Нуралы Капаров: Диалог

  • 08.01.2024
  • 4175

Токтотуп “Хонда” деген таргыл атын,
жыйноого шаасы жетпей жан-кубатын,
акылдуу көзүн досум жалдыратып,
алдымда турду башын салбыратып...

- Тажадым! – деди чындап тажагандай
түгөнбөс душманынан, күндөшүнөн.
- Кандайсың? - деген сөзгө жооп таппайм,
айласыз телефонду күндө өчүрөм.

Зарыгып палатада өмүр короп,
тажадым оорукана бийлигинен,
тажадым көк кагазга богум ороп,
банкелеп күндө өткөргөн сийдигимен.

Тажадым тик сайылган ийнесинен,
тажадым онтогондор дүйнөсүнөн,
чыкканда сөөгүм сүйрөп араң чыгам –
чыккандай оорулуулар түрмөсүнөн, –

деди да сөзүн улап, мойнуна алып:
- Оору жок оорубаган ооруп бүттүм,
оңойм деп оорукана койнуна алып,
каруу жок, каруу-күчтү соруп бүттү.

Шүгүр дейм, буга дагы, шүгүр деймин,
кыбырап азыр көптүн бириндеймин.
Камыгып күндө беш маал ийне жебей
кыбырап кирип-чыгып үйүмдөмүн,

- деди да андан ары сөзүн улап:
- Кез-кезде калаа ичин араласам
быкылдап Бишкек ичи аарыкана,
каякка карабайын оңду-солду
кас-катар оорукана, дарыкана...

Оорукана туш жактан көзүм жумуп,
дарыкана туш жактан мойнум буруп,
оңдосо да ошолор ал-жайымды,
көргүм келбей түз карайм маңдайымды.

Доктур жакшы албетте, өлгүм келбейт,
мен ушуну түшүнүп турсам дагы
көңүл калды доктурдан, дарыдан да,
доктуруңду, дарыңды көргүм келбейт, –

деген сөзүн кунт коюп угуп туруп,
айлангандай бул сөзү жадыбалга,
мени дагы бир жагдай буюктуруп,
салган эле ушундай ахывалга:

- Оюн укпай оң жүргөн Бакаевдин,
ойрон чыгып агасы Акаевдин,
тобун топтоп топ жинди Токтосундун
томго айлантты арызын Боктошуңдун...

Тоюнбаган ач көзүм, жанбагарым,
топтоп келип күч менен алабыз деп
жамаат алган винзавод, алмаларын,
мени көздөй ыргытты чалмаларын.

Анан бир кез ак-кара аралашып,
бирин бири Каке деп паралашып,
кара бет Какесине калем берип,
жаздырды баштан-аяк каралатып...

Арызы Какесинин жамгырдай жаап,
жулунган милийсасы кур жалаа таап,
топтогон арыздарын көтөрө чаап,
төбөдөн прокурору согуп турду,
атынан Акаевдин жети жылы
тынч жаткан турмушумду согуш кылды,
токтобой канымды алар соруп турду.

Жабышып жакшысы да, боктору да,
арыгы, ачкасы да, токтору да,
жалаңдап жан-жагыман басып кирди
милийса, прокурору, соттору да.

Көңүл калып күйбөгөн отуман да,
көңүл калып кошуна, досуман да,
көңүл калды ошондо прокурордон,
алкы бузук милийса, сотунан да.

Баратканда карасам оңду-солду
милийсага толгонсуйт жолдун бою:
оң жагыма бурулсам РОВДусу,
сол жагыма бурулсам ГОВДусу,
узун жолго түшкөндө УВДусу,
маңдай жолго түшкөндө МВДсы...

Арыласаң ар жагы тазараак деп
айрым гана имарат актай турат.
Кайрылышка киргенде “прокурор” деп
кара жазуу кашайган тактай турат.

Каршы-терши көчөдө, кесилиште
“Милийса” деп машина токтоп турат,
далдаасында кылыйып кагаз кармап,
кымыңдаган арызчы Боктош турат.

Уккум келбей машийне уңулдагын,
милийсанын ышкырык-чурулдагын,
прокурорду, сотторду көргүм келбей
отко-сууга түшкөндө чымын жаным,
сотко толгон бул шаарды таштай качып,
тоону көздөй келген э-эх! Чымылдагым!

- десем досум ойлонуп турду дагы,
унутту да ооруну, муңду дагы:

- Аның туура оо досум “ооба!” деп тур!
Ким эмнеден тажаса ошо көптүр,
акылсыздан тажасаң тайкы көптүр,
ашуу-белден тажасаң кайкы көптүр,
багың башта турганда тууган көптүр,
багың баштан тайганда душман көптүр,
көптү баксаң көгөрүп түйшүк көптүр,
көп жабылса жалаачыл шүмшүк көптүр,
жакшы менен жакшыны табыштырбас,
жаман менен жаманды кагыштырбас
бул дүйнөнүн бузулбас салты жоктур!

Кыйын болсоң кыйкырып боктоп турат,
байкуш болсоң бакырып жоктоп турат,
ортозаарга кишинин иши жоктур,
эми сага жолобой милийсалар,
эми мага келбесин киши доктур! –
- деди дагы токтотуп аңгемени
милийсасыз көчө издеп мен жөнөсөм,
доктуру жок көчө издеп ал жөнөдү...

ЖҮК

Кокуйлатаар иштерди колго жыйып,
колдон келбес иштерди жонго жыйып,
өчпөгөн өчтүн баары эске жыйып,
кетпеген кектин баарын ичке жыйып,
кайгырткан сааттарым күнүмдү өрттөп,
муш жеген мүнөттөрүм жүлүндү өрттөп,
арман деген азабың жүрөктү өрттөп,
душман деген азабың түнөктү өрттөп,
көк муз баскан жериңе жата да албай,
коргондолгон жериңе бата да албай,
күнүнөн түнү узак бул дүйнөнүн
аяк-башын адашпай баса да албай,
баш жетпей калган кезде бакты сүзүп,
күч жетпей калган кезде ташты сүзүп,
бакырып күлгө кулап уйпаланып,
кыйкырып отко кулап куйкаланып,
өлөр жерден өлбөгөн тирүү калып,
тирүү жүрүп дем тартпай өлгөндөрдөй,
душман чыкса “дү-ү-үр!” этип тура калып,
мылтык сунуп чуркаган мергендердей,
жайланышып жай алаар жайын таппай,
кол алышып кой дешээр сөзүн таппай,
жоолашпаган жолу тынч жылын таппай,
көлдөтүп көз жаш төкпөй көмүскөдө,
муңканып муун бошоп мурун тартпай,
катар-катар катаны кагыратып,
кабат-кабат жаңылышты шагыратып,
соко тарткан аттардай ката тартып,
сый-урматтын ордуна жаза тартып,
жаңылыш деген итти жамыратып,
өмүрдүн аягында илкип баспай
өчөйүп карчыт кеткен картаң аттай,
келатам сүйрөлбөсө илип алып,
үстүмө бүт катаны үйүп алып,
өзүм да түшүнбөймүн өрдү карай
өмгөктөп келатканга тирүү калып!

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз