Ата-энелерге күтүлбөгөн учурдагы суроо: «Кудай кайда?»

  • 12.06.2020
  • 4179

Балдар айланасына көз чаптырып, айланадагы окуяларга аралаша баштаганда ата-энелерене суроо жаадыра башташат.

- Бул эмне? Бул эмнеге мындай? - деген сыяктуу суроолор ата-энелерди абдан чарчатат, бирок бул суроолордун ичинде дагы бир суроо бар, ата-эне буга туура жооп берүүгө аргасыз болушат. Ал суроо:

- Кудай кайда?

Мен анда кичинекей болчумун. Эсимде, бир жолу апамдан сураган элем:

- Апа, Кудай кайда?

Апам чын жүрөктөн жооп берген:

- Кудайды кайсы жерде эстесек, ошол жерде, уулум.

Бул жооп мен үчүн жаңы суроолорду жарата баштады:

- Кудайды кайсы жерде эстесек, ошол жерге келет. Менде ондогон суроолор бар эле. Мисалы, түн бир оокумда төшөгүмдө уктаганга аракет кылып жатып: “Кудайды эстебесек?” деп ойлогонумду эстейм.

Бир канча убактан кийин ошол суроого мечиттин молдосу башкача жооп берген эле.

Тентек досум Рамазан молдодон:

- Кудай кайда, агай? - деп сураган эле:

Молдо сол колун жүрөгүнө коюп:

- Кудай жүрөгүңөрдө, уулум, - деген.

Бул жооп апамдын айткан жообунан да күчтүү ойго салды мени.

- Кудай канча болду экен? Ар кимдин жүрөгүндө бар болсо, анда эмнеге Кудай жалгыз дейбиз. Кудай адамдардын жүрөгүнө эмнеге кирсин? - деген көптөгөн суроо оюма келди.

Бул суроолордун баардыгын балалык курагымда бирөөдөн сураган да жокмун, суроого берилген жоопторун да уга албадым.

Аң-сезимде калган коркунуч

Сыналгыдагы каналдардын биринде, бала тарбиялоо темасына арналган бир көрсөтүү бар болчу. Көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берген психологдон бир эне баласына байланыштуу суроо узатты:

- Беш жашта уулум бар. Ал өжөрлөнүп: “Апа, Жараткан кайда?” - деп сурап жатат. Мен болсо: “Уулум, Жараткан жүрөгүңдө”, - деп жооп бердим. Сиздин оюңузча кандай жооп беришим керек эле?

Сыналгыда суроолорго жооп берген психолог адистин жооптору адамды ыйлата тургандай өкүнүчтүү эле.

- Беш жаштагы балага жүрөгүңдө Жараткан бар деп жооп беришиңиз туура жооп эмес. Анткени, мындай жоопту укканда балада дагы бир канча суроолор пайда болот. Ошондуктан уулуңуздун бул суроосуна: “Жараткан абдан алыста, аны биз көрбөйбүз”, - деп жооп берүүңүздү кеңеш кыламын, - деди.

Сыналгыдан берилген бул көрсөтүүнү укканда өзүмдүн балалык чагымды эстедим, ошол убактардан бери мээмде сакталып калган суроо-жоопторду эстедим. Ошол жылдарда бул тема менен жакындан тааныш бир педагогдун көз карашы катары караганымда, суроого айткан жообу мени капалантты.

“Жараткан кайда?” - деген суроого туура эмес кайтарылган жооптор, баланын акылында жайгашкан сааттуу бомба сыяктуу “тык-тык” деп жарыла турган күндү күтөт. Эгерде өз убагында тажрыйбалуу адис тарабынан сааттуу бомбанын тетиктери өчүрүлбөсө, балалык курактан өткөн өспүрүмдүн акылында бул жаңылыш багыт, бир күн келип жарылышы мүмкүн.

Жети жашка чейинки кичинекей балдарга айтылган “Жараткан жүрөгүбүздө” деген жооп, баланын акылында көптөгөн жаңы суроолорду туудурат.

Ар бир жүрөктө Жараткан бар болсо, анда канча Жараткан бар?

- Жүрөгүбүздө Жараткан кантип дем алат?

- Жараткан ичимде кыймылдаса корком...

Ошентип баланын кыялында жаңы суроолор пайда болот. Ата-эне жооп бере алгыс жаңы суроолор...

Мен кичинекей кезимде апамдын айткан:

- Кудайды эстесең, ал ар дайым сени менен бирге,- деген жообу 7 жаштагы балдар үчүн - Кудайды эстебесек... анда Кудай биз менен бирге болбойбу? - деген күмөн ойлордун пайда болушуна себеп болот.

“Мага динден, ыймандан сөз кылбагыла”

Ар тараптуу бул пикирлерди баланын жан дүйнөсүндө чаташтырбай, ага туура жообун таап, улам өспүрүм куракка жакындаган сайын баланын колунан абайлап кармап, анын акыл-эсинде татаалдыкты жараткан чаяндар менен жыландар салган уяны бузуп салбасак, бир күнү ал чаян менен жыландар балага “мага дин боюнча сөз кылбагыла, андай нерселерге маани бербегиле” дегенге жеткирип, зээндүүлүгүнөн “баш тартуусуна” себеп болот. “Жараткан кайда?” деген суроого кандай жооп берүү керек? Бул суроого бериле турган жоопторду балдардын жашын эске алып, үч мүнөздүү түргө бөлөбүз.

Жети жашка чейинки балдар

Бул жаштагы балдардын “Жараткан кайда?” - деген суроосунун максаты жана атын уккан буюмдарды акыл-эсинде калыптандыруу аракети.

Бала жакшы тааныш нерсеси менен жаңы уккан нерсесин салыштырып, айлананы тааный баштайт. Мисалы, бир жумадан кийин таяжеңе барабыз дегенибизде, бала бир жуманын эмне экенин билбеген болсо, жети жолу кирет, андан кийин барабыз деп так түшүндүрүп бериш керек. Кыскасы, бала мурда көргөн-билгендери менен кийинкисин салыштырып жашоону тааный баштайт.

Бала эгерде “Жараткан аябай узакта” деп уккан болсо, бул узактык бир нерселерге салыштырмалуу болот. “Анкарадай, Стамбулдай алыс же жылдыздай алыс...” сыяктуу. Мындан улам бул жаштагы балдарга айтылган жооптор Жаратканды тынымсыз издетүүчү жооптор болуш керек.

Ошондуктан, баланын ушуга байланыштуу суроосуна ата-эненин берер жообу кийинкидей болсо деген кеңешти беребиз:

- Уулум, Кудай - дарактарды жараткан. Куштарды жараткан да - Кудай. Гүлдөрдү жараткан да - Кудай. Бизди жараткан да - Кудай. Ал жараткан бардык нерсени айланабызда көрүп, сезип жатабыз... Бирок ал кайда, мен билбеймин. Сеземин - Ал ар дайым биз менен... Бирок кайда экенин биле албайм.

Бул жаштагы баланын “Жараткан кайда?” деген суроосуна жооп, философиялык жана илимий тереңдикте болбошу керек, тескерисинче, жооп кийинки акыл-эсти дагы ары карай өнүктүрөр, жаңы даярдыкка багыттаган ниетте болушу зарыл.

Он төрт жашка чейинки балдар

Бул жаштагы балдарга берилер жооп акыл жана ойлонуу жөндөмүн дагы алдыга жетелеген, сергек ойлонуусун арттырган, жан дүйнөдө изденүүгө багыт берген жооп болушу керек. Жооп баланын акыл-эсине жараша кичине болсо да ойлонуу жөндөмдүүлүгүн ача турган таасири болушу абдан жакшы.

Мисалы, Жаратканды көрүү мүмкүн эмес. Кандайча? Абаны көргөзө аласызбы? Көргөзө албайсыз. Анткени, көздөрүбүз баардыгын көрө албайт. Көрө албайбыз, бирок абанын бар экенин дайыма жана бардык жерде сезебиз. Мына ушул сыңары, Жараткандын бар экенин дайыма, бардык жерде сезебиз. Жаныбызда турган гүлдөрдү жаратканын сезебиз. Куштар да биз менен катар жаратылганын сезебиз. Ал дайыма бардык жерде... Дем алганда, уктаганда, ойгоо жүргөндө дайыма биз менен...

Жыйырма бир жашка чейинки балдар

Бул курактагы жаштарга бул теманын башында айтылган аныктоолорду айтсак болот. Жаштар менен бул түшүнүктүн жакшы байланышы болушу керек:

- Жараткан жүрөгүбүздө. Эгерде өзүбүздү жана жүрөгүбүздү тааный алсак, ал бизге кан тамырыбыздан да жакын экенин көрөбүз же Жараткан алыс жактарда. Тактысында. Бийлигинде... Ал ааламды дайыма койнуна кучактап коргогон абалда, ар дайым бардык нерсенин өкүмдары жана ээси...

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз