Нурдин Усеев: Беш сөтүк жер

  • 27.07.2020
  • 3998

АҢГЕМЕ

Азамат колундагы кагазды ачып, дагы бир жолу көз жүгүрттү: “Расписка. Мен Акмолдойов Руслан Койлубайев Азаматка Ак-Ордо жаңы конушунан беш сөтүк участак жер саттым. Аванс катары беш жүз доллар алдым. 5-актябр, 2006-жыл”. Сүйүнгөн жок. Канча жылдан бери эңсеп келген тилеги орундалып, Бишкектен жер тилкесин алып жатса да көңүлүндө сүйүнүч жок. Тескерисинче, ичин таарыныч, ызалануу буулуктуруп барат.

Азамат бир иркилип, автобустун терезесинен караса, өзү иштеген Илимдер академиясына жакындап калыптыр. Автобус аялдамага токтоду. Жол эки ача болуп бөлүнүп кеткен жердеги аянтчадагы реклама щитине көзү түштү. Мурун ушул жерде биринчи жолу көргөндөрдүн көңүлүн өзүнө буруп, “Эмне болду экен?” деген суроо жараткан атомдун планетардык модели турчу эле. Азыр анын ордунда замандын өзгөргөнүн, адамдарга, коомго эмне маанилүү экендигин айкын көргөзүп, бардыгына белгилүү бир чет өлкөлүк фирмага таандык муздаткычтын реклама щити жаркырайт.

Окумуштуу болуп, Илимдер академиясында иштөө бешинчи класстан берки кыялы болчу. Китептеги Илимдер академиясынын сүрөтүн улам-улам карап, ушул жерде иштесем деп самачу. Бардык сабактарды мыкты өздөштүрсө да, математикага өзгөчө көңүл бөлчү. Анын үстүнө мугалими Мукамбет агай да сабагын мыкты өтүп, математиканы куру сандар катары эмес, дүйнөнүн сырын аччу формуладай түшүндүрчү. Ушундан улам университетте “Колдонмо математика жана информатика” адистигинде окуп, аспирантурада калды. Окумуштуу болуп, илимий изилдөө жүргүзөм деп, Илимдер академиясынын Математика жана информатика институна жумушка орношту.

Айлыгы аз болгондуктан кенже илимий кызматкер деген изилдөөчүлүк штаттан башка академиянын китепканасында программист да болуп иштеп жүрдү. Эки жумуштан алган айлыгы бойдок жашоосуна жетчү. Убакыт өтүп, жашы жыйырма бешке жетип, анын үстүнө көңүлүнө арзыган кызга жолугуп, мындан беш жыл мурун үйлөнгөн. Кыздуу болушту. Баягы айлыгы эчтекеге жетпей калды. Бактысына жубайы Асел түшүнүктүү чыгып, анын колуна кол, бутуна бут болуп, күндүз мектепте иштесе, кечинде заказ алып кийим тигет.

Акыркы жылдары иши жакшы жүрүшүп, жер сатып алганга кеткен беш миң доллардын жарымын чогултканга жардамы тийди. Жарымын ата-энеси берди. Азамат ичинен сөгүнүп алды. Жашы отузга чыкса да, ата-энесинин көзүн карап жүрөт.

Так ушул академиянын жанында, автобуста болуп өткөн бир окуя эсине түштү. Анда Илимдер академиясындагы жумушка жаңыдан орношуп, бала кездеги “Академияда иштесем” деген кыялы орундалган үчүн буту жерге тийбей асмандап жүргөн. Бир күнү жумуштан кийин бирдеңке алыш үчүн Ош базарына барды. Алчусун алып, үйүнө жөнөмөк болуп, так ушул 20-автобуска отурган. Адатта жаштар, анан орун бошоткусу келбеген орто жаштагы эркектер үйүгүшүп алчу арка жагына өттү. Арткы орундуктардын биринде айылдаш агасы, Кыргыз тили жана адабияты сабагынан берип жүрүп, кийин жакшы жашоо издеп, шаарга кетип калган Муса агайы отуруптур. Барып салам берип, сүйлөшүп калды:

- Саламатсызбы, агай.

- Саламатчылык, саламатчылык. Аа, Азамат, сенсиңби? Кайдан?

- Ош базарына баргам, телефонго зарядка алганы. Үйгө баратам. Сиз каяктан, эмне кылып атасыз?

- Мен да үйгө баратам. Кудайберген базарында контейнер иштетип атам. Кудайга шүгүр, ишибиз жакшы. Кайсы жакта турасың?

- Көлбаев көчөсүндө, жанагы гостинка үйлөрдө турам.

- Аа. Биз Аламедин бирден квартира алганбыз. Каякта иштеп атасың?

Илимдер академиясынын жанынан өтүп баратышкан. Азамат сыймыктануу менен академиянын имаратын көрсөтүп:

- Мобул жерде, академияда иштеп атам! – деп компойгон үн менен жооп берди.

Муса агай кайдыгер гана:

- Аа, - деп койду. Автобус Академия менен катарлаш жайгашкан Улуттук банкка жетти. Муса агай колу менен банктын имаратын көргөзүп:

- Мобул жерде иштесең болмок! – деди.

Бая Илимдер академиясында иштеп атканын сыймыктануу менен белгилеп, агайынан мактоо сөз күтүп, шерденип турган Азаматтын башынан ылдый муздак суу куюп жибергендей болду. Башкасы башка, бирок Муса агайынан мындай сөз, кайдыгер мамиле күткөн эмес. Адабияттан сабак берип жатып, жашоодо бардыгы эле акчага байланбай турганын, адамды башка жаныбарлардан бөлүп турган искусство, маданият, илим сыяктуу көңүл кирин кетирген сулуулукка, асыл ойго, адамзатка пайда көздөбөй кызмат кылууга негизделген  түшүнүктөр бар экенин айтчу эмес беле. Ал тургай тогузунчу классты бүтүрүп жатканда эркин темада жазган “Келечектеги максатым” деген дилбаянындагы окумуштуу болуп, илим изилдеп, элге кызмат кылсам деген жан сырын окуп, батасын бербеди беле...

Азамат бир иркилип, терезеден сыртты караса, Ак үйдүн жанынан өтүп баратышыптыр. Жер саткан Руслан, эки саат мурунку окуя эсине түштү. Русланды таап берген кесиптеши Асыл эженин айтуусу боюнча ал Жогорку Кеңештеги бир депутаттын жакын инилеринен болуп, анын жерлерин сатат экен. Ал эми тиги депутат бул жерлерди 2005-жылкы төңкөрүштө эл Бишкектин жака-белиндеги жерлерди басып алып атканда чоң акча берип, дүңүнөн алып коюптур. Бир жыл ичинде депутаттыгына салып, үй курганга ылайыктуу жер деп өзгөртүп алды да, мына эми азыр төрт-беш сотыхка бөлүп сатып, он эсе көп пайдага туйтунуп жатат.

Төңкөрүш демекчи, 2005-жылдын 24-мартындагы “Жоогазын төңкөрүшүнө” өзү да катышкан эле. Чогуу иштеген Бакыт экөө батыш тараптан келген колоннага кошулуп, Акаевди кетиришсе эле, Кыргызстанга ак төөнүн карды жарылган турмуш орноп, эл куунап жашап калчудай эрдемсип жүрүшкөн. Атасынын башынабы! Калкты жаркын келечекке алып барат деп ишенген бир ууч топ өз ичинде кырылышып, кызмат талашып, Ак үй менен Көк үйдөн кабинет тийбей калгандары күн алыс митинг уюштуруп, элди дүрбөтүп жүрүшөт. Революция дегениңдин пайдасын шылуундар эле көрөт турбайбы. Мына Руслан менен анын депутат агасы. Өзүнөн беш-алты жаш кичүү Русландын алдында “Тойота Прадо” жол тандабас. Ал болсо акчаны үнөмдөш үчүн бир айга күбөлүк алып, автобус, троллейбус менен жүрөт.

Жолукканда да өзүнө ишенген өктөм үн менен теңине албай сүйлөштү. Жол тандабасынын эшигин ачып:

- Кел отур, – деди.

Биринчи жолу мындай машинага отурган Азамат апкаарып, бир жерин сындырып же булгап албайын дегенсип, куушурулуп көчүк басты. Аны байкаган Руслан:

- Канча сөтүк жер аласың? – деп сурады.

- Канча сотыхтан сатасыңар?

- Төрт, анан беш. Беш сөтүктүктөр көчө боло турган жерлердин бурчунда.

- Баасы канчадан болуп калат?

- Төрт сөтүк - төрт жарым, беш сөтүк - беш миң.

- Мен беш сотых алам.

- Анда тээтиги жерде беш сөтүк бир участак бар. Ошону байкап көр, – деген Руслан ар кайсы жерлерде үйлөр салынып аткан талаанын бир жерин көргөздү. Машина менен бат эле жетишип, Руслан картасын алып чыгып, Азаматка ала турган жерин тактап берди. Өлчөп көрсө, беш сотых чыккан жок.

- Бул жер беш сотых эмес экен. Төрт жарымдан бираз эле ашат ко.

- Кандайча? Мына, картада беш сөтүк деп белгиленип турат, – деп Руслан картасын көргөздү.

- Туура эмес эсептешиптир. Мен математикчимин. Мына момундай болот, – деп түшүндүргөнгө аракет кылды. Руслан анын параллель, косинус, бурчтук сыяктуу геометриялык терминдер аралашкан сөзүн ныпым түшүнгөн жок.

- Коё турчу! Ваапше түшүнгөн жокмун. Аласыңбы же албайсыңбы? Албасаң башты оорутпачы!

- Кандайча башты оорутпачы?! Силер биринчи тактап туруп сатпайсыңарбы.

- Ким эле атың, тиги, эме, албасаң убакытты албай кет. Алам дегендер  толтура, – деген Руслан картасын жыйып, машинасына отурду.

- Коё тур, коё турчу. Алам. Бирок кийин аянтын тактайлы. Макулбу? – Азамат үнүн жалооруган мукам менен ичкертип, машинага кошо отурду. Себеби 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин Бишкектеги үйлөрдүн, жерлердин баасы асман чапчып, кымбаттап кеткендиктен булардын жери салыштырмалуу арзан болчу.

- Макул, көрөбүз аны. Анда аванс ташта, беш жүз доллар.

Азамат курткасынын төш чөнтөгүнө бекем каткан беш жүз долларды чыгарып, айрып албайын дегенсип, кылдаттык менен бирден санап берди. Руслан акчаны даараткана кагазындай алып, шымынын чөнтөгүнөн уучтап чыккан бир тутам долларга кошуп, кайра салып койду. Бир кагазга тил кат жазып берди. Азамат анын катага толгон тил катын окуп чыгып, үн-сопкутсуз төш чөнтөгүнө салды. Сөтүк, сөтүк!!! Кимдин көзүн карап, кандай абалга түштү. Ал, илимдин кандидаты, Россия, Европа, АКШдагы журналдарда орусча, англисче жарык көргөн бир канча илимий эмгектин автору болгон ал аты-жөнүн туура жаза албаган бир чала сабаттын көзүн карап, жалдырап отурат!

Азамат бир иркилип, терезеден сыртты караса, “Айчүрөккө”, ЦУМга келип калышыптыр. Ичиндеги ызалуу ой андан ары уланып, ЦУМдун ичинде бутик кармаган классташы Максат эсине түштү. Тагыраак айтканда, эки жыл мурун Максаттын аялынын туулган күнүндөгү окуя оюна келди. Аяшы Жыпаранын туулган күнүн шаардын эң кымбат кафелеринин биринде даярдашыптыр. Максаттын классташтары, Жыпаранын курдаш кыздары болуп көңүлдүү отурушту. Дасторконду келиштире жасашыптыр. Даамдуу тамактан жеп, ичкиликтен ичип, аркы-теркиден сүйлөшүп атышты. Сөздөр сөзгө уланып отуруп, кимдикине конок барып-барбаганына келишти. Алагүү болгон Максат:

- Эй, Азамат. Сеникине качан конокко барабыз? – деп калды.

- Эми, кудай буюрса, үй алайын. Анан конокко чакырам.

- Качан үй аласың? Төөнүн куйругу жерге тийгендеби? Төөнүн куйругу жерге тийбейт да, билесиң, – деген Максат аркылдап каткырып калды. Анын бул сөзү көңүлүнө оор тийсе да, жагымсыз абалды жайгарып, ошол эле учурда Максаттын натураасын жалпак тил менен кыйытып айтыш үчүн Азамат да кара күчкө күлүмүш болуп:

- Чыдай тур бираз. “Жанын бага албай калат деп, дөөлөттү берет жаманга, эптеп жанын багат деп, өлчөп берет жакшыга” дегендей, кудай мага акырындан, акырындан берип атат. Үй да алам жакында, – деп жооп берди.

Максат түшүнмөмүш болуп, официантка бурулуп кетти. Кече бүтүп, үйүнө келишкенде жубайы Асел жанатан бери кармап келген ачуусун чыгарып, буркулдап алды:

- Төөнүн куйругу жерге тийгендеби деп. Өзүчү, өзү? Акчасына, ЦУМдагы бутигине карап, өзүнөн эки эсе чоң  немени алып алып, сүйлөгөнүн кара! Андай эле кыйын экен, даяр үйгө кирип алып, чоң сүйлөбөй, сүйлөшүп жүргөн тигил Мээримге эле үйлөнүп, өз күчү менен үй салбайт беле.

- Эми койчу аны, Асел. Башыңды оорутуп эмне кыласың? Сүйлөй бербейби. Анын үстүнө мас да болуп калыптыр, - деген Азамат өзүнүн да жини келип турганына карабай, жубайын жооткотту.

- Жок. Мени сенин кадырыңа ичим ачышып атат. Акылдуусуң, билимдүүсүң, илимий иш жазып атасың. Бирок ушулардын баркын билген киши, акысын берген мамлекет барбы?

- Асел, сүйлөшпөдүк беле. Илимдин жыйынтыгы бат чыкпайт, үзүрү тез эле көрүнбөйт. Кудай буюрса, элдин турмушу оңолуп, мамлекет өнүксө, илимге да көңүл бурула баштайт. Илим мыйзамы боюнча академияда иштеген үйү жок кызматкерлерге үй берилиш керек. Ал тургай, кабинет үчүн өзүнчө бөлмө да каралган.

- Кыргызстан оңолуп, курсактан башканы ойлонгончо, экөөбүз карып кетебиз го.

Азамат Аселди кучактап, бетинен өөп:

- Болот, болот. Баары жакшы болот, - деп кулагына шыбырады. Асел анын кучагынан суурулуп:

- Азамат, Зарина эже бар го, биздин айылдан, тоюбузга да келген. Ошол эже мобул кошуна үйдүн жанындагы тигүүчү цехти иштетет экен. Өткөндө жолугуп калдым. Кааласаң, келген заказдардан берем, кечинде тигип берип турасың деген. Ошону албаймбы? Сенин акчаңды үнөмдөп жашоого жеткизсек, менин айлыгымды, анан швеядан түшкөн акчаны чогултуп, эптеп жер алып, үй салалы.

Азамат бираз ойлонуп:

- Кыйналып калбайсыңбы? – деп сурады.

- Кыйналганда эмне? Бирдеңке кылышыбыз керек да.

Ошентип, жубайы кечинде кийим тигип, кошумча акча кылып баштаган. Жер алабыз деп, эки жылда бардыгынан үнөмдөп отуруп, эки жарым миң доллар акча топтошуптур.  Эми ата-энесинен алган карызды кайтарып, төрт бөлмөлүү үй салыш үчүн каражат керек. Жылына орточо миң доллардан чогултушса, он беш жыл кетет экен, он беш жыл!!!

Азамат бир иркилип, терезеден сыртты караса, үйүнө жакындап калыптыр. Үйүнүн жанындагы аялдамадан түшүп, телефонун чыгарып, курсташы Садырга чалды:

- Алло, Садыр, кандайсың?

- Жакшы, жакшы. Аза, сенсиңби?

- Ооба, мен эле, Саке. Өткөндөгү сунушуң күчүндөбү?

- Конечно, брат, күчүндө.

- Эмне ылайыктуу киши таппай койдуңбу?

- Обижаешь, брат. Ал сунушту мен сага гана айткам.

- Анда мен макулмун. Качан чыгайын жумушка?

- Вот это новость! Аза, кааласаң эртең чык. Кудай буюрса, сенин светлый башың, менин ишкердик жигерим менен весь Бишкекти колго алабыз. Заработаем миллионы! Жакында кабельный телевиденияны да ишке киргизген атабыз. Бул проектини өзүң тейлейсиң. Сфераны билесиң.

- Макул, Садыр. Анда эртең менен офиске барам.

- Коё тур, Аза. Шашпай уктап алып, түштөн кийин кел. Сага кабинет даярдатып коёюн. Сен катардагы сотрудник эмес, бизнес партнерсуң, партнёр!

- Макул, макул. Эртең көрүшөбүз анда.

Азамат телефонун чөнтөккө салып, төрт кабат үй-бүлөлүк жатаканадагы он сегиз чарчы метрлик батирин көздөй жөнөдү. Аны башкалардан айырмалап, аз айлыкка кайыл кылып кармап жүргөн ичиндеги жеке керт башына таандык “асыл ой” эрип жок болуп кетсе да, эки айга жетпей ашканасы, жатаканасы, конок бөлмөсү өзүнчө батирге көчүп кетем, эки жылдын тегерегинде  элиталык үйдөн батир сатып алам деген “таттуу кыял” күч берип, кадамдарын салмактуу шилтеп, шайдооттук менен басты. “Баса, жанагы чала сабатка чалып, авансты берип, беш сөтүк жериңди бир жериңе тыгып ал деп да айтып коюш керек” деген ой көңүлүн көтөрүп, жүзүнө жагымдуу күлкү жаратты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз