Азиз Несин: Көз айнек

  • 17.12.2023
  • 4024

АҢГЕМЕ

Мындан жети-сегиз ай мурда бир досум сурап калды.

– Сен эмнеге көз айнек тагынбайсың?

– Анын мага эмне кереги бар?

– Сенин жашыңдагы адамдар сөзсүз көз айнек тагыныш керек, антпесең көзүңдү бузуп аласың.

Досум үйүнө кетти. Көзүм эмнегедир тунара баштады. Же алысты жакшы көрбөйм, же жакынды жакшы көрбөйм.

Мен дайыма чачым түшүп, кашка баш болсом деп кыялданчумун... Анан көз айнек тагынсам. Бул интеллектиси чоң адамдардын белгиси деп ойлочумун. Базардагы эт чапкыч деле маңдайы кашкайып, көз айнек тагынса аны университеттин доценти дегендер чыкмак. Бирок кыялым ишке ашкан жок. Чачым түшмөк тургай күндөн күнгө коюу боло баштады. Жок дегенде көз айнек тагынсам көргөн эл окумуштуу экен дешет да. Ошентип доктурга жөнөдүм. Ал текшерип көрүп мындай деди:

– Алысты жакшы көрө албайт экенсиз. Бир бүтүн, жүздөн жетимиш беш диоптрия экен.

Мен ал жазып берген рецепт менен көз айнек сатып алдым. Аны киер замат эле башым айланып, окшуй баштадым, көңүлүңөрдү иренжитсем кечирип койгула, кусуп да жибердим. Тим эле ашказаным аңтарылып кеткендей болду. Көз айнекти чечсем эч нерсе көрбөй калган экенмин. Кайра кийсем көрөм, бирок окшуп чыгам десең. Айлам кетти!

Бир таанышым көрүп боор ооруду окшойт.

– Мен бир жакшы догдурду билем, ошого барып көрбөйсүңбү,– деди ал.

 Ал догдурга барганымда мени карап чыкты да анан көз айнекти карады.

– Кандай келесоо сага бул көз айнекти жазып берген? Сизди алысты көрө албайт деп кантип айтты!

– А меники кандай экен?

– Сиз жакынды көрө албайт турбайсызбы. Эки диоптрия!

Жаңы көз айнекке буюртма бердим. Ал көз айнектен башым айланбай калды, окшуган да жокмун. Бирок көзүмдөн тынбай жаш ага баштады. Ыйлап жатып көзүм кутурган иттин көзүндөй кыпкызыл болуп чыкты. Бул көз айнекти өлгөнгө барганда эле кийсе жарашчудай.

Жакын досум чыдабай кетти:

– Эй, минтип жүрсөң таптакыр сокур болуп каласың. Сен мамлекеттик ооруканага бар. Жеке дарыгер деген жеке дарыгер, мамлекеттик эмкананын дарыгери, башка кеп. Анын үстүнө менин билишимче ал жердин көз догдуру профессор адам.

 Ооба, чындыгында эле мамлекеттик эмканада башка деңгээл байкалды, жаңы аппаратура, бардыгы жаркырап таптаза.

Профессор мени текшерип чыкты. Мен өзүмдүн башымдан өткөндөрдү баяндап бердим:

– Бири жакынды көрбөйсүң дейт, экинчиси тескерисинче, жакынды көрүп, алысты көрө албайт экенсиң дейт.

 Профессордун ачуусу келди:

– Билимсиз айбандар! Экөө тең былжырашат. Сиз астигматизм менен ооруйт экенсиз.

Профессордун рецеби менен жаңы көз айнек алдым. Ал туура келди. Мен жакшы көрө баштадым. Бирок тынчымды алганы, эмнегедир бардык нерселер менден алыстай баштады. Он жылдан бери жашап келаткан үйүмдүн дубалы отуз метрге жакын ары жылып кетти. Досума кол берип учурашайын десем, жете алчудай эмесмин. Бирдеме жазайын десем барак менден эки метр ары турат. Буюмдарды дүрбүнүн арты менен карагансып көрүп жаттым. Бардыгы кичирейип, адамдар эргежелдерге айланды. Бирок эң негизгиси – мен тамак жей албай калдым. Дасторконго олтуруп колумду сунсам, табак менден жыйырма метрдей алыс качат, а мурдум ысык шорпого малынат десең. Эки метр ары турган чыныга кашык сала албай кыйналганымды айт. Мен ичпей-жебей, кыймылдай албай калдым. Мени Америкадан окуп келген дарыгерге жетелеп алып барышты. Ал сокур чычканга карышкырдын көзүн салган кыйын дарыгер деген сөздөр айтылып жүрчү. Жакшылап карап чыгып ал мындай деди:

– Кандай энеңди… бул көз айнекти жазып берген?! Келесоолор! Малчылар! Эгерде сиз прокуратурага арыз менен кайрылсаңыз, алардын дипломдорун алып коюшат.

– Мейли, Алла өзү жазаласын,– дедим мен.

Мен жаңы көз айнек сатып алдым. Эми мага баары экиден көрүнө баштады. Ар дайым жети кишиден турган үй-бүлөм он төрткө жетти... Мурда ар бир кишинин түгөйү бар экенин байкабай жүргөн экенмин. Адамдар бири-бирине ушунчалык окшош болобу? Тобо-о! Бутумду карасам – төрт батинке кийип жүрөм. Ар бир колумда ондон манжа.

Башка догдурга барбасам болор эмес. Ал Германияда окуптур.

 – Мындай көз айнекти… кандай акмак жазып берген?

– А эмне экен?

– Кандайча эмне? Көрбөй турасыңбы, туура эмес!

Көрсө, менин бир көзүм алысты, бир көзүм жакынды жакшы көрбөйт экен. Жаңы догдур жазып берген көз айнек менен караңгы, жарыкты айрый албай калдым. Тегерегим тозокко айланды.

– Кандай… неме бул көз айнекти сага сунуш кылды?! Сиздин көзүңүз сонун эле экен!– деди, мен кайрылган кийинки дарыгер.

– Бирок мен эч нерсе көрбөй калдым. Тегерегим капкара түн!

– Жарык начар болгондо көрбөй калат экенсиз. Бардыгы ошондон!

 Дары-дармек, ийне салдыруу жана кайрадан жаңы көз айнек… Эми бардык буюмдар мага жакындап, мени сүзө качыра башташты. Кемеге жеттим го деп аттап кирмекчи болгондо сууга түшүп кеттим. Көрсө кеме жээкке жете элек экен, а мага ал так түбүмө келип калгансыган.

Шаарда мен барып көрүнбөгөн бир дагы догдур калган жок. Бири оң көзүң жакынды жакшы көрбөйт десе, экинчиси анын тескерисинче айтты. Бири астигматизмди тапса, экинчиси катарактысын тапты. Дагы бири дальтонизм дегенин аныктады. Мен буюмдарды ар кандай кылып көрүп жаттым. Түптүз жол менен баратсам, тепкич менен ылдый түшүп бараткансыйм. Төө сыяктуу аттап-буттап да бастым.

Бир жолу көпүрөдөн өтүп ылдый түшө баштагам, тепкич мага бийиктей көрүнүп секирсем, бутум чалыштап барып тоголонуп түштүм. Көз айнегим ыргып кетти. Көзүм караңгылап эч нерсе көрбөй калдым. Бирөөлөр келип жөлөп тургузушту.

– Көз айнегимди таап бергилечи,– деп карайладым.

Алар көз айнегимди таап беришти. Аны тагынганда... О Алла!.. Мен канчадан бери мындай жакшы көрө элек болчумун! Бардыгы даана, баардыгы өз ордунда! Башка бирөөнүн көз айнеги эмеспи? Жок, өзүмдүкү эле экен: алкагы кара мүйүздөн жасалган, кара, оор көз айнек...

Сүйүнгөнүмдү айтпай эле койгула. Мындан ары эч качан көз догдурларга барбайм! Кеменин боорундагы жазуудан баштап, гезиттин бетиндеги ар бир майда чекитине чейин көрүп, окуй баштадым. Кудуңдап кубанып үйүмө келдим.

– Көз айнегиңе эмне болгон?– деп сурады аялым.

– А эмне болуптур?

Көз айнегимди чечип, колума алдым. Манжаларым алкактын ичине кирип кетти. Жыгылганда айнектери ыргып кеткен экен.

Ошол күндөн бери көзүм сонун көрүп калды.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз