Казат Акматов: Аян

  • 07.07.2020
  • 4890

АҢГЕМЕ

Кылымдар бою кетмен чаап, күрөк теппей, билек түрүнүп тер агызбай, болгону ат үстүндө мал асырап көнгөн кыргыздын көбү жаңы замандын кабырга кайыштырган кара жумушуна көнө албай жалакайланып турган учуру.

Өзгөчө Ашырбек өңдүү жаңыдан колукту алып талмоорсуп, көзү бозала чалып турган жигиттер жалкоо. Эки кетмен жер чаап түйшүк кылгандан көрө алар үчүн керээли кечке ат үстүндө билек сыйрышып, тон айрышып көкбөрү тартыш кызык иш. Бирок көптүн агымы деген кыйын - Ашырбек жалкоо да отурукташып жаткан элди туурап суу боюнда жепирейген жалпак там салууга мажбур болгон.

- Атаңдын оозун, жанагы Керим деген чаңдаяк кайда жоголуп жүрөт? - деп ал урма тамды тебелеп жатып туш тарабын ызалуу карап коёт. Бир күнү ал чыдабай кетип колундагы сокмогун ыргытып жиберди да бети ылдый шоргологон терин сүртпөгөн бойдон атына жайдак мине чапты.

- Мен жанагы жашабаган шайтанды таап келейинчи... Жок дегенде урманы тебелеп турса болбойбу! Сен карап отурбай кыбырай бер,- деп ал али секелек, саамай түгү тушө элек келинчегине олоң-олоң этип алды да тоо беттеп жөнөдү.

Керимдин анда он экиге толоюн деп калган ууз бала кези. Буту жер баскандан отко сийээр тентек болуп чыккан жубарымбек ушул жаздан бери эле эмнегедир боюн токтотуп, бир башкача момоюп калды. Адам тааныгыс.

Мурда айылдын итине чейин тынч койбой бүлүк салып, айдөңдү карабай чуркап жүргөндө чанагынан чыга жаздап алаңдаган эссиз ойноок көздөрү эми тыптынч, кадим алдын бууп койгон терең суудай мелтирейт. Каректери нары түпкүргө жашырынып, адамды бет багып караганда ошол чыканактай бала алда неме сыр каткансыйт ичине.

«Капырай, суу куйду тентек неме да ушунча бат токтолот экен ээ?» — дешип кемпирлер жетине албай жакшылыгына жоруп калганда Керимдин апасы Айтолгон ичинен тарый түшүп анан кайра араң дегенде жазылат. Деги эне деген эмне керемет экенин түшүнүп болобу. Айтолгон мурда «баласы тентек» дегенди кулагы чалган жерден обдулуп туруп ошол киши менен жаакташа кетип тынаар эле, эми болсо «Керим токтолуптур» дегенди укса дагы эле кызганычы келе түшчү болду. «Мурункудай эле ойноп жүрчү каралдым. Өлүгүңдү көрөйүндөрдүн көздөрү жаман болчу эле!» - деп ал кээде ичиндегисин уулуна угуза айтып жиберет.

Керим болсо апасын угуп-укпай, түшүнүп-түшүнбөй тек өз бетинче жүргөнү жүргөн. Курдаш балдарына жаздан бери көп жолобойт. Үй тирилигине кол кабыш кылган соң, жалгыз торпогун айдап алып тоо этегин көздөй кетет да ошол бойдон кеч күүгүмгө дейре дайыны жок. Каш карайганда ал үйүнө эч дабышы билинбей, иреңи секин азгансып, өңү кер-сары тартып түктөйүп келчү болду.

- Балам, бир жериң ооруп турабы?

- Жок,— дейт Керим апасына, эптеп тиш ачып жылмайган болуп, анан ошол замат бир нерсе шам-шум этип алып жатууга шашат.

Бу сапар Керим торпогун ылдый этекке таштап коюп өзү тоонун чокусуна чыгып кеткен экен. Ашырбек таноолорун кыпчылтып өзү чыгып барды бийикке. Барса Керим бир чоң таштын ыктоосунда үнсүз соксоюп отурат.

- Ой бала! - деди Ашырбек энтиккенден көкүрөгү ачышып. Керим уккан жок. Ашырбек бирдемеден кооптоно түшуп унчукпай арка жагынан басып келсе, баланын муштумдары түйүлүп, желке чачы түксүйүп бир шумдук абалда былк этпей катып турат.

- Керим,- деди эки кадамча жанына чукул келген Ашырбек,- Керим!

Мына ошондо гана баланын денеси бошой түштү да башы шылк этип, түйүлгөн муштумдары жазыла кетти.

- Ой, сен эмне, жылан менен арбашып жатасыңбы?

Ошондо чочуп кеткен бала жалт бурулуп, «эмне келдиң бул жерге!» деген кыжаалат ачуу көз караш менен Ашырбекти бир атып алды да кайрадан шылкыйып башын жерге салды.

- Ой, сага эмне болду? - деди Ашырбек баланын бир башкача кубарган өңүнөн чочулап.

- Таш кулатып ойноп атам.

- Таш кулатып деп муну кара... Бас ылдый...

Керим үн-сөзү жок тоодон ылдый түшө жөнөдү. Колу-буттары алсыз шалактап, бүт денеси аябай жанчылган сымал. Бийиктин салкын желине карабай бир паста бети-башын тер басып кетти.

- Атаңдын көрү, эл деген тууган-уругу менен бириге калып тамды алеки саатта бүтүп ала коюп атышат. Сен болсо бир торпоктун артынан кетип... Мага кенедей жардамың жок. Эки атадан экөөбүз жалгыз болсок... Же...

Баланын эмелеки абалына таңыркаган Ашырбек оозуна келген көр жемесин күңкүлдөмүш этип, бирок көз кыйыгы менен инисин аңдып келатты. Керим болсо лам деп ооз ачпайт. Агасынын сөзүн же укканы, же укпаганы билинбейт. Өзүн күнөөлүү сезгени же сезбегени билинбейт. Ошенткен сайын Ашырбектин таңыркаганы тарап, эми анын балага кыжыры келе баштады.

- Ташта торпогуңду. Кудай албайт! - деди ал жолдон бурула берген инисине катуу унчугуп.

«Анда эмне кылайын?» - деген түр менен Керим тык токтоп, жанатан бери биринчи ирет башын көтөрүп карады эле, ачууланган агасы абдан оңтойсуз болуп кетти.

Эмнеликтен ошенткенин ал өзү да даана туя алган жок. Кыязы эми эле баласынтып кагып-согуп турган иниси көзүнө бир башкача көрүнүп кеттиби ошондо. Же иниси бүгүнкү таң каларлык кыял-жоругу менен кандайдыр бир Ашырбек түшүнбөгөн зор нерсеге дит коюп алган сыяктандыбы, айтор, балагаттан чыга элек, али эселек деп эсептеген инисинин алдында бушайман боло түшкөн Ашырбек шаша-буша атына минди да «тамга кол кабыш кылчы» деп күңк эткен бойдон алдыга бастыра берди.

Ошондон бир жума айланбай Ашырбек жалкоонун камырабай жай жаткан көңүлүнө тымызын дүрбөлөң түшүп, же анысын эч кимге жарыя кылып айта албай, ичинен уйгу-туйгу кызалаңдап өзүнчө бир жаман ахвалда калды. Күндүз кечке Керимге кайнаган кыжырын түнкүсүн көшөгөнүн нары жагына кирер менен келинчеги Кундуздан чыгарып кирет. Жаш немени үн-сөзсүз эзип атып таң аткыча кыйнап койчу болду. Же бечара келин сөз айтып акаарат кылайын десе боз үйдүн бир ыптасында Керим апасы экөө катарлаш тыноолору угулуп жатат. Кызганычка жеңдирген күйөөсү өпкөсүн куушура кысса да, оюн-чынга салып буту-колун кайрыса да үнүн чыгарбай баарына чыдап, Кундуз бир топ күнү уйкудан калып, көзү каканактап шишип жүрдү.

- Ай уул, келинчегиңди эмне мынча кыйнайсың ыя? - деди бир күнү иштин жайын тымызын аңдап жүргөн Айтолгон.

Ашырбек кызарып кетип тескери бурулду.

- Кыйнаган-эткен жокмун! - деди ал кара күчкө күрс этип.

- Кой антпе, а да бирөөнүн баласы. Төшөгүңө ак келип, ак жүргөн бечараны ыйлатып эмне кыласың? Этинин баары тим эле көк ала!..

Ошол күндөн баштап Ашырбек ого бетер аялына кыжынып, «сен эмне үчүн Айтолгон жеңеме арызданасың» деп жаш келинди жок жерден опузалап, элдин көзү мындай боло калганда какыс-кукус кылганга чейин барчу болду.

Керимдин болсо анын бири менен иши жок. Сокмок уруп жатып деле, мал тосушуп же отун жарып жүрүп деле кирпик алдынан телмирип караганы Кундуз. Келиндин татынакай ак чырайын, баскан-турганын, төтөн, кез-кези өзүн жалт этип кыя карап кеткен бакыракай көздөрүн ээрчий берип чунак бала эртеден кечке дейре нес. Мунумду бирөө байкап атпасын деп да ойлобойт. Баарыдан Ашырбекти элес албаганы кызык болду. Эч нерсе оюнда жок өспүрүмдүн жаңыдан эркек дымагы козголуп, өз көңүлү өзүнө ээлик кылбай алып учуп, аял затына болгон эң алгачкы күнөөсүз кумарлануусу акыл-эсин бүтүндөй туткундап алган белем. Кундуз агасынын аялыбы, ага көз артып суктануу уят ишпи, ал үчүн жазыксыз келин күйөөсүнөн запкы жеп атабы, мунун бири менен эселек Керимдин иши жок.

Бир сапар ал сууга кетип бараткан Кундуздун артынан адатынча нес болуп астейдил карап турган экен. Агасы Ашырбек тамдын бурчунан карпа-күрп чыга түштү да колундагы кодура камчысы менен баланы чоку талаштыра салып-салып жиберди.

- Мына бул сууну буруп койбойсуңбу ыя, тамдын түбүн эзип кулатып коё жаздаптыр! - деди өспүрүмдүн кылыгына бир топтон бери жаны күйүп бүткөн Ашырбек камчысына удаа-удаа бүлүнүп-кыйкырып. Чууну уга коюп нарыдагы Айтолгон бери жүгүрдү эле Ашырбек айласын таппай кайсактап, үч айлантып чочойтуп койгон сокмо тамы мына азыр таптакыр кулап бараткан кишиче дубалдын бурчун ийни менен жөлөй калып, оозуна келген бирдемелерди айтып кыйкырып-өкүрүп жатты. Анын антпеске чарасы жок эле, себеби, жаман камчысынын учуна ороп койгон зымдын учу баланын дал маңдайын жара тилип кеткен.

Байкоостон чочуп кеткен Керим бешенеси ылдый жаба берген канды же сүртүп койбой, же мындай оолак басып кетпей кайра Ашырбекке кошулуп тамдын түбүн кайралап карап жүрөт...

- Кокуй катыгүн, баламды өлтүрдү! Арман күн бул эмне деген шумдук.

Ашырбек дал мына ушуну укмак болчу. «Атаны ит айе, колумдун кандуусун кара! - деп ал ниетине өкүнүп да жиберди. Бирок ага болбой эле ызы-чуу күчөп, тигинден-мындан апыл-тапыл эл жүгүрүп Ашырбектин күнөөсүн көкөлөтүп чурулдап жиберишти.

- О кудай урган келесоо, деле камчысынын кызылын кантесиң. Эмне чаптың муну?

- Жазыгы жок баланын маңдайын айра чаап, бул иттин оозун чоюп коё турган экен!..

- Жаман айгыр үйүрүнө тап...

Ушинтип улуу-кичүү, аял-эркек дебей наалат айтылып, Керимди ортого алыша үзүлүп-түшүп калышканда Ашырбек нечен-нечен ич күптүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп чукул келип калган аялын көздөй атырылтты:

- Сени элеби, атаңдын көрү? - деди ал эч нерсени түшүнбөй алаңдаган Кундузду көздөй баягы чолок камчысын сүйрөй чуркап.

Ушул тушта эл күтпөгөн окуя болуп кетти: чекесин басып бышактап турган Керим топ ичинен ат коюп барып агасы Ашырбектин сороңдогон камчысын кош колдоп жула, өзүн болсо күү менен жыга түртүп кетти. Аз болгондо курган жигит аялынын көзүн чыгара чапмак беле.

- Урба, эмне урасың жеңемди! - деп Керим боюн кармай албай киркиреп, дилинде кымбат көргөн кишисине эл көзүнчө осол болушуп жаткандыгын эч түшүнбөй, кечээ эле улуу тутуп ийменген аталаш агасынан жалтанбай айбат кылып турду.

Мындай шумдукту Ашырбек жалкоо албетте көтөрө албас. Өз кара намысын ойлоп, өзүнүн аталаш жалгыз инисинен аялын кызганганын элден-журттан жашырып, ушуга чейин бир жанга айтпай келсе, а тиги жубарымбекти кара! Сени коё тур, бетиңди ачып элге шерменде кылбасам! Аталаш тууган жеңесине көз арткан нааданды мен тим эле... деген сыяктуу өз чамасына ченем тайкы ачууга жеңдирген Ашырбек ошондо: «Анда эмесе, анда эмесе бул доңузга алпергиле Кундузду! Катын кылып алсын! - деп тургандарга жарыя салса болобу.

Чатактын жайын ошондо түшүнгөн эл кыраан-каткы күлүп жиберди.

- Ой баччагар, атаң эстүү киши эле, бу сен кайдан чыгып калгансың ыя? Ушу чычкандай балага бир тууган жеңесин кызганып?

- Жеңеси менен кайниси ысык боло бербейби, анын эмнеси бар экен?

- Ой чунак,- деди аңгыча бир чал Ашырбекке күлүп,- мындай сөздү айтпайт. Уят болот! Алдагы иниң али балагаттан чыга элек жатса!.. О жолуң болгур десе!

Эл ошентип айтса Ашырбек дагы эле туттугуп болбойт. Мурду менен жерди челип кыйгачтап, тургандардын баарысын текши коркутуп, бир билген укмушу бардай. Аңгыча чын эле укмуш жорукту баштамай болду окшойт:

- Мына ишенбесеңер! - деди койнуна төрт бүктөп бекем катып алган кичинекей сары кагазды сууруп чыгып,- иним кат чийип берген жеңесине. Мен Кундузду талак эттим! Алпергиле ушуга!

Тургандар гүү-гүү аялдардын үрөйлөрү учуп кетти.

- Бетим-ий, бетим-ий! - деп жиберди бир даары.

Анда ошентип «кагаз» деген сөз адамдардын сесин алып турган жаңылык убак. Кат чийип берет деген ант берген менен барабар нерсе. Жаңы эле кашкар, текес тараптан өз жерине кайтып келген кыргыз айылдарга ал кезде кандайдыр бир эң чоң өкмөт иштери гана же болбосо элдин үрөйүн учурган тигил же бул суук кабарлар гана мөөр басылган кат аркылуу калайыкка билинип, анан ал кат же уезнойдун, же волоснойдун темир сандыгына кол жеткис ажайыпта катылуу болор эле. Жогортон ушундай деген кагаз бар экен дегенде карапайым калың журт ичинен келме келтирип, ал кагазды ким жазды, эмне деп жазды дебестен моюнга дароо милдет кылып алып турган чак.

Ошондой маалда анан кат билген, битик окуган айылдагы көзгө басаар жалгыз молдо бала Керим жеңесине тил кат арттырып отурса оңой жорукпу? Демек, ал экөөнүн ортосундагы иш кагазга бекилген бүтүм экен да! Тү шумдугуң кургур, мындайды ким көрүптүр?

Турган эл дапдаарып, эмне айтарын билбей Ашырбектин колундагы капилеттүү сары кагазды тиктешет. Же аны «кана, бери кылчы» деп ала коюп окуган анда киши жок.

- Келе бери кагазымды,- деп аңгыча Керим агасынан талашып калды эле, Ашырбек доосу колуна тийген кишиче жанталашып жулкунуп, катты койнуна катып бербейт. Расы, аны кыстаган да киши болгон жок. Бүт тургандардын ынтызары Ашырбек жакка ооп, Керимди кадим эле элдин ыйыгын тепселеген наадан катары сезип калышты бейм. Өзгөчө аялдар беттерин чымчышып, шыпшынышып, улам эки-экиден баштары бириге калып эне сүтү али оозунда деген береги бала менен кечээ эле эринин койнуна жаңы келген келиндин кылган иштерине жака кармап таңданышууда.

Жанатан бери эмне кыларын билбей калган Айтолгон уулунун кагазды талашканын көргөндөн кийин эсине келе калып а да кошо ортого түштү. «Бер баланын кагазын. Анда сенин акың жок!» - деп ал башкалар сыяктуу эле тигил каргашалуу катта эмне жазылып, эмне койгонун билбесе да баласынын жаатын бербей долуланып, кайниси экөө тытыша турган ахбалга жетти. Баласы үчүн отко түшүп жандалбас урган эненин жалгыз максаты — медеринин күнөөсүн айгинелей турган бир бүктөм түрү суук нерсени тигинден кандай да болсо тартып алып, азыр дароо жок кылып жиберүүдө. Ашырбек урган ага болобу, шырымал уйгур чапанынын көкүрөгүн бекем мыкчып алып этин барча кескилесе да ал кагаздан айрыла турган түрү жок. Жеңесин улам ыргыта түртүп, Керимди жеткен жерден чыканак менен уруп, ара чолодо келинчеги Кундузду көздөй бут шилтеп калып жатты.

Ызы-чуу улам катуулап, бул эле айылга эмес, тиги төмөнкү кыйыр туугандарга дейре угула турган болду окшойт. Ошондо кичинекей бир урук тууган элдин уяты, намысы үчүн шаштысы кете түшкөн айыл аксакалы тура калып катуу-катуу бакылдап жиберди.

- О, ырысы жок ургандар, токтоткула чырыңарды! Бир үйдө үч баш киши жашайсыңар да анан ит тытышкансып мында... Уят эмеспи. Уккан-көргөн эл эмне дейт? Баягы Барпынын тукуму ушинтип атыптыр деп бүт көл боюна шерменде болбойбузбу? Кана, катындар, жай жайыңарга таркагыла! Сен бери мени менен жүргүн, Ашырбек. Сакалдуулап дагы экөөңөр кошулгула. Төмөн, айыл - аткомдун катчысына барып алдагы кагазды окутабыз. Бүтүм ушундай, туугандар, эгер бала балалык кылып кагаз бетине биздин элдин шартын, жолун бузган ээн баш сөз жазган болсо, анда ал жубарымбек айылдан кетсин. Агасы тирүү турганда келиндин башы бек, инисине нике жүрбөйт. Баскыла!

- А мына, калыс сөз эми болду.

- Жо туура да, Ашырбек салпаяк тирүү туруп анан инисине катынын кармата береби?!

- Жашабай жатып катынпозун кантесиң мунун?

- Канчага чыкты Керим тентек?

- Кудай билет, он экиден эми жаңы өттү дейм. Бая айылды жылан каптаган жылы туулган балдардан эмеспи.

- Бу мурдуңду урайынды маркум Кайназар авам эрке кылып өстүрүп койбодубу. Болбосо, бир айылдан мактеп окуган жалгыз бала ушул эле, киши болобу десек...

- Атаңкөрүчайын десе!...

Айылаткомдун катчысы деген мурду кайкы, бети чаар, Супралин аттуу бир татар жигит бар эле. Ошо күндөрү ал 1916-жылы үркүндө Текеске качып барып, мал-жанын жолдогу калмак кытай чериктерине талатып жиберип кайта келгендердин тизмесин тизип, айыл-айылды аралап жүрчү. Абышкасы үркүндө каза болгон кемпирлерге бирден саан берилет, мал-жаны талоон болгондорго майда жандык жана бирден мингич берет экен жаңы «өкмөт» деген сөз ошол туштагы жардыктардын эң алды эле.

Ачып-арып турган эл жапырт эле баары татар катчынын тизмесине түшкүсү келип, көп кемпирлер соо турган абышкасын өлдү кылып жаздырып, бирин-экин малы барлар аларын союп катып, айтор, мындай учурда элден нысап кача түшсө керек, баары эле уятты коюп айла-амалдын артында. Ошентип тизмеге эрте илинген бир даары чындап эле ортодон бирин-экин мал алып, сүт саап ичип калган болчу. Ошол себептен жалпы Долоноту жээгине татар катчынын баркы абдан чоң. Анын асынып жүргөн булгаары сомкеси менен ичиндеги сары кинеге дептери карып бечаралардын бакыт-таалайын чогултуп салып жүргөн бир керметтүү алтын куту сыяктуу. Супралин өзү болсо андай сыйкырдуу баштык көтөрүп жүргөнүн билбеген сыяктуу ким эмнени айтса ошону каттап алып унчукпай басып кетер жөнтөк жигит эле. «Кат эле билгени болбосо мунуң деле совет өкмөтүнө окшобогон неме го» - деп кээ бир ээн ооздор аны да соо койбой удуң сөздөргө салып калышчу.

Барпылыктар келсе ошол чаар бет Супралин кеңсесинде жок. Күтүп калышты. Зым тилген чекеси көнөктөй болуп шишип чыккандыктан Керимди айылга таштап мында Ашырбекти гана ала келишкен. «Кана, берчи алдагы кагазды» деп аксакалдар чырлуу каттын жок дегенде сыртын кармалап көрөлү десе да болбойт Ашырбек. Мен татар катчыдан башка бириңе да карматпайм деп. Ошептип, алар кечке дейре отурушту. Күүгүм талаш Супралин үзөңгүсүн теминээрге шайы жок, эки бутун салактатып бош таштап туура жактан бастырып келди эле барпылыктар алдынан дүрбүп чыгып атын ала, кеңсеге тигини суранып жатып араң киргизишти.

- Садагаң болоюн, мына бул кагазды элге угуза бир окуп бере сал, башка жумушубуз жок. - Уйкусу келип көзү жабышкан Супралин чырактын жарыгына салып, карагат сыя менен арабча жазылган кагазды кыйналып жатып араңдан зорго окуп берди:

Кызыл жүзү нурданган,
Кымча бели буралган.
Кыздар кийген кырмызы
Кырк бир кыздын ичинен
Артык турат жылдызы,- деп жазылган экен.

Барпылык сакалдуулардын ооздору ачылып эч нерсе түшүнүшпөйт.

- Ой, бул эмне деген кагазың? - деди аксакалдардын бири Ашырбекке алая карап. Ашырбек делдейип өзү да нес. Эчтеме деп жооп айта албайт.

- Тургула кеттик! - деди аңгыча бирөө. Ошону менен бардык барпылыктар аңгүдүк болуп кеңседен чыгышып, мурду кайкы татар жигит болсо отурган үстөлүндө уктаган» бойдон кала берди.

Жолдо келатып териштирип көрүшсө, Ашырбек ал катты Кундуздун чыптамасынын чөнтөгүнөн таап алган экен. Ошонун эле мурунку күнү Керим сары тамдын ичине кирип алып бул кагазга жазуу салып отурганын көрүптүр. «Кудай-теңир урсун, ошондогу мен көргөн кичинекей кагаз дал ушул болчу» - деп Ашырбек жанын сабайт. Ага ишенбегенде эмне, ишеништи. Бирок баары бир бул каттын сырын айра түшүнгөн киши болгон жок али.

- Кыясы, курган бала «Манастан» эки кайрык ыр жазып койгон шекилдүү го?

Кызыл жүзү нурданган,
Кымча бели буралган.
Кыздар кийген кырмызы
Кырк бир кыздын ичинен
Артык турат жылдызы.

- «Манас» эмес, «Семетей» десең.

- Муну эмне үчүн жазды болду экен бечара бала?

- Жо деги катыныңдын койнунан чыкканы ыраспы ушул кагаздын?

Ашырбай туугандарынын улам бирөөнө жооп кайтарып, өзүндө кылдай кыйкым жок экенин, күнөөнүн баарысы тең Керим менен Кундузда экенин кайра-кайра айтып келет.

Акыры бул чечилбеген каттын сыр-түйүнүн Керимдин өзүнөн сурайын деди окшойт, «Силер жай-жайыңарга бара бергиле, бул ишти мен өзүм сүрүштүрөм» деп башкаларын таратып жиберип айыл аксакалы Ашырбек менен кошо барды. Келип сураса Керим мулжуюп сөзгө ачык жооп бербейт. «Тим эле жазгам» деп мойнойт.

- А тим эле жазсаң эмне үчүн жеңеңдин чөнтөгүндө жүрөт бул кат? - деп арага түшкөн чал ачууланып кетти. - Уят эмеспи өз кара чечекей жеңеңе кагаз бергениң?

- Мен жеңеме тим эле бергем.

- Уул жазган кагазын мага көрсөткөнүнөн ырым болсун деп чөнтөгүмө салып койгон болчумун,- деди Кундуз баланы кыйнай беришкенде ый аралаш бышактап.

- Тек, оозуңду жап! - деп анда Ашырбек короңдой кетти аялына.

Ошону менен үркөрдөй барпы тукумунун ичиндеги капыстан чыккан чырдын түйүнү чечилбеген бойдон калып, акыры күз айланып келген кезде Ашырбектин чатагына чыдабай Айтолгон уулун тигил көл башындагы шаардагы батрак балдары үчүн ачылган биринчи баскыч интернат мектебине жөнөтүп тынды.

Ошентип, күздө бир ажайып табийгаттын касиети менен көптүн ичинен жалгыз ушул Керимдин энчисине туш болгон, мындайча айтканда, жөнөкөй гана шык деп коё турган кереметтүү табышмак нерсе жаңыдан билинер-билинбес белги берип, баланын көкүрөгүндө таңдын алгачкы шооласы сыңары эми гана жаңыдан ойгонуп келатканын эч ким биле элек эле. Бир байкаса апасы Айтолгон байкамак муну, бирок анын дагы азырынча эчтемеден шеги жок сыяктанды.

Көп өткөн жок, ошол эле кышта Караколдон Керим менен чогуу окуп жүргөн Чалакыз деген бир баланын атасы өлүп, Долонотуга келген экен. Антип-минтип Айтолгон барып жолуккуча болбой, чунак бала кайта кетип калган болот. Кериминин дайынын сурап билейин деп барган эне байкуш дабдаарый түштү.

- Жарыктык десе, уулума азык берип ийбейт белем,- деп Айтолгон кемегенин түбүндө жалгыз калган кемпирге буркан-шаркан түшүп таарынды.

Айныган кемпир эмнени билсин, «неберемди өкмат алып кетти, өкматтан айланайын, кытайда шейшеби бекип өлгөн абышкамдын кунуна бир саан уй берди...» деп ой-тоону сүйлөйт.

- Мен Кайназардын жесиримин, жарыктык. Тааныдыңызбы?

- И, оңбогур, тааныдым, андан көрө келип мобул очоктогу чокту аралаштырчы, орус картөшкө көөмп койдум эле, күйүп калбасын.

- Биздин Керим да тигил Караколдо силердин бала менен бирге окуйт эмеспи. Ошол уулумдан кабар алайын деп келдим эле,- деди Айтолгон муздаган күлдүн арасынан кемпирге бир тоголок күйүк таап берип жатып, жаны кейип.

Кемпир эмнегедир жандана түшүп тез-тез сүйлөп жиберди:

- Сенин балаң окуу окубай эле, талаага качып зикир чалып калыптыр го бетим!

- Керимби?! Ким айтты аны жарыктык?!

- Сен кимдин катынымын дедиң?

- Жо, жанагы сөздү небереңиз айттыбы?

- Небереме жабышпа, бетпак, өлүп-өлүп отуруп бир атадан жалгыз калды... Бети-башын чакалай басып кетиптир байкушумдун...

Айтолгондун жүрөгү алеп-желеп болуп чыкты. Мастан кемпирдин же жинди экени, же соо экени билинбейт. Бирок оозунан чыккан сөзү тигил. Айтолгондун бүт сезимдерин дуу этип жамандыктын толкуну уруп кетти. Кемпирдин ырайсыз түрү, анын чылпак аккан, типтирүү боло калып тике караган көздөрү, эмелеки Керим тууралуу суук сөздөрүнө апачык далил боло түшкөнсүдү.

Айтолгон ордунан серпилип турган тейде аң-дөңдү карабай үйүн көздөй жүгүрдү. Улам шашып энтиккен сайын уулунун бир балакетке чалдыкканын эне жүрөгү даанараак сезгенсийт.

Каалгасын аттаар менен жол камын көрмөкчү болгон Айтолгон кийимдерин бир апчып, чыгдандын ичин бир апчып көпкө дейре дайнын таба албай жатты.

Ошончодон Ашырбек тоого кеткен күн эле. Мындай иште жаман да болсо эркек тананын керегин айт! Бирок аны күтүүгө болбос. Ал ургандын тоого бир кетсе беш күн, бир кетсе он күн жоголмой адаты бар эле. Арийне, ушул сапар ал жайлоодогу туугандарына барып Керимге берип жибермекке бир карын сары май таап келмек. Бирок анын майы менен куруп кетсин. Эненин жүрөгү анын келишин күтүүгө чыдачубу? Тезинен камынып Айтолгон ошол эле күнү жолго чыкмак болду.

Керим тууралуу айткан алиги кемпирдин жаман сөзүн уккандан кийин Кундуз мен да барам деп бүлүнүп алды.

Кой десе болбойт.

- Жанагы дөөдүр күйөөң келсе жонуңду сыйрып салат. Кой, барба,- деп Айтолгон жакшы эле айтты, бирок келинди бир зор күч түртүп алган шекилдүү - көзгө басаар жалгыз уулубуз кырсыктап атса, кайсы бетибиз менен мында жатып алабыз. «Ашырбек үйдө болбогон соң сизди жалгыз жибербей мен кошо барайын» деди ал кайра тартпастан.

Акыры ага-туугандан эки ат токуп минишип, ундун ичине катып сактаган эки чучук, бир жилик этти боз баштыкка орой салышып, экөө күн бешимде шаарды көздөй чыгып кетишти. Ат деген анда азыркы машина ордуна жүрөр эле. Жүз чакырым жолду түнү менен бастырып отуруп эртеси чоң шашкеде эки аял Караколдун чоң чиркөөсүн издеп таап жете келишти. Интернат ошол чиркөөнүн жанында экенин Айтолгон уккан.

Керимди жашың чоң экен деп, анын үстүнө советтен мурун молдодон окуган араб сабатын эске алып, дароо эле биринчи баскыч мектептин үчүнчү классына алышкан экен. Мугалими кыргыздын түшүн жоруган сайма этектүү туюк көйнөкчөн, арсак тиштерин саргайтып ыш баскан, орто курак орус киши болуп чыкты.

- Сиздин бала мыктай бала! - деди мугалим дароо эле Айтолгон менен Кундуздун санаркаган түрлөрүн байкай коюп.

- Алыстан келдик, айланайын молдо, баламды көрсөтчү,- деп Айтолгон дароо мугалимди этектей кетти.

- Дем алгыла. Алар пекарняга суу ташып жүрүшөт. Ошентип токоч тапса, таттуу болот. Хы-хы-хы.

- Деги, дени-карды тазабы биздин баланын? Ооруп калды деп угуп жүрөгүбүз түшүп калды, молдоке.

- Оору жок. Оору жок,- деп эки кайталап анан мугалим эмнегедир бармагын тиштей калып Айтолгонду кабак астынан шектүү карады.

- Ал оору эмес, маржа. Ал ырчы, манасчы. Азыр абдан кыйналып жүрөт. Уктап атса түшүндө сүйлөйт, ыйлайт, анан «Манас» ырдайт. Эртеси балдардан уялып качып кетет. Ушундай бала. Золотой бала.

Айтолгондун өңү бирде бозоруп, бирде кызарып же сүйүнөөрүн, же күйүнөөрүн билбей үнү буулат.

- Балакетиңди алайын, кайдагы балээге чалдыкты эле?! Андай ыр кошкон өнөр деле ата тукумунда жок эле... - деп Айтолгон бери бактын ичине келип отурушканда кол жоолугун алып бышактай кетти. Кундуз болсо, а деле бала эмеспи, күйпөйүп, бул Керим менен болуп жаткан укмуш иш жакшыбы же жаманбы, ошону айрып түшүнө албай чоочуркап, Айтолгондун эле көзүн карайт алайып. Анын элесинде Керим бир жоболоңдуу жорукка туш болуп, ошондон улам арып-ачып, баягы кайнисине окшобой, алиги жолдон кез-кези өтүп калчу сопу-дербиштерче өңү капкара болуп самсаалап калгандай. Ошондой эле сезим Айтолгондо да болуп жатты окшойт. Жүрөгү тыбырчылап, улам күндү карап, же мындайда каргаша болуп убакыт өтпөй, эки аял бактын ичинде санааркап бүтүштү. Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот деле кайра ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат.

Бир маалда анан күн төбөдөн кыңкайып калган чен эле, интернаттын жалпак тамынын аркы жагынан кужулдаган үндөр угула калып, аңгыча болбой жамыраган он-он бештей өспүрүм бурчтан чыга келишти. Эң алдыда Керим экен. Мугалим айтса керек, ал короого кирип-кирбей жатып эле энесин көздөй күлө багып чуркады. Сагынган бала ошондо балким кичинесиндеги эркелиги менен энесинин кучагына боюн таштайт беле, айтор, Кундузду көрө сала ат коюп келаткан Керим кызарып кетип дароо боюн түзөй, кадимкидей салабаттуу боло калып, энесине колун берди.

Бир аздан кийин үчөө тең демдерин жыйып, жайланышып отуруп калышты. Эч нерсе болбогондой. Баланын кемип же кетилип калган деле эч жери жок өңдөнөт. Ал түгүл өңү ак саргыл болуп ачылып, жарым эле жылда сөөк-саагы өсө түшкөндөй. Кийим-кечеси таза, бою дыкан. Болгону, бир аз арыктап, музоо кирпик жапкак көздөрү киртийгенсип калыптыр. Эне дегендин издегени ошол да!

- Көзүң эмне киртиет, бир жериң оорубу? - деди Айтолгон баласынын жүзүнө үңүлүп.

- Жок,- деди Керим андай сөздү боюна жуутпай.

- Анан эмне, жанагы Чалакыз жарыбагыр энесине бирдемелерди сүйлөп кетиптир! Маа да жолугуп койбойт. Бир барпынын тукумунан эки тырмактай бала окусаңар, анан дайынын айтып, учурашып кетпейби, жашабагыр десе!

- Силерге барып жолугайын деп жатканда жолдон киречи чыгып калып шашып келе бериптир,- деди Керим курбусуна эч сөз тийгизбей.

- Анан эмне жанагы сакоо энесине болбогон сөздөрдү айтат, ал оңбогур! - деп Айтолгондун ачуусу тарабай жатты Чалакыздан.

- Эмне деп айтыптыр, апа?

- Ой, ким билет, сенин дайыныңды сурайын деп барсам «балаң талаага качат экен, ал-бул экен» деп тантырайт жанагы өлүгүңдү... Энеси ушуну айтканда Керимдин өңү албыра түшүп дароо жер карап калды. Баланын көздөрү бир жашырын ыйык нерсеси ачыла түшкөн кишиникиндей тайсалдайт.

- Мугалимиңен да сурадык... - деди уулунан жооп болбогон соң апасы сөздү зордоп сүйлөп. Керим анда да жооп берген жок. Тек, башын көтөрбөйт, бирок ичи уйгу-туйгу болуп жатканы өңүнөн билинип турду баланын. Кайнисинин кыйналган ошол абалына Кундуз чыдабай кетти окшойт.

- Мугалими балаңардын дени сак дебедиби, эжеке,- деп жиберди.

- Дени сак болбой куруп калсын, карабайсыңбы кебетесин, кирпигинен тартса жыгылчудай... Башка элдин балдары эч балээси жок эле тигине, килеңдеп ойноп жүрөт, жараткан теңир ушул менин жалгызымды жайына тынч койсо эмне... - деп ошондо энелик мээримин көз жашка айлантып, караңгылыкка, түшүнбөстүккө сезимдерин тебелетип, бирок ошол эле учурда баласын эмес, жараткан теңирди, өзүнүн алы-күчү жетпеген табийгаттын зордук күчүнө ызасын чыгарып, өз денесинен чыккан бир тырмактай баласын минтип башка бир акыл жеткис аян бийлеп, эркине койбой жетелеп алганына жүрөгү ооруп, бир чети уулум алда эмне болуп кетеби деп, анын утурумдук тагдырына көзү жете албай коркконунан ыйлап жатты Айтолгон.

Канча чымырканса да болбой Айтолгонду көрүп туруп, Кундуздун көздөрүнөн он талаалап жаш кетти.

Бала да болсо Керимдин заманасы куурулуп, же энесин эмне деп соороторун билбей, же жанындай жакшы көргөн жеңесин кой дей албай айласы түгөнүп турду эле, аңгыча нарыдан Чалагыз келип калганы.

- О, чунак десе, кел бери, учурашпайсыңбы? - деди Айтолгон алдына келип кол сунган баладан жамандыгын жашырган кишиче көзүн ары-бери сүртө салып сыр бербей. Ошондон кийин аялдардын көз жашы тыйылып, жайма-жай сөзгө өтүштү окшойт. Бирок Кундуз келиндин Айтолгонго айтам деген бир сөзү айтылбай купулунда дүпүйүп кала берген эле. Анысын ал эртеси, экөө мугалим орустукуна түнөп алышып, анан шаардан кайра аттанып чыгышканда жолдо келатып айтты.

- Уул мурда айылда жүргөндө эле оюн-чындан «Семетей» айтып калчу эле...

- О Семетейиң менен семирен кал! Так ушул сен буздуң, окшойт баланы! - деп баятан бери уулун ойлоп тымызын азап тартып келаткан Айтолгон атын толорсукка чаап-чаап алды. Ошондо курган эне эмнени ойлоп, келинин мынча какканын өзү да билбейт. Тек гана алдыдагы түшүнүксүз келечек, уулунун башка балдардай болбой бир белгисиз нерсеге чалдыгып калганы анын жамандыкты көп көрө берип үшү кетип бүткөн жүрөгүн кансыратып мыкчып алды окшойт.

Бирок канткен менен да санааны да, коркунучту да бара жүрө жакшылык үмүт жеңет экен. Үйлөрүнө келип түшкөндүн эртеси Айтолгон унчукпай басып барып айыл аксакалы чөнтөгүнө салып кеткен баягы Керимдин Кундузга жазган чуулгандуу «катын» сурап келди да жүктүн алдындагы темир сандыкка салып бекитип койду.

- Мен өлсөм, ушул кагазды жоготпогула. Кийин балким баланын өзүнө керек болот,- деди ал келининин чачын өрүп берип жатып ачуусу тараган жумшак үнү менен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз