Жашоонун туруксуздугу жөнүндө жана өзгөрүштөргө шыктандырган акылман ойлор

  • 07.08.2020
  • 3191

Өзгөрүштөр да ар кандай болот, бири жагымдуу бири жагымсыз. Эмнеси болсо да ал өзгөрүүлөр бизди жаңы нерселерге үйрөтүп, өсүшүбүзгө өбөлгө болот эмеспи. Эгерде жашооңузда болуп жаткан өзгөрүштөрдөн чочулап турсаңыз, төмөндөгү ойлорду окусаңыз, көңүлүңүз жайланып, турмушка башка көз караш менен карай баштайсыз.

*    *     *

Кечээ мен акылдуу элем, ошондуктан дүйнөнү өзгөрткүм келген. Бүгүн мен акылманмын, ошондуктан өзгөртүүнү өзүмдөн баштоону чечтим.
Жалаладдин Руми, перс акыны

*    *     *

Жээги көрүнбөй калган жерге чейин жетүүгө бел байлап батына албасаң, жаңы океанды ача албайсың.
Андре Жид, француз жазуучусу жана драматургу

*    *     *

Бардык улуу өзгөрүштөрдүн алдында чаң-тополоң болот.
Дипак Чопра, дарыгер

*    *     *

Кээ бир учурларда жакшы нерсени талкалап, анын сыныктарынан жакшы нерсени чогултса болот.
Мэрилин Монро, америкалык актриса, ырчы жана модель

*    *     *

Жакшыруу – демек өзгөрүү, ал эми идеалдуу болуу – бул бат-бат өзгөрүп туруу.
Уинстон Черчилль, британиялык мамлекеттик жана саясый ишмер

*    *     *

Чыныгы өзгөрүштөр сырткы өзгөрүштөр: ары-бери жылуулар, кагылышуулар, мушташтар жана бири-бирин өлтүрүүлөр болуп жаткан жерде жүрбөйт, ал бир аздан болсо да адамдардын аң-сезимдери өзгөрө баштаганда болот.
Лев Толстой. Орустун улуу жазуучусу

*    *     *

Өзгөрүштөр – бул чыныгы окутуулардын акыркы жыйынтыгы.
Лео Бускалья, жазуучу жана чечен

*    *     *

Жолдун бурулушу – бул сапарыңдын бүткөнү эмес, албетте, эгерде бурулганга үлгүрсөң.
Хелен Келлер, жазуучу, коомдук ишмер

*    *     *

Бир жыл бою өзгөрүлбөй жүргөндөн уялбаган адам, жетиштүү билим алган эмес.
Ален де Боттон, жазуучу, философ

*    *     *

Абалды өзгөртө албай калган учурда, бизден өзүбүздү өзгөртүү талап кылынат.
Виктор Франкл

*    *     *

Бизге кечээги күндү кайрып алуунун кереги жок, бирок эреңки күндө эмне болот, ал – өзүбүзгө байланыштуу.
Линдон Жонсон, АКШнын 36ы президенти

*    *     *

Өзүң каалагандай адам болууга эч качан эрте да, кеч да болбойт. Бул нерседе убакытка чектөө жок. Мурдагыңдай каласыңбы же өзгөрөсүңбү – эч кандай эреже жок.
Фрэнсис Скотт Фицжеральд, америкалык жазуучу

*    *     *

Өзүмдүн жашоо жөнүндө көрүп-билгендеримдин бардыгын бир-эки ооз сөз менен жыйынтыктасам: ал уланып жатат.
Роберт Фрост, америкалык акын

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз