Рахат Аманова: Назгүлдүн дүйнөсү – ойлуу, жымжырт, муңайым

«Менин дүйнөм ойлуу,  жымжырт,  муңайым / бул жашоодо аз күлөмүн каткырып.  .  » деп,  « Жаз деми» деген ырында өзүн даана сүрөттөгөн Назгүл Осмонова,  адабий чөйрөгө жана окурмандар арасында белгилүү болуп калган, өзүнүн стили, дүйнө таанымы, чыгармачылыкта орду бар акын. Назгүлдүн ушу кезге чейин чыккан ырлар жыйнактарына Казат Акматов, Анатай Өмүрканов, Султан Раев, Жумадин Кадыровдор жылуу сөздөрүн аябай рецензияларды жазышыптыр. Окурмандар арасында да аудиториясы бар акын кыздын ыр дүйнөсүнө үңүлүп көрөлү. 

Ачыгын айтсам, мен Назгүлдүн алакандай жука, эскилиги жетип калган, алгачкы эки ыр жыйнагын куштарланып окудум. 

Күн түнөгөн жүрөк” деген китепчеси 1994-жылы, Назгүлдүн 22 жашында жарык көргөн экен. Эми ырларга көз жүгүртөлү. 

16-жаз” деген ырында тун сүйүүсүн жазга салыштырып туюнтканы:

Көңүлүм удургуп, кыялым бөлүнөт,
Күттүргөн,  эңсеткен жаз келген көрүнөт. 
Саамайым шамалга сеңселип төгүлөт,
Сагынткан,  саргайткан жаз келген көрүнөт. 
31.  03.  88-ж. 

Алгачкы сүйүү жыттуу саптары жаздай жагымдуу угулат:

Махабатыма

Бул жүрөк назик, таза согуп турган,
Сен үчүн жаралганын сезесиңби?
Сезесиңби?.. 
Же аны кайгыртып эзесиңби?
18.  11.  88-ж. 

Кызганыч

Жыпар жыттуу розадан соң,
Кандай экен фиалка?
Мурдагыдай көпкө ойлонуп,
Батасыңбы кыялга?
30. 10. 91-ж. 

Мына ушул сыяктуу сүйүү саптарына акын кыздын 16 жашынан 22 жашына чейинки ырлары кирген. Китепчени барактасаң сезимтал селкинин баёо саптары кайдыгер калтырбайт. Окуп атып тааныш сезимдерди учуратып жылмаясың. А бирок баёо сезимдерди басып өткөн,  чөйрөдөгү көндүм адатка ачык каяша айткан ырлары да бар. 

Эсептебейм кумар отун күнөө деп…

Шашылбагын жалаа жапканга,
Туруксуз деп айып такканга. 
Гүл жыттанбайт көркөм ырларым,
Ышкы отусуз жаным капканда. 

Ошон үчүн жаным ар качан,
Сүйүүгө мас, андан чарчабайм. 

Сопусунуп чанып жыргалды,
Бул жарыктан кетти канчалар. 
13.  03.  93-ж. 

Мынакей, сезимтал жаш кыздын сүйүүнүн, өмүрдүн кайталангыс экенин айтып чыкканы. Андан ары Назгүлдүн 1998-жылы, 25 жашында жарык көргөн “Жетим көпөлөк” аттуу шапалактай  жука китепчесинен ырларды мисал келтирейин. 

Шарап жана мен

Сен эмнеге мынчалык көңүлдүүсүң?
Комузсуңбу же черткен өмүр күүсүн?
- Эртеңдерди ойлоп баш катыргыча,
Жарык жаша өмүрдүн бүгүнкүсүн. 

Балетдеген ырында Назгүл искусствонун көркөм, сулуу дүйнөсүн эргүү менен сүрөттөйт. 

Балет, балет!. .
Балерина, балерон,
Кыймылыңды көз албастан жан эрип,
Карап туруп адамга эрксиз суктанам,
Куштан эркин, ак куудай кооз бийлеген. 
Бул бир укмуш!
Бере албаймын сөз менен,
Көрүү керек көз менен. 
Балет, балет!
Балерина, балерон!
Кыймылыңды карап туруп жан эрип,
Эркиндиктин күчүн сезди бүт денем…

Жан-дили менен берилип,  башка көркөм дүйнөгө,  сулуулукка суктанып төгүлгөнүн кара! Андан ары досуна арнаган ыры:

Кызыл жүзүмдөр

Жайдын күнү жан досум үзүп берген,
Кызыл, кызыл жүзүмдөр кетпейт эстен. 
“Өңдөн азып калыпсың окуймун деп,
Көп, көп эле жесеңчи, жесең” деген. 

Жүзүм көрсөм алиге эстей берем,
Жан досумду сырлары калган терең. 
Кызыл, кызыл жүзүмдөр кыялымда,
Кыялымдай эңсеп, мен жетпеген…

Бул ырда жакындарыңы мезгил акырындап алыстатканы,  «Барайын дейм, бошоймун кайдан” дедиң сыяктуу саптары баарыбыздын чындыгыбыз. 

Ал эми атасына арнаган ырында Назгүл ата-эне жөнүндө темага таптакыр жаңы ракурстан карап ырдаган.  Бул ырда ата-энесин бирдей сүйгөн кыздын санаасы,  тилеги астейдил айтылат:

Келсе да орто жашка,
Атакем дале жапжаш. 
Жасанат күзгү алдында,
Кара көз, капкара каш. 

Сенде бар толгон түйшүк,
Эли-журт, көптүн жүгү. 
Же балким кыя белде,
Таптыңбы жаңы сүйүү?

Жарашар жалгыз сага,
Жаныңда турат апам. 
Өмүрүн, махабатын,
Өзүңө келген арнап. 

Сезилдиң мага бүгүн,
Чарчаңкы, азган түрүң. 

Сан ойго салып бизди,
Ата, не үшкүрүндүң?.. 

Жогоруда Назгүлдүн жаш кезде жазган ырларына жөн эле токтолгон жокмун. Жупкадай жука,  алакандай эки китепчедеги ырлар тематикасынын түрдүүлүгү,  ошол темаларды күтүүсүз ракурстан ачып бергендиги менен өзүнө тартып алды.  Дегинкиси акын каалаган темада ыр жазат, бирок... 

Ушу жерде көптөн берки оюм менен бөлүшөйүн деп чечтим. Кыргыз акын кыздарынын ичинен ырларында мекен,  замандаш, доор, учур кырдаал, тарых, таржымал, ата-эне, үй-бүлө, бала, улуттук каада-салт, нарк ж. б. баалуулуктарга кайрылган акын кыздар саналуу гана.  Алтургай ааламтөр айдыңын карасаң ыр жазган кыздардын темасы дээрлик сүйүү жөнүндө: өзүн гана ырдайт, өзүнүн учурдагы сезимдерин гана ырдайт. Мейли, ыр жазган кыздар өзүн ырдагысы келсе - мейли, ага эч кандай доомат жок. 

Ошолордун арасынан жогоруда аталган темаларды аркалап келаткан акын кыздар бар Кудайга шүгүр. Бирок ушундай кеңири масштабда ыр курай тургандардын бири Назгүл ушу темаларды таштап койгонун көрдүм. Биздин акын кыздардын көпчүлүгү жалаң гана кыз-жигит, аял-эркек ортосундагы мамилени, сүйүүнү гана жаза бергендей.   Байкасаңыздар,  ыр жазган жигиттер отуз жаштан өтүп-өтпөй эле мекен, жашоо,  турмуш философиясы өңүтүндөгү темаларга ооп кетишет да, жеке сезимдерин экинчи же бирдей планга коё баштайт. 

А эмне үчүн биздин Назгүлгө окшогон акын кыздар ушундай түрдүү, олуттуу темаларды ара жолдо таштап коюп жатышат? Түшүнбөйм.  Акын кыздар аял-эркек мамилесин,  сүйүүсүн гана ырдап, түбөлүктүү өмүр-өлүм темасында гана ыр жазышы керек дегендей,  кандайдыр туура эмес көрсөтмө жайылып кеткендей сезилет. Балким мен жаңылып атам? Ооба, аял-эркек ортосундагы мамиле ыйык. Ооба,  сезимдердин сересине,  туу чокусуна чыгарган сүйүү аруу. Ооба, ыр жазган кыздар,  аялзаты айрыкча сезимтал келет, ыйыгын, сүйүүсүн туу тутуп жашаган бийиктикке жетишет. Бирок ушул жоон топтон айырмаланган, түрдүү темага фокус жасаган акын кыздарга айтаарым: мекенди,  доорубузду,  заманыбызды,  бирге жүргөн, көрүшкөн замандаштардын бейнесин алдыңкы чекке силер алып чыкпасаңар ким алып чыгат?

Турмуштун бардык өңүтүн ырларында чагылдырып,  алып кете алып турган акын кыздардын бири Назгүл экенин көрүп туруп, ушу сөздөр чыгып кетти. Анткени, Назгүлдүн ата-эне, мекен, дос, жар ж.  б.   темаларда жазган ырларында каармандардын  образдары таамай, ынанымдуу жана кинотасмадай жаралган! “Менин муң-зарлаш сулууларым” деген котормо китебинде, каталарынын катмарына карабай каармандардын образдары өтө ынанымдуу болчу! Назгүлдүн сүрөткер катары өзгөчөлүгү ушунда – мекен, ата-эне ж.  б.  ырларында да сюжетин чебер тартып,  каармандардын образдарын абыдан жандүу жарата алат экен. Назгүлдүн жаш кезиндеги алакандай китепчелерин окуп,  ушул тыянакка келдим. Өкүнүчтүүсү: акын кыз ушул өзүнүн өзгөчөлүгүн андан-ары пайдаланып кете албай, бул өңүтүнө көңүл бурбай койгон. 

“Каркыра-мезгил” деген 2019-жылы чыккан ыр жыйнактын тематикасынын дээрлик бардыгы сүйүү: өзүн, сүйгөнүн,  жашоону, табиятты,  сүйүүнү сүйгөн сүйүү… Бул жыйнакта өзүн гана ырдаган,  өз сезимдерин,  жан-туйгусун сүрөттөгөн... 

Акын кыз катары оозго алынып калган, адабий чөйрө таанып, кабыл алган Назгүл Осмонованын соңку ыр жыйнагы эмнеси менен айырмаланат? Назгүлдүн эмгекчилдиги байкалат, кадам артынан кадам таштап,  акырындап алдыга жылганы байкалат.  Ар бир ырындагы саптар, сөз, сүйлөм, сюжет, композиция – Назгүлдүкү гана, өз үнү,  сөзү, стили бар. 

Түшүмдө

Күтөмүн үн-сөзсүз, ыйлабай,
бир гана ичимде жалын-от. 
Кымбатым, жүрсөкчү кыйналбай,
Жанаша өсүшкөн гүлгө окшоп…

Асыл жарга

Неге мынча көп ойлонуп,
азайгансыйт күлүшүң?
Чиркин өмүр өттүбү, же
Күтүп күндүн дурусун?
Асыл жарым, аздегим ай,
Чачтарыңдын актарында
менин да бар үлүшүм…

Каркыра-мезгил” ыр жыйнагында жакшынакай ырларга орун берилген. Китепти алып окуган окурмандар сөзсүз өзү үчүн жагымдуу жагын табат. Бирок бул жыйнакка кирген ырлар салмактуу,  ойлуу, муңайым сезимтал болгону менен,  Назгүлдүн жаш кезинде жазган ырларынан кескин айырмаланган оголе өсүүнү, секирикти көрө албадым.  Окурмандын жан-дүйнөсүн аңтарып-теңтерип койгон шедевр ыр саптарын же ырды көрө албадым. Бирок ырлары окурманды кайдыгер калтырбайт. Лирикалык каарманы дээрлик өзү жана сүйүктүү адамы болгон ырларда кыргыз кызынын мүнөзү,  пейили,  жашоого,  дүйнөгө, турмушка болгон мамилесин саптарынан көрөсүң.   

Чангандай асыл өмүрдү/муң басты неге көңүлдү.  Же:

Оорутуп санаалар салмагы/ ойлордун түбүнө жетпедим.   / Кай учур тойбосом сүйүүгө, / кай учур сүйүүнү жектедим.   

Буулугу

Ал сезимде бардай баарысы,
ал сезимде бүтпөс кусалык. 
Мейкиндикер кел деп азгырса,
Кете албастан турам тушалып…
Бүтпөсүнчү ушул кусалык.  . 

“Сентябрь

Жалбырактар жашыл бойдон ыраңы, /гүлдөр дагы ажарынан өчө элек. / Менин гана көңүлүм пас, маанай суз, / дил ооруткан сөзүң эстен кете элек. 

Каалаганым, самаганым бир дүйнө, / ал дүйнөгө жетпей канча умсундум.  /Эски сөздөр… эски сүйүү, баары эски, /а мен болсо жаңылыкка умтулдум. 

Бул саптарда автордун лирикалык монологу өзүн,  жашоону, турмушун талдап түшүнүүгө багытталат. Кээде адам баласы ымандай сырын айтып,  акыйкатын мойнуна аргасыз алып,  андан ары жашоого бел байлаган учур келет. «Каркыра-мезгил» жыйнагында лирикалык каарман автор өзү болгондуктан, сезимтал дүйнөсүн түрдүү өңүттө сүрөттөйт.   Бирок саптардагы музыкалык ыргак,  ритм дээрлик бир толкунда термелет.  Окшош ыргак менен уланган саптарда муңайым муңканган обондуу бир эле ырдын күүсү угулат… Жыйнактагы ырлардын структурасы өңчөй төрт саптан ырааттуу куралган,  конструкциясында татаалдашкан курамдар жокко эсе. 

Назгүл түштүктүн кызы болгону менен адабий тилдин чегинен чыккан эмес. Башкача айтканда, кыргыз адабий тилинин лексикасын, сөздүк составын керектүү,  жаңы диалект же говор сөздөр менен байытуу акын-жазуучулардын озуйпасы эмеспи. Бир жыйнакта бирден же экиден сөз болсо да,  ыгына карап,  кемелине келтире жалганган жаңы,  жагымдуу,  угумдуу,  керектүү сөздөр менен адабий тилди байытууга эмне үчүн болбосун? Калемгерлерден башка эне тилге ким көмөк көрсөтүп, ким байытып бермек эле? Жыйнакты окуп атып, ушул жагын да эске алдым. 

Эмне үчүн ырлардын таржымалында өсүү анча байкалбайт? Анткени ырдын ички мазмунун берип,  туюнтууда акын бир өңчөй,  окшош жүрүштөрдү жасайт! Кандай акын болбосун ыр саптарында өз огунан атырылып чыккандай, жанар тоо жангандай сезимдерин күчтүү сөздөргө, саптарга сыйдыра албаса, жаңы канаттуу ырлары катардагы жакшы ырлардын гана катарын толуктап калат. Менимче,  окшош ыкмага салып ыр жаратуу-ырлардын асан-үсөндөй керемет түстөрүн жокко чыгарып салат.   Жаңыдан жаралган ырлардын тагдырынын эмоциялык боёктору канчалык күчтүү болсо,  ыр күчтүү болот эмеспи.   

Ал эми Назгүлдүн ырларындагы каарман дайыма муңайым, өз дүйнөсүндө өзү менен өзү жашаган,  сырткы дүйнө менен сый мамиледе калган, көмүскө тосмону атайы коюп алган чыгармачыл жанды элестет. Менимче, акындын ырларына өзүнүн ырлары окшошуп, улам жаралган ырлар мурункусун кайталап, ”клон” ырлар жарала бергени – чыгармачылыктагы эң опурталдуу симптом!

Назгүл Осмонованын жана дээрлик ыр жазган акындардын бардыгынан эле ушул “клон” симптомун көрүүгө болот. Балким акырындап,  кыргыз акындарынын бир даары жапон акындарындай үч сап ыр жазыш үчүн 30-40 жыл ой багып,  теребелге абай салып, ойго термелип жүргөн, анан гана үч сап ырын искусство кереметин мөлтүрөтүп жараткандай ыкмага өтөрбүз? Азырынча андай жолго түшкөн акынды байкай элекмин.  Бирок акындык жолго арыш таштаган калемгерлердин катарындагы Назгүлдүн бул жолдо ак эмгек өтөп, өз жолун төшөп келатканы оголе мактоого татыйт.   

Сөзүмдүн акырында,  Назгүлдүн өзүнүн жаз гүлүндөй кезинде,  жыйырманчы жазында, ”Күн түнөгөн жүрөк” жыйнагында өзүнө-өзү айткан “Канаттуу сезим” деген ой-толгоосунан үзүндү келтиргим келди: “Жок, мындан ары башкача жазуу керек.  Стилди да,  мазмунду да өзгөртүү керек.  Жаңы бир нукка түшпөсөм болбойт…” деген. Назгүл,  сени Назгүл Осмоновага – кыргыздын акын кызына айланткан, ушу кезге чейин апкелген ырларыңа таазим этип,  ыраазычылык билдирип, коштошуп, жаңы кадамды таштайсың деген каалоом бар. Жыйырма жаштагы Назгүлдүн тилеги аткарылды, эми жан дүйнөңүн жазы боюнча калган ушул сезимтал жаш кыздын чакырыгы сени жаңы кадамдарга жетелесин. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз