Кытай эл жомогу: Жумуртканы ким уурдады?

  • 12.08.2020
  • 2875

Бао-гунду кызматка дайындашты. Бул тууралуу уккан жеңеси ойго батты: “Бала кеңседе отуруп маселе чечкенге өтө эле жаштык кылбайбы? Балким акылы жетер... Кой, Бао-гунду сынап көрөйүн”.

Ушундай максат менен ал бир нече жумуртка бышырып үй кызматчысы Чун-сянга аларды же деп буюрду. Мындан соң кайнисине кайрылды:

- Сени жесин деп жумуртка бышыртып койдум, бирок үй кызматчыларынан кимдир-бирөө аны жеп салыптыр. Мындай уурунун үйүбүздө болушу коркунучтуу. Бирок анын ким экенин кантип билебиз?

Бао-гун бул боюнча ой жүгүртүп, акыл калчай баштады. Зымпыя окшош кийинип, шыпылдай кыймылдаган кызматчылардын ичинен ууруну кантип айырмаласа болот?

Бао-гун бир маалда кызматкерлерге короого үстөл алып чыгууну буюруп, анын үстүнө бир идишти суусу менен, экинчисин бош койдурду. Мындан соң үйдөгү кызматкерлерди короого тизип, алардын ар бирине суу менен оозун чайкап бош идишке кайра куюуну буюрду. Буйрук аткарылды. Бардык кызматкерлердики таза чыгып, бир гана Чун-сяндын оозун чайкаган суу саргара түшкөнү аныкталды.

Бао-гун кагаз-калем алдырып мындай деп жазды: “Чун-сяндын жумуртканы уурдап жегени аныкталды. Андыктан ал жазаланышы керек, бирок кылмышка биринчи жолу барып жаткандыктан соопчулук көрсөтүп, эскертүү берип, кечирсек болот”.

Бао-гундун ишти адилет жүргүзө аларына, чындыкты калптан айырмалай билерине жеңесинин көзү жетип, анын жаштайынан кызматка дайындалышынан санааркабай калды.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз