Василий Бартольд: Калмактар[1] тарыхы

  • 12.06.2020
  • 4521

Моңгол бийлигинин биротоло кулашынан кийин, XVI кылымдын экинчи жарымындагы Жети-Суунун абалы жөнүндө биз дээрлик эч нерсе билбейбиз. Бизге буга чейин эч ким тарабынан изилденбеген, 990/1582-ж. Сейфи тарабынан жазылган, биздин билишибизче бир гана кол жазмада жеткен түрк чыгармасы айрым кызыктуу маалыматтарды берет; ал Лейден университетинин китепканасында сакталып турат[2].

Ал автордун сөзү боюнча, калмактар ошол мезгилде Азияда ийгиликтерге жетишүүсүн уланта берген; калмактардын башчысын ал Алтан-хан деп атайт; балким, ошол мезгилде Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө кеңири империяны негиздеген жана 1552-ж. ойротторду багындырып алган түмөт уруусунун эң кубаттуу өкүмдары тууралуу айтса керек.

Шигайдын уулу жана Тахирдин бир тууганынын баласы, казак ханы Тевеккель калмактар өлкөсүнө жортуул жасаган; мунун натыйжасында казактар каапырлардын бүлүндүргүч чапкындарына кептелген. Тевеккель Ташкенге качкан, ал жерде дагы эле Науруз-Ахмед хан болгон (1556-ж. өлгөн); Тевеккель ага союздаш болууну сунуш кылган, бирок Науруз-Ахмед ал экөө сыяктуу он падыша бириксе дагы калмактарды жеңе албастыгын айткан. Андан ары автор кыргыздар менен казактарды кыскача сүрөттөйт. Анын сөздөрү боюнча, кыргыздар «моңголдорго тектеш; алардын ханы жок, бектери гана бар, аларды кашка деп аташат. Алар каапыр да, мусулман да эмес; өткөөлдөрү бар бийик тоолордо жашашат. Эгерде кандайдыр бир падыша аларга каршы аскер жиберсе, алар үй-бүлөлөрүн тоолордун түпкүрүнө жөнөтүшөт, а өздөрү болсо эч ким өтпөсүн үчүн айтылган өткөөлдөрдү тосушат. Жай таш (камень яда) менен аракеттенишип, аларды көздөй келе жаткан аскерге кар жаадырышат жана ушунчалык суук түшүргөндүктөн, аскерлер колун да, бутун да кыймылдата албай калышат. Андан кийин чабуул коюшат жана душмандарын талкалашат. Өлгөндөрүн алар жерге көмүшпөйт, бирок табытка салып бийик жыгачтарга коюшат; алардын сөөгү чирип, чачылып кеткенче ошол жерде калат.

Кыргыздардын кошунасы—казактар; алар 200 000 түтүн; алар Имам А'замдын багытын (Абу Ханифа) тутунган мусулмандар; алардын койлору менен төөлөрү көп; алардын турак-жайы арабага батат. Алардын чапандары кой жүнүнөн жасалган; алар ар түрдүү түскө боёлот жана атлас чапандарга окшошуп калат; аларды Бухарага жөнөтүшөт жана ушунчалык кооз жана жука болгондуктан ал жерде атлас сыяктуу эле баада сатып алышат. Аларда ушул эле жүндөн жаанга кийчү чапандар жасалат; жүн такыр суу өткөрбөйт; бул ошол жерлерде өсүүчү, кой жеген айрым чөптөрдүн касиетинин натыйжасы».

1594-ж. Тевеккель Москвага элчи жөнөтүп, падыша Федорго букаралыкка кабыл алууну сунуш кылган; бул элчиликтин иш кагазында хан «казактардын жана калмактардын падышасы» деп аталат, демек, ага айрым калмак уруктары баш ийген деп жыйынтык чыгарууга болот. Тевеккель 1598-, өзү өлөөр жылы Түркстан менен Ташкенди ээлеген; бул шаарлар казактардын бийлигинде 1723-жылга чейин калган; ушул маалыматка байланыштуу, В. В. Вельяминов-Зерновдун пикири боюнча, казак элинин үч ордого бөлүнүшү башталган. XVII кылымда Түркстан менен Ташкен казактардын кубаттуулугунун очогу болгондугуна карабастан аларды калмактар акырындап Жети-Суудан сүрүп чыккан. XVII кылымдын башында Хорезмге жортуул жасашкан жана эми Волга жээгине чейин жетишкен. Ошол эле мезгилдин тегерегинде чорос ханы Хара-Хула өз бийлигинин астына ойроттордун баарын бириктирүүгө аракеттенген жана уделдик княздардын (тайчжи) тырыша каршылык кылганына карабастан, өз өмүрүнүн акырында максатына жеткен. 1634-ж. анын ордун уулу Батур ээлеп, хун-тайчжи титулун алган. Анын тушунда ойроттор же жунгарлар (тагы “сол канаттагылар”) мамлекети белгилүү түзүлүшкө ээ болгон; 1640-ж. анын ордосунда курултай чакырылып, ага ал түгүл Россияга бөлүнүп кеткен калмактардын башкаруучулары да келген; бул жерде калмактардын атактуу «талаа жобосу» жарыяланган. Хун-тайчжинин өзүнүн конушу адегенде жогорку Иртыштын жанында, Зайсан көлүнөн бир кыйла өйдө жайгашкан. Казак ханы Батур Тевеккелдин бир тууганы жана анын ордун басуучу Ишимге каршы айыгышкан согуш жүргүзгөн (жеңиш улам бир жакка ооп турган).

Батур 1653-ж. өлгөн жана анын өлүмү ойрот союзундагы бийликтин начарлашына алып келген. Орус даректери анын ордун басуучу анын уулун Сэнгэ деп аташат, бирок проф. Позднеевдин изилдөөсү боюнча, ал «эч качан өз атасына окшоп ойрот союзунун башчысы болгон эмес; Батур хун-тайчжинин өлүмүнөн алты-жети жылдан кийин ал зюнгар уруктарынын башкаруучусу болгон деп ойлоого болот, бирок анын мааниси эч качан мындан жогору көтөрүлгөн эмес». Хун-тайчжи титулун Сэнгэ менен бир эле учурда бир нече князь алып жүргөн; Иртыштын жогорку агымында Батурдун улуу уулу Сэцэн-хан көчүп жүргөн.

1671-ж Сэнгэ өлтүрүлгөн; Тибеттен анын бир тууганы Галдан-Бошокту- хан келген жана тез эле өз бир тууганы Сэцэн-хан менен күрөшкө чыккан; 1676-ж.

Талки ашуусунун жана Сайрам көлүнүн жанында Сэцэн-хан жеңилип калган жана Галданга баш ийүүгө тийиш болгон. Өзүнөн мурдагы башкаруучулар сыяктуу эле Галдан казактар жана кыргыздар менен согушкан. 1681-жана 1683-жылдары Сайрамга жүрүш жасаган; 1683-, 1684- жана 1685-жылдары кыргыздарга жана ферганалыктарга каршы барган; 1684-ж. анын аскер башчысы Рабтан Сайрамды алган жана талкалаган. Ошондон баштап калмактардын Жети-Суудагы бийлигин, биздин билишибизче, эч ким талашкан эмес жана алардын казактар, моңголдор жана кытайлар менен көп сандаган согуштары бул аймакка эч тиешелүү болгон эмес. Белгилүү болгонго караганда, Галдан калмак хун-тайчжилеринен биринчи болуп негизинен Иле өрөөнүндө көчүп жүргөн, кээ кезде кышты Иртыштын жээгинде өткөзгөн. Балким, ушул мезгилден тартып Иленин жана Куркара-Усунун азыркы аймактары хун-тайчжинин жеке менчиги катары эсептеле баштаса керек; Түрк элдеринен жалгыз гана буруттар (кыргыздар) Унковскийдин далилдөөсү боюнча, XVIII кылымда да Ысык-Көлдүн жанында көчүп жүрүшкөн.

Өзүнүн мамлекетинде жеке бийлөөчүлүктү орнотууну каалаган Галдан өз туугандарын куугунтуктаган; 1678-ж. алардын бири, Галдандын бир тууганынын уулу Цэван-Рабтан Турпанга качып кете алган. Качан, 1688-ж. Галдан Моңголияга жортуул жасаганда, Цэван-Рабтан ошол же кийинки жылы мекенине кайтып келген жана Боротала өрөөнүнө жайгашкан, ал жерден акырындык менен бүт өлкөнү өзүнө баш ийдирген. Гапдан эми өз мамлекетине кайтып келген эмес; анын Моңголиядагы согуш аракеттери эң эле ийгиликсиз болгон жана 1697-ж. ал жашоосун өзүн-өзү өлтүрүү менен аяктаган.

Галдан өлгөндөн кийин Цэван-Рабтан мамлекеттин бирден-бир башкаруучусу болуп калган жана көп өтпөй кытайлар үчүн мурда агасы кандай болсо, так ошондой коркунучтуу душман болуп калган. Айтмакчы, Кытай менен тышкы тынчтык 1714-жылга, Цэван-Рабтан Хамини талап-тоноо менен согуш аракеттерин баштаганга чейин сакталган. Ошол эле 1714-ж. император Канси указ жарыялап, анда Цэван-Рабдандын жаман жоруктарын саноо менен хун-тайчжиден жунгар княздарынан тартып алган укуктары менен жерлерин кайтарып берүүнү, ал үчүн кытай өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен княздарды сеймге чакырууну талап кылган. Айтмакчы, «Алак (Ала-Тоо) тоолорунун алдындагы конуштар» хойтторго берилүүгө тийиш болгон; хун-тайчжинин өзүнө келгенде, ага «Иртыштын агымындагы бир гана бурч» ыйгарылмак. Цэван-Рабтан мындай талаптар менен келише албастыгы өзүнөн-өзү түшүнүктүү эле жана согуш баштоого тийиш болчу. Кытайлар калмак мамлекетинин начар жактарын жана казактар менен буруттар дайыма коркунуч туудуруп тургандыктан ал элдердин жерлеринин чек арасында орчундуу аскер күчтөрүн кармап турууга туура келгендигин жакшы билишкен. Кытай элчилери өзүлөрүнүн билдирүүлөрүндө калмактар кытайлардын жортуулун күтүшүп, Иленин төмөн жагына топ-тобу менен көчүп кетип жатышат деп ынандырышкан.

Аларды орус букаралыгын кабыл алууга көндүрүү үчүн калмактардын бул татаал жагдайынан орус өкмөтү пайдалангысы келген. 1719-ж. ушундай сунуш менен калмактарга казак-орустардын башчысы Иван Чередов келген. Андан мурда, 1717-ж. Музарттын жанында Харкир суусунун жээгинде Цэван-Рабданга тобольскилик дворянин Велянов тааныштырылган, ал кийинки жылы Талки тоосунун этегиндеги, Хоргостун жанындагы хун-тайчжинин адаттагы кышкы ордосунда аны менен коштошкон. Капитан Унковскийдин элчилиги тууралуу биз алда канча кеңири маалыматтарды билебиз. 1722-ж. ноябрда Унковский Чарындан бир нече верста чыгышта, Иленин түштүк тарабында турган Хун-Тайчжинин ордосуна келген жана калмак башкаруучусунун чөйрөсүндө 1723-жылдын сентябрына чейин болгон жана ордо менен бирге орундан орунга, Түп жана Жыргалаң сууларына чейин көчүп жүргөн.

Бул элчиликтин саясый натыйжалары болгон эмес, анын үстүнө император Канси өлгөндөн кийин (1722-ж.) Кытай тараптан коркунуч азайган. Анын үстүнө калмактар 1723-ж. казактардын үстүнөн ири жеңишке жетишишкен жана Сайрамды, Ташкенди жана Түркстанды ээлешкен.

Унковский боюнча калмактар 100 000ге чейин аскер чыгара алышкан. Өз букараларынын ичинде кеңири белгилүү болгон хун-тайчжи зайсандардын, б.а. ар бир урук башчыларынын кеңешисиз эч иш жүргүзгөн эмес; алардын башчысы, хунтайчжинин эки ата өткөн тууганы Цэрэн-Дундук Лепса менен Караталдын жээгинде көчүп жүргөн. Башта, мындан отуз жыл мурда калмактардын эгин талаалары такыр болгон эмес; азыр жалаң гана туткунга түшкөн бухаралыктар (сарттар) эмес, көптөгөн калмактар да жер иштетүү менен кесиптене башташты жана эгин талаалары тынымсыз көбөйүп жатат. Хоргостун куймасына жакын жерде сарттардын чакан шаарчасы болгон.

Калмактар орустар, кытайлар (тынч убакта), тангуттар менен, Индия жана Мавераннахр менен соода жүргүзүшкөн. Калмактардын согуштук жана маданий ийгиликтерине 1715-ж. Иртышты бойлой жогору жөнөтүлгөн Бухгольцтун экспедициясы үчүн жиберилген конвой менен бирге калмактар тарабынан 1715/16-ж. кышында туткундалган швед унтер-офицери Ренат көп салым кошкон. Ренат калмактардын өлкөсүндө 1733- жылга чейин болуп, аларды замбирек куюу өнөрүнө жана бир катар кол өнөрчүлүк иштерге үйрөткөн, ал гана эмес аларга басмакана курган. Мекенине кайтып келгенден кийин ал түзгөн Жунгариянын картасында көчмөндөрдүн ордолору кеңири белгиленген, күткөндөй эле, алар негизинен тоолордун этектеринде, дарыялардын жогорку агымында жайгашкан. Жети-Сууда мындай ордолор төмөнкүдөй жайгашкан:

1) Жети-Суудагы Ала-Тоону бойлой жана Балхашка карай аккан дарыялардын башталышында;

2) Алтын-Эмел менен Койбындын аралыгында, Иленин түндүк жагындагы Көк-Тал менен Көк-Теректин аралыгында;

3) Кегендин түндүк жээгинде жана Чарындан чыгыш тараптагы Кетмен тоолорунун түндүк капталынын боюнда;

4) Чиликтин жана анын куймаларынын жогорку агымдарында;

5) Түптүн жээгинде, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, көлдүн батышта бүткөн жеринде жана түндүк жээгинде, Койсу жана Ак-Суу сууларынын аралыгында;

6) Чоң-Кемин өрөөнүндө жана Чүйгө куйган дарыялардын жогорку агымында, Карагатыга чейин. Хун-тайчжинин башкы ордосун Ренат Талки ашуусунун түштүк-чыгышына, азыркы Кулжанын жанына жайгаштырат.

Цэван-Рабдандын ордун анын уулу Галдан-Цэран (1727—1745) баскан. Ал да чыгышта кытайлар менен согуш жүргүзгөн жана 1739-ж. түзүлгөн тынчтык келишими боюнча өз ээликтеринин дээрлик теңинен алсыраган; бирок мындан кийин батышта ал шарттуу түрдө орустардын букаралары деп эсептелишкен казактарды иш жүзүндө өзүнө багындырып алган. Казактардын иштери боюнча ага бир нече орус өкүлдөрү жөнөтүлгөн. Алардын бири плац-майор Угрюмов (1732—1733-ж.) апрель жана май айларында Галдан-Цэрэн менен бирге Кожжигер коктусунан Иле дарыясын бойлой төмөн, майдын аягы жана жай айларында Темирлик, Кеген, Каркыра жана Текесте, сентябрда жана бүт кыш бою марттын акыркы күндөрүнө чейин Иле дарыясын бойлой көчүп жүргөн: «Адегенде төмөн, а кийин жогору карай, ал жердеги Кочигар (Кодлшгер) коктусунда майга чейин туруу адат».

Галдан-Цэрэнден кийин анын уулу Цэван-Дорчжи (1745—1750) башкарган; ал өз бир тууганы Лама-Дорчжи тарабынан өлтүрүлгөн. Мындан кийин калмактар мамлекетинде коогалаңдар башталган да, ал мезгилде Галдан-Цэрэндин жээни Амурсана жогорулаган. Ал казактардын жардамы менен Эмилдин жээктерин жана жогорку Иртышты ээлеген жана 1754-ж. кытайларга өтүп, алардан өз душмандарына каршы жардам сураган. 1755-ж. батышка көп сандаган аскери бар эки кытай тобу жөнөтүлүп, алар үч айдын ичинде, дээрлик кан төкпөстөн, калмак мамлекетин бүтүндөй баш ийдирип алган.

Ошол эле жылы Амурсананын көтөрүлүшү болгон, аны кийинки жылы кытайлар баскан; Амурсана казактарга качкан. 1757-ж. Амурсана кайрадан кыска мөөнөткө Иледе пайда болгон, бирок качууга тийиш болгон, анткени казак ханы Абылай аны кытайларга берүүнү каалаган. Амурсана орус ээликтерине кирип кутулган, ошол жакта ошол эле 1757-ж. чечектен өлгөн. Орто Азиядагы акыркы көчмөн империянын жашоосу ушундайча токтогон. 1758-ж. кытайлар өлкөгө кайрадан аскер жөнөткөн, алар калмактарды абдан катуу кырышкан.

Белгилүү болгондой, жунгар мамлекети кулагандан кийин казактар менен кыргыздар Жети-Сууга кайтып келишкен, белгилүү убакытка чейин шарттуу түрдө кытай букаралары деп эсептелген; кытай чыңдоолорунун чеги азыркы орус жана кытай ээликтеринин чек арасы менен болжолдуу түрдө дал келген. Өлкөдө орус бийлиги орногонго чейин казактар менен кыргыздар иш жүзүндө толук көз карандысыз болушкан.

ХРОНОЛОГИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧ

Б.з.ч. П к. - Жети-Сууну усундардын ээлеши; сэ эли түштүккө оогон.

Б.з.ч. 105-ж. чен.- Кытайлардын усундарга элчилиги.

Б.з.ч. 51-ж. чен. - Усун ээликтеринин эки мамлекетке бөлүнүшү.

Б.з.ч. 11-ж. - Усундардын бөлүгүнүн түндүк-батышка кетиши.

Б.з.ч. 1-ж. - Усун падышасы Ичиминин Кытайдын борборуна келиши.

Б.з. V кылымынын башы. Жети-Суунун түздүк бөлүгүнөн жужандардын усундарды сүрүп чыгышы.

425. - Усундардын Кытайга элчилиги.

436. - Усундарга кытайлардын элчилиги.

VI к. - Жети-Сууну түрктөрдүн басып алышы.

581. - Түрк империясынын эки мамлекетке алсырашы.

VIIк. - Сюань Цзяндын саякаты. Жети-Суудагы жер иштетүү маданияты тууралуу байыркы кабарлар.

657. - Кытайлардын Жети-Сууну багындырышы.

740. - Батыш-түрк мамлекетинин кулашы.

748. - Кытайлардын Суябды талкалашы.

751. - Кытайлардын Таластын алдында жеңилиши.

766. - Карлуктардын Суябды ээлеши.

940-ж. чен. - Караханилердин Чүй өрөөнүн басып алышы.

960. - Жети-суулук түрктөрдүн исламды кабыл алышы.

992. - Богра-хан Харундун өлүмү.

1017—1018. - Чыгыш көчмөндөрүнүн Жети-Сууга жортуулу.

1025. - Жети-Суудан Туган-ханды сүрүп чыгуу.

1031-32. - Кадыр-хан Юсуфтун өлүмү. Арслан-хан Сулейман.

1043. – Кыргыз-казак талааларынын көчмөндөрүнүн исламды кабыл алышы.

1056. - Арслан-хандын кулатылышы.

1057-58. - Богра-хан Мухаммеддин өлүмү.

1059-1074-75. - Тогрул-Кара-хан Юсуф.

1069.- Түрк тилиндеги биринчи Кутадгу билик поэмасынын жаралышы.

1074-75—1102-03. - Богра-хан Харун.

1090. - Кашкарлыктардын Ат-Башыны талап-тоношу.

1102. - Кадыр-хан Джибраилдин жеңилиши жана өлүмү.

1125. - Кара-кытайлардын батышка көчүшү.

1130-ж. чен. - Алардын Чыгыш Түркстанда жеңилиши.

1137. - Алардын Хоженттин алдындагы жеңиши.

1141. - Катван талаасындагы жеңиш.

1142. - Биринчи гурхандын өлүмү.

1179 —1190. - Патриарх Илья III. Жети-Суудагы жана Кашкардагы несториан митрополиясы.

1208-09. - Жети-Сууга Күчлүктүн келиши.

1210. - Кара-кытайлардын Өзгөндүн жана Таластын алдында жеңилиши.

1211. - Жети-Суунун түндүк бөлүгүнүн моңголдорго багынышы.

1212. - Гурхандын кулатылышы. Күчлүктүн бийликке келиши.

1218. - Моңголдордун Жети-Сууну багындырышы.

1219. - Елюй Чу-цайдын саякаты.

1220. - Ву-гу-сундун саякаты.

1221—1223. - Чан-чундун саякаты.

1227. - Чыңгыз-хандын өлүмү.

1229—1241. - Угэдэй.

1229. - Абу Якуб Юсуф Секкакинин өлтүрүлүшү.

1242. - Чагатайдын өлүмү.

1242—1246. - Хара-Хулагу.

1246—1248. - Гуюк.

1246—1251. - Есу-Мункэ.

1246. - Плано Карпининин саякаты.

1248. - Батый Жети-Сууда.

1251—1259. - Мункэ.

1251. - Чагатай улусунун талкаланышы.

1251—1260. - Эргэнэнин башкаруусу.

1253. - Рубруктун саякаты.

1254-55. - Хулагунун жүрүшү.

1255. - Гайтондун саякаты.

1259. - Чан Дэнин саякаты.

1260. - Хубилайдын жана Арик-Буканын шайланышы.

1260-1265-66. - Алгуй.

1260. - Министр Хабаш-Амиддин өлүмү.

1262. - Сайрам көлүнүн жанында Алгуйдун жеңиши.

1263. - Анын Иле өрөөнүндө жеңилиши.

1264. - Арик-Буканын чегиниши.

1266. - Мубарек-шахтын шайланышы. Барактын келиши; Мубарек-шахтын жеңилиши жана кулатылышы.

1268. - Сыр-Дарыянын алдында Хайдунун Барактын үстүнөн жеңиши.

1269. - Таластагы курултай.

1271. - Барактын өлүмү.

1282. - Чагатай ээликтеринде бейкуттуктун калыбына келиши.

1301. - Хайдунун өлүмү.

1303. - Чапардын хан көтөрүлүшү. Баяндын элчиси Багдадда.

1304. - Моңгол мамлекетинин федерациясынын планы.

1305. - Чапар менен Туванын ортосундагы согуш.

1306-07. - Туванын өлүмү.

1308. - Куньджектин өлүмү.

1308-09. - Талику.

1310—1318. - Эсен-Бука.

1315. - Эсен-Бука менен Өзбектин жакындашышы.

1318—1326. - Кебек.

1326. - Ильчигидай; Орто Азияда католиктик үгүттүн ийгилиги. Дурра-Тимур.

1326—1334. - Тармаширин.

1333. - Ибн Баттутанын саякаты.

1334. - Бузан.

1334—1338. - Женкши. Католик миссионерлери Алмалыкта.

1338—1339. - Жети-Суудагы чума.

1339. - Христиандарды куугунтуктоо.

1347. - Мавераннахрдагы Чагатай хандарынын бийлигин жок кылуу.

1348-1362-63. - Туклук-Тимур.

1360. - Мавераннахрдын ага баш ийиши.

1370-71. - Темир Кочкорго жеткен.

1375. - Темирдин Жети-Сууга жортуулу.

1376. - Темирдин жаңы жортуулу. Камар ад-диндин жеңилиши.

1377. - Темирдин жаңы жортуулу. Камар ад-диндин Боом капчыгайында талкаланышы.

1383. - Түрк эмирлеринин жортуулу.

1389—1399. - Хизр-кожо.

1389. - Темирдин Иртышка жана Юлдузга чейинки жүрүшү.

1390. - Түрк эмирлеринин Иртышка чейинки жүрүшү.

1397. - Темирдин Хизр-кожонун кызына үйлөнүшү.

1399. - Моголстандагы ич ара чыр-чатак.

1399—1408. - Шам'-и Джехан.

1404. - Жети-Суунун бөлүгүнүн Темирге баш ийиши.

1405. - Темирдин өлүмү.

1407. - Шам'-и Джехандын Кытайга элчилиги.

1408—1416. - Мухаммед-хан.

1416—1418. - Накш-и Джехан.

1418—1421. - Вейс-хан.

1420. - Моголстандагы ич ара чыр-чатак. Шахрухтун элчилеринин Жети-Суу аркылуу өтүшү.

1421. - Шир-Мухаммед-хандын бийликке келиши.

1425. - Улугбектин жортуулу.

1428. - Сатук-хан менен салгылашта Вейс-хандын өлүшү.

1428—1434. Моголстандагы ич ара чыр-чатак.

1434—1462. - Эсен-Бука.

1434—1456. - Юнус-хандын Персияда болушу.

1456—1462. - Юнус-хан Жетикентте.

1462. - Моголстандын батыш бөлүгүндө Юнус-хандын бийлиги.

1469. - Султан Абу Са'иддин өлүмү.

1472-ж. чен. - Моголстандын Юнустун бийлиги астында биригиши. Халил кыргыздардын башында.

1472. - Калмактардын Жети-Сууга жортуулу.

1482. - Моңголдордун көпчүлүгүнүн Юнустан бөлүнүшү.

1487—1508. – Махмуд-хан.

1503. - Шейбани менен салгылашта Махмуд-хандын жана анын бир тууганы Ахмед-хандын жеңилиши. Ахмед-хандын өлүмү.

1504—1508. – Халил кыргыздардын башында.

1508. - Мансурдун Алматынын алдында өзүнүн бир туугандары Халил жана Са'ид менен салгылашы.

1513. - Чүйдүн казактар жак жээгинде Са'ид-хан менен Касым-хандын ортосундагы жолугушуу.

1514. - Са'ид-хандын Кашкарияны басып алышы.

1516. - Чыгыш Түркстанда бейкуттуктун калыбына келиши.

1517. - Са'ид-хандын Жети-Сууга биринчи жүрүшү. Са'ид-хандын жана анын бир тууганы Эмил-кожонун Мухаммед кыргызга каршы жортуулу.

1522. - Жети-Суунун моңголдорго багынышы. Кочкордогу лагерь.

1524. - Са'ид-хан менен казактардын Тахир-ханынын жолугушуусу.

1525. - Калмактардын Жети-Сууга жортуулу; аларга каршы Са'ид-хандын жортуулу. Моңголдордун Ат-Башыга чегиниши.

1526. - Моңголдордун Жети-Суудан чегиниши. Тахир-ханды казактардын таштап кетиши.

1527. - Тахир-хан Ат-Башыда.

1529. - Казактардын бир бөлүгүнүн Тахир-хан менен жарашышы.

1533—1565-66. - Моңголдук Рашид-хан.

1537- 38. - Анын казактарды жеңиши. Жети-Суудагы моңгол ээлигин калыбына келтирүү.

1544-45. - Ысык-Көлдүн жээгинде Рашид-хан менен ташкендик Науруз-Ахмеддин жолугушу.

1552. - Алтан-хандын ойротторду багындырышы.

1552—1556. - Калмактардын казактардын Тевеккель-ханынын үстүнөн жеңиши.

1594. 1598. - Тевеккель-хандын Москвага элчилиги.

1634—1653. – Анын Түркстанды жана Ташкенди басып алышы. Анын өлүмү. Батур хун-тайчжи.

1640. - Калмак жобосунун чыгышы.

1671. - Сэнгэнин өлтүрүлүшү.

1676. - Галдан-Бошокту-хандын Сэцэн-хандын үстүнөн жеңиши.

1681. - Галдан-Бошокту-хандын Сайрамга жортуулу.

1683. - Анын Сайрамга жортуулу; кыргыздарга жана ферганалыктарга каршы жортуул.

1684-85 - Сайрамдын талкаланышы; кыргыздарга жана ферганалыктарга каршы жүрүштөр.

1688. - Моңголияга жортуул; Цэван-Рабдан Жунгарияда.

1697. - Галдандын өлүмү.

1697—1727. - Цэван-Рабтан.

1714. - Калмактардын кытайлар менен согушу; император Кансинин указы.

1716—1733. - Ренаттын Жунгарияда болушу.

1717—1718. - Дворянин Велянов хун-тайчжинин чөйрөсүндө.

1719. - Чередовдун элчилиги.

1722. - Император Кансинин өлүмү.

1722—1723. - Капитан Унковскийдин элчилиги.

1723. - Калмактардын Сайрамды, Түркстанды жана Ташкенди басып алышы.

1727—1745. - Галдан-Цэрэн.

1732—1733. - Плац-майор Угрюмов хун-тайчжинин чөйрөсүндө.

1739. - Калмактар менен кытайлардын ортосундагы тынчтык.

1745—1750. - Цэван-Дорчжи.

1754. - Амурсананын кытайларга баш ийиши.

1755. - Кытайлардын Жунгарияга жортуулу.

1756. - Амурсананын көтөрүлүшү; анын качышы (казактарга).

1757. - Амурсананын Тобольскиде өлүшү.

1758. - Жунгарияны кытайлардын талашы; калмактарды кыруу.

[1] Башкы булактар: Бичурин, Историческое обозрение; Ренат, Карта; Унковский, Посольство; Позднеев, К истории Зюнгарских калмыков; History of the Mongols, pt I. <Жети-Суунун XVI кылымдын экинчи жарымындагы жана XVII кылымдагы тарыхы дээрлик иштелбеген бойдон калууда, XVII кылымдын аягы— XVIII кылымдын биринчи жарымындагы окуялар белгилүү деңгээлде кашкар булактарында баяндалат; алардан казактар менен кыргыздарга тиешелүү бир катар маалыматтарды Ч. Валиханов жыйнаган (Сочинения, стр. 79 и сл.); ошондой эле кара: Мухаммед-Садик Кашкари, извлеч. в пер. Салахетдиновой.

Калмактардын тарыхы боюнча кытай маалыматтарынан үзүндүлөрдү кара: Pelliot, Notes critiques. Кыргыз тарыхына байланыштуу Жунгар мамлекетинин аскер башчыларынын соңку жортуулдары жөнүндөгү материалдардын жыйындысын кара: Ромодин—Кондратьев, Опыт сопоставления сведений, стр. 128—132; салыштыр: Петров, Очерки, стр. 55—67. — В. Р.>

[2] Рук. № 917, лл. 12, 14—16, 21—23. Сейфинин эмгегинен үзүндүлөр Шефердин французча котормосунда, Абд ал-Керим Бухаринин чыгармасына тиркеме катары жарыяланган. <Салыштыр: Kahle, Islamische Quelle. В. М.>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз