Азиз Несин: Айтендин күйөөсү

  • 11.10.2026
  • 108

АҢГЕМЕ

Медицина факультетин бүткөндөн бир нече аптадан кийин жакшы жолдошумдун үйүндө Айтен менен таанышып калдым.  Мен ага дароо эле көңүлүм түштү. Ал деле мага көңүл кош караган жок. Биздин тааныштыгыбыз жеңил оюн сыяктуу эле башталган. Анан бат-бат жолуга баштадык, бирок экөөбүз тең мамилебизди так аныктай алган жокпуз. Бул жөн гана сынашуубу же сүйүүбү, азырынча айтуу кыйын эле. Бир күнү достор баягы таанышымдын үйүндө кайрадан чогулуп калдык. Ичкен вино башыма чыгып, кызый түшкөм. Айтендин маанайы да ачык болчу. Экөөбүз бирге бийлеп жүргөнбүз.

– Айтен, мага күйөөгө тиесиңби? – деп сурадым капыстан. Бир көз ирмемге Айтен күлгөнүн токтотуп мостоё калды да, бети-башы кызарып, карегин менин карегимен албай кадала карап калды.

 – Таарынгандай эч нерсе айткан жокмун го, – дедим күңкүлдөп. – Сунушумду кабыл албай койсоң өз эркиң…

Сереге чыгып, анын туура жыгачына жөлөнүп туруп калдык.  

– Таарынып калдыңбы? – деп сурамжылай баштадым.

 – Сен менин үй-бүлөмдү билесиңби? – деди ал, суроомо суроо менен жооп кылып.

 – Жок…

 –Менин атам ким экенин билесиңби?

 – Жок…

 Ал мага ишенбегенсип турду.

 – Сен чын айтып жатасыңбы? – деди ал менин көзүмө тигиле карап.

 –Алибетте, чын айтам…

Анын кандай үй-бүлөдөн экенин эмдигиче билбей жүргөнүмө өзүм таң калдым. Эртеси мен анын үй-бүлөсү жөнүндө билип коюуну чечтим. Мен анын атасынын ким экенин билгенде таң калганымдан эмне кыларды билбей, абдырай түштүм. Көрсө, Айтен тирүү кезинде аты тарыхка кирген, элге кадыр-барктуу, дүйнөлүк атагы бар адамдын кызы экен. Эгерде мен мурдараак анын атагы таш жарган улуу жана бай адамдын кызы экенин билсем, ага күйөөгө тий деп айтмак турсун, жанына жакын даап бара албайт болчумун. Белгилүү бай үй-бүлөдөн чыккан жаш жигиттер анын айланасында жарыкты айланган жетим көпөлөк сыяктуу тегеректеп жүрүштү. Бирок, ал алардын сунушун кабыл албай четке какты, анткени ал атасынын атак-даңкын өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланганы жүрүшөт деп ойлочу.

Мен булардын баарын билгенден кийин, айлам түгөндү. Аны сүйүп калганымды түшүндүм, бирок мындан кийин ага үйлөнүү жөнүндөгү ойду унутуу керек эле. Анын ата-энеси экөөбүздүн баш кошуубузга макул болгон күндө да, элдин бардыгы мени Айтенге анын атасынын байлыгы менен таасирдүүлүгүн пайдалануу үчүн эле баш кошуп жатат деп ойлошмок. Мен Айтен менен жолугуудан кача баштадым, ал барып жүргөн жерлерди айланып өтчү болдум. Ал бир нече жолу жолугууга чакыртты, бирок мен ар кайсы шылтоону айтып барган жокмун. Ошентсе да, аны таптакыр унута албадым. Ойлонуп олтуруп Стамбулдан ординатурамды таштап, аны менен жолугуп жүрчү жерлерден алыс, армияга кетип калууну чечтим.

Алыс сапарга камданып, буюмдарымды чогулта баштаганда бөлмөгө апам кирип, сыртта бир кыз чакырып жатканын айтты:

 – Бир кыз келип сени сурап атат…

 Сыртка чыксам, Айтен туруптур… Көргөн көзүмө ишенбедим.

 Айтен ыйлап жиберди…

 –Сен мени чындап эле сүйсөң, үйлөнүп алалы, – деди ал. – Мен сени менен жер түбүнө болсо да барам. Армияга качан кеткени жатасың? Мени кошо ала кет. Атамды тааныбаган, атамдын атагы жетпеген бир белгисиз кичинекей шаарчага барып, өз турмушубузду өзүбүз билип жашайлы...

Мен бул романтиканы жакшы көргөн, турмуштун кыйынчылыгын башынан өткөзүп көрбөгөн эрке-талтаң кыздын сөзү экенин жакшы билип турдум. Мен ал көнүп калгандай жетиштүү турмушту камсыз кыла албасымды, экөөбүздүн үй-бүлөлүк бактыбыз көпкө созулбасын түшүнгөм. Бирок, мен аны ушунчалык сүйчүмүн... Анын колунан кармап шыбырадым:

– Мен сени сүйөм…

 Ошентип, эч кимге айтпай, мыйзамдуу каттоодон өтүп баш кошуп алдык… Айтен мен күткөндөй болбой чыдамдуулугун көрсөттү, кыйынчылыктарды кыңк дебей көтөрүп, жашап жүрдүк… Бирок… Мага жагымсыз иштер никебизди каттаган күндөн башталды. Катталуу иш чарасына мыйзам талап кылган эки күбөдөн бөлөк эч кимди чакырган эмеспиз. Башка бир да бирөөнө айткан эмеспиз. Кайын атам бизди мен ойлогондон да жакшы түшүндү. Анын жардамынан баш тарканыбызды угуп, ага түшүнүү менен мамиле кылды, кайненем болсо бир аз таарынды. Каттоо китебине кол коюп жаткан убакта капыстан эле жарк-журк эткен фото апппараттар шартылдап калды. Көрсө, мурундарында жыттары бар оңбогон журналисттер биздин үйлөнүп жатканыбызды билип алышыптыр. Сыртка чыкканыбызда, куттуктаганы келген толтура адамдардын курчоосунда калдык. Арасынан фуражкачан бир адам бизди карап чогулган элден сурап калды:

– Айтендин күйөөсү кайсы экен?

Биз күтүп жаткан таксини көздөй ылдам басып жөнөдүк. Артыбыздан бир нече киши мени көргөзүп, бирдемелерди айтып жаткандарын кулагым чалды. Элден фуражкачан адам бөлүнүп чыгып мага келди:

– Мюмтаз-бей, сизге өз автомобилин жиберди, мен шофермун. Каякка айда десеңиз мен даярмын…

 – Рахмат, бизге эч нерсенин кереги жок…– кагып салдым да, күтүп турган таксиге келип олтурдук...

Артымдан “Айтендин күйөөсү”, “тигине, Айтендин күйөөсү” деген күбүр-шыбырлар угулуп жатты. Басымды акыркы сөзгө коюп жатышты.

– Мюмтаз-бей – ары жок кошоматчы, – деди аялым таксиге олтуруп атып. Менин маанайымдын бузула түшкөнүн көрүп, жооткотуп койду:  – Көңүл бурбай эле кой, жакында бизди эч ким тааныбаган алыс жактарга кетип калабыз.

 Эртеси күнү гезитердин бетинде биздин үйлөнгөнүбүз жөнүндө маалымат, сүрөттөрүбүз менен басылып чыкты. Бир да гезит менин ата-энем койгон атымдан аташкан жок. Алар үчүн мен “Айтендин айымдын күйөөсү” болчумун. “Айтен айымдын күйөөсү чынында эле жаш, сулуу доктур” “Айтен айымдын күйөөсү өзүнүн үлгүлүү жүрүш-турушу менен өзү жаңы мүчө болгон үй-бүлөгө татыктуу экендигин көргөздү”, “Айтен айымга жана Айтен айымга күйөөсү менен бактылуу жашоосун каалайбыз”.

Биздин үйгө кирип жашап жаткандан бир нече күндөн кийин апам мындай деди:  

 – Уулум, чынын айтсам, мен сенин аялың ушунчалык мыкты чыгат деп ойлогон эмесмин, ал тез эле биздин турмушубузга аралашып, көнүп кетти. Бирок…

 – Эмне, бирок…

 – Биздин үй-бүлөбүз илгертеден бери эле ушул кварталда жашап келатабыз, ошондон бери эле бизди өзүбүздүн аты-жөнүбүздөн айтышчу, сен үйлөнгөндөн бери кошуналарыбыздын баары мени “Айтендин кайын энеси” деп чакырышчу болду.

– Убакыт менен баары ордуна келет, апа, – дедим, жагымсыз сүйлөшүүнү бүтүрүш үчүн.

Армияга кызматка алынсам бул нерседен кутулам го деп ойлогом. Чек арага жакын бир шаарчадагы аскер бөлүгүнө аскер доктуру керек экен, мени ошол жакка жибермей болушкан. Даярдыгым бүтүп калганда мени шаардагы эң чоң аскер ооруканасына калтыруу тууралуу буйрук келди. Анткени мен “айым Айтендин күйөөсү” элем. Кайнатама жазган каттарымдын биринде аскер ооруканасында калууну анча деле кыялданбаганымды, эми болор иш болгон соң, мындан ары кийлигишпей, болгонун болгондой калтырууну сурандым. Кайын атам мага кайра чын жүрөгүнөн чыккан жооп катын жибериптир: ал менин кылгандарымды жактырарын, мени менен сыймыктанарын, мени аскер ооруканасына калтырып койгула деп эч кимден суранбаганын, эгер кааласаң башка шаарларга которулганга жардам берүүгө даяр экенин билдириптир. Албетте, мен которулгум келген жок. Мен кызмат өтөп жаткан аскер ооруканасында, баягы эле “Айтендин күйөөсү” катары таанымал элем. Баары мени менен жакын болгулары келчү. Медайымдар, оорулуулар артымдан шыбырашып калышчу: “Бул Айтендин күйөөсү!”—алардын бул кылгандарын мага жагат деп ойлошчу, ошондуктан ал сөздү угуза айтканга аракет кылышар эле.

Аскердик кызматымдын мөөнөтү бүткөндөн кийин Айтен мага Европага кетип калалы деп сунуш кылды. Мен деле ал жакка барып жашагым келген, бирок ойлонуп көрүп ага макул болгон жокмун: “Эгерде Европага кетсем, бардыгы сенин атаң жардам берди деп ойлошот. Мен ал жакка эч качан барбайм, андан көрө алыскы райондорго кетебиз”. Ошентип, мен мамлекеттик кызматкерге айландым – чыгыштагы бир кичинекей шаарчанын ооруканасында иштемей болдум. Ал жакка поезд менен жөнөдүк. Поезд биз барып түшө турган станцияга жакын, губернянын борбор шаарына токтогондо, аянтчада колдоруна гүл жана баштыкчаларды кармап казганактаган адамдарды көрдүк. Алар ары-бери чуркашып, вагондордун терезелерин карап жатышты, анын бири поездин бригадиринен сураганын уктум: “Айтендин күйөөсү ушул поездке түшмөк экен, сиз аны тааныйсызбы?” Бригадир колун жаңсап, биз карап турган терезени көрсөттү. Анан бизге белектери менен гүлдөрүн тапшырышты. Бизди тосуп, куттуктаганы губернатордун өзү келиптир! Терезелерди карап жүргөн киши ошол экен... “Кош келипсиңер! Өлкө силердей эл үчүн өз жанын аябаган доктурларга муктаж...”  “Силерге келген бардык доктурларды ушундай урмат-сый менен тосуп аласыңарбы?”— деп сурадым андан.

Губернатор жана анын айланасындагылар оңтойсуздана түшүштү, эгерде мен “Айтендин күйөөсү” болбосом мындай суроо бергенге даабайт элем. “Силерге бардык жашоо шартыңарды түзүп беришке көрсөтмө келген. Биз даярдандык... эгерде, маселе чыкса мага түз телефон чалыңыз, сиздин уруксатыңыз менен келип турам”, — деди губернатор.

Поезд ордунан козголгондо ал колун булгалап кыйкырып калды: “Мүмкүнчүлүктөрүбүз ушул болуп калды, таарына көрбөңүздөр”. “Айтендин күйөөсүн” көрөбүз деп келишкен эл да кол булгалаган боюнча калышты. Биз барчу шаарда да догдур болуп иштегени “Айтендин күйөөсү” келатканын эчак угушуптур. Мен канткенде  кайрадан доктур Метин-бей болорумду билбей калдым. Аялым менден бетер капа болуп, менин намысымды коргоого бардык аракетин кылды. Конокко, коомдук жайларда ал мени өз атымдан чакырып, элдин көңүлүн ошого бурганга далалат кылар эле: “Метин-бей мага мындай деди...”, “Метин-бей  тигини кылды...”, “Метин-бей аны кылды, Метин-бей муну кылды”, ал башкалар да мени өзүмдүн атымдан чакырышын каалап жаткан. Мен муну түшүнчүмүн, бирок биз сырттан караган кишиге күлкүлүү элек.

Аялым биздин абалыбыздан катуу жүдөп жүрдү. Бир түнү ал уйкусунан ыйлап ойгонду да мындай деди: “Метин, кел, Америкага кетип калалык, бул жерден кетпесек болчудай эмес...” Көп ойлонуп олтурбай, бат эле жыйналдык да башка материкке сапар тарттык. Мен эмнеси болсо да бүт күчүмдү жумшап “Айтендин күйөөсү” бойдон калбай, Метин-бей деп, өз атагымды чыгарууга бел байладым. Бул ой менин бүт эркимди ээлеп алды. Бир жолу Айтен экөөбүз сүйлөшүп жатканда мен ага мындай дедим:

–Айтен, мен чоң иштерди жасоо үчүн жаралгам. Мен тынч жашоону каалабайм. Мен ойноп күлүү үчүн келген эмесмин, бирок экөөбүз бактылуу болуш үчүн бардык нерсени жасоого макулмун. Мен сенин “Метиндин аялы” болушуңду каалайм. Көрөсүң го, буйурса ага да жетебиз, мен тынбай иштейм... Атак-даңкка умтулбаган, таланты азыраак адамга атактуу болууга жетишүү кандай кыйын экенин мендей билген жан жок болуш керек. Бирок, мен күнү-түнү бардык күчүмдү аябай иштедим. Америкада медицинанын профессору деген наамды алыш жана университеттен кафедраны ээлеш мага канчалык кыйынчылыкка турганын айтпай эле коёюн. Менин изилдөөлөрүм, илимий эмгектерим медициналык журналдарда басылып чыгып турду, бирок анын аягында кашаага алып: “Айтендин күйөөсү” деп жазышканды унутчу эмес, мени баары бир “Айтендин профессору”деше турган. Мен ишимдеги ийгиликтерим үчүн илимий коомдун медалын алганымда, гезиттерде “Айтендин күйөөсүнүн ийгилиги” деген маалымат чыкты.

Менде талма оорусу пайда болду. Ошол кездерде Конго мамлекети башка өлкөлөрдөн доктурларды чакырып жатканын уктук. Аялым мындай деп калды: “Кымбаттуум, кааласаң Конгого кетели. Сен чарчадың, балким Африкада эс алып каларсың...” Менин сүйүктүү, камкор аялым, бизди тааныбаган элдин арасында тынчыраак жашайбыз деп ойлосо керек. Мен керек болсо аялым, балам менен бактылуу жашоо болот дешсе, түндүк уюлдагы эскимостор менен пингвиндердин арасына барып жашаганга да макул элем. Биздин учагыбыз Конго конгондо, өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри өзү “Кош келиңиз, Айтен айым”, “ Кош келиңиз, профессор Айтен” деген сөздөр менен тосуп алып колумдан кысканда, көңүлүм айный түштү. Аялым жөлөп-таяп машинеге араң жеткизди. Биринчи эле учак менен биз Конгодон кайра учуп кеттик. Турцияга кайтып келдик. Бир нече аптадан кийин бир тойдо бир мырза жанындагы коңшусунан мени көргөзүп сурап калды: “Бул ким?” Тигил адам мен уккудай кылып, “Айтендин күйөөсүн” тааныбайсыңбы? – дегенде, аз жерден жыгылып кала жаздадым. Дагы эле унутуша элек экен...

– Айтен, – дедим,– мен мындан ары чыдай албай калдым. Ажырашып алалычы.

 Айтен – дүйнөдөгү теңдешсиз асылзатым!.. Ал моюнума асылып ыйлап алды, бирок, ажырашпайбыз деп айткан жок.

 – Сен каалагандай болсун, сүйүктүүм, бирок эсиңде болсун: мен ар дайым сенин аялың боюнча кала берем, – деди ал.

Көз жашыбызды төгүп жатып, сот аркылуу ажыраштык. Газеттерде ал жөнүндө “Айтендин күйөөсү аялы менен ажырашты” деп жазып чыгышты. Мени эми “Айтендин мурдакы күйөөсү” деп атай башташты. Алты жыл бойдок жүрдүм. Ушундай кымбат баа менен да өз атымды кайра ала алган жокмун. Кайрадан үйлөнсөм кандай болор экен? Балким, “Айтендин мурдакы күйөөсү” деген атактан ошентип кутулуп жүрбөйүн? Бул чечим мага канчалык кыйынчылыкка турганын бир да киши билбейт. Мен Айтенди гана сүйчүмүн, бирок кайра үйлөнүшкө туура келди.

Эки кыздын сүйүүсүнөн баш тарттым, анткени биринин аты – Айпери, экинчисиники Гүлтен эле, алардын аттарын Айтенге уйкаштырып, жаңылышып алышпасын деп чочуладым. Анан Фатма аттуу кедей кызга үйлөндүм. Эми мени “Фатманын күйөөсү” деп эч ким айткан жок, бирок “Айтендин мурдагы күйөөсү” бойдон кала бердим.

Айткылачы, дагы эмне кылышым керек? Эч нерсени өзгөртө албадым: “Айтендин күйөөсү”, болду! Айтенге барып андан күйөөгө тийишин жалбарып сурандым. Ошондо балким анын жаңы күйөөсү “Айтендин күйөөсү” болуп, мени унутушаар. Бечара Айтен көз жашын көлдөтүп мындай деди:

– Күйөөгө тийгенден көрө өлүп алганым жакшы эле, бирок, сен эмне үчүн минтип айтып жатканыңа жакшы түшүнөм. Сенин көңүлүң үчүн мен ал азапка барышка да макулмун.

Көп өтпөй ал күйөөгө тийди. Анын жаңы күйөөсү мен күткөндөй эле “Айтендин күйөөсү” деген атты алды, бирок мени да унутушкан жок, мен эми “Айтендин биринчи күйөөсү” болуп калдым. Айтендин өлүмү мен үчүн аябагандай катуу сокку болду. Байкушум, менин сүйүктүү аялым! Мен сенин өз ажалыңдан эмес, менин жан-дүйнөмдүн бейпилчили үчүн жаныңды кыйганыңды билем.

Азыр мойнума ала алам, ошол учурда чынында эле жеңилдей түшкөн элем. Кечир мени, ардагым Айтен! Оо азаптуу күн! Сенин ажалың да мени куткара алган жок. Сен өлгөндөн бери үч жыл өтсө да, мени дагы эле “бечара Айтендин биринчи күйөөсү” дешет... Тескерисинче, өлүм “бечара Айтендин биринчи күйөөсүнүн” атын элдин эсине ого бетер бекемдеп салгансыйт.

Менин эмне үчүн өлгүм келип жатканын эми түшүнсөңөр керек? Силер мени күн... күнө... күнө-өлөбүгүлө. Кымбаттуу ата... апа, мени кечиргиле!  Кош бол, менин кымбаттуу-уулум! Кош бол кер...еметтүү жарык дүй...нө!

…Мен бул катты жазып жаткан убакта ар бир сөздү жазган сайын, улам бирден уйкунун дарысын жуттум. Акыркы сөздү жазып, кол койгонго үлгүрүп, анан түбөлүктүү уйкунун кучагында калам деп ойлогом. Колдорум салмактанып, кыймылым жай боло баштады, тамгаларды араң жаздым. Бөлмө тунарып, туманга толгонсуп баратты, анан тумандын арасынан күлүмсүрөгөн Айтендин элеси көрүндү.

– Кымбаттум, сени өлүм да өз атыңды алууңа жардам бере албайт… – деди ал.

 – Кантип?

 – Сен өз ысымың менен да өлө албайсың!  Эртең гезиттер “Бечара Айтендин биринчи күйөөсү өз жанын кыйып өлдү” деп жазышат. Бекер эле өлгөнү жатасың…

 – Кеч болуп калды Айтен, дарыдан жетишерлик ичип жибердим, мен эми бул уйкудан ойгоно албайм…

 – Сени сактап калышат!.. Бери көздөй, мага келчи алтыным…

Эптеп туруп, аны көздөй бир кадам таштап, темселей түшүп жерге куладым. Аялым Фатма мен жыгылганда чыккан дабышты угуп, менин эсим ооп жатканын көрүп, догдурга жеткизишет. Ал жерден ашказанымды жууп жиберишип, мени аман алып калышат.

Убакыт деген баарын унуткарат турбайбы. Мени эми эч ким “бечара Айтендин күйөөсү” деп айтышпайт. Бирок мен “Айтендин күйөөсүнүн” унутулуп калганына аябай өкүнөм! Мага эми бул катты сыймыктануу менен кол коюу гана калды.

 Айтендин күйөөсү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз