Жаркынай Эргешбаева: Чыңырык

  • 30.07.2020
  • 4031

АҢГЕМЕ

Анын атасы апасын көп сабачу. Түн ичинде аракка чыланган оор колдон эмчектеги кичүүсүн көкүрөгүнө кысып качып чыгып, короо четиндеги арыкта агып жаткан сууга бутун салып отуруп, арманын үнсүз түнгө сөзү жок айтып, өксүп ыйлаган апасынын сүрөтү этегине эрмешип кошо чыгып, капталында отурган анын эсинде өчпөй калган.

Ал өмүрүндөгү эң катуу, жүрөк үшүткөн чыңырыкты он экидеги жүдөмүш секелек кезинде укту. Үйдөн анча алыс эмес талаада тамеки чаап жүргөн эле. Өздүгүн энесинен бөлүп карай албаган ал маалда апасынын чыңырыгы ага асман жарылгандай эле угулду. Чыңырык жыйырма түтүн үйдүн биринен, алардыкынан башкасынан деле чыгышы мүмкүн болчу. Бирок ал чыңырык өзүнө тиешелүү экенин дароо туюп, жүрөгү тилинип, титиреп кетти. Үйдү карай чуркайын десе буттары баспай, денеси өлүп калыптыр. “Өлтүрүп койбосо экен” деген эсти чыгарган ой чырмады.

“Өлтүрүп коёюн деди” деп өтүп кеткен классташ баласын көргөндө үйгө жетип калганын билди.  Балдар чыккан бакча тарапка өттү.

  Бактын ичинен жерде отурган апасын көрдү, ал ыйлабай да, сүйлөбөй да нес болгонсуп отурат. Апасынын бир кулагындагы сөйкөсү жоктугун, ошол тарап моюну кызарып турганын, жоолугу кыйшайганын байкады. Кыз эч нерсе сураган жок, тургузган да жок, жанынан өтүп кетти. Көкүрөк тушу ачыштырып, дымыктырып жатты. Коркуусу ызага, ачууга, уятка алмашып, бактысыздык басып турду.

 Арыраактагы мас атасын көрдү, ал дагы жерде отуруптур, жылаңайлак экен. Барып туруп атасын түрттү, чапкылады, чукулады. Атасын түрткүлөп атып өзү жашка муунуп ыйлай берди. Атасы аны бир карады да жер тиктеп калды, унчуккан жок, козголгон да жок.

 Алардын үйүнүн чатагын оюн көргөнсүп ар-ар жерден шыкаалаган кошуналар кийин кызды атасын урган деп айтып жүрүштү. Ошондон кийин кыз ого бетер түнт тартып, баарынан уялып, корунуп, үлүлчөсүнөн өзүнө өзү кирип кетти.

Ал ошол окуядан кийин үйүнөн алыс кетсе эле апасы чыңырып ыйлап жаткандай туюлуп, жүрөгү эзиле туңгуюкту тыңшай берчү болгон.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз