Казат Акматов: Эки сап өмүр

  • 24.05.2024
  • 0

ПОВЕСТЬ

Ал кезде уландардын өмүр баяны кыска, дептердин жарым барагына чыга бербей эле сөздөрү түгөнүп калчу: «Мен... жети жашымдан баланча орто мектебине кирип, аны 1956-57-окуу жылында бүтүрүп чыктым. 1955-жылдан бери комсомолдун мүчөсүмүн. Ата-энем балача-бастанча... «Болгону ушул. Аздыгына уялышат. Анан окуучулук жапсар уч менен мажүрөө күңүрт чекитти аягына чекий салышат да, өткөн өмүрдүн ошол кичинекей үзүмүнүн акты-карасына шек урбай кимге болсо да узатып суна бермей.

Анда баары тең ошентип бир кишидей: таңда бир туруп, кечте бир жатып, мектепке да каз-катар баса бир келип окшош болушчу, өмүр баяндары да бир кишиникиндей окшош эле. Кийин, мына азыр саңоор түлөк жигиттердин ар кимиси өз-өз өмүр баянына кимиси үч, кимиси төрт сап кошуп жаза турган болушту. Бирок анткен көпчүлүгү эмес, көпчүлүгү экиден гана сап жазышты ошол бир кездеги окшош, кыска өмүр баянга.

*     *     *

Курулуш бригадиринин ата-жотосуна чейин жеткизе наалат багыштап Асек төмөндө ылай аралаштырып жаткан. А биз төртөөбүз тамдын кырында күнөстөп отурат элек. Аңгыча суу соолуп калды.

- Ойе, бутуң сынган тозоку, дагы кимиси сууну жыра тартып кетти! Ким болсоң ал бол, жетип барып жүлүнүңдү үзө чабам, кудай бар!

Асек жаны ачыгандан бети-башын өрүктүн кабыгындай бырыштыра айкырып, жулкуна суурулуп чыкты да тушалуу турган Тулпарды көздөй ат койду. Тыртайган арык шыйрактары менен курсакка дыбырата тепкилеп, тушамыш жип менен башка-көзгө койгулап жатып, болкойгон эткел жаныбарды акыры басууга аргасыз кылды ал.

- Тулпар биздин бир аттык араба - «экспресстин» ыйык унаасы: Камбар атанын кара чечекейи, кашаң. Бирок анын мүнөзүндөй мүнөз жоктур, үркпөйт, теппейт, ачып-арыктабайт да, эч убакта чуркабайт. Биздин комсомолдук – жаштар бригадабызда болгону беш киши, анан ушул бир аттык араба. Ишибиз болсо — жайкысын кашардын курулушу, а кышкысын азырынча белгисиз.

Төртөөбүз мына ушул эле өткөн жайда онунчуну жаңы бүткөнбүз. Асекти - «ичиңерде бир билерман болсун» - деп колхоз чектеген биздин бригадага. Жашы улуу, бирок качан, кайсы окуу жайын бүтүргөнүн айтпайт. Дегинкиси курулуш ишин мыкты билет өзү. Кыскасы, төртөөбүзгө ошол Асек башчылык кылат, анан дагы Тулпардын - «экспресстин» ээси. Асек өзү болор-болбоско ширеңкедей дүрт эткен, кызуу кандуу, жеңил жигит. Анчалык деле «мен» деп кекирейбейт дегинкиси, бирок ишти оюндагыдай бүтүрбөсөң жарым саатка бир жеткидей демди өпкөсүнө илеп алып туруп, ойда калайман сала сөгүнүп коё берет деңиз – кулак андайды укпасын. Ошондон кийин көр жемелеп сүйлөбөйт, бирок бир жакшы жери, күрөктү колуңан жулуп алат да жалган ишти бүткөрмөккө киришет. Азыр биз ошого жыргап маашырбыз, а адегенде...

Кыскасы, кептин башы мындай «жогорку окуу жайына өтүш үчүн милдеттүү түрдөгү эки жылдык өндүрүштүк стаж...» деген сөз дал ошо биз онунчуну бүтөрдө чыгып калбадыбы. Бир күнү мектепке келсем - чуу.

- Сен кайсы окууга бармак элең?

- Сельхоз же колхоз,- деп койдум, ал кезде ошентип коймой өзүнчө бир «мода» эмес беле.

- Баракелде, анда эмесе «сельхоз» дегенди мындан ары Бүбү чоң энеңден башкага угузбай эле кой, ушундай,- деп кеңеш беришти мага балдар. Азил кылып күлүшкөн менен жүздөрү ызалуу.

Сөздүн чыны кыялдарга дилгир болуп калган көкүрөгүбүздөн бир нерсе үзүлүп калгандай болду. Суз жүрдүк, окуунун рахаты аттестатка жетпей эле муздаган өңдүү, өчкөн сымал. Ары сүйлөдүк, бери сүйлөдүк, бирок пайда эмне андан – айла жок көндүк.

Күндөр өтүп аттестат алаар мезгилде комсомолдун ураан чакырыктары биринин артынан бири келе баштады. «Жаштар бир тууган колхозго! Мал чарбасына! Курулушка!» - дейт. Туш-туштан насаатчылар келип биздин арабызга насаат иштерин жүргүзө кетишти. Колхоздо калууга, мал чарбасына барууга үндөп жүрүшөт бизди.

— Э жолдош насаатчы, бизди үгүттөп эмне кыласыз, биз ансыз эле макул болгонбуз, а көрөк башка жаңылыктардан кеп салыңыз,- деп кимдир бирөө кыйкырып калды ичибизден аңгыча. Үгүтчү ага буйдалып калганда жок, биздин акыл-эстүүлүгүбүзгө, бүгүнкү күндүн талабын туура жана терең түшүнгөндүгүбүзгө ыраазы болгондугун билдирди да отуруп калды.

Ошол күнкү чогулушта биздин «Анын» он үч баласы, он кызы тең жара бөлүнүп, комсомолдук эки курулуш бригадасы болдук да калдык. Кыскача баян ушул.

Азыр эми мен, Мухтар, Нурмат, анан Сейит – лирик төртөөбүз жанакы албууттанган жез таңдай Асектин карамагындабыз. Тээ баштагы түзүлгөн эки бригададан ушул төртөөбүз, экинчисинен үчөөбүз калдык азыр. Бирок ошол бир кездеги «Анын жыйырма үч кыз-баласынын мына азыр ушул оокумда кимиси кайда, эмне кылып жатканын сары эсепке салып күндө үч кайтара эсептеп турмай.

Бүгүнкү күнгө алганда он кыздын үчөө Фрунзеде - Женпедте, экөө тигүүчүнүн окуусунда, төртөө турмушка чыккан, бирөө учук оорусу менен ооруканада жатат. Врачтардын айтымына караганда ал дарттын азыр деле эч коркунучу жок экен. Кыздар маселеси мына ушундай болуп калды. Көрсө, эки жылдык өндүрүштүк стаждын аларга тиешеси жок болуп чыкты кийин. Ичибиз күйбөй койгон жок, күйдү, өрттөндүк. Бирок ага болбой эле онду бүтөр замат шаарларга жүрүп кетишти кыздар. Кыштак ичи аларсыз көрксүз, каңгырап бош. Жылдызыбыз такыр эле жерге түшүп, жадесе короздун кыйкырганына же сааттын чыкылдаганына да кыжыр кайнайт. Ал аз келгенсип кышка тарта окууга өтпөй жоодур көз кыздар биринен сала бири күйөөгө зып коё башташпаспы. Ошенткендердин ичинде менин да сүйлөшкөн кызым бар эле. Анын атын айтып эмне кылайын эми, бирок кыш бою катуу жапа чектим сөздүн чыны. Бушайман жүрө-жүрө кээ күндөрү тура калып: «күйөөсүнөн кайра жулуп келем» - деп жулкуна да кетчүмүн. Акыры, жазга тарта, сөөк жукара түшкөн кезде сүлдөрүм өтө эле азып кеткен болуш керек, боору ооруганына чыдабай Сейит – лирик мага деп ыр курап жиберген эле.

Сүйгүн - сүйбө,
Сыйлабагын - сыйлагын.
Булактай соол, булбул болуп ыйлагын.
Миң жыл жаша,
Миң жыл бою боздогун.
Бирок кантет, гүлү үзүлгөн соёго.
Азизге окшоп,
Кайра колду созгонуң.

Сейит ошондо мен үчүн жараган ыр жазды эле чынында. Андан тышкары ал мени кара сөз менен сооротту, ардантты. Акыры мен ошого уюдум, унуттум кызымды. Унутпадым го, эстебөөгө мажбур болдум кыскасы. Анын үстүнө менден башка да ошентип «таалайына таш түшкөн» экөө бар эле, алар күйүп-бышмак түгүл кайра кудуңдап жүрүштү: «кутулганыбыз ырас болду» - деп кыздардан. Анысына мен ишене берген жокмун деңиз, айла кеткенде эле бир айткан сөз да, же мындайча айтканда «кайрат кылгандык». Болбосо эки-үч жыл катар артынан безе жүгүрүп жүргөн кыздан ким эле кутула жадасын. Мына ушул, кыздар жөнүндө мындан көп сөз жок.

А балдардын жөнү башка болду. Жетөөбүз колхоздобуз дагы эле, төртөө аскердик милдетте, а бирөө – профессордун баласы жөнүндө айткым да келбей турат ишенсеңиздер. Бирок айып балада эмес профессор атасында болчу. «Айылда өскөн бала ак ниет, чынчыл, эмгекке жөндөмдүү болот» деген өзүнүн илимий көз карашы боюнча ал кичинекейинде эле уулун биздин айылдагы чоң атасына жеткирип берген имиш. А онду бүткөндөн кийин комсомолдун чакырыгына карабай эле, эки жылдык стаж жөнүндөгү токтомду бузуп, уулун зордоп сүйрөгөн бойдон Политехке отургузуп койду. Эч кимибиз ага териккен деле жокпуз – илимпоздун кылган ишинин баарысына илимий көз менен карабаса болбойт да. «Демек, айылда өсүп окуш жакшы, иштеш жаман». Биз профессорго таарынып, ушундай деген «илимий» жыйынтыкка келдик да, жөн болгонбуз.

Эми сөздүн башы башталган жанакы биз куруп жаткан кыштоо кашар болсо, башка тоолордон бөлүнө кыштакты көздөй созулуп барып токтогон ташы жок боз тумшуктун чыгыш тарап шилисинде, жайыкта. «Дал ушул түзөңгө саласыңар, эки айдын ичинде үстүн жаап кетсеңер – сыйлык!» - деген болчу башкарма өзү кум кайрак түзөңдү арыштап көрсөтүп.

Андан бери эки эмес, төрт айдын жүзү өттү, кашарыбыздын үстү жабыла элек, боору да шыбала элек. Иш жаман, арабыз ырксыз, кудайдын күнүнө бир чатак. Кашарды адеп сала баштаганда чатакты дайыма «андай эмес, мындай жаса» - деп Асек өзү чыгарат эле. Бирок ал чыгарган жаңжалды биз төртөөбүз жаңжал ордуна эсепке алчу да эмеспиз. Анын баарына теригип отурсак чач-кирпик да жеткидей эмес – саны бар, сапаты жок. Жадесе түшкү дем алышта көлөкөлөп жатып чыйт түкүрүп койсоң да Асектен кагуу жеп калууга болот.

- Чыйты жок эле түкүрсөң эмне, түкүрүгүң жерге түшпөй калабы! Уктап бараткан кишини чочутуп,- дейт.

Мурун ошентип түштө бирден тук этип алаар элек, а кийин, чатакты биз чыгара баштагандан бери баарыбызда уйку жок. Чын калысы биз көтөргөн маселе Асектикиндей баланын ойну эмес белсемдүү. Ырас да, эки айда иштеп тапчу эмгекти кимдин айынан экенин ким билсин, төрт айда иштеп таба албай, «же үйдө жок, же тойдо жок» сандалып жүрөбүз. Мурда кашар тез бүтсө экен деп дилгир болчубуз, канча кылса да комсомолдук бригада эмес белек. А кийин төрт булуң тамы туруп, үстүн жабышка келгенде башыбызды ташка урсак да жумушубуз илгери жылбай койсо болобу. Иштин токтоп жаткан себебин Асек бизге сөгүнүп да, жалбарып да түшүндүрүп көрдү:

- Эй макулуктар, түшүнөсүңөрбү айткан сөзгө, колхоздо азыр бир тилик да тактай жок! Кашар эмес, курулуш бригадири Карыпжан өлсө шаты жасай турган эки союл табылбайт, айткан сөзгө түшүнөсүңөрбү, арам доңуздар! - дейт ал биз чатак баштаган сайын кызыл күрөө болуп айкыра. А биздин аны түшүнгүбүз да келбейт.

- Авторучка жок деп өз кезинде Аристотель колун чөнтөгүнө салып жүрө берсе «Поэтиканы» ким жазат эле,- деп төртөөбүз кайра жабыла «кол салабыз» ага. Анткен менен акыр аягы Асек Асектигин кылбай коёбу! «эмесе ошол Аристотелиңе барып тактай сурап келгиле бежиребей» - деп сөгүнөт да басып кетет.

Андай күндөрдү төртөөбүз Асектин бизди башкаруу дагы жетекчилик методун аёосуз сынга алып, кейип-кепчип отурабыз да кеч бешимде «экспресске» түшүп алып айылды көздөй жылып жөнөйбүз. Жайлы-жайлата ошентип илең-салаң болуп жүрүп сокмо там менен салынган төрт булуң кашарыбыздын ички бетине жети түркүк орноттук, тамдын кырына үзүк-чолок кыртыштардан ташып келип тизимиш эттик. Эми түркүктөн түркүккө жетер үч метрлик устундан жыйырмадайы, анан устундан тамга арта салынчу дагы бир топ шырык-жыгач, тактай, эң акыры шифер керек. Ошолор болсо эле кашардын үстүн жапмакпыз, анан ичи-сыртын шыбай салыш – беш мүнөт.

Короонун чыгыш тарап булуңунда чабан үчүн деп койгон эки бөлмөлүү там да бар. Бирок анын чатырын жабуу, астын тактайлоо эшик, терезесин айнектөө жагдайы биздин Асек тарабынан о дүйнөдө да жүзөгө аша турган көрүнбөйт. «А дегенде малдын үстүн жылуулайлы, чабан үшүсө отко жылынып, тон жамына турар» - деп айткан имиш башкарма. Аны уккан күнү да төртөөбүз тең өпкөбүз көөп, гезитке фельетон жаза турган болгон элек. Асек да бизге дитин кошкон болчу, а кийин эмнегедир эле жазбай калды, фельетонду. Кыязы, ушак-айың сөз болсо керек деп эки анжы болдук көрүнөт. Анын үстүнө айрымдар кээде калптан эле башкарманын этегине калбыр байлай берет эмеспи. Ошенткен бозокорлордун бир даарын биздин курулуш бригадирибиз Карыпжан баштап ала турган. «Атаңдын көрү, партбилетим кана болсочу, небак эле ордуна отуруп калбайт белем!» деген айылдагы «үчтүн бири» ошол биздин Карыпжан. Бирок ал ошонун эртеси эле башкарманын алдында ашпоздой ийиле чуркап, элпектеп кала турган.

Бир гана Асек ошол сөздөргө жин ургандай айкырып каршы чыга турган. Өзгөчө ошол Карыпжандын «башкарма болот элем» деген тилегин уккан күнү, керээли-кечке тыным бербей бизден чыгарган эсесин.

- Сенин суу мурун агатайың жөндүүрөөк болгондо кана, ушул жайда бир эмес эки кашарды бүтүрбөйт белек. Башкарма болот имиш дагы, ынтыккан шайтан! Подхалим! Тряпка! - деп ал биздин ичибиздеги Нурмат деген бир «мүчөбүзгө» атырылып тийген болчу «экспрессте» келе жатып. Нурмат Карыпжандын бирби же экиби ата өтүшкөн тууганы экенин билчүбүз. Биз курулуш бригадасы болуп бириккен адепки күндөрдө: «Карыпжан байкем антип, Карыпжан байкем минтип» - деп, о деле оозунан түшүрбөй кеп кылып кала турган ал. А кийин көп өтпөй эле баарыбыз тең өзгөчө Асек ошол Карыпжан менен тил табыша албай, кезиккен эле жерден ыркыраша турган болуп кеттик. Ошондон кийин Нурмат да оозун тыйды, Карыпжан байкеси жөнүндөгү сөзгө сыртын салып такыр аралашпайт. Кыскасы, эки тарап болуп жаакташа кеткенде ал «төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок», үңкүйүп отурганы отурган. Баарыбыз менен жекелеше кер-мур айтышып, кула жээрдесин тарпаңдата урдуруп Карыпжан кеткен соң, о көпкө дүпөйүл тынчтык өкүм сүрүп, дымып отурабыз жалпыбыз. Кээ күндөрү, же жөн эле Нурматка көңүл улаган болобузбу, же иштин жайы чын эле ошондойбу билбейм, айтор «Карыпжанда эмне жазык, колхоздо курулуш каражаты чынында эле жок да» демиш болуп калчубуз. Асек ага да көнбөйт - өжөр.

- Табыш керек жок болсо, ошон үчүн аны бригадир деп койгон, сүйлөсө оозун толтура: «Мен табам, мен бүтүрөм, мен айттым, мен, мен» — деп көкүрөгүн койгулайт. Карагай, тактай дегенди ал тээ Фрунзеге, Ошко чейин барып келип жүрүшөт, а биздин төрөмырза Балыкчыдагы базага барып койбойт! Бутуң үзүлгөн шайтан десе, бизге эле чоң корсулдап!

Чатактын болгону ушул, кашардын сарайын жабышка жыгач таш жок колхоздо. «Жок болгон соң курулушту токтотуп, бизди башка ишке которгула» - десек Карыпжан тим эле асман айга түйүлөт.

- Тиги жактан текшерүү келип калса, кашардын курулушун токтотуп койдуңар деп, билесиңерби эмне кылат?! - дейт ал болкоюп туруп алып.

- Эмне кылат? - деп биз ого бетер кекээрлеп жабышып калабыз андайда кайра. А Асек болсо токтолбой эле ошол «тиги жактан» келип кала турган немени кошо кошуп туруп жер ааламдын баарысын бадыратып жатып калат. Ошенткенде кээде Карыпжан ыраазы болуп борсулдап күлүп калар эле, а кээде:

- Койсоңчу Асек, оозуңду басыраак сүйлөп... Эл күлүп койсо эле «менин сөгүнгөнүм кызык угулат экен» - деп жүрсөң керек. Кичине бой токтотуп жөндүүрөөк жүрбөйсүңбү, жулкунбай. А кашардын курулушун токтотот деген оозуңардан айлансын, райкомдун пленумунда карап, контролго алынган иш бул өзү, силер аны тамаша көрбөгүлө. Коён жүрөк башкарма андай калпыс ишке барбай калсын катыгүн. Көп эле такмазалабай андан көрө табылган жеринен экиден чырпык сүйрөп келсеңер да эптеп ишти илгерилете бергиле. Давай, кыймылдагыла, «урушта туруш жок» - дейт да атын моюнга бир салып кетип калат. Ал кеткенден кийин Асек күйүп-бышып ызырына, керээли кечке бушайман. Бир туруп колхоздун правлениесине маселе коймок болот, бир туруп райисполкомго кат жазчу ниетте, айтор колунан баары эле келчүдөй, бирок эмнегедир тарткынчыктап, өзүнчө эле мүчүп кала турган кайра.

Биз да күн өткөн сайын ошол данексиз кыжы сөздөргө көнүп бышы-кулак ашмалтай болуп бараткан өңдүүбүз. Айла жок – бекерчилик. Бекерчиликтин жанга залалы деле жок деңиз, бирок сөздүн чыны, Сейиттен башкабыз жадап өлө турган болдук. Сейит ыр жазат, ошон үчүн аны «лирик» деп ат коштотуп койгонбуз. Ага жумуштун болуп турушунун анча деле зарылчылыгы жок. Бекерчилик канчалык узак болсо ошончолук анын таланты ташкындайт. Кашардын артындагы эски алыштын угуна өскөн жапан сөгөт талдардын башын ие кемселин айкара жаап алып ал күнү кечке көлөкөлөп ыр жазат. Биздин ага жакындап барып жолтоо кылышка дитибиз барбайт, болгону алыстан туруп: «Эй Сейит, канча ыр жаздың! Бол, тезирээк жаз!» деп үн салып коёбуз кези менен.

Кандай айткан менен да Сейиттин жазгандары биздин ушул кичинекей топ үчүн чоң каниет эле. А кээ бир ырларычы, кадимкидей адамдын көңүлүнө кубаныч козгоп өзүнчө эле жанды делөөрүтүп «ички дүйнө» деп коёт эмеспизби, ошол ички сезимди, ой-кыялды оболото, тулку бойду бир башкача калкылдатып, көтөрүп кете турган.

- Сейит – лириктин аны менен да иши жок. Биздин андай жаз, мындай жаз деген «көрсөтмөлөрүбүзгө» мыйыгынан күлүп коёт деле кайра болбой өз билгенин, арман-муңга толгон түшүнүксүз бир сырлар, өтөлбөй калган үмүт, кол жетпей турган сүйүү жөнүндө жазат да жатат. Ошентсе да эч максатсыз күнгө какталгандан көрө Сейиттин ырын күтүп, чөп алачыкта олтурган жакшы, анан ошол ат кулак, коконун жалбырактарынан күн өткүс жоностоп жапкан чөп алачыктын ичине чогулуп кирсек эле картага кирип кетебиз. Асектин төрт түлөк болгон «атлас» картасын туз чыкканчакты көк шиберге жая чапкылайбыз да, андан соң уйкуга кетмей. А уйку деген нерсе бизде уктап түгөткүс. Эртерээк ойгонуп калганда Сейит – лириктин ошол күнкү жаралган ырларын ары сала, бери сала тиктеп туруп, анан кетебиз, а кечирээк ойгонгондо көзү-башты ушалаган бойдон түз эле тулпарды көздөй жүгүрмөй. Аныбыз кечки кинодон калбайлы деген аракет.

*     *     *

Асектин жаната соолуп калган суу башына кеткенине бир далай болгон. Төртөөбүз болсо ар ким өз билген секетпайыбызды мурун алдынан кыңкылдап ырдап, чака-чакаларыбыздан ылай катып кете электе деп, кашардын күнөс жаккы там бетин кара шыбактап жатат элек. Ушундай кылып жумушту Асек өзү бөлүштүргөн: эң сонун – тыпын аралаштыра ылай жууруп, аны үч кайтара кетмендеп оодарып, ийлеп туруп биздин чакаларга салып беришти өзү алган. А биз даяр ылайды мастерок менен сузуп алып там бооруна жаба чалпылдатсак болгону. Жан кейибейт, анын үстүнө күзгү сугат башталып, суу тартыш маал эле, чоң сайдан бөлүнүп бизди көздөй келчү бир жеңдей сууну улам көрүнгөн сугатчы жыра тартып соо койбойт. Суу өксүгөн сайын Асек өзү тээ төө өйдөдөгү ит мурун аралашып чытырман өскөн тикенектүү бадалды көздөй чаба турган. Жыгач ошол бадал ичинде, эски уй короонун кечмелигинде көмүскө. Бирок бу мураптар сугатчылар үчүн миң салаа болгон ошол чоң өрөөн сайдык ичи жадыбалдай жат белем, биздин «ууру» жыганга буйдалбай эле чаап жетип барышат да эңшере тартып кетишет.

Чын калыска келгенде биз деле колхоздун ишин жасап жатабыз, биздин деле бир билектей суу алууга акыбыз бар болчу. Аны айтсак сугатчылар болобу, кайра бизге кол кезешет:

- Боорун шыбаганды коюп, чатырын бүтсөңөр боло алды менен. Мына суук да түшүп калды, алдагычы чампалаган ылайыңар эртең эле коңторулуп түшпөйбү, оңбогон гана шалтак мурундар! Силерге эмгек күн табыш эле керекпи?! Болбосо иштин жайын кичине бир ойлосоңор боло, же боорун шыбап алып эле үстү жок короого бешөөңөр кыштаганы жүрөсүңөрбү ыя! Сууну бөлө тартчу болгула, анан мен силерге азезилди көрсөтөйүн!

Аларды мунусу да бир эсептен туура, чындык. Сарайын жаппай туруп кара шыбактаган жөн эле бир убара болгон жумуш, андай деле курулуштун расмысында жок нерсе. А бирок жыгач-таштын айласы табылбаган соң: «бекер колоктоп жүрбөй шыбагын бүтүрө бергиле» деп жакында эле Карыпжан буйрук берип кеткен. «Жаман» буйрук болсо да, айла жок аткарып жаткан элек. Сугатчылар аныбызды кайдан билип коюптур дейсиз. (Карыпжандын бүтүмү ушундай эле десек алар анда такыр эле чалкадан кеткени турушат.)

Кыскасы алардан суу талашып алыш төртөөбүздүн колдон келбейт, ошон үчүн Асек дайыма өзү чабат жыганга. А кимдин ким экенин сугатчылар да түшүнбөйбү. Асекке лам деп сөз кайтарышпайт.

Ушул саам ал эмнегедир кечикти. Өзү келбесе да жетээр менен жыгып жиберген суусу келет эле эмдигиче, суу да жок, Асек өзү да жок. Чакаларыбыздагы ылайды шыбап бүтүп, бир-бирден тамеки түтөтүп болгон соң биз кооптоно баштадык.

- Сугатчылар менен жаакташа кетип алда эмне болуп жүрбөсүн,— деп баарыбыздын ниетте пайда боло баштаган жаман ойду биринчи айтып жиберди аңгыча Сейит. Төртөөбүз тең тамдын кырына секирип чыктык, бирок ал жерден жыгач бою көрүнчү эмес. Жана да тыпын аралашкан боз чаңгыл ылайды там бооруна чалпылдата чаап, мастероктор чакаларга тийип калдырап, ай-уй деше бакылдатып иштеп жатканда чоң өрөөн сайдын ичи ушунчалык мемиреп тынч экенин байкабаптырбыз десең.

Азыр төртөөбүз тамдын кырында Асек кеткен жогору бадал жакты дымып карап турсак кулак-мурун кескендей тунжурайт айлана. Ошентип ээн сайдын дымыраган тынчтыгын тыңшай берсе, киши өзүнөн шектене турган экен.

- Кой, утурлап басалычы,- деп а дегенде Нурмат, анан баарыбыз тең кол таяна там кырынан далп-далп секирип түштүк да, бүрү жерге сапырылып, каңылжарды куурган эрмен куурайды аралай жогорулап жөнөдүк. Кадамыбыз улам илбериңки отуруп, көп өтпөй балык жон тарткан өйдөлүшкө чыга келдик эле, дагы эле кыбыр эткен жан көзгө чалдыккан жок.

- Мухтар, ышкырчы,- дедим мен (андан башкабыздын ышкырык ышкырыкка деле окшочу эмес). Баш бармагы менен ортон колун тил учуна кармай калып Мухтар тызылдата бир ышкырды де, мемиреген жылга-жыбыттуу сайдын ичи тең жарыла бергендей чуу түштү да калды.

- Тулпар! - деп ошол арада сүйүнүп кеттик баарыбыз тең, Тулпарды жоготуп кайра тапкандай.

- Кайран неме ай, ышкырыктан селт этип, сергегин кара деле. Адатынча үргүлөп өлүк уйкуда турса керек!

Биз Нурматтын сөзүнө кошулуп, ошол уй короонун жөлөңкө таманынын артында туруп, ышкырыкка баш көтөрө калган Тулпардын сергектигине ичибиз элжиреп күлүп калдык. Анан «Асек! Асек!» деп эки кайтара үн салдым мен.

- Эмне дарылдайсың ай! - деди пастан кийин уй короонун капсы бир булуңунан баш көтөрбөй туруп.

- Тфу, жүргүлө кайттык! Тамдын түбүндө отурган немени издеген биз бир акмак экенбиз.

- Издегенибиз го издеген, Асек ошону түшүнөт дейсиңби. «Ээрчишип мында эмне келдиңер» деп ага да кечке кагынат эмеспи...

Биз жарабаган иш жасап алганыбызга ошентип кейип-кепчип жондон кайра түшө бергенчекти Асек кайрадан үн салып калды.

- Э-ээй, бери, бери келгиле! - дейт ал.

Каңырылып-кыжынып жатып, айтор, көптө араң кайрылып бардык окшойт. Көрсө, ошондо Асектин чакчадай башына кийин өзүн да, бизди да нечен азап-мүшкүлгө салган ошол оңбогондой ой түшкөн экен. Андай залака болорун анда кайдан билет элек, ой бизге да дароо эле жага түшпөспү. «Асек – гений, азамат!» дедик да өзүбүз жоктон тапкан ошол жаңы ишке ушунчалык дембе-дем киришип кеткен экенбиз, тим эле чаң-асманын түшүрдүк. Ылдыйда ат салыша жүгүрүп барып күрөк, кетмен, айры, балталарыбызды бүтүндөй сүйрөп келдик да эски уй сарайдын үстүн буза баштадык.

Сарайдын качан, кайсы жылы салынганын билбейт, бирок ал жерге үч-төрт жылдан бери уйчулар жайлабай да, кыштабай да калганын, болгону ар кыш сайын темир аяз боло калганда бир ай, жарым ай, көрүнгөн ирик короо кире калып, баш пааналап жүргөнүн Асек билет экен. Анын үстүнө эскилиги жеткен короонун үч тарап тамы жер менен жексен болгон айлана тегереги аңылдап ачык. Тоо тарабындагы тамына арта салынып, үстү алтыгана, тал чырпык менен топурак аралаштыра жабылган бастырмасы эле калган экен. Анысы да тамтыгы кеткен эски шапкенин кырындай самсаалайт. Бизге ошол төбөсү эски үзүктөй тытылган бастырманын түркүк, тирөөчтөрү, узун-туура салынган жумуру терек шырыктарынын чирий элек жөндүүлөрү гана керек болчу. Кароосуз калган сарай болгондон кийин бузгандай, бузуш керек деген ишенимде, жумушту өлчөөсү жок катуу баштап алган экенбиз. Күн бешим ченде бешөөбүз сарайга жапырт «кол салып» а дегенде үстүндөгү тал-чырпык, чөп-чар, топурак аралаша кат-кат болуп саңырсып чирип калган жабуусун сыйрып ыргыта баштадык. Камсоо жеринен эки челип ыргыткандан калганы айрыга келбей, шакел-топурак аралаша сапырылып бир заматта сарай үстү алаамат болду да калды. Бешөөбүз беш бурчунда башы көзүбүзгө карабай челип-чапчып жатабыз, үстүбүз кат-кабат болуп торко чаң.

Ойдо бир чоң майдан согушту башкарып жүргөн немече ошол чаң-тополоңдо Асектин эле үнү бир, андан-мындан чыйылдап, өзүнчө эле күйпүл ала.

- Эй, эй көзүңдү кара! Аркы акынды айрың менен капталга бышып алба! Сыртка, ай сыртка ыргыт, кыктын баарысын топурак басып калмай болду, сыртка ыргыт! Окей, ой сыртка ыргыт дейм!

Ал аңгыча анын үнү мага жакын эле кулак түптөн безеленип калганы.

- Баспа! Баспа берки чирик устунду, тарт бутуңду!

Мен кызыган денемди саал кармай калып, кайсы бутумду (тартаарымды ойлонгучакты болбой алдымдагы чирик устун) карс сынып, бир капталыма ооп барып чалп урулдум. Сол бутум сарайдын үстүн тешип өтүп салаңдап илинип калды. Бозала болгон мени колдон-буттан тартып көтөрүп жатып Асек күлүп да, тилдеп да жүрөт. Аны көрүп мен да күлөм. Анан мен өйдө болуп турган соң, экөөбүз тең күлбөй калдык – жоон санымдын бир сөөмдөй быкын этим шым-пымы менен кошо жыгачтын урчугу эшип кеткен экен, шүйшүңдөгөн ысык кан тиземден ылдый жаба берди.

Ошентип менин саатымдан жумуштун кызуу ыргагы бузулуп, сарайдын үстүндөгү жыгач-ташты берки жаңы кашарга жеткире албай калбадыкпы ал күнү. Антсе да кызыл күүгүмгө чейин айгышып жатып менден башка төртөө эле нечен мүшкүл, нечен ак сүт-саан өнөктүктү башынан өткөргөн ошол бир кездеги колхоздун айтылуу уй сарайын ыдырата сөгүп жиберишип, устун-тирөөчтөрүн эки үч чөмөлөгө жыйып салышты. Болгону, түбү чирий элек эки кайың түркүк бар экен, төртөөлөп жөөлөгөндө да, башына аркан чалып тартканга да омкорулбайт. Акыры кара күүгүм кыстап келгенде жумушубуз токтоду.

- Мухтар, ары атты алып келип тамга тартчы,- деп ал күнкү жумушту токтотту Асек, каш карайып кеткен.

Төртөөлөп жөлөп-таяп жатып мени Тулпарга мингизишти эле, жүз төмөндөн кайра кулап түштүм, болбойт экен. Андан соң Асек Нурмат экөө колдору арчындай көтөрүп алышты мени. Арабага жеткен соң ырдыванга толо калың төшөлгөн жыттуу көрпө кара беденин үстүнө сулап калдым. Жылып жөнөдүк. Тигилер жабыла кыйкырып чу-чулагангабы, же жонуна кадам сайын жабыша калып жаткан Асектин уу камчысын сезип баратабы, айтор Тулпардын адымы тыңыраак, дөңгөлөктүн дүңгүрөгөнү да күндөгүдөй эмес, ыкчам.

Бечара Тулпар анан кантет эле, балким ал да менин жаратымды көргөндүр, онтолоп кейигенимди уккандыр, мага көрсөткөн «тез жардамын» аябай эмнеси болсо да болгон-бүткөн арышын кере таштап баратат, желбеген менен. Антсе да Асекке жакпайт ал кемтаалай жаныбар. Айла канча, кожоюн - кожоюн да, тилдейт, сабайт, ашатат, баарын көтөрүш керек, баарына чыдаш керек.

Мына бешөөбүз бир бригада болуп кошулгандан бери жаз өтүп, күз да айланып баратат, ошондон ушуга Асек аны бир ирет «Тулпар» деп оозанып койдубу! Жок. Качан болсо, «э ырысы жок доюр мал, тукуму, кашаң доңуз!» деп чыртылдаганы чыртылдаган. А анын алтынга бергис сапаттары: мисалы деп коёлу, тээ ылдыйдагы Чоң-Таштын кечмелигиндеги кудума тереңге берген чукул эңкейиште башка аттарча таштуу сайга эңкилдек атып кирип кетпей, арабада канча жүк болсо ошончону токтотуп, чирээлеп отуруп кечүүгө жай жылып киргени Асектин көзүнө көрүнбөйт. А тулпар ошентип тормоздуу болбогондо, башка жалакай жеңил ооз аттарча арабаны эңкилдете кирип барып сайдын ташына бир уруп жүргөндө, кайсы бир күнү төрт аягыбыз асмандап, суу ортосунда айкарабыздан түшүп жатмакпыз сөз жок. Ошону да Асек ойлобойт. Аа, бир эсептен мейли деңиз, эмне кылса өзү билсин, маа десе «өтүгүн төргө илсин» - ат аныкы, араба аныкы. Ошентсе да калыстык керек да ар нерседе...

Ошол кечте, айылга жете бергенде Асек сөз баштап, биз ага макул болуп сүйлөшүп алдык – уй сарайды бузганыбыз тууралуу азырынча эч жанга ооз ачпаска шерт кылдык. Башкарманы, өзгөчө Карыпжанды бир таң калтыралы, жоктон бар болуп эле кашардын үстү жабылып калганга айран эле болуп жатып калышсын. «Мына, баракелде, комсомолдун бригадасы ушундай эле болмок!» деп уккандар да бир топко кужулдап кеп-сөз кылып калышсын дегенибиз. Ошентип ойлоп келе берип үйгө кубанычтуу бейгам түштүм. Тигилер да ар кимиси өз бетинче дилгирленип, сүйүнүп кетишти көрүнөт түрлөрү. Бирок ошондогу биздин адил тилекке каршы кийин сөз такыр башка болуп калбаспы...

Чатакты дал ошол мен бир жумача үйдө жатып кайра ишке барган күнү бир чабандын аялы чыгарбадыбы. Кара жиндүү, терс кыял неме экен өзү, жаакташкан жагынан аймакта киши бет калбес деген Асектин эсин бат эле оодарып, ал түгүл аты менен омуроолото демитип, бирөөбүздү камчы менен жаза-буза чапкан жүрөт, ал жоругуң түшкөн аял:

- Ай жашабаган күлапсалар, уккула менин сөзүмдү! Тиги уй короону кайра ордундай кылып жапкыла, болбосо тимелеби, арам каныңарды чыгарам!

Жулкунган бул аялдын чын эле ачуусу келип жатабы же тоодо жүрүп буулуккан неме кызуубу деген тейде дагы эле делдейип тура берсек керек. Асек болсо өмүрүндө биринчи жолу өзүн-өзү токтотуп, чырылдабай үнүн пас чыгарып, тигил теминген немеге иштин оңун түшүндүрмөкчү болуп жатты:

- Макул, макул эжеке, мында силер кышкысын ирик киргизе коюп жүрчү экенсиңер, аны түшүндүк. Биз аны бузуп салдык деп коёлу, болуптур, антпесек кар калың түшкөн бир күнү силерди малыңар менен кошо басып калмак экен. Мына эми ордуна жаңы кашар салдык, кыштагыла ушул короого...

- Кыштабайм этпейм, каракчынын алачыгындай болгон ушул тоң короого кутурган ит турабы ыя? Алдагы көк заңкер таштын үстүнө канткенде мал жатат ыя?!

Аял аттан оой жыгылып, сарайдын астындагы такыр жерди тарс бир чаап алды.

- Кыктан төгүп албайсыңарбы, колу-бутуңар жокпу же,— деди Асек кыжаалат өңүн тырыштырып. Анын кыжыры кагелес жапыз боюнан аша кайнап баратканын сезип турабыз. Эпадам кармаша кетпесин дегенчелик ойдо биз улам экөөнө ыктап жакындайбыз.

- Менби, мен ошол бүтүндөй бир короонун кыгын бир короого ташыйт экемин да, ээ?! О үйүң күйгөн жубарымбектер, балким силер ташып берип жүрбөгүлө ыя?!

Асек эми опол болсо дагы карманчу түрү жок, өң-алеттен кетип купкуу. Оозун ачса көмөкөй үнү буулугуп чыкпайт. Оңдой берди болуп дал ошол тушта аял атынын башын жулка кеткени:

- Өлүк-тириңди десе, жанагы пээрма сөрөйү муну карабай жер жутуп кеткенби! Сени... эски журтунан козгоп малынын баарын кыралы дешкен тура көрсө булар! - Ошентип ал тартайган союл куйрук чабдар атты такым талаштыра басып-басып алды да өкүрөң-таскак урдурган бойдон ылдый, айылды көздөй кирип кетти. Конторго бет алды кыязы.

Көпкө дейре дабдаарып оозубузга сөз келбеди биздин. Кашардан бүтөлүп калган эле. Эски өстөндүн жээгиндеги жапан сары талдан кыйып, шыралжын куурай аралаштыра боолап келип устундардын үстүнө туура таштап, мына эми жер казып ылай жасаганы жатат элек. Төбөсү ылай менен шыбалган кашар ал кезде биздин чөйрөдө сейрек эле. А биздин ушул салганыбыз колхоз боюнча баарынан жакшысы, барынан жаңысы болмок. Бирок тигил жинденген аял жанагинтип иштин барын бузду да кетти. Бир оокумга дейре ар ким отурган жерибизден козголбой тунжурадык. Үчөөбүз улам көз кыйытып Асектин түрүн карайбыз. Эми алай-дүлөй салып кеткен аялды эстен чыгарып, ал бир кыжаалат ишке моюн сунуп калгандай шылкыйып тынч. А Сейит болсо жана эле жумуш токтогонун сезээр менен жылт коюп, өз алачыгына кирип кеткен. Ыр жазып жатса керек. Сөздүн чыны кашар үчүн жан далбас уруп күйгөн ким – Асек. Биз төртөөбүз ал жаса дегенди жасап, андан эч ким деле иштеген жерибиз жокко, бирок канткен менен да иштин ээси Асек. Бүтүргөнбүз жакшы болсо даңазасы бешөөбүзгө тептең, а жаман болсо - жеме уккан да Асек, сары кайгы тартып басынган да Асек. Ошон үчүнбү же башка да бир көзгө көрүнбөс жадемден уламбы, кагынса да, сөгүнсө да ал биз үчүн сүттөй таза, аныкын эмнегедир кечиребиз.

Мына азыр да кимдир бирөөбүз көңүл алаксыта сөз баштап жиберсек Асекке кыйла дурус болгону турат. Кана ким баштайт, эмне деп баштайт? Менимче сөздү: «колхоздун жетекчилери биз жасаган ишти туура деп табабы же аялдын айткан арыз муңуна муюп, аныкын туура көрүп кетишеби?» дегенден башташ керек эле, ошого жигердүү бир жооп табыш керек эле. Эгер алар «жарайсыңар балдар, туура кылдыңар» дей турган болсо, анда эмнеге үңкүйүп отурабыз? Анда туруп ишти улантыш керек. Аял кыйкыра берсин, ал турмак чачын бүт жулуп салсын... Бирок ага да, буга да жооп таба албай, төртөөбүз тең кайрадан бирден «север» күйгүздүк, дагы эле тунжурап козголбодук.

Аңгыча капилеттен шылдыр эткен суунун үнү чыгып кетип баарыбыз тең баш көтөрүп калдык. Жан этти думуктурган тынчтык бузулду, деги ырас болду. Көрсө, жана тигил аял келип айгай сала элек кезде жогору кечмеликке барып келген Асектин суусу эми жетип, биз ылай жасамакка казып койгон чуңкурдун кырынан кулап түшкөн экен. Эч нерсе менен иши болбогон билектей шар суу «жыктыңар беле, мына мен келдим» дегенсип бат эле абыла-жабыла эки тараптан чуңкурду курчай кетти. Эңкейишти көздөй салган бир этеги нарыдагы чуңкурдун тайкы жерин көздөй жүгүрүп, сыртка чыга жөнөмөкчү болуп баратат.

- Тосуп койчу суунун алдын,- деп жиберди ошол тушта Асек чыдабай кетти көрүнөт. Мен күрөктү алып чуңкурду айлана, суунун алдын утурлай тура чуркадым. Ал оокумда Нурмат да өзүнчө эле обдула кетип суунун экинчиси канатын ылай жасалчу борпоң топурактын дал ортосун көздөй бура баштады. Мухтар багалегин тизеден өйдө ашыра түрүп жатып «чжж» эткизе бир ышкырды да, аягына «Сейит!» деп кошуп койду - анысы Сейитти чакырганы. Асек адегенде ыргылжың козголуп шымынын артын каккылады да анан жини менен жулкунуп тура, чоң диска кетменди чарк айланта күүлөй берип ылайга матыра чапты.

- Тарт сууну, ортого тарт! Болгула!..

- Мына ошентип дал тиги кеч жакындап, кетээр маалга тартканда биздин жумуш өзүнчө эле балакеттей бака-шака кызып кеткени. Чапа-чап этип кетмендер эле үстөккө-босток чапылдайт. Күрөң кочкул ылай камырдай жуурулуп, асты-үстү боло аңтарылып, бир заматта кенен чуңкур ичи келбүп толуп чыкты. Ал кечте биз жылдыз толо араң жеттик айылга.

Ошентип кийинки жуманын күндөрү өзүнчө бир таңгаларлык күндөр болду биз үчүн. Эртеден кетип барып кечке чейин отуруп-туруп иштей бердик, кимдир бирөөнүн келип калышын күтө утурлап жол карай бердик.

Өткөндөгү жулкунган аял конторго барып бейжайды салганы айгүнөөдөн ачык иш экенине көзүбүз жетип турат, бирок же Карыпжан бригадир, же кой товар ферма башчысы чаап жетип келбегени табышмак болду баарыдан. Биздин баамда сөз жок башкарма өзү жетип келмекчи. Кыскасы, кимиси келсе да биздин иштин ачык дайны билинмек, уй короону бузган жоругубуз же «ак» болмок, же «жок» болмок. Аны билмейинче эки анжы боло берип кез-кез жумушубуз такыр колдон түшүп калып жатты. Эч кимге керегибиз жоктой, деле бул жарыкчылыкта бизди «кашар салып жатышпадыбы беле» деп эсептеп койгон бир жан жоктой, куйкабыз курушуп, акыры туталанып чыдабай кеттик:

- Асек,- деди бир оокумда сарайдын үстүнөн ала-сала секирип түшкөн Мухтар,- берчи мага кетмениңди бай болгур. Бир күн иштебей калсаң жер асты-үстү болуп кетпейт. Ылдый, конторго барып билип келчи деги, керекпи колхозго кашар, же кандай? Же өрттөп жибереликпи!..

Биз сестейе калып экөөнү карап турдук. Асек эле болсо бер деген кишиге кетменин бере салар... Бирок кызык иш ошондо болбодубу, өмүрүндө биринчи жолу чекчеңдеп уруша кетпей, биз айтканга макул болду Асек. Кебетеси өзү да сары зил болуп бүткөн чыгар, кетменин ылайга чапкан бойдон таштап, баш көтөрбөй чуңкурдан секирип чыкты да нары басып кетти. Тулпарды минип ал десек ал көшөрүп болгон жок.

- Э койгулачы ошону,- деп кол шилтейт. Анан ал буту-колун жууп кийингичекти арада биз ылайдын болгонун сарай үстүнө замбилдеп чыгара бердик. Ошол кечте кашардын жыгач жеткен түндүк тарап бастырмасын бүтүндөй жаап болмокпуз. Андан аркы калган жумуш колго жугаарлык деле эмес, кара шыбакты аягына чыгарып, эң акыркы короонун ичи-сыртындагы өзүбүздөн калган шакелди тазалап коймок. Көп эле болсо эки күндүк иш калган болчу.

Асек кийинип бүтүп кашардан узай, сайды жээктеп кеткен биздин «экепресстин» эки аяк изине түшпөй, тике эле кыштак тушка салып, күздүк айдоонун үстү менен жөнөгөн болчу. Ошол эрбеңдеген аяк шилтеши менен ал конторго күнү кечке жетип барып келери күнөм. Нурмат катый түшкөн ылайды суу аралаштыра ары-бери оодарыштырып, мен жанында турат элем. Аңгыча сарайдын үстүндө жүргөн Мухтар кыйкырды:

- Тигине, балдар, өгүнкү шымданган аялды бирөө коштоп келатат. — Ары-бери карасак ырас эле ошол өткөндөгү союл куйрук чабдар атчанга дагы бирөө кошулуп, Боз-Тумшукту имериле чыгып келатышат.

- Ышкыр, Мухтар,- дедим мен Мухтарга,- Асекти кайра кайт де.

Атчандарды көрө сала биздин жумуш дароо токтоду. Асек кайрылып келгенчекти арада Сейит небак өз алдынча кирип кеткен адатынча. Төртөөбүз шашылыш түрдө акылдаша кеттик:

- Уй короону эмне үчүн буздуңар, үстүн кайра жапкыла десе кантебиз?

- Дебейт.

- А десечи?

- Дебейт.

- А кокус деп калсачы?

- Дебейт дейм! Десе ал Карыпжанды мага койгула. «Сен да агаңды мага эле кой» дегенсип Асек Нурматты жакшы көзү менен атып койду. Атчандар ылаалашып өтө эле жай келе жатышат, аялдын жанындагы ким экени азырынча таанылбай жатты. Мүчөсүнө караганда Карыпжанга эле окшойт, бирок аты башка. «Ай ушу Карыпжан болгой эле» деп ичимден безеленем өзүмчө. «Үйүр алышкан жоо атышаарга жакшы» дегендей, Карыпжан болсо мурдатан жаакташа жүргөн жаныбыз айтат элек ко болгондун баарысын. Башкарма же кой ферма башчысы болуп калса деле айтаарбыз, бирок ким билет... Сырын билбеген бирөө менен кер-мур айтышкың келбейт экен чыны. Эмнеси болсо да тигилердин сөзүнөн кыязына жараша болобуз го. Асек да ичинен чоң кармашка даярданып, эмитен эле тура жүгүрчүдөй комдуу.

Оо, көптөн кийин биз Карыпжанды жаземдебей тааныдык - Карыпжан өзү экен. Ээрге жамбаштап жатып алып деле болбойт, чабандын аялына деги бир узун жомокту жобурап, ойда эбедейи эзилишип келе жатышкан сырдуу. Үргүлөп катар баскан эки ат кашарга жетип келгиче, айтор бир кылым өткөндөй зарыгып да бүттүк. Ан сайын кыжырыбыз ашып-ташыйт.

Бир оокумда, о кашар туштан өтө бергенде анан үркөрдөй болуп отурган бизди көрө ээрге түзөлдү Карыпжан. Төртөөбүз тең үн чыгарбай бой жыйрып, кол сала турган душманды күткөнсүп бугуп отура бердик. Көздөрүбүз экөөнөн өтүп тикчиет. Баамыбызда биринчи сөздү камчысын кезей жулкунуп тиги аял баштамакчы, бирок ал эмнегедир жоош экен бул саам.

- Ой мырзалар, салоомалейкум,- деп калды аңгыча Карыпжан бизден узай берген атынын башын бура тартпай эле чочулагансып. Кимдир бирөөбүз анын саламына кыңк этимиш болдук. Аял болсо бизге көзүн тиге сурданып, колго түшкөн кылмышкерлерди жекирип бараткан өңдүү, мистейгенин жазбаган тейде тизгин тартпай эле өтө берди.

- Эй оңбогон Асек, оңбойсуң го, соо турган сарайды бузуп... Мейли эми, үстүнө ылай төгүп салыпсыңар тура берсин, тим койгула, - дейт Карыпжан. Анын добушу ушунчалык кайдигер - курулуш бригадири эмес эле жолдон өтүп бараткан бир бейтааныш саламчы. Төртөөбүз тең мындай көңүл кошутукка, Карыпжандын күтүлбөгөн мындай бейкапар мамилесине нес болгон тейде «а» деп ооз ачканга келбей отура бериптирбиз. Бизден эч сөз чыкпаган соң Карыпжан сүйлөшүп бүттүм го дегенсип бастырып кетти. Анан аял экөө үзөңгүлөш жогорулай түшүп барганда ал аркасына кылчая калып үнүн өкүм заңкылдата:

- Эй, Ысманов! Уй сарайды бузгандыгың үчүн эмгегиңден кармаймын айтып коёюн! А сыйлыкты кийин совхоздон аларсың,- деп бөйрөгүн бүлкүлдөтө табасы канган немедей күлүп калды але, жанындагы аял кошо жоолугун далысына түшүрө жагжактап аттан оойт.

Асек эмнегедир солк эткен жок. Демейде бирөө ооз ача электе эле кызарып-татарып кетчү күрөө тамырлары эми кан жүрбөй калгансып сулк. Баарыбыз тең бул шумдугуң кургандай ызага муунуп калдык окшойт. Ошон үчүн асмандагы күн огунан жылбай, көл үстү жалтырап жаткан бойдон, аска тоолор аркайган сүрөттөй сенип, ошон үчүн жакын арадагы чулдурап учкан куштун үнү үзүлүп, дымып калгандай сезилип кетти бир оокумга.

Анан аз-аздап ар кимибиз ар кандай дем чыгарып, эч нерсе көрбөгөн-билбеген кишидей болуп анткорлоно, өз-өз алдыбызча чырылдатып түкүрүнө бердик. Же сүйлөөргө сөзүбүз жок, же кылаарга ишибиз жок. Өткөн эле күнү конторго жетип барып Карыпжанды же ферма башчысын алка жакадан алмакчы болуп кеткен аялдын түрү жанагы аттан оой түшүп курулуш бригадирин улам чымчылап шылкылдайт. А Карыпжандын кейпин көрүп, сөзүн уктук ко - биздин каргыш тийген кашар анын дал бараткан жолунда болуп калып сөзүнө жолтоо болду окшойт. Кашар эмес деңиз, биз жолтоо болдук ко анын ошол эзилип түшө калып тигиге сүйлөп келаткан жомогуна. Бир аздан кийин ал экөө жогорку тармал өскөн караңгы бадалды аралап кирип, аттарынан түшүштү, о көпкө дейре чыгышкан жок.

Ошол тушта эч нерседен капары жок Сейит кемселин сүйрөй далбактап чуркап жетип келгенде кимибиз эмне деп үн чыгарат элек, акылым жетпейт.

- Бүттүм балдар, «Качма топту» бүттүм, окуп берейинби? - дейт ал энтигип. Ыр угайын деген ниет кайдан бизде, ошентсе да көптөн кийин аны Нурмат: «окусаң окуй берчи» дегендей ишаарат кылды окшойт. Башка эч бирибиз Сейитке а бу деп жолтоо болгон жокпуз, кыязы көңүлү калбасын дедик көрүнөт.

- Анда угуп тургула. - Ырдан башка сөз билбеген энөө Сейит балбалактап биздин кебетебизди карабай эле жазган ырын окуп кирди. Азыр эми өкүнүчкө, ошол бир окулган ырдын саптары эсте жок десең. Дегинкисин мындай эле:

Качма топ оюну мезгилинде кыз жигитти марага беттей кубалап келет. Ашыктыктын айласы кылган жигит кыз жетип топ менен урса экен, топ мага тийсе экен деп атайын кадамын кыбыратып калды эле тилекке каршы урулган топ кайып өтүп кетти. Ошондо жигит аттиңай кыргыз салтында кыздар алма менен урса, аны жактырчу эмес беле. Ошол сүйүүнүн кызыл алмасы окшоп көрүнгөн топ эмне үчүн дал ортомо кадала түшпөдү экен. Ошенткенде балким бу мерез кыздын сезимине мага деген бир жылуулук келет беле деп арман кылат... Жөнөкөй күн болгондо биз, Асектен башкабыз, бака-шака түшүп ырды ортого алып калмакпыз, а бүгүн анткенибиз жок. Ыр кимибизге жакты, кимибизге жаккан жок, айтор белгисиз... Бир гана Асек баш ийкемиш болуп койду. Ал кайсы эле «тра-ля-ляга» болсо да ошентип баш ийкемиш этип койчу, ыр туурасында анын башка сөзү жок.

Ошол жылы кыш айланып жаз чыга биздин колхоздун эли бүтүндөй эле тополоң түшө бүлүнүп, иштегенге ниет жок эле кужу-кужу боло көчөдө, контордун, дүкөндүн тегерегинде басып калышты. Эртели кеч да аларга аралаша кетебиз. Кашарды болсо ыргылжың болуп жүрүп акыры колдон чыгарганбыз. Бүткөн эле күнү Асек Тулпарды араба шайманы менен бүтүндөй Карыпжандын короосуна айдап кийирип салып, басып кеткен. Андан бери үйүнөн көп да чыга элек. Түнт. Колхоз жетекчилерин, өзгөчө Карыпжанга катуу таарынган эле ошондо Асек. Ырас да, мурда «айланайын садагалар, тездегиле, чамдагыла» деп күн болсо да жума айланбай башкарма, парторг баш болуп иштеп жаткан иштин ахвалын көрүп, кем-керчин карап кетип турушчу эле. А кийин: «ой эмне болуп жатасыңар» деп бастырып барган бирөө жок. А Карыпжан го таптакыр эле өгөй немеге окшоп, бизден «үркүп» калган болчу.

Көрсө, ошол кесепеттин баарынын себеби мындай экен - биздин колхоз кошуна совхозго бириге турган болуп жатыптыр. Андай каңырыш имишти уккан колхоздун Карыпжан өңдүү бир даар активдери о күздө эле ишти таштап, кимиси өз-өз алдынча өөнөп-кытып алган колхоздун кем-карчын «документ» жасап толтурушкан тымызын далбас уруп жүрүшкөн тура. Анысы го өз өлчөөсү менен болсун деп коёлу, колхоздун башкы бухгалтери кошулуп ферма, бригат аралашкан жоон топ «эски активдердин» эл атынан деп БКга чейин жазган каты бар болуп чыкпаспы. Ал каттын мазмуну кийин, жазга жуук, топ-топ боло мал тосуп кечкисин кобураша калгандардын ортосунда ачык эле терип тескеле бере турган болду (а мурда о кудай салбагандай жашыруун болчу да ал сыр).

Ошол бирине-бири үзөнгүлөш, бир даамдаш активдер: «совхозго кошулушту эл каалабайт, эгер андай деген сөз чыкса элдин нааразычылыгына биз жооп бербегидей бололу...» Мына ушундай деген мааниде жазышкан экен ал катты.

- И баракелде, мына ушул өңдүү сөз, кереги эмне бирөөнүн куюшканына кыпчылгандын. Совхоз деген колхоз эмес, баатыр момундай опураган отуз сотук огород жок анда, босогоңдун түбүндө эле кетмен айланбагандай жарты жер калтырат. Менчик мал аттуунун туягын койбой тегиз шыпырып алат совхоз деген, анан эмне коколой чокуң, менен бакканы жүрөсүңбү бүлөңдү? - десе, бирөө:

- Дегеле мына алсын, ушул туягың түшкөн малды чыгымдан башка береке тапсам эле талак болоюн. Жөн эле бирөөнү көрүп бирөө дарбыган көр оокат экен да бу мал деген. Кышты-жайлай көрсөткөн ушу жалгыз уйдун азабы, жо деги жаныма батты байкебай. Керек болсо азыр да сенин корооңо кийирип бергени турам, мына жетелеп кет ушул шүдүңдөгөн сыңар мүйүздү. А көрөк тиги совхоздогу элче таман акымды ай сайын коротпой алып, айдап койгон алмамдын түбүндө рахаттанып жатканым сомат турмуш. Совхоз дегенди сен ойлобо, анда бу биздин колхоздогудай «кан таламай» оокат жок, байке, анда баары тең сары эсепке салынып жыйылуу мүлк. Ошон үчүн жанагы кедериң кеткен алдым-жуттумдар күйүнүп жүрүшпөйбү кошулбайбыз деп. Совхоздо алар жулуп жегидей бекер дүйнө жок да, сен экөөбүз өңдөнүп сөөк тери менен жан баккан кишиге совхоздон өтөөрү жок,- дейт экинчиси. Кыскасы, жаңылык десең мына, кулак чуулдайт.

Ал аңгыча кара аламан жаз да кирип келди, эл ичи ого бетер дуулдап, райондон дүркүрөгөн жоон топ кишилер келип, коомдук мал, менчик малга жабыла санак уюштуруп, техника, араба шайман, ат шайман, кампа-калач, айтор колхоздун ийне-жибине чейин каттап-чоттоп эсеп жүргүзүп, айыл ичи чакчалекей түштү да калды.

«Ал жетпейт, бул жетпейт, баланча чабандан баланча кой жок, түкүнчө чабандан түкүнчө кой жетпей жатыптыр. Жылкычылар жылкы союп жешиптир, уйчулар уй союп жешиптир, кампадагы эгиндин орду чыкпай жатыптыр» деген алааматты уга берип төбө чач тик тургандай.

Ошентип жатып бир күнү: «Карыпжан кексе, баланча куб карагайды дайынсыз жок кылыптыр» деген чоң чуу чыгып, мурдагы майда чуунун баарын басып кетти. Ага чейинки биз эмне дешке акыл жетпей тим эле элдин оозун карап аңкыйып жүрчү элек, а бу сапар чуулдакка биз да аралаша кеттик. Асек да ошол кабарды уккан күнү үйүнөн чыкты. Кайдан-жайдандыр бешөөбүз табышып да калдык ал күнү түш ченде. Асек алдыга түшүп баштап, биз ат короону көздөй баратабыз.

Колхоздун жыгач-тактай аттуу буюм-териминин баарысы ошол ат короонун бир бурчунда, пилораманын жанында боло турган. Жыгачтан жөлөнө куруп, короолоп койгон ошол булуңда деле бир балтага келери союл жатканын көрчү эмес элек биз, анан кайдагы эле «куб» тактайды жеп койду дейт эл Карыпжанды?..

Кыскасы биз бара көрдүк. Барсак, эки-үч чоочун киши, Карыпжан, анан Асекке окшогон дагы бир курулуш бригадасынын башчысы болуп жоон топ киши пилораманын жанында турушкан экен.

Биз жакындай бергенде эле Карыпжан Асекке утурлай басып, жайдактап калганын байкадым. А бу деп эсендешкен арада ал Асекке көзүн ымдап, ары далдага чакырып кетти. Төртөөбүз тең бул шойкондуу табышмакка түшүнбөй, бири-бирибизди капталга укулаган бойдон токтодук. Карыпжандын бул жоругунда болду-болбоду бир шек бар. Эмнеси болсо да деп биз ошол пилораманын ары жагынан азыр чатак чыкчудай, чыкса эле төртөөбүз тең бир аттап барып Карыпжанга кол салчудай түрдөбүз. Ал аңгыча айткандай эле чарт-чурт этип Асектин үнү абаны жарып кеткени:

- Айтпайм, эмнеге айтам. Тапкан экенсиң дөөпөрөстү! Кайда колхоздун карагайы?!

Тургандар бүт жабыла дабырап, алардан өтө биз төртөөбүз жетип бардык тигил экөөнүн жанына. Асек бизди көрө сала көтөрүлүп кетти көрүнөт. Карыпжандын алка жакасына жармаша түштү.

- Арам жегич, кашарга десе бир көсөө бербейсиң ээ! Анан мен сага тактай алдым деп кол коёт экемин да жалган кагазыңа. Кайда тактай, кана!

Экөө жулкушуп, сүрүшө кеткен арада эл бейжай боло ортого түшүп кетишти. Муштумун күүлөп келип Карыпжанды мына коёрде арача түшкөндөр тосуп калат. Эх, кайран Асектин муштуму, бир да жолу өтөсүнө жеткен жок десең. Аңгыча ортодогулар экөөнү эки айра тартып кетишти. Кайран кана Асек ай!

Биз Асекти тегеректеп, бешөөбүз өз жаатыбыз менен дагы бир эки, үчөө Карыпжанды ортого алып, эки жерде туруп калдык акыры. Райондон келген экөө болсо рингдеги судьялар сыяктуу ортолоп ары чыга беришти.

- Үрпөйгөн чочко! Сениби, сени элеби!.. деп Карыпжан канталап ачышкан кекиртегин сыйпалап турду, кекенип. Ал бизге ишенчү эмес эле, өзүнүн ичмекей иштерине жан соогалап бизге, а төтөн Асекке «кол коюп бергин» деп жалдырабайт эле. Айласы мүлдө түгөнүп, буйтаар алы калбаган го болжолу, ошон үчүн ал эң акыры кара көңүлүнө бел байлап, тобокелге сала Асекке жалдыраса керек, бир ажайып болуп ал көнө калабы деп үмүт кылса керек... Эртеси аны милицияга алып кетишиптир.

Ошол мушташ болгон күнү кечте биз кызууланган бойдон эмгегибизди эсептешип, такташмакка бухгалтерияга дүрбөй кирип бардык. «Эмгек күндөрүңөрдү эсептешип, аласа-бересеңерди тактагыла!» - деген кулактандыруу контордун эшигине чапталып турчу ал күндөрү. Элдин баары эле эже деп коё турган балыгый жүз сары аял отуруптур бөлмөдө. «Курулуш» табелин алып чыкты да эч кеп-сөзү жок эле биздин фамилиябызды издей кетти эже.

- Ысманов Асекти караңызчы,- деди Нурмат бухгалтердин столун көздөй жакындап.

- Карап жатам, садага, баарыңы тең карайм. Жарыкты тозбой ошондой тура бергиле.

Анан эже табелдин башы ылдый карай көз жүгүртүп, «ы-ы-ылап» келип, «Ысманов» деп аяк жагын сөөмөйү менен чукуп калды:

- Кагазга жазып ала койгула, жыл башынан бери тапканың үч жүз токсон, анын ичинен жыйырмасы кайра чыгып, нактасы үч жүз жетимиш. - Биз дүрр этип козголо алга жылдык:

- Эмне үчүн «чыгыш», эже?..

- Билбейм, аны өзүңөрдүн курулуш бригадириңерден сурагыла. Кайсы бир короонун үстүн бузуп салышканы үчүн кармадым деп жүрөт беле...

Эртеси биз Карыпжанды издеп таппай калдык, кечигиппиз. Кандай айткан менен да ошол жылкы биздин колхоздогу дүрбөлөң түшкөн окуялардын эң эле чордону «чоң чогулуш» болду окшойт. Колхоздун жылдык отчёттук чогулушун эл ошентип кыскартып эле «чоң чогулуш» деп коюша турган. Ошол акыркы чоң чогулуш күн улуу шашке боло жаздап калган жекшембиде, биз кеч куру калтырбай кино көрүп жүрчү жапыз чатырлуу клубда башталды. Эл тээ бир жылдары артисттер «Айчүрөктү» коюп келгендей кыжыкыйма, клубдун ичи-сыртына батпай заматта толуп чыкты.

Улам бир сакалдуу киши кирген сайын бизди отурган ордубуздан тургузуп жиберет:

- Кана, мындай болгулачы, садагалар, силер күндө эле жыйналыш угуп жүрбөйсүңөрбү. Биз да көрөлүчү, совхозго кошулган кандай болот экен...

Ошентип отуруп акыр аягына жапыз төбөлүү залдын тээ эң арткы бурчуна барып кептелип калдык өңчөй жаштар. Сейит гана сыркоолоп калып келген эмес, калган төртөөбүз шоодой бой тирешип чогуу турабыз. «Коноктун келгенинен да келети жаман» дегендей, жыйналыш көпкө чейин зарыктырып ачылбады. Эл ызы-чуу, клуб ичи сапырылып кым-куут. Сөздүн эң кызуусу тээ алдыңкы отургандардын ичинде болуп жатат окшойт, айтор ошол жак өзгөчө бака-шака. Бир оокумда Бейше аттуу ай далылуу лөкүйгөн зор киши ордунан жулкуна кетип кирилдеген үнү менен кыйкырып кирсе болобу:

- Кошулбайбыз совхозго, ой эл-журт! Эмнеге кошулабыз, кошулбайбыз дегиле!

Клубдун ичи жык толгон эл анын ошентип кыйкырганына жыргап күлүп калышты. Бейше деген өзү ошондой, муну «сыртта» жетекчи кызматтарда жүргөн, кийин арактын кесепетинен жыдып отуруп, акыры айылга келип ичкиликтен көзү ачылбай калган, биринчи бригаттын жер корукчусу, жеткен азилкеч, куудул киши болучу. Жайма-жай отургандагы эле үнү ошол анын, опурулуп, араандап, көкбөрүдө жүргөндөй айгайды бир салат де - жанына жакын отура албайсың. Эл ошого жыргап маашыр.

Бейше колун жогору серпе дагы бир ирет обдулайын дегичекти болбой, ары, артисттер чыкчу эшиктен парторгу көрүнүп калды аңгыча. Жүзү керсары тартып, жапа чеккен өңдүү. Кабагын чытып жерден башын албай туруп ал жыйналыш ачууга киришти. Эл ичи соо отурбай бирде тигил бурчтан, бирде бул бурчтан дуу коюп чуулдай кетип кайра басылат.

Башканы билбейм, мен өзүм «чоң чогулушка» мына ушул биринчи ирет катышып турушум. Биздин өткөрүп жүргөн комсомолдук чогулуш бул жакта эле калсын. Мында, бу чоң кишилердин чогулушунда, президиум шайлашка киргенден тартып эле кызык башталат экен.

- Анын эмнесин шайлайт элек, эмнеси өтүп кетиптир анын ошончо эле! - дешип аты аталган бир-эки кишини кайра эле ошол замат чийдирип салышты президиумдун тизмесинен. Парторг колундагы топ ачкыч менен графинди зыңкылдата койгулап, улам кол серепчилеп кыйкырып жатып жаде көпкө кыйналды бейм. Акырын эл бир аз тынчый түшкөндөн пайдаланып ал үнүнүн болушунча «жолдоштор!» деди.

- Уруксаат этсеңиздер, сиздер көрсөткөндөрдөн сырткары дагы төмөндөгү жолдошторду парткомдун атынан президиумга сунуш кылам. Ысманов Асек - жаштар бригадасынан, Каникеев - кошуна совхоздун директору жана райондук партия комитетинин секретары жолдош Жетимишов.

Залдын ичи ошол тушта эмне болуп жатканын эч байкабай калыппыз, төртөөбүз кысылыша ийин тирешип турган өз бурчубуз, өзүбүздүн кичинекей курулуш бригадабыз, же мындайча айтканда төртөөбүздүн ички сезим дүйнөбүз элден бөтөнчө чуру-чуу түшүп Асек эле эмес, баарыбыз тең кызарып-татара берген окшойбуз. Чын айтайын менин жүрөгүм акылдап чыкты. Асекти улам-улам этектен чоё бердим, башка кылаарга айла таппай. Мен ошондо чоң чогулуштан президиумуна шайланыш канчалык сүрдүү, канчалык толкундуу экенин биринчи жолу өз дилим менен сезгендей жүрөгүм өлүп, апкаарып калдым. Ырас, ырас, биз ошондо бешөөбүз тең чогуу шайлангандай, азыр алдыдагы отурган элге тең жара жол ачтырып Асек башын жогору, сыймыктуу көтөрүп алга жөнөөчүдөй, биз бешөөбүз чогуу (Сейит дагы) ажырашпай кол кармашып жөнөчүдөй болуп турдук. Биз ошондо бүт жай бою бир кашарды бүтүрө албай тарткан убайым, жеген кайгы, ичте үгүт болуп ачыган нечен түшүнүксүз ниеттерибизге, суроолорубузга бир эсе жооп алгандай, дал ошол эч жан басып барбай койгон кашардын жанында белден ылай кечип турган тейден чогуу президиумга шайланып калгандай бой тирешип турдук.

Кол көтөрүү бүткөндөн кийин Асек президиумдун экинчи катарына өтүп, четирээк жактан барып орун алды. Биз аны ошого чейин жан дитибиз менен узатып баргансыдык, көзүбүздү алган жокпуз Асектен. Анын саал эңкейе берип кымырылып отурганы жөнөкөй эмес, биздин туу көтөргөн жоокердин отурганындай, же балким андай да башкача - сая мүнүшкөр таптап учурган барчындай, же андан да зор, андан да башкачабы, айтор бир башкача болчу.

Анткен менен бара түшүп чогулуштан алгачы суз тартып кетти эмнегедир. Башкарманын а дегенки сөзү деги толгон токой эсеп-кысаптын жыйындысы болуп, акыр аягы жүрүп отуруп совхозго кошулуштун зарылчылыгына, андан башка эч амал жоктугуна барып такалды. Көрсө, биздин колхоз райондогу артель, совхоз аттуунун эң бучкагы, чарбасы жүрбөй карызга такыр белден батып калган «түбөлүктүү дебитор» экен. Аны бизге мурдатан ким айтып коюптур, мына азыр биринчи жолу башкарманын өз оозунан угуп отурганыбыз. Дегинкиси кай жерде болбо, кай кызматта иштебе, кылган ишиңдин натыйжасы жөнүндө эл алдында бадырайып туруп алып мына момундай «отчёт» бергилик кылбасын. А көрөк күн мурунтан көз көргөн жагыңа бет алып, безип кеткениң жакшы. Бирок антүүгө да кайдан болсун, адам өз айыбынан өзү качып кутула алабы... Жан кечип кете албаган соң «муштумду этим көтөрсүн, уятты бетим көтөрсүн» дегендей тура бер.

Биздин башкарманын да андан башка кылар айласы калган жок окшойт, сүйлөп бүткөн соң башын жерге түшүрүп жиберчүдөй салаңдатып отура берди. Бир жолу да каш кагып эл жакты карап койгон жок.

Чогулуштун кызыгы ошол экинчи кеңешмеде башталат экен. Жарыш сөз жөнөп, кайтадан тай-талаш, ызы-чуу, кимиси жалган, а кимиси анык сүйлөп жатканын түшүнө албай башыбыз айланкөчөк. Мындайча коңур күлүп коюп эле жөнтөк жүрө берген нечен кишилердин сөзү көрсө ушундай чоң жыйындарда тура. Анын үстүндө чогулушту башкаргандар: «анча мүнөт, мынча мүнөт» дебей сүйлөөчүлөргө ээн-эркиндикти берди бейм. Айтор айылда болгон-бүткөн иш билги, сөз билгилердин баарысы эле жабалактай кол көтөрүп обдулушат. Бейше ичкичил да ошолордун ичинде, улам бир киши сүйлөп түшкөн сайын элдин башынан аттап жөнөчүдөй чамынат.

- Ой, мага деле сөз бергиле! Мен деле бир жанмын го, бу кандай алалатып, аттатып бергениңер?! - деп ал тим эле кызыл күрөө.

Акыры, чогулуш үчүнчү кеңешмеге кайрылып киргенде, Бейшеге да сөз тийди. Бирок бул саам эртеден бери тикесинен тик тургандардын көбү чыдай албай үйлөрүн көздөй чу коюшкан көрүнөт, клубдун ичи жеңилдеп, ал тургай анда-мында жеринен отургучтар да бошой калыптыр. Бизде деле көп чыдам калган эмес анча, ал аз келгенсип Нурмат да ооруксуп кынала баштаган болчу. Бирок кетүүгө кайдан болот - Асек президиумда. Ушул сапаркы дем алышта кымкууттун ичинен жүрүп жолуксак «мен да сүйлөчүдөймүн» дейт ал. Үчөөбүз тең сүйүнгөндөн байкелеп жибергенбиз. Ырас эле мурда Асекти «байке» деп көргөн эмес экенбиз, «Асек» эле дечүбүз улуу болсо да. А бүгүн, жана ушул дем алышта мен Мухтар экөөбүз аны биринчи жолу «байке» деп оозандык. Бүгүндөн баштап ал бизге байке болду. Бу дагы оңой сөз болбосо керек кыргызда.

Ошентип, ал жана сүйлөмөкчүмүн дегенде (биз да бир кокуйбуз да) «кана айтчы, эмне деп сүйлөйсүң?» деп бурчка камап алып акидей асыла кеткен элек ага. Анда даяр боло элекпи, айтор ал мукактанып, бизге оңчулуктуу бир нерсе айта албай койгон. Жакшы эле демин ичине ала сөзүн баштамакчы болуп келди эле, такыр мууну токтобой, оозуна тиштеген папиросу кылтырап туруп алган.

- Мейли,- дедик биз анда,- азыр сөз табылбаган менен тиги трибунага чыкканда өзү келет оозго. Баарысын айт Асек, баарысын,- деп биз аны эптеп кайра жубатканбыз. «Баары» болгондо эмне айтарын, айтор деги эмне деп сүйлөөрүн билбей жаде өзүбүздүн баш катты. Эмнеси болсо да трибунага чыкканда ондой берди болуп дурус сүйлөнүп кетсе болду го...

Эртеден бери билектеги саатын бир карап коё элек райком секретары Бейше бапылдай берген сайын утур-утур тынчы кете баштады. Дагы бир оокумдан кийин парторг ордунан тура калып сөзүн бөлдү эле, Бейше ага деле болбой: «мына бүттүм, азыр бүтөм» деп билегин сорок эткизе чыгарып, өз саатын карайт кайра:

- О жумурай журт, билесиңерби? Ушул бүгүн сайда саны кетип отурган биздин колхоз бир жылдары «Бирдиктүү», «Беш жылдык», «Үлгү» деген үч колхоз эмес беле, ошондо үчөө тең кандай колхоздор эле? Кыргызстан боюнча Кызыл Тууну бербеген колхоздор эмес беле? Анан ошол үч жакшы колхозду бириктирип койсо бир жаман колхоз чыгып калганы эмнеси, э кудурет! Ошондогу эле журт, ошондогу эле эл, жер, ошондогу эле ушу турган мал, а түгүл андан бери дагы көбөйдү. Анан эмне үчүн эле иш жүрбөйт?! Жо-жок, силер күлбөгүлө, жолдоштор! Кеп элде, жерде, малда эмес - кеп ушул элди баштап көздөгөн мобу отурган чоңдордо болуп жатат. Башкаруу оңолбой, башкарма оңолбой - зили чарба оңолбойт, аны билесиңер,- деген жеринен Бейшенин сөзүн дагы бөлө тартып кетти парторг:

- Жалгыз эле сиз сүйлөй бересизби, жарыктык, үч кишинин убактысын алдыңыз?

- Мына бүттүм, бүттү. Эми бир эле мүнөт, жарым мүнөт...

Бейше ошентип трибунадан эңкейе түшүп, кортойгон сөөмөйүнүн жарымысын эле парторгго көрсөтө жалооруп калганда элдин бир даары шарактап күлүп, бир даары: «Бүтсүн мейли, аягына чыксын. Эми бир мүнөт берели» деп жажалап калышты.

Айласы такыр түгөнүп, эл берген бир мүнөттөн ашык сүйлөөгө болбосуна көзү адеп жеткенден кийин Бейше адатынча албууттана трибуна менен кошо оңко-чоңко кулап түшчүдөй аттансала кыйкырып барып анан сөзүн аяктады: «Кошулбайбыз совхозго, о кара чечекей эл, журт! А көрөк райком бизге уюштургуч башкарма, илим-билимдүү агроном, зоотехник берсин. Колхоз оңолот, силердей иштерман, аркалуу журттуу эл турганда оңолбой кайда барат колхоз, а совхозго кошулбайбыз!» - дейт Бейше. Анан сүйлөп бүткөн соң жанатан бери талпак күбүгөнсүп трибунанын кырына алда нечен бырыштыра чеңгелдеп чапкылаган эски боз шляпасын ала чокул төбөсүнө жалп эткизе баса кийип алды да, албаң-далбаң эте ылдый түшүп кетти. Анын сөзүнө калдастап москоол жүргөн жүрүшүнө күлүп көнгөн эл дуу ыргалып кайрадан күлүп жатып калышты. Топ ичинде отурган бирин-экин гана алибет бойлуу карыялар: «Э баракелде, жүйөлүү сүйлөдү анткен менен, туура айтат» - демиш болушту окшойт.

Чогулуш андан ары уланып, кези келгендер улам бири сүйлөп түшүп кете берди. Уй ферма башчылары экөө тең чыгып сүйлөп, экөө тең Бейшенин «кошулбайлы» деген сөзүн жактаган кыязда ачык айтпай тайсалдата кетишти. «Совхоздун бир ую колхоздун үч уюндай сүт, бир кою үч койдой жүн берген себеби, алардын малы асыл тукум. Жем-чөбү жетишпесе өкмөт үзүлүп түшүп жеңилин жерден, оорун колдон алат совхоздун. Жумушкерлердин маянасына деп ай сайын акчалай акы фондусу да турулуу. Совхоздун иши аксаса өкмөт чыгым тартат, а колхоздун иши аксаса ал өзү көтөрөт. Мына ушул жагын жетекчи органдар дурустап ойлонуштурса. Биздин колхозго асыл тукум малдан, техника, сапаттуу үрөн жагынан бир аз жалгоо берсе - колхоз оңолуп кетер эле» деген ич күптү мааниде эле алардын сөзү.

Мына эми күн кечтеп клуб ичине буурул түшө башттаган кез. А Асек болсо али козголбойт. «Сүйлөбөйбү ыя, же сүйлөбөй калып жүрбөсүн» - деп улам эңкейе калып шыбырай берип Нурмат мени жадатып бүтүрдү деги. «Сүйлөйт» деп мен анда билермандык күңк этип коём. Бирок ана чыгат, мына чыгат дей берип өзүмдүн да чыдамым кетип бүткөн. Мухтар болсо камаарабайт: «Сүйлөйт» дейт, ал Асектин ичине кирип чыккан немече.

Ал ошентип биз «чыгат, чыкпайт» менен а болуп, бу болуп атканчакты арада парторг эңкейе калып Асекке ээк шилтеп калды, кыязы «азыр сен чыгасың» дегендей белги берди көрүнөт. Айткандай эле дагы бир кишиден кийин трибунага чыга келди Асек. Ал чыкканда эл шатыра-шатман кол чаап жиберчүдөй козголо түштү эле, биздин көзүбүзгө (андай күн болсо кана), бирок кол чабылган жок, козголуп эле кайра тынчыды залдын ичи, Асек бир саамга мүчүлүштөй түшүп ойлоно калды да анан башын көтөрө берип:

- Жолдоштор, - деди.

Деги топ алдында сүйлөп көнбөгөн кишиң куруп кетсинчи, «а» дегенде эле үндүн калтыраганы билинип калат экен. Ал аз келгенсип, мурдагы «жолдоштору» жарабай калгансып Асек артынан дагы бир ирет «жолдоштор» деп салбаспы. Ошондо менин шаа боюмдун дүрр эткени - шайкелең отурган элдин бир даары дуу жарылып күлүп жиберет экен деп коркуп кеткен элем. Бирок эл эмнегедир күлбөй калды, ал түгүл Асектин ошол өң-алеттен кетип апкаарып, сүйлөй албай жатканына боору ачыгансып, тынчып калышты. Эх чиркин десең, кээде эл ушундай бир алтын да! Так ошол элдин: «Сүрдөбө, айланайын, сүйлөгүн. Угалы сөзүңдү» дегенсип,- тынчыган жылуу көз агылгасынан, жылуу ниетинен уламбы, айтор Асек копшолуп, бир ирмемге муштумдай түйүлүп, чыйрала түшкөнсүдү. Ошондон кийин кадимки өз үнү, өз тили чыгып, шатырата сүйлөп баштабадыбы. Ой Асек, кандай сүйлөдүң эле ошондо! Тилиң тим эле ак безерге куюлушту бейм, бизди кез-кез сыбызгыта жемелеген өтө, андан алда канча өтө куюлушту бейм. Көп сөз айттың ошондо Асек, биз «айт» дегендин баарын айттың.

Бирок анын бир нерсесине биз күмөндөр боло түшкөнбүз. Сөз ортосуна келгенде Асек, Бейше ичкичилдин айткандарын эң туура деп жактап кетти. Биз бул эмнеси деп ой тегереткичекти болбой ал кайрадан:

- Туура айтат жолдош Алыбаев Бейше,- дейт. - Биздин колхоз район боюнча артта калып, жыл сайын карыздар болуп отурганы чарбадагы ишти уюштура билбеген, же билсе дагы ак көңүлү менен жөндөгүсү келбеген айрым, мисалы курулуш бригадири Карыпжан сыяктуу ортодо жүргөн арам пейил актив сөрөйлөрдүн күнөөсү. Анын иши кечээ жакында сотко берилди, ал тиешелүү жазасын алат. Бирок андай жазага татыктуу жалгыз эле ал эмес, дагы бар, дагы бештеп жолтоо болуш анткени совхоздо коомдук мүлккө суук салыш үчүн жол тар! Жолдоштор, алдыда айтылып өткөндөй, биз кошуна совхоздун көп жолу үрөнүн үрөндөй, жем-чөбүн, жер семирткич жана ушул сыяктуу акысыз жардам алганбыз. Тилекке каршы, аныбыздан да көп жылдар бою тырмактын агындай пайда чыгара албадык. Азыр эми колхозубуз экономикалык жактан түп тамырынан бери бошоп, айласыз ахвалга жетип, күн өткөн сайын начарлоодо. Биз ушундай кыйын абалда турганда, эзели төлөп алгыс карыздарыбызды өкмөт өз чыгашасына чегерип, совхозго кошулуу маселесин сунуш кылып отурган сөз чоң камкордук эл үчүн деген партиянын кезектеги жардамы. Кошуна совхозго бир бөлүм болуп кошулушубуз керек, жолдош колхозчулар, андан башка натыйжа берер чарба калган жок бизде. Мында катышып отурган совхоз директору Киникеев сүйүнүп жатат дейсиңерби бу ишке? Киникеев жана ал жетектеген совхоз биздин азап-тозогубузду о көп жылдар бою мойну менен көтөрүп, нечен кыстоого туш болору шексиз. Антсе да совхоздун дирекциясы бүгүн бизге кол сунуп отурбайбы, муну биз түшүнүшүбүз керек, жолдоштор. Акыркы айта турган сөзүм - бир топ жылдар эмгек этип жүрүшүп, акыр аягы бизди ушундай «кошулуу» салтанатына жеткирген колхоздун правлениесине, өзгөчө анын башкармасына жана парторг агайларга чоң «баракелде» демекчимин!

Асек ошентип сөзүн бүткөндө зал ичи кайрадан жаңырык атып; «Бали, ырас айттың, ошону, «баракелдең» жараган сөз болду!» дешип отургандар кайрадан козголо түшүп, ыргала дуулдай кетишти. Гүүлдөк о көпкө басылган жок...

*     *     *

Кыш бою тунуп жаткан калың кар шылбыраң тарта бошоп баратып бир түндү суукка кайрадан ката түшөт.

Жер огуна кайра бир айланып келген соң, алтүндөгү үшүгөн боорун кайрадан күнгө кактап, денесине алмустактай жабышкан сары кардын шайын оодарып, алын кетирет. Бара-бара ой-түзөңдү бүт сууктун аппак колу жогору тоону көздөй сүрүлүп, табигаттын казат күрөшү биз эңсегендей аяктады. Жаз жаркырап төгүлүп келип, айылды жылуу көктөм кучактап калды.

Асек ал кезде «бөлүмдө» прораб болуп иштей баштаган. «Шүмүрөйгөн шүмшүк, асылып жүрүп менин эримди түрмөгө айдатып жуттуңбу, иштеген кызматын алып мүйүз чыктыбы?! Сага да кудай жеткизээр шашпа, ушул бойдон эле Карыпжан өлүп жоголбос, алтын башы аман болсо кайрылып бир келээр, ошондо сени шашпа!» - деп Асектин прораб болгонун укканда жерди солкулдата тепкилеп ойда жулунган болучу Карыпжандын аялы. Жанагы адамдагы заар тил деген ошо да, болбосо күйөөсүнүн кылган ишин ойлоп бир кичине уялбайбы...

Ошо кечте Асек бизди мейман болгула деп үйүнө чакыртып жибериптир. Кенже кызынын туулган күнүн биз анда, бая бешөөбүз чогуу отуруп белгиледик. Көп сөз сүйлөнүп, көп кызыктар айтылган анда. Мухтар адатынча башкага оогон сөздү эле кайта ошого буруп, айтор кеч бою саясаттан кеткен жок. Анын үстүнө дал ошол жылы Вьетнам элинин боштондугуна каршы америкалык агрессия башталган, жер үстүндөгү адамзаттын төбө чачы тик турган айлар эмес беле.

Аны бир, муну бир айтып отуруп көпкө дейре кызыл күрөө болдук, бирок биздин ал пикир талаш, калыстап жыйынтык чыгара турган киши жок да. А жөн, мындай өзүбүзчө тартышканда бири-бирибизге моюн бербей калалы. Акыры, ичкен ичимдикке бүткөн боюбуз албырып, үй-үйлөргө тарай бергенде бизди узатып чыккан Асек:

- Кана эми, балдар, жаз чыкты, курулушка кайрадан киришебизби? - деп калды. Нурмат өзүнчө эле манчыркап, деле болбой ал сөздөн оолак. Качан экени анык даана эмес, деги эмнеси болсо да жакын арада аскердик кызматка жөнөмөк ал. А калган үчөөбүздүкү чынын айтканда оюбуз бир жерде болчу, миң чогуу жүргөн менен да ар кимдин түйшүгү ар башка да. Мухтар ушул жаздан баштап механизация жагына өтүп иштемек, мен да ошол шофёрдун окуусуна илээшип кетсемби деп жүрөт элем. Жалгыз гана Сейитте эч кандай андай «жашыруун» план жок, «силер кайда болсоңор мен ошол жакта» деп коёт сурасак.

- Кызык ой, сен тамашаны койбойсуңбу! А бирөөбүз ойго, бирөөбүз тоого кетсек анда эмне кыласың? - деп биз үрпөңдөй кетебиз кези менен. Сейит ага да болбойт. «Ошо тоого кетчүңөр менен. Сейит ага да болбойт.

«Ошо тоого кетчүңөр менен кошо бара берем, тоодо ыр жакшы жазылат» - дейт тажаткыр.

- Э ырыңды койчу нары, эч жерге чыкпаган ырларыңды. А көрөк кара сөз жазсаң эмдигиче чыкмак беле... - деп анда Мухтар колун шилтей кейип-кепчип калат.

Ошентип ал кийинки жазда төртөөбүздүн ой төрт жакка тартып чалды-куйду, арабөк болчубуз өзүбүз. Асектин жана суроосуна дароо жооп кайтара алган жокпуз, кеңешип, эртеге айталы дедик. Акыры ары кетип, бери кетип жүрүп, ошол жумада биз төртөөбүз кайрадан курулуш бригадага биригишке токтолдук. (Дагы бир жыл иштесек анан окууга кетет элек да, ошонун ортосунда өйдө-төмөн чарпылып кереги эмне эле.)

- Ырас болбодубу, аскерге кеткенчекти зарыкпай мен да силер менен кошулуп иштей турайын, - деп Нурматты кой, деле компоёт.

Аныкы да бир эсептен жөндүр да, мына жакында аскерге кетээриң дайын болуп калганда, делөөрүп деги тынч ала албай кетесиң го. Бирок кызматын өтөп келгендер айтканга караганда качан өз бөлүгүңө жетип, ал эми анык солдаттык кызматты баштаганда анан көз ачылбай ылкара басат экен. Өзгөчө да ошол таңкы саат алтыда подъем болор маалда Нурмат андайды башынан өткөрбөсө кайдан билет эле. Дегинкисин башынан ал да өтөт деңиз, а азырынча биз менен, баарыбыз тең кайрадан курулуштабыз (Асектен башкабыз). Анын ордуна биздин звеного башчы Мухтар болгон. Башчы болорун болду го, бирок анда азырынча баягыдай ат араба жок.

Совхозго кошулар менен эле биздин Тулпарды баш кылып, колхоздун жоон топ жаман-жорток аттарын бракка чыгарып, тоого айдап жиберишкен экен. Кийинчерээк аларды буту баспай унаага муктаж болгон кары-картаңдарга сатат имиш. Сатылса сатылсын, деги эмнеси болсо да Тулпарыбыз ыйман жүздүү бирөөгө туш келсе болду го деп эстеген сайын биз өзүбүзчө эле кобурашып калабыз.

Иштеген жерге чейин алар бизди машина менен алып келип, кечте кайра тартып кетет. Эмки салып жатканыбыз кой дарылоочу механизациялаштырылган пункт. Айылдан оолак өскөн жалгыз түп чоң байтеректин түбүнө, алыштын боюна салып жатабыз аны. Керээли кечке күтүрөп жаныбызда бетономешалка иштейт, улам бир машина зуу коюп келип же кум, же тактай, цемент жеткирип келип кетет. Асек да өйдө-төмөн өткөн сайын айланчыктап жаныбызда.

- Чертождогу эсептен кенедей бир айырма чыгара көрбөгүлө, балдар. Беккул аба, сиз айрыкча ошол жагына көз болуңуз,- деп ал келген сайын безеленет.

Беккул деген орто кулак, көкүрөгү менен ышкырып дем тарткан бышалак сары киши да бар ичибизде баса. Ошону менен бешпиз.

Звено башчысы Мухтар болгон менен биздин «инженер» ошол Беккул. Анын айтканы айткан, дегени биз үчүн закон. Андай болгондун да өзүнчө бир жөнү бар. Беккул өзү айткандай биздин бирибиз да чертёж «окуганды» билбейбиз, нивелир койгонду же апаловканын деңгээлин чыгарганды да үйрөнө элекпиз. Азырынча бар болгону, бетономешалканы жүргүзгөндү, кум менен цемент, суу үчөөнү оолгалаштын өлчөмүн, анан дагы куюлган бетондун үстүнө сымап тартып түзгөндү үйрөндүк.

Беккулубуз да бир чечилип лам деп койбогон бейжооп кызык неме өзү. Эртең менен тупа-туура саат сегизде көк чаңгыр түстүү мотоцикли менен чаап жетип келип, кечкисин саат алтыга жетер жетпесте, иш өрттөнүп күйүп атса да таштап салып баса берет. Өзү биздин айылдык эмес, тиги совхоздун борборунан барып келип иштей турган. Бар күйүтүнөн да иштеп жатканда саатын утур-утур караганын кантесиң - өзүнчө эле профессор.

Чертёж демекчи, биз салып жаткан пункт ошончолук деле баш катырган татаал жумуш эмес, колхоз кези болгондо жөнөкөй көз менен эле шыкаалап кура салмакпыз. Бирок бу совхоздо атайын бекитилип жактырылган чертёжсуз, эсеп-кысапсыз салынган курулуш, закондуу деп эсептелбейт экен. Өзгөчө мобул биздики өңдөнгөн механизациялаштырылган нерселер. Асектин айтымында биз кара жумушун иштеп бүтсөк анан техниктер келип, койду креолини бар аштоону көздөй бөлүп түртө турган механизмди орнотушат имиш. Алар ошол темир-тезегин орнотуп жатканда «андай экен, мындай экен, бетонду туура куюшпаптыр» деп доомат коюшса, биз чертёждогу эсепти, долбоорду көрсөтүп коюп гана «кекирейип» тура берет имишпиз.

Кыскасы совхозго кошулганы кыймыл эткендин баарына таптак сары эсеп керек экен, анысына биз да көнө түшкөндөйбүз. Карыпжан бечара ушундай бир совхоздо иштегенде эмне, канчалаган куб тактайды кантип уурдайт эле, кайдан түрмөгө түшөт эле. Анын убалына эсеп-чоту жок биздин колхоз эле калган экен да» - деп калптан эле убайым жеп калабыз өткөндөрдү эстеп алып.

Көп өтпөй биздин пункттун бетон жумушун таза колдон чыгарып, бир короо койду улам майда бөлүп кийире турган короочолорун да шатылап тосуп болдук. Анан ошондогу биринчи айлыкты алгандагы кубанычты айтпа. Бетине бир бүктөм түшө элек тастайган жаңы-жаңы сомдуктардан бербеспи - кассир аял дагы биздин багыбызга деги жакшы киши экен. Кийин ошол биринчи айлыктын тикеме-тик турган жалтырак он сомдуктарын апаларыбыз кантип чөнтөгүнө катып жүргөнүн көпкө дейре кеп-сөз кылып жүрдүк. Менин апам болсо го, сомдуктарын дал ошол тик турма бойдон катып жүргөн экен, кийин бетине бир так түшпөгөн бойдон базардагы жүгөрүнүн унун саткан чалдын колуна өткөрдүк чогуусу менен.

Пункттун иши колдон чыккан соң Беккул бизден кетти. Эми кайрадан төртөөбүз калдык. Ошондо анан оңбогондой жумушка салса болобу бизди Асек.

- Быйылкы онду бүткөн балдардын бирөөнү ылайыктап звеноңорго кошуп алгыла да өткөн жылкы салган Боз-Тумшуктагы кашардын үстүн бузуп кайра жабасыңар,- дейт ал.

- Койчу, ошо кантип болсун, былтыр эле жапкан кашарды быйыл кайра...

Биз ошентип адегенде күмөн болдук эле. Асектин чыртылдап ачуусу келип кетти:

- Ошол «Алтын сарайды» Карыпжандын наамына багыштап туруп жетээр менен өрттөп жибергиле! Былтыркы иш былтыр болгон, эми аны кайра шифер менен жабыш керек. Бол, Мухтар, тез барып короодон ат араба алгын... Же жүргүлөчү чогуу эле баралы,- деп ал кайра алдыга түшүп бизди баштап алды.

Ат араба алышка мойну жар бербей жолдо келатып Мухтар өзүнчө аябай түйшөлдү окшойт. Ырас эле аттын да аттай балакетти бар да: аны да багыш керек, чалындыбы, чаалыктыбы деп күнү-түнү караш керек. Аны мындай кой, таң эртеңден туруп жумалана араба кошконуң, кечкисин кайра чыгарганыңдын өзү эле канча тозок.

- Ат арабаны тим эле койсоңчу... - деп жиберди ошол түйшүктүн баарысы алдына тартыла түшкөн Мухтар.

- Керек. Силер барчу жол бурулуш эмеспи. Курулуштун машинасы эртели-кеч төртөөңөрдү ташыса калган элди эмне кылабыз? А жыгач-таштын жөнү башка, аны машина жеткирип турат коркпогула. Араба барып келгениңер үчүн гана. Мына эми чыныгы «экспресс» десеңер болот. Аттын да жараганын аласыңар, баягы тушоосу кесилбеген доюр дейсиңерби, азыркы аттар, ого...

Айткандай Асек өзү улам бир жылкыны бапестеп мактап көрсөтүп жүрүп акыры бизге жаккан чий тору атты жетелеп чыкты аштоодон. Жалына байланган кичинекей калай биркасы да жүрөт. Окусак: «Д. г. р. 1947. Бурганак» деген жазуу биркада.

Мына жылкынын канаттуусу. Билип алгыла: Дон тукумунан, туулган жылы кырк жети, аты Бурганак. Балким уккан бекенсиңер,- Асектин көзү учкундана түштү,- бир жылдары жылкы заводунун атын бүт өлкөгө чыгарган даңазалуу бээни? Ошол күлүк - ушул. Ал кезде мен да жылкы заводунда жокей болуп иштөчү элем. Эх жаныбар, Бурганак, коону бузган дулдул элең, бир кезде, чалыкпас буудан элең...

Менин төбө чачым тик турду:

- Ошол Бурганакпы? - дедим көргөн көзүмө ишенбей. Мухтардын бул жылкыдан кабары жок болсо керек: «О балакет, бээби?!» дейт көзүн аңтарып. Бирок канткен менен да жакшы ат сынын жоготпойт экен чын-чыны. Бурганактын жылдызы жаркырап күйүп, атак-даңкы улам көтөрүлүп бараткан жылдары, кайсы бир зөөкүр мине качып жолдогу машина менен жарышкан имиш. «Ошондо капысынан бакка урунуп омуроосун мертип алган экен» деген кайгылуу легенданы уккан элем бир кезде. Ошондо зөөкүр катуу соттолуп, жылкы заводунун азыркы эле ушул аппак чач кадырман директору күлүктүн мойнун кучактап алып кадимкидей жашып ыйлаган дешчү эл. Эгер андагы айтылуу жылкы ушул болсо, билбейм, мисалы мен аны арабага кошуп, жонуна камчы салып айдай албас элем, колум барбайт эле. Бирок ичимден: «Мухтар өзү билсин, өзү билсин, өзү эле билсин» деп бат-бат шыбырагансып, анан чыдай албай тескери карап кетти. Акыры ошол күндөн баштап Бурганак биздин Тулпар ордуна көргөн кол унаабыз болуп да калды. Арабага ал көндү, а биз анын ушул кайгылуу тагдырына көндүк. Баса Тулпар демекчи, ал дагы эле эркиндикте, сайранда. Совхоз шатектен чыккан аттарын да кийин элге сатпай калды, тыюу салыныптыр.

Ошентип өз алдыбызча ат арабалуу болуп иштей баштаган жумада биздин ушул кичинекей топтун ичинде жоболоңдуу жорук башталса болобу. Ал окуя эч нерседен кабатыр жок туруп эле, мен Сейит экөөбүз бир күндүк иштен бошоп алып, Нурматты армияга жөнөткөнү район борборуна барган күнү болгон.

Май айынын чакырыгы менен жөнөп жатышкан такыр жаш балдардын аркасынан Нурматты да кошуп коюп өзүбүз оолагыраак, военкоматтын багынын ичинде турат элек. Корто бойлуу тыкчыйган бир капитан жигит: «Эшматов, Ташматов» деп чакырылгандарды толуктап жаткан. Ал ошол тушта жанымда турган Сейит зып коюп эле алдыда өрүктүү бактын ары тереңине чуркап кирип кеткен. Карасам аны бир жамал жүздүү көк көйнөкчөн кыз чакырып жатыптыр. «Оңбогон гана лирик, сени коё тур, келээрсиң» деп ичимден күлүп тура бердим. Экөө арылап көрүнбөй кетишип о көпкө жоголушту.

Капитан болсо балдардын кагаз-кечелерин терип-тескеп бүтүргөн соң, эми жөнөтөрү эле калды окшойт, карбаластайт. Ошол он эки эле балага башы айланкөчөк болуп, шашып жүрөт калдастап.

- Он беш мүнөттөн кийин машинага отурасыңар,- деп буйрук берди да анан военкоматтын каалгасына жылт коюп кирип кетти бир оокумда капитан. Мен ал арада бошой калган Нурматты көздөй жүгүрдүм, а Сейиттен дагы эле дайын жок. Узата келгендердин ичинде бир аккардеончусу бар экен, ошону тегеректей кетип тургандардын баары үн алыша «Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданганы» ырдап, ызы-чуу түшүп жатабыз. Эриндерин бөрсөйтө калптан эле наздана кетип, ошол замат кайра жазыла, узатып келген жигиттерине бой сала кыйналышкан кыздар, көздөрүнөн жука чаргылт жаш кетип тигиндейирээк четте шыпшынып турган абышка-кемпир, жөн эле өз алдынча баратып кайрыла калган аял-эркек, айтор эл көп, опур-топур. Аздан кийин үстүн брезент менен жапкан машина да келип короого кирди, а Сейиттен дагы эле дайын жок. Нурмат экөөбүз арды таштап бак аралай чуркадык «Сейит! Сейит!» Алаңдаган Нурматты жоошутуп мен: «Келет, келет бир оңбогон сойку азгырып кетти эле» дегиче болбой тигилер да оңдой берди болуп, нары бактын түпкүрү жактан жүгүрө чыгып бизди көздөй келе жатышкан экен. Кызды колунан сүрдүктүрө тартып Сейит жанын үрөйт, а тигиниси улам бир көзүн алаканы менен сүртүп кежең. Бул шумдугуң курган жорукка жаным кайнап кетти. «Нурмат аскерге жөнөп жатса кайдагы бир немени илээштирип, сени оңбогур, коё тур!» деп ичимден кекенгеним түктүйүп сыртыма чыга түшкөндүр, өңүм бопбоз:

- Ой, сен кызыксың го,- деп кызды такыр эле карабай Сейит менен уруша кеттим алар жетээр менен.

Бирок Сейиттин өңү да меникинен жайдары эмес экени дароо эле байкалды, шашып энтигип:

- Кечирип кой, Нурмат, кеттиңби? Жүргүлө анда чогуу кеттик, силердин машина менен биз да үйгө чейин жетип алсакчы... Сен капитан менен сүйлөшчү,- дейт ал кайра мага буйрук берип.

Иштин жайын аныктагандан кийин Сейитке макул болуп мен жанакы капитанга келип өтүндүм. Нурматтарды ал машина Рыбачьеге чейин жеткизмек, ичинде бош орундан көп неме жок. Биз үчөөбүз (Сейит анан тиги Бермет аттуу бышактап турган кыз) түшө келип айылдын тушунан калып калсак болмок. Айлыбыз ошол Рыбачьеге кетчү жолдо. Капитан а дегенде чыкчыңдап жанына жолотподу.

- Мен бу такмаңалар менен көрүнгөн айылдын дүкөнүнө токтоп отурат экемин да ээ? Бали, тапкан экенсиңер топчу башты. Ары Рыбачьеге эмне, жалгыз өзүм барайынбы? Болбойт тууган, болбойт,- дейт. Акыры асылып жатып Нурмат көндүрдү капитанды.

- Бул менин иним,— деп Сейитти,— бул карындашым,- деп Берметти, бул менин агам,- деп мени көрсөтөт ал долуланып.

- Үчөөнү үйгө ала барбасаңыз азыр көздөн кайым болом,- деди ал оюн чындан капитанга.

- Давай, давай жолдош капитан, алып алалы жакшы моймол кыз экен. Бизден кам жебеңиз, койдон жоошпуз, дүкөнгө түшсөк эле аягыбыз сай таппай калсын,- дешип машинадагы балдар да азилдешип гүүлдөп туруп алышты эле, айласы кеткен капитан акыры Нурматты карап ич күйдү жылмайды:

- Качырам мен сени, балапан! - Анан: - Отургула бежилдебей! - деди бизге буйрук берип.

Кеч бешимде биз үчөөбүз айылдын тушуна келип түшүп калдык. Күтүлбөгөн бул окуя Сейит-лириктин үйлөнгөндөгү жоругу болуп чыкпадыбы. Ошол кечте ал экөө үйлөнүштү, а мен күйөө жолдоштук милдет аткарган болуп, кийин чоң чатакка кабылганда тергөөчүнүн токтомунда ата-тегим алдыга жазылып жүрдү.

«...гр. Аскеров Кнын шыкактоосу жана түздөн-түз жардамы менен «баланча» жылкы заводунун жумушчусу Калкабаев Сейит (кашанын ичинде туулган жылы) ... май күнү ылжып мас болгон абалда Байсорун селосунда жашоочу Бермет аттуу кызды зордуктап ала качкан...» - деп укмуштуудай кулакка суук, сүрдүү башталат тура бу тергөөчү дегендин токтому. Ошол күндөн баштап биз ал жүрөктүн үшүн алган кагаздан кутулуш үчүн жандалбас ура баштадык. Аракетибиз мына мындай эле:

«Биз жолдошубуз Нурматты аскерге узатканы барып военкоматтын короосунда турат элек. Менин ошол жерде экенимди уккан Бермет издеп келип жолукту да: «Сейит, мени бүгүндөн калбай үйүңө алып кеткин, болбосо экөөбүз айрылышабыз. Жогорку айылдан эки үч зөөкүр немелер ар түн сайын машина менен келишип, тынчымды кетирип жүрүшөт. Эгер сен кетпесең...» - деп ыйлады. Бермет экөөбүз сегизинчи класстан бери эле сүйлөшүп жүрчүбүз. Кийин биздин колхоз совхозго бөлүм болуп кошулганда анын парторг болуп иштеген атасы Байсорунга көчүп кеткен эле. А Бермет экөөбүз кат аркылуу байланышты үзгөн жокпуз. Берметтин мага жазган каттары бүтүндөй менде сакталуу, керек болсо көрсөтөм. Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, ошон үчүн мен андан ажырап кала албайт элем». Бул Сейиттин жазган түшүнүк каты. Бермет болсо жогоркудай деп келип аягында муну кошумчалады:

«...бизди милицияга берип иш козготуп жаткан папам менен мамам. Ал экөө мени кичинемден бери эле: «Университетте мугалим болуп иштеген таякең бар, онунчуну бүтөрүң менен ошол таякеңдин колуна тапшырабыз, анан «физматты» бүтүп чыгып сен да мугалим болосуң» - дешчү. А мен физиканы да, математиканы да жек көрөм, ошон үчүн ал сабактардан эптеп эле «үч», «эки» деген баа алчумун. Кийин онунчуну бүткөндөн кийин таякемдикине бардым да университетке кирбей тигүүчүнүн окуусун бүтүрүп кайта келдим. Келсем, папам менен мамам тигүүчүлүк ишке иштетпей коюшту. «Ушул күздө кайра жетелеп барып физматка өзүм көздөй отургузуп келем» - деп жүрчү мамам. Сейиттин мага жазган каттарын көрүп калганда: «Беш эрге тийсең да кайра жулуп келип окутабыз» деп мени аябай урушушчу. Ичим күйгөндөн мен Сейитке батыраак үйлөнүп алалы деп кат жазсам «коё туралы, шашпайлы» дей берчү. Ошон үчүн жогорку айылдын балдары жөнүндө шылтоо айтып, солдаттардын машинасына отуруп алдым да Сейит менен кошо кетип калдым...»

- Бу жазганыңар, чээнден чыккан маскарачылык! Жаш кызды зордуктап ала качканыңар аз келгенсип, эми анын башын айландырып ата-энесинен ажыраталы дедиңерби?! Албетте, кыздын турмушу бузулду, эми ал аргасыздан силердин сөзүңөрдү сүйлөйт. Билебиз биз андай «сүйдүм, тийдим» кандай жасалаарын. Мен силердин көпкөн жериңерди беш мүнөттө быш эткизе коём, уктуңарбы! Кана, ал үрпөйгөн бала, берчи мага кыздын жазган каттарын. Бирин калтырбай алып кел! - дейт ал Сейитке.

Делбең таноо тергөөчү мурутун сылай майланышып,- энтигип айткан сөздү деги чымын учканча көргүдөй эмес. Биз аны тегеректей дымырап Сейиттин оозгу бөлмөсүндө тура бердик. Бир пастан кийин жоон тутам болгон кызыл-тазыл конверттүү каттарды көтөргөн Сейит келди үлдүрөп:

- Мынаңыз...

Ушул арада Бермет ортого түшө калса болобу. Сейиттин колундагы каттарды жулуп ала албууттанып, кызарып кетти.

- Окутпайм, акыңыз жок! Мен сизге түшүнүк жазып бербедимби, жетет ошол. А бул каттарды мен сизге жазган эмесмин!

Ошенткенде тергөөчүнүн да бетине темгил тарам кызыл кан тээп чыга калды:

- Во-во-во, көрдүңөрбү, болору болгон соң ошентип күйөөңдүн таламын талашып этегине жармашасың. Антпесең эртең эле «эрден чыккан катын» болуп көчөдө каласың да. Алдагы сенин каттарың эм-ээ-эс, мейли, ары катып койгула. Ансыз да мен күйөөңдүн эсебин табамын!

- Күйөөмө сиз жабышпаңыз. Мен сизге арызданган эмесмин, сизди бул жерге эч ким чакырган да эмес...

Бермет ошентип катуу айткандан кийин биз да жапырт тергөөчүгө асыла кетип чуулдап жибердик эле, ал туруп кекенди да кетип калды. Ал кеткенден кийин бейжайды эми жанатан бери эрдин тиштеп унчукпай төрдө отурган Сейиттин энеси салбаспы:

- Каралдым, каралдым, же бир атаң маркум тирүү болсочу. Балагат энөө кезиңде түрмөгө түшпөдүңбү эми, куурабадыңбы. Анча эмне башыңа күч келди эле, үйлөнбөсө коё кал сен. Мобул теңтуштарың азгырган го, чырагым. Милийсаны силер оюнчук көрбөгүлө, ботом. Милийса кылам дегенин кылат, айланайындар эмнени баштадыңар эле кууратып? - деп такыр эле өңүнөн кетип калчылдап алыптыр байбиче. Ары айтсак да, бери айтсак да сооронбоду зар какшап. Аны угуп-көрүп турган Бермет да көзүнүн жашын он талаа кылып солоктоп кирди. Сейит да мүчүп жашыды. Мен тунжурап тергөөчүнүн карөзгөйлүк кылганына ичим өрт болуп, көкүрөгүмө таш жанчылгандай ачышып олтура берипмин. Үй ичи коюу түн басып караңгы түшсө да, жарыкты күйгүзөйүн деген эч кимдин оюнда жок. Адам ошентип катуу жапа чеккенде өзү менен өзү жалгыз болуп, же мына моминтип караңгыга камалып, бөтөн көздөрдөн безе, жоголуп калгысы келсе керек. Балким төртөөбүздү тең азыр маскара шылдың болгондук, алсыздык күйүт бийлеп алды, ошон үчүн жарыктын кереги эмне эле бизге. Жарык деген көңүлү жайма жай, адамдык баркы төмөндөбөгөн, биринен-бири корунбай тике жүз караша ала турган кишилерге керек. Алар бир-бирин көрүшсүн, сүйлөшүп жадырашсын, а биз төртөөбүз азыр эмне деп, кантип жадырайт элек...

Ал түнү мен ошентип үйгө жетпей Сейиттикине конуп калдым. Түнү бою бушайман болдук. Сейит, Бермет үчөөлөп тергөөчүдөн өч алыштын акылын тегеретип таппай чыктык таң аткыча. Менин сунушум мындай эле: Берметтин Сейитке жазган каттарын көтөрүп барып милициянын начальнигинин алдына жайып коюу, анан ал жаңкы жерден таноо тергөөчүнү чакырып алып биздин көзүбүзчө «сен тергөөчү эмес эле доңузсуң! Эки жаштын ак дилине сасыган мурутуңду салып булгадың. Алардын тунук сүйүүсүн, жаңы эле курулган наристе таза бүлөсүн буза жаздадың. Бул өзү кылмыш! Советтик моралдын, элдик милициянын бетине көө сыйпаткандык. Ошон үчүн мен сени катуу жазалашым керек!» - деп ойда зекигенин угуп, канааттанып жыргап туруш. Бирок ал оюм ишке ашпачудай:

- Каттарымды бир кана кишиге арнап жазгамын, башка эч кимге окутпайм, көрүнгөн окуй бергидей жомок эмес алар,- деп Бермет чорт кесе кагып салды мени.

Ары кетип, бери кетип, башка акыл-айла чыкпаган соң, эртеси жумушка чогулган жерибизден иштин болгонун төкпөй-чачпай Асекке айтып бердик. Биз аны прораб болгону оор басырыктуу, калибет тартып калды деп ичибизден баамдап жүрөр элек, көрсө андай эмес, баягы эле буркандап кайнап кетмей кыялы экен.

- Мен бүгүн райкомго барам, ал мурутчандыбы, анын мындан башка да кылганы жетишет! - деди ал отурарга жер таппай, алапайы түшө кумсарып. Ал кезде Асек партия мүчөлүгүнө кандидат болуп өткөн болучу.

Биз ошону менен ишке кеттик, жумуш колдон түшүп көңүлсүз: «Эй Рахман, тигини кылчы, муну кылчы» деп эле бизге жаңы кошулган жаш баланы кыйнай бердик. Ал да биздин үтүрөйгөн кейпибизден чочуладыбы, айтор элпек чуркап бир тынбайт. Чынын айтыш керек, биздин ошол Рахман деген төртүнчү «мүчөбүз» да ой мыкты иштерман бала болду, колубузду узартты бейм. Ошого ичибизден сүйүнүп ыраазыбыз, бирок сыртыбыздан сыр бербедик өзүнчө. Иштесин, биз ушундай жападар кайгы болуп жүргөндө эки ирет балтаны ашык чапса колуна жугуп калбайт. Көнсүн! Ошентип биздин комсомолдук бригадага кошулганын актасын!

Былтыр эле өз колубуз менен дем үрөп, жоктон бар кылып, жан ынтабыз менен жапкан сарайды буза салыш оңой болгон жок анда. Сарайдын үстүнө жапкан ылайды тегиздеп тарткан мастерогубуздун изин каккан мыктарыбызды, чапкан балталарыбыздын изин ар ким өз-өзүбүз жаземдебей таанып жаттык. Кыштата мында бир короо субай кой жаткан болчу. Кашардын ичи-сыртын бүтүндөй эзиле бышкан карагатты чачып койгон сымал былжырап, текши коргоол жаап калыптыр. Башка эч буруусу жок, былтыр өзүбүз калтырып кеткендей. Баса, жыты гана өзгөрүлүптүр сарайдын. «Куруп болуш миң күндө, буза салыш бир күндө» дегендей, жайды жайлата, кыш түшкөнчө иштеп өлө тала араң жапкан сарайыбыздын ошо көңүлкош эле басып-туруп жүргөндө да эки күн айланбай жок болду. Асектин көрсөтмөсү боюнча эми короо тамдын кырына бүтүндөй айландыра бышкан кирпичтен тизип, үстүн шифер менен жапмакпыз. Ошол арада чабанга деген эки бөлмө үйдү да кире коймо кылып колдон чыгарышыбыз керек экен. Жыгачтан кенен, түркүк ордуна үч жагы эки ачаланып шынга куюлган бетон столбалардан жеткирип беришкен. Билек түрүп бел чечсек эле иш өзүнөн өзү кызыган турат, бирок анте албай да көңүлүбүз алагды.

Ошентип а боло, бу боло ымтырап ишти баштамакчы болуп жаткан күн эле. Айдыгулов деп биз сыртынан угуп жүрчү райком комсомолдун секретары келип калды. Эң эле жүзү сулууча келген, бекене бойлуу жигит экен ал. Таар жапкан жеңил машинасын өзү айдап бизге жеткиче дагы нечен катар жол басып ойда жанчылган өңдүү. Кыркабыз менен кол алыша эсендешип отурду да бирден тамеки чегише кеткенден кийин ал:

- Сейит деген ким болот ичиңерде? - деди. Анан ал-жайды сурап башка сөзгө: - Өзүнчө комсомолдук бригада турбайсыңарбы. Жанагы силердин уюмдун секретарынан отчёт сурасак, «бир да звено түзүлгөн жок» дебеди беле, кызык жигит болсо керек ошол өзү,- дей кетти. Көңүлү чөгүп алда эмнеге кабатыр болгонсуйт Айдыгулов өзүнчө. Ошол да, ар кимдин эле өз кызматында түйшүк, өз кызматында түгөнбөй жаткан кокуй алат.

Акыры ал баарыбызды тең тизмелеп блокнотуна жазып алды. «Звенобуздун составы бешөө элек» деп аскерге кеткен Нурматты да жаздырып койдук эмнегедир. Азырынча эми төртөө элебиз, баарыбыз тең комсомолдун мүчөсүбүз.

Мухтар ошентип Айдыгуловго буйдалбай жооп берип жатты. Дегинкиси звеновой болгону ал ким менен эмне деп сүйлөштүн жайын үйрөнүп алды бат эле. Асек келсе бир кездеги анын өзү окшоп, кээде бар эле нерсени «тиги жетпейт, бу жетпейт» деп дулдуңдай кетет. Мураптар менен суу талашып сүйлөшөт, мына эми Айдыгулов келгенде комсомолдук иштерди саймедиреп жатат. Ушинтип толгон-токой иштин жайын үйрөнүп, билип алат болсо керек жанагы кызматкер адамдар.

- Көпкө сүйлөштүк, анан кайтаарда Мухтардан улуксаат сурап, Сейитти өзү менен кошо ала кетти Айдыгулов.

- Болуптур, жигиттер, көрүшкөнчө саламат болгула. Эң сонун үлгүлүү иш баштапсыңар, муну бүт районго айтыш керек. А Сейиттин иши жайында болот, коркпогула. Баса, дагы бир комсомолец таап звеноңорду толуктап албайсыңарбы?...

Айдыгулов эң акыры дагы бир кайтара Мухтардын «Прибоюнан» күйгүзүп, ээрдине кыстарып алды да анан Сейит экөө жүрүп кетишти. Көрсө ошондо ал Асектин кабары боюнча келген экен бизге. Ал күндөрү мурутчан тергөөчү да жөн жатпай Сейит экөөбүздү карматмакка прокурордон санкция сурап жүргөн эле угушубузда. Кыскасы, иштин эмне менен бүтөрүнө көз жетпейт, башыбыз маң...

Ар күнү таңдын эре-сересине кыштактан бөлүнө чыгып, шаңкайган жал тоолорду бет ала жашыл тулаң беде аралап жорто кеткен эки аяк жол менен келе бердик кашарга. Ар күнү буурул кечте Долоноту суусун бойлоп жөнөп ылдый кайтып кетебиз. Чоң шашкеде жетип келген жайдын ысык аптабы ылдый, түзөңдөн, айыл ичинен төртөөбүздү издеп таппай калат ошентип. Иштеп жаткан жерибиз Боз-Тумшуктун өңүрүндө, салкын жайыкта.

Кийинки күндөрү ичибизде айтаарлык деле жаңылык жок сыяктуу. Сейит болсо жаңы жазган ырларын эми бизге чендетпей, өзүнүн Берметине гана окуп берчү болуп калган. Мейли, ошондой болгону да оң экен ойлоп көрсөк - ыр кимге арналса, ошол өзү окуганы жакшы. Антпесе, үчөөбүз үч жактан ой-тоону чачкылап айтып, түшүнбөй эле ырларын терип-тескей берет экенбиз кээде. Анын баарын уга бериш Сейитке эле оңой боло коюптурбу...

Үчөөбүз дегеним - Нурматты аскерге узаткан бойдон ордуна киши алиге таппайбыз. Айылда көп эле ар кыл балдар бар, бирок көңүлгө толук төп келбейт.

- Силер качанка чейин киши тандап жүрөсүңөр ыя? - деп бир күнү кабагын чытып келди Асек.

- Бүгүн кечинде Сейиттикине келгин,- дедик аны биз. - Чогуу олтуруп сүйлөшөлүк...

- Ой, бир жеткен маңызсыңар да «ассамблея» чогултуп. Кечте колум бош эмес, жолго даярданышым керек. Силер периште издегенсибей, айылда нечен таш билек жигиттер жүрөт, ошолордун бирин чакырбайсыңарбы!

Асек ал кечте Ош тарапка жөнөгөнү кам уруп жүргөн болчу ырас эле. Район боюнча бир нече адистер чогулуп, ошол түштүк чарбаларына тажрыйба алмашууга барышат экен. Сейиттикине келе албасын айтты да ал бизге наалыган бойдон карбаластап ишине жөнөгөн анда.

Кечте төртөөбүз өзүбүзчө чогулдук. Сейиттикине келип сүйлөшөр сөздүн дагы бир жагдайы бар эле айтмакчы. Ал - Берметтин иштей турган кызматы. Айылда болгон кызмат, теримдин эч биринин Берметке ылайыгы жок. Дегинкиси, жалпылап алганда, кайсы эле иш болсо да колго жугар эмес ко, бирок башка да бир себептер чыгып туруп албадыбы. Берметтин өз кесиби боюнча айыл ичинде тигүүчүлүк кызмат жок. Сатуучу деги боло албайт, төрөт үйүнө да атайын билими болбосо албаса керек. Кыскасы, аялдарга кошулуп алып эле бригадир бар деген жакка барып: «ар кандай» деп койчу талаачылык ишке чыгып турбаса, башка арга калган жок.

Оңдуу эч нерсе ойлоп таба албаган соң Берметтин өзү менен кеңеше турган болгонбуз. Баса айта кетели, баягы тергөөчү салган чатакчы? Ал мындайча болуп бүткөн: ошол өзү партиялык катуу сөгүш алыптыр. Эми ал мурутчан, сөгүштүн өчүн «ушул ишке сен чалдыктырган болчусуң» деп Берметтин атасынан алганы чамынып жүрөт имиш. Баланын эле ойну буюрбасын жо деги, кээ бир чоң эле кишилердин өзү кызык. Кылган кылыгын угуп-көрүп отуруп деги эмне деп айтаарыңды да билбей кетесиң. Эс-акылдуу деген эле улуу адамдар да ушундай калпыс болорбу?..

Эл оозунда: «акыл жаштан чыгат...» деп коюшат эмеспи, анткен менен ошол кечте Сейиттин энеси бизден чыккан акылга такыр көнбөдү:

- Койгула садагалар, келиним үчүн башыңарды оорутпай эле жөн койгулачы. Иштебесе бир жыл, жарым жыл үйдө отура турар. А тигил кара жаак катындарга кошулуп кетмен көтөргөндө эмне болот, катыгүн... Бирөө «аксак» деп чыкпайбы эртең эле, арман күн. Жумурткадан кыр чыгарган ээн ооз немелер ушул чычкандай сары оозул баланы соо коюшат беле? Силер тим эле бейакыл бойдон турбайсыңарбы, катыгүүн. Иштебесе койсун, деги келинимдин кулак жаны тынч болсун, ачкадан өлүп кетер заман эмес азыр, кудая шүгүр...

Байбиченин бул айткандарына эмне дешке болот эми. Эскичилик караңчыгылык десек ошого эле көчө койгон турабы? Көнөт эмес, кайра ошондо анык чаң-асманыбызды чыгарган турбайбы байбиче. Кейпинен көрүнүп турат, Сейиттин энеси биздин ушул сунушка каршы кашык каны калганча күрөшчүдөй, чүтүрөйүп, окторулуп алыптыр. Төртөөлөсөк да жөнгө келчү түрү жок. Антсек төртөөбүз тең о дүйнөдө да эстеп кеткис сокку жечүдөйбүз кемпирден. А сокку демектин эң орчуну баягы эле Сейит шор таалайга тиери бештен белгилүү болуп турбайбы. Эне аныкы, аял аныкы. Ошону байкап биз азырынча, байбиченин ачуусу чыгып кеткиче деп, лам ооз ачкан жокпуз. Деле Бермет жөнүндө сөз болгонун укпаган түр менен шахмат ойноого киришип кеттик өзүбүзчө. А байбиче дагы эле бизди тиктеп чекчейип, «а» десек эле кайра тура «кармашка чыкчудай» кыязда ээрдин бекем түйө комдонуп төрдөгү шырдак үстүндө отурат. Ал аңгыча Бермет өзү сөзгө аралаша мындай деп калган:

- Менин кайда иштээриме ырас эле силер эмне анча баш ооруттуңар? Баары бир жумуш болгондон кийин силердин звеноңорго кошулсам деле иштебеймби. Ансыз деле өзүңөр: «бешөө болот элек» деп киши издеп жүрөсүңөр го?..

Ошол күтүлбөгөн сөздөн кийин үй ичиндеги тынчтык дүрр этти бейм. Ырас, мындай опоңой эле турган акылдын табыла калганына сүйүнүп кеттик баарыбыз тең. Анан жапырт бурула Сейиттин энесин карап калдык. Бул өзү байбиченин сөзү акыркы сөз болорун баарыбыз тең моюнга алган кыяз болуп чыкты көрүнөт. Ошону сезип ал киши да бир эсе жумшай түшкөнсүдү. Анан улам эле бир акылга көнбөй чалкадан кете берген кары кишиге жарашабы чын жери. Анын үстүнө кайын эне үчүн келиндин эң эле жайлуу орду, күйөөсүнүн жаны болбойбу, андан ишенимдүү жер үстүндө дагы кандай жай болмок.

- Ие андай болсо да бир жөн го, анан жанакы ажаандай болгон сары тиш катындарга кошулганда болобу, жо деги, кудайды бир карасаңарчы,- деди акыры кемпир жайдарыланып.

Иш макулдашылып санаабыз тынгандан кийин анан баарыбыз тең күлө кеттик. Ырас эле биздин звенонун бири кем эле да, өзүбүз да ылайыктуу алда кимди издеп жүрөт элек, анан ошол ойго келбегенин карасаң.

Ошентип эсибиздин жоктугуна өзүбүз калптан эле айран калып, шатыра-шатман күлө бердик. Аңгыча, түндүн о бир оокуму эле, сырттан бирөөнүн каңырыш үнү угулгансып калды. Жабыла жүгүрүп чыксак - Асек.

- Сүйлөштүңөрбү? - деди ал дарбазаны ача электе эле буй түшүрүп, кыязы жуунуп-чайынып, жол камын көрүп жатса керек, суйдаң кара чачтары жол-жолунан төгүлүп али суу. Бутуна үй тапочкасын илген бойдон жүгүрүп келген экен, чолок жең көйнөгүнүн көкүрөгү жакжайып, кыржайган айры төшү үстөккө-босток демигет.

Биз бир азга буйдала түштүк. Берметти звеного кошконубуз Асекке жакпас бекен деген күнөм болду окшойт ар кимибизде. Акыры, айта турган сөз болгон соң деп мен ооз учуман күңк эттим:

- Берметти...

- Берметтиби?! Жумуш оор...

- Иштейм,- деди.

Ошол арада үйдөн чыга келген Бермет:

- Иштебегендей эмне жарым жандуу белем. Ошол оор деген жумуштардын ичинен эле эки кишини чарчата турган жеңилдери бардыр. Эгер такыр эле иш колумдан түшүп калса ошондо анан айтыңыз.

Эртеси биз Асекти жолго узатып жибердик.

- Көрүшкөнчө! - деди ал баарыбызды бир камтычудай кучагын кенен жая калып. Андан соң сүрдүгүп келип тигиндейге токтогон автобусту көздөй обдулду. Анын эрбелеңдеп жеңил көтөрүлө чуркаганын, автобустун тепкичине буту илинээр менен биз жакка шарт бурула жүзү албырып күлгөнүн жылуу карап турдук.

Билимине билим кошуп үйрөнүп, өнөрүнө өнөр жамап көбөйтүп келмек болуп жол тарткан Асекке анда биз «ак жолуң шыдыр болсун» деп тилек тилеп, ар кимибиз өзүбүзчө бир сөөктөш, бир киндиктеш кишибизди узатаарда жан дилибизден чыккан адил сөздөрүбүздү кайтара шыбырап, автобусту ээрчий жүгүрүп бара жаткансыдык.

«Биз сени көрүп өстүк, Асек! Сенин жалоондой өрт кыялыңдан өзүбүзгө дем коштук. Сенин карасы жок ниетиңден өзүбүзгө ниет коштук. Сен эми жолго чыктың, Асек, ата журтту аралап жакшыны көр, турмушту ылгап нускаңды өркүндөт. Ошол өнөр, ошол билим бизге өрнөк болсун, биз үчүн үлгү-сабак болсун!» - дегенсидик бешөөбүз бир үн менен.

Тынымсыз куюп турган өзөндөрү бар, ырыс-көлү бөксөрбөгөн сыяктуу биз анда кайрадан толуп, кайрадан бешөө болгон элек.

Ар күнү таңдын эре-сересинде кыштактан бөлүнө чыгып, шаңкайган ак жал тоолорду бет ала жашыл тулаң беде аралап жорто кеткен эки аяк күңүрт жол менен келе бердик. Долоноту суусун бойлоп жонос ылдый буурул кечте кайра кетебиз. Кайрадан бешөөбүз.

*     *     *

Ушуну менен өмүр баянга дагы эки сап кошулду, саңоор түлөк жигиттердин алдында дагы канча саябалуу оош-кыйыш өмүр бар? Канча дүбүрт жол жатат?...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз