Саул Абрамзон: Калың төлөө менен никелешүү

Калың кыргыздарда никелешүүнүн башкы шарты болуу менен патриархалдык-феодалдык мамилелердин өнүгүшүнүн стадиясындагы башка элдердегидей эле өзгөчө чоң өлчөмдө болгондуктан, зарыл сандагы малы же башка материалдык байлыгы болбогон калктын кээ бир бөлүгүн никелешүү мүмкүнчүлүгүнөн чындыгында ажыраткан.

Калыңдын өзүнүн генезиси биздин изилдөөнүн темасы болуп саналбайт, бирок мында калыңдын генезиси жөнүндө маселе боюнча Н. А. Кисляковдун эмгектеринде көрсөтүлгөн бардык эле жоболорго макул болууга мүмкүн эместигин айта кетүү керек. Никелешүүнүн шарты болуп саналган калың, ошондой эле нике патриархалдык мамилелердин өнүгүшү менен бирге жана бир эле убакта бир кыйла өнүккөндүгү жөнүндө автордун негизги жобосу каршылык туудурбайт. Бирок Н. А. Кисляковдун эмгектериндеги калыңдын келип чыгышы жөнүндөгү маселенин өтө кызыктуу жана көп жагынан ынандырарлык коюлушу андан ары негиздөөгө али муктаж.

Калың качан пайда болгондугу жөнүндө бир кыйла сандагы далилдүү маалыматтар бар, ал кыздын үй-бүлөсүнө же атасына эмес, кыз таандык болгон бүтүндөй урукка төлөнгөн, кийинчерээк гана — туушкандарынын кууш чөйрөсүнө, акыр аягында, кыздын атасына гана төлөнгөн. Бирок өзүнүн өнүгүшүнүн белгилүү тепкичинде калың колуктунун туушкандарына гана эмес, анын туушкандарынын бүтүндөй тобуна төлөнгөн жана калың төлөө күйөөнүн атасы гана эмес, анын бүт туугандарынын иши болуп эсептелген. Маселенин бул жагы адатта изилдөөчүлөрдүн көз жаздымында калып, же ага өтө аз көңүл бурулуп жатат.

Бул калыңдын генезиси жөнүндө маселеге түздөн-түз тийиштиги бар, ошондой эле бизге жакын мезгилдеги калыңдын жаратылышын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Күйөөнүн туушкандарынын тобунун калың «чогултуу» расими колуктунун беделдүү туушкандарына үйлөнүү белеги катары алып баруу максатында калыптанып калган урук-уруулук төбөлдөр, андан кийин феодалдык төбөлдөр тарабынан көз каранды калктан салык чогултуунун формасы катары пайдаланылган.

Бул айтылганга сүрөттөмө катары кыргыздын «Манас» эпосунан XIX кылымдын 60-жылдарында академик В. В. Радлов жазып алган үзүндүнү келтирели.

... кырк чоро келди дейт,
кырк жүз жылкы айдап келди:
«Бу немине жылкылар?»
«Жакыптын элге салган салымы
Каныкейге кырк чоронун
айдап келген калыңы».
«Жылкыны айдап алыңар!
Төрт чуңкурга салыңар!
төрт чуңкур толсо,
бүттү сенин калыңың,
төрт чуңкур толбосо
сенин калыңың бүтпөсө,
дагы айдап келиңер!»

Калың институтунун өнүгүшүн, анын Орто Азия менен Казакстан элдеринде белгилүү болгондой формага айланышын, биздин оюбузча, коомдун экономикалык структурасы менен байланышынан, патриархалдык-феодалдык мамилелердин өзүнүн өнүгүшүнөн тышкары нике менен үй-бүлөнүн чектеринде гана кароо мүмкүн эмес. Дал акыркылардын үстөмдүгүнүн жана чакан үйбүлөнүн чындыгында басымдуулук кылышынын шарттарында калың ушундай зор мааниге ээ болуп, ал сакталып кала берген. Бул биринчи кезекте калың зор өнүгүүгө ээ болгон менчиктик мамилелердин чагылдырылышына байланыштуу. Бирок анын сакталып калышына натуралай чарба гана эмес, аны менен байланышкан патриархалдык-феодалдык мамилелер да көмөк көрсөткөн.

Буга адат укугу, салттар, дин д.у.с. түрүндө бир кыйла даражада көмөк көрсөткөн. Патриархалдык үй-бүлөнүн жоюлушуна, натуралай чарбанын бузулуу процессинин өнүгүп жаткан процессине, жер-жерлерде товардык-акчалай мамилелердин терең орун алгандыгына карабастан Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстандын көп райондорунда Октябрь революциясына чейин, Н. А. Кисляковдун пикирине караганда, калыңдын жоюлушуна олуттуу белгилер байкалган жок. Калың дегеле салтка айланбастан жана жөн эле фикция болуп калбастан толук өлчөмдө жашоосун уланта берген.

Өткөн убакта «сатып алуу никеси» деп аталып, басымдуулук кылган никенин формасы (калың төлөө менен) бышып жетилген жана чыңдалган таптык мамилелердин шарттарында гана никенин өз алдынча формасы катары кызмат кыла алган. Ал мезгилдин өтүшүнө байланыштуу бүткүл коомго үстөмдүк кылган таптардын идеологиясы жана практикасы деп аталган. Дал ошолор калың төлөө менен никелешүүгө сатып алуу-сатуу актысынын маанисин берген. Калың жөнүндө маселени карап чыгууда сөз жөн эле расимдин «күчү» жөнүндө эмес, реалдуу экономикалык кырдаалдардын күчү жөнүндө болууга тийиш.

Ошондуктан калыңды кандайдыр-бир «таптан тышкаркы» категория катары кароого болбойт. Калыңдын өлчөмү көпчүлүк учурларда күйөө менен колуктунун ата-энелеринин социалдык жана мүлктүк абалына жараша болгон. Феодалдарда жана чоң байларда ал өтө зор өлчөмдөргө жетип, калктын жакыр бөлүгүнүн ичинде кээде бар болгону бир канча баш малга чейин төмөндөгөн.

Адабиятта белгиленгендей, ата-энелери өздөрүнүн кыздары үчүн бай күйөө балдарды табууга, ал эми уулдарын — өңү серт жана кедей кыздарга үйлөндүрүүгө аракеттенишкен, анткени андай кыздар үчүн аз калың жумшалган. Бирок бул көз көрүнөө таптык принцип кыргыз коомунун эмгекчи катмарларынын арасында калың төлөөгө күйөөнүн атасы гана эмес, анын үй-бүлөлүк-туушкандык тобунун мүчөлөрү да катышкандыгынын, ошондой эле алынган калыңдын бир кыйла бөлүгү колуктунун үй-бүлөлүк-туушкандык тобунун мүчөлөрүнө таркатылып берилгендигинин кеңири таркаган расиминин фактысына эч кандай карама-каршы келбейт. И. Д. Старынкевич мындай деп белгилейт: «Күйөөнүн тууган-туушкандары калың төлөөдө ага материалдык жардам берүүнү талкуулоо үчүн бир канча жолу бирге чогулушат».

Кыргыздардын калыңы негизинен малдан турган. Бай мал ээлеринде ал көп учурда тогуздап эсептелген. Октябрь революциясынын алдындагы акыркы он жылдыкта калың көп учурда акча менен да, кээде эгин менен (дыйкан кыргыздарда) төлөнгөн. Кашкардык кыргыздарда бай кыргыздар көп учурда калыңды күмүш уютмасы (жамбы) түрүндө төлөшкөн; аларда калыңдын баалуу бөлүгү болуп топоздор да эсептелген.

Кыргыздарда калыңдын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар ушунчалык ар башка болгондуктан аларды кандайдыр-бир белгилүү чоңдукка тыянактоо кыйын. Казактар менен кыргыздардагы калыңды салыштырган Г. С. Загряжский муну жакшы түшүндүргөн. Бирок турмушу начар катмарлар калыңдын өлчөмдөрү канчалык көп болбогону менен, аны төлөө кембагал үй-бүлө үчүн, анын үстүнө малсыз «жатак» үчүн өтө оор иш болгон. Бир кыйла мындай үй-бүлөлөр үйлөнүү тоюнун чыгымынын кесепетинен бүлүнүүнүн чегине чейин жеткен. Ал мүлктүү үй-бүлө үчүн калыңдын оор жүгүн эки кырдаал гана бир аз жеңилдеткен: жакын туушкандарынын жардамы жана калың төлөөнүн мөөнөтүн узартуу. Акыркы кырдаал нике жөнүндө макулдашуу менен колукту күйөөнүн ата-энесинин үйүнө чындап келин болуп баргыча кээде көп жылдардын өтүшүнө алып келген.

Кембагалдардын, жалданма койчулардын, жерсиз жана малсыз чайрыкерлердин абалы бөтөнчө оор болгон. Алардын ичинен кээ бирөөлөрү калың төлөөгө каражат топтоого үлгүрө албай, бойдок бойдон өтүп кеткен, көптөрү никелешүүнү көп жылдарга кийинкиге калтырууга аргасыз болуп, өмүрүнүн жаш кезин бойдок өткөрүүгө туура келген.

Септин өлчөмү да абдан өзгөрүп турган. Ал төлөнгөн калыңга түздөн-түз байланыштуу болбосо да, бирок кандайдыр-бир өлчөмдө сеп менен калыңдын ортосундагы теңдештик сакталган; биздин кыдыруубузда чогултулган материалдар көрсөткөндөй, көп учурларда септин наркы калыңдын наркынан бир аз гана төмөндөгөн. Бай ата-энелер мурда өзүнүн кызын кийим-кече жана үй эмеректери менен гана камсыз кылбастан, сеп катары боз үй, ат берип, колукту ал атка минип өзүнүн күйөөсүнүн үйүнө жөнөп кеткен. Кембагалдарда болсо, Гродеков белгилегендей, «алачык да, унаа мал да беришкен эмес, жаңы үйлөнгөндөр жөө-жалаңдап жөнөп кетишкен».

Калың менен септин теңдештигинин маселеси боюнча карама-каршы көрсөтүүлөр бар. Жарыяланбаган кол жазмаларда камтылгандардын бири көңүл бурууга арзыйт. «Калыңдын өлчөмү белгиленген эмес жана ал күйөөнүн колундагы байлыгына жараша болгон. Ошол эле убакта колукту өзү менен кошо канча сеп алып келүүгө тийиш экени аныкталган... Септеги — кийит калыңдан азыраак болууга тийиш, анткени кыз күйөөгө чыккандан кийин, бир жылдан үч жыл өткөнгө чейин анын үлүшү — энчиси берилет, ал кийит менен бирге калыңга барабар болууга тийиш. Оокаттуу адамдардын чөйрөсүндө кийит дайыма марттык менен кийгизилип, көпчүлүк учурда энчи менен кошуп алганда калыңдан бир кыйла ашып кетет... Калктын көпчүлүгү кызы үчүн көп сеп бербейт... Ал түгүл энчи элдин көпчүлүгүндө калыңдын наркына чейин кийитти эч убакта толуктабайт...

Адатта ар түрдүү кийимкечеден, жасалгалардан, килемдерден, кийиздерден, чарба эмеректеринен жана акчадан (бирок мал эмес, эгер берилсе да өтө сейрек жана чектелген санда) турган кийиттин өлчөмү дайыма калыңдын өлчөмү менен салыштырылат, бирок дайыма андан аз болот...

Негизинен ар түрдүү малдан турган энчи калыңдын наркына барабар келсин үчүн кийит менен толукталат. Ата-энелеринин ак ниетине ишенип, кудалашкан убакта энчи жөнүндө сөз болбойт. Адат укугу боюнча кийит менен энчи калыңдын наркына барабар болууга, ал эми бул аркылуу калыңдын жардамы менен үйлөнүү жолун ыраазы кылууга тийиш экендигине карабастан көп учурларда кийит менен энчи бирге калыңга анчалык барабар келбейт».

Казактарга таандык болгон адабиятта да карама-каршы көрсөтмөлөр бар. Красовский мындай деп жазат: «...калыңдын жардамы менен кээ бир кедейлер бир кыйла сеп алышат, бул калыңдын өлчөмүнөн кемибейт, ал эми көптөрүндө ал түгүл андан ашып да кетет». П. Богаевская да мындай деп көрсөтөт: «Никелешкенде, белгиленген сеп калыңдан дээрлик дайыма көбүрөөк болуп чыгат. Кедейлердин ортосунда да сеп көпчүлүк учурда калыңдан ашып кетет».

Бул маселени Г. Гинс башкача чагылдырат: «...калың үчүн адатта берилген сеп калыңдын жартысына барабар». А. Евреиновдон да олуттуу ой-пикирди табабыз: «Алган калыңын атасы кызына сепке жумшайт: боз үй, кийим-кече, үй эмеректерин жасатат, малынан бөлүп берип, күйөө баласынын айлына узатат».

Мында да калың септи даярдоо үчүн материалдык негиз катары пайдаланылат. Тувалыктар боюнча Л. П. Потапов келтирген маалыматтар да бир топ кызык. Алар никелешүүгө байланыштуу келип чыккан күйөө бала менен колуктунун ортосундагы мүлктүк мамилелердин табиятын тереңирээк изилдөөгө жардам берет. Куда түшкөн кызы үчүн ата-энелери кыз күйөөсүнүн үйүнө алып кете турган ар түрдүү мүлктү даярдай тургандыгы айтылган. Ал сеп катары каралган эмес. Бул анын жеке менчиги болгон. Бул мүлктү топтоого ата-энелеринен тышкары колуктунун туушкандары милдеттүү катышкан. Алар өздөрүнүн күчү менен жана өз каражаттарынын эсебинен колукту үчүн боз үй даярдашып, аны бүт эмерек-буюмдар менен жабдышкан, жаш жубайлар үчүн белектерди чогултууга катышкан.

Күйөө баланын ата-энесинен колуктунун бардык туугандары үчүн жалпы болуп эсептелген жана колуктунун ата-энеси өзүнүн жакын туушкандарына малды сөзсүз бөлүштүрүп (Алаша өрөөнүндө чогултулган материалдар боюнча), аларга калыңга келген малдын үчтөн экисине чейинкисин берген. Ошондуктан мал бөлүнүп берилгендин ар бири колуктуну жабдууга жана ага зарыл мүлктү («ончу»; кыргызча энчи менен салыштырыңыз) топтоого материалдык жактан катышууга милдеттүү болгон. Бул расим «малдар» деп аталган. А. П. Потапов сүрөттөгөнгө эң жакын расимдер кыргыздарда да болгон. Дал мына ошондуктан кээ бир изилдөөчүлөр жол берген «сатып алуу никеси» сыяктуу институтту абсолютташтыруу кайра карап чыгууну, олуттуу оңдоолорду жүргүзүүнү талап кылат.

Калыңга жана сепке чыгымдардан тышкары, ар бир тарап үйлөнүү тоюна чейин кудалардын бир-бирине катташына, күйөө баланын колуктусуна ар бир барышына жана үйлөнүү аземдеринин бүт жөрөлгөсүнө байланыштуу белектерге да бир кыйла каражат жумшоого тийиш болгон. Белектерге чыгымдарга атасы тараптын гана эң жакын туушкандары эмес, күйөө баланын жана колуктунун энеси тараптан да катышкан. Түшкөн белектерди адатта ошол эле туушкандар өз ара бөлүп алышкан. Калың аялды жеке менчиктин башка түрлөрү менен бир катарга койгон. Ал аялдар үчүн терең запкы тартуунун булагы, материалдык байлыктын талап кылынган санына ээ болбогон эркектер үчүн никелешүүгө зор бөгөт болуп саналат. Анын өзү зор коомдук залал болуп саналат. Болгон коомдук мамилелерди жоюу гана аларды жок кыла алды...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз