Ысымдын баланын рухуна тийгизген таасири

  • 11.06.2020
  • 7768

Күнүмдүк турмушта адамдын, уккан ар бир сөзү, көргөн ар бир окуясы анын рухундагы түрдүү таасирлердин калыптанышына жол ачат. Психологиялык жапа чегүүдөн кыйналган бир адам менен психологдун ортосундагы сүйлөшүүлөр адам рухундагы чиеленишкен маселелердин чечилишине, ичинен сырткы мамилесине чыга албаган кээ бир кыйналуулардын жоголушуна чоң өбөлгө түзөт. Анткени, сөз сыйкыр сыяктуу, ачуу айтылган сөз адамга кедергисин тийгизип, ок сымал тиет жана анын рухунда из калтыруу менен көп мезгилге чейин кыжаалат кылган толкундоолорго алып келет.

Адам кээ бир сөздөрдү укканда денеси табигый түрдө каршы жооп кылат. “Өзүңөрдү жамгыр суусуна жуунтуп сергиткиле” деген сөздүн рухуңузда толкундатуучу таасири менен “чычкан”, “тикен” деген сөздөрдүн рухий сезимди пайда кылган таасири бирдейби? Жок, албетте андай эмес. Анткени, ар бир сөздүн өзүнө ылайыктуу күчү, деми бар. “Гүл” сөзүнүн мааниси менен “тикен” сөзүнүн мааниси бир-биринен айырмаланып турат.

Сөздөр кандайча руханий касиетке ээ?

Бир сөздүн руханий кубаттуулугу үч себептен турат. Биринчиси, сөздү колдонгон коомдо ал сөзгө берилген маани менен калыптанышы. Кыскача айтканда, ар бир сөзгө ал сөздү колдонгон коом тарабынан “руханий кийим” кийгизилет. Мисалы, гүл сөзүн Англияда колдонор болсок, бул сөздү уккан адамдын кабыл алуусу, Туркиядагы адамдын рухунда пайда болгон таасирден башкача. Анткени, Англияда колдонулган “гүл” сөзү чийки жана руханий жактан алсыз. Биз англичандан: “Гүл сөзүн укканда рухуңузда кандай сезим пайда болду?” - деп сурасак, ала турган жооп дайыма окшош болот. “Эмне дедиңер, түшүнгөн жокмун”- дейт. Биздин кулакка жылуулук тартуулаган бул сөздүн мааниси анлгичан үчүн анча деле баалуу эмес.

Экинчиси, сөздүн угулушу жана ыргагы менен таасирдүүлүккө ээ болушу. Мисалы, дүйнөдө кабылданган накта французча сөздөрдүн ыргагы менен немис тилинин ыргагы бир-биринен айырмаланат. Немисче билбеген бир киши бул тилде сүйлөшкөн чөйрөгө катышып калса, тема абдан терең, беймарал мааниде болсо да, сүйлөшүүнү угуп олтурган адам немистерди урушуп жатышат деши мүмкүн. Анткени, немис тилинин добуштук ыргагы кулакка “тажаалдык буйрук кылууда эң кооз тил – немис тили” болуп саналат. Ушул сыңары эле француз тилин билбеген адам французча талашып-тартышып жаткан адамдардын арасына катышып калса, жакшы сөздөрдү гана угуп жаткандай сезилет.

Үчүнчүдөн, “от” сөзү өрт, өрттөнүүнү, ооруну билдиргендиктен, “от” сөзүн билдирген кубат адам рухунун тынчын кетирет же “ийне” сөзүнүн маанисинин адам рухундагы таасири “ийне” сөзү берген маани менен түздөн-түз байланыштуу. Кээде ысым алгачкы мааниси менен жакшы кабылданса деле, ошол сөздүн улам кийин ачылган маанилери аркылуу айырмаланган ар кандай таасирлери пайда болушу мүмкүн. Мисалы, Кемал Суналдын “Уй Шабан” фильмине чейин “Шабан” ысымы башталышында жакшы түшүнүктү берип келсе, бул фильм көргөзүлө баштагандан кийин ал сөз түрдүү түшүнүктөрдүн маанисин чагылдыра баштаган.

Адам коюлган ысымы аркылуу кээде азап тартат

Булардын бардыгын айткандан кийин адамдардын ысымдарына иликтөө жүргүзсөк, кадимки турмушта көрүп-уккан нерселер абдан коркунучтуу мааниге ээ. Сөз “кандайдыр бир сыйкырдуу” таасирдүү, кубаттуу жебе болуп, адамдын ички дүйнөсүнө кадалат, же дагы психологиялык тынчсыздануунун жоюлушунда сөздөрдүн күчү колдонулат, же дагы бир адамдын өмүрү өткөнчө өзү менен кошо ала жүргөн туура эмес сөздүн, демек ысымдын айынан ал адам психологиялык жактан жабырланат. Адамга коюлган ысымдын “фонетикалык добушу” (маанилик ыргагы) адамдын ички дүйнөсүндө тынчсыздыкты пайда кылса, ал ысым адамдар тарабынан жакшы кабыл алынбаса, же терс маанини билдирсе, анда ал адам өмүрү өткөнчө атын атап кайрылган сайын руханий жапа чегүүгө дуушар болот жана өзүнө кайрылгандарга да байкабастан терс энергияны таратат.

Ошентип, бул нерсени ар тараптан алып карасак, бир адам өмүр бою мойнундагы сөздүн туура тандалбагандыгынын айынан психологиялык таасирдин курмандыгы болот. Адам ысымы анын жан дүйнөсүнө тынчтык бербесе же коомго жакпаса, терс энергияны таратса, анда ал адам ар бир жолу ысымы аталган сайын өмүр бою байкалбаган, өзүнө улам сиңе берген терс илепти алып жүрөт.

Ысымдын кайталануусу аркылуу пайда болгон мистикалык таасирлер

Чындыгында, ар бир адам өз ысымынын падышасы же курманы болуп саналат. Тагдырына таасир берген абдан маанилүү күч, ал – ысым. Анткени, ысым менен бирге аталган сайын эскерилген руханий илеп адамды өмүр бою өз таасиринин алдында кармайт. Адамдын өмүрү өткөнчө эң көп уккан сөзү – өзүнүн ысымы экенин ойлонсок, ысымдын канчалык мааниси бар экенин да жакшы түшүнөбүз. Бир эле жакшы сөз канчалык көп кайталанса, ошол сөздүн илеби, кубаты ошол адамга ого бетер күчтүү таасир берет.

Муну башка бир мисал менен түшүндүрсөк: бардык динде кээ бир сөздөрдүн көп ирет кайталанышы менен ибадат кылынганы белгилүү. Адамдарда өнүккөн психологиялык ой жүгүртүүлөр аркылуу кабыл алынган сөздөрдүн руханий илеби энергетикалык таасир берүүдө күчтүү орунду ээлейт жана канчалык көп кайталанса, сөздүн руху ошол адамга кубатын сиңирет. Мисалы, “Жараткан” деген сөздүн кайталанышы менен адамдын рухунда пайда болгон тынчтык жана бейкуттук сезимдеринин орношу, өзүбүздүн көзүбүз менен эле көрүп келе жаткан чындык.

Ошентип, “Жараткан” деген сөз менен адамдын жан дүйнөсүндөгү жылуу байланыш белгилүү таасир болгондугун билдирет. Ал эми Индиядагыдай сыйкыр жана сыйкырчылык өнүккөн өлкөлөрдө кээ бир мистикалык маалыматтарды колдонуп, сыйкырчылык жасап жатышат. Булардын баардыгын бир жерге чогултуп келип жакшылап иликтеп көрсөк, анда биз “ысымдар” менен “сыпаттар” адам мүнөзүнүн калыптанышына абдан чоң таасири бар экенин жакшы түшүнөбүз.

Балага коюлган ар бир “жакшы” ысым, балага “ылайык” болбошу мүмкүн

Ар бир ата-эне өздөрүнүн оюнда баласына туура ысым койдук деп ойлошот. Бирок бул жерде бир маанилүү нерсе, адамга коюлган ысым балага ылайык келбеши мүмкүн.

Мисалы, Америкада балдардын ысымдарын изилдегенде, ысымы “Ийгилик” болгон балдардын көпчүлүгү жашоодо ийгиликсиз болгондугу белгилүү. “Ийгилик” деген ысымдын мааниси жакшы болгонуна карабастан бала үчүн ылайыктуу эмес.

Эмнеге? Анткени, бул ысым- балага “ашыкча таасир” берген ысым. Кыскасы, баланы “Ийгилик” деп атагандыктан, эгер жасай турган иштерде ийгиликтүү жыйынтыктар чыкпай калса, анда бала өзү психологиялык жактан жапа чегет. Мисалы, мектепте окуган “Ийгилик” аттуу ысымды алып жүргөн окуучу сабактарда өзүн “ийгиликтүү” көрсөтүүсү шарт. Эгер андай болбосо, ар бир ийгиликсиз учурда досторунун шылдыңына кабылгысы келбейт жана алар: “Жакшысыңбы, Ийгилик, ийгиликсиз болуп калдыңбы?”- дешет. Башкача айтсак, бала өз ысымынын илеп таасири менен өз шыгынын ортосундагы айырмачылыктан кыйналат. Адам жаратылышында кээде “ийгиликсиз”, кээде “ийгиликтүү” болуу кадимки табийгый көрүнүш. Тынымсыз ийгиликтүү болуу адамга таандык өзгөчөлүк эмес. Адам канчалык ийгиликтүү же ийгиликсиз болсо да баары бир адам.

Эгерде ата-эне “ийгиликсиздикти” балага койгон ысым аркылуу жапканга аракет кылса, анда бул бала турмушунда ага ийгилик учурабаса, мындай жапа чектирген кырдаалдар жан дүйнөсүнө кирген ок сыяктуу сезилип, бир канча убактан кийин улам алган соккулардын азабынан өзүн коргоо үчүн, кээ бир туура эмес, жаңылган жүрүш-турушту пайда кылат. “Эми мага баары бир” - деп жашоодон түңүлүп, Америкадагы жашоочуларынын мисалындагыдай наркотик жана алкоголдон сооротуучу жол издеп, жан дүйнөсүндөгү жапа чегүүлөрдү тынчтандыруу аракетин кылат.

Жогорудагы мисалдын биздин коомго таандык жактарын карап көрсөк, түрк тилиндеги негизги ысымдардын ичинен “Жигит”, “Арстан” жана “Улук” сыяктуу аттар баланын рухуна дайыма ашыкча маани берип жатканы билинип турат. Бул ысымды алып жүргөн балдар маанисине жараша жүрүш-турушу менен өзүн көрсөтүүгө бардык күч-аракетин жумшайт. Ал эмес баланын ысымы менен анын кыял-жоругунда дал келишпестик болсо, бала ички дүйнөсүндө башка бир кыйноочу күчтү алып жүрөт. Мисалы, бою кыска жана салмагы төмөн “араң жан” балага “жигит” ысымынын берилиши менен, өмүрү өткөнчө руханий жабыркоо тартаарын, “түшүнүксүз” жигиттик сапатты көрсөтүү тобокелчилиги пайда болорун ата-энелер сөзсүз билиши керек. Мындай бала физикалык жактан алсыз болсо дагы, белиндеги куралы менен жигиттигин көрсөтүүгө, же колундагы бычак менен өзүн коргогонго кокусунан барышы мүмкүн деп, бул жагын көңүлгө алыш керек.

Жансыз нерселердин жана жаныбарлардын аттары аркылуу балдарга кайрылуу

Баланын руху көтөрө алгыс ысымдардан сөз кылдык. Эми муну менен бирге жаныбар жана жансыз нерселердин аталыштарынын балдарга ысым катары коюлган учурларын жана диний аталыштагы аттардын адамдарга коюлушун карап көрөлү.

Кээ бир ата-энелер балдарына жаныбар ысымын коюп жатканда, ал ысым жаныбарга таандык болгонун эске албастан, ошол жаныбардын жакшы мүнөздүү болгонуна карап ысым койгону чындык. Бирок баары бир жаныбардын аты адамга коюлганда ошол жаныбардын сапаттарын алып жүрүү үчүн, адам ашыкча жүрүш-туруштарга барары ачык. Жогорудагы мисал сыяктуу эле, козудай рухка ээ болгон Карышкыр аттуу баланын же табиятында жоош келген баланын бүркүт ысымын алып жүргөнүн алсак, же тескерисинче, кайраттуу баланын Марал деген ысымы өзүнө деги эле келишпейт. Андай жагдайда ысым менен мүнөзү келишпегендиктен, табиятындагы нукура сапаттарын атына жараша тууралайм деп жасалмалуулукка барат, өз жаратылышында бар сапатын башка кыялдарга алмаштырып алданган жашоону башынан кечирет.

Мына ошондуктан, жансыз нерселердин жана жан-жаныбардын аттары менен балага кайрылуу туура эмес. Мисалы, кулк-мүнөзү шар, ачык-айрым тың жүргөн балага “Таш” деген атты коюу канчалык туура? Ооба, ата-энелер баласына “таштай катуу болсун, жыгылбасын” деп бул ысымды коюшу мүмкүн, бирок баланын рухуна бул ат терс таасир берерин унутпашыбыз керек.

Балага тандала турган ысымдар

Балага ат коюудан мурда жакшылап ой калчап туруп эли, мекени үчүн жакшы иштерди жасаган, өмүрү өрнөктүү адамдардын ысымдарынан коюу туура болуп саналат. Илгери жашап өткөн, ысымын атаганда жакшы пикирлер айтылган мартабалуу, дөөлөттүү адамдардын аты балага коюлса деп, ошол адамдардын “адам катары” жетишкен ийгиликтерин белгилөө менен, ата-энелерге сунуш катары кеңеш бере алабыз. Мына ушундай чечим аркылуу балага коюлган ысым, жакшы адам болуунун үлгүсү катары турмушта кез келүүчү каталарды оңдоп, адамдын жан дүйнөсүндөгү көп дал келүүнү жаратат. Ал эми жансыз, жаныбар жана буюмдун аталышын ысым катары берилиши, адам рухунда дал келбестиктин кубатын пайда кылат.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз