Жаркынай Эргешбаева: Сийгек

АҢГЕМЕ

Ал ойгонгондо алды суу экен. Төшөккө “жайлап” койгонун билди. Жайлаганына көп болгон окшойт, муздап калыптыр. Туруп суу турсийдин үстүнөн эле көк гүлдүү көйнөгүн кийди да үйдөн качып кетти. Качып кайда бармак эле, кошуна тарапка өттү. Айылда жер чокулаган тооктордон башка эч ким баса элек эле.

Алтыдагы аны катуу ой басты. Эркек бала болсо да бир жөн. Кыз киши болуп туруп... Эми жеңеси элдин баарына жаят да. Теңтуш кыздар билишсе эмне дешет? Алардын бетин кантип карайт? Аларга кантип буйрук берип ойнойт, эч ким укпай калат да. “Сийгек, сийгек” деп кыйкырып качышсачы?! Башын көтөрбөй Мезгил акенин дарбазасынын алдындагы узун жыгач отургучта отура берди.

Эми кайра кантип үйгө барат? Өздөрүнүн үйүндө болсо да бир жөн. Жоок, бул өздөрүнүн эле үйү, болгону ал жерде азыр акеси менен жеңеси убактылуу жашашат. Кошуналары деле өздөрүнүкү болчу, болгону азырынча айылга конок катары келди. Атасынын жумушуна карап район борборуна көчүп кетишкен. Кечээ “китайский” көйнөгүн кийип кычырап келип эле, эми минтип...

Айыл уйкудан туруп, эшиктер кыйчылдап ачылып, көлөштөрүн шалпылдатып дааратканага каттагандар көбөйө баштады. Ал “чычкак” аты унутулуп калганда эми “сийгек” атка конорун ойлоп сыгылып атты: бир жарым жашында ич өткөк менен ооруп, жеген-ичкенинин баары ичинде турбай дароо шымына түшө берип, териси менен сөөгү калганча арыктаганда ичи ак ичип оңолсун деп жайлоодогу чоң энесине жеткиришкен. Жайлоодо жүрүп айран, сүт ичип ичи оңолду,  бирок шым да кийгизилбей ар жерге бат-бат чыча бергендиктен сасык жыт баарынын көңүлүнө тийип, ирээнжитип, ага-эжелеринин, жеңелеринин арасында “чычкак” атка конгон. “Ой-боой, сен кандай чыччы элең”, “көтүңдү муздак суу менен гана жуучу элек” дешип азыр деле кээде шылдыңдап күлө беришет. Ал чычкактыгы тууралуу кеп башталганда эле жер карап уялып, унчукпайт. Андай учурун деле билбейт да, эс-акылы эми кирип атса. Бирок эми акыл киргенде деле өзүн кармай албай калганы...

Жанына колдоруна нан кармап алышкан Мезгил акенин андан бири бир жашка чоң, бири бир жашка кичине кыздары келишти. Алардын төшөгүнө сийбей чыгышканына ичи күйдү. Кошуна кыздар анын таң заардан эшигинде эмнеге отурганына деле баш оорутушкан жок. Уйкусурап нандарын жеп отура беришти.

- Бүгүн кайсы сууга киринебиз? - бир жашка чоңу сурады.

Ал унчуккан жок. Бүгүн да сууга көп түшүп койсо эртең жыйынтыгы жаман бүтүшү мүмкүн да.

- Бүгүн чоң сууга баралычы,- бир жаш кичинеси айтты.

Короонун бурчунан атлас көйнөк кийген жеңеси көрүндү. Ал кичирейип, бүрүшө түштү. Жеңеси аны көрүп эле:

- Эй, биерде эмне отурасың, бас,- деди.

Ал андан кийинкисин айтпаса экен деп ичинен тиленип жиберди. Бирок жеңеси:

- Төшөккө болсо жайлап коюпсуң,- деп кошумчалап өттү.

Ал башы көтөрүлбөгөн бойдон жеңесинин артынан ээрчип кетти. Үйдүн көчөнү караган тарабындагы зым тосмодо ортосуна күл себилген кызыл көрпө жайылып калыптыр.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз