагымдан жакшы билчүмүн. А профессор аңгемесин дале баштабады саалгып.
- Бул тууралуу күнү-түнү ойлоп жүргөнүм менен, алиге бир бүтүмгө бара албадым: же күлөйүнбү, же ыйлайынбы, билбейм, - деди ал чылымын сыраканадан белекке келген чоң күлдөмөгө басып өчүрүп.
- Карыя, ук, - дедим чыдамым жетпей. - Сен өз окуяңды айт. Мен кандай бүтүмгө келем, аны өзүм чечем.
Бул окуяны укканымдан бери канча убакыт өтсө дагы: дале же күлөрүмдү, же ыйларымды билбейм.
Профессордун аңгемеси мындай болду:
- Бир жагынан алганда, бул абдан жөнөкөй окуя, - деп баштады ал. - Мариус де Барна, сен билгендей, улуу инсан. Ал Метрополитенде, Москвада, бүтүндөй Европада Вагнердин жана башкалардын операларында түрдүү партияларды ырдаган. Ушул Венанын өзүндө дагы. Бирок революциядан[1] бери биз аны жоготтук. Ал ошол коогалаңдуу күндөрү эмне кылганынан менин эч кабарым жок, бирок ага Мажрстандан чыгууга уруксат берилбегенин билемин. Ал менин аялымдын алыс тууганы... Ошого анын окуясын баштан аяк толук билемин; бирок биз ага эч качан кат жазган эмеспиз. Мажарстандын эли үчүн Батыштан көп кат албай жашагандан артыгы жок учур азыр.
Мындан алты айдай илгери көчөдөгү афишалардан жана гезиттердеги жарнамалардан Мариус де Барна Венага келип, Опера театрында Лоэнгрин менен Парсифалдын арияларын ырдай турганын билдим. Ага акыр аягында ишенишип, виза беришти: ал ошого бу жолу жоголбоду, келди.
Профессор жаңы чылымды күйгүзүп алып, сөзүн улантты:
- Бирок Мажарстандын бийликтери ага ишенип жаңылышкан экен. Ал он күн арасында «Лоэнгрин» операсында үч жолу жана «Парсифаль» операсында эки жолу ырдап, контрактын мөөнөтү бүткөндөн кийин Австрия полициясына кайрылып, саясый башпаанек сурады. Ошентип, Мажарстанга баруудан баш тартты.
Профессор экинчи мертебе үн чыгарбай, катуу ойлонгон кишиге окшоп, мени «эми эмне дейсиң» дегендей теше карады. Анын айтканын кадимки жаңылыктай кабыл алдым. Бул сыяктуу жүздөгөн окуяларды укпаганда деле, ондогонун уккам. Бирок алдыда алардан да кызык окуялар болорун анык туйдум.
- Де Барна үч күндө бардык маселени жөнгөрдү, - профессор аңгемесин жай улантты. - Эми эч нерседен кам жебей, жыргап жашай берчүдөй көрүндү. Немистердин атактуу опералары менен гастролго чыгуу, Парижде кайсы бир арияларды аткаруу боюнча аны менен келишим түзүлдү. Чөнтөгү да акчага кампайды. Рингштрассе[2] бульварына жуук жайдан бардык ыңгайы бар, кооз эмеректүү чакан бөлмөлүү болду. Жакшы автокөлүгү да бар. Азыркы автокөлүгү Мажарстандын стандартынан алганда кымбат баа, люкс класс деп эсептелет. Ырас, Будапеште эски автокөлүк минип жүрчү. Венада тилек кылганынын баарына жетти. Бирок ал бактысыз эле.
Бактысыздыгынын себеби: аялы тиякта болчу. Оо, аялдарын калтырып коюп, жыргап жүргөн эчен эркектерди билемин. Буерде үй-бүлөлүк зулумдуктан качып келгендер да бар, ийе, андайлардын саны саясый зулумдуктан качкан адамдардан аз. Мариус аларга түк окшобойт. Мариус өзүн бейтаалай байкушмун дейт. Ал аялын жанындай сүйөт, сүйүүсү күн сайын күчөөдө; чын эле, сүйүүнүн дартынан салмагын жогото баштаган ал. Ойлоп көрсөң, чочулай турган эч нерсе деле жок; мурда анын келбети азыркыдай эмес болчу. Ал аялын жана кичинекей уулун сагынып, кусадар эле. Муну көргөн биз, анын достору, бир чара ойлоп табалы деп чечтик.
Арабыздан бирөө - анын ысымын айтпай эле койоюн, Мариуска барып: «Мариус, укчу, биз сенин жарыңды жана уулуңду Мажарстандан алып келмекчи болуудабыз. Бул оңой-олтоң иш эмес, өзүң билесиң, акыркы кезде өлкөдөн эч кимди чыгарбай калышты. Бирок болбойт деп кол куушуруп отура берген жарабайт. Биз сен үчүн колдон келгенин жасайбыз. Чыдагын. Буга убакыт керек» деди.
Бир нече аптадан кийин Будапештке барган таанышыбыз Мариустун жубайына телефон чалып, аны менен уулу Венага чыгарылып кетерин кабарлайт. Ошондой эле жакынкы күндөрү эркек киши телефон чалып: «Сенин кийимиң ченеп көргөнгө даяр» - деп айтат. Келерки күндөрдүн биринде түшкү саат он экиде телефон шыңгырайт. Сен эң зарыл буюмдарыңды эки кичинекей чемоданга салып, дапдаяр тур. Бул план тууралуу бир жанга ооз ачпагын; эч ким менен коштошпогун; үйүңдөгү буюм-теримиңден кыпындай нерсени сатпагын, баарын жай-жайында калтыргын деп эскертет.
Чындыгында эле үч жумадан кийин бейтааныш адам телефон чалат. Эртеси күнү аялы уулу менен даяр болуп турган. Аларды адегенде Мажарстандын батышындагы Гёр шаарына алып барышып, башка бирөөгө жүзмө-жүз тапшырышат. Үч күндөн кийин Мариус ушул кафеде отуруганда ага телефон чалышып, жарың жана уулуң сени батириңде күтүүдө деп сүйүнчүлөшөт.
Ал ордунан окторулуп туруп, калпагын жана пальтосун албастан, кафеге акчасын төлөбөстөн жүгүрүп жөнөйт. Сигналын утуру бипилдеткен жеңил машинелер менен жүк ташуучу автокөлүктөрдүн арасынан ары-бери буйтап, айдоочуларды кыжырдантат. Таманы жерге тийип-тийбей Рингштрассе бульварын кыя чуркап баратканда, бир мотоциклчен коюп кете жаздайт.
Үйдө лифти күткөнгө чыдамы жетпей, өмүрүндө биринчи жолу үчүнчү кабатка кыйналса да шашкалактап жөө чыгат. Энтиккен неме калчылдаган колдору ачкычты кулпунун тешигине сала албай, бир топ кыйналат. Демин басып, тешикти кунт коюп карап, ачкычты ишенимдүү тешикке сайганга аракет кылат. Бирок көзүнө толгон жаштан улам эч нерсени көрө албайт. Айласы түгөп, коңгуроонун топчусун басат. Ичкериден үн угулат. Анын жүрөгү көкүрөгүн тээп чыкчудай жулкунат. Бул бир нече секунда ага бир нече сааттай созулат.
Акыры эшик да ачылат. Мариус аялды жана баланы көргөндө жүзүнөн суру качат. Эриндери титиреп, өңү кубарып, эсин жоготот. Таш төшөлгөн коридордо жүзү кумсарып, өлүктөй сулап калат.
Профессор кайрадан сөзүн токтотту. Мен ага: «Ыы, сүйлөбөйсүңбү» - деп бакыргым келди; бирок кудай уруп, тамагым буулуп, үн чыкпады. Бир кезде ал шашпай улантты:
- Алар Мажарстандан алып келген аял, Мариустун биринчи зайыбы экен. Азыркы зайыбына үйлөнүү үчүн аны менен эбак ажырашыптыр. Ал эми кичинекей бала анын экинчи аялынан көргөн перзенти экен. Бирок ал экинчи жубайынан жаралган перзентин мурда көрбөптүр.
Үстөлдүн тегерегиндегилер тунжурап калышты. Эч ким айтканга сөз таппады. Эч ким Мариуска бет багып карай албады. Профессор ордунан туруп: «Мен мурда айтканымдай, майда-чүйдө нерселерге эч качан өтө этияттык менен мамиле жасабайсыңар» - деп табалагандай сүйлөдү да, кафеден чыгып кетти.
(1958-жыл)
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR